Кайта келүү

 Конъюнктура: 5 - 9 октябрь

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан МФК "Компаньон финансылык тобу" ЖАКты " Компаньон Банк" ЖАКка кайра өзгөртүп түзүүгө алдын ала уруксат берүү жөнүндө чечими кабыл алынган 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2015-жылдын 7-октябрында МФК "Компаньон финансылык тобу" ЖАКты " Компаньон Банк" ЖАКка кайра өзгөртүп түзүүгө алдын ала уруксат берүү жөнүндө чечими кабыл алынган. МФК “Компаньон финансылык тобу" ЖАКка коммерциялык банкты түзүүгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылгандан кийин банктык лицензия берилет.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы «Чанг Ан Банк» ААКсына банктык лицензияларды берүү тууралуу чечимин кабыл алган 

Улуттук банк Башкармасынын чечими менен 2015-жылдын 8-апрелинде «Чанг Ан Банк» ААКсына банктык лицензияларды алууга алдын ала уруксат берилген.   

"Чанг Ан Банк" ААКсы банктык лицензияны алуу максатында 2015-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын аткарылышын тастыктоочу документтерди сунуштаган. Ушуга байланыштуу, Улуттук банк Башкармасы "Чанг Ан Банк" ААКсына банктык лицензия берүү чечимин кабыл алган. "Чанг Ан Банк" ААКсына банктык лицензиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө берилет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы № 60/1 токтому 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы № 60/1 токтому менен улуттук валютада милдеттенмелер боюнча коммерциялык банктардын милдеттүү камдарынын өлчөмү 0,5 пайызга төмөндөтүлүп, 8,5 пайыз чегинде, ал эми чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча 0,5 пайызга жогорулатылып, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер суммасынын 9,5 пайызы чегинде белгиленген. Бул чечим 2015-жылдын 19-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Төрагасы «Financial Times» жана «Asian Review» сыяктуу чет өлкөлүк басылмалардын өкүлдөрү менен маектешти 

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Financial Times» жана «Asian Review» сыяктуу чет элдик басылмаларынын кабарчылары - Джек Фарчи менен Якопо Деттониге интервью берди.   

Толкунбек Абдыгулов «Financial Times» басылмасынын журналисти Джек Фарчи менен маектешүү менен Улуттук банктын иши, Улуттук банктын өлкөнүн валюта рыногун турукташтыруу максатында көргөн чаралары; Россия экономикасынын төмөндөшүнүн Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө тийгизген таасири жана өлкөбүздүн Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - Бирлик) кирүүсүнөн күтүлүп жаткан натыйжалар тууралуу баяндап берди.   

Толкунбек Абдыгулов жогоруда айтылгандай эле, Россия экономикасынын жергиликтүү экономикага тийгизген таасирин белгилөө менен Кыргызстан чакан ачык экономикага ээ болгондуктан, дүйнөлүк экономикада болуп жаткан процесстер өлкөбүздүн экономикалык абалынын түптөлүшүнө түздөн-түз же кыйыр түрдө да таасир тийгизеерин белгиледи. “Кыргызстандын негизги соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн бири Россия Федерациясына токтоло турган болсок биздин экономикага негизги таасирин тийгизген каналдардан болуп тышкы соода жүргүзүү жана акча которуулар эсептелет. Россияда экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшү калктын реалдуу кирешесинин төмөндөшүнө алып келип, ушундан улам чогуу алгандагы суроо-талап төмөндөп, бул өлкөбүздүн экономикасына да таасирин тийгизген”, - деп билдирди Төрага. Ушуну менен бирге Улуттук банктын башчысы: үстүбүздөгү жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча Россия менен жүргүзүлгөн тышкы соода жүгүртүү 12,9 пайызга төмөндөгөндүгүн, мындай кыскаруу продукцияларды экспорттоо сыяктуу эле, импорттоодо да байкалгандыгын маалымдаган. Буга карабастан өлкөбүздүн экономикалык абалы жаман эмес. Сегиз ай ичинде экономикалык өсүш 6,8 пайызды түзүп, сентябрь айынын орто ченинде инфляция жылдык мааниде алганда 6,2 пайыз түзгөн”, - деди Т. Абдыгулов.   

Журналист Кыргызстандын Евразия экономикалык бирликке кирүүсү, ошондой эле интеграциялык процесстен оң жана терс жактары тууралуу маселелерге өзгөчө токтолду. Төрага Толкунбек Абдыгулов учурда аталган бирликке кирген мүчө-өлкөлөрдүн мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү жагында иштер жүргүзүлүп жаткандыктан, азырынча белгилүү бир жыйынтыктар тууралуу айтуу эрте экендигин, ошондой эле финансылык сектордогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштерди эске алганда, иш жигердүүлүгүнүн күч алышын күтүүгө боло тургандыгын билдирди. “Аталган бирликке мүчө болуудан келип чыгышы мүмкүн болгон терс фактор катары, анын өлкөнүн ички баасына терс таасирин белгилесек болот. Бирок, бир ай үчүн алдын ала жыйынтыктар боюнча Кыргызстандын ички рыногунда баанын кескин өзгөрүүсү байкалган эмес”, - деп билдирди Улуттук банктын Төрагасы.   

Мындан тышкары Толкунбек Абдыгулов казак теңгесинин курсунун кескин төмөндөшүнүн кыргыз сомуна тийгизген таасири жөнүндө жана улуттук валютаны колдоо максатында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн интервенциялар тууралуу суроолорго да жооп берди.   

“Теңгенин бир эле учурда девальвацияга учурашы, биринчи кезекте, Кыргызстандын калкына психологиялык жактан басым көрсөтүп, ал эл арасында тынчсызданууну жаратты, андан кийин гана жергиликтүү валюта рыногуна түзүмдүк мүнөздөгү факторлор таасирин тийгизди. Алсак, 2015-жылдын 20-августунан 3-октябрына чейин АКШ долларынын курсу 11,2% өскөн, бир АКШ долларынын сомго карата баасы 62,0710 сомдон 69,0000 сомго чейин жеткен. Улуттук банк 2015-жылдын сентябрь айында алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө жана ашкере суроо-талапка жол бербөө максатында, 35,9 млн АКШ доллары көлөмүндө 2 жолку интервенцияны өткөргөн. Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмү 2015-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 1 843,2 млн АКШ долларын түзөт, бул сумма 4 айлык импорттун ордун жабууга мүмкүндүк берет”, - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов.   

«Asian Review» басылмасынын журналистти Якопо Деттони сомдун курсунун наркы төмөндөп, бүтүндөй тышкы соода, инвестициялар жигеринин басаңдашы шартында Улуттук банк учурда жалпы акча-кредит саясатын тескөөдө кандай принциптерди колдонуп жаткандыгына өзгөчө токтолду. 

Толкунбек Абдыгулов кабарчыга, иштелип чыккан жана ишке киргизилген Улуттук банктын акча-кредит саясаты инфляция деңгээлин орто мөөнөттүк келечекте 5-7 пайыз чегинде кармап турууга багытталгандыгын белгиледи. Ал эми сомдун алмашуу курсу боюнча, Кыргыз Республикасында 1993-жылы улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилгенден бери алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими тандалып алынгандыгын маалымдады. Бул режимге ылайык Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жөнгө салуу максатында гана чет өлкө валютасын сатып алуу сыяктуу эле, сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзүп келүүдө. Сомдун алмашуу курсунун динамикасы инфляцияга жана негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөргө олуттуу таасир тийгизгендиктен, Улуттук банк ички валюта рыногуна жана тышкы финансылык рынокторго дайыма мониторинг жүргүзүп турат. Мындай шартта, эсептик чен өлчөмү жөнүндө чечимди кабыл алуу менен бир жагынан, биз улуттук валютадагы финансылык инструменттерди алгылыктуу кылып, алмашуу курсуна басымды азайтуу максатын, экинчи жагынан, биздин акча-кредиттик саясатыбыз потенциалдуу экономикалык өсүштү чектебешин да эске алганбыз”, - деп билдирди.  

Маектин жүрүшүндө Улуттук банктын жетекчисине Россияда иштеген кыргыз эмгек мигранттарынан акча которууларынын кыскарышы жана бул которуулардын жергиликтүү акча рыногуна тийгизген таасири тууралуу суроо берилди.  

Төрага учурда Россиядан акча которуулар агымынын төмөндөшү байкалгандыгын, өтүп жаткан жылдын 8 айы ичинде алардын көлөмү долларлык эквивалентте 27,3% пайызга төмөндөгөндүгүн маалымдады. Ошол эле учурда орус рубли валютасында акча которуулар тескерисинче (Россиядан келген которуулардын ири бөлүгү, алсак 95% пайызы орус рублинде) 18,1% пайызга өскөндүгүн маалымдады.   

Акча которуу каналдары боюнча чет өлкө валюта агымы кыскаргандыгына карабастан, жалпы алганда өлкө экономикасында акча көлөмү ушул жылдын январь-сентябрь айларында 8 пайызга өсүп, 3,8 млрд сомдон - 129,5 млрд сомго чейин жеткен. Россиядан акча которуу көлөмүнүн төмөндөшү ички валюта рыногундагы сунушка да таасир этиши мүмкүн. 2015-жылдын январь айынан тартып июлга чейин акча которуулардын таза агымынын көлөмү 765,7 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 25% кыскарган. Которуулардын басымдуу бөлүгү орус валютасында жүзөгө ашырылат. Ошондуктан Россия рубли менен акча которуулардын таза агымынын көлөмү 11,6 % көбөйүп, ал эми АКШ долларына карата орус валютасынын девальвация болгондугуна байланыштуу АКШ долларында эсептегенде көлөмү төмөндөгөн”, - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2015-жылдын 26-мартындагы токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2015-жылдын 26-мартындагы токтому боюнча Улуттук банк тарабынан уставдык капиталдын өлчөмүнө карата коюлган талаптарын аткарбагандыгы үчүн аталган банк 2015-жылдын 1-апрелинде төмөнкү микрокредиттик компаниялардын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөрүн кайтарып алган. Ушуга байланыштуу кээ бир микрокредиттик компаниялар күбөлүктөрүн кайтарбагындыктан улам, төмөнкү микрокредиттик компаниялардын күбөлүктөрү жараксыз болуп саналат:  

 МКК "ДАТИК" ЖЧКсынын 2004-жылдын 17-майындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №19 күбөлүгү;  

 МКК "Гавань-Кредит"ЖЧКсынын 2006-жылдын 5-сентябрындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №56 күбөлүгү;  

 МКК "АМАНАТ-КАЗЫНА" ЖЧКсынын 2007-жылдын 25-декабрындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №104 күбөлүгү;  

 МКК "BRATKO" (БРАТКО) ЖЧКсынын 2008-жылдын 3-июнундагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №137 күбөлүгү;  

 МКК "Мост Бизнес Капитал" ЖЧКсынын 2008-жылдын 16-октябрындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №163 күбөлүгү;  

 "МКК "БЕРК КАПИТАЛ" ЖЧКсынын 2009-жылдын 10-ноябрындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №249 күбөлүгү;  

 МКК "Капиталъ" ЖЧКсынын 2010-жылдын 7-майындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №288 күбөлүгү;  

 МКК "АЛЬФА ФИНАНС КАПИТАЛ" ЖЧКсынын 2011-жылдын 2-февралындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №338 күбөлүгү;  

 МКК "Восток-Финанс" ЖЧКсынын 2011-жылдын 22-февралындагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №344 күбөлүгү;  

10) МКК "Союз-КРЕДИТ" ЖЧКсынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги каттоодон өткөндүгү тууралуу №451 күбөлүгү;  

 

МКК «Бирик» ЖЧКсынын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн иш аракетин токтотуп туруу  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесинин 3-пунктунун, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун 3.11-пунктунун талаптарын бузгандыгы, ошондой эле Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2015-жылдын 1-октябрындагы токтому менен аталган банктын жазма буйругунун талаптарын аткарбагандыгы үчүн МКК «Бирик» ЖЧКсынын 2009-жылдын 19-августундагы каттоодон өткөндүгү тууралуу №232 күбөлүгүнүн иш аракети 2015-жылдын 1- октябрынан тартып Көзөмөл боюнча комитеттин тиешелүү чечими кабыл алганга чейин токтотулган.  

Улуттук банк коммерциялык банктарды Улуттук банк Башкармасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун талкуулоо үчүн анын расмий сайтта жайгаштырыла тургандыгы тууралуу маалымдайт  

2004-жылдын 21-июлундагы N 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу" токтому; 

2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу токтому;  

2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө токтому;  

2009-жылдын 28-декабрындагы №51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»токтому;  

2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө”токтому;  

 

2011-жылдын 30-мартындагы № 20/4 «"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (мындан ары ченемдик укуктук акты долбоору).  

Ченемдик укуктук акты Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын ишин туруктуулукта кармап туруу максатында Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан жана убактылуу бекитилүүчү коммерциялык банктарга карата коюлган нормативдерди жана талаптарды камтыйт. Мезгилдүү жөнгө салуучу банктын отчету (МЖБО), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруучу коммерциялык банктар тарабынан ликвиддүүлүк нормативдери боюнча отчетторду тапшыруу мөөнөтү (К3.1, К3.2 жана К3.3) 2016-жылдын 1-январынан тартып каралат. Ченемдик укуктук акты күчүнө киргенден кийин жана 2016-жылдын 1-январына чейин коммерциялык банктар ченемдик укуктук актыда, өзүнчө (МЖБОнун курамынан сырткары) көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө нормативдерди аткаруу тууралуу отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ченемдик укуктук акты долбоорун карап чыгып, сунуштарды 2015-жылдын 5-ноябрынан кечиктирбестен gegizova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Тазабек» экономикалык маалымат агенттиги тарабынан уюштурулган онлайн-конференциянын алкагында өлкө жарандарынын суроолоруна жооп берди 

Толкунбек Абдыгулов экономиканын маанилүү маселелери болуп саналган валюта рыногуна жана калкка кредит берүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлдү. Айрыкча, ата мекендик экономиканын долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүү, алмашуу курсун турукташтыруу, чет өлкө валютасында кредит алган карыз алуучулардын көйгөйлөрүн чечүү жана башкалар маселелер боюнча Улуттук банк тарабынан колдонулуучу чаралар боюнча темаларды козгоду. Калктын суроолоруна жооп берүү менен Т. Абдыгулов бүгүнкү күндө актуалдуу маселелерден болгон валюта операцияларына, анын ичинде рыноктун маанилүү оюнчулары алмашуу бюролоруна карата Улуттук банктын көрүп жаткан аракети туурасында да сөз козгоду. Мындан тышкары, Улуттук банктын Төрагасына кайрылган жарандарды улуттук валюта курсунун алсызданышынын кесепеттери, кредиттерге карата банктык эмес финансы-кредит мекемелери жана коммерциялык банктардын пайыздык чендеринин төмөндөө мүмкүнчүлүгү, өкмөт менен өз ара иш алып барууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көз карандысыздык статусу маселелери, Улуттук банктын жаңы инвестициялык долбоорунун өнүгүү шарттары өлчөнгөн алтын куймалары жана башка маселелер кызыктырды.   

Ошентип, сомдун алмашуу курсун турукташтыруу максатында Улуттук банк тарабынан валюта жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу суроого жооп берүү менен Толкунбек Абдыгулов Кыргызстанда 1993-жылдан бери валюта рыногу эркин экендигин баса белгиледи. «Тышкы кооптуу жагдайлар шартында, анын ичинде коңшу мамлекеттердин улуттук валюталарынын девальвациялары, АКШнын ФРСсынын эсептик ченди жана мунай заттарга баанын волатилдүүлүгүнүн өзгөрүүлөрүнөн күтүүлөр, валюта рыногунун катышуучулары биздин өлкөдө өз активдерин көбөйтүү сыяктуу эле, сактап калуу максаттарын да көздөй алышат. Алардын аракети талашка жана чет өлкө валютасынын ортосундагы кыска мөөнөттүү дисбаланстын келип чыгышына алып келет. Мында, Кыргызстан импорттон көз каранды экендигин, өзгөчө чет өлкө валютасына суроо-талапка көз карандыгын экендигин эске алуу зарыл. Жөнөкөй айтканда, валюта бензин, газ, азык-түлүк, дары-ддармектерди, жылуулукту (электроэнергия, көмүр) жана башкаларды сатып алууга сарпталат, анткени аталган товарлар бизде жетишээрлик деңгээлде өндүрүлбөйт же такыр өндүрүлбөгөйт. Чет өлкө валютасына суроо-талаптын өсүшү белгилүү бир деңгээлде алмашуу курсуна басым жасайт. Улуттук банк жагдайды турукташтыруу аркылуу мындай басымды төмөндөтүү жагында аракеттерди көрөт, буга рынокто жүргүзүлгөн валюта интервенциялары көмөк көрсөтөт», деп айтты Толкунбек Абдыгулов  

Онлайн-конференцияда Улуттук банктын башчысына кайрылган жарандардын көбүн кызыктырган дагы бир маанилүү суроолордун бири катары алмашуу бюролорун жабуу маселеси болду. Толкунбек Абдыгулов бул боюнча алмашуу бюролорунун улуттук банкка берген маалыматтарынын аныктыгына байланышкан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузушу алмашуу бюролорун жабуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелөөнүн негизги себептеринен болгондугун айтып берди. «2014-2015-жылдар аралыгында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн алмашуу бюролорун текшерүү көрсөткөндөй, жүргүзүлгөн операцияларды эсепке алуу жана аларды ички журналдарда жана контролдук-кассалык машиналарда чагылдыруу ички контролдун күчөтүлүшүн талап кылат. Алмашуу бюролорунун ар бири текшерүүдөн өткөрүүдө кассалык тартип сакталбагандыгын жана Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматынын билдирүүлөр жиберилбегендигин таап чыкты, бул мыйзамдарды бузуу болуп саналат. Жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, берилген расмий маалыматтар боюнча алмашуу бюролорунун жүгүртүүлөрү жылына 100 млрд сом экендигин, ал эми алмашуу бюролору тарабынан жалган маалымат берүү фактысын эске алсак, бул сан андан да жогору болушу мүмкүн», деп билдирди Төрага.  

Онлайн-конференцияда ондогон жарандар кредиттерди алуу жана кайтарып берүү темасына кайрылышты. Анын ичинде чет өлкө валютасында кредит алган карыз алуучуларга жардам берүү тууралуу доллардын курсунун көтөрүлүшү менен финансы уюмдары алдында милдеттенмелерин аткара албай калгандарга Улуттук банк жардам берүү маселелери коюлду. «Баарынан мурда, финансы уюмдарын кредиттөө булагы тууралуу эстеп көрүү зарыл. Банктар бул финансы ортомчулары. Алар калктын бир бөлүгүнөн депозит кызмат көрсөтүү менен каражаттарды алып, жарандардын башка бөлүгүнө кредит түрүндө беришет. Банктардын карыз алуучуларды кредиттөөдө каражаттарынын чоң үлүшү болуп депозиттер эсептелет. Эгер карыз алуучулар банкка каражаттарды кайтарып бербесе, анда аларга депозит түрүндө жайгаштырган өз каражаттарын ишенип салгандарга карыз болуп калат. Биздин өлкөдө аябагандай валюта саясаты либералдуу, ал эч кандай чектөөсүз чет өлкө валютасын сатууга жана чыгарууга шарт түзөт. Бул калктын жыйымына да таасир этет, бул өз кезегинде, жогорку долларлаштырууга алып келет. Бүгүнкү күндө депозиттердин жалпы көлөмү АКШ долларында 63 %, а сомдо 47 %. Улуттук банк комерциялык банктарга өз кардарларынын талабы боюнча кредиттердин валютасын алмаштыруусун сунуштаган эле. Жана мындай кредиттер үчүн Улуттук банк тарабынан талаптар жеңилдетилген», деп жооп берди Толкунбек Абдыгулов.   

Дагы бир актуалдуу тема кыргыз сомунун ички эсептерден чыгарылышы болду. Буга Т. Абдыгулов мындайча түшүндүрмө берди: «Сом Кыргыз Республикасынын аймагындагы бирден-бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат, аны юридикалык жана жеке жактар чектөөсүз кабыл алууга милдеттүү. Биздин өлкөнүн аймагында, анын ичинде кыймылсыз мүлк жана автоунаа менен келишимдерде чет өлкө валютасын пайдаланууну четтетүү зарыл. Бирок сомду чыңдоо жана чет өлкө валютасына, анын ичинде АКШ долларына болгон жогорку талапты азайтуу, бардык мамлекеттик органдардын, анын ичинде өкмөттүн ишин күчөтүү маанилүү. Улуттук банк өзү тарабынан акырындык менен жана ырааттуу түрдө улуттук валютаны чыңдоого багытталган ишти жүргүзүүдө. Керектүү мыйзам колдо, болгону чет өлкө валютасында эсептешүүлөрү үчүн ар кайсы уюмдардагы, компаниялардагы, ишканалардагы административдик жоопкерчиликти катаалдатуу зарыл», деп бегилеп өттү.   

Онлайн-конференция эки сааттай созулду. «Тазабек» агенттигинин сайтына жана телефондук линия аркылуу Улуттук банк башчысына жөнгө салуучу иш багытына тиешелүү 60тан ашуун суроо берилди. Жыйынтыктап жатып, Улуттук банк башчысы кыргыз Республикасынын калкын жөнгө салууга байланышкан суроолор пайда болсо Улуттук банктын дарегине түз эле жолдоого болорун, күн сайын ондогон жарандардын кайрылууларын кабыл алып, аны карап чыгып туруучу Улуттук банкта коомдук кабылдама жана Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана финансылык сабаттуулук боюнча бөлүм бардыгын маалымдады.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешине кабыл алынды 

2015-жылдын 25-сентябрында Дилижан шаарында (Армения Республикасы) Бажы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 11-отуруму болуп өткөн. 

Беларусь, Казакстан жана Россиянын борбордук банктарынын жетекчилери 2012-жылдын 23-ноябрындагы Бажы бирлигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө-мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча консультациялык кеңеши жөнүндө жобого кеңештин курамына Армения Республикасынын Борбордук банкын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын кабыл алуу тууралуу толуктоого кол койгон. 

Отурумда борбордук банктардын жетекчилери Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдө орун алган учурдагы экономикалык жагдай, валюта курсу, акча-кредит саясатын ишке ашыруу маселелерин талкууга алышты. Мындан тышкары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин экономикасындагы макроэкономикалык жана финансылык туруктуулук чөйрөсүндө дүйнөлүк финансы рынокторунда орун алган жагдайлардан улам келип чыккан тобокелдиктерди алдын алуу үчүн мүмкүн болгон чараларды, анын ичинде капиталдын агылып чыгуусуна жол бербөө жана улуттук экономикаларынын долларлашуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу тууралуу маселелер көтөрүлгөн.  

Борбордук банктардын башчылары Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөлөрдүн финансы чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелерин, ошондой эле төлөм системалар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн алкагында иш алып барууну талкууга алышты. 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

1. «Нур-Усон» ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 8-октябрында № 5379 лицензия берилди). Дареги: Ош шаары, Навои көчөсү номерсиз (багыты: «Келечек» базары). 

2. «Хан-Тенири Компани» ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 8-октябрында №5378 лицензия берилди). Дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү номерсиз, «Туратали» базары, 0-катар, №18 контейнер. 

3. «Айара» ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 7-октябрында №5377 лицензия берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3356. Дареги: Бишкек шаары, Бейшеналиева көчөсү, 22/1 үй. 

 

«Форекс кей джи» ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 10-августундагы №5354 лицензия) алмашуу бюросунун дарегинин алмаштырылышына байланыштуу, алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө реестрге өзгөртүүлөр киргизилген экендигин кошумча билдиребиз. Жаңы дареги Бишкек шаары, Москва көчөсү, №136/2.