Кайта келүү

 Конъюнктура: 21 - 25 сентябрь

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16- сентябрындагы кезектеги отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53\8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы №53/9 токтому;  

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53\10 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому; 

· Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53\11 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому. 

 

Улуттук банкта банктардын өкүлдөрү жана акча которуу системасынын операторлору "Кыргыз Республикасында акча которуу системасы боюнча акча которууну жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" документтин долбоорун талкуулаган 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) банктардын өкүлдөрү жана акча которуу системасынын операторлору "Кыргыз Республикасында акча которуу системасы боюнча акча которууну жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" документтин долбоорун талкууга алган тегерек стол маеги болуп өткөн.   

Тегерек стол маегинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгүл Жээнбаева, Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги Эвелина Лелёвкина, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын өкүлдөрү, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмеси, ошондой эле "Western Union", MoneyGram International, "Best", "Blizko", "Золотая Корона", "Contact", "Лидер" ж.б ушул сыяктуу төлөм системаларынын өкүлдөрү катышкан.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, операторлорду каттоодон өткөртүү жана финансылык милдеттемелерди гарантиялар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү эрежелерге өзгөртүүлөр 2014-жылдын июль айынын акырында кабыл алынган. Бул мезгил аралыгында Улуттук банк тарабынан эл аралык системалардын 20 оператору жана акча которуунун локалдык системасы боюнча 16 оператор каттоодон өткөн.  

"Иш тажрыйбасында бул эрежелердин колдонулушу көрсөткөндөй эле, бардык тараптардын бирдей кабыл алуусу үчүн эрежелерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл. Анткени, айрым пункттар боюнча коммерциялык банктар менен акча которуу системалардын операторлору ортосунда пикир келишпестиктер орун алган, ушунун негизинде бул тегерек стол маегинде бардык тарапты канааттандыра турган компромисске келишибиз зарыл", деп Бактыгүл Жээнбаева коммерциялык банктардын жана акча которуу системалардын өкүлдөрүнө кайрылган.  

Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги Эвелина Лелёвкина документтин долбооруна негизги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маалымдаган, бул Кыргыз республикасынын аймагында которулган акчаны алуучуга акча каражаттарды банк эсебине, банктык картага жана/же электрондук капчыкка которуу жолу менен нак же нак эмес түрдө акча которууну алуу мүмкүнчүлүгү каралган. "Жаңы эрежелерге ылайык банктар учурда рынокто жигердүү өнүгүп келе жаткан банктык эмес уюмдар менен агенттик келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, Улуттук банктын акча которуу системаларынын операторлорун каттоодон өткөрүү жана алар тарабынан Кыргыз Республикасындагы банктардын- төлөм системаларынын катышуучуларын финансылык милдеттенмелер менен камсыз кылуу боюнча талаптар да каралгандыгын - Эвелина Лелевкина билдирген.  

Тегерек стол маегинин катышуучулары күн тартибиндеги бардык суроолорду жигердүү талкуулоодон улам, негизги маселелер боюнча бир пикирге келишүүгө жетишишкен.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

 

1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Обменное  

бюро Нур» ЖЧКсына 2015-жылдын 25-сентябрында № 5373 лицензия берилди. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3351. Дареги: Ош областы, Кара-Суу “Туратали” базары, 0-катар, №14-контейнер. 

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Таштемир-Ата» ЖЧКсына 2015-жылдын 23-сентябрында № 5372 лицензия берилди. Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж. Бакиев атындагы көчөсү, номерсиз (багыты: борбордук базар, «Мариям» бут кийим базарынын маңдайында).