Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Баткен областындагы өкүлчүлүгү  

нумизматикалык баалуулуктардын көргөзмөсүн өткөрдү 

 

Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы «Айгүл Тоо» маданий-тарыхый музей комплексинде 2023-жылдын 27-29-апрель күндөрү нумизматикалык көргөзмө өткөрдү

Көргөзмөнүн ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Исаков Ж. М. жана коноктор катышып, Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышып чыгышты.