Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 15-июнундагы 

№ 2017-П-12/25-6-(НПА) 

токтомуна карата 

тиркеме 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул нускоо депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК), ислам терезесине ээ микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары - ТСКК) ишине карата, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүүдө жана бүтүмдөрдү келишүүдө алардын ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. МФК, ТСКК аффилирленген жана тиешелүүлүгүнө жараша МФК, ТСКК менен байланыштуу жактардын реестрин жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) кызматкерлеринин андан тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. МФК, ТСКК менен байланыштуу жактар реестринде, эң аз дегенде МФКда, ТСКК кызмат ордун ээлеген кызмат адамынын аты-жөнү, аны менен байланыштуу болгон жакын тууганынын аты-жөнү, анын тууганчылыгы (ата-энеси, аялы, күйөөсү ж.б.) жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. МФКда, ТСКК маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, реестрди электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. МФК, ТСКК менен аффилирленген жактын иши, аффилирленген жактардын санына карабастан, алардын өз ара иш алып баруусу МФКнын, ТСКК капиталында чектүү катышууга негизденген компания менен жактардын өз ара байланышуусу боюнча көзөмөлгө алынышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Бейтараптык принциби - эгерде, МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга (жактарга) МФКнын, ТСКК кардарларына (юридикалык жактарга же жеке адамдарга) кредит берүү шарттарына караганда мындай кредиттерди берүү шарттары алар үчүн кыйла алгылыктуу, ыңгайлуу боло турган болсо, аффилирленген жана байланышы бар жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга кредиттерди берүүгө МФКнын, ТСКК укугу жоктугун билдирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Бир карыз алуучунун жана ал менен байланыштуу жактын чогуу алгандагы карызы - бул, бир карыз алуучунун төмөнкүлөр боюнча жалпы карызы: 

- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз); 

- факторинг; 

- финансылык ижара; 

- үлүштүк милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

- алууга каралган, кошуп эсептелинген пайыздар; 

- карыз алуучуларга тике же кыйыр түрдө берилген, маңызы боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган кандай болбосун берилген каражаттар; 

- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы (кредиттерди берүүгө милдеттенмелер); 

- МФКнын, ТСКК үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдикке баруусу, ал сөзсүз түрдө ошол карыз алуучу тарабынан гарантияланган болсо; 

- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар. 

Ар бир карыз алуучунун кредиттик таржымалында ошол карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын анын мурда эсептен жоюлуп салынган кредиттери жана пайыздары жөнүндө маалыматтар көктөлүүгө тийиш. Маалыматтарда карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактын аты-жөнү, эсептен жоюлуп салынган кредиттин жана пайыздардын суммасы, эсептен жоюп салуу күнү жана анын себептери камтылышы зарыл. Эгерде мындай маалымат жок болсо, анда кредиттик таржымалды МФКнын, ТСКК ыйгарым укуктуу адамынын ошол карыз алуучу жана аны менен байланыштуу жактын мурда эсептен жоюлуп салынган карызы жөнүндө корутундусу болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Эгерде бир карыз алуучунун каражаттык кыйынчылыктары башка жактарга төлөм маселесин жаратса, бир карыз алуучу боюнча тобокелдиктин максималдуу ченемин эсептөөдө ар кайсы карыз алуучулардын карызы кошулуп бир жалпы байланышкан карыз болуп эсептелүүгө тийиш. 

7. Нускоонун максаттары үчүн "карыз алуучу" түшүнүгү ушул нускоонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн МФК, ТСКК кредит берген жак/жактар тобу болуп аныкталат. Ар кайсы карыз алуучулардын карызы суммаланууга тийиш, эгерде: 

- бир карыз алуучу башка карыз алуучуну контролдосо; 

- кредит юридикалык жакка жана ошол эле юридикалык жактын катышуучусуна/уюштуруучусуна берилсе; 

- аларда, контролдогон жак же олуттуу катышуучусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болгон учурларды эске албаганда, жок дегенде бир контролдогон жак же олуттуу катышуучусу болсо; 

- бир нече карыз алуучулардын ортосунда олуттуу финансылык өз ара көз карандылык болсо. Олуттуу финансылык көз карандылык, анын ичинде өз ара кызматташуу тууралуу келишим, эреже катары эгерде, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгымдарынын же башка кирешелер боюнча төлөмдөрүнүн 50 же андан ашык пайызы башка карыз алуучулар менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыкса орун алат; 

- кредитти төлөөгө бир эле булак колдонулса, ошондой эле карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы мекемеге же жалпы ишмердүүлүктө катышууга колдонсо жана экөө тең төлөөгө экинчи булакты (күрөө) колдонсо; 

- карыз алуучулардын бири башканын милдеттерине кепилдик болсо (кросс кепилдиктер), же болбосо бир эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун кепилдиги болсо; 

- бир же бир нече карыз алуучулар тарабынан алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тышкары, үчүнчү жактын тике пайдасына колдонулса, (үчүнчү жакка МФК, ТСКК тарабынан талаптарынын болгондугунан көз карандысыз) же болбосо бизнестин адаттагыдай жүрүшүндө товарлар же кызматтар сатып алынган учурларды эске албаганда, көрсөтүлгөн каражаттарга алынган каражаттар же активдер үчүнчү жакка өткөрүлүп берсе; 

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары күрөө берүүчү болгон учурларды эске албаганда, аларда бир күрөө берүүчү болсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөрдү келишүү тартиби 

8. МФКнын, ТСККнын аффилирленген тиешелүүлүгүнө жараша жана байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялар анын өзүнө, аманатчыларынын же башка кредиторлорунун таламдарына зыян келтирбестен ишке ашырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Аффилирленген жана байланыштуу жакка кредит берүүнү колдоого алган Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, ушул нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредиттин берилишин камсыз кылган Төрага (Башкы директор/менеджер) жана башкарма мүчөлөрү микрофинансылык компаниянын, ТСККнын ошол кредит боюнча карызынын кайтарылышы жана убагында алынбай калган пайданын ордунун жабылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. МФК, ТСКК төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган учурда, аффилирленген жактарга же МФК, ТСКК менен байланыштуу жактарга кредит сунуштоого (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоого (МФК, ТСКК үчүн)) укугу жок: 

1) акыркы отчеттук күнгө карата күндөлүк чыгымдар орун алса; 

2) Аффилирленген жактар, анын ичинде МФК, ТСКК менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. Аффилирленген жактардын байланыштуу жактары менен керектөө кредиттерин берүү жана алардан депозиттерди алуу боюнча операцияларды эске албаганда, операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 

3) МФК, ТСКК Улуттук банк тарабынан коюлган толук төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү, өздүк капиталынын минималдуу өлчөмү жана капиталдын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) боюнча талаптарды аткарбаса; 

4) МФКнын, ТСКК бардык аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына сунушталган кредиттердин жана алардын ордун алмаштыруучулардын жалпы суммасы таза суммардык капиталынан 60% артса; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. МФКга, ТСКК аффилирленген жана байланыштуу жактарды кредиттөө боюнча ички чектөөлөрдү белгилөө сунушталат, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген чектен төмөн болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. МФКлардын, ТСКК же анын туунду компанияларынын байланыштуу жана аффилирленген жактар менен кандай болбосун операциясы коопсуз жана ишенимдүү экендигин тастыктаган шарттарда гана ишке ашырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. МФК, ТСКК менен байланыштуу жактар менен келишилген бүтүмдөрдүн суммасы МФКнын, ТСКК өздүк капиталынын 1% ашкан шартта, ал өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүм болуп саналат. Алардын өлчөмү МФКнын, ТСКК өздүк капиталынын 1% - 20% чейинки өлчөмдү түзгөн, өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүмдөр жана аффилирленген жана байланыштуу жактар тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операциялар жөнүндө чечим МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. 

Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен кредиттер жана кредиттик алмаштыруучулар боюнча чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. 

Мында, Директорлор кеңешинин протоколунда анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы же кызыкчылыкты көздөбөгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде кворумдун жоктугуна байланыштуу Директорлор кеңеши чечимди кабыл алганга мүмкүнчүлүгү жок болсо, мындай бүтүмдү түзүү маселеси МФКнын, ТСКК жалпы акционерлер жыйынына өткөрүлүп берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Алардын өлчөмү МФКнын, ТСКК өздүк капиталынан 20% ашкан, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен ишке ашырылган кредиттерди жана аларды алмаштыруучуларды эске албаганда, өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүмдөр жана башка банктык операциялар боюнча чечим акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынат. 

Мында, ачык түзүлүүчү келишимдерди эске албаганда, бүтүмдөр жана операциялар банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. МФК, ТСКК менен байланыштуу бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмү, анын ичинде аффилирленген жактарга МФКнын, ТСКК өздүк капиталынан 5% ашпоосу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Операцияларды ишке ашыруудан же бүтүмгө келишүүдөн алынган киреше бөлүгү МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жактардын пайдасына колдонулса же алардын тескөөсүнө өткөрүлүп берилсе да, МФКнын, ТСКК кайсыл болбосун жак менен ишке ашырылган операциясы же келишилген бүтүмү МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жагынын операциясы же бүтүмү катары эсептелинүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. МФК, ТСКК төмөнкү шарттардын бардыгы аткарылган учурда гана аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү укугуна ээ: 

1) операциялар жана бүтүмдөр, ошол эле учурда аталган МФКнын, ТСКК кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кайсы болбосун башка жактардан болуп саналбагандар, МФК, ТСКК менен МФКнын, ТСКК кардарлары - башка жактары ортосунда ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр үчүн колдонулган шарттарга жана талаптарга караганда кыйла жеңилдетилбеген шарттар жана талаптар каралган учурда гана ишке ашырылат. Мындай шарттардан жана талаптардан улам төмөнкүлөргө жол берилбейт: 

- ошол МФКнын, ТСКК кызматкери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - МФКнын, ТСКК кардарларынан кармалып калгандарга салыштырганда кыйла төмөнкү пайыздарды (анын ичинде банк менен кардар/өнөктөш ортосунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык макулдашылган үстөк акылар жана/же башка төлөмдөр) же жыйымдарды кармап калууга; 

- ошол МФКнын, ТСКК кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жактарга - МФК, ТСКК кардарларына салыштырганда депозиттер боюнча кыйла жогорку пайыздарды (анын ичинде чектелген мударабаны эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каражаттарды тартуу) төлөөгө

- ошол МФКнын, ТСКК кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - МФК, ТСКК кардарларынан талап кылынганга караганда кыйла төмөн наркка ээ күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда аны башка ушул сыяктуу күрөөдөн жогору баалоого жол берген ыкманы колдонууга жол берилбейт; 

- аталган МФКнын, ТСКК кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактарга - МФК, ТСКК кардарларына бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндүгүнөн улам берилбей турган кредиттерди жана кредитти алмаштыруучуларды берүүгө

- МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жагынан төмөн сапаттагы активди сатып алуу же төмөн сапаттагы активди күрөө катары кабыл алууга; 

- аталган МФКнын, ТСКК кызматкери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - МФК, ТСКК кардарына төлөнүшү мүмкүн болгонго караганда кыйла жогору баада активди сатып алууга; 

- аталган МФКнын, ТСКК кызматкери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактан - МФК, ТСКК кардарынан кабыл алынышы мүмкүн болгонго караганда кыйла төмөн баада активди сатууга; 

- башка учурда инвестор же болбосо аффилирленген же МФК, ТСКК менен байланыштуу жак баалуу кагаз же ишкердик түрү боюнча тобокелдик деңгээлинен улам баалуу кагаздарга инвестициялабашы мүмкүн болгон баалуу кагаздарга инвестициялоо; 

- товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же мүлктү ижарага алуу үчүн аталган МФКнын, ТСКК кызматкери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - МФКнын, ТСКК кардарына төлөнө турган бааларга караганда кыйла жогору баада, же аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - МФК, ТСКК кардарына төлөнбөй турган шартта төлөөгө

- МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жактардын кредиттерин реструктуризациялоого, мында ошол МФКнын, ТСКК кызматкери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак - МФКнын, ТСКК кардарына реструктуризациялоого жол берилбейт. 

2) кредит берилген учурда МФКнын, ТСКК Директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган учурга карата анын тобокелдиги "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, канааттандырарлык катары таанылган кредиттерге каралган тобокелдиктен ашпоого тийиш. 

3) операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүү жөнүндө чечим ар биринин добуш берүүсү аркылуу, көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын 2/3 бөлүгүнөн көп) МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөлөрү тарабынан гана, жүргүзүүдө кызыкдар жактын тике же кыйыр таасиринин жоктугу шартында кабыл алынат. Болжолдонуп жаткан операцияга тике же кыйыр кызыкчылыгы бар Директорлор кеңешинин төрагасына же кайсыл болбосун мүчөсүнө маселени талкуулоо учурунда Директорлор кеңешинин отурумунда катышууга жол берилбейт жана ал аталган маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес. 

4) МФК, ТСКК мындай операциянын же бүтүмдүн жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө протокол толтурууга тийиш, анда операция же бүтүм МФКга зыян алып келбестен, анын таламында жүзөгө ашырылып жаткандыгына негиздемени кошо алганда, алардын бардык артыкчылыктарына жазуу жүзүндөгү талдап-иликтөөлөр чагылдырылышы зарыл. Талдап-иликтөөлөрдө төмөнкүлөр камтылат: 

- кредиттик операциялар жана кредитти алмаштыруучулар үчүн - кредиттин суммасы, кредит мөөнөтү, пайыздык чени, келишимге ылайык карыз алуучу кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүн далилдеген, ал жөнүндө финансылык маалымат жана кредит боюнча күрөө наркын тастыктаган маалымат; 

- активдерди сатып алуу жана сатууга байланыштуу операциялар же бүтүмдөр үчүн - сатып алуу баасын жана актив наркын тастыктаган маалымат; 

- инвестициялар үчүн - инвестициялар тобокелдигине баа берүү жана МФК, ТСКК менен ошол жактын потенциалдуу пайдасы; 

- аталган операцияны жүргүзүү же бүтүмгө келишүү зарылчылыгы тууралуу толук түшүндүрмө

- активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу/сатып алуу каралган операциялар же бүтүмдөр үчүн - Директорлор кеңеши, активди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар МФК, ТСКК менен байланышы жок же жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон жактар тарабынан сунушталууга жана рыноктук орточо баага туура келүүгө тийиш. 

5) МФК, ТСКК менен ишке ашыруу болжолдонуп жаткан операцияда же бүтүмдө тарап болуп саналган же ушул тарап менен жалпы кызыкчылыктарга ээ МФК, ТСКК менен байланыштуу жактар, операцияда же бүтүмдө өз кызыкчылыгынын даражасы жана операциянын же бүтүмдүн башка тарабы менен өз ара мамиленин даражасы жөнүндө маалыматты жазуу формасында ачып берүүгө тийиш. Мындай жазуу жүзүндөгү ачып берүү болжолдонгон операция же бүтүм боюнча добуш берүүгө чейин МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешине берилүүгө жана МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин операция же бүтүм боюнча чечим кабыл алуу протоколунун бир бөлүгү болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин төрагасы, ушул нускоонун 17-пунктунда колдонулган бардык шарттар Кеңештин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарылгандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын добуш берген ар бир мүчөсү операцияны же бүтүмдү жактыруу тууралуу чечимине өз кол тамгасын коюусу зарыл. Чечимде Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөсү болжолдонгон операциянын же бүтүмдүн шарттарын карап чыккандыгын, аларды түшүнө тургандыгын жана ушул нускоонун 17-пунктунун 4-пунктчасы боюнча талап кылынуучу талдап-иликтөөлөр менен таанышкандыгын ачык көрсөтүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. МФК, ТСКК Директорлор кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн эске албаганда, МФКнын, ТСКК кызмат адамдарына жана кызматкерлерине бирдей керектөө кредиттерин берүү шарттары каралган керектөө кредиттерин берүүгө укуктуу. Программада МФК, ТСКК кызматкерлерине жана кызмат адамдарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн бирдей шарттары каралууга тийиш. Мында, кредиттөө шарттары кеминде төмөнкү талаптарга дал келүүгө тийиш: 

1) кредиттин максималдуу өлчөмү МФКнын, ТСКК өздүк капиталынан 5% ашпоого тийиш; 

2) кредиттер минималдуу түрдө 100 пайызга кызматкерлердин эмгек акысы же болбосо депозиттер менен камсыздандырылууга тийиш ошону менен бирге тийиштүү кепилдик келишими менен таризделүүгө жана кайтаруу мөөнөтү керектөөчү кредитти кайтаруу мөөнөтүнөн эрте болбоого тийиш. 

3) кредиттер МФКнын, ТСКК кызматкеринен болуп саналбаган жактарга кредит берүүдө колдонулуучу шарттарынан жана талаптарынан кем болбогон шарттарда жана талаптарда (пайыздык чендер, күрөөлүк камсыздоо, кредитти берүү мөөнөтү) сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. МФК, ТСКК, Директорлор кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн эске албаганда, МФКнын, ТСКК кызматкерлерин социалдык колдоо көрсөтүү программасына ылайык турак жайды сатып алууга же курууга кредит төмөнкү шарттардын талаптарын аткарган учурда гана берүүгө укуктуу: 

A) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай кредит берилген МФКнын, ТСКК кызмат адамына/кызматкерине гана менчик укугунда таандык болууга тийиш; 

Б) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайда кредит берилген МФКнын, ТСКК кызмат адамы/кызматкери жана анын үй-бүлө мүчөлөрү (болгон болсо) жашоосу зарыл; 

B) биринчи күрөө катары сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай гана кабыл алынат; 

Г) МФКнын, ТСКК кызмат адамы/кызматкери анын жакын туугандары болуп саналган адамдардан турак жай сатып алуу үчүн кредит берүүгө тыюу салынат. 

МФК, ТСКК менен анын кызмат адамынын/кызматкеринин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде МФКнын, ТСКК кызмат адамы/кызматкери ушул пункттун 1-8-пунктчаларында каралган кредиттөө шарттарын бузган учурда, кредиттик келишим ушул Нускоонун 24-пунктунда каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. МФКнын, ТСКК бир кызматкерине берилген кредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын, ТСКК өздүк капиталынан 5% ашпоосу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын, ТСККнын ички документтеринде МФКнын, ТСККнын кызмат адамдарын кредиттөө жөнүндө талаптар камтылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- МФКнын, ТСКК кызмат адамдарына берилген кредиттердин МФКнын, ТСКК кредит портфели жаппы көлөмүнө карата үлүшүн; 

- кредит түрлөрүн; 

- кредиттин максималдуу өлчөмүн; 

- кредиттөө мөөнөттөрүн; 

- пайыздык чендерди (баа түзүү); 

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

23. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын, ТСКК ички документтери Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын, ТСКК ички документти, анын актуалдуулугун жана МФК, ТСКК ишинин кредит саясатына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн жыл сайын карап чыгууга; 

- МФК, ТСКК Башкармасынын (же МФКнын, ТСКК ушундай эле башка аткаруу органынын) кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган ички документтердин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишти контролдоого. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. МФКнын, ТСКК кызмат адамдары ушул нускоонун 17-пунктунда каралган кредиттөө шарттарын бузууга жол берген учурда: 

- МФК, ТСКК бузууга жол берүү аныкталган күнү, МФК, ТСКК жана ошол МФКнын, ТСКК кызматкери болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак - МФКнын, ТСКК кардарынын ортосундагы ушул сыяктуу операциялар үчүн колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген кредит берүү шарттарын жана талаптарын карап чыгуу аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш; 

- МФКнын, ТСКК кызмат адамы кредит алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейин түптөлгөн пайыздар боюнча айырманы МФКга, ТСКК кайтарып берүүгө милдеттүү

- пайыздар боюнча айырманы кайтарып берүү, кредиттөө шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан тартып кредит жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуу графигинде каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Нускоонун 17-пунктунун 3, 4 жана 5-пунктчаларынын жоболору МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактар - МФК, ТСКК кардарлары үчүн ошол эле шарттарда жана талаптарда депозиттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жактардан депозиттерди кабыл алуусуна таркатылбайт. 

Акча каражаттары жана насыялар МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде ошол МФК, ТСКК менен аффилирленген жак болуп саналбаган жана МФК, ТСКК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ эмес башка жактар ортосунда мындай операцияларды жүзөгө ашырууда жана бүтүмдөргө келишүүдө колдонулган шарттарга жана талаптарга салыштырганда, кыйла ыңгайлуу болбогон шарттарда жана талаптарда тартылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир кредит күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш: 

1) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздары же кредит берген МФКнын, ТСКК байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо кредит суммасынын 120 пайызынан. 

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет: 

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө

- күрөө катары тиешелүү негизде тариздетилген; 

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган; 

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга пайдаланууга мүмкүн болбогон. 

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына МФК, ТСКК тарабынан ай сайын кайра баа берилүүгө тийиш. 

2) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө, кредит суммасынын 140 пайызынан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

27. Эгерде күрөөлүк камсыздоо наркы бара-бара ушул нускоонун 26-пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөндөй баштаса, анда мындай камсыздоо күрөө жөнүндө жаңы келишимди түзүү же буга чейин түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча толукталышы зарыл жана кошумча күрөөлүк мүлк менен кепилдик берилүүгө же кайра баа берилген күндөн тартып он беш жумуш күнүнөн кечиктирилбестен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү нарктагы жаңы күрөө түрүнө алмаштырылууга тийиш. 

28. МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жагына кредит берүү чечими кабыл алынып, кредит берилгенден кийин ал аталган МФКнын, ТСКК кызматкерлери болуп саналбаган жана МФКнын, ТСКК аффилирленген жана байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка - МФК, ТСКК кардарына берилген кредиттер сыяктуу эле көзөмөлгө алынат жана аларга баа берилет. МФКнын, ТСКК аффилирленген жана байланыштуу жактарына инвестициялар аталган МФКнын, ТСКК кызматкерлери болуп саналбаган жана МФКнын, ТСКК аффилирленген жана байланыштуу жана/же МФК, ТСКК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка - МФК, ТСКК кардарына берилген башка инвестициялар сыяктуу эле, мезгил-мезгили менен көзөмөлгө алынууга жана аларга баа берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. МФК, ТСКК кайсыл болбосун жакка төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында, ал менен бүтүмгө келишүүгө жол берилбейт: 

1) МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жактары алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка негизде аткарууга; 

2) МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга; 

3) МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава. Микрофинансылык компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынында чечимдерди кабыл алуу тартиби 

30. МФКнын, ТСКК акционерлери коопсуз, алгылыктуу жана ишенимдүү МФК, ТСКК ишин камсыз кылуу максатында, өз укуктарын жана милдеттерин акыйкат жана талапка ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. МФКнын, ТСКК акционерлеринин жалпы жыйыны ушул нускоонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда МФК, ТСКК менен байланыштуу жак менен кызыкдар болуу менен операцияларды ишке ашыруу же бүтүмдөргө келишүү жөнүндө чечим кабыл алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. МФКнын, ТСКК Директорлор кеңеши этиканын жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоону кошо алганда, МФКнын, ТСКК ишенимдүү жана акылга сыярлык иши үчүн жоопкерчилик тартат. МФКнын, ТСКК Директорлор кенеши акционерлердин жалпы жыйыны үчүн ушул нускоонун 17-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн талдап-иликтөөнү кошо алганда, сунушталып жаткан операциянын же бүтүмдүн толук сүрөттөлүшүн камтыган так отчетту даярдоого тийиш. МФКнын, ТСКК Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы жыйынына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин МФКнын, ТСКК өзгөчө кызыкчылыгында маселени чечүү үчүн кандай болбосун аракеттерди көрүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жак менен операция же бүтүм боюнча артыкчылык берилиши мүмкүн болгон акционер талкууга катышууга, акционерлердин жалпы жыйынында добуш берүүгө таасир этүүгө же таасир этүүгө аракет кылууга же болбосо операцияны же бүтүмдү жактыруу маселеси боюнча (тике же кыйыр же болбосо акционер ал менен жалпы кызыкчылыкка ээ жак аркылуу) добуш берүүгө укугу жок. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Акционерлердин жалпы санынын "макулдук" берүү добушунун 2/3 белгиленген операцияны же бүтүмдү жүргүзүүсүнө "макулдук" берилген учурда гана МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жагына алгылыктуу режим сунуштала турган операцияны же бүтүмдү жактыра алышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Эгерде МФКнын, ТСКК ар бир акционерине аталган операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим сунушталышы мүмкүн болгон жак болуп эсептелсе (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) же алар акционерлер санынын үчтөн көбүн түзсө, анда мындай операция же бүтүм акционерлердин жалпы жыйынында кароого алынбайт жана ал МФК, ТСКК тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн эмес. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. Отчетторду сунуштоого карата талаптар 

36. МФК, ТСКК Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана ушул нускоонун талаптарына ылайык документалдык жазууларды (отчетторду) жүргүзүүгө тийиш. Алар аталган жактар жана алар менен жалпы кызыкчылыкка ээ байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн бардык операциялардын жана бүтүмдөрдүн суммаларын жана шарттарын көрсөтүү менен МФКнын, ТСКК бардык аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалыматты камтууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. МФК, ТСКК анын кызмат адамдары Финансы-кредиттик уюмдардан (мындан ары - ФКМ) алган бардык кредиттери же МФК, ТСКК болгон маалымат боюнча башка операциялар тууралуу жазууларды жүргүзүүгө тийиш. МФК, ТСКК, ФКМлардан кредит алган же кредит алуу өтүнүчү менен кайрылган МФК, ТСКК ар бир кызмат адамы кеминде жарым жылда бир жолу отчеттук айдан кийинки айдын 10нан кечиктирбестен, отчеттук мезгил ичинде алынган кредиттер тууралуу жазуу жүзүндө отчетторду МФКга, ТСКК берип туруусу зарыл. МФК, ТСКК бул отчетторду эсепке алуу үчүн өзүнчө таржымал (досье) жүргүзүп, алар жаңыртылган учурда протокол түзүүгө жана анда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөрүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын ар бир мүчөсү, кызмат адамы өзүнүн коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктары тууралуу кат жүзүндөгү маалыматты жылына бир жолу МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешине жана анын жетекчилигине сунуштап турууга тийиш. Отчетто МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, кызмат адамдары менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактардын тизмеси жана ар бир учур боюнча мындай байланыш деңгээли камтылуусу зарыл. МФКнын, ТСКК Директорлор кеңешинин төрагасы, ар бир мүчөсү жана кызмат адамдары отчеттогу маалыматтын өзгөргөндүгү тууралуу эки жумуш күнү ичинде МФКга, ТСКК кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. МФК, ТСКК өз ишинин ушул нускоонун талаптарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн шайкеш ички контролдук системасын колдоого алуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. МФКнын, ТСКК аффилирленген жана байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматты, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун курамында отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Ушул нускоого ылайык талап кылынган тиешелүү тиркемелери (талдап-иликтөөлөрү) менен бардык отчеттор, кредит боюнча бардык карыздар кайтарылып берилгенден кийин жана МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жактар менен операциялары жана бүтүмдөрү аяктагандан кийин кеминде 5 жыл МФКда, ТСКК сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Корутунду жоболор 

42. Эгерде мындай операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөргө келишүүнүн натыйжасында МФКнын, ТСКК финансылык абалы начарласа жана финансылык кыйынчылыктар, ошондой эле МФКнын, ТСКК, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгына коркунучтар жаралса, МФКга, ТСКК аффилирленген жана байланыштуу жактар менен кайсы болбосун операцияларды жүргүзүүгө жана бүтүмдөргө келишүүгө тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Эгерде МФКнын, ТСКК акционерлери, Директорлор кеңешинин төрагасы, анын мүчөлөрү жана кызмат адамдары кредит жана кредит алмаштыруучуларын берүү, МФКнын, ТСКК аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү боюнча, ушул нускоонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келген чечим кабыл алса же чечимдин кабыл алынышы үчүн добуш беришсе жана анын натыйжасында МФК, ТСКК чыгымга дуушар болуп, киреше ала албаса, анда көрсөтүлгөн адамдар мыйзам талаптарына ылайык ошол кредит, операция же бүтүм боюнча чыгымдардын же карыздын МФКга, ТСКК кайтарылып берилишине жоопкерчилик тартышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. МФКнын, ТСКК бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) ушул нускоонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. МФК, ТСКК менен аффилирленген же байланыштуу жак ортосунда ушул нускоонун жана мыйзам талаптарын бузууга жол берүү менен ишке ашырылган кайсы болбосун операциялары жана бүтүмдөрү жараксыз болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Нускоонун талаптарын аткарбай коюу, Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларды колдонуусу үчүн негиз болуп саналат.