Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 29-декабрындагы  

№ 2021-П-12/75-1-(БС) токтомуна карата  

тиркеме 

Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө  

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Жалпы жоболор  

1. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын талаптарынын сактоо үчүн коммерциялык банктардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн, төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, анын ичинде алар банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонгон атайы терминологияны эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - банктык кызматтарды сунуштоочу жактар) кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын түзүүгө карата системалуу ыкманы камсыз кылуу, ошондой эле банктык кызматтарды сунуштаган жактар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүзөгө ашырууга карата минималдуу талаптарды белгилөө ушул жобонун максаты болуп саналат.  

Жобонун талаптары пункттарда жана бөлүктөрдө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу жактарга карата колдонулат.  

2. Ушул жобонун максатында:  

Баа түзүү саясаты - бул банктык кызматтарды сунуштаган жактын ар кандай банктык кызмат көрсөтүүлөргө (продукттарга) жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарга баа түзүү (бааны белгилөө) процессин жөнгө салган ички ченемдик документтеринде белгиленүүгө тийиш болгон банктык кызматтарды сунуштаган жактын баа түзүү стратегиясын аныктоого жана аларды рынок конъюнктурасынын өзгөрүүсүнө жараша өзгөртүүгө багытталган иши.  

Маркетингдик иш-чаралар - коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) рынокто атаандашууга жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында рынокту жана керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын изилдөөгө, иликтөөгө, талдоого, банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоого жана жайылтууга, ошондой эле кардарларды кызыктырууга жана жаңы кардарларды тартууга багытталган иши.  

3. Пайыздык чен өлчөмү жана комиссиялык сый акылар, ошондой эле микрофинансылык уюмдар сунуштаган банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык кызматтарды сунуштаган жактар тарабынан өз алдынча белгиленет.  

Банктык кызматтарды сунуштаган жактардын кызмат көрсөтүү үчүн алган комиссиялык жана башка төлөмдөрү төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө;  

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн өзүнчө жана көз карандысыз болууга;  

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө.  

4. Төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын (банк болуп саналбаган) эске албаганда, банктык кызматтарды сунуштаган жактарга аффилирленген жак жана банк менен байланыштуу жак, ошондой эле товардык белгинин ээси болгон кайсы болбосун башка жак менен, эгерде мындай келишим боюнча анын бир бөлүгүнө же толугу менен пайдага ээ болуучу катары көрсөтүлгөн жак саналса, акы төлөө негизинде товардык белгини пайдаланууга келишим түзүүсүнө тыюу салынат.  

2. Банктык кызматтарды сунуштаган жактардын баа түзүү саясатына карата талаптар 

5. Банктык кызматтарды сунуштаган ар бир жак ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан (банктар үчүн - директорлор кеңеши тарабынан, ал эми банктык кызматтарды сунуштаган башка жактар үчүн - ыйгарым укуктуу башкаруу органы/жак тарабынан) бекитилген баа түзүү саясатын иштеп чыгууга тийиш.  

6. Аткаруу органы (банктар үчүн - Башкарма тарабынан, ал эми банктык кызматтарды сунуштаган башка жактар үчүн - ыйгарым укуктуу аткаруу органы/жак тарабынан) баа түзүү саясатынын иштелип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн жооптуу болуп саналат.  

7. Банктык кызматтарды сунуштаган жактын иш өзгөчөлүгүнө жараша баа түзүү саясатында төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн:  

1) баа берилген тобокелдиктерди эске алуу менен жана сый акыны негиздөө менен активдүү жана пассивдүү операцияларды жүзөгө ашырууда банктык кызматтарды сунуштаган жактын баа түзүү саясатынын максаттары жана милдеттери;  

2) банктык төлөм кызматтарына жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарга суроо-талапка жана бааларга рыноктук талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар;  

3) банктык кызматтарды сунуштаган жак тарабынан белгиленген рентабелдүүлүк деңгээлине жетүү үчүн пайыздык чендер, анын ичинде пайыздык жана пайыздык эмес чыгашалар түзүмүнүн түптөлүшүн талдап-иликтөөгө карата талаптар;  

4) кредиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендер (тартылган каражаттардын наркын, кредитти тейлөө наркын, операциялык чыгашаларды, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга кам түзүүгө кеткен чыгашаларды, салыктарды, план чегинде пайда алуу ченемин (маржаны) жана банктык кызматтарды сунуштаган жактардын объективдүү факторлор, регионалдык жана башка иш өзгөчөлүктөрү менен шартталган башка сарптоолорду кошо алганда) жана банктык кызматтарды сунуштаган жак үчүн пайыздык чендердин алгылыктуу төмөнкү жана жогорку чектери калыптанган компоненттерди чечмелөөгө карата талаптар, ошондой эле аларды колдонуу жана мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыгуу тартибине карата талаптар;  

5) депозиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендер, банктык кызматтарды сунуштаган жак үчүн пайыздык чендердин алгылыктуу төмөнкү жана жогорку чектери калыптанган компоненттерин чечмелөөгө карата талаптар жана аларды колдонуу жана мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыгууга карата талаптар;  

6) башка банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн жана микрофинансылык уюмдардын тарифтер, комиссиялык жыйымдар, белгиленген төлөмдөр түрүндө кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын негиздөөгө карата талаптар жана аларды колдонуу жана мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыгууга карата талаптар;  

7) банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө жана микрофинансылык уюмдардын банктык кызматтарды сунуштаган жактарга кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды аныктоо ыкмасын тандоону негиздеп берүү, ошондой эле банктык кызматтарды сунуштаган жактардын бизнес жүргүзүүсүнүн реалдуу өбөлгөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө негизденген ыкмаларга карата талаптар;  

8) банктык кызматтарды сунуштаган жактардын башкаруу органдарынын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктары, алардын баа түзүү саясатынын максаттарына жетишүү жана банктык кызматтарды сунуштаган жактардын баа түзүү саясатын ишке ашыруусуна жоопкерчилиги;  

9) банктык кызматтарды сунуштаган жактардын баа түзүү саясатына мониторинг жүргүзүүгө, контролдоого жана анын натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар;  

10) банктык төлөм кызматтарын жана микрофинансылык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттары, банктык кызматтарды сунуштаган жактардын колдонуудагы пайыздык чендерин, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кардарларга өз учурунда маалымдоого карата талаптар;  

11) колдонуудагы тарифтерге мезгил-мезгили менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларды кайрадан карап чыгуу жана ыйгарым укуктуу башкаруу органынын кароосуна сунуштоо талаптары.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Банктардын маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүсүнө карата талаптар  

8. Банктар маркетингдик стратегиясын/саясатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз алдынча аныктайт.  

9. Банктар ушул Жобонун талаптарын эске албаганда, өз ишинде маркетинг инструменттерин жүзөгө ашырууда чектелген эмес.  

10. Банктар маркетингдик иш-чараларын жүргүзүүдө монополияга каршы жөнгө салуу, жарнамалоо, атаандаштык, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын сактоого, ошондой эле банктын ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш болгон ишкердик жана кесиптик ишти жүргүзүү этикасынын ченемдерин сактоого тийиш.  

11. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий интернет-сайттарда жана башка маалымат таркатуучуларда (жарнама буклеттери, жол четиндеги билборддор, стенддер жана башкалар) жарыялануучу банк, банктык продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, пайыздык чендердин өлчөмү, комиссиялык сый акысы жана тарифтер тууралуу маалымат, ошондой эле кардарларга консультация берүүдөгү маалымат алардын жаңылышуусуна жол бербөө үчүн толук жана анык болууга тийиш. 

Эгерде банктын жарнамасында толук маалыматты көрсөтүү мүмкүн болбосо, жарнакта тиешелүү кызматтарды сунуштоо шарттары жөнүндө толук маалыматты камтыган расмий интернет-сайтка же башка маалымат каражаттарына шилтеме келтирилүүгө тийиш.  

Банктын жарнамасында Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык анын толук аталышы жана лицензиясынын номери камтылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Банктын жарнамасында саясий мүнөздөгү маалымат, саясий партиялар жана шайлануучу кызматтарга талапкерлер жөнүндө маалымат, ошондой эле саясий маанидеги башка маалымат камтылуусуна жол берилбейт. 

13. Банк, анын продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө жарнаманы саясий ишке, шайлануучу кызматка талапкерлердин жана саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жерлерге жана иш-чараларында жайгаштырууга жана жарыялоого жол берилбейт.  

14. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө кайсы гана жарнама же басылма болбосун, анын жарыялоо ыкмасына жана ордуна карабастан, коммуникациянын (мисалы: банктын расмий интернет-сайты, телефон номерлери, социалдык түйүндөр, мессенджерлер, электрондук почта ж.б.) жеткиликтүү каналдары тууралуу маалыматты камтууга тийиш.  

15. Банк кардардын/кардарлардын сүрөттөрүн жана видео, аудио жаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик материалдарда жана башка коомчулукка жарыялоо максатында пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын/кардарлардын макулдугун алууга тийиш.  

16. Маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүдө банкка төмөнкүлөргө тыюу салынат:  

- Кыргыз Республикасынын "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, лотереянын кайсы болбосун түрүн уюштурууга;  

- "оюн-зоок" иш-чараларын уюштурууга (анын шарты катышуучулардын ортосунда мелдешти камтыган капыстан утушка ээ болуу, утушка ээ болбоо мүмкүнчүлүгүн берүүчү, тобокелдүү иш-чара);  

- лотереяларды, утуштарды жана оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө демөөрчү болууга;  

- лотереялык билеттерди таркатууга катышууга;  

- кайсы болбосун лотереяны, анын жеңүүчүлөрүн, утуштарды жана башка оюн-зоок иш-чараларын жарыялоого, жарнамалоого жана ачыкка чыгарууга.  

17. Банктар лотерея өткөрүүдө юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга банктык эсептерди ачууга укуктуу.  

18. Кардарларды шыктандыруу, дем берүү, жаңы кардарларды тартуу, ошондой эле продукттарды жана банктык кызматтарды пайдалануу деңгээлин жогорулатуу максатында банктар демилгелөөчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүүгө укуктуу.  

Банктын демилгелөөчү иш-чаралары/акциялары дегенден улам ушул Жобого ылайык тыюу салынбаган, кардарларды шыктандыруунун, дем берүүнүн ар кандай инструменттери аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы кардарларды тартууга багытталган иш-чараны түшүнүүгө болот.  

19. Банктын демилгелөөчү иш-чараларында/акцияларында төмөнкү белгилер болбоого тийиш:  

- уткан катышуучуларды кокустан аныктоого;  

- "оюн-зоок" мүнөзүндө болбоого;  

- акы төлөп катышууга.  

20. Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптерин сактоо үчүн банк менен аффилирленген/байланыштуу жактарга демилгелөөчү иш-чараларга/акцияларга катышууга тыюу салынат.  

21. Банктын демилгелөөчү иш-чараларды/акцияларды өткөрүү тартиби/эрежелери, субъекттер тизмеги (катыша алган), катышуу тартиби, жеңүүчүнү аныктоо шарттары, утушту аныктоо, бюджет түзүү жана өткөрүлүүчү иш-чарага/акцияга карата талаптар камтылган документтерге ылайык өткөрүлүүгө тийиш.  

22. Демилгелөөчү иш-чара/акция өткөрүү жөнүндө банктын кулактандыруусунда төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:  

- демилгелөөчү иш-чаранын аталышы;  

- демилгелөөчү иш-чараны уюштуруучу тууралуу маалыматты;  

- өткөрүү шарттары;  

- өткөрүү мезгили;  

- катышуучуларга карата талаптар;  

- жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби;  

- жеңүүчүлөрдүн байге алуу тартиби;  

- катышуучулардын укуктары жана милдеттери;  

- уюштуруучунун укуктары жана милдеттери;  

- башка шарттар.  

23. Демилгелөөчү иш-чараларды өткөрүү жыйынтыгы милдеттүү түрдө банктын расмий интернет-сайтында, ошондой эле анын тандоосу боюнча коммуникациялык башка каналдарга жана маалымат булактарында жарыяланууга тийиш.  

24. Маркетингдик иш-чараларды өткөрүүдө утушка ээ болгон катышуучуларды капыстан аныктоо белгиси аккаунттарды кеңири жайылтуу жана ага киргендердин санын көбөйтүү жана банкка болгон кызыкчылыкты арттыруу максатында социалдык түйүндөрдө өткөрүлгөн акцияларга тиешелүү эмес. Мындай акцияларга катышуу шарты катары банктык продуктту же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу болбоого тийиш.  

4. Корутунду жоболор  

25. Банктык кызматтарды сунуштаган жак тарабынан ишке ашырылган баа түзүү саясаты жана маркетинг саясаты ачык-айкын болууга, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу, жеке маалыматтарды коргоо, банктык сыр чөйрөсүндөгү, ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагында мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.  

26. Баа түзүү саясаты ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактын ишинин натыйжаларын жана жаңы багыттарды эске алуу менен жылына кеминде бир жолу кайра каралуусу жана бекитилүүсү зарыл.  

27. Банктык кызматтарды сунуштаган жактар Улуттук банктын талабы боюнча баа түзүү саясатын жана ички документтерди сунуштоого тийиш.  

Эгерде депозиттер жана кредиттер боюнча декларациялануучу пайыздык чендерге өзгөртүү киргизилсе, банктык кызматтарды сунуштаган жак 7 (жети) жумуш күнү ичинде аталган өзгөртүүлөрдүн себебинин толук негиздемесин көрсөтүү менен тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө билдирүү менен ички документтерди (банктык кызматтарды сунуштаган жактын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген протоколдун жана чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоосу зарыл.  

Эгерде тарифтик саясатына өзгөртүү киргизилсе, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 10 (он) жумуш күнү ичинде аталган өзгөртүүлөрдүн себебинин толук негиздемесин көрсөтүү менен киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө билдирүү менен ички документтерди (төлөм системаларынын операторунун, төлөм уюмунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген протоколдун жана чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоосу зарыл.  

28. Улуттук банк банктык кызматтарды сунуштаган жактардын баа түзүү саясаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүнө талдап-иликтөө жүргүзөт.  

29. Банктардын маркетингдик иши негизги максаттарды жана милдеттерди көздөөгө, банктын аброюна жана экономикалык ченемдерине терс таасирин тийгизбөөгө жана банктын мүмкүнчүлүгүнө жана финансылык абалына ылайык келүүгө тийиш.  

30. Маркетингдик иш-чараларды жүргүзүү боюнча талаптар бузулган учурда, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.