Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-декабрында болуп өткөн отурумунда төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

 

· «“Багдан” ЖКЧсынын апелляциялык арызы жөнүндө» (№ 55/1) 

· «”КыргызКредитБанк” ААКсы тууралуу» (№ 55/2) 

· «Улуттук банктын акча-кредит саясатынын орто мөөнөттүк мезгилге каралган негизги багыттары жөнүндө» (55/3) 

Улуттук банктын жетекчилиги «Альянс» алмашуу бюролору ассоциациясынын өкүлдөрүн кабыл алды.   

Жолугушууга Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Төраганын орун басары Нурбек Жеңиш, Ассоциациянын төрагасы Бакыт Чойбеков, ошондой эле Ассоциациянын башка өкүлдөрү катышкан.   

Өлкөнүн валюта рыногунда орун алган учурдагы жагдайды талкуулоо, улуттук валютанын курсун турукташтыруу маселесин чечүүдө банктык эмес финансы мекемелери менен жөнгө салуучунун өз ара иш алып баруусу жолугушуунун негизги максатынан болгон.  

 

Улуттук банк: Өлкөдө доллардын курсунун өсүшүнө объективдүү себептер жок.  

 

Доллардын курсунун жогорулашына түшүндүрмө берип жатып: «Улуттук валютанын нарксызданышы үчүн объективдүү факторлор жок, өлкөдө сомго карата алып сатарлардын чабуулу жүрүп жатат», деп Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүнкү пресс-конференцияда билдирди.  

Улуттук банк өлкөдөгү ички жагдай сыяктуу эле негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасына да кылдат байкоо жүргүзүп турат. «Кыргызстан менен Россия соода мамилелери менен байланыш өлкөлөрдөн болгону менен Россия Федерациясындагы алмашуу курсу Кыргыз Республикасынын алмашуу курсуна түздөн-түз таасирин тийгизбейт», деп билдирди.  

Үч жума ичинде эч кандай өзгөрүүлөр жүргөн эмес, андан соң улуттук валютаны басаңдатуу жагында басым көрсөтүлө баштаган. Ага эч кандай объективдүү себептер жок. Бүгүнкү күндө банк тутумунда 250 млн. доллардан ашык сумма бар, анын 30 пайызга жакыны нак доллар менен камсыздалган”, деп Т.Абдыгулов баса белгиледи.  

Ошондой эле, Т.Абдыгулов 17-декабрь күнү Улуттук банк дагы бир консигнацияны ишке ашыргандыгын журналисттерге маалымдады. «Биз нак формада 2 млн. АКШ долларында консигнация операциясын ишке ашырдык. Ал улуттук валютага алып сатарлар тарабынан чабуул жасалып жаткандыгын көрсөттү. Башкача айтканда Улуттук банк долларды 57,8 сом курсу боюнча эки мамлекеттик банк «Айыл банк» жана «РСК банкы» аркылуу саткан. Болгон бардык нак формадагы акча каражаты 3-4 саат ичинде алмашуу бюролору тарабынан сатылып алынган, ушундай оңой жол менен алар кыска мөөнөт ичинде акча таап алууга жетишкен», деп Т.Абдыгулов билдирди.  

Улуттук банктын жетекчиси мындай жагдай сактанууга жана бир катар чараларды кабыл алууга түрткү берип жаткандыгын баса белгиледи: «Эгерде мындай боло турган болсо, келечекте бизде алмашуу бюролору жоюлуп, коммерциялык банктардын өкүлдөрү гана калат. Оңой акча табабыз деген алмашуу бюролорунун улуттук валютага мындай таасир эткен иш-аракеттерине жол бербөө зарыл. Бүгүн мен коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен валюта рыногундагы жагдай тууралуу кеңешме өткөрдүм, анын жыйынтыгында турукташтыруу боюнча иш план иштелип чыкты. Аталган иш план бүгүнкү күндө иштеп жатат. Жакынкы аралыкта анын натыйжасын алабыз деген ойдомун».  

Ошондой эле Толкунбек Абдыгуловдун айтуусу боюнча Улуттук банк жыл башынан бери АКШ долларын сатуу сыяктуу эле сатып алуу боюнча интервенцияларды 42 жолу ишке ашырган.  

«Долларларды таза сатуу 464 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинде 5,6 млн. суммасы нак акча түзөт. Бүтүндөй алганда жыл башынан бери 18-декабрга чейин доллардын курсу 17,10 пайызга өскөн» деп Улуттук банктын Төрагасы сөзүн аяктады.  

Төраганын берген маалыматынан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун берүү үчүн мүмкүндүк берилди. Көбүнчө журналисттерди Америка валютасынын курсунун өсүшү менен байланышкан инфляциялык болжолдоо; валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу боюнча Улуттук банк тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар; мигранттардан келип түшкөн каражаттардын динамикасы; өлкөнүн алтын валюталык камынын көлөмү; Бажы бирлигине кирген учурда бирдиктүү валютаны киргизүү мүмкүндүгү жана улуттук валютадагы депозиттердин динамикасы ж.б. темалары кызыгууну арттырды.    

Аталган пресс-конференцияга Төраганын орун басары Нурбек Жеңиш, Улуттук банктын Экономика башкармалыгынын начальниги Сейилбек Урустемов дагы катышкан.  

И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейине келип кетишти.   

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун 3-курсунун студенттери 17-декабрь күнү Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсияга келишкен.  

Улуттук банктын Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгынын башкы адиси Бермет Усубалиева музей боюнча экскурсияны алып барды.  

Экскурсиянын жүрүшүндө келечектеги экономисттер адамзат тарыхында биринчи пайда болгон алгачкы төлөм инструменттеринен тартып, азыркы монеталар менен банкнотторго чейинки акчалардын келип чыгышы тууралуу кеңири маалымат алышты.   

Студенттерге ар башка тарыхый доордогу жана ар башка өлкөлөрдүн монеталары менен акча белгилери түрүндөгү экспонаттар, азыркы банкноттор, ошондой эле тарыхый инсандар, архитертуралык имараттар жана курулуштар тартылган, Кыргызстандын фаунасы менен флорасы чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары көрсөтүлдү.    

Болочок экономисттер улуттук валюта боюнча көп суроолорду беришти, бирок өзгөчө аларды кызыктырган Кыргызстандын коллекциялык монеталары болду. Алар чоң кызыгуу менен күмүш, алтын жана жез-никель монеталарын карап, алардын даярдалуу технологиясы менен дизайн тандоо өзгөчөлүгү тууралуу суроо беришти.   

Келген коноктор көптөгөн жаңы жана кызыктуу маалыматтарды берген Улуттук банкка экскурсия уюштуруп бергендигине чоң ыраазычылык билдиришти.   

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

 

1 "Онлайн плюс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 15-декабрында № 5188 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу № 3190 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Ж.Бөкөнбаев атындагы көчө, 95 дареги боюнча жайгашкан. 

2. "КОНДОР" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 18-декабрында № 5189 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу № 3191 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө, үй №182, 27-кв. дареги боюнча жайгашкан. 

3. "Нурис-Финанс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 18-декабрында № 5190 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу 3192 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, Дэн Сяопин пр. үй № 4, 14/1-кв дареги боюнча жайгашкан. 

4. «МСЖ компани» нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2014-жылдын 18-декабрында № 5191 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу № 3193 номеринде каттоодон өткөн. Алмашуу бюросу: Бишкек шаары, И.Ахунбаев атындагы көчө, 100 дареги боюнча жайгашкан. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп 

в том числе 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы  

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

көлөмү

сом 

саны, даанасы 

2014-жылдын 15-декабрынан тартып 19- декабрын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

28 459 643 625,56 

74 293 

2 074 454 670,19 

67 839 

26 385 188 955,37 

6 454 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

7,3 

91,3 

92,7 

8,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун  таза позициялары 

0,1 

1,2 

1,5 

1,3 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

10,1 

9,7 

20,8 

10,6 

9,3 

0,9 

БКга түшкөндөр 

11,3 

49,1 

24,0 

53,5 

10,3 

2,9 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,1 

0,9 

0,9 

1,0 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,3 

5,8 

3,8 

6,4 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

27 812 484 023,60 

66 885 

1 886 883 340,51 

61 476 

25 925 600 683,09 

5 409 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү 

Абсолюттук мааниси  

647 159 601,96 

7 408 

187 571 329,68 

6 363 

459 588 272,28 

1 045 

2,3 

11,1 

9,9 

10,4 

1,8 

19,3 

  

 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

12.12.2014 

19.12.2014 

Чыгарылган карттардын жалпы саны   

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

354 387 

357 205 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда   

- соода түйүндөрүндө   

 

1485 

768 

717 

 

1495 

768 

727 

Банкоматтардын саны  

426 

428