Кайта келүү

  

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин  

2018 жылдын 18 - январындагы  

№03/3 токтомуна карата тиркеме 

Кредиттик бюронун отчет толтуруусу боюнча усулдук көрсөтмөлөр 

1 -глава. Жалпы жоболор 

1. Бул усулдук көрсөтмөдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензия алышкан кредиттик бюролордун Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерине карата тиркемелерде камтылган отчеттордун формаларын төмөнкү бөлүктөр боюнча толтуруу тартиби берилет

- А1 Кредиттик бюро жөнүндө отчет; 

-  В1 Кредиттик бюронун иши; 

- В2 Карыз алуучулардын саны жана колдонуудагы кредиттик келишимдер тууралуу маалымат; 

- В3 Колдонуудагы кредиттик келишимдер; 

- С1 Кредиттик ишке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү кредиттерди түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен жаңы берилген кредиттер; 

- С2 Кредиттик ишке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү кредиттерди суммалары боюнча бөлүштүрүү менен жаңы берилген кредиттер; 

- С3 Кредиттик ишке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү (кредитти төлөө) боюнча бөлүштүрүү менен жаңы берилген кредиттер; 

- D1 Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү келишимдердин саны боюнча бөлүштүрүү менен мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер; 

- D2 Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү кредит боюнча калдык суммасынын негизинде салмактанып алынган мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредит; 

- D3 Кредит портфелинин саны боюнча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү кредиттик тобокелдик көрсөткүчтөрү

Эскертүү. Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш (чет өлкө валютасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт); 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 43/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

- D4 Кредит портфелинин суммасы боюнча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү кредиттик тобокелдик көрсөткүчтөрү.  

Кредиттик бюро Улуттук банкка өз отчетторун чейрек сайын отчеттук чейректен кийинки айдын 25ине чейин кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө бериши тийиш. 2-глава. А1. Кредиттик бюро жөнүндө отчет (кыскача отчет) 

2. Кредиттик бюро жөнүндө отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

Сол тарабындагы саптарда: 

- «Кредиттик бюронун аталышы» сабында кредиттик бюронун толук аталышы көрсөтүлөт; 

- «Сунуштоочулар тууралуу маалыматтын саны» деген сапта сунуштоочулардын (бардыгынын) отчет түзүлгөн күнгө карата жалпы саны көрсөтүлөт; 

- «Пайдалануучулар тууралуу маалыматтардын саны» деген сапта кредиттик маалыматты пайдалануучулардын (бардыгынын) отчет түзүлгөн күнгө карата жалпы саны көрсөтүлөт; 

- «Кредиттик бюродо катталган субъекттер тууралуу маалыматтардын саны» деген сапта кредиттик бюродо катталган субъекттер тууралуу маалыматтардын отчет түзүлгөн күнгө карата жалпы саны чагылдырылат; 

- субъекттердин санын төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен: 

А) жеке адамдар; 

Б) юридикалык жактар; 

В) жеке ишкерлер.  

- «Отчеттук мезгил ичинде жаңыртылган маалыматтарды сунуштаган сунуштоочулардын саны» деген сапта ошол отчеттук мезгил үчүн жаңыртылган маалыматтарды беришкен (жаңы келишимдерди түзүү, жаңы субъекттер тууралуу маалыматтарды берүү ж.б) сунуштоочулардын саны көрсөтүлөт; 

- «Бардык сунуштоочулардан отчеттук мезгил ичинде алынган жазуулардын саны» деген сапта ошол отчеттук мезгил ичинде сунуштоочулардан келип түшкөн жазуулардын саны (жаңы жана мурдагы субъекттер боюнча) көрсөтүлөт; 

- «Кабыл алынбаган жазуулар» сабында кабыл алынбаган жазуулар көрсөтүлөт (отчеттук мезгил ичинде кандайдыр бир себептерден улам четке кагылган); 

А) жеке адамдар саны; 

«Алынган жазуулардын саны - жеке адамдар» сабында кредиттик маалымат субъекттери жеке адамдар тууралуу жазуулардын саны ошол отчеттук мезгил боюнча бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. 

Б) юридикалык жактар саны; 

«Алынган жазуулардын саны - юридикалык жактар» сабында кредиттик маалымат субъекттери юридикалык жактар тууралуу жазуулардын саны ошол отчеттук мезгил боюнча бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. 

В) жеке ишкерлер; 

«Алынган жазуулардын саны - жеке ишкерлер» сабында кредиттик маалымат субъекттери жеке ишкерлер тууралуу жазуулардын саны ошол отчеттук мезгилге бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт: 

- «Келип түшкөн талаптарга Кыргыз Республикасындагы уюмдар боюнча бөлүш-түрүү менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү» сабында кредиттик бюрого ошол отчеттук мезгил ичинде келип түшкөн Кыргыз Республикасы боюнча маалымат алуучулар (уюмдардын түрлөрү) боюнча бөлүштүрүлгөн талаптар чагылдырылат: 

А) банктар саны; 

Б) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар) саны; 

В) башка банк эмес финансы-кредит уюмдары (кредиттик союздар, ломбарддар, адистештирилген финансы-кредит уюмдары, адистештирилген финансы уюмдары, алмашуу бюролору) саны; 

Г) телекоммуникациялык компаниялар (ЖМК радио, ТВ) саны; 

Д) чекене соодагерлер саны; 

Е) лизинг компаниялары саны; 

Ж) кредиттик бюролор саны; 

З) укук коргоо органдары жана соттор саны; 

И) башкалар (мамлекеттик ведомстволор, юридикалык жактар ж.б); 

- «Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жайгашкан уюмдар боюнча бөлүштүрүү менен келип түшкөн талаптардын саны» сабында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жайгашкан кредиттик маалымат алуучулардан (уюмдардан) кредиттик бюрого бөлүштүрүү менен келип түшкөн талаптар көрсөтүлөт: 

А) банктар саны; 

Б) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар) саны; 

В) башка банк эмес финансы-кредит уюмдары (кредиттик союздар, ломбарддар, адистештирилген финансы-кредит уюмдары, адистештирилген финансы уюмдары, алмашуу бюролору) саны; 

Г) телекоммуникациялык компаниялар (ЖМК радио, ТВ) саны; 

Д) чекене соодагерлер саны; 

Е) лизинг компаниялары саны; 

Ж) кредиттик бюролор саны; 

З) укук коргоо органдары жана соттор саны; 

И) башкалар (мамлекеттик ведомстволор, юридикалык жактар ж.б); 

Оң тарабындагы саптарда: 

- «Отчет түзүлгөн күн» деген сапта отчет даярдалган күн көрсөтүлөт (мисалы, 2017-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча); 

- «Отчеттук мезгил ичиндеги жаңы сунуштоочулар жөнүндө маалымат» деген сапта отчеттук мезгил ичинде кабыл алынган жаңы сунуштоочулардын саны тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт; 

- «Отчеттук мезгил ичиндеги жаңы пайдалануучулар жөнүндө маалымат» деген сапта отчеттук мезгил ичинде кабыл алынган жаңы пайдалануучулардын саны тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт; 

- «Жигердүү кредиттик субъекттердин саны жөнүндө маалыматтар» деген сапта ушул отчеттук мезгил ичинде колдонуудагы кредиттик келишимдер боюнча кредиттик маалымат субъекттерин төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен саны: 

А) жеке адамдар саны; 

Б) юридикалык жактар саны; 

В) жеке ишкерлер саны; 

- «Талап менен кайрылган пайдалануучулардын саны жөнүндө маалыматтар» сабында талап менен кайрылган пайдалануучулардын саны көрсөтүлөт; 

- «Ошол отчеттук мезгил ичинде бардык пайдалануучулар тарабынан берилген талаптардын саны тууралуу маалыматтар» сабында бардык пайдалануучулардан келип түшкөн талаптардын жалпы саны көрсөтүлөт; 

- «Дал келүү коэффициенти %» сабында маалыматты сунуштоо менен канча талап канааттандырылгандыгы пайыз түрүндө (маалымат базасынан) көрсөтүлөт; 

- «Бардык пайдалануучулар жеке адамдар кайрылган талаптардын саны тууралуу маалыматтар» сабында төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен талаптардын саны көрсөтүлөт: 

А) жеке адамдар саны; 

- «Талаптардын саны юридикалык жактар» сабында төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен талаптардын саны көрсөтүлөт:  

Б) юридикалык жактар саны; 

- «Талаптардын саны жеке ишкерлер» сабында төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен талаптардын саны жөнүндө маалымат чагылдырылат: 

В) жеке ишкерлер саны; 

- «Талап менен кайрылуу себептерине бөлүштүрүү менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү»: 

А) эгерде кардар насыя алуу үчүн кайрылса - саны; 

Б) кредиттик маалымат субъектисинен карыздарды өндүрүү себеби боюнча - саны; 

В) алдын ала баа берүү жана маркетинг максаттарында маалымат топтоо - саны; 

Г) кредитор менен карыз алуучу ортосунда соттук териштирүүлөр боюнча - саны; 

- башка себептер улам (жогоруда белгиленбеген кайсы болбосун башка себептер боюнча) - саны. 

3-глава. В1. Кредиттик бюронун иши 

3. Кредиттик бюронун иши тууралуу отчет

- «Маалымат сунуштоочулардын/пайдалануучулардын аты-жөнү/аталышы» тилкесинде төмөнкүдөй маалымат камтылууга тийиш (бардык кредиттик маалымат сунуштоочулардын жана алуучулардын аты-жөнү/аталышы): 

- аты-жөнү эгер жеке адам болсо; 

- иштеген жери; 

- кызматы; 

- сунуштоочулардын аталышы эгерде юридикалык жак болсо; 

- пайдалануучулардын аталышы эгерде юридикалык жак болсо.  

- «Түрү» деген тилкеде юридикалык жактардын түрлөрү көрсөтүлөт (банктар, микрофинансылык уюмдар, башка банк эмес финансы-кредит уюмдары, соода уюмдары, уюлдук компаниялар жана кредиттик бюро келишим түзгөн маалымат сунуштоочулардын кайсы болбосун башка түрлөрү).  

- «Сунуштоочудан алынган жазуулар» деген тилке үч тилкеге бөлүнөт, алар маалымат алынган субъект түрлөрү тигил же бул сунушточудан алынгандыгы боюнча толтурулат: 

А) жеке адамдар; 

Б) юридикалык жактар; 

В) жеке ишкерлер.  

- «Кабыл алынбаган жазуулар %» тилкеси - андан келип түшкөн жазуулар кабыл алынбаган (тигил же бул себептерден улам алынбай калган) сунуштоочуга тиешелүү тилке толтурулат. 

- «Келип түшкөн талаптар» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде кабыл алынган талаптар боюнча үч тилке камтылат: 

А) жеке адамдар; 

Б) юридикалык жактар; 

В) жеке ишкерлер.  

- «Дал келүү коэффициенти %» тилкесинде келип түшкөн талапка маалымат берүү менен канааттандырылган талаптар пайыздык катышта көрсөтүлөт. 

- «Кол коюлган кредиттик келишимдер» тилкесинде ошол отчеттук мезгилде кредиттик келишимдерди түзгөн субъекттер боюнча үч тилке камтылат: 

А) жеке адамдар; 

Б) юридикалык жактар; 

В) жеке ишкерлер.  

- «Четке кагылган кредит алууга билдирмелер» тилкесинде төмөнкү жактардын четке кагылган билдирмелеринин саны камтылат: 

А) жеке адамдар; 

Б) юридикалык жактар; 

В) жеке ишкерлер.  

4-глава. В2. Карыз алуучулардын саны жана колдонуудагы кредиттик келишимдер тууралуу маалымат 

4. Карыз алуучулардын саны жана колдонуудагы кредиттик келишимдер тууралуу отчет:  

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредит сунуштаган банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана башка кредиторлордун аталышы камтылат.  

- «Карыз алуучулар» тилкесинде ар бир кредитор боюнча карыз алуучулардын саны камтылат. 

- «Колдонуудагы кредиттик келишимдер - саны» тилкеси субъект-карыз алуучулар боюнча үч тилкеге бөлүнөт. Мында ар бир кредитордун субъекттеринин түрлөрүнүн саны толтурулат. 

А) жеке адамдар; 

Б) юридикалык жактар; 

В) жеке ишкерлер.  

- «Колдонуудагы кредиттик келишимдер карыз алуучулардын айрым категориялары боюнча карыздын жалпы суммасы» тилкесинде ар кандай субъект-карыз алуучулар боюнча жалпы сумма чагылдырылат: 

А) жеке адамдар суммасы; 

Б) юридикалык жактар суммасы; 

В) жеке ишкерлер суммасы.  

- «Кредиттердин колдонуудагы түрлөрүнүн саны» тилкесинде жеке ишкерлердин кредиттеринин санын топко берилген кредиттердин санына бөлүү камтылат.  

- «Кредиттердин колдонуудагы түрлөрүнүн суммасы» тилкесинде ар бир кредитордун өз алдынча берилген жана топко сунушталган кредиттерин суммаларга бөлүү менен чагылдырылат. 

 

5-глава. В3. Колдонуудагы кредиттик келишимдер 

 

5. Колдонуудагы кредиттик келишимдер жөнүндө отчет (камсыздалгандыгы жана сунушталган валюта түрлөрү боюнча):  

- «Кредитордун аталышы» деген тилкеде кредиторлордун-сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат.  

- «Колдонуудагы кредиттердин саны» тилкесинде ар бир кредитордон алынган камсыздалган жана камсыздалбаган кредиттердин санына бөлүп камтылат. 

- «Колдонуудагы кредиттер боюнча карыздын жалпы суммасы» тилкесинде ар бир кредитордон алынган камсыздалган кредиттер боюнча карыз суммасы жана камсыздалбаган кредиттер боюнча карыз суммасы боюнча тилкелерге бөлүп көрсөтүлөт. 

- «Колдонуудагы кредиттердин саны» тилкесинде ар бир кредитордон улуттук валютада алынган кредиттердин саны жана чет өлкө валютасында алынган кредиттердин саны камтылат.  

- «Колдонуудагы кредиттер боюнча карыздын жалпы суммасы» тилкесинде ар бир кредитордон улуттук валютада алынган кредит боюнча карыз суммасы жана чет өлкө валютасында алынган кредит боюнча карыз суммасы тилкелерге бөлүп көрсөтүлөт. 

6-глава. С1. Кредиттик ишке талдап-иликтөөлөр кредиттерди түрлөргө бөлүштүрүү менен жаңы берилген кредиттер (акыркы отчеттук мезгил үчүн) 

6. Кредиттерди түрлөргө бөлүштүрүү менен жаңы берилген кредиттер жөнүндө отчетто:Отчеттун биринчи формасы: 

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Берилген кредиттер саны» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде субъекттерге берилген кредиттердин саны төмөнкүлөргө бөлүштүрүлүп чагылдырылат: 

А) жеке адамдар; 

Б) жеке ишкерлер; 

В) юридикалык жактар. 

- «Кредиттик келишимдер карыз алуучулардын айрым категориялары боюнча карыздын жалпы суммасы» тилкесинде ошол отчеттук мезгилде карыз суммалары боюнча маалымат субъекттер боюнча чагылдырылат: 

А) жеке адамдар карыз суммасы; 

Б) жеке ишкерлер карыз суммасы; 

В) юридикалык жактар карыз суммасы.  

- «Берилген кредиттердин түрлөрү боюнча саны» тилкесинде жеке кредиттер жана топко сунушталган кредиттер боюнча маалымат камтылат. 

- «Берилген кредиттердин түрлөрү боюнча көлөмү» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде сунушталган жеке кредиттер жана топко сунушталган кредиттердин суммасы камтылат. 

Отчеттун экинчи формасы: 

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Берилген кредиттердин саны» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде берил-ген кредиттердин саны төмөнкүлөр боюнча бөлүп көрсөтүлөт: 

А) камсыздалган кредиттер; 

Б) камсыздалбаган кредиттер.  

- «Камсыздалган кредиттердин көлөмү» тилкесинде отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин суммалары боюнча маалымат камтылат: 

А) камсыздалган кредиттер; 

Б) камсыздалбаган кредиттер.  

- «Берилген кредиттердин саны» тилкесинде отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин саны боюнча маалымат камтылат: 

А) улуттук валютада; 

Б) чет өлкө валютасында.  

- «Берилген кредиттердин көлөмү» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин суммалары боюнча маалымат камтылат: 

А) улуттук валютада; 

Б) чет өлкө валютасында.  

7-глава. С2. Кредиттик ишке талдап-иликтөөлөр берилген кредиттерди суммалары боюнча бөлүштүрүү менен жаңы берилген кредиттер  

7. Берилген кредиттерди суммалары боюнча бөлүштүрүү менен кредиттик ишке талдап-иликтөөлөр жөнүндө отчетто, ошол отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттер жана алар тууралуу маалымат кредиттик бюрого келип түшкөн кредиттер жөнүндө маалымат камтылат.  

Отчеттун биринчи формасы: 

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Берилген кредиттер наркы» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин суммасы боюнча маалымат чагылдырылат. 

- «Келишимдерди түрү боюнча бөлүштүрүү менен наркы» тилкесинде төмөнкү суммаларда берилген келишимдер боюнча ошол отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин суммалары боюнча маалымат камтылат: 

А) 30 миң сомго чейин/отчет берилген күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча 500 шарттуу бирдикке чейин; 

Б) 31 ден 60 миң сомго чейин/501 ден 1000 шарттуу бирдикке чейин; 

В) 61 ден 100 миң сомго чейин/1 миң 1ден 2000 шарттуу бирдикке чейин; 

Г) 101 ден 300 миң сомго чейин/2001 ден 5000 шарттуу бирдикке чейин;  

…… отчеттук формада көрсөтүлгөн ушул градация боюнча.  

Отчеттун экинчи формасы: 

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Берилген кредиттер саны» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин саны боюнча маалымат чагылдырылат. 

- «Валюта түрлөрү боюнча бөлүштүрүлгөн келишимдердин саны» тилкесинде төмөнкү суммаларда берилген келишимдер боюнча ошол отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттердин саны боюнча маалымат камтылат: 

А) 30 миң сомго чейин/ отчет берилген күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча 500 шарттуу бирдикке чейин; 

Б) 31 ден 60 миң сомго чейин/ 501 ден 1000 шарттуу бирдикке чейин; 

В) 61 ден 100 миң сомго чейин/1 миң 1ден 2000 шарттуу бирдикке чейин; 

Г) 101 ден 300 миң сомго чейин/2001 ден 5000 шарттуу бирдикке чейин;  

…… отчеттук формада көрсөтүлгөн ушул градация боюнча.  

 

8-глава. С3. Кредиттик ишке талдап-иликтөөлөр кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү боюнча бөлүштүрүү менен жаңы берилген кредиттер  

 

8. Кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү боюнча бөлүштүрүү менен кредиттик ишке талдап-иликтөөлөр жөнүндө отчетто ошол отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттер жана алар тууралуу маалымат кредиттик бюрого келип түшкөн кредиттер жөнүндө маалымат камтылат: 

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Берилген кредиттер саны - жеке адамдар» тилкесинде отчеттук мезгил ичинде жеке адамдарга берилген кредиттердин саны боюнча маалымат чагылдырылат. 

- «Келишимдерди мөөнөтү боюнча бөлүштүрүү менен саны» тилкесинде ошол отчеттук мезгил ичинде түзүлгөн, мөөнөтү боюнча бөлүштүрүлгөн келишимдердин санына тиешелүү маалымат камтылат: 

А) 3 айга чейин; 

Б) 3 айдан 6 айга чейин; 

В) 6 айдан 12 айга чейин; 

….. андан ары отчеттун формасында көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык.  

 

9-глава. D1. Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөөлөр келишимдерди саны боюнча бөлүштүрүү менен мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер 

 

9. Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөөлөр: 

келишимдерди саны боюнча бөлүштүрүү менен мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө отчетто мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

Биринчи формасы: 

- «Кредиттик продукттар боюнча» тилкесинде кредиттик продукттардын (ипотека, керектөө кредиттери жана башкалар) түрлөрү камтылат.  

- «Келишимдердин саны (бардыгы болуп)» тилкесинде кредиттик продукттар боюнча кредиттердин саны тууралуу маалымат чагылдырылат. 

- «Акыркы төлөө ишке ашырылган (негизги сумма, пайыз, айыптык төлөм жана туумдар) учурдан бери мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат» тилкесинде мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер мөөнөттөрү боюнча ячейкаларга бөлүп көрсөтүлөт: 

А) күндөлүк; 

Б) төлөө мөөнөтү 1 күндөн 29 күнгө чейин өткөрүлгөн; 

В) төлөө мөөнөтү 30 күндөн 59 күнгө чейин өткөрүлгөн; 

….. чейин 

Г) эсептен алынып салынган кредиттер, отчеттук күнгө карата эсептен алынып салынган кредиттердин саны көрсөтүлөт. 

Экинчи форма: 

- «Региондор боюнча» тилкесинде Кыргыз Республикасынын региондорунун (областтар, Бишкек жана Ош шаарлары) чегерүүлөрү чагылдырылат. 

- «Келишимдердин саны (бардыгы болуп)» тилкесинде Кыргыз Республикасынын ар бир регионундагы келишимдердин саны жөнүндө маалымат камтылат. 

- «Акыркы төлөө ишке ашырылган (негизги сумма, пайыз, айыптык төлөм жана туумдар) учурдан бери мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат» тилкесинде региондор боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин саны, мөөнөттөрү боюнча өз-өзүнчө чагылдырылат: 

А) күндөлүк; 

Б) төлөө мөөнөтү 1 күндөн 29 күнгө чейин өткөрүлгөн; 

В) төлөө мөөнөтү 30 күндөн 59 күнгө чейин өткөрүлгөн; 

…… 

Г) эсептен алынып салынган кредиттер.  

Үчүнчү форма: 

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Келишимдердин саны (бардыгы болуп)» тилкесинде ар бир кредитор боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин саны тууралуу маалымат чагылдырылат. 

- «Акыркы төлөө ишке ашырылган (негизги сумма, пайыз, айыптар жана туумдар) учурдан бери мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат» тилкесинде ар башка кредиторлордун мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттери мөөнөттөрү боюнча саны өз-өзүнчө чагылдырылат: 

А) күндөлүк; 

Б) төлөө мөөнөтү 1 күндөн 29 күнгө чейин өткөрүлгөн; 

В) төлөө мөөнөтү 30 күндөн 59 күнгө чейин өткөрүлгөн; 

…..чейин 

Г) эсептен алынып салынган кредиттер.  

 

10-глава. D2. Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөөлөр кредит суммасынын калдыгы боюнча салмактанган мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер 

 

10. Кредиттин аткарылышына талдап-иликтөөлөр кредит суммасынын калдыгы боюнча салмактанган мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө отчет:  

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Келишимдердин саны (бардыгы болуп)» тилкесинде кредиторлор (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин саны тууралуу маалымат чагылдырылат. 

- «Акыркы төлөө ишке ашырылган (кредит боюнча карыздын калдыгы боюнча салмактанып алынган) учурдан бери мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат» тилкесинде формада көрсөтүлгөн ар башка мөөнөттөр жана эсептен алынып салынган кредиттер боюнча калдык суммалары боюнча маалымат камтылат.  

 

11-глава. D3. Кредит портфелинин саны боюнча талдап-иликтөөлөр кредиттик тобокелдик көрсөткүчтөрү 

 

11. Кредит портфелине талдап-иликтөөлөр жөнүндө отчет:  

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Келишимдердин саны (бардыгы болуп)» тилкесинде ар бир кредитордогу кредиттердин саны тууралуу маалымат чагылдырылат. 

- «Параллель кредиттер» тилкесинде параллель кредиттердин (бир же ар башка кредиттик уюмдарда бир нече кредиттин болушу) саны тууралуу маалымат көрсөтүлөт жана алар ячейкаларга бөлүп көрсөтүлөт: 

А) 2 кредиттик келишим түзгөн кардарлар тууралуу; 

Б) 3 кредиттик келишим түзгөн кардарлар тууралуу; 

В) 3төн ашык кредиттик келишим түзгөн кардарлар тууралуу.  

- Кредиттердин статусу боюнча саны тилкесинде төмөнкүчө бөлүштүрүлгөн кредиттердин саны тууралуу маалымат берилген: 

А) мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер саны; 

Б) реструктуризацияланган кредиттер саны; 

В) соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткан кредиттер саны; 

Г) орду жабылган кредиттер саны; 

Д) эсептен алынып салынган кредиттер саны.  

 

12-глава. D4. Кредит портфелинин суммаларына талдап-иликтөөлөр кредиттик тобокелдик көрсөткүчтөрү  

 

12. Кредит портфелинин суммаларына талдап-иликтөөлөр жөнүндө отчет: 

- «Кредитордун аталышы» тилкесинде кредитор-маалымат сунуштоочулардын (банктар, микрофинансылык уюмдар жана башкалар) тизмеги камтылат. 

- «Жалпы карыз (бардыгы болуп)» тилкесинде кредиторлор боюнча жалпы карыздын суммасына тиешелүү маалымат чагылдырылат. 

- «Кредиттердин статусу боюнча жалпы карыз» тилкесинде кредиттердин төмөнкүлөр боюнча карыз суммасы тууралуу маалымат көрсөтүлөт: 

А) мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер - суммасы; 

Б) реструктуризацияланган кредиттер суммасы; 

В) соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткан кредиттер суммасы; 

Г) орду жабылган кредиттер суммасы; 

Д) эсептен алынып салынган кредиттер суммасы.