> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Бекитилген» 

Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин 

2025-жылдын 17-сентябрындагы №36 чечими менен 

 

Кыргыз Республикасынын банктар аралык эталондук пайыздык ченин  

(BIR Bishkek Interbank Rate) 

эсептөө методикасы 

1. Бул Кыргыз Республикасынын банктар аралык эталондук пайыздык ченинин эсептоо методикасы (мындан ары Методика) улуттук валютадагы (сом) 7 күндүк мөөнөткө түзүлгөн банктар аралык репо операцияларынын иш жүзүндөгү бүтүмдөрүнө негизделген расмий эталондук пайыздык ченди эсептөө жана жарыялоо тартибин аныктайт. Банктар аралык эталондук пайыздык чен BIR бул Кыргыз Республикасынын банктар аралык акча рыногундагы кыска мөөнөттүү каражаттардын наркынын индикатору катары кызмат кылган болжолдуу пайыздык чен. BIR банктар аралык эталондук пайыздык чени өлкөдөгү кыска мөөнөттүү акча рыногунун иш жүзүндөгү шарттарын чагылдыруу менен финансы рыногунун катышуучулары үчүн ишенимдүү көрсөтүч катары кызмат кылууга багытталган. 

2. Бул Методиканын максаты расмий эталондук пайыздык ченди аныктоодо ачык-айкындуулукту жана ырааттуулукту камсыз кылуу болуп саналат. Методика рыноктук шарттар же ченемдик талаптар өзгөргөн учурда белгиленген тартипте кайра каралышы мүмкүн. 

Эсептөө методикасы 

3. Маалыматтардын негизги булагы: Эталондук пайыздык чен коммерциялык банктардын ортосунда улуттук валютада (сом) 7 күндүк мөөнөткө иш жүзүндө түзүлгөн банктар аралык репо бүтүмдөрүнүн пайыздык чендеринин негизинде эсептелет. Эсептөө ар бир жумуш күнү (Т күнү) операциялык күндүн аягына чейин Т күнүндө ишке ашырылган бүтүмдөр боюнча жүргүзүлөт. 

4. Ченди эсептөө алгоритми: Эгерде Т күнү банктар аралык рынокто улуттук валютада бир же бир нече 7 күндүк репо бүтүмдөрү түзүлсө, анда бул операциялар боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен эсептелет. Орточо ченди эсептөө көлөмү боюнча салмактанган орточо маани катары жүргүзүлөт: Т күнүндөгү бардык квалификацияланган репо бүтүмдөрүнүн пайыздык чендери ар бир бүтүмдүн көлөмүнө жараша салмактанат

5. Эсептөө формуласы төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: -чи банктар аралык репо бүтүмү боюнча чен;   -чи бүтүмдүн көлөмү; бир күндөгү банктар аралык бүтүмдөрдүн саны

Алынган орточо салмактанып алынган маани жарыялоо үчүн үтүрдөн кийин эки белгиге чейин (базис пайыздын жүздөн бир бөлүгү) тегеректелет

6. Эсептөөнүн жылдык базасы: Эталондук чен 365 күндүк жылдын негизинде жылдык пайыз менен туюндурулат. Бул операциянын иш жүзүндөгү мөөнөтүнө (7 календардык күн) карабастан, чен 365 күндүк пайыздык базаны колдонуу менен жылдык кирешелүүлүккө кайра эсептелип берилерин билдирет. Ошентип, эсептөөдө колдонулган ар бир репо бүтүмү боюнча чен жана жыйынтыкталган орточо салмактанып алынган маани 365 күн катары каралат. 

Ордун басуу механизми 

7. Т күнүндө негизги эсептөө критерийлерине жооп берген бүтүмдөр жок болгон учурда, эталондук ченди алмаштыруунун каралган механизми төмөнкү тартипте колдонулат: 

1) Акыркы байкалган маани: Эгерде Т күнүнө карата кандайдыр бир 7 күндүк банктар аралык репо бүтүмдөрү жок болсо (бир дагы бүтүм түзүлбөсө) жана акыркы иш жүзүндө өткөрүлгөн ушундай бүтүмдөн бери 5 жумуш күнүнөн ашык эмес убакыт өтсө, анда Т күнү үчүн эталондук пайыздык чен катары акыркы жеткиликтүү чен кабыл алынат. Ушундай жол менен, жаңы бүтүмдөр жок болгон кыска мөөнөттүү мезгилде эталондук чендин маанилеринин катарынын үзгүлтүксүздүгү камсыз кылынат. 

2) Синтетикалык чен: Эгерде банктар аралык 7 күндүк репо бүтүмдөрү катары менен 5 жумуш күнүнөн ашык мезгил ичинде жок болсо, эталондук ченди эсептөө үчүн синтетикалык мамиле колдонулат. Синтетикалык чен төмөнкүдөй эсептелет: 

а) Улуттук банктын «овернайт» ченинин негизиндеги базалык эсептөө: Улуттук банктын Т күнүнө карата «овернайт» депозиттери боюнча актуалдуу пайыздык чени колдонулат. Бул чендин негизинде 365 күндүк базада күнүмдүк татаал пайызды (татаал пайыз) колдонуу менен 7 календардык күн үчүн натыйжалуу кирешелүүлүк эсептелет: «овернайт» депозитинин чени, жылдык % менен. 

б) 365 күндүк базада жылдык ченге келтирилет:

в) Андан ары, S спреди реалдуу бүтүмдөр болгон акыркы 5 жумуш күнүнө чейинки иш жүзүндөгү 7 күндүк репо чендери менен синтетикалык чендердин ортосундагы айырмалардын арифметикалык орточо мааниси катары аныкталат: ,

г) Базалык мааниге орточо спред кошулат:

д) Алынган маани жарыялоо үчүн үтүрдөн кийин эки белгиге чейин (базис пайыздын жүздөн бир бөлүгү) тегеректелет. 

 

Эскертүү

- Эгерде акыркы 5 жумуш күнүнүн ичинде иш жүзүндө бүтүмдөр түзүлгөн күндөрдүн саны 5тен аз болсо (мисалы, бул аралыкта бүтүмдөр 1-2 күн гана болсо), спредди эсептөө үчүн мурунку болгон байкоолор колдонулат (башкача айтканда, бүтүмдөр болгон күндөр боюнча орточо спред эсептелет). 

- Эгерде узак убакыт бою (45 күнгө чейин) бүтүмдөр жок болсо жана спредди ишенимдүү баалоо үчүн статистикалык байкоолор жетишсиз болсо, Улуттук банк маанини аныктоо үчүн эксперттик баа берүүнү же өзүнчө чечимди (Методиканы кайра карап чыгуунун алкагында) колдонууга укуктуу. 

8. Алмаштыруу механизмин колдонуу рыноктук активдүүлүк төмөн болгон шартта да эталондук пайыздык чендин жарыяланышынын үзгүлтүксүздүгүнө кепилдик берет. Мында тандалып алынган мамиле (маалыматтар жок болгон учурда акыркы кол жеткиликтүү байкалган чендин маанисин колдонуу жана операциялар узак убакыт бою жок болгондо синтетикалык эсептөөгө өтүү) сооданын айрым учурларда жок болушунда кескин секириктерди болтурбай, чендин актуалдуулугу менен туруктуулугунун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылат, ошону менен бирге репо рыногу убактылуу иштебей калган учурда рыноктук шарттардын өзгөрүшүнө ылайыкташат.