Кайта келүү

 Конъюнктура: 17 - 21 август


2015-жылдын 17-августунан 21-августуна чейинки мезгил аралыгы үчүн жаңылыктар түрмөгү 

 

Төмөнкү БФКмдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген:  

 

1. 2015-жылдын 21-августунда финансылык кооператив формасындагы «БАА Капиталы» кредиттик союзуна №554 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Оторбай атындагы көчө, 27, 35-батир.  

2. 2015-жылдын 17-августунда «Маг и БМ» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5358 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо №3341. Дареги: Бишкек шаары, Чүй пр., 125-31. 

3. 2015-жылдын 21-августунда «Обменное бюро Береке» ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна №5359 лицензия берилген. Алмашуу бюросунун каттоо №4. Дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Токтогул жана Горький атындагы көчөлөрүнүн кесилишинде, номери жок.