Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк    

Башкармасынын  

2020-жылдын «27» мартындагы  

№ 2020-П-14/17-4-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме    

  

  

Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын  

өнүктүрүү боюнча 2020-2022-жылдарга каралган  

КОНЦЕПЦИЯ  

  

  

1. Жалпы жоболор  

  

Төлөм секторунун чекене сегменти туруктуунегизде өзгөрүп турат. Катышуучулардын санын көбөйтүү, ошондой эле алардын интеграцияланышы төлөм секторунда локалдык экосистемалардын түптөлүшүнө жана жаңы төлөм сервистеринин пайда болушуна өбөлгө түзөт.  

Төлөм системаларынын катышуучулары сарптоолорду кыскартууда жана бөлүмдөрдө/сактык кассаларында кардарларды тейлөөнүн адаттагы ыкмаларын өзгөртүү жана кызматтарды аралыктан тейлөө системалары аркылуу сунуштоо менен өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда.  

Атаандашуу жөндөмдүүлүгүн колдоого алуу үчүн төлөм системаларынын катышуучулары инновациялык программалык-техникалык чечимдерди иштеп чыккандар, ошондой эле төлөм чөйрөсүндө өз ишин жүзөгө ашырган жана жаңы технологияларды колдонгон компаниялар менен жигердүү атаандашуу максатында өз автоматташтырылган системаларын модернизациялоодо.   

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын андан ары өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жараткан бир катар себептер бар, алардын негизгилеринен болуп төмөнкүлөр саналат:  

- жеке адамдар жана юридикалык жактар учурда иштеп жаткан аралыктан тейлөө каналдарыаркылуу ишке ашыруу үчүн жеткиликтүү операциялардын санынын чектелгендиги, буга кардарларды аралыктан идентификациялоо системасынын жоктугу себеп болгон;  

- төлөм рыногунун бардык катышуучулары ортосунда системалар аралык интеграциянын жоктугу;  

- төлөм системаларынын катышуучулары менен өз ара иш алып барууда кардарлардын санариптик каналдарды пайдалануу деңгээлинин салыштырмалуу төмөн болушу;  

- инновациялык санариптик төлөм технологияларын жана продуктуларын пайдаланууну жөнгө салган мыйзам базасынын жеткире иштелип чыкпагандыгы;  

- республика региондорунда сапаттуу интернет-байланыштын жоктугу.  

Бул Концепцияда санариптик төлөм технологияларын 2020-2022-жылдарда өнүктүрүү максаты, милдеттери жана негизги багыттары аныкталган жана ал төмөнкү документтерде белгиленген Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн жана төлөм системасынын узак мөөнөттүү милдеттерине ылайык келет:  

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы ПЖ № 1 «2020-жылды Региондорду өнүктүрүүөлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгы;  

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-декабрындагы «Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн 2018-2040-жылдарга каралган улуттук стратегиясы жөнүндө»жарлыгы;  

- «Санарип Кыргызстан-2019-2023» улуттук программанын концепциясы жана аны жүзөгө ашыруу боюнча жол картасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   

2019-жылдын 15-февралындагы № 20-р буйруусу);  

- Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө»мыйзамы;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө» токтому;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2018-2022-жылдарга каралган негизги багыттары (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын   

13-декабрындагы № 2017-П-14-51-7-(ПС) токтому менен бекитилген).   

Санариптик төлөм мейкиндигинин натыйжалуу жана коопсуз өнүгүшү жана иштеши үчүн анын бардык катышуучуларынын деңгээлинде координацияланган иш-чаралар, ошондой эле өз учурунда жөнгө салуу талап кылынат, ал бир жагынан  төлөм системасынын туруктуулугун колдоого алып, керектөөчүлөрдүн укугун коргойт, ал эми экинчи жагынан  санариптик инновацияларды өнүктүрүүгө жана колдонууга киргизүүгө өбөлгө түзөт.   

Концепцияда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:  

Жасалма интеллект  интеллектуалдык системалардын адатта адамдын өзгөчөлүгү болуп саналган жаратуу функцияларын аткаруу жөндөмү, буга чейин адам баласынын сөзсүз түрдө катышуусун талап кылган милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү компьютердик системаларды иштеп чыгуу.  

Маркетплейс (online marketplace, online e-commerce marketplace)  электрондук коммерция платформасы, ал продукт же операциялары маркетплейс оператору тарабынан иштелип чыккан үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүсү жөнүндө маалымат берет.  

Ачык API (application programming interface) (мында ары API)  маалымат алмашуунун стандарттуу протоколдорун пайдалануу менен ар башка уюмдардын маалымат системаларына өз ара маалымат алышууга жана беришүүгө мүмкүндүк берүүчү ачык интерфейстер.  

Тез төлөмдөр системасы  ал боюнча акча каражаттарын которуу жөнүндө буйрууну берүү жана төлөм алуучу үчүн каражаттардын жеткиликтүүлүгү айкын убакытта же дээрлик 24/7 айкын убакыт ичинде камсыз кылынган төлөмдөр.  

Төлөм системаларынын катышуучулары  Улуттук банктан банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алышкан банктар жана банк эмес финансы-кредиттик уюмдар, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору.  

  

2. Максаттары жана милдеттери  

  

Прогрессивдүү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен санариптик төлөм технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун мындан ары жогорулатуу милдеттерин ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо,   

2022-жылга карата төлөм системаларынын катышуучуларынын, алардын кардарларынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана коммерциялык уюмдардын коммуникациялардын электрондук каналдары аркылуу өз ара шайкеш иш алып баруусун камсыз кылууКонцепциянын максаты болуп саналат.  

Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнүннегизги милдеттери төмөнкүлөр:  

- төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан сунушталуучу, жаңы санариптик төлөм технологияларын жайылтуу үчүн шарттарды түзүү;  

- калк үчүн санариптик төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын, жеткиликтүүлүгүнжогорулатуу жана түрлөрүн көбөйтүү;  

- республиканынбардык региондорунда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууда калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;  

- санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндө дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу;   

- төлөм операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;   

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы чыгымын азайтуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле бул кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо операциялык чыгашаларды азайтуу;   

- төлөм секторунда санариптик технологиялардын коопсуз ишинин тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу жана колдоо;   

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо системасын өркүндөтүү.  

Жогоруда аталган милдеттерге ылайык санариптик төлөм технологияларын   

2020-2022-жылдарда өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй негизги багыттарын бөлүп көрсөтүүгө болот:  

1. Ченемдикукуктук жактан жөнгө салуу.  

2. Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү.  

3. Төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү.  

4. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында бирдиктүү төлөм мейкиндигин калыптандыруу максатында өз ара иш алып баруу.  

  

3. Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнүннегизги багыттары   

  

Кыргыз Республикасында акыркы он жети жыл ичинде накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча пландаштырылган жана ырааттуу иштер мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп келүүдө. Бул программа бардык жерде нак эмес төлөмдөрдү пайдалануу, электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан тейлөөнү кабыл алуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.   

Бүгүнкү күндө төлөмдөрдү ар түрдүү электрондук ыкмалар жана төлөм инструменттери менен жүзөгө ашырууга болот.  

Анын үстүнө, санариптик технологияларды жайылтуунун жогорку арымы, жалпысынан, төлөм секторунун катышуучуларынан атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү рыногунда өз ишинин натыйжалуулугун туруктуу жогорулатып туруу жолдорун издөөнү, ал эми Улуттук банктан санариптик өз ара иш алып барууну өнүктүрүү жана аны коопсуз, ишенимдүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү талап кылат.   

  

 

3.1. Ченемдик-укуктук жактан жөнгө салуу  

  

Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү чөйрөсүн жөнгө салуу аларды колдонуу үчүн, анын ичинде жөнгө салуунун ийкемдүүлүгүн жогорулатуу; санариптик төлөм технологияларын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инструменттерин, ошондой эле маалымат коопсуздугу, жеке маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды жана башка тиешелүү чараларды өркүндөтүү аркылуу тиешелүү шарттарды түзүүнү көздөйт.  

Санариптик төлөм технологияларын колдоо чараларын жөнгө салуу жана жайылтуу үчүн ведомство аралык жумушчу топту түзүү зарыл, анын курамында бийликтин өкүлдөрү сыяктуу эле, бизнес-коомчулуктун да өкүлдөрү камтылууга тийиш. Бул топтун иши төлөм чөйрөсүндөгү санариптик технологиялардын өнүгүшүнө кедергисин тийгизген укуктук тоскоолдуктарды аныктоого жаначеттетүүгө мүмкүндүк берет.   

  

Иш-чара  

Аткаруу   индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Санариптик төлөм технологияларын жөнгө салуу   

1.1. Санариптик төлөм технологияларын колдоо чараларын жөнгө салуу жана жайылтуу боюнча тиешелүү ведомство аралык жумушчу топту түзүү  1.2. Ведомство аралык жумушчу топ алкагында санариптик төлөм технологияларын колдоо механизмдерин жөнгө   салуу жана жайылтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу  

2020-жылдын III чейреги  

2022-жылдын IV чейреги  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Экономика министрлиги (макулдашуу боюнча), МТБМК, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактар бирикмеси,   «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси жана кызыкдар тараптар  

2. Инновациялык төлөм бизнес-моделдерин өнүктүрүү, санариптик бизнес-процесстерди, продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү  

2020-жылдын III чейреги  

2022-жылдын IV чейреги  

  

3.2. Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү  

  

Мобилдик системалар жана төлөм сервисинин интеграцияланышы жеке адамдар менен юридикалык жактар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат жана нак акча жүгүртүү үлүшүнүн азайышына түрткү берет. Чекене финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөр биринчи кезекте мобилдик тиркемелердин жана жана мобилдик санариптик жабдуулардын жалпы таркатылышына жана пайдаланылышына негизделген жаңы атаандаштык чөйрөнүн пайда болушуна байланыштуу келип чыккан.   

Мында төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн чекене каналдарын өнүктүрүүнүн базалык тенденциялары болуп төмөнкүлөр саналат:   

- онлайн тейлөө каналдары аркылуу кардарларды тартуу жана иш боюнча мамиле түзүү;   

- банктык эсептерди аралыктан/мобилдүү тескөө;   

- электрондук төлөмдөр;   

- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан сатуу;   

- санариптик жана биометриялык аралыктан идентификациялоо;  

- төлөм документтеринин тейлөө таржымалын сактоо;   

- социалдык тармактар/мессенджерлер менен финансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн интеграциялоо.  

Заманбап электрондук төлөм инструменттери бүтүндөй санариптик коомду жана бүтүндөй санариптик банктык төлөм технологияларын өнүктүрүүнүн базасы болуп саналат.Кыргыз Республикасында санариптик банктык төлөм системасынын компоненттеринин ичинен электрондук төлөм инструменттери гана кардарлар арасында кыйла таркатылган.  

3.2.1. Байланышсыз төлөм технологияларын өнүктүрүү  

  

Байланышсыз технологиялар төлөмдөрдү аралыктан өткөрүүгө мүмкүндүк берет, ал нак эмес эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн кыйла тездетет. Азыркы учурда байланышсыз төлөмдөр технологиясынан тышкары, дүйнөдө мобилдик жабдууларды, анын ичинде QR-коддорду жана HCE технологиясын пайдалануу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр кеңири тараган.   

Кыргыз Республикасында байланышсыз төлөм инструменттери эл аралык төлөм системаларынын байланышсыз банктык карттары түрүндө гана сунушталган, бирок алардын банктык карттарды чыгаруунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү кыйла аз.  

Кыргыз Республикасында байланышсыз технологияларды өнүктүрүү үчүн төмөнкүлөр зарыл болуп саналат:   

- байланышсыз төлөм инструменттерин (электрондук капчыктар, смартфондор, карттар, брелоктор, шакектер, билериктер, чиптер ж.б.) эмиссиялоо көлөмүн көбөйтүү;   

- соода-тейлөө түйүндөрүндө байланышсыз төлөмдөрдү кабыл алуу функциясы каралган POS-терминалдардын санын көбөйтүү;   

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын байланышсыз банктык карттарын чыгарууну камсыз кылуу;  

- мобилдик жабдууларды, анын ичинде QR-коддорду пайдалануу менен төлөө операцияларынын жүргүзүлүшүн камсыз кылуучу сервистерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.   

Ошондой эле балдарды коргоо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп санала тургандыгын эске алуу зарыл. Бул стратегиянын алкагында жана балдардын жаңы технологияларды тез кабыл алуусун, ошондой эле финансылык сабаттуулук маселелеринин актуалдуулугун эске алганда, балдар/мектеп окуучулары үчүн белгилүү бир жерлерде белгиленген лимиттин чегинде гана пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү максаттуу төлөм инструменттерин чыгаруу зарылчылыгы келип чыгат.   

Бул инструменттер балдардын/мектеп окуучуларынын тамак-ашка, жол киреге жана башка керектөөсүнө берилген нак акчаны башка багытта пайдалануусу сыяктуу көйгөйдү окуучулар үчүн атайын байланышсыз төлөм карттарын, мисалы, коомдук транспортто, соода-тейлөө ишканаларындагы белгилүү бир чектелген чөйрөдө гана төлөө мүмкүнчүлүгү ж.б. каралган, ошондой эле тиешелүү лимиттери жана чектөөлөрү (мисалы, нак акчага айландырууга, башка карттарга жана инструменттерге акча каражаттарын которууга тыюу салуу) менен «окуучунун картын» чыгарууну жайылтуу аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берет.   

Анын үстүнө, төлөм картын/электрондук капчыкты алуу/QR-кодду пайдалануу үчүн белгиленген жаш курактын төмөндөтүлүшү окуучулардын финансылык сабаттуулугунун жогорулашына өбөлгө түзөт.   

Бүгүнкү күндө«Элкарт» улуттук төлөм системасы эл аралык стандарттарга негизделген мобилдик жана байланышсыз төлөмдөр системасын ырааты менен түзүп жатат.  

2019-жылдын 1-мартында «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору  «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (мындан ары  «БПБ» ЖАК) тарабынан «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси аркылуу QR-кодду (эки ченемдүү штрих-кодду) пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү долбоору ишке киргизилген, бул соода түйүндөрүнө төлөмдөрдү мобилдик телефон аркылуу нак эмес түрдө кабыл алууга мүмкүндүк берет.  

2020-жылы «Элкарт» карттарын байланышсыз төлөмдөр технологиясы менен эмиссиялоо боюнча долбоорун ишке ашырышы күтүлүүдө. Байланышсыз төлөм технологиясы карт ээлерине жаңы жана заманбап төлөм продуктусун сунуштайт. Долбоордун ишке ашырылышы «Элкарт» карттарынын күнүмдүк чыгашаларды, мисалы, коомдук транспортто, соода-тейлөө сервистеринде ж.б. төлөөдөгү өтүмдүүлүгүнө жана кеңири таркалышына оң таасирин тийгизет.   

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасындагы төлөм системаларынын бардык катышуучуларын аралыктан тейлөө түйүндөрүндө (банкоматтарда, POS-терминалдарда (айкынжана виртуалдуу), төлөм терминалдарында) байланышсыз төлөмдөр технологиясы менен «Элкарт» карттарын кабыл алуу жана тейлөө иштерин улантуу зарыл.   

  

3.2.2. Нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн чекене системасын өнүктүрүү  

  

Чекене төлөмдөр боюнча нак эмес эсептешүүлөр системасын жакын аралыкта өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынан болуп төмөнкүлөр эсептелет:   

- аралыктан тейлөө технологияларын, анын ичинде агенттик түйүндү ишке тартуу менен өнүктүрүү жана анын ишин «жума ичинде 7 күн бою Х суткасына 24 саат» принциби боюнча камсыз кылуу;  

- калктын финансылык сабаттуулугун жана заманбап электрондук төлөм инструменттеринин, төлөм каражаттарынын жана аралыктан тейлөө технологияларынынжеткиликтүүлүгү, коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу;   

- калк арасында эсептешүүнүн нак эмес түрүн жайылтуу боюнча чараларды ишке ашыруу (социалдык акциялар, жарнамалык акциялар, бонустук программалар, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлгөн өнөктүктөр ж.б.);   

- төлөм системасынын катышуучулары жана соода-тейлөө ишканалары тарабынан калктын сатып алынуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес түрдө эсептешүүлөрү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү;   

- соода-тейлөө ишканаларына шарт түзүү жана алардын кызматкерлери товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү көбүнчө нак эмес түрдө кабыл алуусуна өбөлгө түзүү;   

- Кыргыз Республикасында ар башка банктардын кардарларынын ортосунда күндөлүк (эсептешүү) банктык эсептеринен жана төлөмдөрүн/которууларын айкын убакыт ыргагында жүзөгө ашыруу кызматтарын өнүктүрүү.   

Банктык карттардын өсүү динамикасы жыл сайын кайталануучу туруктуу алгылыктуу тенденцияны көрсөтөт. 2019-жылдын 1-январына карата абал боюнча жүгүртүүдөгү карттардын жалпы саны 2 980,6 даананы түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда, 22,5 пайызга өскөн.   

Ал эми онлайнбанкинг боюнча дээрлик бардык коммерциялык банктар интернет-банкинг кызматын, ал эми 23 банктын ичинен 9 коммерциялык банк интернет-банкинг катары мобилдүү банкинг кызматын сунуштайт.  

  

3.2.3. Электрондук акча рыногун өнүктүрүү  

  

Электрондук акча рыногун өнүктүрүү жарандар үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берүүнүн,улуттук деңгээлде экономиканын ар башка чөйрөлөрүнүн инвестициялык өтүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруунун негизги факторлорунун бири болуп саналат.   

Электрондук акча ээлеринин керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөр системалары төмөнкү принциптердин негизинде иштөөгө тийиш:   

- ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштөө;  

- электрондук акча менен эсептешүүлөр системаларынын ортосундасистема аралык интеграцияланышын камсыз кылуу;   

- пайдаланууга ыңгайлуулугу;   

- системалардын коопсуздугу.   

2020-2022-жылдарда Кыргыз Республикасында электрондук акча рыногун өнүктүрүү төмөнкүлөргө багытталат:   

- электрондук капчык ээлерин идентификациялоо;  

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ар башка эсептешүүлөр системаларынын электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;   

- электрондук капчыктарды пайдаланууга акыркы керектөөчүлөрдүн кызыгуусун арттыруу;   

- электрондук акча менен операцияларды ишке ашыруу үчүн түшүнүктүү жана ачык-айкын шарттарды түзүү;  

- электрондук акча менен операцияларды жүзөгө ашырууда коопсуздук боюнча талаптарды жогорулатуу.  

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында онго жакын электрондук акча эмитенттери жана он бир электрондук акча менен эсептешүү системалары иштейт.  

2019-жылдын башталышынан бери электрондук акча боюнча көрсөткүчтөрдүн өсүшү уланууда. 2019-жылдын акырына карата абал боюнча 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда, электрондук капчыктардын саны 1,9 млн ашып, дээрлик 1,6 эсеге көбөйгөн. Электрондук капчыктар аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө операцияларынын көлөмү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,9 млрд сомду түзүү менен 36,8 пайызга көбөйгөн.  

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Нак эмес түрдө эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө байланышсыз технологияларды жайылтуу   

1. Байланышсыз төлөм инструменттеринин жайылтуу жана өнүктүрүү    

2020-жылдын   III чейреги  

2022-жылдын   IV чейреги  

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, Улуттук банк, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы», юридикалык жактар бирикмеси, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.   

2. Окуучулар үчүн лимиттерди жана башка зарыл чектөөлөрдү белгилөө менен атайын байланышсыз төлөм карттарын, электрондук капчыктарды ишке киргизүү, QR-коддорду пайдалануу  

2020-жылдын   III чейреги  

2021-жылдын  IV чейреги  

Улуттук банк, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары  

3. Идентификацияланган электрондук капчыктарга жана мобилдүү төлөм тиркемелерине өтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү   

2020-жылдын  II чейреги  

2020-жылдын  IV чейреги  

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, Улуттук банк, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.   

4. Улуттук банк тарабынан электрондук акча же санариптик валюта чыгаруунун максатка ылайыктуулугун изилдөө жана ал боюнча сунуштарды даярдоо   

2021-жылдын  I чейреги  

2021-жылдын  IV чейреги  

Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.   

5. Электрондук акчаны коопсуз пайдалануу жана операцияларды кеңири жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө негизденген электрондук акча рыногун өнүктүрүү   

2020-жылдын   III чейреги  

2022-жылдын  IV чейреги  

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, Улуттук банк, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.   

6. Мобилдүү жабдууларды, анын ичинде QR-коддорду жана башка технологияларды пайдалануу менен төлөө операцияларынын жүргүзүлүшүн камсыз кылуучу сервистерди жигердүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү   

2020-жылдын  IV чейреги  

2022-жылдын  IV чейреги  

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, Улуттук банк, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.   

Нак эмес төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү   

1. Сервистердин, анын ичинде финансылык эмес сервистердин тизмегин кеңейтүү, «Элкарт» инновациялык сервистерин жана башка төлөм системаларын, банктык эсептерди, электрондук капчыктарды колдонууга киргизүү   

2020-жылдын   III чейреги   

2022-жылдын   IVчейреги  

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, Улуттук банк, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.   

2. Күндөлүк (эсептешүү) банктык эсептерден айкын убакыт ыргагында чекене төлөмдөр боюнча нак эмес эсептешүүлөрдү камсыз кылуучу сервистерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү   

2020-жылдын   III чейреги  

2022-жылдын  IV чейреги  

Улуттук банк, « Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси  

3. Чыгарылган электрондук акча тууралуу маалыматтардын дал келбестиги боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, коммерциялык банктар жана электрондук акча системаларынын операторлорунун ортосунда электрондук акча системасындагы операциялар боюнча маалыматтарды айкын убакыт (онлайн) ыргагында синхрондоштуруу   

2020-жылдын   III чейреги   

2021-жылдын  II чейреги  

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.  

4. 10 жаштан тартып окуучулар үчүн төлөм карттарын пайдалануу боюнча функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү  

2020-жылдын   III чейреги  

2021-жылдын   IV чейреги  

Улуттук банк, « Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси»юридикалык жактар бирикмеси ж.б.  

5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын бардык катышуучуларынын аралыктан тейлөө түйүндөрүндө (банкоматтарда, POS-терминалдарда (жеке жана виртуалдуу) төлөм терминалдарында) байланышсыз төлөмдөр технологиясы менен «Элкарт» карттарын кабыл алуу жана тейлөө  

2020-жылдын   II чейреги  

2020-жылдын  IV чейреги  

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, Улуттук банк, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси ж.б.  

  

  

3.3. Төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү   

  

Санариптик төлөм технологияларынын өнүгүшү жана колдонулушу Кыргыз Республикасында жалпысынан технологиялардын атаандашууга жөндөмдүүлүк деңгээлин жогорулатууга, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн, коопсуздугунун, сапатынын жана ассортиментинин өсүшүнө, финансылык чөйрөдө тобокелдиктердин жана чыгымдардын төмөндөшүнө өбөлгө түзөт.   

Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын компоненттери төмөнкүчө чагылдырылган:   

1. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасы  Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ).  

2. Чекене төлөмдөр системасы: Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (ПКС), төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн системалары, акча которуулар системалары, тез төлөмдөр системалары, электрондук акчалар менен эсептешүүлөрдүн системалары.  

3. Финансылык билдирүүлөрдүн багыттары үчүн инфраструктура (SWIFT сервис-бюросу, банктар аралык коммуникациялык тармак).  

4. «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК  «Элкарт» төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын оператору.  

  

3.3.1. Тез төлөмдөр системасы   

  

Жеке адамдар ортосунда санариптик өз ара иш алып баруунун жигердүү өнүгүшү, электрондук коммерциянын өсүшү жана калыптанып калган уюмдарды санариптештирүү шартында ыңгайлуу болгон дароо нак эмес эсептешүүлөр бүгүнкү күндө төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр тарабынан талап кылынууда. Эл аралык тажрыйбада тез (же дароо) төлөмдөр дегенден улам, колдонулган төлөм инструментине (эсептен которууга, тике дебеттөөгө, төлөм картына же башкасына), ошондой эле клиринг жана эсептешүүлөр механизмине карабастан, чекене кардарлар үчүн нак эмес которуулардын жана төлөмдөрдүн 24/7/365 бою жеткиликтүү жана анын катышуучулары үчүн транзакцияларды дароо же ага жакын убакытта (10 секунддун ичинде) тастыктоону камсыз кылуучу сервисти түшүнүүгө болот. Акыркы бир нече жылдар ичинде өнүккөн сыяктуу эле, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө да тез төлөмдөрдүн улуттук системасы жигердүү өнүгүшү байкалууда. Учурда дүйнөдө мындай системалардын 20дан ашыгы иш алып барууда, 18ден көбүрөөгү  даярдоо жана ишке киргизүү алдында турат, дагы бир топ өлкөлөр анын ишке ашырылышын консультациялоого жана аларды пландаштырууга кошулган.   

Учурда Кыргыз Республикасында акча каражатты карттан картка дароо которуу же төлөмдөрдү QR-коддун ж.б. жардамы аркылуу электрондук капчыктан электрондук капчыкка которуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр өтө кеңири жайылтылууда. Бирок мындай опцияны сунуштаган системалар жабык болуп, аталганкызматты ички системалык ресурстардын алкагында гана жана ички катышуучулар үчүн гана сунуштай алат.   

Демек, интеграциялануучу платформанын же рынокто орун алган айрым катышуучуларды бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктирүү функциясын өзүнө ала турган «бирдиктүү интегратордун» пайда болуусунда актуалдуулук келип чыгат. Ошону менен бирге, кадимки пайдалануучулар үчүн төлөм инструменттерин тандоо маселеси жөнөкөйлөштүрүлөт, буга байланыштуу нак эмес төлөмдөргө жана которууларга кызыгуулар артат.   

Тез төлөмдөр системасынын сервиси жөнөкөй идентификатор (телефон номери, электрондук почтанын дареги, QR-код ж.б.) боюнча ар башка банктардын кардарлары ортосунда акча каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгүн берет.   

Санариптик төлөмдөр боюнча сервистин түзүлүшү төлөмдөр рыногунун бардык катышуучулары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат: төлөмдөр жана эсептешүүлөр процессин тездетүү боюнча суроо-талапты канааттандыруу көз карашынан юридикалык жактар жана жеке адамдар, банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары, мамлекеттик уюмдар тарабынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.  

Акча каражатынын акыркы алуучу үчүн дароо жеткиликтүүлүгүнөн улам, тез төлөмдөр боюнча сервис акча каражатынын экономикада жүгүртүү көлөмүнүн көбөйүшүн камсыз кылат. Тез төлөмдөр боюнча сервистин колдонулушунан максималдуу натыйжа өлкөнүн бардык аймагында анын жайылтылышын камсыз кылуудан улам келип чыгат.  

Демек, тез төлөмдөр боюнча сервистин негизги артыкчылыгы катары анын ишке ашырылган убактысына жана жерине, төлөө түрлөрүнө карабастан, дароо төлөө мүмкүнчүлүгүн (юридикалык жактар ортосундагы төлөмдөр, чекене төлөмдөр, жеке адамдар ортосундагы төлөмдөр), өз финансылык каражаттарын тескөө боюнча кыйла ийкемдүү ыкмалардын болушун, башка төлөм системаларына салыштырмалуу транзакциялык чыгымдардын азайышын эсептөөгө болот.   

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Тез төлөмдөр системасын жайылтуу үчүн шарт түзүү   

1. Тез төлөмдөр системасын түзүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү   

2020-жылдын   III чейреги   

2020-жылдын   IV чейреги   

Улуттук банк, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар ж.б.   

2. Жол картасын ишке ашыруу жана тез төлөмдөр системасын этап-этабы менен ишке киргизүү   

2021-жылдын   I чейреги   

2022-жылдын   IV чейреги   

Улуттук банк, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар ж.б.   

  

3.3.2. Төлөм системаларынын катышуучуларынын   

«Финансылык кызмат көрсөтүүлөр. Финансылык индустриянын   

билдирүүлөрүнүн универсалдуу схемасы» ISO 20022 эл аралык стандартынаулуттук жана эл аралык деңгээлде миграцияланышы   

  

Уюмдар жана компаниялар тарабынан берилүүчү билдирүүлөрдү стандартка салуу өтө маанилүү болуп саналат. Төлөм системаларынын катышуучулары өз бизнесин жүргүзүүдөкардарлары менен, ошондой эле өз ара көп сандагы маалымат алмашышат. Мындай маалымат алмашуу жөнөтүүчү жана алуучу бул маалыматтын чечмеленишинбирдей түшүнгөн учурда гана алгылыктуу болуп саналат.   

ISO 20022 стандарт финансылык уюмдар ортосунда электрондук билдирүүлөрдү алмашуунун эл аралык стандарты болуп саналат. Аталган стандарт «Финансылык кызмат көрсөтүүлөр» техникалык комитетинин (ТК 68) алкагында Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдун (ISO  International Standard Organisation) колдоосу алдында иштелип чыккан.  

ISO 20022 стандартын улуттук деңгээлде колдонууга киргизүүнүн негизги максаты болуп төмөнкүлөр саналат:  

- эл аралык сооданы өнүктүрүү, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен алмашуу үчүн алгылыктуу шарттарды түзүү;  

- финансылык институттар системасынын, инфраструктуралык уюмдардын жана алардын кардарларынын натыйжалуу өз ара иш алып баруусун камсыз кылуу;  

- автоматташтыруунун жалпы деңгээлин жогорулатуу;  

- штаттык санды көбөйтпөстөн, кайра иштелип чыгуучу операциялардын көлөмүн көбөйтүү;  

- операцияларды ишке ашырууда операциялык каталардын тобокелдигин кырскартуу.  

ISO 20022 жаңы стандартына өтүү SWIFT системасы 2021-жылдын ноябрынан тартып бардык чек ара аркылуу өтүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү аталган стандарттын негизинде жүзөгө ашыра тургандыгы менен шартталган, мында SWIFT системасынын бардык катышуучулары ушул форматтагы билдирүүлөрдү кабыл алууга жана иштеп чыгууга жөндөмдүү болууга тийиш.   

ISO 20022 стандартынын форматтары республика ичинде, Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналык, коммерциялык банктар тарабынан улуттук төлөм системаларында (ГСРРВ жана ПКС), ошондой эле ЕАЭБдин жана чек ара аркылуу өтүүчү которуулардын ж.б. алкагында мамлекеттер аралык төлөмдөрдү жүргүзүү учурунда колдонулат.   

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

«Финансылык кызмат көрсөтүүлөр. Финансылык индустриянын билдирүүлөрүнүн универсалдуу схемасы» ISO 20022 эл аралык стандартынаөтүү  

1. «Финансылык кызмат көрсөтүүлөр. Финансылык индустриянын билдирүүлөрүнүн универсалдуу схемасы» ISO 20022 эл аралык стандартынын миграциясы боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү   

2020-жылдын   III чейреги   

2020-жылдын   IV чейреги   

Улуттук банк, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар ж.б.   

2. «Финансылык кызмат көрсөтүүлөр. Финансылык индустриянын билдирүүлөрүнүн универсалдуу схемасы» ISO 20022 эл аралык стандартынын миграциясы боюнча жол картасын ишке ашыруу  

2021-жылдын   I чейреги   

2022-жылдын   II чейреги   

Улуттук банк, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар ж.б.   

  

3.3.3. Идентификациялоону тастыктоочу борборду түзүү   

  

Учурда Кыргыз Республикасында колдонулган идентификациялоо жана аутентификациялоо түзүмдөрү жана жол-жоболору санариптик трансформациялоонун заманбап стандарттарына толугу менен жооп бербейт.   

Идентификациялоо системасынын ишиндеги негизги кемчиликтер банктык жана төлөм рынокторунун ар башка катышуучулары тарабынан маалыматтарды, билдирүүлөрдү тастыктоо жана контролдоо жол-жоболоруна, ошондой эле аталган системалардын жабыктыгына байланыштуу болот.   

Бул маселени Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасынын платформасын пайдалануу аркылуу чечүүгө болот. Бул платформаны тесттик режимде ишке киргизүү 2020-жылдын экинчи-учунчу чейрегине пландаштырылган.  

Келечекте аралыктан идентификациялоо базасын кеңейтүү максатында, «БПБ» ЖАКтын инфраструктурасы менен коммерциялык банктардын кардарлар базасынын интерацияланышы, ошондой эле анын технологиялык базасын жана функционалын кеңейтүү үчүн платформа модификацияланышы мүмкүн.  

Кыргыз Республикасында идентификациялоону тастыктоочу борбордун түзүлүшү идентификациялоо тууралуу маалыматтын өз ара алмашуусун камсыз кылат. Аталган борбор банктарда колдонулган идентификациялоо системаларына таянатӨлкөнүн коммерциялык банктары террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү талаптарына ылайык идентификациялык сервистерди алуу жана трансляциялоо каналдары катары иш алып барууга тийиш, алар банк тутумунда колдонуу үчүн гана эмес, башка тармактарда, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн да колдонулат.  

Идентификациялоону тастыктоочу борбор ар бир кардарга бир финансылык уюмда идентификациялоодон өтүп, башка финансылык уюмдун кызмат көрсөтүүсүнөн ага жеке өзү барбастан пайдаланып, бүтүмгө келишүүгө мүмкүндүк берет. Аталган борбор мамлекеттик башкаруу органдары, ал эми келечекте коммерциялык уюмдары тарабынан колдонулат.   

Аралыктан тейлөө кызматын жигердүү өнүктүрүүдө, кардарларга көрсөтүлгөн кызматтын тизмегин кеңейтүүдө жана бүтүмдөргө келишүүдө мамлекеттик башкаруу органдары жана (же) башка уюмдар ортосунда маалыматтык алмашууга, кардарлар жөнүндө маалыматты улам жаңылап турууга байланыштуу маселелердин чечилишин талап кылат.  

Тарабынан маалыматтын айкын убакыт ыргагында алынышы документ менен иш алып барууну тездетип, банктар тарабынан сунушталган продуктуларды же кызмат көрсөтүүлөрдү алууга карата сарптоолорду, анын ичинде убактылуу сарптоолорду азайтат.  

  

 

 

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Тастыктоочу борбордун базасында аралыктан идентификациялоо жана аутентификациялоо инструменттерин түзүү   

1. Аралыктан идентификациялоо инструменттерин талдап-иликтөө   

2020-жылдын   III чейреги   

2020-жылдын   IV чейреги  

Улуттук банк, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар ж.б. МТБМК (макулдашуунун негизинде), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (макулдашуунун негизинде) ж.б.  

2. Тастыктоочу борбордун базасында аралыктан идентификациялоо инструменттерин иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү   

2021-жылдын   I чейреги   

2022-жылдын   IV чейреги   

Улуттук банк «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялыкбанктар, төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары, МТБМК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (макулдашуунун негизинде) ж.б.   

  

3.3.4. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана продуктулары үчүн маркетплейс платформасын түзүү   

  

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана продуктулары үчүн маркетплейс платформасынын түзүлүшү төлөм рыногунда атаандаштыктын өнүгүшүнө, «бирдиктүү терезе» режиминде кардарлар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун ыңгайлуулугун, ачык-айкындуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатууга, ошондой эле кардарлардын төлөм продуктуларынан пайдалануусунда тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган.  

Аталган платформа башка финансылык чөйрөлөр менен катар эле рыноктун бардык катышуучулары тарабынан кардарлар үчүн талап кылынган төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана продуктуларын издөө жана ыңгайлуу сунуштоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт, мында чаттар, боттор жана робо-эдвайзинг колдонулат. Платформада төлөм экосистемасынын катышуучуларынын сунуштары боюнча маалыматтардын консолидацияланышы, кардарлар үчүн муктаждыктарды жана жеке сунуштарды талдап-иликтөө каралат.  

Дизайнды иштеп чыгуу жана маркетплейс платформасын сынап көрүү, долбоорду ишке ашырууну укуктук жана технологиялык жактан камсыз кылуу боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана платформаны ишке киргизүү пландаштырылууда.  

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана продуктулары боюнча маркетплейс платформасын түзүү жана өнүктүрүү   

1. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана продуктулары боюнча маркетплейс платформасын түзүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү   

2021-жылдын   III чейреги   

2021-жылдын   IV чейреги   

Коммерциялык банктар, Улуттук банк, ж.б.   

2. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жана продуктулары боюнча маркетплейс платформасын жайылтуу  

2022-жылдын  I чейреги   

2022-жылдын   IV чейреги   

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары, Улуттук банк, ж.б.   

  

3.3.5. Маалымат алмашуу технологиясын жайылтуу (API)  

  

Кыргыз Республикасында жалпы чекене товар жүгүртүүдөгү нак эмес түрдө жүгүртүү үлүшүнүн өсүшү жана банк тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган банктык карттар портфелинин сапатынын өзгөрүшү байкалып, заманбап инновациялык чечимдерге негизденген байланышсыз технологиялар жана төлөм сервистери өнүгүп жатат.  

Ошондой эле Улуттук банк эл аралык төлөм системалары тарабынан жүргүзүлгөн токенизация технологиясына негизденген мобилдүү төлөм сервистерин өлкөнүн финансылык/банктык/төлөм рынокторунда кеңири жайылтуу жана колдонуу иштерин да колдоого алат. Ачык API интерфейстеринин өнүгүшү башка тиркемелерди пайдаланууга мүмкүндүк берет, алар эсептер, төлөмдөрдүн түзүлүшү жана көзөмөлдөнүшү жана башкалар боюнча маалымат алуу үчүн, түздөн-түз банк жана төлөм системаларына кайрылышат. API интерфейстери төлөм системаларына катышуучулар жеке санариптик ядросун түзүүсү жана кардарлар менен өз ара тыгыз иш алып баруусу үчүн зарыл болуп саналат.  

Улуттук банк финансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна өбөлгө түзүү, ошондой эле ачык маалыматтарды (мисалы, валюта курстары, жаңылыктар, тарифтер, аралыктагы түйүндөрдүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар, продуктулар тууралуу маалымат жана алардын өзгөчөлүгү, call-борборлору менен байланыштар, ж.б.) сунуштоо үчүн API интерфейстерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм системаларынын катышуучулары менен алардын программалык-техникалык инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл.   

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Маалымат алмашуу технологиясын жайылтуу (API)  

1. Маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу (API)  

2020-жылдын  III чейреги  

2021-жылдын  I чейреги  

Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ж.б.   

2. Банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун милдеттүү түрдө API технологиясын пайдалануусу боюнча мыйзам нормаларын киргизүү   

2021-жылдын   II чейреги  

2022-жылдын  II чейреги  

Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ж.б.   

  

3.3.6. Бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиялардынколдонулушунизилдөө   

жана талдап-иликтөө  

  

Бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясы (Distributed Ledger Technology) (мындан ары  DLT)  бул, компьютердик түйүндөр тармагы менен байланышкан, блокторду камтуучу өз-өзүнчө санариптик реестрлер.   

Адаттагы маалымат базаларынан айырмаланып, DLT системасында борбордук маалымат сактоо жайыкаралган эмес: транзакциялардын маалыматтары бир эле учурда бир нече жерге сакталат. Блокту жалпы регистрге кошууда, ал ар бир түйүндө өзүнчө иштелип чыгат (аныктыгын текшерүү жана тастыктоо). Мониторинг жүргүзүүнүн мындай механизминен улам, транзакцияларды жазуунун санариптик системасы ортомчуларга муктаж эмес1.  

Өз-өзүнчө тармакка өтүүнүн көптөгөн алгылыктуу жактары бар. Ошол эле учурда DLT системасы бир катар кемчиликтерге ээ:   

- укуктук жактан толук жөнгө салынбагандыгы: бүгүнкү күндө мамлекеттер бөлүштүрүлгөн реестр технологиясын криптоэкономиканы жөнгө салууну жаңыдан гана жайылтууда;  

- эсептөөдө кубаттуу жабдуунун зарылчылыгы: операцияларды текшерүү үчүн биткоиндердин майнерлери көптөгөн операцияны ишке ашырат, бул электр энергиясын көп керектей тургандыгын билдирет;  

- пайдалануучулардын бул боюнча маалыматынын аздыгы: DLT системасынын ар тараптуу интеграцияланышы анын иштөө принциптерин жана механизмдерин терең түшүнүүнү талап кылат;  

- бизнес-стратегияны реформалоо зарылчылыгы: бөлүштүрүлгөн реестрлер натыйжалуу интеграцияланышы үчүн компаниялар борборлоштурулбаган (өз-өзүнчө) системага өтүүнүн оптималдуу стратегиясын иштеп чыгуусу зарыл.  

Финансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө бөлүштүрүлгөн реестрлерди киргизүү өз ара чегеришүүгө кеткен убакытты кыскартууга, чыгымдарды азайтууга жана иш процесстерин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Санариптик активдер жана бөлүштүрүлгөн реестрлер транзакцияларды өткөрүүнүн жаңы ыкмасын түшүндүрөт, демек, блокчейн системаларын коргоо үчүн жаңы ыкма талап кылынат.  

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларынынколдонулушун изилдөө жана талдап-иликтөө  

1. Төлөм чөйрөсүндө бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын колдонулушу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу  

2021-жылдын   II чейреги   

2022-жылдын II чейреги  

Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ж.б.   

  

 

3.3.7. Санариптик (виртуалдуу) активдерди (криптовалюталарды)   

жүгүртүүгө байланыштуу ишти жөнгө салуу   

  

Борборлоштурулбаган, математикалык принциптерге негизденген криптовалюталарга, атап айтканда, биткоинге өтө эле көп көңүл бурулуп жаткандыгына байланыштуу, төмөнкүдөй эки көз караш пайда болгон:   

1) криптовалюталар келечекте төлөм системаларынын өнүгүшү үчүн таяныч болуп саналат, анткени алар төлөмдөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана төлөмдөргө жана акча каражатын которууга чыгымдарды азайтуу жагында чоң мүмкүнчүлүккө ээ, ошондой эле коммерциялык компанияларга интернет аркылуу сатылуучу баасы төмөн товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү монетизациялоого мүмкүндүк берип, микротөлөмдөрдү ишке ашырууга өбөлгө түзөт;  

2) нак эмес төлөмдөрдүн калыптанып калган ыкмаларына салыштырмалуу кыйла жашыруун болгондугуна байланыштуу, криптовалюталар финансы системасындагы чектөөлөрдү сактабай коюуга аракеттенген кылмышкерлердин колунда акча каражатынын орун которушу жана сакталышы үчүн кубаттуу инструмент болуп калат, ошондой эле укук коргоо жана башка компетенттүү органдар аларды тескөө мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.   

ФАТФ сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, виртуалдуу активдер кызмат көрсөтүүлөрүнүн провайдерлери лицензияланууга жана каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.   

Жогоруда белгиленгендерге байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын виртуалдуу активдерди/криптовалюталарды сатып алуу-сатуу кызматтарын көрсөтүү ишин жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү каралган.   

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Санариптик (виртуалдуу) активдерди (криптовалюталарды) жүгүртүүгө байланыштуу ишти жөнгө салуу  

1. Санариптик (виртуалдуу) активдерди (криптовалюталарды) жүгүртүүгө байланыштуу ишти жөнгө салуу ыкмаларын жана механизмдерин иштеп чыгуу   

2020-жылдын   II чейреги   

2020-жылдын III чейреги  

Улуттук банк, Экономика министрлиги жана башка мамлекеттик жана укук коргоо органдары (макулдашуунун негизинде) жана төлөм системаларынын катышуучулары   

2. Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына санариптик (виртуалдуу) активдерди (криптовалюталар) жүгүртүлүүгө байланыштуу ишти жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү   

2020-жылдын III чейреги   

2020-жылдын IV чейреги  

Улуттук банк, Экономика министрлиги жана башка мамлекеттик жана укук коргоо органдары (макулдашуунун негизинде) жана төлөм системаларынын катышуучулары   

  

3.3.8. Жасалма интеллект технологиясынын колдонулушун изилдөө   

жана талдап-иликтөө  

  

Маалыматтарды иштеп чыгуунун өсүшү, машина аркылуу окутуу алгоритмдеринин өркүндөшү, процесстерди ишке киргизүү наркынын төмөндөшү, атаандаштыктын күчөшү жана керектөөчүлөрдүн финансылык компанияларга карата жогорку талаптары сыяктуу факторлор жасалма интеллекттин финансылык технологиялар чөйрөсүнө толук жайылтылышына алып келди.   

Жасалма интеллект негизиндеги технологияларфинансылык компанияларга башкалардан озунуп, буга чейин мүмкүн болгондон кыйла төмөн баада жекече тейлөөгө мүмкүндүк берет.  

Иш жүзүндө жасалма интеллект адам баласы менен компьютердин ортосундагы өз ара иштешүүнү жакшыртуу менен, алда канча көлөмдүү маалыматтарды сапаттуу иштеп чыгууга, өз алдынча билим алууга жана өтө жогорку тездикте билим топтоого жөндөмдүү, бүгүнкү күндө компьютердик алгоритмдер жаңы маалыматтарды алуу процессинде тынбай өркүндөп жатат.   

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Жасалма интеллект технологиясынын колдонулушун изилдөө жана талдап-иликтөө  

Жасалма интеллект технологиясынын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу   

2022-жылдын   II чейреги  

2022-жылдын   IV чейреги  

Улуттук банк, Экономика министрлиги, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ж.б.   

  

3.3.9. Сактоочу сервистердин колдонулушун изилдөө жана талдап-иликтөө   

Акыркы он жылдыкта төлөм кызмат көрсөтүүлөрү рыногу түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө дуушарланган: ал динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктун белгилерине ээ болгон. Кардарлар менен ишти уюштурууда төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн сунуштоонун салттуу ыкмаларын колдонуу бүгүнкү күнү жетишсиз. Заманбап маалыматтык технологияларды жайылтуунун негизинде кардарларды тартуунун жана тейлөөнүн жаңы формаларын түзүү жана аны туура пайдалануу зарыл.   

Мындай технологиялардын биринен болуп кардарлардын жана төлөм системаларынын катышуучуларынын персоналынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн виртуалдаштыруу, б.а. төлөм системаларынын катышуучуларына сактоочу сервистерди сунуштоо саналат.  

Сактоочу эсептөөлөрдүн концепциянын маңызы кызмат көрсөтүүлөргө, эсептөө ресурстарына жана интернет аркылуу тиркемелерге аралыктан динамикалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн акыркы колдонуучуларга сунуштоодон турат.   

Төлөм системаларынын катышуучулары менен биргеликте сактоочу сервистердин инфраструктурасын колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо пландаштырылууда.   

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

Сактоочу сервистердин колдонулушун изилдөө жана талдап-иликтөө  

Сактоочу сервистерди колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу  

2022-жылдын   II чейреги  

2022-жылдын   IV чейреги  

Улуттук банк, МТБМК (макулдашуунун негизинде), коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ж.б.   

  

4. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү үчүн өз ара иш алып баруу  

  

ЕАЭБ алкагында өз ара иш алып барууну уюштуруу төлөмдөрдү өткөрүүнү, финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүүнү, карт аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча төлөм системаларынын өз ара иштешин жана интеграцияланышын, ошондой эле технологиялык стандарттарды өңчөйлөштүрүүнү жана шайкеш келтирүүнү кошо алганда, жаңы финансылык технологияларды пайдалануу менен, бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүүгө багытталган.  

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктары менен, анын ичинде ЕАЭБ улуттук төлөм системаларын өнүктүрүүнү координациялоо боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында төмөнкү багыттар боюнча өз ара иш алып барылууда:   

- «Финансылык технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу»;  

- «ISO 20022 стандартын киргизүү боюнча кызматташуу»;  

- «Төлөм карттарынын улуттук системаларын интеграциялоо боюнча кызматташуу»;  

- «Финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча кызматташуу».  

Белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөр төлөм чөйрөсүндө инновациялык технологияларды иликтөө, сынап көрүү жана жайылтуу тажрыйбаларын өз ара алмашып, бирдиктүү төлөм мейкиндигин, финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү системасын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат, ошондой эле жаңы технологияларды пайдалануу менен төлөм системаларынын интеграцияланышын камсыз кылышат.   

  

Иш-чара  

Аткаруу индикаторлору  

Башталган күнү  

Аяктоо күнү  

Аткаруучулар  

ЕАЭБ алкагында бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү   

Жыйынтыкталган жол картасынын алкагында төлөм чөйрөсүндө инновациялык технологияларды иликтөө, сынап көрүү жана жайылтуу тажрыйбасын бөлүшүү   

2020-жылдын  III чейреги  

2022-жылдын  IV чейреги  

Улуттук банк, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктары, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ж.б.