Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) 2023-жыл үлгүсүндөгү 200 сом номиналындагы банкноттун бузулган коргоо тилкеси тууралуу мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган видео боюнча төмөнкүлөрдү билдирет

Улуттук валютанын банкноттору эл аралык стандарттарына ылайык сапатта даярдалат, ал банкнотторду жана алардын ар кандай физикалык жана химиялык таасирлерге туруктуулугун текшерүүчү коргоо элементтерин камтыйт. Даярдалган банкноттордун сапаты аларды чыгаруунун ар бир баскычында текшерилет. Ошол эле учурда банкноттор жүгүртүүдөгү алардын колдонуу мөөнөтү мүмкүн болушунча узак боло тургандай даярдалат. Улуттук валютанын банкноттору ишенимдүү болууга тийиш болгондуктан, алар жасалмалоодон дагы ишенимдүү корголушу керек. 

Улуттук банк ар тараптуу талдоо жүргүзүү максатында, 2023-жылдын сентябрь айында 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү банкнотторду жүгүртүүдө алардын эскирүүгө туруктуу болушуна кошумча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Изилдөөлөрдү, анын ичинде банкноттордун коргоо элементтеринин физикалык-химиялык таасирлерге туруктуулугун текшерүүнү Швейцариялык көз карандысыз UGRA компаниясы жүргүзгөн, ал банкноттордун сапатын текшерүү жана тастыктоо боюнча эл аралык деңгээлде таанылган лаборатория болуп саналат. Көз карандысыз изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, 2023-жылдын үлгүсүндөгү улуттук валютанын жаңы банкнотторунун сапаты, анын ичинде коргоо элементтеринин натыйжалуулугу жана туруктуулугу банкноттор үчүн белгиленген эл аралык критерийлерге жооп берет, коргоо тилкелери өзүнүн оптикалык касиеттерин жоготпойт. Муну менен банкноттор аларды жасалмалоодон коргогон өзүнүн негизги функциясын аткарат. 

Улуттук банк жарандарды өзүнүн улуттук валютасына аяр мамиле кылууга чакырат. Улуттук валютага этият мамиле кылбоо терс кесепеттерге алып келет: банкнот жараксыз болуп калат, келбетин жоготот, өзгөчө бүктөлгөн жерлери айрылып калышы мүмкүн. Банкнотту атайлап бузуу аракеттери анын жараксыз болуп калышына алып келет.