Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 31-майындагы  

№ 2021-П-14/29-3-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

«Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген лицензиянын негизинде иш алып барган төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган негизги талаптар аныкталат.  

2. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясаты бул колдонуучуларга финансылык отчетту даярдоодо жана сунуштоодо төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган конкреттүү принциптердин, негиздердин, жалпы кабыл алынган шарттардын, эрежелердин жана практикалык ыкмалардын жыйындысы.  

3. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатынын максаты болуп, финансылык отчеттун толук жана так берилишин камсыз кылган бирдиктүү бухгалтердик эсепке алуу системасын жана анын негизин түзгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ички контролдоо системасын түзүү саналат. 

4. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги эсепке алуу саясатын төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик маалыматтарын жана финансылык отчетун төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ар бир иши үчүн колдонулган Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (мындан ары ФОЭС) талаптарына ылайык келтирүү максатында аныктоого, бекитүүгө жана колдонууга тийиш.  

5. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда төмөнкүлөргө таянууга тийиш:  

- Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамына;  

-  төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына;  

- ФОЭС;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы  

№ 231 токтому менен бекитилген «Ишкердик субъекттеринин, коммерциялык эмес уюмдардын (бюджеттик мекемелерди албаганда) бухгалтердик эсебиндеги документтердин жүгүртүлүшү жөнүндө» жобого. 

 

 

2-глава. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын  

эсепке алуу саясатынын форматы 

 

6. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эсепке алуу саясатынын форматын өз алдынча тандайт. ФОЭСтин методологиялык принциптерине ылайык келүү жана бухгалтердик эсепке алууну жана ички контролдоо системасын уюштурууга байланыштуу маселелерди толук камтуу ага карата коюлган негизги талап болуп саналат. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатынын иште колдонууга сунушталган түзүмү ушул Жобого карата тиркемеде келтирилген.  

7. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясаты төмөнкү эки ыкманын бири боюнча түзүлөт:  

- операциялардын ар бир түрүнө карата эсепке алуунун жалпы тартиби жана принциптери өзүнчө саясатта чагылдырылат;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операцияларын эсепке алуу тартиби жана принциптери операциялардын ар бир түрүн өзүнчө бөлүктөрдө чагылдыруу менен бир саясатта баяндалат.  

 

3-глава. Эсепке алуу саясатынын мазмунуна карата негизги талаптар 

 

8. Эсепке алуу саясаты финансылык отчетту сунуштоонун концептуалдык негиздерин эске алуу менен, ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун үзгүлтүксүздүгү, түшүнүктүүлүгү, орундуулугу, маанилүүлүгү, ишенимдүүлүгү, толуктугу, бейтараптуулугу, формасына караганда мазмунунун артыкчылыгы, бурмаланбагандыгы, салыштырмалуулугу, туура берилиши сыяктуу негизги принциптерине таянуу менен финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

9. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эсепке алуу саясатын түзүүдө ФОЭС (IAS) 8 «Эсепке алуу саясаты, бухгалтердик баалоодогу өзгөрүүлөр жана каталар» стандартына таянууга тийиш, ал эсепке алуу саясатын түзүүгө карата эки негизги ыкманы аныктайт: 

1) эгерде кандайдыр бир ФОЭС операцияга, башка жагдайларга же шартка карата колдонулса, анда төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясаты же анын ушул эсепке алуу объектине карата колдонулуучу жоболору аталган ФОЭСти колдонуу менен аныкталууга тийиш. 

2) эгерде ФОЭСти кандайдыр бир операцияларга, башка жагдайларга же шарттарга колдонуу мүмкүн болбогон учурда, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчилиги орундуу жана ишенимдүү боло турган маалыматтарды түзүү үчүн эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда жана колдонууда жеке пикирин колдонуусу зарыл. Мында пайдаланылган жеке пикир бөлүнүп көрсөтүлүүгө же чагылдырылууга тийиш. 

10.  Эсепке алуу саясатында төлөм системаларынын операторлорундагы/төлөм уюмдарындагы бухгалтердик эсепке алуунун ФОЭСке ылайык тажрыйбасы жана уюштурулушу тууралуу толук маалымат камтылуусу зарыл:  

а) төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында бекитилген бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планы жана финансылык отчет түзүү тартиби; 

б) финансылык отчеттун ар бир элементин таануу, классификациялоо, эсептен чыгаруу же жабуу критерийлери: төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын активдери, милдеттенмелери, капиталы, кирешелери, чыгашалары;  

в) төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында колдонулган финансылык отчеттордун элементтерине баа берүүлөр жана капиталды колдоо концепциясы;  

г) төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында колдонулган эсепке алуунун түрлөрү, алардын максаты жана мааниси (баланстык, баланстан тышкаркы жана системадан тышкаркы);  

д) төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына, бухгалтердик баа берүүлөргө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берген шарттар; активдерге жана милдеттенмелерге инвентаризация жүргүзүү тартиби; бухгалтердик эсептеги документтерди жүргүзүү эрежелери;  

е) төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан кабыл алынган, ФОЭСке каршы келбеген бухгалтердик эсепке алуунун башка негиздери жана эрежелери.  

11.  Эсепке алуу саясатында төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишин жүзөгө ашырууда, аткаруу органынын жетекчилигинин жана башкы бухгалтеринин (функционалдык милдеттери боюнча башкы бухгалтерге теңештирилген кызмат адамы) бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы, төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында бухгалтердик эсеп жүргүзүү жана алардын финансылык отчетун түзүү жана сунуштоо жагындагы жоопкерчилиги аныкталууга тийиш.  

Эсепке алуу саясаты төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилигин, анын ичинде, стандарттуу эмес (төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн жаңы же бир жолку мүнөздөгү жана эсепке алуу саясатында чагылдырылбаган) операциялар келип чыккан учурда, аны бухгалтердик эсепке алууда чагылдыруу чечимин кабыл алуу боюнча (кээде жүргүзүлүүчү маанилүү эмес жана кээде маанилүү операциялар) жоопкерчилигин аныктоого тийиш.  

12.  Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары өзүнүн эсепке алуу саясатында төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш: 

- чечим кабыл алууга таасир этүүчү төлөм системаларынын операторлорундагы/төлөм уюмдарындагы операциялардын/жагдайлардын/шарттардын маанилүүлүгү

- финансылык отчеттун ар бир көрсөткүчү үчүн каталардын же финансылык отчетто калтырылып кеткен маалыматтардын, анын ичинде жүргүзүлүүчү операциялар үчүн олуттуулук деңгээли. 

13.  Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын активдеринин жана милдеттенмелеринин ар бир түрү боюнча аларды баштапкы таанууда, андан ары эсепке алууда (активдерди кайра баалоо, кайра классификациялоо, активдерди амортизациялоо, кийинки сарптоолор, начарлашын таануу ж.б.) жана колдонуудан калган шартта эсепке алуунун принциптери, эрежелери жана шарттары чагылдырылууга тийиш. 

14. ФОЭСте активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуунун негизги жана жол берилген альтернативдүү ыкмасына уруксат берилген учурда, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары активдердин жана милдеттенмелердин ар бир түрү боюнча тандалып алынган ыкманы эсепке алуу саясатында так көрсөтүүгө тийиш.  

Ошол эле учурда, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эсепке алуу жана баа берүү жагында ар башка ыкмаларды колдонуу боюнча ФОЭСтин талаптарына таянууга тийиш (мисалы, ФОЭСте активдердин бардык категориясына жана тобуна карата эсепке алуу жана баа берүү боюнча бирдиктүү ыкманы колдонуу талап кылынат же ар бир өзүнчө активге эсепке алуу жана баа берүү боюнча ар башка ыкманы колдонууга уруксат берилет).  

15. Эсепке алуу саясатында активдерди амортизациялоо ыкмасы аныкталууга тийиш. 

16.  Эсепке алуу саясатынын алкагында бардык операцияларды бухгалтердик эсепке алууну уюштуруунун жана аларды бухгалтердик эсепке алуу эсептери боюнча чагылдырунун толук эрежелери, ошондой эле ички контролдоону уюштуруунун тиешелүү эрежелери иштелип чыгууга тийиш. 

Ошол эле учурда, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатында азыркы учурда колдонулуп жаткан же жакынкы келечекке колдонуу пландаштырылган операциялар боюнча гана эрежелер камтылышы зарыл.  

17. Төлөм системаларынын операторлорунун эсепке алуу саясатында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр боюнча операцияларды эсепке алуу эрежелери чагылдырылууга тийиш: 

1) процессинг жана клиринг кызматын көрсөтүү үчүн алынган кирешелер; 

2) электрондук акчаны чыгаруу боюнча банк-эмитентке депозитке салынган гарантиялык камсыздоону эсепке алуу (төлөм системасынын оператору электрондук акча системасынын оператору болгон учурда); 

3) төлөм системаларынын операторлорунун ишине мүнөздүү башка операциялар. 

18. Төлөм уюмунун эсепке алуу саясатында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр боюнча операцияларды эсепке алуу эрежелери чагылдырылуусу зарыл: 

1) кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган акча каражаттарынын жылышы, ошондой эле алардын андан ары товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын эсебине которулушу, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана алардын агенттери менен салыштырып текшерүү актыларын түзүү

2) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына келечектеги төлөмдөр эсебине камсыздоолорду берүү (аванстар жана алдын ала төлөөлөр, депозиттер, ошондой эле берилген банктык гарантиялар боюнча); 

3) агенттерден кабыл алынган аванстык төлөмдөр; 

4) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр боюнча аныкталбаган суммаларды чегерүү жана кайтарып берүү

5) комиссиялык кирешелер/чыгашалар: 

- кармап калууга/тиешелүү эсептерге чегерүүгө тийиштүү жана андан ары төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн кирешелерди таануу; 

- агенттерге төлөнүүчү

- инкассаторлорго төлөнүүчү (инкассаторлор кызматы менен кызматташкан учурда); 

6) төлөм уюмунун ишине мүнөздүү башка операциялар. 

Ошол эле учурда колдонуучулардан товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу натыйжасында келип чыккан милдеттенмелерди эсепке алууну төлөм уюмунун административдик-чарбалык ишинин жүрүшүндө келип чыккан милдеттенмелерди эсепке алуудан өзүнчө каттоо зарыл. 

19.  Ар бир операция төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсебинде (автоматташтырылган эсепке алуу системасында) өз убагында жана толук чагылдырылууга тийиштүү.  

20.  Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары документтерди жүргүзүү эрежелерин жана колдонууга кабыл алынган бухгалтердик документтердин формаларын бекитиши зарыл, алар ченемдик укуктук актылардын белгиленген талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

21. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда операцияларды алардын бухгалтердик китебинде чагылдыруу боюнча ыкмаларды тандоо өзгөчөлүктөрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бир катар факторлорду эске алуу зарыл:  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдардын уставына жана бизнес-планына ылайык ишинин өзгөчөлүктөрү;  

- иштин масштабы;  

- төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын өнүгүшүн камсыз кылуучу материалдык жана техникалык базасынын мүнөзү.  

 

 

4-глава. Эсепке алуу саясатын иштеп чыгуу, бекитүү жана кайра кароо тартиби  

 

22.  Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясаты башкы бухгалтер (функционалдык милдеттери боюнча башкы бухгалтерге теңештирилген кызмат адамы) тарабынан ушул Жобонун негизинде түзүлөт жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жетекчиси менен макулдашылат. 

23. Акционердик коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясаты директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш.  

24.  Жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясаты төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын директорлор кеңеши (эгер болсо) же катышуучулардын жалпы жыйыны же болбосо катышуучусу (жоопкерчилиги чектелген коомдо бир эле катышуучу болгон учурда) тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

25. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары туруктуу негизде, бирок кеминде жылына бир жолу, колдонуудагы ФОЭСке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле ФОЭС боюнча комитет тарабынан иштелип чыккан жаңы стандарттардын күчүнө кирүүсүн байкоого алып турууга тийиш. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына өзгөртүү киргизүүгө ФОЭСте каралган учурларда гана жол берилет, атап айтканда:  

- эгерде жаңы стандарт кабыл алынган болсо же колдонуудагы стандартка өзгөртүүлөр киргизилсе;  

- эгерде финансылык отчетто операциялардын, башка жагдайлардын же шарттардын төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалына, финансылык натыйжаларына же акча агымдарына таасири жөнүндө ишенимдүү жана кыйла орундуу маалыматтын камтылышына алып келген шартта, эсепке алуу саясатын ыктыярдуу өзгөртүү

26. Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жолдорун жана ыкмаларын тандаган аткаруу органынын жетекчиси жана башкы бухгалтер (функционалдык милдеттери боюнча башкы бухгалтерге теңештирилген кызмат адамы) эсепке алуу саясатын колдонууда төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу талап кылынат: 

- ФОЭС талаптарына ылайык, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын жүргүзгөн операцияларынын жана акча агымдарынын жылышынын натыйжасында, алардын финансылык абалы тууралуу анык маалыматты берүүгө

- ишенимдүү, салыштырмалуу жана жеткиликтүү маалымат берүүгө

- колдонуучулар үчүн зарыл маалыматты, атап айтканда, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык абалына жана/же ишине таасирин тийгизүүчү маанилүү операцияларды, жагдайларды жана шарттарды кошумча ачып көрсөтүүгө

 

5-глава. Эсепке алуу саясаты жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү  

 

27. Эсепке алуу саясаты жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү боюнча талаптар, ошондой эле эсепке алуу саясатында перспективдүү жана ретроспективдүү өзгөртүүлөрдү колдонуу, бухгалтердик баа берүүлөрдөгү өзгөрүүлөр, ошондой эле өткөн мезгилдердеги каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар ФОЭС талаптарына ылайык сунушталууга жана ачык берилүүгө тийиш.  

 

«Төлөм системаларынын  

операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө»  

жобого карата тиркеме 

 

 

 

ЭСЕПКЕ АЛУУ САЯСАТЫ 

өлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын  

толук аталышы) 

 

 

1-бөлүк. Эсепке алуу саясатынын жалпы жоболору 

 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатынын багыты. 

 

Төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушуна жана чарба операцияларын ишке ашырууда мыйзам талаптарынын сакталышына, ошондой эле бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүнө жоопкерчилик. 

 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатын колдонуу чөйрөсүөлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан тандалып алынган эсепке алуу саясатынын форматына жараша) жана эсепке алууда олуттуу жана анчалык маанилүү болбогон учурлардын чагылдырылышы боюнча чечим кабыл алуу укугу.  

 

Төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушуна жана алардын ишин жүргүзүүдө мыйзам талаптарынын сакталышына, ошондой эле бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүнө жоопкерчилик.  

 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатынын максаты.  

 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатынын негизги милдеттери.  

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эсепке алуу саясатынын Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүүсү.  

 

Бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу: төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында бухгалтердик эсепке алууну ким жүргүзөт (түзүмдүк бөлүмдү; башкы бухгалтерди/бухгалтерди көрсөтүү).  

 

Төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында колдонулган бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптери.  

 

2-бөлүк. Төлөм системаларынын операторлорунда/төлөм уюмдарында кабыл алынган бухгалтердик эсепке алуунун эсептер планы.  

 

3-бөлүк. Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетун түзүү жана сунуштоо эрежелери.  

 

4-бөлүк. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан ишке ашырылган ар бир операцияга жана финансылык отчеттун элементине карата төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясаты. 

 

5-бөлүк. Активдерге, милдеттенмелерге инвентаризация жүргүзүү эрежелери. Документ жүргүзүү эрежелери.