> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн конок катары окуган лекциялар жана финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекциялар 

 

Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн конок катары окулган лекциялар жана билим берүү мекемелеринин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекциялар уюштурулат.  

Конок катары окулган лекциялардын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге өлкөнүн башкы банкынын ролу жана функциялары, акча-кредит саясаты, баалардын туруктуулугуна жетишүү, банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына көзөмөл чөйрөсүндөгү иштер, өлкөнүн банк жана төлөм системасынын иштеши, финансы кызмат көрсөтүүлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо ж.б. тууралуу айтып берүүсү пландаштырылууда.  

Финансылык сабаттуулук боюнча бирдиктүү окуу курсунун негизинде даярдалган финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекциянын программасы үй-бүлөлүк бюджет, финансылык пландаштыруу, каражат топтоо максаттарын жана артыкчылыгын түшүнүү сыяктуу аспектилерди, ошондой эле финансылык жактан сабаттуу адамдын беш принцибин камтыйт.  

Лекциянын катышуучуларына Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия да сунушталат.