> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата нумизматикалык көргөзмөлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында республиканын бардык аймактарында жана Бишкек шаарында нумизматикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу пландаштырылууда.  

Аймактардын жана Бишкек шаарынын тургундары менен коноктору үчүн көргөзмөлөр музейлерде (Талас, Нарын, Ысык-Көл), драмалык театрларда (Жалал-Абад, Баткен), Ош шаарынын тарыхый-архитектуралык комплексинде жана Бишкектеги Улуттук тарых музейинде уюштурулат.  

Кеңири коомчулук үчүн көргөзмөлөрдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган кыргыз элинин тарыхынын маанисин жана маданий мурасын көркөмдөп терең чагылдырып айкалыштырган, жогорку денгээлдеги баалуулуктар болуп саналган нумизматикалык коллекциялык монеталар коюлат. 

Көргөзмөдө коноктор үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталарды сатууну уюштуруу пландаштырылууда, алар бир гана нумизматикалык баалуулук болуп саналбастан, оригиналдуу жана эксклюзивдүү белек да боло алат.  

Ошондой эле өз элинин тарыхына кайдыгер карабаган бардык жарандар үчүн Улуттук банкта жана анын областтык башкармалыктарында акча жана заманбап банкноттор жана монеталардын тарыхы боюнча көргөзмөлөр уюштурулат.  

Улуттук банктын Нумизматикалык музейинде дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 10.00дөн 16.00гө чейин экскурсиялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Кирүү акысыз. Экскурсия өткөрүү боюнча: 66 90 08, 61 24 14 телефондору же mail@nbkr.kg электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.