Кайта келүү

 Конъюнктура: 26 - 30 январь

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 11,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды 

Алмашуу курсуна келтирилип жаткан басымды жана ушундан улам инфляциянын күч алышын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 50 базистик пунктка, 11,00 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды.  

Тышкы жана ички факторлордон улам түптөлгөн инфляциялык жагдай жогору бойдон сакталып калууда. Алдын ала маалыматтар боюнча жыл башынан бери 0,4 пайыз чегинде топтолгон инфляция январь айынын орто ченине карата абал боюнча жылдык мааниде алганда 10,4 пайыз чегинде катталган.  

2014-жыл үчүн алынган статистикалык маалыматтар Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш арымы басаңдап, өлкөнүн соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө да экономикалык жагдай начарлап жаткандыгын тастыктоодо. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча өлкөнүн 2014-жыл ичиндеги реалдуу ички дүң өнүмүнүн өсүшү 3,6 пайызды түзгөн. Тышкы соодалык операциялар көлөмү да кыскарууда. Акча которуулар агымынын көлөмүнүн азайышы катталган. Тышкы финансылык рыноктордо туруксуздук сакталып, ал жогоруда аталган факторлор менен бирге өлкөнүн ички валюта рыногуна, демек инфляция деңгээлине басымдын артышын шарттаган себептердин бири болуп саналат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө экономикасындагы жагдайга мониторинг жүргүзүүнү улантып, мыйзамда аныкталган мандатына ылайык, орто мөөнөттүк мезгил ичинде инфляцияны Улуттук банктын ушул мезгилге каралган Акча-кредит саясатынын негизги багыттарында аныкталган 5-7 пайыз чегинде токтотуп турууга багытталган тиешелүү чараларды көрөт.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2015-жылдын 24-февралына пландаштырылууда.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы менен жолугушту  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия департаментинин Мамлекеттик башкаруу, финансы сектору жана соода жүргүзүү маселелеринин караган бөлүмүнүн директору Бетти Вилкинсон баштап келген миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестиция тартуу жагдайын жакшыртуунун экинчи программасынын алкагында Улуттук банктын аткарган иштеринин жыйынтыктарын, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнү, ошондой эле жеке секторду өнүктүрүү үчүн ишкерлер чөйрөсүнүн абалын талкуулашты.  

Жолугушуунун акырында финансы институттарынын мындан аркы өз ара иш алып баруу маселелери талкууланып, жыйынтыгында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Улуттук банкка техникалык жардам сунуштала тургандыгы, атап айтканда аталган банктын адистери ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү маселелери боюнча консультация берүү үчүн Кыргыз Республикасына келе тургандыгы тууралуу макулдашууга жетишти.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Т. Абдыгулов коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту 

Коммерциялык банктар улуттук валютадагы кредиттерди эч чектөөлөрсүз сунуштап жатат. Бул туурасында Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушуу учурунда коммерциялык банктардын жетекчилери билдиришкен. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз банктар бирлигинин башчысы Анвар Абдраев да катышкан.  

Жолугушуунун жүрүшүндө улуттук валютада кредиттөө, Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүүчү кредиттик аукциондор жана кредиттер жана депозиттер боюнча пайыздык чендер тууралуу маселелерге токтолуу менен банк секторунун учурдагы абалы талкууга алынды.  

Коммерциялык банктардын жетекчилери кредиттер улуттук валютада эч кандай чектөөлөрсүз берилип жаткандыгы жана Улуттук банктын кредиттик аукциондоруна катышууга алар даяр экендигин билдиришип, пайыздык чендер бир аз жогорулап жаткандыгын белгилешкен.  

 

Улуттук банктын башчысы микрокаржылоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 3 ири микрокаржылоо уюмдарынын - МКК "Финка" ЖАКтын, МКК "Мөл Булак Финанс" ЖЧКсынын жана МФК "Компаньон" финансылык тобу ЖАКтын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.  

Жолугушуу учурунда тараптар финансылык ресурстардын наркын белгилөөнү жана республиканын алыскы региондорунун агрардык секторунда иш алып барган карыз алуучуларды кредиттөөдөн пайдалануусуна өбөлгө түзүүнү кошо алганда, микрокаржылоо секторунда орун алган жагдайды талкууга алышты.  

Микрокаржылоо уюмдарынын өкүлдөрү, эл аралык финансы уюмдары жана донор уюмдардан чет өлкө валютасында тартылган финансылык ресурстардын наркы тууралуу маалымат беришип, калайык калкка улуттук валютада кредиттер берилип жаткандыгын белгилешти.  

Тараптар жолугушуунун жыйынтыгы боюнча микрокаржылоо секторунун кредиттөө мүмкүнчүлүгүнө андан ары дем берүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга макулдашышты.  

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана ЭВФ миссиясы терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты 

2015-жылдын 19-январынан 28-январга чейинки аралыкта Эл аралык валюта фондусунун миссиясы Кыргыз Республикасында терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча системанын жөнгө салынышына баа берүү максатында Бишкекке келген. Миссия мүчөлөрү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда аталган маселеге арналган мыйзам талабынын ишке ашырылышы, мында ар бир мамлекеттик түзүмдүн аткарган ролу, ошондой эле ушул иш багытында аларга жүктөлгөн милдеттердин натыйжалуу аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын керектөөлөрү талкууланган.  

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана ЭВФ миссиясынын корутунду жолугушуусунда миссиянын иш жыйынтыгы чыгарылып, анын өкүлдөрү аталган мыйзамды өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын бул иш багытында жигерин арттыруу жагында мындан ары да кызматташууга ниеттенгендигин билдиришкен.  

 

Улуттук банктын башчысы ЭВФ миссиясынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын ЭВФ менен андан ары кызматташуусу тууралуу маселелерди талкуулады  

Кыргыз Республикасында 21-январдан 29-январга чейин болуп өткөн Эл аралык валюта фондусунун миссиясынын алкагында Улуттук банкта корутунду жолугушуу болуп өттү. Жолугушууну Улуттук банк тарабынан Төрага Толкунбек Абдыгулов, ал эми ЭВФ тараптан миссиянын башчысы Эдвард Гемайл жетектеген.  

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен ЭВФ ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон жаңы келишимдин алкагында 2015-2018-жылдарга каралган экономика жана финансы саясаты тууралуу меморандумдун долбоору, атап айтканда республикада учурда түптөлгөн экономикалык жагдай, Улуттук банктын акча-кредит чөйрөсүндө жүргүзүп жаткан чаралары, финансы рыногун өнүктүрүү, "Банк кодекси" долбооруна тиешелүү маселелер талкууланган. Өлкөнүн 2015-жылга каралган экономикасынын келечеги жана Кыргыз Республикасы менен ЭВФтин кызматташуусунун келечектеги багыттары да талкууланды.  

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилди: 

1. "Мунара-Трейд" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-январында № 5205 лицензиясы берилди. Алмашуу бюросу: Ош областы, Өзгөн шаары, Манас көчөсү 20 (Өзгөн шаарынын борбордук базарында биринчи өтмөк) дареги боюнча жайгашкан. 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролорунун күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга микрокредит берүүгө МКА "Кочкор-Кредит" коомдук фондусуна 2004-жылдын 22-апрелинде берилген № 62 күбөлүк жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Нарын областы, Кочкор району, Кара-Тоо айылы, № 15 кесиптик лицей; 

2. КС Жамаат-Инвест финансы кооперативине 2002-жылдын 12-июлунда берилген № 417 лицензия жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай айылы, Ленин көчөсү, 33-2. 

 

Акча которуулар боюнча маалымат  

- Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), "Ысык-Көл Трансфер" жергиликтүү акча которуулар системасынын оператору - Инвестбанк "Ысык-Көл" ААКсы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөтүүчү Операторлор реестринде 2015-жылдын 27-январында каттоодон өтүп, ага 1028270115 каттоо номери ыйгарылган. 

- Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), "Салам" эл аралык акча которуулар системасынын оператору - "ФинансКредитБанк КАБ" ААКсы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөтүүчү Операторлор реестринде 2015-жылдын 28-январында каттоодон өтүп, ага 1029280115 каттоо номери ыйгарылган. 

- Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), "Аманат" жергиликтүү акча которуулар системасынын оператору - "Дос - Кредобанк" ААКсы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөтүүчү Операторлор реестринде 2015-жылдын 28-январында каттоодон өтүп, ага 1030280115 каттоо номери ыйгарылган. 

- Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууларды ишке ашыруу эрежелерине ылайык (өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы №34/10 токтомуна ылайык), "Транзит" жергиликтүү акча которуулар системасынын оператору - "БТА Банк" ЖАКы Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуулар системасы боюнча кызмат көрсөтүүчү Операторлор реестринде 2015-жылдын 27-январында каттоодон өтүп, ага 1027270115 каттоо номери ыйгарылган. 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

системасы, бардыгы болуп 

Анын ичинде 

Клиринг системасы 

Гроссовая системасы 

объем, 

сом 

количество, 

штук 

объем, 

сом 

количество, 

штук 

объем, 

сом 

количество, 

штук 

2015-жылдын 23-январинан тартып 30-январын кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) 

Абсолюттук мааниси  

35 140 727 111,88 

60 297 

1 717 826 800,75 

55 651 

33 422 900 311,23 

4 646 

Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

4,9 

92,3 

95,1 

7,7 

анын ичинде 

(%) :  

  

  

  

  

  

  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары 

0,05 

1,3 

0,9 

1,4 

0,0 

0,0 

БКдан жөнөтүлгөндөр 

8,1 

7,1 

25,4 

7,4 

7,2 

3,5 

БКга түшкөндөр 

5,4 

55,2 

15,9 

59,5 

4,8 

3,0 

СФдан жөнөтүлгөндөр 

0,01 

0,2 

0,2 

0,3 

0,0 

0,0 

СФга түшкөндөр 

0,1 

4,3 

2,4 

4,6 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниси  

39 988 444 810,59 

79 212 

2 547 274 675,43 

71 554 

37 441 170 135,17 

7 658 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү  

Абсолюттук мааниси  

-4 847 717 698,71 

-18 915 

-829 447 874,68 

-15 903 

-4 018 269 824,04 

-3 012 

-12,1 

-23,9 

-32,6 

-22,2 

-10,7 

-39,3 

 

Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү 

Абалга карата 

23.01.2015 

30.01.2015 

Чыгарылган карттардын жалпы саны  

(ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда)  

368 630 

372 019 

Рos-терминалдардын саны  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

1508 

775 

733 

1510 

776 

734 

Банкоматтардын саны  

429 

430