КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: 

 

- банктын жоюучусу (ликвидатор) 

 

- банктын убактылуу администратору 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн.  

 

Документтерди 2021-жылдын 15-январында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.  

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт. 

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер тууралуу кеңири маалымат жана сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтер тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтынын “Сынактар” бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 

Бардык суроолор менен 66-92-32 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар болот. 

 

Банктын жоюучусуна карата минималдуу квалификациялык талаптар: 

- жогорку билимине ээ болуу;  

- экиден кем эмес юридикалык жактарды жоюу тажрыйбасына ээ болуу (айрыкча коммерциялык банктар боюнча);  

- Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иштери жөнүндө мыйзамдарын, банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, банктарды банкроттоо мыйзамдарын билүү;  

- иште кынтыксыз абройго ээ болуу;  

- жоюучу юридикалык жак / жеке ишкер болсо, анда ал адам дайындалганга чейин ошол жак беш жыл ичинде банкрот процессинде болбоого тийиш; 

- жоюу жол-жобосу башталган банктын  кредиторлору,  карыз алуучулары жана  банк менен байланыштуу жактар менен таламдардын каршы келүү жагдайынын жок болушу.   

 

Убактылуу администраторго карата минималдуу квалификациялык талаптар: 

Убактылуу администратор кызматына талапкер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билими ээ болуу;  

2) финансы-банк системасында кеминде беш жыл, анын ичинде жетекчи кызматтарда - кеминде эки жыл эмгек стажы;  

3) банк ишин жана банктык тобокелдиктерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүү;  

4) иште кынтыксыз абройго ээ болуу;  

5) Убактылуу администрация киргизилген банктын карыз алуучулары, кредиторлору жана банк менен байланыштуу жактар менен таламдардын каршы келүү жагдайынын жок болушу.   

 

Банктын жоюучусунун функционалдык милдеттери: 

1) өзү дайындалган учурдан тартып банкты өзүнүн башкаруусуна алат, активдерди, эсептерди жана документтерди түгөлдөөнү жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; 

2) банктын мүлкүн тескейт, насыя берүүчүлөрдүн талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укук ченемдүү иш-аракеттерди жүргүзөт, банк алдындагы карыздарды өндүрүп алуу боюнча чараларды, ошондой эле банктын мүлктөрүн жана активдерин иликтеп табууга жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрөт; 

3) насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын негиздүүлүгүн текшерет жана талаптар негизсиз болгон учурда аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагат; 

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен насыя берүүчүлөргө төлөөлөрдү жүргүзөт; 

5) киреше алып келбеген же милдеттенмелердин келип чыгышын жараткан бүтүмдөрдү кошо алганда, банктын кайсыл милдеттенмелеринен болбосун баш тартууга укуктуу (насыя берүүчүлөрдүн же жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө юридикалык анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуунун натыйжасында аларга келтирилген чыгашалар жагынан банктын насыя берүүчүлөрүнүн же банктын насыя берүүчүлөрү болуп калуучу тараптардын бүтүмдөрүнүн талаптарын канааттандырбастан); 

6) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жактардын кепилденген депозиттери жөнүндө маалыматтарды берет; 

7) жоюу башталганга чейинки акыркы үч жылдын ичинде банк жүргүзгөн бүтүмдөрдү, эгерде аталган бүтүмдөрдө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу белгилери болсо, жараксыз деп таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

8) банктын акционерлерин, Директорлор кеңешинин, Башкармалыгынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу; 

9) Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкты ишке ашырат; 

10) жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун жана башка отчетторун, Улуттук банк белгилеген тартипте жана көлөмдө Улуттук банкка берет; 

11) банкты жоюу жол-жобосун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Мыйзамынан жана башка Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынан келип чыккан башка иш-милдеттерди аткарат. 

 

Убактылуу администратордун функционалдык милдеттери: 

1)өз ыктыяры менен жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырат; 

1) Улуттук банк менен өз аракеттерин координациялайт жана ага отчет берет; 

2) операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат; 

3) активдерди, эсептерди жана документтерди түгөлдөөнү жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт; 

4) банктын финансылык абалынын начарлашына жол бербөө чараларын көрөт;  

5) банктын жазууларынын, документтеринин жана активдеринин сакталышын камсыз кылат;  

6) финансылык отчет менен банкта орун алган айкын иш жагдайын салыштырып текшерет;  

7) банктын чыгашаларын мүмкүн болушунча кыскартат;  

8) катышуучулардын банктын финансылык абалын жакшыртуу үчүн айкын мүмкүнчүлүгү жана ниети болгон шартта, банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрөт;  

9) банктын андан аркы иши боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт;   

10) Улуттук банктын тиешелүү чечими болгон шартта, банкты реструктуризациялоо боюнча чараларды көрөт;  

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды ишке ашырат  

 

Банкты жоюучу /Убактылуу администратор катары дайындоого талапкерлерди тандоо боюнча сынакка катышуу үчүн маалымат базасына зарыл болгон документтердин тизмеги: 

1. Паспорттун көчүрмөсү 

2. ИИМдин соттолбогондугу тууралуу маалымкаты 

3. Бюджет алдында карызы жоктугу жөнүндө Мамлекеттик Салык Кызматынан маалымкат (жеке жана юр. жактарга) 

4. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү 

5. Дипломдун көчүрмөсү+квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө сертификаттар 

6. Кредиттик бюронун кредиттик таржымал тууралуу маалымкаты 

7. Жеке жана ишкер кызыкчылыктары жөнүндө маалымкат ( тиркеме 2)  

8. Анкета ( тиркеме 3).