Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгынын алкагында жана «Сом Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 18-апрелинде Жалал-Абад шаардык маданият үйүндө Жалал-Абад шаарынын тургундары менен коноктору үчүн нумизматикалык көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, кыргыз элинин тарыхы менен маданий мурасын терең чагылдырылган, жогорку көркөм чеберчиликте жасалган нумизматикалык коллекциялык монеталар коюлду. 

Көргөзмөгө келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталарды сатуу уюштурулду.