Кайта келүү

2023-жылдын 22-июнунда Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы, улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар планынын алкагында, Ош областынын Араван районунда финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинарын өткөрдү. Көчмө семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери семинардын катышуучуларына улуттук валютанын тарыхы,  өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, финансылык пландаштыруу жана үй-бүлөлүк бюджет тууралуу лекция окушту. Ошондой эле, «Айыл Банк» ААКтын жана «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКтын өкүлдөрү соода жана тейлөө ишканаларында QRкодду жана мобилдик тиркемелерди колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча маалымат беришти