Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

маалыматтык билдирүүсү 

 

 

Өлкөдө коомдук-саясий кырдаал турукташкандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2020-жылдын 20-октябрында SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөргө чектөөлөр белгиленген Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 12-октябрындагы «SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу чечимин кабыл алды.  

Улуттук банк өлкөнүн финансы жана төлөм системаларынын коопсуздугун, туруктуулугун, ошондой эле улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча төлөмдөрдүн өз убагында жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу үчүн чараларды кабыл алат. 

2020-жылдын 21-октябрынан тартып коммерциялык банктар акча которуу системалары боюнча жеке адамдардын эсеп ачуусуз акча которуу операцияларын, SWIFT системасын жана альтернативдүү байланыш каналдарын кошуу менен эл аралык жана улуттук төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү, которуу операцияларын эч кандай чектөөлөрсүз ишке ашырууну улантышат. 

Төлөмдөрдү жүргүзүү жана которуу операцияларын ишке ашырууда коммерциялык банктар тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптары сакталат. 

Улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан суроолор боюнча штаттык режимде иштеп жаткан коммерциялык банктарга кайрылуу зарыл.  

Улуттук банктын 2020-жылдын 20-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-октябрындагы «SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө» токтомун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтому менен төмөнкү шилтемеден таанышып чыгууга болот: Банк / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору