Кайта келүү

 Конъюнктура: 20 - 24 июль

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы токтому менен бекитилген "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык "Мобайл Мани Системс" ЖЧКсы Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон. 

"Мобайл Мани Системс" ЖЧКсы 2015-жылдын 23-июлунда төмөнкү иш багыттарын жүзөгө ашыруу укугуна төмөнкү лицензияларга ээ болгон: 

1. № 2016230715 - төлөм системасынын процессинг, клиринг борборунун катышуучуларынан болгон үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоого лицензия. 

2. № 3015230715 - өз иш натыйжасынан болуп саналбаган маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына таянуу менен төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызматын сунуштоого лицензия. 

 

 

Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программа 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан акыркы эки жыл ичинде калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, анын ичинде мамлекеттик деңгээлде бекитилүүгө тийиш болгон өлкө калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын (мындан ары - Программа) даярдоо жагында иштер жүзөгө ашырылууда. Ушул максатта, Улуттук банктын буйрутмасы жана Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү альянсынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулук деңгээлин аныктоо жагында социологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет жогоруда аталган программанын долбоорун иштеп чыгууда пайдаланылат. 

Программанын долбоору эл аралык жана жергиликтүү консультанттарды тартуу менен министрликтердин жана ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана башка кызыкдар тараптардын катышуусу менен иштелип жатат. 

"Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугу: факттар жана тыянактар" социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет www.finsabat.kg. интернет-сайтында жайгаштырылган. 

 

 

Кыргыз Республикасынд нак акча жүгүртүлүшүнүн 2015-жылдын II чейрегиндеги абалы тууралуу 

2015-жылдын 1-июлуна карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 55 939,8 млн сомду түзгөн, анын ичинен 4 069,4 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, калганы банк тутумунан тышкары колдонууда турган (өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 9 674,2 млн сомго же 14,7 пайызга азайган). 

2015-жылдын II чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 249 392,2 млн сом келип түшкөн, бул 2014-жылдын II чейрегине салыштырганда 7 195,0 млн сомго же 3,0 пайызга көп. 

Коммерциялык банктардын кассаларынан 2015-жылдын II чейрегинде 256 493,9 млн сом берилген, бул 2014-жылдын II чейрегине салыштырганда 8 617,9 млн сомго же 3,5 пайызга көп. 

Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2015-жылдын II чейрегинде 97,2 пайызды түзгөн (2014-жылдын II чейрегине салыштырганда 0,5 пайыздык пунктка азайган). 

2015-жылдын II чейрегинин ичинде коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугунун областтар боюнча өзгөрүүсү 1-таблицада көрсөтүлгөн. 

1-таблица. 

 

пайыздарда 

 

2014-жыл 

2015-жыл 

Четтөөлөр 

Бардыгы болуп республика боюнча 

97,7 

97,2 

-0,5 

Бишкек шаары 

103,3 

99,8 

-3,5 

Баткен обл. 

97,0 

98,1 

1,1 

Жалал-Абад обл. 

85,6 

91,2 

5,6 

Ысык-Көл обл. 

88,8 

92,5 

3,7 

Нарын обл. 

83,3 

84,8 

1,5 

Ош обл. 

95,3 

96,6 

1,3 

Ош шаары 

97,1 

97,4 

0,3 

Талас обл. 

78,4 

85,9 

7,5 

Чүй обл. 

100,1 

99,9 

-0,2 

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

1. "Абу Айдин" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 24-июлунда №5349 лицензия берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери №3331. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Манас пр., 38-21. 

2. "Абдурахмон Ажы" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 24-июлунда №5348 лицензия берилди). Юридикалык дареги: Ош областы, Араван району, Араван айылы, Ош 3000 көчөсү номерсиз (багыты: автобекет). 

3. "Умар плюс" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 24-июлунда №5347 лицензия берилди). Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин атындагы көчө, номерсиз, "Туратали" базары 0-катар № 6 контейнер. 

4. "Реал-Беш" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 24-июлунда № 5346 лицензия берилди). Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин атындагы көчө, номерсиз "Туратали" базары 0-катар №15 контейнер. 

5. "Дастан-Карасуу" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 24-июлунда № 5345 лицензия берилди). Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, "Туратали" базары 0-катар №15 контейнер. 

6. "Тургунбай" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 24-июлунда № 5344 лицензия берилди). Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин атындагы көчө, номерсиз, "Туратали" базары 0-катар №21 контейнер. 

7. "Адилет Бий" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 24-июлунда № 5343 лицензия берилди). Юридикалык дареги: Ош шаары, А. Навои атындагы көчө, номерсиз (багыты: "Келечек" базары). 

8. "Жанэлла" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 23-июлунда № 5342 лицензия берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3330. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Бейшеналиева атындагы көчө 33/3. 

"София тревл" ЖЧКсы кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө 2015-жылдын 21-июлундагы №3329 кат берилгендигин белгилей кетүү зарыл. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, 3-кичи району, №24 үй. 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин жана алмашуу бюролоруна берилген лицензия/күбөлүк жокко чыгарылган/кайтарылып алынган: 

1. "Оот" кредиттик союз (кредиттик союздун катышуучуларын кредиттөөгө 1998-жылдын 28-декабрында №83 лицензия өзүн-өзү жоюуга байланыштуу жокко чыгарылды). Дареги: Ош областы, Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы. 

2. Жеке ишкер Ченцов Олег Викторович (нак чет өлкө валютасы менен операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 20-июлунда №5023 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылды). Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчө, 166. 

3. Жеке Ченцов Олег Викторович (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 23-июлунда №5025 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылды). Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 124-үй, "Виктория" алмашуу бюросу. 

4. Жеке ишкер Садыров Арген Джапарович (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 25-июлунда №5027 лицензия анын мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу жокко чыгарылды). Дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Токтогул атындагы көчө, номерсиз (Горький көчөсү менен кесилиши).