Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 30-майындагы 

№ 24/9 токтомуна карата 

тиркеме 

Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 2020-П-33/24-2-(НФКУ), 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул нускоо, кредиттик союздардын (мындан ары - кредиттик союздар), анын ичинде Шариат стандарттарынын талаптарын жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда алар колдонгон атайын терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган компаниялардын өз катышуучуларынан чет өлкө валютасындагы аманаттарды (депозиттерди) тартуу операцияларын жүзөгө ашырууда жана Улуттук банктан чет өлкө валютасында кошумча кызматтарды көрсөтүүгө (операцияларды жүргүзүүгө) лицензиясы болгон шартта өз катышуучуларына чет өлкө валютасында мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди сунуштоодо кредиттик союздардын ишинде орун алышы мүмкүн болгон валюта тобокелдиктерине бөгөт коюу максатында иштелип чыккан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Кредиттик союздар ички саясатты жана ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышына контролдук жүргүзүү боюнча жол-жоболорду иштеп чыгууда, ушул нускоонун талаптарына таянууга тийиш. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар буга кошумча Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (AAOIFI) тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына таянуу менен иш алып барууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Ушул нускоонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

Валюта тобокелдиги - бул, кредиттик союз чет өлкө валютасы боюнча ачык валюта позициясына ээ болгон учурда валюта курсу алгылыксыз багытта өзгөрүп, кредиттик союздун чет өлкө валютасы түрүндөгү талаптарынын (активдеринин)/милдеттенмелеринин наркынын өзгөрүүсүнөн улам, анын чыгымга дуушар болуу тобокелдиги. Валюта позициясы, валюталык операцияларды жүзөгө ашырууда келип чыгат жана ал кредиттик союздун валюта тобокелдигине дуушарлануу деңгээлинин көрсөткүчү болуп саналат. 

Валюталык операциялар - бул, кредиттик союздардын өз катышуучуларына чет өлкө валютасында кредиттерди берүү жана алардан чет өлкө валютасында аманаттарды (депозиттерди) кабыл алуу боюнча операциялары, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында чет өлкө валютасы түрүндөгү талаптар (активдер) же болбосо милдеттенмелер өзгөргөн башка операциялар. 

Таза валюта позициясы - бул, кредиттик союздун ар бир өзүнчө чет өлкө валютасындагы талаптары (активдери) менен милдеттенмелери ортосунда келип чыккан ажырым. 

Кредиттик союздун тиешелүү валютасындагы талаптары (активдери) жана милдеттенмелери бири-бирине дал келбей калган шартта ал ачык позиция, ал эми тең болгон учурда - жабык позиция болуп саналат. 

Кредиттик союздун ачык валюта позициясы узак мөөнөттүү (кредиттик союздун тиешелүү валютадагы талаптары (активдери) анын ошол эле валютадагы милдеттемелеринен жогору болгон шартта), же кыска мөөнөттүү (милдеттенмелер талаптардан (активдерден) арткан шартта) болушу мүмкүн. Узак мөөнөттүү валюта позициясы "+" белгиси менен, ал эми кыска мөөнөттүү позиция "-" белгиси менен белгиленет. 

Расмий курс - бул чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курсу, ал Улуттук банк тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо тартибине ылайык белгиленет. 

Суммардык валюта позициясы - бул кредиттик союздун бардык чет өлкө валюталары боюнча таза валюта позицияларынын суммасы, ал ушул нускоонун 9-пунктунда аныкталган тартипте, "short hand" ыкмасы боюнча эсептелинет. 

Ачык валюта позицияларынын лимиттери - бул Улуттук банк тарабынан ачык валюта позициялардын (ар бир чет өлкө валютасы жана суммардык боюнча) кредиттик союздун суммардык капиталына карата пайыздык катыш түрүндө туюндурулган чектөөлөрү. Ал кредиттик союздун отчеттук айдын 1ине карата абал боюнча суммардык капиталы өлчөмүнүн негизинде эсептелет. Ачык валюта позициялары Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча кыргыз сому түрүндө эсептелинет. Ачык валюта позицияларынын лимиттери пайыздарда, үтүрдөн кийинки эки ондук белгиге чейин тегеректөө менен эсепке алынат. 

Бүтүмгө келишүү күнү - бул тараптардын бүтүмдүн негизги шарттары боюнча (валюта түрү, алмашуу курсу, каражаттар суммасы, валюталоо күнү ж.б.) макулдашууга жетишүү күнү

Валюталоо күнү - бул бүтүмгө катышуучулардын эсептерине каражаттар чегерилген күн. 

2. Ачык валюта позицияларын эсептөө тартиби 

4. Ар бир операциялык күндүн акырына карата абал боюнча кредиттик союз төмөнкү көрсөткүчтөрдү эсептөөгө тийиш: 

- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициялары; 

- суммардык валюта позициясы. 

5. Таза валюта позициялары ар бир чет өлкө валютасы боюнча чет өлкө валютасындагы таза спот-позиция катары өз-өзүнчө эсептелет. Бул чоңдук чет өлкө валюталарында чегерилген пайыздык кирешелерди/чыгашаларды кошо алганда, баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелер ортосунда ажырым катары эсептелинет. Мында активдер жана милдеттенмелер таза баланстык нарк боюнча эсепте камтылат. 

6. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер валюта позициясын эсептөөдө камтылбайт. 

7. Валюта операциялары, анын ичинде бүтүмгө келишилген күн болуп саналбаган, келечекте валюталоо күнүн камтыган операциялар бүтүм келишилген жана ал баланска чагылдырылган күндөн тартып валюта позицияларынын эсептеринде камтылат. 

8. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларын эсептөө, Улуттук банк тарабынан отчеттук күнгө карата белгиленген колдонуудагы расмий курс боюнча сомдук эквивалентте жүргүзүлөт. 

9. Бардык чет өлкө валюталары боюнча суммардык ачык валюта позициясы "short hand" ыкмасын пайдалануу менен эсептелинет, б.а. эсептөө бардык узак мөөнөттүү таза валюта позицияларын өзүнчө жана бардык кыска мөөнөттүү таза валюта позицияларын өзүнчө суммалоо аркылуу ишке ашырылат. Андан кийин алынган чоңдуктар бири-бирине салыштырылат (Улуттук банк белгилеген расмий курс боюнча кыргыз сом түрүндөгү абсолюттук чоңдукта), жана эки чоңдуктун ичинен көбүрөөгү (бардык узак мөөнөттүү таза валюта позицияларынын же бардык кыска мөөнөттүү таза валюта позицияларынын суммасы) суммардык ачык валюта позициясынын лимитин эсептөөдө пайдаланылат. 

3. Ачык валюта позицияларынын лимиттери 

10. Кредиттик союздун валюта тобокелдигин жөнгө салуу максатында Улуттук банк ачык валюта позицияларынын төмөнкүдөй лимиттерин белгилейт: 

1) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ар бир чет өлкө валютасы боюнча ачык узак/кыска мөөнөттүү валюта позициясынын өлчөмү төмөнкүдөн ашпоого тийиш: 

- расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленген валюталар үчүн - кредиттик союздун отчеттук айдын 1ине карата эсептелген суммардык капиталынан 15%; 

- расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленбеген валюталар үчүн - ачык валюта позициясы жабык болууга тийиш; 

2) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча расмий курстары Улуттук банк тарабынан белгиленген бардык чет өлкө валюталары боюнча суммардык валюта позициясынын өлчөмү кредиттик союздун отчеттук айдын 1ине карата эсептелген суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

11. Кредиттик союздар операциялык күндүн акырына карата ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин так сактоого милдеттүү

12. Ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерден жогору болгон шартта, алар кийинки операциялык күнгө өткөрүлбөйт. Күндөлүк операциялык күндүн акырына чейин лимиттер Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

13. Операциялык күн ичинде катталган ачык валюта позицияларынын чоңдугуна контролдук кредиттик союз тарабынан өз алдынча, өзүнүн валюта тобокелдиги деңгээлине берген баасына жараша жүргүзөт. Мында ар бир кредиттик союз валюта тобокелдигинин өлчөмүн күн ичинде, кредиттик союздун жалпы жыйынында бекитилген валюта тобокелдигин тескөөнүн ички саясатына ылайык сактап турууга тийиш. 

14. Белгилүү бир кредиттик союзга карата жогорку деңгээлдеги валюта тобокелдиги орун алып тургандыгы аныкталса, мындай кредиттик союздар үчүн суммардык ачык валюта позициясынын лимитинин чектүү мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен төмөндөтүлүшү мүмкүн. 

4. Ачык валюта позициялары жөнүндө отчет жана аны сунуштоо тартиби 

15. Кредиттик союздар, күн сайын саат 9.00гө чейин Улуттук банкка, ал эми республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар - тиешелүү областтык башкармалыктарга, Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө, ушул нускоого карата тиркемеге ылайык отчеттук жуманын ар бир операциялык күнүнүн акырына карата абал боюнча отчеттук жума үчүн ачык валюта позициялары тууралуу отчетту электрондук түрдө сунушташат. 

Ислам терезеси" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союз күн сайын саат 9.00гө чейин Улуттук банкка, ал эми республиканын башка областтарында жайгашкандары - Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө ачык валюта позициялары боюнча төмөнкү отчетторду электрондук түрдө жөнөтүп турууга тийиш: ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан айырмаланган операциялар боюнча; кредиттик союздун чет өлкө валютасындагы бардык операциялары боюнча жыйынтыкталган отчетту. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 2020-П-33/24-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

16. Филиалдарга ээ кредиттик союздар отчетторунда бардык өз филиалдарынын маалыматтарын эске алуу менен ачык валюта позициялары боюнча жыйынтыкталган маалыматтарды сунуштоого тийиш. 

5. Ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта колдонулуучу таасир этүү чаралар 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Кредиттик союздар ачык валюта позицияларына белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилүүчү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого ылайык, Улуттук банк ачык валюта позициясынын лимитинен ашкан сумманын 5 (беш) пайызынан, бирок кредиттик союздун активдеринин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө, кредиттик союздан акчалай айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-13-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Кредиттик союз системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде 2 же андан көп жолу) белгиленген лимиттерди бузууга жол берген шартта Улуттук банк мыйзамдарда жана ченемдик укуктук актыларда каралган таасир этүү чараларын колдонуп, лицензияны да кайтарып алышы мүмкүн. 

19. Кредиттик союз кандайдыр бир жол менен айкын валюта позициясын отчетто чагылдырбоо жагында көргөн аракеттери төмөнкү аракеттер катары кабыл алынат: 

- Улуттук банкты жаңылыштыкка алып келүү аракеттери; 

- кооптуу жана ишенимсиз финансылык ишкердиктин орун алышы; 

- анын айкын чоңдугун бурмалоо максатында валюта позициясын татаалдатуу, башкача айтканда алардын келип чыгышын жана жүзөгө ашырылышын тактоо мүмкүн эмес болгон шектүү операцияларды ишке ашыруу жана/же эгерде мындай операциялар кредиттик союздун финансылык отчетуна жана анын экономикалык ченемдерине таасирин тийгизүү

- кредиттик союз так эмес финансылык жана регулятивдик отчетту сунуштоо. 

Кредиттик союз так эмес валюта позициясын чагылдырган шартта кредиттик союзга карата таасир этүү чаралары колдонулат, мында анын лицензиясы да кайтарылып алынышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Бул нускоонун кайсы болбосун талабын бузууга жол берген шартта кредиттик союздун жетекчилиги, жол берилген мындай бузуулар тууралуу дароо маалымдоого жана эки күндүк мөөнөт ичинде ал бузуулардын себептерине түшүндүрмө берип, аларды четтетүү жагында көрүлгөн чаралар тизмегин жазуу жүзүндө кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

6. Чет өлкө валютасы менен операциялар боюнча ички контролдукту уюштуруу 

21. Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн кредиттик союз валюта тобокелдигин тескөөнүн ички саясатын иштеп чыгууга жана шайкеш ички контролдукту уюштурууга милдеттүү

22. Чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган ар бир операция боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгып, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- кредиттик союздун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин чектөө, ал бир кызматкер бүтүмгө келишүүгө демилгелөөдөн тартып аны бухгалтердик китептерде эсепке алууга чейинки толук көлөмдөгү кандайдыр бир процессти аткара албагандай жана/же контролдукка ала албагандай жүргүзүлөт; 

- кредиттик союздун тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин ишке ашырылган операциялар көлөмүнө карата санкцияларды так колдонуу тартиби; 

- ар бир чет өлкө валютасы жана бүтүндөй бардык валюталар боюнча ачык валюта позициясынын ички лимиттери; 

- ишке ашырылуучу операциялар тобокелдигинин мүнөзүнө жана даражасына жараша контр-агенттердин ишенимдүүлүгү жана алардын категориялары тууралуу маалыматтардын жетиштүүлүк деңгээли; 

- валюта операцияларына текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ревизиялык комиссияга/тышкы (көз карандысыз) аудитке карата коюлуучу талаптар (ревизиялык комиссия мүчөлөрүнүн/тышкы аудиторлордун көз карандысыздыгы, алардын зарыл квалификацияга жана билимге ээ болушу); 

- кредиттик союздар жана анын филиалдары үчүн валюта операциялары боюнча эсепке алуу жана отчет берүү боюнча талаптары (формасы, сунуштоо мезгили, жоопкерчилик). 

7. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын валюталык операцияларынын өзгөчөлүгү 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Кредиттик союз, алар төмөнкү Шариат стандарттарына ылайык келген шартта гана чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу: 

- алмашууну ишке ашыруу алдында эки тараптын тең колунда башкасына алмаштырылууга тийиш болгон валюта болушу зарыл; 

- алмаштырылуучу валюта бирдиги, эгерде алардын бири банкнот, экинчиси бир өлкөнүн монетасы болсо да, бирдей суммада болууга тийиш; 

- валюта контрактысында алмаштыруу бирдигинин бирин же экөөсүн өткөрүп берүү маселесин кийинкиге жылдыруу шарты же шилтемеси камтылууга тийиш эмес; 

- валюта операциялары фьючерс жана форвард рынокторунда ишке ашырылууга тийиш эмес. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Валюталарды сатып алууну жана сатууну бир учурда, катар ишке ашырууга уруксат берилбейт, анткени анда төмөнкү факторлор камтылган: 

- эки сатылып алынган жана сатылган валюталарды өткөрүп берүү жана алуу ишке ашырылган эмес, бул контрактыда валюталарды сатуунун кийинкиге жылдырылышына алып келет; 

- валютаны сатуу келишими валютаны сатуу жөнүндө башка контрактыдан көз каранды болуп калат; 

- эки тарапты валюта алмаштырууга мажбурлаган милдеттенмеге алып келет, буга өзүнөн-өзү жол берилбейт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Кредиттик союздун чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу саясаты, жол-жоболору жана типтүү контрактылары Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө нускоого карата 

тиркеме 

Ачык валюта позициялары тууралуу күн сайын сунушталуучу отчет  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 2020-П-33/24-2-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

FIELD 

FIELD NAME 

TYPE 

WIDTH 

DEC 

Комментарий 

  

  

  

  

Отчеттук күн (дата)  

  

  

  

  

БФКУнун шарттуу коду  

  

  

  

  

Баланстык эсеп  

  

  

  

  

Валютанын тамга түрүндөгү коду  

  

  

  

  

Күндүн аягына карата активдүү калдык (сом)  

  

  

  

  

Күндүн аягына карата пассивдүү калдык (сом)  

  

  

  

  

Күндүн аягына карата активдүү калдык (номинал)  

  

  

  

  

Күндүн аягына карата пассивдүү калдык (номинал)  

  

  

  

  

Валютанын расмий курсу  

Total 

  

  

  

  

  

Маалымат базасы VALХХXDD деп аталышы керек  

Биринчи үч белги ХХX - мекеменин номери  

Төртүнчү жана бешинчи белги DD - иштеп чыгуу күнү  

FIELD - мамыча  

FIELD NAME - мамычанын аталышы  

TYPE - маалыматтын тиби  

WIDTH - белгилердин саны  

DEC - чекиттен кийинки белгилердин саны  

Total - жыйынтыгында  

Отчет dbf. форматында сунушталууга тийиш.