Кайта келүү

"Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар" сериясындагы коллекциялык монеталары 

  

"Кыз куумай" монетасынын алдыңкы бетинин негизги элементи кырка тоолордун алкагында атчан кубалашып бара жаткан кыз менен жигиттин элеси монетанын болуп саналат. Монетанын оң жагында металлдын сапат белгиси жана монетанын салмагынын көрсөтмөсү берилген монетанын жогорку бөлүгүндө "Кыз куумай" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы чагылдырылган. Монетанын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, ал эми аны айланта ат үстүндө кубалашып бара жаткан кыз-жигиттин элеси түшүрүлгөн. Монетаны айланта оюндун кызыгына батып, ага көз салып отурган көрүүчүлөрдүн элеси. Арткы бетинин жогорку бөлүгүндө "Улуттук спорт жана элдик оюндары" деген жазуу, ал эми төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2015) келтирилген.   

  

Монеталардын мүнөздөмөлөрү 

 

Аталышы 

Номиналы 

Металлы 

(пробасы) 

Салмагы 

(г) 

Диаметри (мм) 

Сапаты 

Нускасы 

(даана) 

Сатуу баасы 

(сом) 

Кыз куумай 

10 сом   

күмүш 925°   

28,28   

38,60  

proof   

2 000   

2 000 

Кыз куумай 

5 сом   

жез-никель   

14,35   

33,00   

proof like   

3 000   

cатуу аяктаган   

  

Монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.   

Ар бир монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана ага сертификат тиркелип өзүнчө кутучага салынып коюлган.