Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон 

2004-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн. Каттоо номери 70-04 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2004-жылдын 28-апрелиндеги 

№ 11/2 токтому менен 

бекитилген 

Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн 

ТАРТИБИ 

(КРУБ 2006-жылдын 17-майындагы № 14/4 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Тартип коммерциялык банктарда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында жана алмашуу бюролорун (мындан ары - кредиттик уюмдар) кошпогондо, иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынган башка финансы-кредиттик уюмдарда өзүнө кредиттик тобокелдикти алып жүргөн кредиттер жана активдер боюнча пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибин аныктайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Бул Тартип, кредиттик уюмдунпайыздык кирешесин кошуп эсептөө жана таанууга байланыштуу маселелерди карайт. Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүү кардар менен кредиттик уюмдунортосундагы келишимдин шарттарына (мисалы, негизги суммаларды жана пайыздарды төлөө мөөнөттөрүнө же алардын суммаларына же аларды төлөөнүн кезектүүлүгүнө) тийешеси жок. 

1.3. Кредиттик уюм, ушул Тартиптин сакталышын камсыз кылган кредиттик уюмдунпайыздык кирешелерин чегербөө статусун берүү саясатын, ички контролдук жол-жоболорун жана системаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жоопкерчиликтүү

1.4. Кредиттик уюмдунпайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүү саясаты Директорлор кеңеши же кредиттик уюмдунтиешелүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

2. Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүү 

2.1. Бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук максаттарында, кошуп эсептөө ыкмасын колдонуу, бул - кредиттик уюм, аларды алуу ыктымалдыгы өтө эле чектелүү же болбосо дегеле жок болгон пайыздарды киреше катары кошуп эсептөөнү, капиталдаштырууну жана/же таанууну улантат дегенди билдирбейт. 

Алар боюнча төлөө графиктери аткарылбаган кредиттер боюнча пайыздык кирешени таануу, аманатчыларга, кредиторлорго жана акционерлерге кредиттик уюмдунфинансылык абалы жөнүндө такталбаган маалыматтардын (активдердин жана кирешелердин өлчомү жөнүндө так эмес маалыматтар) берилишине алып келет. 

2.2. Кредиттик уюм, пайыздык кирешелерди чегербөө статусун төмөнкүлөр боюнча берүүгө тийиш: 

а) алар боюнча негизги сумманы же пайыздарды төлөп берүү 90 жана андан көбүрөөк мөөнөткө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген кредиттер жана активдер; 

б) алар боюнча негизги суммалардын же пайыздардын толук көлөмүндө төлөнүп берилиши күтүлүп жатпаган кредиттер (бирок, ушул пункттун карыздын негизги суммасын же ага карата пайыздардын төлөнүп берилиши боюнча а) пунктчасынында белгиленген мөөнөттөн ашпаган убакытта). 

3. Пайыздык кирешелерди чегербөө тартиби 

3.1. Кредиттик уюм, кийинчерээк аларга пайыздык кирешелерди чегербөө статусу берилген кредиттер боюнча кошуп эсептелинген мөөнөтүндө төлөнбөгөн пайыздык төлөмдөрдүн суммасына 100 пайыз өлчөмүндө РППУ (потенцияалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв) түзүүгө тийиш. 

3.2. Пайыздык кирешени чегербөө статусундагы кредиттер боюнча түшкөн бардык төлөмдөр кредиттин негизги суммасы толук төлөнгөнгө чейин ал боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн төлөмдөрдүн ордун жабуу катары кабыл алуу зарыл. 

Пайыздык кирешени чегербөө статусундагы кредиттин негизги суммасынын мөөнөтүндө төлөнбөгөн бөлүгүнүн орду толук жабылгандан кийин, келип түшкөн акча каражаттары кредит келишимине ылайык карыздын калган бөлүгүн төлөө үчүн кредиттик уюмга жөнөтүлөт. 

(КРУБ 2006-жылдын 17-майындагы N 14/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Кредиттик уюм, төмөндө келтирилген шарттар бир эле учурда аткарылган болсо, "кассалык" ыкманын негизинде пайыздык кирешелерди чегербөө статусундагы кредиттер боюнча пайыздык төлөмдөрдүн бир бөлүгүн же бүтүндөй суммасын пайыздык киреше катары таанышы мүмкүн: 

а) пайыздык кирешелерди чегербөө статусундагы кредиттердин негизги суммасы жана пайыздар бардык мезгил-мезгили менен төлөнүп турууга тийиш болгон төлөмдөр карыз алуучу тарабынан толугу менен төлөнүп берилген болсо; 

б) рыноктун конъюнктурасына, карыз алуучунун бизнес-планына, анын финансылык абалына жана башка факторлорго жараша баалануучу, пайыздык кирешелерди чегербөө статусундагы кредиттин негизги суммасынын калган бөлүгүн толук төлөп берүү мүмкүндүгү орун алса. 

(КРУБ 2006-жылдын 17-майындагы N 14/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. (КРУБ 2006-жылдын 17-майындагы N 14/4 токтомуна ылайык алынып салынды) 

4. Пайыздык кирешелерди чегерүү статусун кайтарып берүү (калыбына келтирүү

4.1. Пайыздык кирешелерди чегербөө статусундагы кредитке, төмөнкү шарттар бир эле учурда аткаруулган болсо пайыздык кирешелерди чегерүү статусу кайтарылып берилиши мүмкүн: 

а) кредиттин негизги суммасы, пайыздык төлөмдөр жана айыптык санкциялар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн бардык тө- лөмдөр отчеттук датага карата карызды төлөп берүүнүн графигине ылайык төлөнгөн болсо; 

б) арыз алуучу пайыздык кирешелерди чегербөө статусундагы кредиттин негизги суммасы, ошондой эле пайыздар боюнча төлөмдөрдү төлөө ыктымалдыгы ишенимдүү болсо, алар рыноктун конъюнктурасына, карыз алуучунун бизнес-планына, анын финансылык абалына анализдөөлөрдү жүргүзүү жана башка факторлорго жараша бааланат; 

в) карыз алуучу пайыздык кирешелерди чегербөө статусундагы кредит боюнча төлөмдөрдү, ошол кредитти төлөөнүн бекитилген графигине ылайык: үч айдын аралыгында жүзөгө ашырган болсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Пайыздык кирешени чегерүү статтусун кайтарып берүүгө тиешелүү чечим, карыз алуучунун финансылык абалына, ошондой эле карыз алуучунун кредитти төлөп берүү графигине ылайык карызды толугу менен төлөөгө мүмкүнчүлүгүнө жана ниеттенүү- сүнө кылдат баа берүүдөн кийин гана кредиттик уюм тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. 

  

  

  

Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибине карата 

тиркеме 

Пайыздык кирешелерди чегербөө статусундагы кредиттерди эсепке алууну уюштуруу боюнча 

МИСАЛДАР 

(КРУБ 2006-жылдын 17-майындагы N 14/4 токтомуна ылайык алынып салынды)