|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/5 токтому менен бекитилген |
Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2014-жылдын 19-февралындагы № 4/5, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле Улуттук банк жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактар) тарабынан көзөмөлдүккө алынган Кыргыз Республикасынын банктык, микрофинансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы иш-аракеттери аныкталган.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Бул Жобонун максаттарында Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саясатында жана негизги принциптеринде көрсөтүлгөн түшүнүктөр пайдаланылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
II. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалынын белгилери
2.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо үчүн төмөнкүлөрдү кошо алганда, факторлорду анализдөө жүргүзүлөт:
а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үлүшү кыйла көбүрөөк банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар жана анын (алардын) рынокко бүтүндөй кызмат көрсөтүүлөр жана/же алардын айрым түрлөрү боюнча таасир этүү деңгээлин аныктоо максатында, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү боюнча үлүшүн аныктоо;
б) атаандаштардын жана кубаттуу атаандаштардын болушу;
в) банктык кызмат көрсөтүүлөр ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү рыногунда бааларды (тарифтерди) белгилөөнүн колдонуудагы тажрыйбасы;
г) рынокко аралашуу үчүн тоскоолдуктардын орун алышы (рынокко кирүүдөгү багыттарды аныктоо);
д) басымдуулук абалына ээ болгон (болушкан) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар атаандаштыкка каршы аракеттерине жооп катары атаандаштардын мүмкүн болуучу аракеттерин иликтөө;
е) басымдуулук абалынын убактылуу аспектилерин эсепке алуу;
е-1) аффилирленген жак болууга;
ж) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна олуттуу таасир эте турган башка аспекттер.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр (банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү) рыногунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар басымдуулук абалын мүнөздүү белгилери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үлүшү 35% же Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленүүчү чектүү мааниден (рыноктогу максималдуу үлүш) артат;
б) ушундай эле банктык кызмат көрсөтүүлөр рынокторунда атаандаштыкты чектөөчү шарттарды түзүү үчүн басымдуулук абалынан банктын (банктардын) пайдалануусу;
в) атаандаштарды, каршылаштарды жана/же баанын жогорулашын четтетүү максатында, белгилүү продуктыларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааны контролдоо мүмкүндүгүнүн болушу;
г) башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар рынокко кирүү мүмкүндүгүнүн жоктугу/чектелүүсү (бул рынокко кирүү мүмкүндүгүн чектөөчү директивалык чечимдердин болушу; белгилүү рынокто иштөө укугун алуу үчүн сарптоолордун кымбатка турушу, сатып алуучулардын "башка жакка өтүп кетүүсүнө чыгымдардан" зыян тартпоого чыгашалар (мисалы, жарнамалык чыгашалар ж.б.).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалы, эгерде бул төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылган болсо, монополияга каршы мыйзамды бузуу болуп саналат:
а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөр менен келишим түзүүдөн жүйөсүз баш тартуу;
б) керектөөчүлөр менен келишимди керектөөчүлөр үчүн пайда алып келбегендей, алгылыксыз же келишимдин шарттарынын предметине тиешелүү болбогон жагдайда түзүүгө мажбурлоо;
в) жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөргө негизи жок эле жогору болгон тарифтерди белгилөө;
г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна башкы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар кирүүсүнө тоскоолдуктарды жасоо;
д) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык чөйрөсүнө монополияга каршы мыйзамга каршы келе турган аракеттер менен терс таасир этүү.
2.4. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар басымдуулук абалы тышкы сыяктуу эле, ички факторлордун, анын ичинде төмөнкүдөй факторлордун жыйынтыгы болуп да саналат:
- Салыктардын дифференцияланган системасын, субсидияларды жана башка жеңилдиктерди берүүнү кошо алганда, мамлекеттик саясаттын;
- Биригүүнүн, кошулуунун, ошондой эле жоюлуунун;
- банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар атаандаштарды рыноктон атаандаштыкка ылайык келбеген ыкмалар менен четтетүү боюнча иштери;
- банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар ортосундагы ачык жана купуя келишимдер.
2.5. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үлүш боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген чектүү мааниден (рыноктогу максималдуу үлүштөн) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар артуусу монополияга каршы мыйзам талаптарын бузгандык болуп саналбайт. Мында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда өзүнүн басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдаланбоого тийиш.
Басымдуулук абалынан кыянаттык менен пайдалануу - банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын иш-аракеттери, алар жыйынтыгында банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты олуттуу чектөөгө ээ же ээ болушу мүмкүн жана/же башка атаандаш банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын таламдарына доо келтириши мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
III. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо
3.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктын басымдуулук абалы ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү боюнча, төмөнкүлөрдү кароо учурунда Улуттук банк тарабынан аныкталат:
а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу маселелерин;
б) банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактардын капиталына чектүү катышууну сатып алуу маселелери, же банктык кызмат рыногунда ушул жобону кыянаттык кылууга мүмкүндүк берген алардын уставдык капиталын бир өлчөмгө көбөйтүү;
в) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу түрүндө кайра өзгөртүп түзүү маселелери;
г) кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн же башка тараптардын банктын (банктардын) басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдаланып жаткандыгы жана/же керектөөчүлөрдүн укугун бузгандыгы жөнүндө даттануу катары;
г-1) Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар менен банктык топторду түзүү;
д) жана мыйзам тарабынан каралган башка учурларды.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Банктын басымдуулук абалын аныктоодо каралып жаткан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар жалпы таламдардын бар экендиги эске алынат.
3.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар) басымдуулук абалын аныктоону, Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар алынган маалыматтардын, расмий статистикалык маалыматтардын, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар кардарларын тандап сурамжылоо маалыматтарынын, көзкарандысыз эксперттердин, маалымат агенттиктеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтарынын негизинде, Улуттук банк жүзөгө ашырат. Зарылчылыкка жараша, Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар иликтөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча кошумча маалыматтарды же түшүндүрмөлөрдү (стратегиялык пландарды, кызмат көрсөтүүлөр көлөмү жөнүндө маалыматтарды, атаандаштар (иштеп жатышкан жана кубаттуу) жөнүндө ж.б. маалыматтарды сурап ала алат.
3.4. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо жөнүндө маселени кароодо, төмөнкүлөрдү кошо алганда, рынокту иликтөө жүргүзүлөт:
а) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегин аныктоо;
б) рыноктун катышуучуларын аныктоо;
в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үлүшүн аныктоо;
г) рынокко кирүү үчүн бөгөт болгон жагдайларга иликтөө жүргүзүү;
д) банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн (иштешин) жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын үлүшүн аныктоо.
3.5. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегин аныктоо.
3.5.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чектери төмөнкүлөрдү кошо алганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн суроо-талабын жана сунушун иликтөөнүн (анализдөөнүн) негизинде аныкталат:
- кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсүн - банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн - банктын операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрүн жана/же жалпы банктык операциялардын (бүтүмдөрдүн) түрүн аныктоо;
- кызмат көрсөтүүлөрдү бөлүштүрүү системасын жана анын өзгөчөлүктөрүн - (банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн географиялык рыногун аныктоо) - Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөргө банктык кызмат көрсөтүүлөр сунушталып жаткан жерди аныктоо;
- кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн курамын жана алардын топторун төмөнкү көзкараштардан аныктоо: (1) Кыргыз Республикасынын аймагынын башка бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүндүгү, анын ичинде техникалык мүмкүндүк; (2) Кыргыз Республикасынын аймагынын ошол бөлүгүндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынын башка бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга транспорттук; чыгашаларын кошо алганда, кошумча чыгашалардын олуттуулугу; баалар өзгөргөн учурда (баанын өзгөрүүсүнөн керектөөчүлөрдүн таасир алышы) банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүнөн керектөөчүлөрдүн пайдалануу мүмкүндүгү;
- банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүдө бөгөт болгон жагдайлар - (1) рынокто буга чейин иштеп жаткан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар менен атаандашуунун бирдей шарттарында жаңы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тоскоол болуучу кайсы болбосун жагдайлар; (2) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүнү кыйындаткан факторлор (мисалы, табигый, административдик, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары);
- атаандаштарды жана/же кубаттуу атаандаштарды аныктоо - банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ушуга окшош кызматтарды көрсөтүүчү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар жана анын кызмат көрсөтүүнүн бул түрүнүн сапатын жакшыртуу жана/же рыноктогу үлүшүн көбөйтүү боюнча мүмкүндүгүн аныктоо;
- банктык кызмат көрсөтүүлөрдү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар иштерин жүзөгө ашырууга таасир этүүчү башка факторлор.
3.5.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегин аныктоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
1) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан дайыма жүзөгө ашырылуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн;
2) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна баа параметрлерин же кызмат көрсөтүүнүн башка шарттарын аныктоо жолу менен узак убакыттар бою олуттуу таасир этүү мүмкүндүгү;
3) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүнү чектөө (кыйындатуу) жолу менен атаандаштыкка таасир этүү мүмкүндүгү, анын ичинде башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар ишинин кеңейишине бөгөт коюу.
3.5.3. Белгилүү түрдөгү кызмат көрсөтүүлөр рыногун иликтөө төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
1) Суроо-талап факторлору: керектөөчүлөр продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсынысын дурус алмашуучу катары эсептейт;
2) Керектөөчүлөрдү табитине баа берүү жөнүндө маалыматтарды: керектөөчүлөр баанын өткөн учурдагы жогорулоосуна кандай маани беришкен; банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тиешелүү рыноктун чегине жекече баа берүүсү: банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар сунуштаган айрым кызмат көрсөтүүлөрүнө баанын өткөн учурда салыштырмалуу өзгөрүүсүнө керектөөчүлөр кандай маани беришкен. Мында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу (көрсөтүү) боюнча айырмачылыктары, механизмдери жана жол-жоболору эске алынбайт.
3.5.4. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун чегине (продукты жана географиялык рынок, банктык кызмат көрсөтүү рыногу) "гипотетикалык монополист" тести пайдаланылышы мүмкүн, ал ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3.6. Рыноктун катышуучуларын аныктоо.
3.6.1. Рыноктун катышуучулары рынок чегин талдоодо алынган маалыматтардын негизинде аныкталат. Зарылчылыгына жараша банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларын сурамжылоо жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, рыноктун катышуучуларын талдоого алганда, Улуттук банктан лицензия албаган жана ал тарабынан жөнгө салынбаган (мисалы, өндүрүш, соода ж.б.) банктык эмес уюмдар банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу белгиленген операцияларды ар дайым же бөлүгү менен ишке ашырып жаткандыгы табылса, анда бул компаниялардын операциялар боюнча маалыматтары жок кылынууга тийиш.
3.7. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар банктык кызмат көрсөтүүлөр ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү рыногундагы үлүшүн аныктоо.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3.7.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар басымдуулук абалын аныктоодо анын (алардын) тиешелүү банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы үлүшүн эсепке алуу зарыл.
3.7.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы үлүшү банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү түрү боюнча анын жүгүртүү суммасынын (тартылган депозиттердин, жайгаштырылган активдердин көлөмү боюнча ж.б.) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун белгиленген чектериндеги банктык кызмат көрсөтүүлөр жүгүртүүсүнүн жалпы суммасына карата катышынын негизинде аныкталат:
Vu |
- |
банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү; |
Vтарчеги |
- |
банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү - банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жак тарабынан белгилүү бир мезгил аралыгында (жыл ичинде, чейрек ичинде, ай ичинде, бир күн аралыгында) ишке ашырылган банктык операциялардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) чогуу алгандагы көлөмү. Кызмат көрсөтүү көлөмү кароого алынып жаткан мезгил ичинде банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жак тарабынан жүгүртүү ведомостундагы аналитикалык маалыматтардын негизинде эсептелинет; |
Vжалпы |
- |
банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы суммасы - Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган бардык жактар тарабынан жүзөгө ашырылган (сунушталган) банктык операциялардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрү боюнча жүгүртүүлөр жыйындысы. |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3.7.3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар рыноктогу үлүшүн аныктоодо, эгерде каралып жаткан кызмат көрсөтүүлөр учурда кызмат көрсөтпөй жаткан башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан көрсөтүлө турган болсо, эгерде тиешелүү товар рыногунда баалар көтөрүлө баштаса, муну жеңил эле жасай турган болушса, рыноктогу үлүш өзгөрө тургандыгын эске алуу зарыл.
3.7.4. Эгерде банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактын банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир түрү боюнча үлүшү 35%тен ашса жана ошол операциядан/кызмат көрсөтүүдөн калктын бардык катмары пайдаланган болсо, Улуттук банк операциянын/кызмат көрсөтүүнүн ошол түрү боюнча тариф саясатын аныктоого жана чектөөлөрдү колдонууга же керектөөчүлөр укугун коргоонун кошумча шарттарын караштырууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
3.7.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Атаандаштыкты баалоо
4.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштыкка баа берүү үчүн Херфиндаль-Хиршмандын рыноктук топтолуу индекси пайдаланылат, ал башка факторлор жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар ишинин көрсөткүчтөрү менен чогуу алынган түрдө эске алынат. Херфиндаль-Хиршман индекси төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Н = Р21 + Р22 + ... + Р2i + ... Р2n
Бул жерде,
Н - топтолуу көрсөткүчү;
Pi - банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар рыноктогу пайыздык үлүшү.
4.2. Херфиндаль-Хиршман индекси банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу түрүндө кайра өзгөртүп түзүү маселелерин кароодо рыноктун топтолуусуна баа берүү үчүн пайдаланылат.
4.3. Эгерде Херфиндаль-Хиршман индекси 1800 ашса, бул банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыктын төмөнкү интенсивдүүлүгүн жана топтолуунун жогору экендигин мүнөздөйт.
4.4. Тараптардын биринин финансылык абалы "банкроттолууга жакын калган" катары мүнөздөлгөндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар жоюлушу (поглошение) жана/же биригүүсү учурунда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар аманатчыларынын таламдарын коргоо максатында, Улуттук банктын кароосу боюнча, Херфиндаль-Хиршман индексинин 1800 маанисинин жогорулоосуна жол берилет.
4.5. Качан Херфиндаль-Хиршман индексинин көрсөткүчү 1000ден 1800ге чейин өзгөрсө, мындай чара керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирбей тургандыгын жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна терс таасир этпей тургандыгын көрсөткөн башка факторлор белгиленбесе, индексти 200 пункттан көбүрөөккө көбөйтүүчү бүтүмдөргө (биригүү, сиңип кетүү) тыюу салынышы мүмкүн.
4.6. Качан Херфиндаль-Хиршман индексинин көрсөткүчү банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда 1800 ашкан учурда, Херфиндаль-Хиршман индексин 100гө же андан көбүрөөк пунктка көбөйтүүчү бүтүмдөр (биригүү, сиңип кетүү) монополияга каршы мыйзам талаптарын бузгандык катары каралат жана мындай чара керектөөчүлөр үчүн коркунуч келтирбей тургандыгын жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна терс таасир этпей тургандыгын көрсөткөн башка факторлор белгиленбесе, ага жол берилбейт.
V. Корутунду жоболор
5.1. Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар басымдуулук абалы маселеси боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган бардык маалыматтарды эске алуу менен билгилүү банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна бул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар таасирин аныктоо, ээлеп турган басымдуулук абалынан кыянатчылык менен пайдалануу фактыларына баа берүү, ошондой эле төмөнкүлөрдү аныктоо зарыл:
а) бул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар бул жагдайларда жана кызмат бул көрсөтүүлөр рыногунда өз абалын пайдаланууда олуттуу же чечүүчү ролду ойной ала тургандыгын;
б) ушул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар аныкталып жаткан басымдуулук абалындагы ушул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар атаандаштары ээ болгон бул факторго карата атаандаштардын позициясын же башка теңдештирүүчү атаандаштык артыкчылыктарды эске алганда, чындыгында эле бул ролго ээ болгонбу;
в) рынокко кирүүнүн шарттарынын таасири кандай;
г) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар ээ болгон жеңилдиктер (льготалар) же башка артыкчылыктар (мамлекет тарабынан салыкка жеңилдик түрүндө берилген жеңилдиктер (льготалар) ж.б.);
д) кандайдыр бир лимиттерди чектөө же белгилөө боюнча Улуттук банктын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдери;
е) кызмат көрсөтүүнүн каралып жаткан түрүнө жана бүтүндөй алганда рыноктун өнүгүүсүнө рынокко кирүүнүн (чыгуунун) колдонуудагы чектөөлөрүнүн таасири;
ж) жакынкы эки жыл ичинде рыноктун башка катышуучуларынын же жаңы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар рынокко кирүү мүмкүнчүлүгү;
з) атаандаштыкты колдоп туруу үчүн рынокто катышуучулардын жетиштүү саны.
5.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар басымдуулук абалы керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтын сапатына таасир тийгизсе, же болбосо анын наркын жогорулатса, же болбосо банктык кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар рыногунда финансылык тобокелдиктин жана/же монополиялык абалдын келип чыгышына алып келсе, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
|
|
"Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу" Жобого 1-тиркеме |
"Гипотетикалык монополистти"
АНЫКТОО ТЕСТИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
"Гипотетикалык монополист" тестине ылайык бул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар продуктылары жана кызмат көрсөтүүлөрү аныкталат жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар өтө олуттуу эмес, бирок SSNIP ("small but significant non-transitory increase in price" - "чакан, бирок баанын узак убакытка өсүшү") баасын узак убакытка көбөйтүү аракетин көрсө жана убакыттын узак мезгил аралыгында 5тен 10го чейинки диапозондо баанын жогорулашын "кармап" турса эмне боло тургандыгын аныктоого мүмкүн.
Эгер мындай жогорулатуу керектөөчүлөрдүн кыйла санынын альтернативдик кызмат көрсөтүүлөргө өтүп кетишине алып келиши мүмкүн болсо, анда бул кызмат көрсөтүүлөр тиешелүү продуктылык рынокко киргизилүүгө тийиш.
Бул өңдүү тест тиешелүү географиялык рынокту аныктоого карата өткөрүлүшү мүмкүн. Эгер бул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар бааларды 5тен 10 пайызга чейин жогорулатууну чечсе, анда башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар кайсы географиялык областтардан керектөөчүлөр үчүн бул кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү ишке ашырууга аракет кыла башташат?
Бул учурда төмөнкү үч шартты эске алуу зарыл:
Биринчиси: Гипотетикалык монополист монополиялык бааларды алып жаткандыктан, балким, SSNIР тестинин натыйжалары керектөөчүлөр башка продуктыларды же кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алып жаткандыгын көрсөтөт. Мисалы ашкере монополисттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалангандыгы үчүн баа кыйла жогорулап кетсе, анда жеке адам - керектөөчү банктык кызмат көрсөтүүдөн баш тартып, акчалай жыйымын банк тутумунан тышкары сактап же башка инструменттер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшү мүмкүн. Ошентип, бир банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар (болжолдуу монополисттин) рынокко болгон таасирин баалоо үчүн гипотетикалык жактан баанын кыйла жогорулоосун (20дан 25 пайызга чейин) болжолдоп койсо болот.
Экинчиси: монополиялык бийликти аныктоо үчүн рыноктун үлүштөрүн пайдалануу - рыноктук бийликти өлчөө. Бул учурда, рыноктогу үлүштөр басымдуулуктун болушуна далил катары кызмат кылышат - бул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар, сатууларда тике жана олуттуу жоготууларга дуушар болбостон, гипотетикалык атаандаштык деңгээлинен жогору бааны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобу.
Үчүнчүсү: финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн "тобун" сунуш кылган банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар карата атаандаштык саясатын колдонуу. Керектөөчүлөр банктын кызмат көрсөтүүлөр "тобун" сунуш кылуу жөндөмдүүлүгү үчүн конкреттүү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар пайдалануусу болжолдонот. Мисалы, керектөөчү күндөлүк, сактык эсептери жана ипотекалык кредиттөө боюнча же ар кандай төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылган банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар гана туруктуу кардарлары болууну каалашы мүмкүн. Ошентип, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар бир гана кызмат көрсөтүүсү боюнча эмес, кызмат көрсөтүүлөрдүн тобун сунуштоосуна карата банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү рыногун аныктап алуу зарыл.