Кайта келүү

Улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө арналган иш-чаралардын алкагында,  2023-жылдын 18-апрелинде Талас шаарынын Чет тилдер лицейинин 10-11-классынын окуучуларына «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын максаттары, милдеттери жана функциялары»,  «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары»«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары» темалары боюнча экскурсия уюштурулуп, лекциялар окулду.   

Окуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын максаттары, милдеттери жана функциялары, улуттук валютабыз  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары боюнча маалыматтар берилди.