Кайта келүү

 Конъюнктура: 26 - 30 октябрь

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы отурумунда төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы №64/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы №64/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы №13/12 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленген аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

 

 

Улуттук банкта жеке сектордун жана мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү үчүн окутуу семинары өткөрүлдү 

Улуттук банкта жеке сектордун жана мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү үчүн "Банктык эмес мекемелер жана электрондук акча. Тобокелдиктер жана аларды жеңилдетүү жолдору" темасында окутуу семинары болуп өттү.  

Дүйнөлүк банктын техникалык колдоосу астында банк жана банктык эмес мекемелердин, микрокаржылоо уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын, Кыргызпочтасы мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү үчүн семинар болуп өттү

Иш-чарага Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жеенбаева, Дүйнөлүк банктын эксперттери Лоис Эстель Куинн, Лючия Кристова, Элизабет Червоне жана башкалар катышты.  

Чет өлкөлөрдүн төлөм системасы жана электрондук акчаларды жөнгө салуу жагында тажрыйбасын иликтеп үйрөнүү семинардын негизги милдетинен болду. Анын ичинде банктык эмес мекемелердин электрондук акча менен иш алып барууда келип чыккан тобокелдиктерди кыскартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында чет өлкө тажрыйбасын колдонуу боюнча маселелер козголду.  

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Бактыгуль Жеенбаева өз сөзүндө коммерциялык банктардын банкоматтар жана терминалдар түйүнү арымдуу жайылып жаткандыгын, ушундан улам калк нак акча алуу, ошондой эле ар кандай төлөм операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жаткандыгын белгиледи. "Банктык карттар менен бирге эле электрондук акча, интернет кызматтары жана мобилдик банкинг да өркүндөй баштады. Ушунун баары андан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетип, өз эсебин интернет аркылуу тескөөгө, ошондой эле чекене төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн электрондук капчыктарды колдонууга ыңгайлуу. Ылдамдык менен ыңгайлуулуктан тышкары, бул технологиялар пайдалануучулар үчүн коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылган актуалдуу маселе бойдон калууда" деп белгиледи Бактыгуль Жеенбаева.  

Төлөм системасы жагында тажрыйбалуу чет өлкөлүк адистер лекцияларын окушту. Ар бир лекциядан кийин семинардын катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду берүүгө жана тигил же бул теманы талкуулоого мүмкүнчүлүгү болду.  

 

 

30-октябрда Бишкек алгачкы жолу Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүн белгиледи 

Улуттук банк бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүнө арналган Жыйым топтоо жумалыгын борбор калаада өткөрүүнү демилгеледи. Эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын жыйымдар кассасы фондусу менен биргеликте долбоор алкагында Бишкек шаарынын орто билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдери үчүн лекциялар буга чейин эле өткөрүлгөн, ошондой эле финансы мекемелеринде жарандар менен жолугушуулар уюштурулган. Иш-чара алкагында лекторлор кандайча акчаны сарамжалдап калуу, аларды топтоонун зарылчылыгы канчалык экендигин айтып беришти. Өткөрүлгөн иш-чара көрсөткөндөй жаштар сыяктуу эле улуу муундун дагы кызыкчылыгы артты. 

Улуттук банк тарабынан Бүткүл дүйнөлүк жыйым күнүнө арналган долбоордун экинчи этабында коммерциялык банктардын борбор калаадагы филиалдарында Ачык эшик күнү уюштурулду. 2015-жылдын 30-октябрында "РСК Банк", "Бай-Tүшүм" ААКсы жана "ФИНКА Банк" ЖАКы жарандарга өз эшиктерин ачышты.  

Иш алып барган жана потенциалдуу кардарга багытталган иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын банктар тарабынан программалар иштелип чыккан, алар өз ичине оюндарды, викториналарды жана жыйым, үй-бүлө бюджетин жана акчага болгон мамиле сабактарын, ошондой эле адистештирилген финансы продукттарын презентациялоону камтыды.  

30-октябрда калайык-калк үчүн өткөрүлө турган иш-чаралар: 

"РСК Банк" ААКсы  

· саат 10:00до . Чүй филиалы, Фрунзе, 338:  

· Чоңдорго арналган жыйым топтоо, үй-бүлө бюджети, акчага мамиле кылуу темаларындагы лекциялар. Ага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынн Төрагасы, Улуттук банктын, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын аманат кассалары өкүлдөрү катышты.  

· балдарга арналган сүрөт тартуу жана аниматорлор менен коштолуучу оюн-шоок иш-чаралары уюштурулду.  

"ФИНКА Банк" ЖАКы  

· саат 13:00де. Аманат касса, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 203 (Ош базары):  

· Чоңдорго арналган жыйым топтоо, үй-бүлө бюджети, акчага мамиле кылуу темаларындагы лекциялар. Ага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын аманат кассаларынын өкүлдөрү катышты.  

· балдарга арналган сүрөт тартуу конкурсу менен коштолуучу оюн-шоок иш-чаралары, мультфильмдерди көрсөтүү, юндар, жаштар үчүн банкка экскурсия жасалды.  

· саат16:00тө. Бишкек филиалы Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 122:  

· Чоңдорго арналган жыйым топтоо, үй-бүлө бюджети, акчага мамиле кылуу темаларындагы лекциялар. Ага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин, эл аралык кызматташтык боюнча Германиянын аманат кассаларынын өкүлдөрү катышты.  

· балдарга арналган сүрөт тартуу конкурсу менен коштолуучу оюн-шоок иш-чаралары, мультфильмдерди көрсөтүү, юндар, жаштар үчүн банкка экскурсия жасалды.  

"Бай-Tушум" банкы 

· саат 11:00. 15:00 аралыгында. Бишкек шаары, Ж.Абдрахманов атындагы көчө, 119  

· балдарга арналган сүрөт тартуу жана аниматорлор менен коштолуучу оюн-шоок иш-чаралары уюштурулду.  

Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууда маанилүү роль ойнойт жана жарандарга жыйым топтоонун артыкчылыктарын түшүндүрүү максатында көптөгөн атайы иш-чараларды өткөрүүгө себеп катары кызмат кылат. Бул күнү бүткүл дүйнө боюнча мамлекеттик мекемелердин жана финансы компаниялардын өкүлдөрү жыйымдар жана келечекке акча топтоого шыктандыруучу топтоолор туурасында элге айтып беришет.  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 10 пайыздык эсептик чен өлчөмүн калтыруу чечимин кабыл алды 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2015-жылдын 26-октябрында 10,00 пайыздык деңгээлде эсептик чен өлчөмүн калтыруу чечимин кабыл алды.  

Кыргыз Республикасында экономиканын натыйжалуу өсүш арымы сакталууда. 2015-жылдын январь-сентябрындагы экономикалык өсүш 6,3 пайызды түзгөн, ал "Кумтөр" алтын казып алуу ишканаларда өндүрүштүн өсүшү менен шартталган. Кумтөр" алтын казып алуу ишканаларын эске албаганда, реалдуу ички дүң өнүм (ИДӨ) 4,3 пайызга өскөн. 

Октябрда инфляция деңгээлинин төмөндөө деңгээли байкалууда, анын жылдык өсүш арымы сентябрда 6,4 пайыздан октябрда 5,2 пайызга кыскарган (16сына берген), бул эң башкысы товарлардын өндүрүш тобуна баанын өсүш арымы төмөнкү чекти сактоосу жана Күйүүчү-майлоочу майларга болгон ички баанын төмөндөөсү менен шартталган.  

Инфляциянын мындан аркы динамикасы валюта рыногундагы жагдайы, ЕАЭБ алкагындагы тооруктан тышкаркы өсүш арымы, мамлекеттик бюджет чыгашаларынын бирдейлик даражасы менен аныкталат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн экономикасынын жагдайларына жана акча-кредит саясатына тиешелүү чараларды көрүүгө мыйзам жол берген белгилүү бир ыйгарым укуктарга ылайык мониторинг жүргүзүүнү улантат.  

Акча-кредит саясаты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын орто мөөнөттүк мезгилге Негизги акча-кредит саясатынын багыттарына ылайык 5-7 пайыздык инфляциянын орто мөөнөттүк перспективасында жетишүүгө жана кармап калууга багытталат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе карала турган кийинки отуруму 2015-жылдын 30-ноябрына пландаштырылды.  

 

 

Төмөнкү алмашуу бюролоруна лицензиялар берилген: 

1. "Бакай-АтаДордой" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 30-октябрында лицензия № 5398 берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери №3367. Дареги: Бишкек шаары, "Дордой" ЧСКсы, Шымкент унаа токтотуу жайы, 71. 

2. "Купюра.кей Джи" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 30-октябрында лицензия № 5397 берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3366. Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 44-үй. 

3. "Актан-Дордой" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 30-октябрында лицензия № 5396 берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3365. Дареги: Бишкек шаары, "Дордой" ЧСКсы, "Кербен" базары, соода оруну № 61, 8-контейнер. 

4. "Талисман Плюс" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 30-октябрында лицензия № 5395 берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери №3364. Дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов атындагы көчө, 119. 

5. "Датка групп" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 30-октябрында лицензия № 5394). Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3363. Дареги: Бишкек шаары, Суеркулов атындагы көчө, № 17 павильон. 

6. "Ключевка" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында лицензия № 5393 берилди). Алмашуу бюросунун каттоо номери №3362. Дареги: Бишкек шаары, "Дордой" ЧСК, Шымкент унаа токтотуу жайы, 73. 

7. "Эмин Компани" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында лицензия берилди). Дареги: Ош областы, Ноокат району, Ноокат шаары, Алимбаев атындагы көчө, н/ж, №5 ларек. 

8. "Сарроф" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында лицензия № 5391 берилди). Дареги: Ош областы, Ноокат району, Ноокат шаары, Алимбаев атындагы көчө, 5. 

9. "Мусъаб" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында лицензия № 5390 берилди). Дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин атындагы көчө н/ж, "Туратали" базары, 0-катар, №11 контейнер. 

10. "Аналитика Компани" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында № 5389 лицензия берилди). Дареги: Ош областы, Ноокат району, Ноокат шаары, Алимбаев атындагы көчө н/ж, борбордук базар, №5 ларек. 

11. "Лачин" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында № 5388 лицензия берилди). Дареги: Ош областы, Ноокат району, Ноокат шаары, Алимбаев атындагы көчө н/ж, борбордук базар, №4 ларек. 

12. "Жумабай-Плюс" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында № 5387 лицензия берилди). Дареги: Ош областы, Ноокат району, Ноокат шаары, Алимбаев атындагы көчө н/ж, борбордук базар, №4 ларек. 

13. "Карасууголд" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында № 5386 лицензия берилди). Дареги: Ош областы, Кара-Суу шаары, Ленин атындагы көчө н/ж, "Туратали" базары, 0-катар, №9 контейнер. 

14. "Тилек КЖ" ЖЧКсы (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында № 5385 лицензия берилди). Алмашуу бюросунун номери № 3360. Дареги: Бишкек шаары, "Дордой" ЧСК, борбордук өтмөк, № 59. 

 

Мындан тышкары, "Рашидик" ЖЧКсынын (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2015-жылдын 29-октябрында № 5385 лицензия берилди) кошумча алмашуу бюросун каттоо жөнүндө кат берилди. Алмашуу бюросунун каттоо номери № 3361. Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 166-үй.