> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча Мамлекеттик программанын экинчи баскычы (2012-2017 -жж.)» 

 

Мамлекеттик программанын экинчи баскычы, Өкмөт менен Улуттук банктын 2011-жылдын 25-апрелиндеги №189/11/4 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары ведомстволор аралык комиссия) тарабынан демилгеленген.  

Мамлекеттик программанын биринчи баскычына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрдүн өз ара иш алып баруусун арттыруу, мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар менен биргелешип иш-чараларды аткарууну күчөтүү, Мамлекеттик программанын биринчи баскычын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөк пулдарды, салыктарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка өлкө бюджетине/бюджетинен төлөөлөрдү коммерциялык банктардагы эсептерге/эсептер аркылуу которуу боюнча милдеттерди улантуу жана акырына чыгаруу зарылчылыгы белгиленген.  

Мамлекеттик программанын 2012-2017-жылдарга каралган экинчи баскычы министрликтер, ведомстволор, Өкмөттүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жеке ишкерлер, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары жана эл аралык финансылык институттар менен биргеликте жүзөгө ашырылган. 

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана бюджеттик каражаттардын төлөнүшүн камсыз кылуу максатында, бардык бюджеттик уюмдардын эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөөлөрдү «Элкарт» улуттук төлөм карты аркылуу төлөөгө өткөрүлгөн. Эмгек акысын эл аралык карттар аркылуу алган бардык бюджеттик уюмдар да (100 пайыз) «Элкарт» улуттук төлөм картына өткөрүлгөн. 

2012-2017-жылдарга каралган мамлекеттик программанын экинчи баскычынын чараларын ишке ашыруу алкагында төмөнкү долбоорлор ишке ашырылган: 

-  «Пенсионердин карты» долбоору. Бул долбоор 2012-жылы ишке киргизилген. 2012-жылы пенсионерлердин саны 565,8 миң адам чегинде катталган, алардын ичинен «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдары аркылуу 428,3 миң адам (75,7пайыз), «Пенсионердин карты» боюнча банктар аркылуу 137,5 миң адам (24,3 пайыз) алган. 2017-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 627,5 миң адам чегинде катталып, алардын ичинен 337,9 миң адам (54 пайыз) «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу, коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу 288 миң адам алган, бул пенсионерлердин жалпы санынын 46,0 пайызын түзөт.  

- «Социалдык төлөөлөрдү алуучунун карты» долбоору. Аталган долбоор 2013-жылы колдонууга киргизилген. 2017-жылдын III чейрегине карата абал боюнча банктык төлөм карттарын пайдалануу менен социалдык төлөөлөрдү 74 миң адам алган (алуучулардын жалпы санынын 17,7 пайызы).  

- «Бюджетке төлөөлөр» долбоору. Бул долбоор 2003-жылы колдонууга киргизилген. 2013-жылдан тартып бюджетке төлөөлөрдүн 80 пайызы төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен которуу аркылуу ишке ашырылган (салыктык бажы төлөөлөр, Социалдык фондго төлөөлөр ж.б.). 2017-жылдын 10 айы ичинде банктык төлөм карттары, төлөм терминалдары, веб-кассалар, интернет банкинг жана электрондук капчык аркылуу төлөнгөн салыктардын саны 163 301,2 миң сом суммасына 159 813 төлөмдү түзгөн, бул өткөн жылдагы ушул эле деңгээлден 37 261 төлөмгө, 13 875,1 миң сомго көп.  

- «Жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптык төлөм төлөө» долбоору. Бул долбоор 2013-жылдын декабрь айында ишке киргизилген. Жол-кайгуул кызматынын 254 автоунаасында айыптык төлөм төлөө үчүн пос-терминалдар орнотулган. 2017-жылдын октябрь айынын акырына карата абал боюнча автоунааларда орнотулган пос-терминалдардын жалпы саны  

590 даанага чейин жеткен. Алынган айыптык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 6,0 млн сомду түзгөн (2013-жылы нак эмес формадага төлөнгөн төлөм декабрь ичинде 500 сомду түзгөн). 

- «Бюджеттик каражаттарды алуучунун карты» долбоору (ПБС). Долбоор 2013-жылдын октябрь айында ишке киргизилген, ал колго иштеп чыгууну автоматтык түрдө эсепке алууга алмаштыруу менен чек китепчелеринин ордуна пайдаланылат. 2014-жылы ушул долбоордун алкагында 92 карт чыгарылып, 32,0 млн сом суммасында 365 операция ишке ашырылган. 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча бюджеттик уюмдар үчүн бюджеттик каражаттарды алуучунун 2 958 карты жүгүртүүдө турат. Мындай карттар боюнча транзакциялардын саны 3 254 даанага жетип, транзакциялардын көлөмү 453,6 млн сомду түзгөн. 

Мындан тышкары, калктын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында Улуттук банк 2015-жылдын апрель айынан тартып төмөнкү иш түрлөрүн лицензиялоо жана жөнгө салуу ишин жүзөгө ашыра баштаган:  

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларын жана электрондук каражаттарды пайдаланууга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды сунуштоо; 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аны төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоо. 

Төлөм системасынын жаңы катышуучуларынын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук база иштелип чыккан, төлөм системасынын операторлоруна 21 лицензия жана төлөм уюмдарына 20 лицензия берилген. 2017-жылдын III чейреги ичинде төлөм уюмдары жана алардын субагенттик тармагы аркылуу 18,5 млрд. сом жалпы суммасында 137,0 млн даана төлөм ишке ашырылган. 

Мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи баскычынын жыйынтыгы боюнча коммуналдык ишканалардын ички кассалары жабылып, төлөмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү банктардын кассалары (12 пайыз), почта бөлүмү/банк агенти (35 пайыз) жана төлөм системасынын операторлорунун кабыл алуу пункттары (22 пайыз), аралыктан тейлөө (интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг) (20 пайыз) жана электрондук капчыктар (11 пайыз) аркылуу ишке ашырылган. 

Акыркы жылдарда калктын банктарга карата ишениминин жогорулоо тенденциясы байкалган, бул, нак эмес төлөмдөр, банктык эсептерди ачуу санынын көбөйүшүнө таасирин тийгизет. Алсак, 2017-жылдын сентябрь айынын акырына карата абал боюнча банктык эсептердин саны төмөнкүнү түзгөн: юридикалык жактардын эсептери 2009-жылга салыштырмалуу  

2,5 эсеге (же 87,8 миң банктык эсеп) жогорулап, 238,8 миң эсепти түзгөн, ал эми жеке адамдардын эсептери 2009-жылга караганда 6,5 эсеге (же 420,4 миң банктык эсеп) өсүп, 2 735,9 миң эсеп чегинде калыптанган. 

2017-жылдын сентябрь айынын акырына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 87,8 млрд сомду түзгөн, мында банктар аралык төлөм системалары (ГСРРВ жана СПК) аркылуу жалпы 4 056,7 млрд. сом суммасында 6,5 млн. төлөм өткөрүлгөн. 2003-жылга салыштырмалуу төлөмдөр көлөмү 41,9 эсеге жогорулаган. Банктар аралык төлөмдөр көлөмүнүн жогорулоосу, эң башкысы, банктык операциялар (баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы менен операциялар, кредиттик операциялар жана банктык төлөм карттары, электрондук акча менен операциялар) боюнча төлөмдөр көлөмүнүн көбөйүүсүнөн улам келип чыккан. 

2003-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттарын өнүктүрүү жагында алгылыктуу тенденция байкалган. 2007-жылдын башынан тарта «Элкарт» улуттук карттары жигердүү чыгарыла баштаган. 2003-жылдын башынан тартып  

2017-жылдын III чейреги ичинде банктык төлөм карттардын саны 238 эсеге жогорулаган (2003-жылы 7 755 карт, ал эми 2017-жылдын 1-октябрына карата 1,8 млн карт чыгарылган). 

Банктык карттардын өсүшү, эң башкысы, эмгек акы долбоорунун алкагында сунушталган карттардын санынын көбөйүшү менен шартталган. Мында, төлөм карттарын пайдалануу менен 240,2 млн операция ишке ашырылган (2017-жылдын III чейреги үчүн), бул 2003-жылдагы көрсөткүчтөн 101,0 эсеге көп (241 176 операция).  

2017-жылдын III чейрегине карата абал боюнча карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын чогуу алгандагы көлөмү 102,7 млрд сомду түзүү менен 2003-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 146,47 эсеге өскөн (751,5 млн сом). Бул, коммерциялык банктардын Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун алкагында банктык төлөм карттар рыногунда жигердүү ишин тастыктайт, бул калктын акча каражаттарын карттан картка которуу, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө сыяктуу банктык продукттарды жигердүү пайдалануусун шарттаган. 

Мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи баскычтарында каралган иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу менен республика калкынын кеңири маалымат алуусуна, нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөрдүн маанисин жана ыңгайлуулугун түшүнүүсүнө жетишилген.  

Электрондук жабдуулар (мобилдик телефон, планшет, сааттар ж.б.) өнүктүрүлүп, төлөмдөр төлөм инструменттеринин биринен болуп саналган, ошондой эле белгилүү бир суроо-талапка ээ жана республикада нак эмес төлөмдөр үлүшүн арттырууга таасирин тийгизген электрондук капчыктар аркылуу ишке ашырылган.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, жогоруда белгиленген проблемаларды, ошондой эле өлкөдө келечекте жаңы санарип кызмат көрсөтүүлөргө өтүү, өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ шаарларды түзүү боюнча экономикалык реформаларды жүргүзүүнү, республиканын 20 шаарында инфраструктураны өнүктүрүүнү, ошону менен катар эле санарип технологияларды, электрондук өкмөттү, банк жана төлөм инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүнү, жаңы тейлөө чөйрөлөрүнө төлөм инструменттерин колдонууга киргизүүнү, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүнү, ошондой эле нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларды контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүүнү улантат. 

Ушуга байланыштуу Өкмөт жана Улуттук банк, Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын мөөнөтүн беш жылга узартууну, ага Ведомстволор аралык комиссиянын катышуусун жана Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программада белгиленген максаттарды жана милдеттерди аткаруу максатында, координацияланган иштердин андан ары улантылышын демилгелеген.