Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 7-февралында № 2024-П-17/4-4-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы-кредит уюмдарын лицензиялоо жөнүндө айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды.
Токтомдо коммерциялык банктын микрофинансылык компания (мындан ары – МФК) катары кайра каттоо, ошондой эле МФКнын жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмунун кызмат адамдарынын иш стажына карата талаптарды кайра карап чыгуу жагында өзгөртүүлөр каралган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.