Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 23-отуруму Казакстан Республикасында өттү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаев 2022-жылдын 28-30-сентябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарында болуп өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 23-отурумуна катышты.
Отурумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын жана финансы рыногун жөнгө салуучулардын делегациялары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде акча-кредит саясатын ишке ашыруу, ошондой эле улуттук финансы рыноктору менен финансылык технологияларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.