Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 14-августундагы  

№ 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна карата 

1-тиркеме 

Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы N 2022-П-12/78-10-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД), ошондой эле шектенүүгө түрткү берген белгилер байкалган операцияларды жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, "ислам терезесине" ээ банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсында, турак жай-аманат кредиттик компанияларда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкында (мындан ары - банктар) ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо максатында иштелип чыккан. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) банктардын ишине ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу маселеси боюнча инспектирлөөнү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт. 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар 

3. Ушул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: 

Бенефициардык менчик ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укукка ээ болгон же кардарды контролдукка алган жеке адам же болбосо анын атынан же анын таламында операция жүргүзгөн (бүтүмгө келишкен) жеке адам. 

Жакын туугандары (улуттук кеңири белгилүү кызмат адамы алардын жашап, тиричилик кылуусу, билим алуусу, саламаттыгын чыңдоосу жана башка турмуштук зарыл чыгашаларынын ордун жаап берүү үчүн финансылык сарптоолорду жумшаган ата-энеси, асырап алгандар, асыранды балдары, аталаш (энелеш) ага-инилери, эже-карындаштары, чоң ата, чоң апасы/таята, таенеси, неберелери). 

Верификация - бул кардарга жана/же бенефициардык менчик ээсине тиешелүү тастыкталган маалыматтарды текшерүү жол-жобосу. 

Жогорку тобокелдиктер сакталып турган өлкө - бул "арам" акчанын изин жашырууга, терроризмди каржылоого жана массалык кырып жок кылуучу куралдарды таркатууну каржылоого каршы аракеттенүү жагында эл аралык деңгээлде кабыл алынган стандарттарды жетиштүү колдоно албай жаткан же колдонбогон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук аймактар. 

Контролдукка алынып жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо - бул, банкта ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу баскычы. Анда контролдукка алынып жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ал тууралуу финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо процесси камтылат. 

ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы - банкта ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган, идентификацияланууга, верификацияланууга, аныкталууга, катталууга тийиш болгон бардык маалыматтарды топтоп, аларды финансылык чалгындоо органына берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кызмат адамы. 

Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы өз функцияларын дароо аткаруу максатында анын карамагында иштеген кызматкерлерге ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу. Мындай учурда кызмат адамы өз функцияларын талапка ылайык аткаруу жоопкерчилигинен бошотулбайт. 

Идентификация - бул, кардар жана/же бенифициардык менчик ээсине тиешелүү идентификациялык маалыматтарды аныктоо жол-жобосу. 

Финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы. 

Шектүү операция (бүтүм) - бул, төмөндө көрсөтүлгөн белгилер байкалган операция (бүтүм): 

а) түшкөн каражаттын кылмыш жолу менен алынгандыгына, анын ичинде кылмышка барууну шарттаган жагдайлардан же ушундай жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу алынган киреше экендигине шектенүүлөр орун алса же ага жетиштүү негиздер болсо; 

б) алынган каражаттар: 

- террористтерди жана экстремисттерди; 

- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду); 

- террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого байланыштуу алынган каражат экендигине шектенүүлөр же жетиштүү негиздер болсо. 

Операциянын (бүтүмдүн) шектүү экендиги, кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен ишке ашырылган операциялар ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдардын алкагында ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамы тарабынан аныкталат. 

Ички контролдук программасы - Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын аткаруу максатында банк тарабынан колдонулган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы. 

Таанымал кызмат адамы - төмөндө келтирилген жеке адамдардын бири: 

а) чет өлкөлүк таанымал кызмат адамы - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик же саясый милдеттерди аткарган же аткарып жаткан адам (мамлекет же өкмөт башчысы, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөр түзүмүндө, мамлекеттик органдарда, ишканаларда же мекемелерде жогорку кызматтарды ээлеген адам, көрүнүктүү саясый ишмерлер, анын ичинде саясый партиялардын көрүнүктүү ишмерлери); 

б) улуттук таанымал кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, республикада саясый жана атайы мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген же аркалап жаткан адамдар, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жетекчилери, көрүнүктүү саясый ишмерлер, анын ичинде саясый партиялардын көрүнүктүү ишмерлери; 

в) эл аралык уюмдардын таанымал кызмат адамдары - эл аралык уюмдардын маанилүү милдеттерин аткаруу аларга ишенип берилген же ыйгарылган жогорку кызмат адамдары (эл аралык уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары, уюмдардын башкармасынын мүчөлөрү же эл аралык уюмдарда ошондой эле кызматтарды ээлеген адамдар. 

Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алуу жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин басаңдатуу) ылайык тобокелдик жогору деңгээлде орун алган болсо, аларга карата чараларды күчөтүү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу. 

Санкциялык тизме - алардын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдар, юридикалык жактар, топтор жана уюмдар. 

Санкциялык тизме өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

а) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин; 

б) Бириккен Улуттук уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин. 

Санкциялык тизмени түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Алардын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдардын, юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги жөнүндө" жободо каралган. 

Максаттуу финансылык санкциялар - алардын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып, жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке адамдар, юридикалык жактар, топтор жана уюмдардын кандай болбосун операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана/же каражаттарына бөгөт коюу жана/же мындай жактарга, топторго жана уюмдарга кандай болбосун каражаттардан же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (тике же кыйыр түрдө) чектөө

"Экстремисттик иш-аракеттер" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамында камтылган нормаларга ылайык келет. 

"Ислам банкы", "Ислам терезесине" ээ банк, "ислам банк" иши жана каржылоо принциптери", "Шариат стандарттары", "Шариат кеңеши" - бул терминдер (атоолор) Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамдагы жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы түшүнүктөргө ылайык келет. 

Бул иш багытында колдонулган башка түшүнүктөр ушул главада чагылдырылган негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы N 2022-П-12/78-10-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3-глава. Банктын ПФТД/ЛПД жагындагы иши 

4. Туунду жана караштуу компанияларын кошо алганда, банктын ПФТД/ЛПД жагындагы иши төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: 

1) ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасын ишке ашырууну; 

2) банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдуктун ишине натыйжалуулугуна баа берилишин; 

3) ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын жана иштен бошоп кеткен шартта аны алмаштырган кызмат адамын дайындоо (кадр резервин түзүү); 

4) банктын ПФТД/ЛПД боюнча саясатын жүзөгө ашырууга катышуучу кызматкерлерди окутуу. 

5. Банктын Директорлор кеңеши банк башкармасы менен биргеликте террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү, ошондой эле банктын шектенүүгө түрткү берген белгилер байкалган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюу жагындагы иш натыйжалуулугун жана жагдайга шайкештигин камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

6. Директорлор кеңеши төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү

- ПФТД/ЛПД жагында түптөлгөн жагдайга шайкеш, натыйжалуу саясатты бекитүү

- ПФТД/ЛПД жагында ички контролдук программасын бекитүү, ошондой эле анын ишке ашырылышына контролдукту жүргүзүү

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу жагында чараларды аныктоо; 

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын дайындоо жана иштен бошотуу; 

- ички аудит кызматынын отчетун жана ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын отчетторун кароого алуу; 

- ички аудит кызматы тарабынан аныкталган жана ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамынын отчетунда көрсөтүлгөн бул багытта жүргүзүлгөн иштердеги кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды аныктоо жана алардын аткарылышын контролдоо. 

7. Банк Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү

- банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатын жана программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД жагында мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана контролдоо; 

- ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызматкерлерди окутууну камсыз кылуу; 

- ички контролдук чараларында, жол-жоболорунда жана системасында орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чараларды ишке ашырууну, ошондой эле көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын банктык эсептерди ачууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарын (анын ичинде кардарларды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо) аткарууну камсыз кылуу, эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен келишимдерди жокко чыгаруу. 

Банк башкармасы банктын шектенүүнү жараткан белгилер камтылган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюп, ага жол бербөө жагында таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш. 

4-глава. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасы 

8. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук программасы банктын ички контролдук системасынын бөлүгү болуп саналат жана өзүндө эң аз дегенде төмөнкүдөй иш-чараларды камтууга тийиш: 

1) чечим кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын жоопкерчиликтүүлүгү ыйгарым укугун аныктоого, ПФТД/ЛПД процессине тартылган адамдар жана түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда өз ара иш алып барууну жөнгө салууга жана отчет берүүнүн талап кылынышына багытталган ички контролдукту уюштуруу; 

2) тобокелдиктерди аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, тескөөгө алуу, төмөндөтүү жана алар боюнча документтерди түзүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; 

3) кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо; 

- кардар менен ишкердик мамилени түптөө максаты жана болжолдонуп жаткан мүнөзү боюнча маалыматтарды алуу; 

- бенефициардык менчик ээсин индентификациялоо жана аны верификациялоо үчүн алгылыктуу чараларды кабыл алуу; 

- кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо, алардын террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) максатында колдонулушу тобокелдигине айрыкча дуушарланышы мүмкүн болгон операцияларын, шектенүүнү жараткан белгилерге ээ болгон операцияларын аныктоо; 

- террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында банктын тобокелдикке айрыкча дуушарланышына мүмкүн болгон банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча операцияларын аныктоо (идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүү); 

- кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документтерде каттоо; 

- кардардын ишине жана анын финансылык абалына тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын жана документтердин сакталышын камсыз кылуу жана жаңылап туруу; 

- кардар менен ишкердик мамилени жөнгө салган бүтүндөй мезгил ичинде аны талаптагыдай текшерүүдөн туруктуу негизде өткөрүп туруу жана анын иши, финансылык абалы жана каражат табуу булактары, ошондой эле террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер мүнөзүнө, кардар жүргүзгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) талапка ылайык экендигине колдо болгон маалыматтардын негизинде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча жогоруда белгиленген чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерге баа берүү натыйжаларын эске алуу менен колдонулат. 

4) кардардын ишинен контролдукка алынып, ал тууралуу маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо; 

5) финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык кардардын ишинен шектүү операциялар белгилерине камтыган операцияларды, кардардын анын негиздүүлүгүн тастыктоосу же мындай операцияларды жүзөгө ашырууда шектенүүлөрдү четке кагуусу үчүн аныктоо; 

6) потенциалдуу кардарларга жана банк-корреспонденттерге эсеп ачуудан баш тартуу, ошондой эле кардарлардын эсептерин тейлөөнү, банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу тартибин жана алар үчүн негиздерди белгилөө

7) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу. 

Банк тарабынан операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылат; 

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө" жобо талаптарына ылайык, жогору тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата чараларды колдонуу; 

9) финансылык чалгындоо органына тиешелүү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү өз учурунда сунуштап туруу; 

10) операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтардын жана документтердин, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу; 

11) банктарды жана алардын алмашуу пункттарын кошпогондо, маалымкат-сертификат китепчелери болууга тийиш; 

12) банк ишине, анын ичинде кардарлардын операцияларына тиешелүү так жана аныкталган маалыматтардын оперативдүү негизде берилишин камсыз кылган маалымат системасын жөнгө салуу; 

13) Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД маселелери боюнча мыйзам талаптарынын банк тарабынан так сакталышын камсыз кылуу үчүн контролдукту жана мониторинг жүргүзүп туруу ишин жөнгө салуу; 

14) аткарган иш багыты олуттуу тобокелдикке дуушар болушу мүмкүн болгон банк кызматкерлерине (кассирлер, кредиттик инспекторлор, операциялык бөлүмдүн кызматкерлери ж.б.) контролдукту орнотуу, банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык иши боюнча нускоолорунда ПФТД/ЛПД саясатын ишке ашыруу жагында аткарылуучу милдеттерди чагылдыруу; 

15) Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД маселелери боюнча мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Банктар ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу саясатын иштеп чыгып, бекитилиши үчүн банктын Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштоого тийиш. Бул саясат банкта ички контролдук системасын уюштуруу жагындагы жалпы саясаттын бөлүгү болуп саналат. 

ПФТД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу саясатында банктын ПФТД/ЛПД боюнча ички системасын түзүү принциптери аныкталууга тийиш. 

10. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, чет өлкөлөрдө жайгашкан туунду жана караштуу компаниялар тарабынан ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун уюштурулушу жагында белгиленген талаптардын так сакталышы камсыз кылынууга тийиш. 

5-глава. Банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берилиши 

11. Банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна жылына кеминде бир жолу же болбосо банк операцияларында тобокелдик деңгээлине жана иш көрсөткүчтөрүнүн динамикасына жараша баа берилип турууга тийиш. 

12. Ички аудит кызматы ПФТД/ЛПДнын максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүүнү төмөнкүлөрдүн (эң аз дегенде) негизинде жүргүзөт: 

- ПФТД/ЛПД боюнча банктын саясаттарын, жол-жоболорун жана бул багытта ишти уюштурууну кошо алганда, ички контролдукту жөнгө салуунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн; 

- банкта орун алган тобокелдик деңгээлин аныктоо ыкмаларына баа берүүнүн; 

- ФТД/ЛПД тобокелдиктерине дуушар болуу тобокелдиктерге баа берүү жагында колдонулган чараларга жана ал тобокелдиктерди тескөөгө баа берүүнүн; 

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын, ошондой эле программалык камсыздоолорду банктын бул багытта кабыл алган саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келиши көз карашынан тесттен өткөрүү

- банктын ички аудит кызматы, тышкы аудит, Улуттук банк же финансылык чалгындоо органы тарабынан мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча банк жетекчилиги, башкармасы жана Директорлор кеңеши тарабынан көрүлгөн чараларга баа берүүнүн; 

- контролдукка алынып, ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана маалымдоодо колдонулган программалык камсыздоолорго баа берүүнү кошо алганда, ички контролдукка баа берүүнүн; 

- ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан даярдалып, Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталуучу отчеттордун Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга шайкештигин текшерүүнүн; 

- ПФТД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашырууга тартылган банк кызматкерлерин окутуу программаларынын талапка ылайыктуулугун текшерүүнүн. 

Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук системасынын сакталышы көз карашынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички аудитор сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат жана таанышып чыгуусу үчүн алар ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамына жөнөтүлөт. 

13. Банктын ички аудит кызматы аудитти сапаттуу жана ар тараптан жүргүзүү максатында ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө көрүлүп жаткан ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле бул багытта орун алып жаткан көйгөйлүү маселелер боюнча маалымат алуу ниетинде ПФТД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамы менен талкууларды өткөрөт. Ички аудитор банктын бардык материалдары жана отчеттору менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

14. Ички аудит кызматы жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалыматтарды кошо алганда, ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүү жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчетту даярдайт: 

1) террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер; 

2) ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программаларынын жана башка ички документтердин талаптарын бузууга жол берүүлөр; 

3) Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам талаптарын бузууга жол берүү

4) аныкталган кемчиликтерди четтетүү же аларга жол бербөө үчүн зарыл болгон чаралар. 

15. Ички аудитордун ПФТД/ЛПД максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча отчету, аныкталган кемчиликтер жана мындан ары аларга жол бербөө үчүн чара көрүү максатында отчетко кол койгондон кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталат. 

6-глава. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында кызмат адамынын дайындалышы 

16. ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле ички уюштуруу чараларын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу максатында Директорлор кеңеши кызмат адамын (мындан ары - ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы) дайындайт. Ал Директорлор кеңешине отчет берип турат. Директорлор кеңеши ПФТД/ЛПД кызмат адамынын үзгүлтүксүз иш алып баруусу, көз карандысыздыгы, калыстыгы, кесипкөй компетенттүүлүгү, натыйжалуу иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу чараларын кабыл алат. 

17. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 

1) банктын жана анын кызматкерлеринин террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу кылмыш (мыйзамсыз) ишке (жосундарга) тартылышы тобокелдигине бөгөт коюп, ага жол бербөө (минималдаштыруу) үчүн тиешелүү чараларды көрүү

2) Кыргыз Республикасында ПФТД/ЛПД боюнча кабыл алынган мыйзам талаптарынын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу; 

3) финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка Кыргыз Республикасында ПФТД/ЛПД боюнча кабыл алынган мыйзам талаптарында каралган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруусуна өбөлгө түзүп, көмөктөшүү

18. ПФТД/ЛПД талаптарын аткаруу максатында ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы төмөнкү функцияларды аткарууга тийиш: 

- тиешелүү ички контролдук саясатын иштеп чыгып, аны банк башкармасына макулдашуудан кийин Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө сунуштайт жана иштелип чыккан саясат менен ПФТД/ЛПД ишке ашырууга катышкан бардык кызматкерлерди тааныштырат; 

- ички контролдук саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылып, банктын ПФТД/ЛПД боюнча ички ченемдик документтеринин иштелип чыккан саясатка ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзөт; 

- маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талатарга ылайык контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилишин камсыз кылат; 

- аныкталган белгилери боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп таануу жана алар боюнча маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү чечимин кабыл алып, банк башкармасына ал тууралуу маалымдайт; 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө банк ишине ушул Жобо жана банктын ички документтеринде алардын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт; 

- ПФТД/ЛПД боюнча саясат талаптарын ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлери үчүн окутууларды уюштуруп, аларга бул багытта кеп-кеңештерди берет; 

- ПФТД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатынын талаптарынын ишке ашырылышы жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө толтурулган отчет менен банктын ички документтеринде аныкталган тартипте банк башкармасын тааныштыруу менен зарылчылыкка жараша бирок, чейрек ичинде кеминде бир жолу аларды Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт; 

- ФТД/ЛПД тобокелдигине, анын ичинде жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берет. 

19. ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы өз милдеттерин аткаруу учурунда төмөнкүлөргө укуктуу: 

- банк жетекчилеринен жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен зарыл болгон документтери, анын ичинде банктын жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан чыгарылган буйруктарды, башка тескөөчү документтерди, бухгалтердик жана акчалай эсептешүү документтерин алууга; 

- кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери боюнча банк тарабынан түзүлгөн маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууга; 

- кардар террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгынын негиздүүлүгүн тастыктоо же мындай шектенүүнү четке кагуу үчүн кардар жана бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү жана/же алар ишке ашырган операциялар (бүтүмдөр) боюнча кошумча маалыматтардын берилишин; 

- банктын бөлүмдөрү жайгашкан жайга, ошондой эле документтер (архив), нак акча каражаттары жана баалуулуктар сакталган жайга (акча сакталуучу жайга), маалымат базасына белгиленген тартипте кирүүгө

- алынган документтерден, анын ичинде электрондук документтерден көчүрмө чыгарып алууга; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө" жобого ылайык операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө, анын ичинде операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюуга убактылуу көрсөтмөлөрдү берүүгө

- зарылчылык келип чыккан шартта банктын Директорлор кеңешине кайрылууга; 

- Шариат кеңеши менен өз ара иш алып барууга (*) жана аларга кайрылууга. 

Эскертүү: (*) Бул, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктарга тиешелүү

20. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы өз милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү

- банктын тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана аларга кайтарылып берилишин камсыз кылууга; 

- өз милдетин аткарууда алынган маалыматтардын купуялуулугун так сактап, маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендигин ачыкка чыгарбоого; 

- операциялардын (бүтүмдөрдүн) шектүү катары таанылгандыгы жана алар тууралуу билдирменин финансылык чалгындоо органына маалымдалгандыгы тууралуу банк башкармасына билдирүүгө

21. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы банктын ПФТД/ЛПД боюнча саясатын ишке ашырууда төмөнкүлөрдөн тышкары, ушул жободо белгиленген компетенциясынын чегинде башка милдеттерди да айкалышта аткара алат: 

- ички аудит кызматынын кызматкеринин; 

- операциялык ишти жүзөгө ашырган кызматкердин; 

- кызматкер үчүн аны аткарууда өз алдынчалык (көз карандысыздык) камсыз кылынбаган кызматкердин. 

22. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган адам: 

- ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарды билүүгө

- банктык продукттар, операциялар, кызмат көрсөтүүлөр, кардарлардын операциялары, ошондой эле банк ишинде ПФТД/ЛПД келип чыгышы ыктымал болгон потенциалдуу тобокелдиктер боюнча так түшүнүгү болууга тийиш. 

23. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы, алдыңкы кеңсе кызматкерлери, ошондой эле банктын ушул багыт боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан башка кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу окутуудан (кайра даярдыктан) өткөрүлүп турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын, банк башкармасынын жана Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган негиздерден улам келип чыгат. 

25. ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын банк башкармасына макулдашылган жана Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталуучу кат жүзүндөгү отчетунда эң аз дегенде отчеттук мезгил ичинде алынган, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта башка мезгил аралыгы үчүн алынган төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана иликтөөгө алып, анын абалы менен таанышуу, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоо боюнча талаптардын аткарылышына контролдуктун жыйынтыгы; 

2) шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери байкалган, төмөнкү маалыматтарды камтыган операцияларды аныктоо максатында банк кардарларынын операцияларына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы: 

- кардарлар эсептери боюнча (кардарлардын колдонулуп жаткан эсептери, банк кызматкерлеринин эсептери) акча каражаттарынын жылышынын динамикасы; 

- өтө ири суммада ишке ашырылган операциялар; 

- кардарлардын чектүү белгиленген өлчөмдөн ашкан суммада чет өлкө валюталарын сатып алуу же сатуу; 

- кардарлардын суммасы анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн алда канча ашкан операциялары; 

- нак акча каражаттары менен операциялар (нак акчага айландыруу, активдерге алмашуу, банктын аралыкта орнотулган атайы жабдуулары аркылуу банк эсептерин толуктоо үчүн нак акча салуу (төлөө); 

- кредиттерди берүү жана депозиттерди (мөөнөттүү) кабыл алуу операциялары; 

- гарантиялар, аккредитивдер жана башка шарттуу милдеттенмелер менен операциялар; 

- эсеп ачуусуз эле акча которуу системалары, ошондой эле SWIFT системасы (же банктарда негизги система катары колдонулган башка системалары) аркылуу которуулар; 

- кардарлардын жана банктын баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу операциялары; 

- башка өлкөлөрдө турган банк кардарларынын акча каражаттарынын жылышы; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматтарды сунуштоо жөнүндө

4) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу тууралуу ырааттуу негиздемелери менен маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү жана андан ары мыйзамдарга ылайык иш алып баруу жөнүндө

5) ПФТД/ЛПДнын максатында ички контролдук программасын ишке ашыруу боюнча чаралардын, банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, ошондой эле чет өлкөдө орун алган туунду жана караштуу компаниялар тарабынан так аткарылышы жөнүндө

6) ПФТД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарынан жана банктын ички ченемдик документтеринин иштелип чыккан саясатка ылайык аткарылышына, бузууга жол берилишине жана ал боюнча кабыл алынган чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө

7) ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын Директорлор кеңешине сунушталган мурдагы отчетторунда белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш натыйжасы жөнүндө

8) ПФТД/ЛПД боюнча саясаттын талаптарын ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин иш натыйжалары, аларды окутуудан өткөрүү жана кеп-кеңештерди берүү, ишин уюштуруу жагында кабыл алынган иш-чаралар; 

9) төмөнкүлөр боюнча аналитикалык маалыматтар; 

- кардарлардын мүмкүн болуучу өз ара байланышы; 

- банк корреспонденттер; 

- кардарлар менен түзүлгөн келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алуу операциялары (траст); 

- жаңы банктык продукттарды жана технологияларды колдонууга киргизүү, аларга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер. 

26. ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамынын кат жүзүндөгү отчетунун негизинде Директорлор кеңеши отчетто белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аларга андан ары жол бербөө максатында банк башкармасынын ишине контролдукту жүргүзөт. 

7-глава. Кардардын ишине талаптардай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма 

27. Банктар төмөнкүлөргө милдеттүү

1) иш процессинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге мамлекеттик деңгээлде баа берүү жыйынтыгын жана жогору/төмөн тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен аларды аныктоо, баа берүү, документтерде каттоо, актуалдаштыруу; 

2) аныкталган тобокелдиктер боюнча маалыматтарды Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте сунуштоо; 

3) таасири күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле тобокелдиктерди контролдоо, аларды тескөөгө алуу жана басаңдатуу жол-жоболорун иштеп чыгып, колдонуу. 

28. Банктар кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүдө тобокелдикти аныктоого багыттаган ыкмаларды колдонуу менен текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот. 

29. Банктар тобокелдик критерийлерин (жогорку жана төмөн) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн эң оболу, кардардын иш багытынын түрүн, кардардын жана/же анын бизнесинин жайгашкан (башталган) жерин, ал жүргүзгөн операцияларды, сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багыттарын эске алышы зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери белгиленип, финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланууга тийиш. Банктар орточо тобокелдик критерийлерин иштеп чыгып, колдонушу мүмкүн. 

30. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде банк кардардын террористтик иш аракеттер каржылоосу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруусу (изин жашыруусу) мүмкүндүгү тобокелдик деңгээлине баа берет жана ал кардар анкетасында чагылдырылат. 

31. Банк террористтик иш аракеттер каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), ошондой эле шектенүүнү жараткан операциялар тобокелдигине дуушарланышы ыктымал болгон операцияларга өзгөчө көңүл буруп, аларга талаптагыдай контролдукту орнотууга тийиш. 

32. Олуттуу тобокелдиктин орун алгандыгы белгиленген шартта банк кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш: 

1) колдо болгон ишенимдүү маалымат булактарынан, ошондой эле кардарга байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө алынган маалыматтар боюнча кардарга тиешелүү тастыкталган кошумча маалыматтарды жана документтерди топтоо; 

2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин кылмыштуу ишке тартылып кетиши тобокелдигин тереңден иликтеп көрүү үчүн ал боюнча кошумча маалыматтарды топтоо; 

3) кардардын ишкердик мамилени жөнгө салуу максатына жана анын мүнөзүнө, ошондой эле акча каражаты булактарына тиешелүү кошумча маалыматтарды талап кылуу; 

4) кардардын акча каражаты кылмыштуу иштен алынган киреше эмес экендигине толук ынануу үчүн ишкердик мамилени жөнгө салуунун алкагында, кардар колдонгон акча каражаттарынын келип чыгуу булагын текшерүү

5) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин идентификациялык маалыматтарын мезгил-мезгили менен бирок, жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу; 

6) пландаштырылган же ишке ашырылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) себептерин же экономикалык маани-маңызын чечмелеген кошумча маалыматтарды кардардан талап кылуу; 

7) банк Башкармасынан/Башкарманын Төрагасынан же банктын операциялык ишин тескеген Башкарманын мүчөсүнөн (банк Башкармасынын төрагасы ага мындай ыйгарым укуктарды берген шартта) кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу; 

8) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жана айкын экономикалык маңызга же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо максатында автоматташтырылган маалымат системалары сыяктуу эле, кол эмгеги аркылуу операцияларга (бүтүмдөргө) күндөлүк мониторингди, маалыматтарга талдап иликтөөлөрдү жүргүзүү, акча каражаттарынын багытын кароого алып, аларды эсепке алуу аркылуу ишкердик мамилеге таасирдүү мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жыйынтыгы менен ПФТД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын жана банк башкармасын тааныштыруу; 

9) операцияны (бүтүмдү) банктык эсеп ачуусуз эле, ишке ашыруу пландаштырылып жаткан болсо, операцияны (бүтүмдү) банк эсеби аркылуу жүргүзүүнү сунуштоо. 

Мында, банк тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөгө алуу жана/же деңгээлин басаңдатуу үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча күчөтүлгөн чараларды колдонуу зарылчылыгын документте каттоого тийиш. 

Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн күчөтүлгөн чаралары олуттуу тобокелдиктер орун алып турган өлкөлөрдүн кардарларына карата да колдонулушу зарыл. 

Банк жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун, ошондой эле кардардын жана бенефициар ээсинин акча каражаттарын алуу булагын аныктоо максатында, кардар кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматты сунуштоосу үчүн акыл ченемдүү, бирок 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттөрдү белгилөөсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

33. Тобокелдик төмөнкү деңгээлде экендиги аныкталган шартта банк кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот: 

1) ишкердик мамилелерди түптөө максатына жана мүнөзүнө тиешелүү жалпы маалыматтарды алуу; 

2) ишкердик мамилени жөнгө салгандан кийин да кардарды жана бенефициардык менчик ээсин верификациялоо; 

3) кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоочу маалыматтарды жаңылап туруу аралыгын кыскартуу; 

4) банк тарабынан аныкталган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүдөн өткөрүү автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардарлардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кыскартылган формада мониторинг жүргүзүү

34. Чет өлкөлүк таанымал кызмат адамдарды тейлөөдө банк төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш: 

- кардар же бенефициардык менчик ээси кеңири таанымал кызмат адамы экендигин аныктоо үчүн тиешелүү инструменттерди колдонуу; 

- кеңири таанымал ошол кызмат адамы менен ишкердик мамилени жөнгө салуу же улантуу (учурда иш алып барып жаткан кардарлар) үчүн банк башкармасынын кат жүзүндөгү макулдугун алуу. Таанымал кызмат адамы бир жолку операцияны жүзөгө ашырганда банк башкармасынын уруксатын алуу талап кылынбайт; 

- чет өлкөлүк таанымал кызмат адамынын акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булактарын аныктоо; 

- чет өлкөлүк таанымал кызмат адамы менен жөнгө салынган ишкердик мамилелерге, ишке ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) жогорку тобокелдикке дуушарланышы ыктымал болгон кардарлар үчүн белгиленген тартипте, туруктуу негизде тереңден мониторинг жүргүзүү

- чет өлкөлүк таанымал кызмат адамына тиешелүү колдо болгон маалыматтарды туруктуу негизде жаңылап туруу. 

Банк жогоруда белгиленген чараларды чет өлкөлүк таанымал кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакын адамдарына (туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө, расмий өкүлдөрүнө) карата да колдонууга тийиш. 

35. Жобонун 34-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар улуттук таанымал кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын таанымал адамдарына, ошондой эле мындай жактар боюнча жогорку тобокелдиктер орун алып тургандыгы аныкталган шартта алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына карата да колдонулат. 

36. Кардардын улуттук таанымал кызмат адамы экендиги аныкталган шартта банк алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген таанымал адамдарынын анкетасынын формасына ылайык электрондук форматта каттап, аны 3 (үч) жумуш күнү ичинде электрондук байланыш каналдары аркылуу финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

37. Банк таанымал кызмат адамдарына карата маалыматтарды аныктоо, аларга мониторинг жүргүзүү жана текшерүүдөн өткөрүү үчүн ачык маалымат булактарын колдонушу мүмкүн. 

38. Банк кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды, ошондой эле бенефициардык менчик ээси аныкталып, ошондой эле кардардын террористтик иш-аракеттер каржылоосу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруусу (изин жашыруусу) мүмкүндүгү тобокелдигине жогору деп баа бере турган болсо, маалыматтарды мезгил-мезгили менен, жылына кеминде бир жолу, ал эми калган учурларда үч жылда кеминде бир жолу жаңылап турууга тийиш. 

39. Банк, алдыңкы технологияларды (жаңы банктык продукттарды) колдонуу менен операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн болжолдогон террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) тобокелдигинин келип чыгыш ыктымалдыгына талаптагыдай контролдукка алуу максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун так сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

40. Банк корреспонденттик мамилелерди жөнгө салууда, ага тиешелүү талапты жөнөтүү аркылуу да кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана алынышын кошо алганда ПФТД/ЛПД боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын аныктап, ага ынанууга тийиш. 

8-глава. Контролдукка алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо 

41. Банк тарабынан, террористтик иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууну) ыктымалдыгын тастыктаган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлер жана белгилердин болушу көз карашынан кардарлардын ишин текшерүү тартиби аныкталууга тийиш. Банк ушул максатта кардарлар менен жөнгө салынган ишкердик мамилелерге туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө жана анда төмөнкүдөй иш-чаралар камтылууга тийиш: 

- кардардын иши банктын колунда болгон ал тууралуу, анын бизнеси жана ошол кардар боюнча тобокелдик деңгээлине тиешелүү маалыматтарга ылайык келишине толук ынануу үчүн кардардын эсептери боюнча операцияларга кылдат иликтөөлөрдү жүргүзүү

- зарылчылык келип чыккан шартта, кардар эсебине түшкөн акча каражаттарынын булагын териштирүү

- айкын экономикалык маңызга же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон бардык кыйла татаал же адаттагыдан башкача ири операцияларга талдап иликтөөлөрдү жүргүзүү

- банктан алынган бардык маалыматтарды каттоо менен алар боюнча документтерди түзүү жана зарылчылык келип чыккан шартта алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү

42. Акча каражаттары же башка мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) контролдукка алынып, финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш. 

Контролдукка алынып, маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкүлөр кирет: 

- шектенүүнү жараткан операциялар (бүтүмдөр); 

- олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр). Олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган, финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат; 

- кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), террористтик же экстремисттик ишке баргандыгы, ошондой эле алгылыксыз мындай иш-аракеттерди каржылагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, аны өтөп келген жеке адамдар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр); 

- нак акча каражаттар менен операциялар (бүтүмдөр). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Банк кызмат көрсөтүүлөрдүн же операциялардын жаңы түрлөрүн жүзөгө ашырууну баштаганга чейин террористтик иш-аракеттерде каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында, ошол кызмат көрсөтүүлөрдөн же операциялардан келип чыгышы ыктымал болгон бардык тобокелдиктерди алдын-ала аныктап, аларга баа берип алуусу зарыл. 

44. Банк кардардын, бенефициардык менчик ээсинин террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге, массалык кырып жок кылуучу куралдарды таркатууга, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгын аныктап текшерүү максатында бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү

Бул маалыматтар тиешелүү санкциялык тизмеде, ошондой эле алардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгы тууралуу маалыматтар болгон топтордун, уюмдардын, жактардын тизмегинде камтылат. Ал эми бул тизмелердин түзүлүшү жана жаңыланып туруусу үчүн финансылык чалгындоо органы жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

45. Банктын тиешелүү саясаттарында жана жол-жоболорунда аныкталган тартипке ылайык шектенүүнү жараткан белгилерге ээ болгон кардарларды идентификациялоо жана операцияларды аныктоону ишке ашырган түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери шектүү операциялар аныкталган шартта ал боюнча маалыматты ПФТД/ЛПД иш алып барган кызмат адамына маалымдоого тийиш. 

9-глава. Ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды каттоо, сактоо жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү 

46. Кардардын ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган операциялары (бүтүмдөрү) тууралуу маалыматтар анын террористтик иш-аракеттерди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгын тастыктоо же аны четке кагуу үчүн жетиштүү болгон көлөмдө, документ жүзүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш. 

47. Кардардын операцияларын шектенүүнү жараткан белгилерге ээ операция катары аныктоого шектенүүлөрдү тастыктоо учурунда ПФТД/ЛПД боюнча кызмат адамы операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу чечимин кабыл алып, финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген маалымат берүү тартибине ылайык тиешелүү маалыматты ага, андан соң банк башкармасына билдирүүгө тийиш. 

Банктын Башкармасы андан аркы иштин, анын ичинде операция (бүтүм) жана/же кардар менен ишкердик мамиле өз убагында токтотулушу үчүн жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Банк, алар боюнча чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген нак акча каражаттары менен ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, суммасына, ишке ашырылган же ашырылуучу операцияларга карабастан, ушул Жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдукка алынуучу жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды топтоп, финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Банк маалыматтардын төмөнкү мөөнөттөрдө жөнөтүлүшүн камсыз кылууга тийиш: 

1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү - операциялар (бүтүмдөр) белгиленген тартипте шектүү катары таанылгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде; 

2) олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөнүн жеке адамдары же юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр - мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде; 

3) кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), террористтик же экстремисттик ишке баргандыгы, ошондой эле алгылыксыз мындай иш-аракеттерди каржылагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, аны өтөп келген жеке адамдар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) боюнча билдирүүлөр, мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде; 

4) нак акча каражаттары менен операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү билдирүүлөр мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде. 

Жогоруда белгиленген билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө" жобонун талабына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт. 

50. ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарда каралган учурлардан сырткары тиешелүү маалыматтар финансылык чалгындоо органына берилгендиги тууралуу банк кардарга маалымдоого укугу жок. 

51. Кардар, бенефициардык менчик ээси тууралуу маалыматтарды камтыган документтер жана маалыматтар, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) тиешелүү ушул Жобонун талабына ылайык текшерүү учурунда алынган маалыматтар банк менен кардар ортосунда мамиле токтотулгандан кийин да 5 (беш) жыл аралыгында сакталууга тийиш.