Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында жана «Сом  Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планына ылайык, Каракол шаарынын тургундары менен коноктору үчүн 2023-жылдын 17-19-май күндөрү «Тарых-Аймак таануу» музейинде жана 22-24-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын имаратында нумизматикалык көргөзмө уюштурулду.  

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, кыргыз элинин тарыхы менен маданий мурасы терең чагылдырылган, жогорку көркөм чеберчиликте жасалган нумизматикалык баалуулуктар коюлду. 

Мындан тышкары, көргөзмөгө келгендер үчүн коллекциялык монеталарды, кесилбеген банкнотторду жана башка нумизматикалык баалуулуктарды сатуу уюштурулду.