Кайта келүү

Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы 

 

Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын негизги максаты - Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугун, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарынын коргоого алынышын камсыз кылуу боюнча, ошондой эле алардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык тышкы (аралыктан) көзөмөлдөө жана мезгил-мезгили менен талапка ылайык текшерүү (инспектирлөө) аркылуу ак ниеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча Улуттук банктын милдеттерин жүзөгө ашыруу.