Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 17-октябрындагы 

N 45/1 токтомуна карата 

1-тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы N 2018-П-12/4-6-(БС), 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ),2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор  

1. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө» жобого ылайык (мындан ары - мыйзамдар), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА),  

2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

2. ПРО бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.  

3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Максаттары жана милдеттери  

4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт:  

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында МФКлардын финансылык абалына;  

б) компаниялардын жетекчилери ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдерди кошо алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн МФКлардын ишине.  

5. ПРОнун башкы милдети - ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МФКлардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.  

3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон МФКнын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.  

7. ПРО 13 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.  

8. МФКнын ушул жылдын 4-чейреги үчүн ПРОсу жылдык болуп саналат. Акча каражатын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн декабрь айында сунушталган ПРО жылдык болуп саналат. Жылдык ПРО отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банктын кароосуна сунушталууга тийиш.  

4. ПРОну берүү тартиби  

9. Ар бир МФКда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.  

10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.  

11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. МФКнын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.  

13. Республиканын башка областтарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.  

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат.  

14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу МФКга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.  

Оңдолгон отчеттор МФКнын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш.  

15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.  

16. МФК ПРОну МФКнын башкы кеңсеси жана филиалдар боюнча консолидацияланган негизде беришет.  

17. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, МФКнын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш.  

18. ПРОдо отчеттук күнгө карата МФКнын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. МФКнын абалынын ар айлык, чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы МФКнын Директорлор кеңешинин Төрагасы же Директорлор кеңешинин Төрага жок учурда аны алмаштырган мүчөсү, МФК Башкармасынын Төрагасы, Башкы бухгалтери жана МФК Башкармасынын ПРОнун даярдалышын түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат.  

5. Корутунду жобо  

19. ПРОдо маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же такталбаган, туура эмес маалыматтардын берилиши, отчеттун толук эмес жана/же туура эмес толтурулушу үчүн МФК Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

20. Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасы МФКда сакталууга тийиш.  

  

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 17-октябрындагы 

№ 45/1 токтому менен бекитилген 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине 

ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык 

компаниялардын мезгил-мезгили 

менен берилүүчү регулятивдик отчету 

жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

№ 

Бөлүк 

Аталышы 

Мезгилдүүлүгү 

Берүү мөөнөттөрү 

Ченемдик укуктук актыга эскертүүлөр же шилтемелер 

  

Титулдук барак 

Жыл сайын  

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө кошо тиркелет 

  

МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, Шариат кеңешинин мүчөлөрү жана негизги уюштуруучулары (акционерлери) тууралуу маалымат 

Жыл сайын  

Өзгөрүүлөр киргизилген учурда 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө кошо тиркелет 

  

МФКнын айрым кызмат адамдары тууралу маалымат 

Жыл сайын 

Өзгөрүүлөр киргизилген учурда 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин.  

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө кошо тиркелет 

  

МФК тууралуу базалык маалымат 

Жыл сайын  

Өзгөрүүлөр киргизилген учурда 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин.  

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө кошо тиркелет 

1-бөлүк 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет 

A. Активдер 

Б. Милдеттенмелер 

B. Капитал 

Г. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

Д. Жана башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө  

Е. Милдеттенмелерди чечмелөө 

Ж. Каржылоо портфелин чечмелөө 

Жыл сайын 

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

2-бөлүк 

Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

A. Операциялар боюнча алынган кирешелер 

Б. Операциялар боюнча тарткан чыгымдар 

B. Операциялар боюнча жана башка кирешелер 

Г. Операциялар боюнча жана башка чыгашалар 

Д. Операциялык жана администрациялык чыгашалар 

Жыл сайын 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

3-бөлүк 

Капитал 

A. Капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр 

Б. МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары тууралуу маалыматтар 

B. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр 

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

4-бөлүк 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалыматтар, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

A. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер тууралуу маалымат  

Б. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

B. Берилген кредиттер боюнча маалымат 

Г. Областтар боюнча берилген кредиттер боюнча маалымат 

Д. Кредиттөө ыкмалары 

Е. Кардарлардын гендердик курамы 

Ж. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча кредиттерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

З. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтар 

И. Проблемалуу карыз алуучулар боюнча маалымат 

К. Үстү-үстүнөн алынган кредиттер тууралуу маалымат  

Л. Реструктуризацияланган кредиттер 

Жыл сайын 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

5-бөлүк 

Кардарлардын эсептери 

A. Суммаларга бөлүштүрүлгөн эсептер 

Б. Отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттарынын жылышы 

B. Төлөө мөөнөттөрү боюнча эсептер  

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

10 

6-бөлүк 

А. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендеринин өзгөрүшүнө карата ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө (ГЭП-анализ)  

Б.Активдерди жана милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө 

Жыл сайын 

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

11 

7-бөлүк 

РППУдагы өзгөрүүлөр 

А. РППУдагы өзгөрүүлөр 

Б. РППУнун эсебинен алынып салынган жана кайра кайтарылган (мурда алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер тууралуу маалыматтар 

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

12 

8-бөлүк 

A. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат 

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалыматтар 

B. Уюштуруучулардан/ акционерлерден/ катышуучулардан карызга алынган каражаттар 

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

13 

9-бөлүк 

Кызматчылар менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалымат 

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

14 

10-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

Операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

15 

11-бөлүк 

Кардарларга берилген каржылоо жөнүндө маалымат 

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

16 

12-бөлүк 

Чечмелеп көрсөтүү 

А. Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо тууралуу маалымат 

Б. ФКМде ишке ашырылган операциялар жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр 

Жыл сайын  

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

17 

13-бөлүк 

Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет 

Чейрек сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

  

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 17-октябрындагы 

№ 45/1 токтому менен бекитилген 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине 

ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык 

компаниялардын мезгил-мезгили 

менен берилүүчү регулятивдик отчету 

жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2, 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы N 2018-П-12/4-6-(БС), 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Тиркелген файлды караңыз