Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгынын алкагында жана «Сом Кыргызстандын жүзү» аталышындагы иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 18-19-апрелинде Нарын шаарындагы № 87 кесиптик лицейинин жана Т.Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин окуучулары үчүн конок катары финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар уюштурулду. 

Окулган лекциялардын жүрүшүндө Улуттук банктын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү окуучуларга финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө жана кыргыз сомунун коргоо белгилери менен өнүгүү этаптары тууралуу кызыктуу маалымат беришти.