Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 9-сентябрындагы  

№ 2019-П-33/47-2-(НФКУ) токтомуна карата  

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-12\39-1-(НПА), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ), 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ), 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

Бул "Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) кепилдик фонддорду түзүү, эсептик каттоо тартиби, ошондой эле кепилдик фонддун катышуучуларына, кызмат адамдарына карата талаптар жана аларды макулдашуу тартиби, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү, уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу тартиби аныкталган. 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Кепилдик фонду - акционердик коом формасында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) эсептик каттоо жол-жобосунан өткөн жана кепилдик берүү ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак. Мында, каржылоо дегенден улам кредиттерди жана аларды алмаштыруучуларды сунуштоону, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган бүтүмдөрдү/операцияларды түшүнүүгө болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

1-1. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:  

1) кардар - милдеттенмелеринин бөлүгү финансы-насыялык уюм менен каржылоо келишими боюнча кепилдиги камсыз болгон ишкердик субъекти жана мамлекеттик турак-жай программаларынын катышуучусу;  

2) кепилдик - берилген кепилдиктин суммасынын чегинде каржылоо келишимдери боюнча кардардын негизги карызы боюнча милдеттенмелердин бөлүгүн аткаруу үчүн кепилдик фонддун финансы-насыялык уюмдун алдында жоопкерчилик тартуу милдеттенмеси;  

3) кепилдик иши - кардарларга каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү, кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча кепилдиктерди берүү жана башка кепилдик инструменттери аркылуу финансы-насыялык уюмдардын насыялык тобокелдиктеринин бөлүгүн төмөндөтүүгө багытталган иш;  

4) кепилдиктерди берүү саясаты - кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү, кепилдиктерди берүү тартибин жана шарттарын, кепилдик инструменттеринин түрлөрүн, кепилдиктерди берүүнүн принциптерин, кардарлардын милдеттенмелерин тандоонун критерийлерин жана талаптарын, ошондой эле тараптардын кепилдигинин амортизациялоо шарттарын жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берүүчү документ;  

5) кепилдик инструменттери - каржылоо келишимдери боюнча кардарлардын милдеттенмелерин камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу кепилдиктердин ар кандай формаларынын жана түрлөрүнүн жыйындысы;  

6) кепилдик портфель - кардарлардын каржылоо келишимдери жана/же макулдашуулары боюнча белгилүү бир күнгө карата кепилдик фонддун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү;  

7) регресстик талап - кепилдик фонддун кепилдик келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансы-насыялык уюм тарабынан төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү кардардан талап кылуу укугу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кепилдик фонду юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. 

3. Кепилдик фонду кепилдик берүү саясатына ылайык каттоодон өткөндүгү жөнүндө Улуттук банктын күбөлүгү болгон учурда, ишкер субъектилердин жана мамлекеттик турак жай программаларынын катышуучуларынын (мындан ары - кардарлар) милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кепилдик фондунун уставында сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн/бүтүмдөрдүн тизмеги, негизги ишкердик чөйрөсү, ошол эле бир адамга же өз ара байланыштуу адамдар тобуна берилүүчү кепилдиктин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык каржылоо өлчөмүнөн пайыздык катышта кепилдиктин максималдуу өлчөмү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген башка маселелер камтылууга тийиш маалымат камтышы зарыл. 

5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6. Кепилдик фондунун уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Мыйзам талаптарына ылайык катышуучулардын акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түзүлөт. 

7. Ушул Жобонун талаптарына ылайык кепилдик фонддор документтерди мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүлөргө сунушташат: 

- Улуттук банктын борбордук аппаратына - Бишкек шаарында жана Чүй областында жайгашкан кепилдик фонддор; 

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына - Кыргыз Республикасынын Чүй менен Баткен областтарынан башка областтарында жайгашкан кепилдик фонддор; 

- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө - Баткен областында жайгашкан кепилдик фонддор. 

8. Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу, бирден көп барактан турган уюштуруу документинин (чечимдин) же башка документтин ар бир нускасы өз-өзүнчө көктөлүп, номер коюлуп, ага кепилдик фонддун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы коюлууга жана фонддун мөөрү менен (бар болсо) тастыкталууга тийиш. Мында, ыйгарым укуктуу башка адам Улуттук банкка сунуштала турган документтерге кол коюуга ага ыйгарым укук берилгендиги жөнүндө тиешелүү документтин көчүрмөсүн сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-1. Кепилдик фонд, жеке адамдар жана юридикалык жактар, ушул Жободо каралган документтер менен бирге ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык, жеке маалыматтары Улуттук банкка берилүүгө тийиш болгон адамдардын ошол жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугун кошо берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Уюштуруу документтеринде катышуучу-жеке адамдардын кол тамгалары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, ал эми катышуучу-юридикалык жактардын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга же болбосо нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

10. Кепилдик фонддун Улуттук банкка сунушталуучу документтеринин көчүрмөсү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Чет өлкөлүк катышуучулар тарабынан сунушталуучу документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасы аларда катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте легалдаштырылууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдерине которулууга тийиш (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормо сунушталууга тийиш). 

11. Кепилдик фонду Улуттук банкка документтерди толук көлөмдө сунуштабаса же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе, Улуттук банк сунушталган документтер топтомун кароо үчүн берилген мөөнөт ичинде жазуу жүзүндө себептерин көрсөтүү менен жеткире иштеп чыгууга кайтарууга укуктуу. 

12. Кепилдик фонду Улуттук банкка жеткире иштелип чыккан документтерди сунуштаган шартта же болбосо Улуттук банк документтерди кароо мезгилинде документтер кошумча сунушталган учурда, аларды кароо мөөнөтү ушул Жобонун талаптарын канааттандырган документтер алынган күндөн тартып кайра башталат. 

13. Кепилдик фондун, ошондой эле анын филиалдарын/өкүлчүлүктөрүн каттоого/кайра каттоого макулдук берүү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасынын банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү, ал эми кепилдик фонду Чүй областынан тышкары башка областтарда жайгашкан учурда - Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүктүн директору тарабынан кабыл алынат. 

14. Улуттук банктын ушул Жобонун алкагында кабыл алынган чечимдери жөнүндө маалымат кепилдик фонддун өтүнүч ээлерине Улуттук банк тарабынан жазуу жүзүндө, эгерде бул Жободо башка мөөнөт каралбаса, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде маалымдалат. 

 

2-глава. Кепилдик фонддун катышуучуларына карата талаптар 

15. Кепилдик фонддор жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан банк мыйзамдарына талаптарына ылайык түзүлүшү мүмкүн. 

Кепилдик фонддордун катышуучулары катары төмөнкүлөр боло албайт: 

1) оффшордук аймактарда жашаган жана/же каттоодон өткөн же болбосо катышуучу катары алардын тизмеги Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактарга ээ жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат: 

юридикалык жактын олуттуу катышуучулары; 

аларда ошол эле юридикалык жак олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар; 

2) аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар белгиленген жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, аталган жактар менен укуктук мамиле түзүүгө тыюу салынган жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон эл аралык санкциялар белгиленген мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

3) өз иши, финансылык абалы, катышуучулардын курамы жана аларды так идентификациялоо жана юридикалык жактын катышуучусун, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин иликтөө мүмкүнчүлүгүн берген кандай болбосун маалыматты жана документтерди белгиленген тартипте сунуштабаган же болбосо юридикалык жактын катышуучусун, анын ичинде бенефициардык менчик ээлерин так идентификациялоо жана иликтөө мүмкүн эмес болгон маалыматтарды сунуштаган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамга ылайык өз кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктабаган жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

4) Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте кепилдик фонддун акцияларын сатып алууга жана кепилдик фонддун капиталында катышууга багытталган акча каражаттарды алуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктабаган жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

5) аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тыюу салуулар же чектөөлөр белгиленген жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3-глава. Кепилдик фонддун кызмат адамдарына карата талаптар жана аларды макулдашуу тартиби 

16. Кепилдик фонддун алардын талапкерлиги милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдары катары Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтер, кепилдик берүү бөлүмүнүн жетекчиси, ички аудит кызматынын жетекчиси (ички аудитор), тобокелдик-менеджери саналат. 

17. Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билими жөнүндө дипломго жана экономика, банк, финансы же юридика чөйрөсүндө кеминде 2 (эки) жылдык иш стажына (тажрыйбага) ээ болууга; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган мыйзамдар, корпоративдик башкаруу жагында билимге ээ болууга тийиш. 

Мында, Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүөраганы эске алып) банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарда кеминде 1 (бир) жыл эмгек тажрыйбасына ээ болууга тийиш. 

Корпоративдик башкаруу маселелери боюнча билими аталган багыттарда окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен тастыкталууга тийиш. 

Жетекчи кызмат орду дегенден улам, финансы-кредит уюмунун жана/же компаниянын жана/же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү уюмдардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн болбогон кызмат ордун түшүнүү зарыл. Мында, иш тажрыйбасына коопсуздук маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген учурлар кошулбайт. 

18. Директорлор кеңешинин көз карандысыздыгы Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамына ылайык аныкталат. 

19. Башкарманын төрагасы жана төраганын орун басарлары/Башкарманын мүчөлөрү Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш: 

- жогору билими жөнүндө дипломго ээ болууга: 

- иш стажына (тажрыйбасына) ээ болууга; 

а) Башкарманын төрагасы - банк жана/же финансы системасында, анын ичинде жетектөөчү кызмат орундарда кеминде 3 (үч) жыл эмгек стажына ээ болууга: 

б) Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөлөрү банк жана/же финансы системасында кеминде 2 (эки) жыл эмгек стажына ээ болууга; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган мыйзамдар, корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди тескөө жагында билимге ээ болууга. 

Корпоративдик башкаруу, тобокелдиктерди тескөө маселелери боюнча билими аталган багыттарда окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен тастыкталууга тийиш. 

20. Башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш: 

- экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билимдүү жана акыркы 3 (үч) жыл ичинде банк же финансы системасында иш тажрыйбасына ээ болууга; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган мыйзамдар, ошондой эле эл аралык бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук стандарттары чөйрөсүндө билимге ээ болууга тийиш. 

Эл аралык бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук стандарттары чөйрөсүндө билими, бул багытта окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификат же башка документ менен тастыкталууга тийиш. 

21. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш: 

- экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билимдүү, банк же финансы системасында кеминде 2 (эки) жылдык иш стажына ээ болууга; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ болууга тийиш. 

Ички аудит кызматынын жетекчиси (ички аудитор), кепилдиктерди берүү бөлүмүнүн жетекчиси, тобокелдик менеджери кызмат ордуна талапкерлер жогоруда белгиленген талаптарга кошумча төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: 

1) ички аудит кызматынын жетекчиси (ички аудитор) - Кыргыз Республикасынын аудит, эл аралык аудит стандарттары жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндө мыйзамдарды билүүгө жана бул багытта окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаты же башка документи болууга тийиш; 

2) кепилдиктерди берүү бөлүмүнүн жетекчиси, тобокелдик менеджери - банктык тобокелдиктерди тескөө боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаты же башка документи болууга тийиш. 

Кызмат адамдарынын ушул жобонун 17, 19, 20, 21-пункттарында көрсөтүлгөн багыттар боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаттар жана башка документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен берилүүгө тийиш. 

22-1. Ушул жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди кароонун алкагында Улуттук банк талапкерлерди баарлашууга чакыра алат. Баарлашуунун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол коет жана ал талапкерге макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз катары колдонулушу мүмкүн. Баарлашууну жүргүзүүдө аудио жана видео жаздыруу каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.  

Баарлашуунун жүрүшүндө талапкерге анын банк мыйзамдары, кепилдик фонддун ишмердиги жөнүндө билимине баа берүү үчүн суроолор, ошондой эле талапкерди кызмат ордуна макулдашуу процессине тиешелүү кандай болбосун башка суроолор, анын ичинде, бирок булар менен гана чектелип калбастан, талапкердин ишкердик аброю, анын мурдагы иши, иш боюнча жана туугандык байланыштарына тиешелүү суроолор берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайк) 

22. Ушул жобонун максатында төмөндө көрсөтүлгөн иш багыттары банктык жана/же финансылык иштин түрүнөн болуп саналат: 

1) банк иши; 

2) микрокаржылоо иши (микрокредиттерди берүү); 

3) инвестициялык фондулардын иши; 

4) камсыздандыруу иши; 

5) лизингдик иши; 

6) ипотекалык кредиттөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу; 

7) ишеним боюнча башкарууну (траст) ишке ашыруу; 

8) аудитордук иш. 

23. Кепилдик фонддун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтери кызмат орундарына талапкерди макулдашуу/четке кагуу жөнүндө чечим банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин жөнгө салган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан, ал эми кепилдик фонд Чүй областынан башка областтарда жайгашкан учурда - Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кабыл алынат. 

Кепилдик фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерди макулдашуу/четке кагуу жөнүндө чечим кепилдик фондду каттоодон өткөртүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн начальниги тарабынан, ал эми кепилдик фонд Чүй областынан башка областтарда жайгашкан учурда - Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кабыл алынат. 

24. Ушул жобонун 16-пунктунда белгиленген кызмат адамдары иштен бошонгон учурда (кызмат ордунан бошотулган учурларда) кепилдик фонд чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде иштен бошонуу себептерин көрсөтүү менен жана кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка бул тууралуу маалымдоого тийиш. 

Жогоруда белгиленген талаптар 2 (эки) айдан жогору мөөнөткө өз милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулган адамдарга да таркатылат (бала багуу үчүн өргүү (декрет), ден соолугу боюнча эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздеткен шартта, башка милдеттерди убактылуу аткарууда ж.б.). 

25. Кызмат адамдарын дайындоо.  

1) Ушул жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары шайланган/дайындалган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде, ошондой эле кызмат адамдарынын курамына өзгөртүүлөр киргизилген шартта кепилдик фонду жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен кызмат адамдары шайлангандыгы/дайындалгандыгы же өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу билдирүү берүүгө милдеттүү:  

а) кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын шайлоо/дайындоо жөнүндө чечими (кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү);  

б) белгиленген форма боюнча анкеталар (2-тиркеме);  

в) ушул главага ылайык ар бир кызмат адамы үчүн талап кылынган башка документтер.  

2) Ошол эле кепилдик фондунда ошол эле кызмат ордунда жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин, Башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш эмес.  

Ошол эле кепилдик фонддо директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөсү кызматына жаңы мөөнөткө кайра шайланган директорлор кеңешинин жана Башкарманын төрагалары Улуттук банк менен макулдашуудан өтпөйт.  

Ошол эле учурда шайланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайра шайлоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлүүгө тийиш.  

3) Улуттук банктын туунду кепилдик фонддорунда директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерди макулдашууда, бул кызмат орундарына талапкерлер Улуттук банктын кызматкерлери болуп саналса, 2-тиркеменин формасы боюнча анкетаны сунуштоо менен чектелет жана алар ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш. Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер түшпөгөн жана талапкер белгиленген талаптарга ылайык келген учурда, Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана ушул Жободо белгиленген мөөнөттө талапкерге макулдук берилгендиги жөнүндө катты кепилдик фондго жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайк) 

26. Сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан документтер кароого сунушталган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күнү ичинде кароого алынат. 

27. Талапкерлерди макулдашууда Улуттук банк тарабынан тышкы көзөмөлдүктүн жана инспектордук текшерүүлөрдүн, ошондой эле кайсыл болбосун мамлекеттик орган тарабынан талапкерге карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынган маалыматтар эске алынышы мүмкүн. 

28. Улуттук банк төмөнкү учурларда ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына кызмат адамдарын макулдашуудан баш тартууга укуктуу, эгерде:  

1) талапкерлерге карата экономика чөйрөсүндө кылмыш ишине же кызматтык иш боюнча кылмышка жол бергендиги үчүн, анын ичинде белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишкердикти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен айыптоо өкүмү чыгарылса;  

2) талапкер мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган (иши жөнгө салынган) банкта же башка финансы-кредит уюмунда кызмат ордун ээлеген жана ага карата Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин алардын кандайдыр бир аракеттеринин (аракеттенбей коюусунун) натыйжасында ошол банктын же башка финансы-кредит уюмунун лицензиясы (күбөлүгү) кайтарылып алынгандыгы таанылган чечими, Улуттук банктын жазма буйруктары же башка актылары болсо;  

3) талапкерлер "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдардын жана ушул Жобонун, анын ичинде кынтыксыз ишкердик аброй боюнча талаптарына жооп бербесе;  

4) Улуттук банктын талапкердин төмөнкү иштерге катыштыгы бар экендигин тааныган корутундусу, чечими же башка актылары болсо (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жыйынтыгы боюнча отчет ж.б.):  

а) анын натыйжасында банктын/финансы-кредит уюмунун лицензиясы (эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү) кайтарылып алынышын же болбосо убактылуу администрация режиминин киргизилишин шарттаган аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар экендиги жөнүндө;  

б) алгылыксыз же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгы бар экендиги жөнүндө;  

в) финансы, экономика жана/же чарба иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жана башка укукка жатпаган иштерге жол берсе;  

6) талапкер соттун чечими боюнча башка иш чөйрөсүндө кынтыксыз иш аброюнан ажыратылса;  

7) жөнгө салуучу органдардын ошол талапкер жооптуу болгон иш участкаларында финансылык жана/же административдик проблемалар келип чыккандыгын тастыктаган текшерүү материалдары бар болсо;  

8) талапкер кызмат ордуна ылайыктыгын аныктоо алкагында Улуттук банк тарабынан суралган документтерди суроо-талап (суроо-талаптын электрондук версиясы) келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) күн ичинде бербесе;  

9) баарлашууда талапкердин болжолдонгон иш чөйрөсүнө тиешелүү билими жетишсиз экендигин көрсөтүлгөн терс жыйынтык чыгарылса;  

10) талапкер баарлашууга жүйөөлүү себепсиз (ооруп калуу, иш сапарда болуу, шаарда жок болуу ж.б.), 2 (экиден) көп жолу келбей койсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайк) 

28-1. Төмөндө белгиленген фактылар аныкталган учурда талапкер ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын кепилдик фонддо ээлөөгө укугу жок:  

- ушул Жобонун 28-пунктунун 4 "а", 4 "б" пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 4 (төрт) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 28-пунктунун 4 "в", 7-пунктчасында - бузууга жол берүү фактысын аныктаган чечим кабыл алынган күндөн тартып 4 (төрт) жыл ичинде;  

- ушул Жобонун 28-пунктунун 6-пунктчасында - тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 4 (төрт) жыл ичинде. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайк) 

29. Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды макулдашуудан Улуттук банк баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн адам макулдашуудан баш тартуу жөнүндө Улуттук банктан кат алган учурдан он жумушчу күндөн ашык эмес мөөнөттө кызмат ордунан бошотулууга тийиш. Талапкер анын негизинде Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна кабыл алынган документте Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын (Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн функциясын аткарууга тиешелүү) токтотуу негизи катары Улуттук банктын кызмат адамды макулдашуудан баш тартуусу көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

4-глава. Улуттук банктан мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдук алуу үчүн сунушталуучу документтер 

30. Улуттук банктан макулдук алуу үчүн кепилдик фонд жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) мамлекеттик каттоодон өтүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме); 

2) кепилдик фонддун катышуучуларынын жалпы жыйынында төмөнкү чечимдер кабыл алынгандыгы чагылдырылган протокол (эки нускада): 

- кепилдик фондду түзүү жөнүндө

- камдык фонддун кызмат адамдарын шайлоо/дайындоо жөнүндө (Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтер, кепилдик берүү бөлүмүнүн жетекчиси, ички аудит кызматынын жетекчиси (ички аудитор), тобокелдик-менеджери; 

3) Кепилдик фондду түзүү жөнүндө уюштуруу келишими (бир нече уюштуруучу болгон шартта) (эки нускада); 

4) Кепилдик фонддун уставы (эки нускада); 

5) Кепилдик фонддун уюштуруу түзүмү (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр жана алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер, караштуулугу); 

6) ушул Жобонун 16-пунктунда белгиленген кызмат адамдарынын анкеталары (2-тиркеме), ошондой эле алардын ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келүүсүн тастыктаган маалыматтар жана документтер; 

7) акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат камтылган жана аларды аныктоого мүмкүндүк берген документтер. 

Юридикалык жактар төмөнкү документтерди сунушташы мүмкүн: 

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган, финансылык отчеттордун, салык декларацияларынын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрүн; 

- Аудитордук корутундунун көчүрмөсү (болгон болсо же мындай талап мыйзамдарда белгиленсе); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттарды алуу булактарын тастыктаган башка документтер, же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрү

Жеке адамдар төмөнкү документтерди сунушташы мүмкүн: 

- Маалымкаттар, кирешелер жөнүндө декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, суммаларды, мүлктү мурастап калууга укук жана башкалар же алардын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттарды алуу булактарын тастыктаган башка документтер, же алардын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

8) катышуучу-жеке адамдардын паспортторунун көчүрмөлөрү

9) Кепилдик фондунун кепилдик берүү саясаты (эки нускада) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

30-1. Кепилдик фондунун кепилдик берүү иши кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген кепилдиктерди берүү боюнча анын ички саясатына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

30-2. Кепилдик фондунун директорлор кеңеши кепилдик берүү саясатынын шайкештигин, лимиттер системасын, тобокелдиктерди тескөө инструменттерин жана жол-жоболорун, ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. Кепилдик фондунун директорлор кеңеши зарыл учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы, кепилдик фондунун уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы өзгөрүүлөргө жараша, ошондой эле кепилдик фондунун кепилдик инструменттерин берүү процессине таасирин тийгизген операциялары өнүккөн жана өркүндөтүлгөн учурда да, бирок кеминде жылына бир жолу кепилдиктерди берүү саясатын кайра карап чыгууга милдеттүү.  

Кепилдик фондунун Башкармасы кепилдик фондунун кепилдиктерди берүү саясатынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болуп саналат, ал үчүн тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды кепилдик фондунун ишине жайылтууга милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

30-3. Кепилдиктерди берүү саясаты портфелдик кепилдиктерди кошо алганда, өзүнө кепилдик инструменттерин берүү процессин камтыган бардык негизги жоболорду камтууга тийиш:  

- жалпы жоболор жана терминдер;  

- кепилдик инструменттерин берүү жол-жоболорунун толук түшүндүрмөсү;  

- кепилдик инструменттерин берүү критерийлери;  

- финансы-кредит уюму тарабынан карызды өндүрүү боюнча көрүлүүчү, кепилдик фондунун кепилдик инструменти боюнча талаптарды аткаруусу үчүн зарыл чаралардын тизмеси;  

- Кепилдик фондунун негизги (операциялык) ишинин жүрүшүндө келип чыккан маселелерге жана мамилелерге тиешелүү башка жоболор. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Улуттук банк, ушул Жобонун 30-пунктунун 7-пунктчасында келтирилген документтерге кошумча уставдык капиталга салынган акча каражаттарды алуу булактарын тастыктаган кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу. 

32. Улуттук банк төмөнкү себептерден улам кепилдик фондун мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү маселесин кароону токтотууга же болбосо берилген макулдукту кайтарып алууга укуктуу: 

1) өтүнүч ээсинин финансылык же укуктук абалына карата кепилдик фондун мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болушу ыктымал болгон өзгөрүүлөр жүрсө

2) такталган маалыматтар, анын ичинде кепилдик фондунун катышуучулары жана кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар аныкталса; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган башка негиздер боюнча. 

Улуттук банк кепилдик фондун мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдукту токтотуу же кайтарып алуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. 

33. Улуттук банк кепилдик фонддун макулдук берүү жөнүндө өтүнүчүн жана ага тиркелген документтер топтомун ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырган документтер Улуттук банкка сунушталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. 

34. Сунушталган документтер толук сунушталса жана алар белгиленген талаптарга жооп берсе, ошондой эле макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер жок болсо Улуттук банк ушул Жобонун 30-пунктунун 2, 3, 4 жана 9-пунктчаларында белгиленген документтердин бирден нускасын тиркөө менен кепилдик фондду мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү жөнүндө катты кепилдик фонддун жетекчисине тапшырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

5-глава. Эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк берүү тартиби 

35. Кепилдик фонд мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндөн кийин эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк алуу үчүн жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч кат (3-тиркеме); 

2) кепилдик фонддун мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү белгиленген уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү

3) кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

4) өтүнүч кат сунушталган күнү Улуттук банк Башкармасынын "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган топтоо эсебине минималдуу уставдык капитал өлчөмүндө акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ (Кепилдик фондду мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө). 

Кепилдик фонддун катышуучуларына күбөлүктү алууга чейин топтоо эсебинде турган каражаттарды кандайдыр бир максаттарда колдонуусуна жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Күбөлүк Улуттук банкка күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч кат жана ушул Жобонун 35-пунктунда көрсөтүлгөн документтер топтому сунушталган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде берилет (4-тиркеме). 

37. Күбөлүк кепилдик фонддун жетекчисине ал инсандыгын тастыктаган документтерди сунуштаган учурда же башка ыйгарым укуктуу адамга тиешелүү ишеним катты (ыйгарым укук берүү жөнүндө документ) жана инсандыгын тастыктаган документти сунуштаган учурда берилет. 

38. Күбөлүк жөнүндө маалымат Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн кепилдик фонддор реестрине чагылдырылат. 

39. Күбөлүктүн түп нускасы жоголгон (жараксыз болуп калган) учурда кепилдик фонду жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка жоголгондугу (жараксыз болуп калгандыгы) жөнүндө түшүндүрмөлөрдү жана тастыктоочу документтерди (жараксыз болуп калган учурда - жараксыз болгон күбөлүктү; жоголгон учурда - күбөлүктүн реквизиттерин көрсөтүү менен жоголгондугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяны жана табылгалар кеңсесинен маалымкатты) кошо тиркөө менен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч кат сунуштайт. 

40. Күбөлүктүн дубликаты Улуттук банкка өтүнүч кат жана тиешелүү документтер сунушталган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде берилет. 

Күбөлүктүн түп нускасы табылган учурда кепилдик фонду 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка түшүндүрмөлөрдү кошо тиркөө менен күбөлүктүн түп нускасын сунуштоого тийиш. 

 

6-глава. Күбөлүк берүүдөн же кепилдик фондду, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер 

41. Төмөнкү учурларда кепилдик фондуна күбөлүк берүүдөн же кепилдик фондду, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) уюштуруу документтери же башка сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе; 

2) Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон катышуучулар (акционерлер) жана кызмат адамдары белгиленген талаптарга жооп бербесе; 

3) минималдуу уставдык капитал өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

4) кепилдик фонддун уставдык капиталына салынган акча каражаттарды алуу булактары жөнүндө маалымат камтылган документтер толук көлөмдө сунушталбаса. 

42. Өтүнүч ээсине күбөлүк берүүдөн же кепилдик фондду, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартылган учурда Улуттук банк жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жооп жөнөтөт. 

 

7-глава. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу тартиби 

43. Кепилдик фонд Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилген филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболордун негизинде иш алып барган филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. 

Кепилдик фонддун филиалынан болуп юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фонддон башка жерде жайгашкан, бүтүндөй операцияларды же алардын белгилүү бир бөлүгүн кепилдик фонд тарабынан бекитилген жоболордун негизинде жүзөгө ашырган жана кепилдик фонд тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган обочолонгон түзүм саналат. 

Филиал кепилдик фонд менен бир уставдык капиталга, баланска, ошондой эле "филиал" деген сөздү кошуу менен кепилдик фонддун аталышына толугу менен дал келген аталышка ээ. 

Кепилдик фонддун өкүлчүлүгү катары юридикалык жак болуп саналбаган, кепилдик фондду коргоого алган жана анын таламында иш алып барган, гарантия берүүдөн тышкары, анын атынан бүтүмдөргө келишүүнү жана башка юридикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашырган обочолонгон түзүм саналат. 

Кепилдик фонддун филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши кепилдик фонддун иши катары каралат, ошондой эле аларды түзгөн кепилдик фонд филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

44. Кепилдик фонд филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү кепилдик фонддун башкаруу органынын чечими боюнча ачат. Кепилдик фонддун уставында ачылып жаткан филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалымат каралууга тийиш (анын ичинде жайгашкан орду тууралуу). 

45. Кепилдик фонддун филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө жобосунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: 

1) филиалдын жана өкүлчүлүктүн аталышы жана жайгашкан дареги; 

2) филиалды жана өкүлчүлүктү түзгөн кепилдик фондунун аталышы жана жайгашкан орду; 

3) филиалдын жана өкүлчүлүктүн иш максаты жана ыйгарым укуктары; 

4) филиалдын жана өкүлчүлүктүн жетекчисинин ыйгарым укуктары; 

5) филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотуу шарттары. 

Филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө жобо кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан бекитилет жана кепилдик фондунун жетекчиси тарабынан кол коюлат. 

46. Филиал/өкүлчүлүк ачуу үчүн кепилдик фонду Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) Филиал/өкүлчүлүк ачууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме); 

2) кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиал/өкүлчүлүк ачуу жөнүндө чечими жана ошол чечимдин көчүрмөсү (кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган); 

3) филиал/өкүлчулүк жөнүндө жобо. 

47. Улуттук банк кепилдик фонддун филиалын/өкүлчүлүгүн ачууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде кароого алат. 

48. Кароого алуунун жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген талаптарга жооп берген шартта Улуттук банк кепилдик фонддун филиалын/өкүлчүлүгүн мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берет. 

49. Филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн кийин кепилдик фонду каттоодон өткөн күндөн тартып 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди тиркөө менен билдирүү-кат сунуштоого милдеттүү

1) Кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган Филиал/өкүлчүлүк жөнүндө жобонун көчүрмөсүн; 

2) Кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган филиалдын/өкулчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

50. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалды/өкүлчүлүктү жабууда кепилдик фонд тиешелүү чечимде белгиленген филиал/өкүлчүлүк ишин токтоткон күндөн тартып 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди тиркөө менен кепилдик фондунун мөөрү менен тастыкталган тиешелүү билдирүү-кат сунуштайт: 

- кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды/өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн; 

- юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн филиалдын/өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо жөнүндө өтүнүч каттын көчүрмөлөрүн. 

51. Филиалдын/өкүлчүлүктүн ишин токтотууну мамлекеттик каттоодон кийин кепилдик фонду каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын/өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен тиешелүү өтүнүч кат-билдирмени сунуштоого милдеттүү

52. Телефон номерлери, электрондук почта дареги өзгөргөн учурда кепилдик фонд бул тууралуу Улуттук банкка мындай өзгөрүүлөр жүргөн күндөн тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде маалымдоого тийиш. 

53. Кепилдик фонддун филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобого киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн (жаңы редакциясын бекитүү) кепилдик фонд Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) кепилдик фонддун филиалын/өкүлчүлүгүн мамлекеттик кайра каттоо үчүн макулдук берүү жөнүндө өтүнүч; 

2) кепилдик фонддун ыйгарым укуктуу органынын чечими; 

3) филиал/өкүлчүлүк жөнүндө жобо. 

54. Улуттук банк ушул Жобонун талаптарына ылайык сунушталган документтерди 10 (он) жумуш күнү ичинде кароого алат. Документтер ушул Жобонун талаптарына жооп берген шартта жана баш тартуу үчүн негиз жок учурда Улуттук банк кепилдик фондуна анын филиалын/өкүлчүлүгүн мамлекеттик кайра каттоого макулдук берет. 

55. Филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо күнүнөн тартып 10 (он) календардык күн ичинде кепилдик фонду Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү

1) Кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган филиал/өкүлчүлүк мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

2) Кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган Филиал/өкүлчүлүк жөнүндө жобонун көчүрмөсү

Улуттук банк филиал/өкүлчүлүк мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. 

 

8-глава. Кепилдик фонддун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү 

56. Кепилдик фонддун уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду Улуттук банк менен макулдашуу үчүн кепилдик фонду Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты сунуштайт:  

1) мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме);  

2) кепилдик фонддун катышуучуларынын жалпы жыйынынын уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколун (эки нускада);  

3) 5-тиркемеге ылайык уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор тексти (эки нускада);  

4) кепилдик фонддун жаңы редакциядагы уставы (эки нускада);  

5) акционерлер реестри;  

6) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кепилдик фонддун болжолдонгон аталышына алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгүнө чейин окшош эмес же бирдей эместиги жөнүндө документ (кепилдик фонддун аталышы өзгөргөн учурда);  

7) каттоо органынын аталышка макулдук берүү жана резервге коюу жөнүндө корутундусу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

57. Кепилдик фонду мамлекеттик каттоо органынан мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен билдирүү сунуштайт: 

1) кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган кепилдик фондун мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

2) кепилдик фонддун мөөрү менен тастыкталган мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө белгиленген уставдын көчүрмөсү

58. Кепилдик фонду Улуттук банкка кепилдик фондунун ишин жүргүзүүгө күбөлүк берилген документтерге киргизилген башка өзгөрүүлөр тууралуу ошол өзгөрүүлөр киргизилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

9-глава. Кепилдик фондунда катышуу үлүшүнө ээ болууга уруксат алуу тартиби 

59. Кепилдик фонду добуш берүүчү акцияларынын чогуу алганда 10 (он) пайызынан жогору үлүшүнө ээ болууга макулдук алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

1) юридикалык жактар үчүн: 

- добуш берүүчү акциялардын чогуу алганда 10 (он) пайызынан жогору үлүшүнө ээ болууга макулдук алуу үчүн өтүнүч кат; 

- юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын кепилдик фондунун акцияларын сатып алуу жөнүндө чечими; 

- өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугун тастыктаган документтер; 

- өтүнүч ээсинин ушул Жобонун 2-главасында көрсөтүлгөн критерийлерге жооп берүүсүн тастыктаган документтер; 

- кепилдик фонддун акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттарды алуу булактары жөнүндө маалыматтар; 

2) жеке адамдар үчүн: 

- добуш берүүчү акциялардын чогуу алганда 10 (он) пайызынан жогору үлүшүнө ээ болууга макулдук алуу үчүн өтүнүч кат; 

- өтүнүч ээсинин финансылык абалынын туруктуулугун тастыктаган документтер; 

- кепилдик фондунун акцияларын сатып алууга багытталган акча каражаттардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсү

Юридикалык жактардын/жеке адамдардын финансылык абалынын туруктуулугун төмөнкүчө түшүнүүгө болот: 

- өтүнүч сунушталган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети жана салык органдары алдында орду жабылбаган карызынын жоктугу; 

- өтүнүч сунушталган күнгө карата жеке адамдар жана юридикалык жактар алдында орду жабылбаган жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызынын жоктугу; 

- акыркы 2 (эки) жыл ичинде ишкердикти пайда алуу менен жүргүзүүсү (юридикалык жактар үчүн). 

Банктык же финансылык чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдарды, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларды бузууга жол берген, аларга карата Улуттук банк тарабынан алар алгылыксыз банктык же финансылык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катыштыгы бар катары тааныган чечим кабыл алынган жеке адамдарга Улуттук банк тарабынан кепилдик фонддун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алганда 10 (он) пайызынан жогору үлүшүнө ээ болууга макулдук берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Акциялар Улуттук банк тарабынан сатып алынган учурда, ушул главанын талаптары Улуттук банкка жайылтылбайт. 

61. Улуттук банк кепилдик фондунан добуш берүүчү акциялардын чогуу алганда 10 (он) пайызынан жогору үлүшүнө ээ болууга өтүнүч катты жана ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырган документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде кепилдик фондуна акцияларга ээ болууга макулдук берүү же андан баш тартуу жөнүндө кат жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

62. Улуттук банк кепилдик фондунун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алганда 10 (он) пайызынан жогору үлүшүнө ээ болууга өтүнүч катты кароого алуу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

63. Улуттук банк, эгерде ээ болууга ниеттенген жак ушул Жобонун 2-главасынын талаптарына жооп бербесе, жеке адамга же юридикалык жакка кепилдик фондунун добуш берүүчү акцияларынын чогуу алганда 10 (он) пайызынан жогору акциялар топтомуна ээ болууга макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

64. Кепилдик фондунда катышуу үлүшүнө ээ болууга уруксат Улуттук банк Башкармасынын көзөмөл жана жөнгө салуу маселелерин жөнгө салган мүчөсү тарабынан берилет. 

 

10-глава. Кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу 

65. Кепилдик фонду катышуучулардын же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу юридикалык жак органынын чечими боюнча же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн (биригүү, кайра өзгөртүп түзүү, кошуу, бөлүү, ажыроо). 

66. Кепилдик фонду Кыргыз Республикасынын Жарандык мыйзамдарына ылайык анын катышуучуларынын чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. 

67. Жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда кепилдик фонду чечим кабыл алынган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка жоюу жөнүндө чечимдин түп нускасын жана кепилдик фондунун кредиторлор алдында милдеттенмелери жөнүндө маалыматты кошо тиркөө менен күбөлүктү жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүчтү жөнөтүүгө милдеттүү

68. Улуттук банктын күбөлүктү кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки 1 ай ичинде кепилдик фондунун ыйгарым укуктуу органы жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. 

69. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жоюу жөнүндө чечим же Улуттук банктын күбөлүктү кайтарып алуу жөнүндө билдирүүсүн алган учурдан тартып кепилдик фонд күбөлүктө каралган гарантияларды берүүнү токтотууга тийиш. Токтотулбаган учурда кепилдик фонду жана анын кызмат адамдары мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылат. 

70. Улуттук банктын күбөлүктү кайтарып алуу жөнүндө чечимин алган күндөн тартып 1 ай ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз эрки боюнча жоюлуу жөнүндө чечим кабыл алынбаса Улуттук банк сотко кепилдик фондун мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. 

71. Төлөөгө жөндөмсүз кепилдик фондун мажбурлап жоюу Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. 

11-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу 

72. Улуттук банк тарабынан ушул Жобонун алкагында кабыл алынуучу чечимдерине карата даттануу менен өтүнүч ээлери же аларга карата чечимдер кабыл алынган же кабыл алынган чечимдерде алардын кызыкчылыгы каралган башка кызыкдар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейин даттануу менен кайрылуу тартибин милдеттүү түрдө сактоо менен кайрылышы мүмкүн. 

  

  

  

"Кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жобого карата  

1-тиркеме 

 

Кепилдик фондун каттоо/кайра каттоо/филиал (өкүлчүлүк) ачуу/филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоого макулдук берүү жөнүндө 

ӨТҮНҮЧ 

__________________________________________________________________________________________ 

                                            (толук аталышы жана юридикалык дареги) 

"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Мыйзам талаптарына жана Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык ишти жүзөгө ашыруу үчүн кепилдик фондду мамлекеттик  

каттоо/кайра каттоо/филиал (өкүлчүлүк) ачуу/ филиалды (өкүлчүлүктү) кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук  

берүүнү өтүнөм. 

Уюштуруучулар жөнүндө маалымат:  

__________________________________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________________________________ 

Жетекчи кызмат адамдарынын тизмеги: 

__________________________________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________________________________ 

  

Жетекчинин кол тамгасы 

20__-жылдын "__" _________________ 

 

  

  

  

"Кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жобого карата  

2-тиркеме 

 

АНКЕТА 

  

  

үрөтү

  

№ 

  

Аты-жөнү 

  

Кызмат орду 

  

Кепилдик фондунун аталышы 

  

Туулган күнү, айы, жылы жана туулган жери 

Күнү

Жери:  

өлкө:  

шаар: 

Паспорт 

Сериясы:  

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү

Колдонуу мөөнөтү

Жарандыгы 

  

Паспорту боюнча үй дареги 

Жери:  

өлкө:  

шаар:  

почта дареги: 

Үй телефон номери: 

Айкын жашаган дареги 

Жери:  

өлкө:  

шаар:  

почта дареги: 

Үй телефон номери: 

  

Шаардын кодун көрсөтүү менен иштеген жеринин номери, операторду көрсөтүү менен мобилдик телефон номери 

  

Электрондук почта дареги 

  

10 

Үй-бүлөлүк абалы 

  

 

 

 

 

 

 

11. Төмөнкү чөйрөлөрдө билимге ээ экендиги жөнүндө маалыматтар: 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган мыйзамдарды, банк мыйзамдарын 

ооба/жок 

- бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчет түзүүүргүзүү 

ооба/жок 

- корпоративдик башкаруу 

ооба/жок 

- тобокелдиктерди тескөө 

ооба/жок 

- аудитордук иш жөнүндө мыйзамдар жана Эл аралык аудит стандарттары  

ооба/жок 

12. Билими (жогорку, толук эмес жогорку, орто-кесиптик, орто) (керектүүсүнүн астын сызып коюу зарыл)  

Окуу жайынын аталышы 

(шаар, өлкө

Факультети же бөлүмү 

Тапшырган жылы/ 

аяктаган жылы 

Алган дипломуна ылайык адистиги 

13. Курстарда окутуудан өтүүсү 

Семинардын же курстардын темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери (шаар, өлкө

Өткөрүлгөн күнү (жылы) 

Сертификатынын болушу (ФОЭС жана аудит боюнча курстар) (ооба, жок) 

14. Эмгек жолун баштагандан тартып иштеген жерлер: 

Жалпы иш стажы __________, анын ичинде финансы же банк чөйрөсүндө 

Ишке кирген күнү  

(жылы, айы) 

Иштен бошонгон күнү  

(жылы, айы) 

Ээлеген кызмат орду 

Уюмдун аталышы, жайгашкан орду  

(шаары, өлкөсү

Иштен бошонуу себеби 

15. Кошумча маалымат 

Ушул ишкердик түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

Ооба ________ Жок __________ 

Банкроттук процессинде турган же банкроттукка байланыштуу өз ишин токтоткон банк же башка финансы/финансы-кредит уюму менен байланышыңыз барбы? 

Ооба ________ Жок __________ 

Байланышыңыз бар болсо, финансы/финансы-кредит уюмунун аталышын, ээлеген кызмат ордуңузду көрсөтүңүз, андагы сиздин жоопкерчилигиңиз тууралуу кеңири маалымат бериңиз  

_________________________________________________________________________________________ 

Сизге карата Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулду беле? 

Ооба ________ Жок __________ 

Колдонулган болсо, качан жана кандай бузууга жол берүү үчүн колдонулду эле? 

_________________________________________________________________________________________ 

Сиздин талапка жооп бербеген ишкердик аброюңузду тастыктаган маалымат барбы  

Ооба ________ Жок __________ 

Бар болсо, качан жана кандай бузууга жол берүү үчүн? 

_________________________________________________________________________________________ 

Сиз жоопкерчиликтүү болгон иш участкаларында финансылык же административдик проблемалар келип чыккандыгын тастыктаган маалымат барбы? 

Ооба ________ Жок __________ 

Бар болсо, качан жана кандай бузууга жол берүү үчүн? 

_________________________________________________________________________________________ 

Мен, _____________________________________________________________________________________ 

                                                                           (аты-жөнү

жогоруда көрсөтүлгөн маалымат анык жана толук экендигин тастыктайм жана мындан ары Улуттук банкка кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоого милдеттенем. Кандайдыр бир бурмалоолорго же калтырып кетүүлөргө жол берилген учурда мага жана кепилдик фондго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларынын колдонулушуна алып келерин тааныйм. 

  

20__-жылдын "__" _______________ (кол тамгасы) 

  

 

  

  

"Кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жобого карата  

3-тиркеме 

 

Өтүнүч каттын үлгүсү 

_____________________________________________________________________________________________ 

                                                (толук аталышы жана юридикалык дареги) 

_____________________________________________________________________________________________ 

"Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук  

банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн кепилдик  

фонддун эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк берүүнү өтүнөм. 

Кепилдик фонддун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: 

Каттоо номери жана мамлекеттик каттоодон өткөн күн: ______________________________________________ 

_____________________________________________________________________________________________ 

ИНН: _____________________________________ ОКПО коду: ________________________________________ 

Кепилдик фонддун кызматтык (байланышуу үчүн) телефондорунун, факс номерлери жана электрондук почта  

даректери: 

____________________________________________________________________________________________ 

  

Кепилдик фонддун номери 

20__-жылдын "__" _____________ 

  

  

Кепилдик фонддун жетекчисинин кол тамгасы 

 

  

  

  

"Кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жобого карата 

4-тиркеме 

 

Эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө  

КҮБӨЛҮК 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-сентябрындагы N 2022-П-33/59-4-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________________ 

                                              (кепилдик фонддун толук аталышы)  

____________________________________________________________________________________________ 

                                                             юридикалык дареги 

____________________________________________________________________________________________ 

                        (шаардын, райондун, калктуу пункттун, көчөнүн аталышы, үй номери) 

Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кепилдик  

берүү ишин жүзөгө ашырган кепилдик фонду болуп саналат. 

Эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө жазуу 20__-жылдын "__" ____________ № ______ чагылдырылган.  

  

Башкармалыктын начальниги (Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/ 

Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору) 

  

  

  

  

  

"Кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жобого карата  

5-тиркеме 

 

________________________________________________ уставына сунушталган  

(кепилдик фонддун толук аталышы жана кыскартылган аталышы)              

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

№ 

Уставдын колдонуудагы редакциясы 

Уставдын жаңы редакциясы 

  

Кепилдик фонддун Башкармасынын төрагасы  

(кол тамгасы) аты-жөнү,  

кепилдик фонддун мөөрү 

  

  

  

 

  

  

"Кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө" жобого карата 

6-тиркеме 

 

Жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга субъекттин макулдугу 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

Калктуу пункт ________________________, 20____-жылдын __-__________________  

Мен, ____________________________________________________________________  

(аты-жөнү)  

_________________________________________________________________________  

дареги боюнча жашаган,  

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______  

(документтин түрү)  

берилди _________________________________________________________________  

(берилген күнү, ким тарабынан берилген)  

  

Ишенимдүү өкүлдөр үчүн  

__________________________________________________ атынан иш алып барган  

(аты-жөнү)  

_________________________________________________________________________  

дареги боюнча жашаган,  

инсандыгын күбөлөндүргөн документтин сериясы: _____________, № ______ ______  

(документтин түрү)  

берилди _________________________________________________________________  

(берилген күнү, ким тарабынан берилген)  

________________________________________________________________негизинде  

(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук акттын)  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өз эрким боюнча, толук түшүнүү менен төмөнкүлөрдү аткарууга толук жана шартсыз макулдугумду берем:  

- иштеп чыгууга (аткаруу ыкмасына карабастан Улуттук банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча жеке маалыматтарды топтоо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөт коюу, өчүрүү жана бузуу максатында автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылган кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле:  

- жеке маалыматтардын берилишине (Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык сунушталышына);  

- кепилдик фонддордун иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана банк мыйзамдарына ылайык жеке өзүм берүүгө тиешелүү болгон бардык жеке маалыматтардын чек ара аркылуу берилишине (жеке маалыматтардын Улуттук банк тарабынан башка мамлекеттин юрисдикциясына кирген маалымат топтоочуларына берилишине).  

Жогоруда белгиленген макулдук берүү төмөнкү жеке маалыматтарга: аты-жөнү (мурдагы аты-жөнү, ал өзгөртүлгөн күн жана ага түрткү берген себептер) (өзгөртүлгөн болсо); туулган жылы жана жери; жарандыгы тууралуу маалыматтар (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандык боюнча маалымат); билими тууралуу маалыматтар (билим берүү мекемесинин аталышы, окууну бүткөн жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги); окумуштуулук даражасы тууралуу маалымат; чет тилдерин билүү деңгээли жөнүндө маалымат, жашаган дареги (келген жеринин дареги); байланыш телефон номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалымат; инсандыгын тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, ошол документти берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлө курамы, жакын туугандары; эмгек жолу тууралуу маалымат (аскердик кызмат өтөө, айкалыштырган иши, ишкердик иш, кызмат көрсөтүү жөнүндө келишиминин негизинде иштеген ишке тиешелүү); мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар, артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан берилген); соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу тууралуу маалыматтар, анын ичинде мыйзам бузууларга, алгылыксыз иштерге жол бергендиги үчүн тартип жаза чарасы, административдик жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар; кирешелер, чыгашалар, мүлкү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүлктүк милдеттенмелерге тиешелүү маалыматтар, фото сүрөтү берилгендиги боюнча маалыматтарга дагы тиешелүү болуп саналат.  

Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды Улуттук банк Кыргыз Республикасынын кепилдик фонддордун иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана банк мыйзамдарында каралган лицензиялоо жол-жобосун ишке (кызмат адамдарын макулдашуу, мамлекеттик каттоого (кайра каттоого), кепилдик фонддун ишин кеңейтүүгө макулдук берүү) ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн сунуштайм.  

Ушул аркылуу мага тиешелүү жеке маалыматтардын аныктыгын текшерүү жана кынтыксыз ишкердик аброй жана кесипкөйлүккө тиешелүү маалыматтарды тастыктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга, кредиттик бюрого, чет өлкө банктык жана финансылык көзөмөл жана жөнгө салуу боюнча органдарына бериле тургандыгы мага маалым жана мен аларга өз эрким боюнча макул экендигимди тастыктайм. Демек, Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартиби, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасынын 12-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан мага тиешелүү жеке маалыматтардын көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жобосунун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн жактарга берилгендиги тууралуу маалымдалышын талап кылбайм.  

Жеке маалыматтардын иштелип чыгышына макулдук берүү мөөнөтсүз болуп саналат (көзөмөлдөө жана лицензиялоо максатында туруктуу колдонулат) жана макулдук берүүгө кол коюлган күндөн тартып колдонула баштайт. 

  

20__-ж. ___-_________________ 

___________________ 

______________________________ 

  

Кол тамгасы 

Аты-жөнү