Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2022-жылдын 28-октябрынан кечиктирбестен azmambetalieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл