Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 13-октябрындагы 

№ 2021-П-14/56-1-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт)  

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) эрежелеринде (мындан ары  Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) тартиби, Улуттук банктын лицензиясына ээ же Улуттук банкта каттоодон өткөн төлөм системаларынын операторлорунун, ошондой эле төлөм кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин, өздүк төлөм системаларына ээ жана эл аралык төлөм системаларынын катышуучулары болуп саналган коммерциялык банктардын (мындан ары көзөмөлгө алынган уюмдар) отчет берүү тартиби, формалары жана эрежелери, ошондой эле төлөм системасындагы жаңы продукттар/системалар жана продуктуну/системаны ишке киргизүү баскычында системадагы өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка маалымат берүү тартиби аныкталат.  

2. Эл аралык төлөм системаларынын катышуучусу болуп саналган коммерциялык банктар регулятивдик банктык отчеттун алкагында отчет беришет. Электрондук акча менен эсептешүү системалары боюнча отчетту коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык берет. 

3. Төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле өздүк төлөм системаларына ээ коммерциялык банктар отчетторду ушул Эрежелерге ылайык, электрондук кол тамга жок болгон учурда коштомо кат менен электрондук жана кагаз түрүндө же Улуттук банктын тастыктоочу борбору тарабынан берилген электрондук кол тамга бар болгон учурда мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында беришет. 

4. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөөдө (оверсайт) Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдардан мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун жана өз ара иш алып баруунун, расмий суроо-талаптардын, баалоо жыйынтыгы боюнча отчеттордун, түзүлгөн келишимдердин жана эл аралык кызматташуунун алкагында, ошондой эле ачык булактардан алынган маалыматтарды колдонот. 

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасында системалык тобокелдикти азайтуу максатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, жарым жылда кеминде бир жолу системалуу мааниге ээ, маанилүү, улуттук төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин тизмегин кайрадан карап чыгат. Системалуу мааниге ээ, маанилүү, улуттук төлөм системаларынын операторлоруна жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине алар системалуу мааниге ээ төлөм системасы, маанилүү төлөм системасы, улуттук төлөм системасы жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылгандыгы тууралуу тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт.  

6. Көзөмөлгө алынган уюмдар өздөрүнүн отчетторун төлөм системасынын маанилүүлүгүнүн жана төлөм инфраструктурасынын орчундуулугунун деңгээлине жараша түзөт жана Улуттук банкка сунуштайт, ал Улуттук банк тарабынан бекитилген маанилүүлүк критерийлерине ылайык аныкталат.  

7. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөөдө (оверсайт) көзөмөлгө алынган жана башка уюмдардан алынган маалыматтардын купуялуулугун сактайт. Мындай маалыматты ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

2-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына  

мониторинг жүргүзүү тартиби 

8. Улуттук банк төлөм системаларынын операторлору, электрондук акча эмитенттери, эл аралык төлөм системаларынын катышуучулары жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери тарабынан түзүлгөн, төлөм системасынын ишинин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү боюнча маалымат алууга мүмкүндүк берген туруктуу отчетторду чогултуу жана талдоонун негизинде, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде: 

1) ай ичиндеги күндөлүк төлөмдөрдүн көлөмү жана саны боюнча;  

2) төлөм системасында концентрациялануу коэффициенти боюнча;  

3) төлөм инструменттери боюнча төлөмдөр, төлөм системаларынын жана финансылык билдирүүлөрдү алмашуу каналдарынын түрлөрү боюнча;  

4) системанын ири катышуучулары боюнча төлөмдөр боюнча;  

5) инциденттер боюнча (өзгөчө кырдаалдар, уруксатсыз (санкцияланбаган) операциялар ж.б.);  

6) төлөмдөрдүн багыты боюнча;  

7) себептерин көрсөтүү менен аткарылбаган төлөмдөр боюнча;  

8) төлөм системаларынын өз ара байланыштары боюнча. 

9. Улуттук банк төлөм системасын көзөмөлдөөдө (оверсайтты): 

- көзөмөлгө алынган уюмдарга төлөм системасынын жана төлөм инфраструктурасынын абалы, инциденттер, даттануулар, төлөмдөр боюнча кайрылуулар жана кайтарып алуулар, төлөм кызматтары жана төлөм инфраструктурасы, төлөм системасында колдонулган башкаруу ыкмалары, төлөм системасынын катышуучуларынын курамы, Улуттук банктын реглятивдик отчетторунун алкагында суралбаган тарифтер, учурда колдонулган технологиялар жана инновациялар жөнүндө маалымат алуу үчүн суроо-талаптарды жөнөтөт;  

- мамлекеттик органдар, эл аралык төлөм системалары, эл аралык финансылык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен маалымат алмашат; 

- жумушчу топтордогу сүйлөшүүлөрдү жана комитеттерге/кеңештерге катышууну кошо алганда, талкууларды, жолугушууларды жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштурат жана аларга катышат; 

- мыйзамдарда жана тиешелүү практикада каралган формаларда өз ара иш алып барат. 

10. Системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторлору дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын төмөнкү маалыматтарды Улуттук банкка электрондук түрдө (Excel файлы) жөнөтөт:  

- ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, ар бир катышуучу боюнча төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө;  

- ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, себебин көрсөтүү менен (ликвиддүүлүктүн жетишсиздиги, система четке каккан, катышуучу тарабынан кайтарылып алынган, системанын үзгүлтүккө учурашы ж.б.) аткарылбаган төлөм документтеринин саны жана көлөмү жөнүндө;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкары жагдайлар жөнүндө» жобонун (мындан ары Штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө жобо) 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөм системасындагы инциденттер жөнүндө (системанын иш регламентинин бузулушу, иш үзгүлтүктөрү жана каталар, системанын токтоп туруусу, системага уруксатсыз кирүү, иштин үзгүлтүккө учурашы, форс-мажордук жагдайлар ж.б.). 

11. Маанилүү төлөм системаларынын, улуттук төлөм системаларынын операторлору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери Штаттан тышкары жагдайлар жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, келип чыгышына жараша, Улуттук банкка төлөм системасындагы инциденттер тууралуу (системанын иш регламентинин бузулушу, иш үзгүлтүктөрү жана каталар, системанын токтоп туруусу, системанын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү, системага уруксатсыз кирүү, иштин үзгүлтүккө учурашы, форс-мажордук жагдайлар ж.б.) маалымат жөнөтөт.  

12. Маанилүү төлөм системаларынын операторлору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери ар айлык негизде, отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Улуттук банкка ушул Эрежелердин 3-6-тиркемелеринде белгиленген формага ылайык, төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө, анын ичинде ар бир катышуучу тууралуу  маалымат сунуштайт.  

13. Системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системасы болуп саналбаган төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле коммерциялык банктар (өздөрүнүн төлөм системаларына ээ, эл аралык электрондук акча системаларынын агенттери, ошондой эле эл аралык төлөм системаларынын катышуучулары болуп эсептелген) жана кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери ар айлык негизде, отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Улуттук банкка төмөнкү маалыматты сунуштайт:  

- ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө

- ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөм системасы тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө;  

- Штаттан тышкары жагдайлар жөнүндө жобонун  

1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөм системасынын иши үзгүлтүккө учурагандыгына жана/же төлөм системасынын эрежелеринин бузулушуна байланыштуу инциденттер (системанын иш регламентинин бузулушу, иш үзгүлтүктөрү жана каталар, системанын токтоп туруусу, системага уруксатсыз кирүү, иштин үзгүлтүккө учурашы, форс-мажордук жагдайлар ж.б.) жөнүндө;  

- ушул Эрежелердин 6-тиркемесинде белгиленген формага ылайык, төлөм инструменттеринин пайдаланылышы жөнүндө.  

14. Көзөмөлгө алынган уюмдардын отчетторунда көзөмөлгө алынган уюм иштеген ар бир төлөм системасы боюнча жогоруда келтирилген маалыматтардын бардык формалары камтылууга тийиш. 

Регулятивдик банктык отчеттор жана мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор аркылуу берилген отчеттор Улуттук банкка тиешелүү электрондук кол тамга коюлган, белгиленген форматтагы коштомо кат менен Excel файлы электрондук түрдө жөнөтүлөт (файлдын ичинде ар бир отчеттун формасы жана төлөм системалары боюнча өзүнчө барактар болушу зарыл).  

Ал эми регулятивдик банктык отчеттор жана мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор аркылуу берилбеген отчеттор Улуттук банкка электрондук түрдө (файлдын ичинде ар бир отчеттун формасы жана төлөм системалары боюнча өзүнчө барактар болушу зарыл) жана Excel жана PDF-форматындагы тиркемелери менен PDF-форматында коштомо кат psoversight@nbkr.kg электрондук дарегине, электрондук кол тамга жок болгон учурда кезектеги кагаз түрүндө жөнөтүлөт. Электрондук түрдө жөнөтүлгөн маалымат кагаз жүзүндө берилген маалымат менен бирдей болууга тийиш. Отчеттун кагаз жүзүндө тапшырылган күнү катары анын Улуттук банкта катталган күнү саналат. 

15. Кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар орун алган, отчет толук берилбеген же формалары туура эмес толтурулган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу кызматкерине электрондук почта жана/же телефон аркылуу отчетту оңдоо зарылдыгы жөнүндө кабарлайт. Оңдолгон отчеттор коштомо кат менен бирге Улуттук банкка: күнүмдүк 2 (эки) жумуш күнү ичинде, жумалык отчеттор 3 (үч) жумуш күн ичинде, ал эми калган отчеттор Улуттук банктан тиешелүү билдирүү алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде берилиши зарыл. 

16. Төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери системага мурда сунуштабаган жаңы сервистерди, продукттарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү баскычында, ошондой эле системанын ишин биротоло токтотуу тууралуу Улуттук банкка иштелип чыгып жаткан сервис/продукт, системага сунушталган өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду чагылдырган маалымат тиркелген билдирүү жөнөтүү аркылуу алдын ала маалымдоого тийиш. Улуттук банк келип түшкөн маалыматтарды талдап-иликтейт жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасы, төлөөчүлөр же башка төлөм системалары үчүн тобокелдиктер аныкталган учурда, билдирүү Улуттук банкта катталган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде кемчиликтерди четтетүү үчүн бул тууралуу төлөм системасынын операторуна/катышуучусуна, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерине маалымдоого тийиш. Эгерде Улуттук банк төлөм системасынын катышуучусуна белгиленген мөөнөт ичинде билдирүү бербесе, анда эч кандай тобокелчилик жок деп эсептелет. 

17. Көзөмөлгө алынган уюм маалыматты бербегендиги, өз убагында бербегендиги жана/же анык эмес маалымат бергендиги үчүн, ошондой эле отчетторду туура эмес толтургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

18. Мониторинг жүргүзүү процессинде Улуттук банк төмөнкүлөрдү талдап-иликтейт: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген ар бир төлөм системасынын жеке сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген ар бир төлөм системасынын жеке мүнөздөмөлөрүнүн өзгөрүү динамикасын; 

- төлөм системаларынын түрлөрү боюнча рынок үлүшүн бөлүштүрүүнү

- төлөм системасындагы системалуу тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдыгын. 

19. Мониторингдин натыйжалары ай сайын системага салынат жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жөнгө салуунун жана өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) максатында колдонулат. 

20. Улуттук банк кеминде чейректе бир жолу Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) натыйжалары жөнүндө маалыматты тиешелүү купуялуулук деңгээлин сактоо менен Улуттук банктын интернет-сайтына жайгаштырат. 

21. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) натыйжалары жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн: 

- төлөм системасынын ишиндеги типтүү кемчиликтер жана проблемалар жөнүндө маалыматты; 

- ар башка типтеги төлөм системаларынын иштешине, тобокелдик деңгээлине жана улуттук төлөм системаларынын жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларын; 

- ар башка төлөм системаларына баа берүү жана талдоо натыйжалары жөнүндө маалыматты ж.б. 

 

3-глава. Төлөм системаларынын жана төлөм  

инфраструктурасынын ишине баа берүү тартиби 

22. Төлөм системасынын жана төлөм инфраструктурасынын ишине Улуттук банктын талаптарына жана белгиленген эл аралык стандарттарга, анын ичинде Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге1 ылайык келүүсүнө баа берүү Улуттук банк тарабынан системалуу мааниге ээ төлөм системасына, маанилүү төлөм системаларына, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине карата кеминде үч жылда бир жолу мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, системанын операторунун өзүн-өзү баалоонун натыйжаларынын жана баа берүүнүн алкагында берилген башка документтердин негизинде жүргүзүлөт.  

23. Төлөм системаларын баалоодо Улуттук банк эл аралык стандарттарга ылайык, кеминде үч жылда бир жолу борбордук банктардын, рынокту жөнгө салуучулардын жана башка компетенттүү органдардын финансылык рыноктун инфраструктурасы жаатындагы милдеттерине ылайык келүүсүнө баа берет (ушул Эрежелердин 11-тиркемеси). 

24. Улуттук банк баа берүү башталардан 3 (үч) ай мурда системалуу мааниге ээ төлөм системасынын, маанилүү төлөм системасынын операторлоруна жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине алардын системасын же ишин баалоо баштала турган күнү жөнүндө маалымдайт, ошондой эле Улуттук банкка ушул Эрежелердин 8, 10,  

12-тиркемелерине ылайык, баалоо күнүнө карата тиешелүү ички документтерин (келишимдер, операциялык эрежелер, ички ченемдик документтер, буйруктар ж.б.) жөнөтүү менен системасын өз алдынча баалоо натыйжаларын берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт. 

25. Өзүн-өзү баалоо системалардын маанилүүлүгүнүн (системалуу мааниге ээ төлөм системасы, маанилүү төлөм системасы) жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин категорияларына ылайык жүргүзүлүшү зарыл, ошондой эле анкетанын ар бир пункту боюнча толук маалыматты камтууга тийиш. 

26. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын талдоо, төлөм системасынын оператору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери тарабынан жүргүзүлүүчү өзүн-өзү баалоо системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

27. Системалуу мааниге ээ төлөм системасынын жана маанилүү төлөм системасынын операторлору, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери баалоо күнүнө карата Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

- ушул Эрежелердин 8, 10, 12-тиркемелеринде белгиленген формага ылайык, өзүнүн төлөм системасынын иштешин өзүн-өзү баалоону; 

- расмий системалык документтерди (системанын эрежелери, төлөм системасынын ишине байланыштуу келишимдер жана макулдашуулар, акыркы 3 (үч) жылдагы оператордун бизнес планы, бизнестин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо планы, колдонулуп жаткан тарифтер ж.б.); 

- тышкы (эгерде бар болсо) жана ички аудиторлордун системанын операторунун ишине акыркы текшерүүнүн натыйжалары боюнча корутундуларын;  

- акыркы IT-аудиттин жыйынтыктарын;  

- башка маалыматты.  

28. Баалоонун алкагында Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- төлөм системасынын/төлөм инфраструктурасынын учурдагы абалын талкуулоо, келип чыккан маселелерди тактоо үчүн иши бааланып жаткан төлөм системасынын операторунун, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүү жана/же тиешелүү суроолорду жөнөтүүгө

- жумушчу топтордогу сүйлөшүүлөрдү кошо алганда, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана комитеттерге/кеңештерге катышууга. 

29. Улуттук банк, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин иши мыйзам талаптарына, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө жана финансылык рыноктун инфраструктурасына байланыштуу эл аралык стандарттарга шайкештигин талдап-иликтейт. 

30. Эгерде орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери көзөмөлгө алынган уюм болбосо, Улуттук банк орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери жана тиешелүү көзөмөл органы менен түздөн-түз өз ара иш алып баруу менен мындай провайдерге өз алдынча баа берет. 

31. Принциптерге шайкештигин талдап-иликтөө сапаттык негизде 5 баллдык шкала боюнча бааланат:  

Балл 

Критерийди сактоо деңгээли 

Чагылдырылышы 

Сакталууда 

Баа берүүдө аныкталган бардык кемчиликтер жана жетишпестиктер проблемалуу маселеге кирбейт жана алар олуттуу эмес, штаттык режимде жөнгө салууга мүмкүн болгон маселе катары саналат. 

Негизинен сакталууда  

Баа берүүдө бир же бир нече проблемалуу маселе аныкталган, алар белгиленген мөөнөттө чечилүүгө тийиш жана аларды контролдоону улантуу зарыл. 

Айрым бөлүктөрү сакталган  

Баа берүүдө бир же бир нече проблемалуу маселе аныкталган, алар тез арада чечилбесе олуттуу проблемага айланышы мүмкүн. Бул маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. 

Сакталган эмес  

Баа берүүдө тез арада чечүүнү талап кылган бир же бир нече кыйла проблемалуу маселелер аныкталган, демек алар биринчи кезекте чечилүүгө тийиш. 

 1 

Колдонулбайт   

Бул принцип төлөм системасынын юридикалык, институционалдык, түзүмдүк себептери же башка мүнөздөмөлөрү боюнча баа берилип жаткан төлөм системасынын бул түрүнө карата колдонулбайт. 

32. Улуттук банк баалоонун жыйынтыктарын белгилүү бир баа берүү негиздемесин кошо тиркөө менен отчетто чагылдырат. Талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык төмөнкүлөр боюнча системанын иши тууралуу корутунду даярдалат жана чечим кабыл алынат: 

- системанын ишинин кабыл алынган стандарттарга жана Улуттук банктын талаптарына жооп бериши жана системанын колдонуудагы иштөө деңгээлинин сакталышы жөнүндө (4төн жогору баалоо);  

- иш натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, баалоо критерийлерин толугу менен аткарууга жетишүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү кошуу жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен баа берилип жаткан системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө (3 деген баа берүү);  

- аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен баа берилип жаткан системага карата чараларды колдонуу же системанын мындан ары иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу тууралуу (2 деген баа берүү).  

33. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерине талдап-иликтөөлөрдүн жана баалоонун жыйынтыгы боюнча корутундуну, ошондой эле кандайдыр бир тобокелдиктер/бузуулар аныкталганда /процесстерди жана/же жол-жоболорду жакшыртуу зарылчыгы жаралганда андан ары аткаруу үчүн тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды жөнөтөт.  

34. Төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери талдап-иликтөө жана баалоо натыйжалары боюнча корутундуну, ошондой эле системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин 14-тиркемесине ылайык, системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды аткаруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары иш-чаралар планы)мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Улуттук банкка макулдашууга жөнөтөт, бул төлөм системасынын оператору менен орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери талдап-иликтөөнүн жана баалоонун натыйжаларына макул экендигин күбөлөндүрөт. 

35. Иш-чаралар планын Улуттук банк менен макулдашкандан кийин, төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери 5 (беш) жумуш күнү ичинде бекитилген күнүн жана аны бекиткен органдын аталышын көрсөтүү менен бекитилген иш-чаралар планын Улуттук банкка жөнөтөт. 

36. Төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөргө/жазма буйруктарга/талаптарга макул болбосо, ар бир документ боюнча макул болбогон себептерин көрсөтүү менен документтерди алган күндөн тартып 7 (жети) жумуш кунүнөн кечиктирбей Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

37. Улуттук банк төлөм системасынын операторунан же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринен тиешелүү кат келип түшкөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күнү ичинде системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөргө/жазма буйруктарга/талаптарга макул эместиги тууралуу позициясын карайт, зарылчылыгына жараша, төлөм системасынын оператору же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери менен талаш маселелерди чечүү үчүн жолугушууларды жумуш тартибинде же видеокрнференция байланышы режиминде өткөрөт. 

38. Төлөм системасынын операторунун жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин позицияларын талкуулоонун жана кароонун жыйынтыгында, зарыл болгон учурда, Улуттук банк системаны өркүндөтүү же дал келбестиктерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды корректировкалоого укуктуу. Төлөм системасынын оператору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери иш-чаралар планын ушул Эрежелердин 34 жана 35-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык берет. 

39. Иш-чаралар планын аткаруунун статусу жөнүндө отчет бааланган системанын оператору жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери тарабынан сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды /талаптарды аткарганга/четтеткенге чейин чейрек сайын отчеттук чейректен кийинки айдын 10уна чейин, ушул Эрежелердин 15-тиркемесине ылайык формада берилиши зарыл. 

40. Улуттук банк төлөм системасынын операторун жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерин көзөмөлдөө (оверсайт), талдап-иликтөө жана алардын натыйжалуулугуна баа берүү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча дайыма берилүүчү аналитикалык отчеттордо купуялуулуктун талап кылынган деңгээлин сактоо менен расмий интернет-сайтына жайгаштырат.  

 

4-глава. Төлөм системаларын өзгөртүүнү жана өркүндөтүүнү демилгелөө  

боюнча чаралар 

41. Мониторинг жүргүзүүнүн же баалоонун натыйжалары боюнча системанын керектөөчүлөрүнүн укуктарынын бузулушуна же Кыргыз Республикасынын төлөм системасында системалык тобокелдикке алып келиши мүмкүн болгон өзүнчө төлөм системасынын ишинде кемчиликтер аныкталган учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторуна ушул кемчиликтер жана төмөнкү иш-чараларды аткаруу зарылдыгы жөнүндө билдирет: 

- төлөм системасынын, төлөм инфраструктурасынын иштешине байланыштуу эрежелерге, келишимдерге жана ички документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү

- тобокелдиктерди тескөө системасына, анын ичинде төлөм системасынын/төлөм инфраструктурасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүү

- маалыматтын корголушун камсыз кылуу жана төлөм системасында/төлөм инфраструктурасында коопсуздукту жогорулатуу жаатында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өркүндөтүү

- төлөм системасынын/төлөм инфраструктурасынын ичинде механизмдерди өзгөртүү;  

- системанын ишиндеги кемчиликтерди четтетүү;  

- системалуу мааниге ээ төлөм системасынын, маанилүү төлөм системасынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин финансылык абалын жакшыртуу;  

- башка иш-чаралар. 

42. Улуттук банк төлөм системасынын операторуна же орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерине тиешелүү сунуш-көрсөтмөлөрдү/жазма буйруктарды/талаптарды жөнөтөт. 

43. Аныкталган тобокелдиктерге жана алардын Кыргыз Республикасынын жалпы төлөм системасына тийгизген таасиринин деңгээлине жараша, ошондой эле системаны баалоонун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимдер аткарылбаган учурларда, Улуттук банк башка көзөмөл органдары менен макулдашып, системанын операторуна жана көзөмөлгө алынган уюмга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларды колдонууга укуктуу. 

44. Талдап-иликтөөнүн жана баалоонун негизинде даярдалган таасир этүү чараларына Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга болот.  

45. Улуттук банк өз чечимин мажбурлап аткартуу үчүн көзөмөлгө алынган уюмдарга карата сотко кайрыла алат. 

_______________________________ 

1 CPSS-IOSCO «Финансы рыногунун инфраструктурасынын принциптери», 2012-жылдын апрель айы. 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып Төлөм жана эсептешүү системалары боюнча комитеттин (CPSS) аталышы Төлөмдөр жана рынок инфраструктурасы боюнча комитетке (CPMI) өзгөртүлгөн. 

 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата  

1-тиркеме 

 

20__-жылдын____- _______ үчүн  

_____________________ төлөмдөр жөнүндө катышуучулар боюнча (системалуу мааниге ээ төлөм системасынын аталышы)  

МААЛЫМАТ 

 

 

Катышуучунун аталышы  

Чыккан төлөмдөр 

Кирген төлөмдөр 

Төлөмдөрдүн саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү (миң сом)  

Төлөмдөрдүн саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү (миң сом)  

1-катышуучу 

 

 

 

 

2-катышуучу 

 

 

 

 

… 

 

 

 

 

n катышуучу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп 

  

  

  

  

  

Жетекчи 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел., e-mail) 

 

 

 

 

  

 

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата 

2-тиркеме 

 

20__-ж. ____- _______ үчүн 

_________________________________ 

(системалуу мааниге ээ төлөм системасынын аталышы)  

аткарылбаган төлөм документтери 

 

Катышуучунун аталышы 

Аткарылбаган төлөмдөр  

Бардыгы болуп аткарылбаган төлөмдөр  

Ликвиддүүлүктүн жетишсиздиги  

Төлөм реквизиттеринин туура эмес көрсөтүлүшү

жоктугу   

Катышуучу тарабындагы техникалык маселелер 

Башкалар 

Төлөмдөрдүн саны  

Төлөмдөрдүн көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөрдүн саны  

Төлөмдөр көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөрдүн саны  

Төлөмдөрдүн көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөрдүн саны  

Төлөмдөрдүн көлөмү  (миң сом)  

Төлөмдөрдүн саны  

Төлөмдөрдүн көлөмү  (миң сом)  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

Бардыгы болуп 

  

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

Жетекчи 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

  

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата  

3-тиркеме 

________ төлөм системасындагы төлөмдөрдүн  

саны жана көлөмү жөнүндө  

ОТЧЕТ  

Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы_______________________ 

Күнү: (айы, жылы) 

________________________ 

Төлөм системасынын аталышы 

________________________ 

Төлөм системасынын түрү 

________________________ 

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

________________________ 

Валютаcы  

________________________ 

 

Күнү  (күнү/айы/жылы) 

Валютанын курсу  

Кирген/Чыккан 

Төлөмдөрдүн саны (которуулар)  

Төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү, миң валюта бирдигинде 

  

 

Кирген 

 

 

  

 

Чыккан 

 

 

Айына бардыгы болуп:  

чет өлкө валютасында  

 

Кирген 

 

 

Чыккан 

 

 

улуттук валютада 

 

Кирген 

 

 

Чыккан 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Валютасы  

 

 

 

 

  

 

 

 

 

  

 

 

 

 

Айына бардыгы болуп:  

чет өлкө валютасында  

Кирген 

 

 

 

Чыккан 

улуттук валютада 

Кирген 

 

 

 

Чыккан 

 

Жетекчи  

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

 

  

 

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата  

4-тиркеме 

 

Системанын ири катышуучулары боюнча төлөмдөр тууралуу 

МААЛЫМАТ 

_____________________________ 

 

Күнү: (айы, жылы) 

________________________ 

Төлөм системасынын аталышы 

________________________ 

Төлөм системасынын түрү 

________________________ 

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

________________________ 

Валютасы  

________________________ 

 

 

Катышуучунун аталышы  

Кирген\Чыккан 

Төлөмдөрдүн саны (которуулар),  даана 

Төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү, миң валюта бирдигинде 

1-катышуучу 

кирген 

 

 

 

чыккан 

 

 

2-катышуучу 

кирген 

 

 

 

чыккан 

 

 

… 

 

 

 

n катышуучу 

кирген 

 

 

чыккан 

 

 

Калган катышуучулар 

кирген 

 

 

чыккан 

 

 

Система боюнча бардыгы болуп 

кирген 

  

  

чыккан 

 

 

  

 

Жетекчи 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел., e-mail) 

  

 

  

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата  

5-тиркеме 

 

Иштеп чыгууга кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө 

ОТЧЕТ 

______________________ төлөм системасы 

Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы _____________________________ 

Күнү: (айы, жылы) ________________________ 

Төлөм системасынын аталышы _____________________________ 

Төлөм системасынын түрү _____________________________ 

Төлөм системасынын операторунун аталышы _____________________________ 

Валютасы __________________  

 

Күнү (күнү/айы/жылы) 

Валютанын курсу  

Төлөмдү (которуу) кабыл албоо себептеринин аталышы 

Кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) саны 

Кабыл алынбаган төлөмдөрдүн (которуулардын) көлөмү, миң даана 

чет өлкө валютасында  

улуттук валютада 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

Бардыгы болуп валюта боюнча, анын ичинде бир айдагы төлөм кабыл алынбагандыгынын себеби боюнча: 

  

  

  

 

 

Жетекчи  

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

   

 

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата  

6-тиркеме 

 

 

төлөмдөрдү иштеп чыгууга байланыштуу иш жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Күнү: (айы, жылы) 

_____________________________ 

  

Төлөм системасынын аталышы 

_____________________________ 

  

Төлөм системасынын түрү 

_____________________________ 

  

Төлөм системасынын операторунун аталышы 

_____________________________ 

  

 

 

№ 

Катышуучунун аталышы  

Транзакциялардын саны (даана) 

Транзакциялардын көлөмү (миң сом) 

Бардыгы болуп 

Анын ичинен электрондук акча менен 

Карталарды колдонуу менен 

Бардыгы болуп 

Анын ичинде электрондук акча менен 

Карталарды колдонуу менен 

1-банк  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-банк  

 

 

 

 

 

 

3-банк  

 

 

 

 

 

 

… 

… 

 

 

 

 

 

 

n-1 

Төлөм системасынын  

1-оператору 

 

 

 

 

 

 

Төлөм системасынын  

2-оператору 

 

 

 

 

 

 

… 

… 

 

 

 

 

 

 

n+1 

… 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жетекчи  

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Башкы бухгалтер 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

______________________ 

(кол тамгасы) 

______________________ 

(аты-жөнү

_____________ 

(тел.) 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасын  

көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата  

7-тиркеме 

 

Отчет формаларын толтуруу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

1-тиркеме  

Отчетто отчеттук күнгө карата системанын ар бир мүчөсү боюнча системада иштелип чыккан төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматтар камтылган. Ар бир катышуучу боюнча саптар бардык графа боюнча толугу менен толтурулат. 

 

2-тиркеме  

Отчетто ар бир катышуучу үчүн системада аткарылбаган төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөлөрү жана отчеттук күн үчүн бүтүндөй система боюнча аткарылбаган себептерин көрсөтүү менен маалыматтар камтылган. Аткарылбоонун ар бир себеби үчүн төлөнбөгөн төлөмдөрдүн санына жана көлөмүнө ылайык бир гана жалпы сап толтурулат. 

 

1-тиркеменин жана 2-тиркеменин формалары системалык маанилүү төлөм системаларынын операторлору тарабынан күн сайын системанын отчеттук күндөгү ишинин жыйынтыгы боюнча толтурулат жана кийинки иш күнү саат 10.00гө чейин электрондук түрдө psoversight@nbkr.kg электрондук дарегине Кыргыз Республикасынын төлөм системасыy көзөмөлдөө (оверсайт) функцияларын аткаруучу Улуттук банктын бөлүмүнө жиберилет. 

3-тиркеме  

«Төлөм системасындагы төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө отчет» ар бир күн боюнча валюталар менен отчеттук айда системада иштелген төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт.  

Тилкеде аталышынын астында: 

- «Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы» эгер системанын оператору резидент эмес болсо, системанын катышуучусунун тиешелүү аталышы толтурулат. 

«Төлөм системасынын аталышы» системанын тиешелүү аталышы көрсөтүлөт (мисалы, «Элкарт», «Элсом» ж.б.). 

- «Төлөм системасынын түрү» системанын түрүнүн тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы, төлөм карталары менен эсептешүү нүн улуттук системасы, төлөм карталары ж.б. менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системасы).  

- «Төлөм системасынын оператору» системанын операторунун тиешелүү аталышы толтурулат (мисалы, «Банктар аралык процессинг борбору» ж.б.). 

Маалыматтардын аягында «Айына бардыгы болуп» деген жыйынтыктоочу саптары төлөмдөрдүн саны жана көлөмү боюнча толтурулат (чет өлкө жана улуттук валютада). 

4-тиркеме  

«Катышуучулар боюнча төлөмдөр жөнүндө маалымат» отчету системанын ири катышуучуларынын төлөмдөрүнүн саны жана көлөмү жөнүндө ай сайын маалыматтар камтылган, анда отчеттук ай ичинде системада төлөмдөрдүн санынын же көлөмүнүн 60% дан ашыгын түзөт. Отчет кирген жана чыккан төлөмдөр боюнча ар бир катышуучу тарабынан бөлүштүрүү менен толтурулат. «Калган катышуучулар» тилкесинде, калган 40%ды түзгөн катышуучулардын жыйынды маалыматтары бир санда көрсөтүлөт. 4-тиркемедеги отчеттун акыркы маалыматтары ушул Эрежелердин 3 

-тиркемесиндеги отчеттун акыркы маалыматтары менен дал келиши керек. 

 

5-тиркеме  

«Төлөм системасы тарабынан иштетүүгө кабыл алынбаган төлөмдөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө отчетто система тарабынан иштелип чыгууга кабыл алынбаган төлөм документтеринин сандык мүнөздөмөлөрү, даталар жана кабыл алынбоо себептери боюнча бөлүнгөн валюталар боюнча маалыматтар камтылган. Ар бир валюта үчүн айдын жалпы сабы иштетүүгө кабыл алынбоо себептеринин контекстинде басып чыгарылат. 

 

6-тиркеме  

«Төлөмдү иштетүү менен байланышкан иш-аракеттер жөнүндө отчет» ар бир катышуучу боюнча отчеттук ай үчүн системада иштелип чыккан төлөмдөрдүн сандык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. 

2-графада төлөмдөрдү иштеп чыккан катышуучунун аталышы көрсөтүлөт. 

3-графада системанын катышуучусу тарабынан иштетилген бүтүмдөрдүн жалпы саны көрсөтүлөт. 

4-графада системанын катышуучусунун электрондук акчасын колдонуу менен иштетилген бүтүмдөрдүн саны көрсөтүлөт. 

5-графада банктык төлөм карталары аркылуу иштетилген бүтүмдөрдүн саны көрсөтүлөт. 

6-графада системанын катышуучусу тарабынан иштетилген бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү көрсөтүлөт. 

7-графада системанын катышуучусунун электрондук акчасын колдонуу менен иштетилген бүтүмдөрдүн көлөмү көрсөтүлөт. 

8-графада банктык төлөм карталары аркылуу иштетилген операциялардын көлөмү көрсөтүлөт. 

 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдөө (оверсайт)   

эрежелерине карата  

8-тиркеме 

_________-жылга карата системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын өзүнө-өзү баа берүүсү боюнча 

АНКЕТА  

 

Төлөм системасынын аталышы 

___________________ 

 

 

Төлөм системасынын түрү 

___________________ 

 

 

Төлөм системасынын оператору 

___________________ 

 

 

  

Колдонулган түшүнүктөр жана алардын кыскартылышы:  

- Финансы рыногунун инфраструктурасы үчүн принциптер бул борбордук контрагенттерди кошо алганда, төлөм, клирингдик жана эсептешүү системалары үчүн эл аралык стандарттар; 

- Төлөм системасы - акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча каражаттарын которуу системаларынын өз ара байланышкан системасы. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн түрлөрүнө жараша төлөм системалары ири төлөмдөр системасына жана чекене төлөм системасына бөлүнөт; 

- Төлөм системасынын оператору (ТСО) -төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша Улуттук банктын лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштөөсүн камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ал келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет; 

- Эл аралык эсептешүүлөр банкына караштуу төлөмдөр жана эсептешүү системалары боюнча комитет - төлөмдүн коопсуздугу жана эффективдүүлүгү, клиринг, эсептешүү жана ага байланышкан механизмдер боюнча көмөктөшүүчү, көзөмөлдөөчү жана кеңеш берүүчү эл аралык стандарттарды иштеп чыгуучу болуп саналат, ошону менен финансылык туруктуулукту жана бүтүндөй экономиканы колдойт. CPMI ошондой эле борбордук банктар үчүн тиешелүү көзөмөл, саясат жана операциялык маселелер боюнча, анын ичинде борбордук банктын кызмат көрсөтүүсү боюнча кызматташуу үчүн форум катары кызмат кылат; 

- Финансы рыногунун инфраструктурасы клиринг, эсептешүү же төлөмдөрдү, баалуу кагаздарды, туунду же башка финансылык операцияларды эсепке алуу үчүн колдонулган системанын операторун кошо алганда, катышуучу финансы институттары тарабынан түзүлгөн көп тараптуу система; 

- төлөмгө каршы төлөм - төлөмдүн бир валютада акыркы которулушун камсыз кылуучу эсептешүү механизми, эгерде төлөмдүн акыркы которулушу башка валютада болсо; 

- Кайтарым сатып алуу жөнүндө репо-макулдашуу - белгилүү бир күнү жана көрсөтүлгөн баада баалуу кагаздарды сатуу жана кийин кайра сатып алуу келишими. 

1-принцип. Укуктук негиз. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы ишинде бардык тиешелүү юрисдикциялардагы ар бир олуттуу аспект үчүн ынандыра турган, так берилген, айкын укуктук базага ээ болушу зарыл. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү  

1.1-негизги түшүнүк. 

Укуктук негиз бардык тиешелүү юрисдикцияларда төлөм системасынын ишинин олуттуу аспектилеринин толук аныкталышын камсыз кылууга тийиш 

Олуттуу аспектилер жана тиешелүү юрисдикция 

  

1.1.1. Укуктук жактан толук аныкталууну талап кылган төлөм системасы ишинин олуттуу аспектилери канчалык (мисалы, эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышы; неттинг; операциялык айкалыштыруу; төлөмгө каршы төлөм сунуштоо; күрөөлүк камсыздоо механизмдери (маржиналдык келишимдерди кошо алганда); жана милдеттемелери аткарылбаган шарттагы анын жол-жоболору)? 

  

  

  

1.1.2. Төлөм системасынын ишинин ар бир олуттуу аспектилери үчүн тиешелүү юрисдикциялар кайсылар? 

  

  

Ар бир олуттуу аспекти үчүн укуктук негиз 

  

1.1.3. Төлөм системасынын укуктук негизи бардык тиешелүү юрисдикцияларда төлөм системасынын ишинин ар бир олуттуу аспектинин (башкача айтканда, анын мыйзамдык базасы, эрежелери, жол-жоболору жана келишимдер) укуктук жактан толук аныкталышын кандайча камсыз кылат?  

- Эгерде төлөм системасы неттинг жөнүндө макулдашууга ээ болсо, анын укуктук негизи мындай макулдашуулардын мажбурлоо тартибинде аткарылышын кандайча камсыз кылат? 

- Эгерде жыйынтыкталган эсептешүүлөр төлөм системасында жүргүзүлсө, анда анын укуктук негизи операциялардын жыйынтыкталышын, анын ичинде төлөөгө жөндөмсүз катышуучуну колдоосун төлөм системасы кантип камсыз кылат? Ошондой эле анын укуктук негизи каражаттарды которуу системалары сыяктуу тышкы эсептешүүлөр механизмдерин, операциялардын жыйынтыкталышын колдой алабы? 

  

  

1.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы так аныкталган, түшүнүктүү жана колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик документтерге туура келген эрежелерге, жол-жоболорго жана контракттарга ээ болушу зарыл. 

  

1.2.1. Төлөм системасы, анын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары так жана түшүнүктүү экендигин кантип аныктайт? 

  

  

  

1.2.2. Төлөм системасы эрежелерин, жол-жоболорун жана контракттарын колдонуудагы мыйзамдарга жана ченемдик документтерге кантип ылайык келтирет? (мисалы юридикалык экспертизалар жана корутундулар аркылуу)? Кандайдыр бир дал келбестиктер аныкталып же четтетилгенби? Төлөм системасынын эрежелери, жол-жоболору жана келишимдер тышкы компетенттүү органдар жана уюмдар тарабынан каралабы же бааланабы? 

  

  

  

1.2.3. Төлөм системасынын эрежелери, жол-жоболору жана контракттары күчүнө кирүү алдында бекитилеби? Эгерде бекитилсе, анда ким тарабынан жана кандайча? 

  

  

1.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы компетенттүү органдар, катышуучулар жана зарылчылык келип чыккан шартта кардар катышуучулар үчүн өз ишинин укуктук негизин так жана түшүнүктүү аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. 

  

1.3.1. Төлөм системасы тиешелүү компетенттүү органдар, катышуучулар жана зарылчылык келип чыккан шартта кардар катышуучулар үчүн өз ишинин укуктук негизин кантип аныктайт? 

  

  

1.4-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы бардык тиешелүү юрисдикцияларда доо күчүнө ээ эрежелерге, жол-жоболорго жана контракттарга ээ болушу зарыл. Муну менен бирге төлөм системасы тарабынан жасалган аракеттер бул сыяктуу эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык токтотулбайт, юридикалык күчкө ээ болбойт же жокко чыгарылбайт деген ишеним болууга тийиш. 

Эрежелер, жол-жоболор жана контракттардын укуктук жактан санкция менен камсыз болушу. 

  

1.4.1. Төлөм системасы эрежелери, жол-жоболору жана анын операциялары менен байланышы бар контракттары 1-негизги түшүнүктө көрсөтүлгөн бардык тиешелүү юрисдикцияларда укуктук санкциялар менен камсыз кылынгандыгына жогорку деңгээлдеги ишенимин кандайча камсыз кылат? (мисалы, юридикалык экспертизаларды жана корутундуларды алуу аркылуу) 

  

  

Эрежелердин жана жол-жоболордун аныкталуу деңгээли 

  

1.4.2. Төлөм системасы эрежелери, жол-жоболору жана контракттары жараксыз катары таанылбай, кайтарым күчкө ээ болуусу жана алардын таасири токтотулбай тургандыгына толук ишенимин кандайча камсыз кылат? Анын эрежелеринин, жол-жоболорунун жана контракттарынын негизинде көрүлгөн аракеттер жараксыз деп таанылышы, кайтарым күчкө ээ болуусу мүмкүн болгон жана алардын таасири токтотула турган кырдаалдар түзүлөбү? Эгерде андай болсо, анда бул жагдайлар кайсылар? 

  

  

  

1.4.3. Тиешелүү юрисдикциядагы сот качандыр бир убакта төлөм системасынын ишин же анын эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык келген механизмдерин укуктук санкция менен камсыз кылынбаган катары тааныды беле? 

  

  

1.5-негизги түшүнук 

Бир канча юрисдикцияларда иш алып баруучу төлөм системасы мындай юрисдикциялардын укуктук нормаларынын потенциалдуу каршы келип калуусунан улам келип чыгуучу тобокелдиктерди аныктоого жана азайтууга тийиш. 

  

1.5.1. Эгерде төлөм системасы бир канча юрисдикцияларда иш алып барса, укуктук ченемдердин кайсы бир потенциалдуу каршы келип калуусунан кандайча аныктайт жана талдап-иликтейт? Тиешелүү юрисдикцияларда төлөм системасы тарабынан тандалып алынган укуктарды укуктук санкция менен камсыз кылууга карата белгисиздик келип чыкса, төлөм системасы укуктук нормалардын потенциалдуу каршы келип калуусунун көз карандысыз юридикалык экспертиза менен камсыз кылдыбы? Төлөм системасы укуктук нормалардын кандай потенциалдуу каршы келип калуусун аныктады жана талдап-иликтеди? Төлөм системасы укуктук нормалардын потенциалдуу каршы келип калуусун кандайча жөнгө салган? 

  

  

  

Жыйынтыктоочу баа: 

  

  

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

2-принцип. Башкаруу 

Финансы рыногунун инфраструктурасы анын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоочу так аныкталган жана ачык-айкын башкаруу системасына, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды белгилөөчү жалпы финансы системасынын туруктуулугуна жана таламдаш тараптардын максаттарына жетишүүчү башка аспектилерге ээ болушу зарыл. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

2.1-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы анын коопсуздугу жана натыйжалуулугу биринчи кезекте камсыз кылынышы каралган жана финансы туруктуулугун түздөн-түз колдоого алган жана коомдук кызыкчылыктарды көздөгөн аспекттерди колдогон максаттарга ээ болууга тийиш.  

  

2.1.1. Төлөм системасынын максаттары кандай жана алар так чагылдырылганбы? Коюлган милдеттерди аткаруу боюнча төлөм системасы өз ишин кандайча баалайт? 

  

  

  

2.1.2. Төлөм системасынын милдеттеринде коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна биринчи кезекте кандайча маани берилет? Аталган рыноктун милдеттеринде финансы туруктуулугу жана башка релеванттык коомдук таламдар кандайча так формада колдоого алынат? 

  

  

2.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системалары жоопкерчиликти жана милдеттерди так аныктаган, документтештирген башкаруу жөнүндө келишимдерге ээ болушу зарыл. Бул келишимдер ээлерине, компетенттүү органдарга, катышуучуларга жана көбүнчө коомчулукка жеткирилиши керек. 

Башкаруу механизмдери 

  

2.2.1. Төлөм системасынын директорлор кеңеши (же ушул сыяктуу орган) жана жетекчилиги таянуу менен иш алып барган башкаруу келишимдери же механизмдери кандай? Төлөм системасынын ичинде милдеттер жана жоопкерчиликтер кандайча бөлүштүрүлгөн? Бул механизмдер кандайча жана кайсы документтерде (пландар) бекитилген? 

  

  

  

2.2.2. Системалар борбордук банктар аркылуу башкарылган учурда, башкаруу механизмдери мүмкүн болуучу же орун алган кызыкчылыктардын каршы келүүсүн кандайча жөнгө салат? Башкаруу механизмдери оператордун жана байкоочунун иш милдеттери бөлүштүрүлүшүнө канчалык деңгээлде жол берет? 

  

  

  

2.2.3. Төлөм системасы ээлик кылуучуларга жана катышуучуларга, жана башка кызыкдар болгондорго кандайча отчет берет? 

  

  

Башкаруу механизмдери тууралуу маалыматты ачуу 

  

2.2.4. Башкаруу механизмдери тууралуу маалымат ээлик кылуучуларга, компетенттүү органдарга, катышуучуларга жана коомчулуктун кеңири деңгээлине кандайча сунушталат? 

  

  

  

2.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасынын (же башка ушул сыяктуу орган) директорлор кеңешинин ролу (же башка ушул сыяктуу орган) жана милдеттери так аныкталышы керек; анын ишинин жол-жобосун чагылдыруучу документтер, анын ичинде кызыкчылыктардын каршы келишин аныктоо, изилдөө, кароо жана чечүү жол-жоболору болушу зарыл? Директорлор кеңеши, кеңештин жана анын айрым мүчөлөрүнүн ишин толугу менен тынымсыз талдап-иликтеп турууга тийиш? 

Кеңештин ролу жана милдеттери 

  

2.3.1. Төлөм системасынын Директорлор кеңешинин (же ушул сыяктуу органдын) ролу жана милдеттери кандай жана алар так аныкталганбы? 

  

  

  

2.3.2. Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышын аныктоо, аларды карап чыгуу жана чечүү жол-жоболорун кошо алганда, анын ишин жөнгө салуунун кандай жол-жоболору бар? Бул документтер кайсы документтерде бекитилген жана алар кимге берилет? Алар канчалык үзгүлтүксүз каралып турат? 

  

  

  

2.3.3. Директорлор кеңешинин ишин камсыз кылуучу кандай комитеттер түзүлгөндүгүн баяндап бергиле. Комитеттердин ролу, милдеттери жана курамы кандай? 

  

  

Ишти текшерүү 

  

2.3.4. Кеңештин ишин жана анын айрым мүчөлөрүнүн ишин текшерүү үчүн бекитилген жол-жоболор кайсылар? 

  

  

2.4-негизги түшүнүк. 

Директорлор кеңешинин курамына көптөгөн милдеттерин аткаруу үчүн билимге жана мотивацияга ээ мүчөлөр кириши зарыл. Эреже катары, бул кеңештин көз карандысыз мүчөлөрүнүн болушун талап кылат. 

  

2.4.1. Төлөм системасы өзүнүн көптөгөн ролун аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйба жана мотивацияга канчалык деңгээлде ээ? Төлөм системасы бул талаптардын аткарылышын кантип камсыз кылат? 

  

  

  

2.4.2. Төлөм системасы керектүү көндүмдөргө ээ кеңештин мүчөлөрүн тартуу жана кармап калуу үчүн кандай өбөлгөлөрдү түзөт? Мындай өбөлгөлөр төлөм системасынын узак мөөнөттүү милдеттеринин аткарылышына кандайча таасирин тийгизет? 

  

  

  

2.4.3. Кеңешке аткаруучу эмес же көз карандысыз мүчөлөр киреби? Эгер кирсе, анда канчоо? 

  

  

  

2.4.4. Эгерде кеңешке көз каранды эмес мүчөлөр кирсе, анда төлөм системасы кеңештин көз карандысыздыгын кандайча аныктайт? Төлөм системасы кеңештин мүчөлөрүнүн кайсынысы көз карандысыз экендиги тууралуу маалыматты ачыкка чыгарабы? 

  

  

2.5-негизги түшүнүк. 

Башкарманын ролу жана милдеттери так аныкталууга тийиш. Төлөм системасынын башкармасы тажрыйбага, ар башка жөндөмдүүлүккө жана анын ишин алып барууда жана андагы тобокелдиктерди тескөөдө өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө жана ак ниеттүүлүккө ээ болушу зарыл. 

Башкарманын ролу жана милдеттери 

  

2.5.1. Башкарманын ролу жана милдеттери кандай жана алар так аныкталганбы? 

  

  

  

2.5.2. Башкарманын ролу жана милдеттери кандайча аныкталат жана бааланат? 

  

  

Тажрыйба, жөндөмдүүлүк жана кесипкөйлүк ак ниеттик 

  

2.5.3. Төлөм системасы анын ишин алып барууда жана тобокелдиктерин тескөөгө алууда зарыл болгон тажрыйбага, жөндөмдүүлүккө жана кесипкөйлүк ак ниеттикке канчалык деңгээлде ээ? 

  

  

  

2.5.4. Жетекчилерди бошотуунун жол-жобосу кандай (зарылчылык келип чыккан учурда)? 

  

  

2.6-негизги түшүнүк. 

Директорлор кеңеши чукул жана өзгөчө кырдаалдарда чечим кабыл алуу тартибин жана тобокелдиктер жагында чечимдерди аткаруу үчүн милдеттерди жана жоопкерчиликти аныктаган толеранттуулук жаатындагы төлөм системасынын саясатын өзүндө камтыган так, документалдык жактан таризделген тобокелдиктерди тескөө системасын жана түзүшү керек. Башкаруу түзүмү тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо бөлүмдөрү жетишерлик деңгээлде ыйгарым укуктарга, көз карандысыздыкка, ресурстарга жана директорлор кеңешине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусун камсыз кылышы зарыл. 

Тобокелдиктерди тескөө системасы 

  

2.6.1. Кеңеш тарабынан бекитилген тобокелдиктерди тескөө системасы кандай? Ал документ менен бекитилгенби жана кандай түрдө

  

  

  

2.6.2. Тескөө системасы төлөм системасын тобокелдикке карата толеранттуулук жаатындагы саясатын жана тобокелдиктер чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууга милдеттерди жана жоопкерчиликтерди белгилейт жана чукул кырдаалда жана күтүлбөгөн жагдай учурунда чечимдерди кабыл алуу процессин кандайча жөнгө салат? 

  

  

  

2.6.3. Тобокелдиктерди тескөө системасын кабыл алуу, өзгөртүү жана кайра карап чыгуу жол-жобосу кандай? 

  

  

Компетенттүү орган жана тобокелдиктерди жана ички көзөмөлдү тескөө бөлүмдөрүнүн көз карандысыздыгы 

  

2.6.4. Тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдообөлүмдөрүнүн ролу, милдеттери, ыйгарым укуктары, отчеттору жана ресурстары кандай? 

  

  

  

2.6.5. Кеңеш тобокелдиктерди тескөөнүн үлгүлөрүн кабыл алууда жана колдонууда шайкеш тескөөнү кандайча колдоно алат? Мындай үлгүлөр жана аны менен бирге колдонулуучу методология кантип бекитилет? 

  

  

2.7-негизги түшүнүк 

Төлөм системасынын Директорлор кеңеши анын түзүлүшү, эрежелери, жалпы стратегиясы жана негизги чечимдери тике жана кыйыр катышуучуларынын жана башка катышуучуларынын мыйзамдуу таламдарын тиешелүү түрдө чагылдырсын. Негизги чечимдерди таламдаш тараптарга так формада, ал эми бул чечимдер толугу менен рынокко таасирин тийгизген учурда коомчулукка жеткирүү зарыл. 

Таламдаш тараптардын кызыкчылыктарын аныктоо жана кароо 

  

2.7.1. Төлөм системасы анын түзүлүшү, эрежелери, жалпы стратегиясы жана негизги чечимдери менен байланышкан чечимдерди кабыл алууда катышуучулардын жана башка кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын кантип аныктайт жана эсепке алат? 

  

  

  

2.7.2. Кеңеш бул чечимдер жөнүндө кызыкдар тараптардын тике жана кыйыр катышуучуларынын пикирлерин кантип эске алат? Мисалы, катышуучулар тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетке, дефолтту башкаруу тобу сыяктуу комитетке киреби же бул коомдук кеңеш берүү аркылуу гана ишке ашырылабы? Кызыкдар тараптар жана төлөм системасы ортосунда кызыкчылыктардын каршы келиши кандайча байкалат жана жөнгө салынат? 

  

  

Маалыматты ачып көрсөтүү 

  

2.7.3. Төлөм системасы Директорлор кеңеши, кызыкдар тараптар тарабынан кабыл алынган негизги чечимдер жөнүндө маалыматты, зарылчылык келип чыккан учурда коомчулукка канчалык деңгээлде ачып көрсөтөт? 

  

  

  

Жыйынтыктоочу баа: 

  

  

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

3-принцип. Тобокелдиктерди тескөөнүн комплекстүү системасы.  

Финансы рыногунун инфраструктурасынын ликвиддүүлүк, укуктук, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди комплекстүү тескөө үчүн тобокелдик менеджментинин туруктуу системасына ээ болушу зарыл. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

3.1-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы анда келип чыгуучу же түзүлүүчү тобокелдиктерди аныктоого, сандык жагынан баа берүүгө, контролдоого жана тескөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн тобокелдик менеджментине, тобокелдиктерди тескөө саясатына ээ болууга тийиш. Тобокелдик-менедменти системасы мезгил-мезгили менен текшерилүүгө тийиш. 

Төлөм системасында келип чыгуучу же анда түзүлүүчү тобокелдиктер 

  

3.1.1. Тобокелдиктердин кайсы түрүн төлөм системалары түзүшөт жана алар тобокелдиктердин кайсы түрүнө кабылат? 

  

  

Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жобосу жана системасы 

  

3.1.2. Төлөм системасында келип чыгуучу жана түзүлүүчү тобокелдиктерди аныктоого, өлчөөгө, контролдоого жана тескөөгө мүмкүнчүлүк түзүүчү анын саясаты, жол-жобосу жана контролдоо системасы кандай? 

  

  

  

3.1.3. Тобокелдик менеджментинин кайсы системалары тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана бардык спектрин тескөө үчүн төлөм системасын колдонушат? 

  

  

 

3.1.4. Кантип бул системалар ар кандай төлөм системаларынын жана зарыл болгон шартта башка тиешелүү тараптардын, мисалы, төлөм системаларынын катышуучуларынын жана алардын кардарларынын тобокелдиктерин топтоого кантип мүмкүндүк берет? 

 

 

Тобокелдик менеджментинин саясатын, жол-жоболорун жана системаларын карап чыгуу 

 

  

3.1.5. Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системалары иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу процесси кандай? 

  

  

 

  

3.1.6. Тобокелдик менеджментинин саясаты, жол-жоболору жана системаларынын натыйжалуулугун төлөм системасы кандайча баалайт? 

  

  

  

 

  

  

  

3.1.7. Төлөм системасы өзүнүн тобокелдиктерди тескөө саясаттарын, системаларын жана жол-жоболорун канчалык бат карап чыгат жана алмаштырат? Кайра карап чыгууда тобокелдиктин интенсивдүүлүгүнүн өзгөрүшү, конъюнктуранын өзгөрүшү жана рыноктук тажрыйбасы кандайча эске алынат? 

  

  

3.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы өз катышуучулары үчүн, зарылчылык келип чыккан шартта алардын кардарларын дагы тобокелдиктерди тескөө жана басаңдатуу үчүн өбөлгө түзүүгө тийиш. 

  

3.2.1. Төлөм системасы өз катышуучуларына жана тиешелүү учурларда төлөм системасы кириптер болуучу тобокелдиктерди тескөөгө жана кармап турууга мүмкүнчүлүк түзүүчү өзүнүн кардарларына кандай маалымат берет? 

  

  

  

3.2.2. Төлөм системасы кандайча катышуучуларына жана тиешелүү учурларда өз кардарларына төлөм системасында кириптер болгон тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди тескөөгө дем берет? 

  

  

  

3.2.3. Төлөм системасы катышуучуларын жана тиешелүү учурларда өз кардарларына тобокелдиктерди тескөөгө жана аларга каршы турууга натыйжалуу өбөлгө түзүүчү өз саясатын жана системасын кандайча иштеп чыгат? 

  

  

3.3-негизги түшүнүк 

Төлөм системасы олуттуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз текшерүүгө алышы зарыл, ал аркылуу сырттан кабылуучу жана башка уюмдар (башка төлөм системалары, эсептешүү банктары, ликвиддүүлүк провайдерлери жана кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери) дуушарланган жана анын жыйынтыгында өз ара көз карандылык келип чыга турган жана бул тобокелдиктерди тиешелүү тескөөгө алган механизмдерди түзүүгө тийиш.  

Олуттуу тобокелдиктер 

 

3.3.1. Төлөм системасы сырттан дуушарланган жана башка уюмдарды дуушар болуучу өз ара көз карандылыктан улам келип чыга турган олуттуу тобокелдиктерди кандайча аныктайт? 

 

 

 

3.3.2. Тобокелдиктерди өлчөө жана мониторинг жүргүзүү кандайча жүргүзүлөт? Төлөм системасы тобокелдиктер баяндамасын канчалык көп жүргүзүп турат? 

 

 

Тобокелдиктерди тескөө инструменттери 

 

3.3.3. Анын башка уюмдар менен өз ара байланышынан улам келип чыгуучу тобокелдиктерге каршы аракеттенүү үчүн төлөм системасы тобокелдиктерди тескөөнүн кандай инструменттерин колдонот? 

 

 

 

3.3.4. Төлөм системасы тобокелдиктерди тескөөнүн бул инстурменттерининнатыйжалуулугун кантип баалайт? Төлөм системасы тобокелдиктерге каршы аракеттенүү үчүн колдонулуучу тобокелдиктерди тескөө каражаттарын кандайча карап чыгууну ишке ашырат? Канча убакта кайрадан кароого алынат? 

 

 

3.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы иштеп жаткан ишкана катары анын орчундуу операцияларды жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруусуна олуттуу жолтоо болуучу сценарийлерди таап чыгуусу жана иш алып барууну калыбына келтирүүнү пландаштыруу же ырааттуу түрдө токтотуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүнүн натыйжалуулугун баалоого тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, төлөм системасы тиешелүү компетенттүү органдар үчүн чечимдерди пландаштыруу үчүн керектүү маалыматты дагы бериши зарыл. 

Төлөм системасынын маанилүү операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга жолтоо кылуучу сценарийлер. 

 

3.4.1. Төлөм системасы анын олуттуу операцияларды жана тейлөөлөрдү ишке ашырышына жолтоо болуучу сценарийлерди кантип аныктайт? Мындай процесстердин жыйынтыгында кандай сценарийлер аныкталган? 

 

 

 

3.4.2. Бул сценарийлер төлөм системасы дуушар болгон өзүнчө жана байланыштуу тобокелдиктерди кандайча эсепке алынат? 

 

 

Ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө токтотуу боюнча пландар 

 

3.4.3. Ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө жоюу боюнча төлөм системасынын кандай пландары бар? 

 

 

 

3.4.4. Төлөм системасынын ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө жоюу боюнча негизги стратегиялары анын орчундуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү улантуусуна кандайча мүмкүнчүлүк берет? 

 

 

 

3.4.5. Төлөм системасынын ишти калыбына келтирүү же ырааттуу түрдө жоюу боюнча пландары канча убакыт аралыгында кайра каралат жана жаңыланат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/Сунуш-көрсөтмөлөр 

4-принцип. Кредиттик тобокелдик. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучулардын иш-аракеттеринен улам келип чыккан кредиттик тобокелдиктерди, ошондой эле төлөм, клиринг жана эсептешүү процесстеринен келип чыккан тобокелдиктерди натыйжалуу өлчөп, контролдукка алууга жана аларды тескөөнү камсыз кылууга тийиш.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы ар бир катышуучунун кредиттик тобокелдигинин ордун ишенимдүү жана толук жабуу үчүн жетиштүү финансы ресурсту колдоп турууга тийиш. Мындан тышкары, ишин олуттуу тобокелдиктер коштогон жана/же бир нече юрисдикцияда системалуу мааниге ээ борбордук контрагенттер, келип чыгышы ыктымал болгон кооптуу жагдайлардын кеңири түрмөгүнүн ордун жабууга жетиштүү кошумча финансылык ресурстарга ээ болушу зарыл. Буларга эки катышуучу жана алардын аффилирленген компаниялары тарабынан өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылбай калышы сыяктуу жагдайлар камтылууга жана муну менен эле чектелип калбастан, өзгөчө кырдаалда, бирок болжолдоого болгон рыноктук жагдайларда борбордук контрагенттер үчүн кредиттик тобокелдиктин жыйындысы келип чыгышынан улам түптөлгөн жагдайлар да камтылууга тийиш. Башка бардык борбордук контрагенттер да кооптуу жагдайлардын ордун жабууга жетиштүү кошумча финансылык ресурстарга ээ болууга тийиш. 

 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунан баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

  

4.1-негизги түшүнүк. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы өз катышуучулар тарабынан кредиттик тобокелдиктерди тескөө башкармалыгынын ишенимдүү түзүмүн, ошондой эле анын төлөм, клирингдик жана эсептешүү процесстеринен улам келип чыккан кредиттик тобокелдиктер. Кредиттик тобокелдик күндөлүк тобокелдиктерден жана/же потенциалдуу келечектеги тобокелдиктерден улам келип чыгышы мүмкүн. 

  

  

 

4.1.1. Кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча төлөм системасынын, анын катышуучулар жана анын төлөм, клирингдик жана эсептешүүлөр процесстери менен түзүлүүчү күндөлүк жана потенциалдуу тобокелдиктерди кошо алганда механизмдери кандай? 

 

 

 

4.1.2. Конъюнктуралардын, рыноктук практикалардын жана жаңы продуктулардын өзгөрүүсүн чагылдырууну эсепке алуу менен механизмдер канча убакта кайра каралат? 

 

 

4.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы кредиттик тобокелдиктердин булагын аныктоого тийиш, ар дайым кредиттик тобокелдиктерди сандык баалоону жана мониторинг жүргүзүүнү жана бул тобокелдиктерди контролдоо үчүн тиешелүү механизмдерди колдонууну өткөрүп туруусу зарыл. 

 

4.2.1. Төлөм системасы кандайча кредиттик тобокелдиктин булактарын аныктайт? Төлөм системасы тарабынан аныкталган кредиттик тобокелдиктердин булагы кандай? 

 

 

 

4.2.2. Төлөм системасы кредиттик тобокелдиктерди кандайча өлчөйт жана мониторинг жүргүзөт? Төлөм системасы тобокелдиктерди кайра баалоо канча убакыт сайын жүргүзүлөт? Маалымат канчалык деңгээлде актуалдуу? 

 

 

 

4.2.3. Төлөм системасынын кайсы механизмдери кредиттик тобокелдиктеги булактарды контролдоо үчүн колдонулат (мисалы, айкын убакытта дүң эсептешүүлөр механизмдеринин сунушу же «төлөмгө каршы тапшыруу» эсептешүүлөрү, таза дебетти чектөө же бир күндүк кредит, концентрация чектөөлөрүн же күн сайын же орточо суткалык негизде күндөлүк рыноктук баалардын негизинде позицияларды кайра баалоо)? Бул инструменттердин натыйжалуулугун төлөм системасы кандайча өлчөйт? 

 

 

4.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы аныктоонун жогорку деңгээли менен өзүнүн күндөлүк жана ар бир катышуучу тарабынан потенциалдуу келечек тобокелдиктери болсо, күрөөлүк камсыздоону колдонуу менен жана башка ушул сыяктуу финансылык ресурстарды жабышы зарыл (Күрөөлүк камсыздоо жөнүндө 5-принципти карагыла). Кийинкиге калтырылган нетто-эсептөө системаларынын (DNS системалары) негизинде эсептешүү кепилдиги жок, бирок эгерде алардын катышуучулары төлөм, клирингдик жана эсептешүүлөрдөн улам келип чыгуучу кредиттик тобокелдиктер менен кез келгенде, мындай төлөм системалары системада олуттуу кредиттик тобокелдикти жарата алуучу эки катышуучу же алардын аффилирленген компаниялары тарабынан жаралган тобокелдиктерди жабуу үчүн кеминде жетишерлик ресурстарга ээ болушу зарыл. 

Ар бир катышуучунун тобокелдигинин ордун жабуу 

 

4.3.1. Төлөм системасынын өзүнүн күндөлүк тобокелдиктерин жана алар болгон учурда потенциалдуу келечектеги тобокелдиктеринин ордун кантип жабат? Мындай тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн төлөм системасы тарабынан колдонулуучу финансы ресурстарынын курамы кандай? Финансы ресурстарга канчалык деңгээлде баа берилүүгө тийиш? 

 

 

 

4.3.2. Финансы ресурстары канчалык деңгээлде төлөм системасынын күндөлүк жана потенциалдуу келечек тобокелдиктерин толук көлөмдө жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүктүн ордун жабышат? Өзүнүн финансы ресурстарынын жетишээрлигин төлөм системасы канчалык деңгээлде баалайт? 

 

 

Эсептешүүлөрдүн кепилдиги жок мөөнөтү жылдырылган нетто-эсептешүүлөрү бар төлөм системалары үчүн  

 

4.3.3.Эгер төлөм системасы эсептешүү кепилдиги жок мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүүлөрү бар система болсо, анын катышуучулары, алардын төлөм, клирингдик жана эсептешүү процесстеринен келип чыккан кредиттик тобокелдиктерге дуушар болушабы? Эгер системада кредиттик тобокелдиктер болсо, анда система кандайча мониторинг жүргүзөт жана бул тобокелдиктерди өлчөйт? 

 

 

 

4.3.4. Эгер төлөм системасы эсептешүү кепилдиги жок мөөнөтү жылдырылган нетто-эсептешүүлөрү бар система болуп, бирок катышуучулардын арасында кредиттик тобокелдиктер бар болсо, төлөм системасынын финансылык ресурстары системада олуттуу кредиттик тобокелдиктерге алып келе турган эки катышуучунун жана алардын аффилирленген компаниялардын кайсы деңгээлде аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабат? 

 

 

4.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы милдеттенмелерди өз алдынча аткарбагандыгынын же төлөм системасы алдында милдеттенмелерди анын катышуучулары тарабынан аткарбай коюуну айкалыштыруунун жыйынтыгында милдетин ала турган кредиттик жоготуулардын толук ордун жабуунун так эрежелерин жана жол-жоболорун аныкташы зарыл. Бул эрежелер жана жол-жоболор төлөм системасынын ликвиддүүлук провайдерлеринен алынган каражаттарды кайтарып алууну кошо алганда орду жабылбаган кредиттик жоготуулар кандайча бөлүштүрүлөрүн аныктайт. Мындан тышкары, бул эрежелер жана жол-жоболор, төлөм системасы коопсуз жана ишенимдүү иш алып баруусун улантуу үчүн стресстик абалды жараткан жагдайларда төлөм системасы колдой турган анын төлөм системасын толтуруу процессин сүрөттөп бериши зарыл. 

 

Кредиттик жоготуулардын бөлүштүрүлүшү 

 

 

4.4.1. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору айкын формада кредит боюнча анын катышуучуларынын төлөм системасы алдындагы милдеттенмелерин өз алдынча аткарбоосунун жана айкалыштыруусунун натыйжасында милдетин ала турган кайсы болбосун жоготууларды кандайча жөнгө салат? Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору кредит боюнча потенциалдуу орду жабылбаган жоготуулардын бөлүштүрүлүшүн жана төлөм системасынын ликвиддүүлүк провайдерлеринен алган каражаттардын ордун жабууну кошо алганда кайсы тартипте жана кандайча жөнгө салат? 

 

 

Финансы ресурстарын толуктоо 

 

4.4.2. Төлөм системасынын стресстик жагдайдан улам азайып кеткен финансы ресурстарын толуктоону жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор кайсылар? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/Сунуш-көрсөтмөлөр: 

5-принцип: Күрөөлүк камсыздоо. 

Өзүнүн кредиттик тобокелдиктерин жана катышуучуларынын кредиттик тобокелдиктерин тескөө үчүн күрөөлүк камсыздоого муктаж болгон Финансы рыногунун инфраструктурасы төмөнкү ликвиддүүлүк тобокелдиктери, кредиттик жана рыноктук тобокелдиктерге ээ күрөөлүк камсыздоону кабыл алууга тийиш. Мындан тышкары, Финансы рыногунун инфраструктурасы концентрациянын жетишерлик консервативдүү тескөө чарасын жана лимиттерди белгилеши жана колдонушу зарыл. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

  5.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, эреже катары төмөнкү кредиттик жана рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги камтылган активдерди күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алган активдерди чектөөгө тийиш.  

 

5.1.1. Өзгөчө негизде кабыл алынуучу күрөөлүк камсыздоону кошо алгандагы күрөөлүк камсыздоо катары белгилүү бир актив алгылыктуу экендигин төлөм системасы кандайча аныктайт? Төлөм системасы өзгөчө негиз болуучу эмне экендигин кантип аныктайт? Төлөм системасы бул аныктамаларды канчалык көп колдонот? Төлөм системасы өзгөчө негизде күрөөлүк камсыздоону канчалык көп кабыл алат, жана мындай күрөөлүк камсыздоону кабыл алууда ал лимиттерди колдонобу? 

 

 

 

5.1.2. Төлөм системасы күрөөлүк камсыздоону критерийлерге карата колдонулуучу критерийлерге туура келерин камсыздоо үчүн ал тарабынан катталган күрөөлүк камсыздоого кандайча мониторинг жүргүзөт? 

 

 

 

5.1.3. Төлөм системасы кандайча кайтарым корреляциянын мүмкүн болуучу атайы тобокелдигин кантип аныктайт жана абалын жеңилдетет, мисалы, ал тарабынан күрөөлүк камсыздоого карата лимиттерди колдонуу жолу аркылуу (күрөөлүк камсыздоонун концентрациясынын лимиттерин кошо алганда)? 

 

 

5.2-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы баа берүүнүн пруденциалдык белгилерин белгилөөгө жана дайыма текшерүүгө алынып, рыноктук кооптуу жагдайларды эске алган тобокелдиктерди тескөө чарасы системасын аныктоого тийиш. 

Баа берүү тажрыйбасы 

 

5.2.1. Төлөм системасы күрөөлүк камсыздоонун наркын рыноктук наркка салыштырып кайрадан баа берүүнү кайсыл учурда жүргүзүп турат жана бул күн сайын аткарылабы? 

 

 

 

5.2.2. Төлөм системасы, эгерде рыноктук баалар айкын наркты чагылдыра албаса, активдерге өз алдынча баа берүүгө ыйгарым укуктуубу? 

 

 

Тобокелдиктерди тескөө системасын колдонуу тажрыйбасы 

 

5.2.3. Төлөм системасы муну кандайча аныктайт? 

 

 

 

5.2.4. Төлөм системасы тобокелдикти тескөө системасынын талаптагыдай экендигин кандайча тесттен өткөрөт, анын ичинде күрөөлүк камсыздоонун жок кылынышы каралган стресстик рыноктук жагдайлар шартында активдердин наркынын төмөндөп кетишин кантип аныктайт? Төлөм системасы бул тестти кайсыл учурда өткөрүп турат. 

 

 

5.3-негизги түшүнүк.  

Корректировкалоого болгон керектөөнү басаңдатуу үчүн төлөм системасы мезгил-мезгили менен орун алып турган кооптуу рыноктук жагдайлар эске алынган тобокелдиктерди тескөөнүн туруктуу жана консервативдүү системасын жөнгө салууга тийиш. 

 

5.3.1. Төлөм системасы тобокелдиктерди тескөө системасынын жөнгө салынгандыгын кантип аныктап, ага баа берет? Бул системага корректировкалоолор кандайча эске алынат? 

 

 

5.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, бул баа үчүн олутсуз жагымсыз натыйжалуу активдердин тез эле жоюу мүмкүнчүлүгүн олуттуу төмөндөтүүгө алып келүүчү белгилүү бир активдердин концентрациясынан качышы зарыл. 

 

5.4.1. Жоюу учурунда баага потенциалдуу жагымсыз таасир этүүнү чектөө максатында белгилүү бир активдерди аныктоо жана анын концентрацияланышына бөгөт коюу боюнча төлөм системасынын саясаты кандай? Бул саясатты аныктоо учурунда кайсы факторлор таасир этет (мисалы, баага же рыноктук шарттарга жагымсыз таасир этүү)? 

 

 

 

5.4.2. Төлөм системасы концентрациянын кайра кароо жана баа саясатын жана шайкештүүлүктү аныктоо боюнча практиканы кандайча жүргүзөт? Төлөм системасы бул саясаттын жана практиканы кайра кароону жана баа берүүнү канчалык көп жүргүзөт? 

 

 

5.5-негизги түшүнүк. 

Чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону кабыл алуучу төлөм системасы анын колдонулушу менен байланыштуу тобокелдиктерди жеңилдетүүгө жана аны убагында колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш. 

 

5.5.1. Чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону кабыл алуу менен төлөм системасы дуушар болгон юридикалык, операциялык, рыноктук жана башка тобокелдиктер кандай? Төлөм системасы бул тобокелдиктерди кантип жеңилдетет? 

 

 

 

5.5.2. Төлөм системасы өз убагында чек ара аркылуу күрөөлүк камсыздоону колдонуу мүмкүнчүлүгүн кандайча камсыз кылат? 

 

 

5.6-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы мыкты уюштурулган жана операциялык жактан ийкемдүүлүккө ээ күрөөлүк камсыздоону тескөө системасын колдонушу зарыл. 

Күрөөлүк камсыздоону тескөө системасы 

 

5.6.1. Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу күрөөлүк камсыздоону тескөө системасынын негизги мүнөздөмөсү кайсылар? 

 

 

 

5.6.2. Төлөм системасы күрөөлүк камсыздоону кайталап колдонуу жана сунушталган күрөөлүк камсыздоого өз укуктарын кантип жана кандай деңгээлде байкоого алат? 

 

 

Операциялык ийкемдүүлүк 

 

5.6.3. Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу күрөөлүк камсыздоону тескөө системасы күрөөлүк камсыздоого күндөлүк мониторинг жүргүзүү жана тескөө учурунда өзгөрүүлөрдү кантип жана кандай деңгээлде эске алат? 

 

 

 

5.6.4. Күрөөлүк камсыздоону тескөө системасы рыноктук стресс мезгилинде да иш үзгүлтүксүздүгүн кандай деңгээлде камсыз кылат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

 

6-принцип: Гарантиялык депозит өлөм системасына колдонулбайт) 

Борбордук контрагент өз катышуучулары тарабынан түзүлгөн кредиттик тобокелдиктерди бардык продукттар боюнча үзгүлтүксүз каралып туруучу тобокелдиктерди эске алган гарантиялык депозиттердин эффективдүү системасы аркылуу жабууга тийиш. 

7-принцип. Ликвиддүүлүк тобокелдиги. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн ликвиддүүлүк тобокелдигин натыйжалуу баалоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы бир күндүк эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон валюталарда жетишерлик ликвиддүү ресурстарга, зарылчылык келип чыкса, операциялык күн ичинде жана мүмкүн болуучу стресстик сценарийлерди кеңири спектрдин алкагында ишенимдүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги төлөм милдеттенмелери боюнча көп күндүк эсептешүүлөргө, буга Финансы рыногунун инфраструктурасынын экстремалдык, бирок катышуучу жана анын аффилирленген компанияларынын мүмкүн болуучу рыноктук жагдайлардын ликвиддүүлүк боюнча чогуу алгандагы милдеттенмелеринин көбүнүн пайда болуусуна алып келе турган милдеттенмелерин аткарбоосун кошо алганда, бирок муну менен чектелбестен ээ болушу зарыл. 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

Төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

 7.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы катышуучулар, эсептешүү банктары, ностро агенттери, депозитарий банктары, ликвиддүүлүк булактары жана башка уюмдар тарабынан дуушарлануучу ликвиддүүлүк тобокелдиктерин тескөөнүн ишенимдүү системасына ээ болушу зарыл. 

 

7.1.1. Өзүнүн катышуучулары, эсептешүү банктары, ностро агенттери, депозитарий банктары, ликвиддүүлүк булактары жана башка уюмдар тарабынан дуушарлануучу бардык тиешелүү валюталарда тобокелдик ликвиддүүлүгүн тескөө үчүн төлөм системасынын колдонуучу механизмдери кандай? 

 

 

 

7.1.2. Бардык тиешелүү валюталарда төлөм системасында келип чыгуучу ликвиддүүлүк тобокелдигинин булактары менен байланышкан ликвиддүүлүктөгү төлөм системасынын керектөөлөрүнүн мүнөзү жана өлчөмү кандай? 

 

 

 

7.1.3. Төлөм системасы ага карата мамиле боюнча ар кандай ролдогу өзүнчө уюмдар жана анын аффилирленген компаниялар тарабынан түзүлгөн потенциалдуу чогуу алгандагы ликвиддүүлүк тобокелдигин төлөм системасы кантип эске алат? 

 

 

7.2-негизги түшүнүк.  

Операциялык күн ичинде ликвиддүүлүктү кошо алганда, төлөм системасы натыйжалуу операциялык жана туруктуу каражаттарга жана аналитикалык өз эсептешүүлөрүн жана финансылык агымдарды өз убагында аныктоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүүгө ээ болушу зарыл. 

 

7.2.1. Төлөм системасы эсептешүү жана финансылык агымдарды аныктоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн кандай операциялык жана аналитикалык каражаттарды колдонот? 

 

 

 

7.2.2. Төлөм системасы операциялык күн ичиндеги ликвиддүүлүктү кошо алганда, үзгүлтүксүз жана өз убагында өз эсептешүү жана финансылык агымдарын аныктоо, баа берүү жана мониторинг жүргүзүү үчүн бул каражаттарды кантип колдонот? 

 

 

7.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы, анын ичинде мөөнөтү жылдырылган нетто-эсептешүүлөрдүн колдонулуучу механизмдери, ар бир күнүндө эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү валюталарда жетишерлик ликвиддүү ресурстарды, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта ошондой эле бир күндүк же көп күндүк эсептешүүлөрдү мүмкүн болуучу стресс-сценарийлердин кеңири спектринин алкагында аныктоонун жогорку деңгээлиндеги төлөм милдеттенмелери боюнча колдоого алуусу зарыл. Алар өзүндө муну менен чектелбестен, экстремалдык, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда төлөм милдеттенмелерин көбүнүн келип чыгуусуна алып келүүчү катышуучулардын жана анын аффилирленген компанияларынын милдеттенмелерин камтууга тийиш. 

 

7.3.1. Төлөм системасы, ар бир күнү, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта бир күндүк же көп күндүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү бардык валюталарда ликвиддүү ресурстардын суммасын кантип аныктайт? Кайсы потенциалдуу стресстик сценарийлер (экстремалдуу, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда чогуу алгандагы төлөм милдеттенмелеринин көбүн түзүүгө жөндөмдүү катышуучунун жана анын аффилирленген катышуучусунун дефолту менен чектелбегендигин кошо алганда) бул түшүнүктү түзүү үчүн төлөм системасы колдонот? 

 

 

 

7.3.2. Төлөм системасы ордун жабуусун талап кылуучу ар бир валютада ликвиддүүлүктүн тартыштыгынын эсептешүү көлөмү кандай? 

 

 

7.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасынын ликвиддүүлүк ресурстарынын талаптарына жооп берүүчү ликвиддүүлүктүн эң аз ресурстары жөнүндө талаптарга жооп берүүчү талаптарды аткаруу максатында ар бир валютада кредиттик линияларда белгиленген, валюталык своптордо белгиленген жана РЕПО тастыкталган борбордук банкта - акча депозиттеринен эмитенттен жана кредит берүүгө жөндөмдүү банктардан, ошондой эле жогорку ликвиддүү күрөөлүк камсыздоодон, депозитарийлерден жана инвестициялардан турат. Алар каржылоо жөнүндө алдын ала келишилген жана жогорку ишенимдүү бүтүмдөрдөн улам ал эмес экстремалдык, бирок мүмкүн болуучу рыноктук жагдайларда нак акча каражаттарына жеңил жеткиликтүү жана тез конвертацияланган катары эсептелет. Эгерде төлөм системасы борбордук банк-эмитентте кадимки кредитке карата пайдаланууга ээ болсо, төлөм системасы мындай пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (жана борбордук банк менен келишилген башка тиешелүү бүтүмдөрдү) тиешелүү борбордук банкта күрөө үчүн жарактуу боло турган талаптардын эң аз бөлүгү катары саноого тийиш. Мындай бардык ресурстар зарылчылыгына жараша жеткиликтүү болууга тийиш. 

Уруксат берилген ликвиддүү ресурстардын көлөмү жана курамы 

 

7.4.1 Төлөм системасындагы анын ар бир валютадагы квалификациялык ликвиддүү ресурстарынын көлөмү жана курамы кандай? Төлөм системасынын колдонуусуна бул ликвиддүү ресурстар кантип жана кайсы убакытка жеткиликтүү болот? 

 

 

Квалификациялык ликвиддүү ресурстардын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жана ордунун жабылышы 

 

7.4.2. Төлөм системасы дароо колдонуу мүмкүнчүлүгү бар күрөөлүк камсыздоону жана акча каражаттарына инвестицияларды которуу үчүн каржылоонун кандай макулдашылган механизмдерин колдонот? Бул механизмдер экстремалдуу, бирок болжолдуу рыноктук шарттарда жогорку ишенимдүү болорун төлөм системасы кантип аныктаган? Төлөм системасы өзүнүн ликвиддүү ресурстарына жеткиликтүү болушунан кандайдыр бир потенциалдуу тоскоолдуктарды таптыбы? 

 

 

 

7.4.3. Эгерде төлөм системасы үзгүлтүксүз негизде борбордук банк-эмитентте кредитке карата жеткиликтүүлүккө ээ болсо, анда анын бул валютада эң аз ликвиддүү ресурстары тууралуу талаптарга туура келүү максатында карыз алуу боюнча мүмкүнчүлүгү канчалык? 

 

 

 

7.4.4. Төлөм системасынын квалификациялуу ликвиддүү ресурстарынын өлчөмү жана жеткиликтүүлүгү канчалык деңгээлде төлөм милдеттенмелери боюнча өз убагында эсептешүүлөр жүргүзүү үчүн ар бир валютада эң аз ликвиддүү ресурстар тууралуу белгиленген талаптарга туура келет? 

 

 

 

7.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасынын өзүнүн талаптарына жооп берүүчү ликвиддүү ресурстарына ликвиддүү ресурстардын башка түрлөрү менен толукташы мүмкүн. Бул жагдайда бул ликвиддүү ресурстар болжол менен суроо-талап менен колдонулуучу же милдеттенмелерди аткарбоонун натыйжасында жекече негизде кредиттик линиялар, своптор же РЕПО үчүн күрөөлүк камсыздоо катары жол берилген активдер түрүндө болушу зарыл, ал эмес бул экстремалдуу рыноктук шарттарда алдын ала аныкталган же кепилденген зор ыктымалдыгы болушу мүмкүн. Эгерде төлөм системасынын Борбордук банктан жөнөкөй кредитти алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, ал кайсы күрөөлүк камсыздоо тиешелүү банк тарабынан кабыл алынарын билүүгө тийиш. Анткени, мындай активдер стресстик жагдайда ликвиддүү болуу ыктымалдыгына ээ. Ликвиддүүлүктү пландаштыруу үчүн төлөм системасы борбордук банкта шашылыш кредиттин жеткиликтүүлүгүнө ишенбөөгө тийиш. 

 

 

Кошумча ликвиддүү ресурстардын өлчөмү жана курамы 

 

7.5.1. Төлөм системасы үчүн жеткиликтүү болгон кошумча ликвиддүү ресурстардын өлчөмү жана курамы канчалык? 

 

 

Кошумча ликвиддүү ресурстардын пайдалануу мүмкүнчүлүгү 

 

7.5.2. Төлөм системасы тиешелүү валютаны алган шартта ишенимдүү негизде экстремалдуу рыноктук шарттарда алдын ала болжолдонгон жана кепилденген болбосо да, күрөөлүк камсыздоо катарында активдер жеңил ишке ашырыла тургандыгы жана алгылыктуулугун кантип жана кандай негизде аныктайт? 

 

 

 

7.5.3. Бул кошумча активдердин кайсы бөлүгү тиешелүү борбордук банкта потенциалдуу күрөөлүк камсыздоо катары квалификацияланат? 

 

 

 

7.5.4. Төлөм системасы квалификациялык ликвиддүү ресурстарды колдонууга чейин же андан тышкары өзүнүн кошумча ликвиддүү ресурстарын кандай жагдайларда колдоно алат эле? 

 

 

 

7.5.5. Төлөм системасынын кошумча ликвиддүү ресурстарынын өлчөмү жана пайдалануу мүмкүнчүлүгү квалификациялуу ликвиддүү ресурстар менен бирге ликвиддүү ресурстарды аныктоо үчүн стресс-тестирлөөнүн программасынан төлөм системасынын жүрүшүндө ликвиддүүлүктүн керектөөлөрүнө канчалык деңгээлде жооп берет (9-негизги түшүнүктү карагыла.)? 

 

 

 

7.6-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы алдын ала текшерүү жүргүзүүнүн эсебинен аныктоонун жогорку деңгээлин камсыздоосу зарыл, бул талаптарына жооп берүүгө керектүү ликвиддүү ресурстарды төлөм системасы катышуучусу же үчүнчү жак болсо, өзүнө кабыл алынган милдеттенмелерди жана аларды коштогон алардын ликвиддүүлүк тобокелдигин жана аларды тескөөнү түшүнүү үчүн зарыл жетиштүү маалыматка ээ болот. Белгилүү бир валютаны ликвиддүүлүк булагынын ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн борбордук банкта-эмитентте кредиттин ликвиддүүлүгүнүн булагын алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл. Төлөм системасынын ликвиддүүлүктүн булагында болгон ликвиддүүлүктүн ресурстарынын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн өзүнүн жол-жобосун туруктуу тестирлөөгө тийиш. 

 

 

Ликвиддүүлүк булагын тартуу 

 

7.6.1. Төлөм системасы ликвиддүүлүктүн талап кылынуучу эң аз квалификациялык ресурстарына туура келиши үчүн булактарды тартабы? Төлөм системасынын ликвиддүүлүк булагы болуп ким эсептелет? Үзгүлтүксүз негизде, анын ичинде стресстик абалда ар бир тиешелүү валютада өзүнүн коштолгон ликвиддүүлүк тобокелдигин түшүнүү жана тескөө үчүн канткенде жетишерлик маалыматка ээ болот? 

 

 

Ликвиддүүлүк булагынын ишенимдүүлүгү 

 

7.6.2. Төлөм системасы ликвиддүүлүктүн ар бир булагы үзгүлтүксүз негизде бардык тиешелүү валюталарда каралган талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгүн кантип аныктайт? 

 

 

 

7.6.3. Төлөм системасы борбордук банкта-эмитентте кредитке карата ликвиддүүлүк булагынан потенциалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кандайча эске алат? 

 

 

 

7.6.4. Төлөм системасы ликвиддүүлүк булагынан өзүнүн ликвиддүү ресурстарын өз убагында жана ишенимдүү түрдө туруктуу кандайча тест жүргүзөт? 

 

 

7.7-негизги түшүнүк:  

Борбордук банктагы эсептерден, анын төлөм кызмат көрсөтүүлөрү же баалуу кагаздар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар төлөм системасынын өзүнүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү мүмкүн болгон учурда бул кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланышы зарыл. 

 

 

7.7.1. Төлөм системасынын азыркы учурда ар бир борбордук банкта баалуу кагаздар менен байланышкан эсептерге, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө же кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна, ошондой эле ар бир тиешелүү ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө үчүн канчалык деңгээлде пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ? 

 

 

 

7.7.2. Төлөм системасынын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана ар бир тиешелүү валютада ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө үчүн тиешелүү борбордук банкта ар бир саналган кызмат көрсөтүүлөрдөн кандай деңгээлде пайдаланат? 

 

 

 

7.7.3. Эгерде төлөм системасы тиешелүү борбордук банктар тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн башкасын колдонсо, анда төлөм системасы анын борбордук банктын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланууну кеңейтүү жолу аркылуу ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн потенциалын канчалык деңгээлде талдап-иликтейт? 

 

 

 

7.7.4. Төлөм системасы тарабынан тиешелүү борбордук банктын кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтүү боюнча кандай (эгер болсо) практикалык жана башка түшүнүктөр бар? 

 

 

 

7.8-негизги түшүнүк:  

Стресс-тесттердин жардамы менен өзүнүн ликвиддүү ресурстарынын жетиштүүлүгүн дайыма тесттен өткөрүүгө жана көлөмүн аныктоого тийиш. Төлөм системасы чечимди кабыл алуучу өзүнө тиешелүү органдар алдында отчет берүүнүн так жол-жоболоруна ээ болууга жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасынын шайкештүүлүгүнө жана корректировкалоосуна баа берүүдө жыйынтыктарды колдонууга тийиш. Стресс-тестирлөөнү жүргүзүү учурунда төлөм системасы стресс-сценарийлердин түрүн эске алуусу зарыл. Сценарийлер баанын волатилдүүлүгүнүн тиешелүү жогорку маанилерин, баа детерминанттар жана кыйыр кирешелер сыяктуу башка рыноктук факторлордун өзгөрүүсүн, ар кайсы мезгил ичинде дефолт учурларын, каржылоо жана активдер рынокторунда бир учурдагы басымды, ошондой эле ар түрдүү экстремалдуу, бирок мүмкүн болуучу рыноктук шарттарда бир катар стресс-сценарийлердин алдын алууга тийиш. Сценарийлер төлөм системасынын түзүмүн жана ишин эске алууга жана ал үчүн ликвиддүүлүктүн олуттуу тобокелдигин келтирген бардык уюмдарды (мисалы, эсептешүү банктары, ностро агенттери, банктар-депозитарийлер, ликвиддүүлүк провайдерлери жана байланыштуу төлөм системалар), ошондой эле тиешелүү учурларда көп күндүк мезгил камтылууга тийиш. Төлөм системасы бардык учурларда өлчөмүн жана ал тарабынан колдоого алынган жалпы ликвиддүү ресурстардын түрүн жөнгө салган башкаруунун тиешелүү механизмдерине ээ болууга жана мыйзам чегинде документ жүзүндө түшүндүрмө берүүгө тийиш. 

 

 

Стресс-тестирлөө программасы 

 

7.8.1. Төлөм системасы ар бир валютадагы өзүнүн ликвиддүү ресурстарынын жетиштүүлүк көлөмүн аныктоо жана текшерүү үчүн стресс-тестирлөөнү кандайча колдонот? Төлөм системасы өзүнүн ликвиддүү ресурстарында канчалык көп стресс-тестирлөө жүргүзөт? 

 

 

 

7.8.2. Төлөм системасынын өз убагында баа берүү жана анын өлчөмүн коррекциялоо жана ликвиддүүлүк ресурстарынын курамы жана анын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын камсыз кылуу максатында алардын чечим кабыл алуу жана анын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө системасын төлөм системасынын чечимин кабыл алуу органдары алдында ал боюнча стресс-тестирлөөнүн күндөлүк жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулук процесси кандай? 

 

 

Стресс-тестирлөөнүн сценарийлери 

 

7.8.3. Стресс-тестирлөөдө кандай сценарийлер колдонулат жана белгилүү бир мезгил ичинде баа өзгөрүлмөлүүлүгүнүн тарыхый маанисинин өсүп жеткен чегинин айкалышын, баа детерминанттары жана кыйыр кирешелүүлүк сыяктуу башка рыноктук факторлордун өзгөрүүлөрүн, мезгилдин көптөгөн ар кандай дефолт учурларына, финансы рыноктору жана активдерине бир эле убакта басым жасоо, ошондой эле ар кандай экстремалдуу, бирок болжолдуу рыноктук шарттардагы келечектүү стресс-сценарийлердин түрлөрүн кандай деңгээлде карашат? 

 

 

 

7.8.4. Сценарийлер жана стресс-тесттер төлөм системасынын так төлөм жана эсептешүү түзүмдөрүн (мисалы, айкын убактагы дүң төлөмдөр же нетто негизиндеги мөөнөтү узартылган төлөмдөр; эсептешүү кепилдиги же анысы жок; PvPмодели), ошондой эле төлөм системасынын, анын катышуучулары же биргеликте түздөн-түз тарта турган ликвиддүүлүк тобокелдиги кандай деңгээлде эске алышат? 

 

 

 

7.8.5. Төлөм системасына карата бир канча ролдордо чыга турган өзүнчө уюмдар жана алардын аффилирленген компанияларынын мүмкүнчүлүгүн кошо алганда төлөм системасында ал тарабынан төлөм милдеттенмелерин өз убагында аткаруусу үчүн анда пайда болгон ликвиддүүлүккө болгон керектөөсүн эске алуу жана өлчөмү жана ликвиддүүлүк тобокелдигин шарттаган булактарын сценарийлер жана стресс-тесттер канчалык деңгээлде эске алышат? 

 

 

Кайра карап чыгуу жана валидация 

 

7.8.6. Төлөм системасы стресс-тестирлөөнүн жыйынтыктуулугуна жана ката кетирүүчүлүккө жана параметрлерге канчалык көп баа берет? Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу стресс-тестирлөө программасы ар кандай жагдайларды, мисалы, баанын позицияларынын көтөрүлүп кетишин жана өзгөрүлмөлүүлүгүн, позициялардын концентрациясын, рыноктук ликвиддүүлүктөгү өзгөрүүлөрдү жана параметрлердин өзгөрүшүн кошо алганда тобокелдик үлгүсүн кандайча эске алат? 

 

 

 

7.8.7. Төлөм системасы өзүнүн тобокелдикти тескөө үлгүсүнүн өзгөрүлмөлүүлүгүн жүргүзөт? Өзгөрүлмөлүүлүктү канчалык көп жүргүзөт? 

 

 

 

7.8.8. Төлөм системасы тарабынан колдоого алынып жаткан жалпы ликвиддүү ресурстардын көптүгүн жана түрлөрүн жөнгө салуучу тескөөнүн рационалдуу негизи жана тиешелүү механизмдери анын кайсы документинде жана кандай көлөмдө ал тарабынан негизделген? 

 

 

 

7.9-негизги түшүнүк:  

Төлөм системасы бүтүм келишилген күнү төлөм милдеттенмелери боюнча өз убагында төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга шарт түзүүчү так эрежелерге жана жол-жоболорго, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта анын катышуучуларынын өзүнчө же биргеликте милдеттенмелерин аткарбаган шартта операциялык күн ичинде же көп күндүк эсептешүүлөргө ээ болушу зарыл. Бул эрежелер жана жол-жоболор каралбаган жана потенциалдуу түрдө ликвиддүүлүк тартыштыгы жабылбаганын эске алышы зарыл жана бүтүм келишилген күнү төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүү шарттары өзгөргөндөн, токтотулгандан же кечиктирилгенден баш тартууга тийиш. Мындан тышкары, бул эрежелер жана жол-жоболор стресс келип чыккан шартта коопсуз жана ишенимдүү иш алып барууну улантуу учун колдоно турган төлөм системасы ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоо процессин аныктоого тийиш. 

 

 

Бүтүм келишилген күнү эсептешүү 

 

7.9.1. Төлөм системасынын катышуучулары тарабынан өзүнчө же биргеликте төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөр өз убагында жүзөгө ашырууга ага кандайча эрежелер жана жол-жоболор кандайча жол берет? 

 

 

 

7.9.2. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору каралбаган жана потенциалдуу жабылбаган ликвиддүүлүк тартыштыгы, пикири же бүтүм ишке ашырылган күнү төлөм милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөрдүн кечиктирилгендиги? 

 

 

Ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоо 

 

7.9.3. Стресстик жагдайдын жүрүшүндө тартылган ликвиддүүлүк ресурстарын толуктоону төлөм системасы эрежелерге жана жол-жоболорго кандайча жол берет? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр 

 

 

8-принцип. Эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышы.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы төлөмдү төлөө күнүнүн акырында эң аз дегенде эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын камтышы зарыл. Зарыл болгондо же артыкчылык берилген учурларда, операция жүргүзүү күн аралыгында же айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү камсыздоосу зарыл. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

8.1-негизги түшүнүк.  

Эсептешүүлөр жыйынтыкталган учурду төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору так аныктоого тийиш. 

Эсептешүүлөрдүн аягына чыккан учур 

 

8.1.1. Кайсы учурда төлөм, которуу тууралуу тапшырма же башка милдеттенме боюнча эсептешүүлөр жыйынтыкталган, башкача айтканда кайтарылып алынгыс жана шартсыз болуп эсептелинет? Эсептешүүлөрдүн аягына чыккан учур документ түрүндө аныкталып, бекитилгенби? Аталган маалымат кантип жана кимге ачылып көрсөтүлөт? 

 

 

 

8.1.2. Төлөөгө жөндөмсүздүк жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарды кошо алганда, төлөм системасынын укуктук негизи жана эрежелери төлөм системасы менен анын катышуучуларынын же катышуучулардын ортосундагы төлөмдүн, которуу жөнүндө тапшырманын же башка милдеттенменин аткарылышын кандай негизде белгилейт? 

 

 

 

8.1.3. Төлөм системасы бардык тиешелүү юрисдикцияларда макулдашууга жетишилгендигинин укуктук аныктамасын кандайча тастыктай алат (мисалы, негиздүү юридикалык корутунду алуу аркылуу? 

 

 

Байланыш болгон шартта аягына чыгуусу 

 

8.1.4. Төлөм системасы башка төлөм системасы менен байланыш болгон шартта эсептешүүлөрдүн аягына чыгуусун кантип камсыз кылат? 

 

 

8.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы жыйынтыкталган эсептешүүнү төлөмдөрдү чегерилген күн аяктаганга чейин кечиктирилбестен, артыкчылык берилген учурларда - эсептешүү тобокелдигин төмөндөтүү үчүн операциялык күн ичинде же айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзүүгө тийиш. Ири төлөмдөр системасы дүң эсептешүүлөр системасын айкын убакыт ыргагында же эсептешүү күн ичинде мультипакеттик иштеп чыгууда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароого алууга тийиш. 

Валюталоо күнүнө жыйынтыкталган эсептешүү 

 

8.2.1. Төлөм системасы түзүмү валюталоо күнүнө жыйынтыкталган эсептешүүнү (же бүтүм келишилген күнү эсептешүүнү) жүргүзүүгө мүмкүн кылабы? Төлөм системасы жыйынтыкталган эсептешүүнү пландаштырылып жаткан валюталоо күнү аяктаганга чейин кечиктирбестен жүргүзүүнү кантип камсыз кылат? 

 

 

 

8.2.2. Төлөм системасында жыйынтыкталган эсептешүүнү анын эрежелеринде, жол-жоболорунда жана келишимдеринде каралбаган кийинки жумуш күнүнө жылдыруу учурлары орун алды беле? Эгер жылдыруу төлөм системасынын аракеттеринин натыйжасынан болгон болсо, келечекте ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн кандай чаралар көрүлгөн? 

 

 

Күн ичинде жана айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүү 

 

8.2.3. Төлөм системасы күн ичинде жана айкын убакыт ыргагында жыйынтыкталган эсептешүүнү камсыз кылып жатабы? Эгерде кылып жатса, кандай негизде? Катышуучулар жыйынтыкталган эсептешүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу кантип маалымдалып жатат? 

 

 

 

8.2.4. Эгерде эсептешүү мультипакеттик иштеп чыгуу аркылуу аткарылса, топтомдорду өткөрүү интервалы кандай жана кайсы убакыт аралыгында алар иштелип чыгат? Эгерде катышуучу эсептешүү учуруна жетиштүү каражаттарга же баалуу кагаздарга ээ болбосо эмне болот? Транзакциялар кийинки топтомго кошулабы? Эгер кошулса, мындай транзакциялардын статусу кандай жана кайсы учурда алардын аягына чыгышы келип жетет? 

 

 

 

8.2.5. Эгерде эсептешүүлөр күн ичинде же айкын убакыт ыргагында жүргүзүлбөсө, ири төлөмдөр системасы же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасы ушул режимдердин бирин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароого алды беле? 

 

 

8.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы өткөрүлбөгөн төлөмдөр, аткарылбай калган төлөм тапшырмалар же башка милдеттенмелер катышуучу тарабынан кайтарып алууга болбой турган учурду так аныктоого тийиш. 

 

8.3.1. Төлөм системасы өткөрүлбөгөн төлөмдөр, аткарылбай калган төлөм тапшырмалар же башка милдеттенмелер катышуучу тарабынан кайтарылып алынбай турган учурда кантип аныктайт? Төлөм системасы ушул учурдан кийин акцептелген, бирок аткарылбай калган төлөмдөрдү, которуу жөнүндө буйрууларды жана милдеттенмелерди бир тараптуу кайтарып алууга тыюу салат? 

 

 

 

8.3.2. Кандай жагдайларда эсептешүүгө система тарабынан акцепттелген тапшырма же милдеттенме баары бир кайтарылып алынышы мүмкүн (мисалы, кезекке коюлган буйруулар)? Өткөрүлбөй калган төлөмдү же аткарылбай калган төлөм тапшырмасын ким кайтарып алууга укуктуу? 

 

 

 

8.3.3. Кандай шарттарда төлөм системасы кайтарып алуунун чектүү мөөнөтүн алып салууга жана узартууга жол берет? 

 

 

 

8.3.4. Кайсы документтерде төлөм системасы ушул маалыматты аныктайт? Аталган маалымат кантип жана кимге ачып көрсөтүлөт? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

 

 

9-принцип. Акчалай эсептешүүлөр.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы, эгерде мындай мүмкүнчүлүк жана каражаттар бар болсо, борбордук банктын каражаттарында акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш. Эгерде борбордук банктын каражаттары пайдаланылбаса, Финансы рыногунун инфраструктурасы коммерциялык банктардын каражаттарын пайдалануу менен келип чыккан кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтууга жана катуу контролдукка алууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

9.1-негизги түшүнүк.  

Кредиттик тобокелдикке жана ликвиддүүлүк тобокелдигине жол бербөө максатында, төлөм системасы эгерде мүмкүнчүлүк жана мындай каражаттар бар болсо, борбордук банктын акчаларында акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

 

9.1.1. Төлөм системасына акчалай эсептешүүлөрдү кантип жүргүзүүгө болот? Эгерде төлөм системасы мультивалюталык эсептешүүлөрдү жүргүзсө, ал ар бир валютада акчалай эсептешүүлөрдү кантип жүзөгө ашырып жатат? 

 

 

 

9.1.2. Эгерде төлөм системасы борбордук банктын акчаларында эсептешүүлөрдү жүргүзбөсө, анда эмнеге? 

 

 

9.2-негизги түшүнүк.  

Эгерде борбордук банктын акчалары пайдаланылбаса, төлөм системасы төмөн кредиттик тобокелдик же ликвиддүүлүк тобокелдиги менен айырмаланган же ага ээ болбогон эсептешүү активди пайдалануу менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

 

9.2.1. Эгерде борбордук банктын акчалары пайдаланылбаса, төлөм системасы акчалай эсептешүүлөр үчүн колдонулуучу эсептешүү активдеринин кредиттик тобокелдиктерин жана ликвиддүүлүк тобокелдигине кандай негизде баа бере алат? 

 

 

 

9.2.2. Эгерде төлөм системасы коммерциялык банктын акчаларында эсептешүүнү жүргүзсө, төлөм системасы эсептешүү банктарын кантип тандап алат? Төлөм системасы тарабынан колдонулуучу тандоонун өзгөчө критерийлери кандай? 

 

 

9.3-негизги түшүнүк.  

Эгерде төлөм системасы эсептешүүлөрдү коммерциялык банктын акчаларында жүргүзсө, анда ал коммерциялык эсептешүү банктар тарабынан келип чыккан кредиттик тобокелдиктерди жана ликвиддүүлүк тобокелдиктерин контролдоого, тескөөгө жана чектөөгө тийиш. Атап айтканда, төлөм системасы өз эсептешүү банктары үчүн алардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тартибин, кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн, капиталдаштырууну, ликвиддүүлүккө кирүү мүмкүнчүлүгүн жана операциялык ишенимдүүлүктү эске алган катуу критерийлерди белгилөөгө жана ушул критерийлердин сакталышына контролдукту жүргүзүүгө тийиш. Төлөм системасы коммерциялык эсептешүү банктарынын кредиттик тобокелдиктеринин жана ликвиддүүлүк тобокелдиктеринин концентрацияланышына мониторинг жана тескөөнү жүзөгө ашырууга да тийиш. 

 

9.3.1. Төлөм системасы эсептешүү банктарына карата колдонулуучу жана алардын тандоосуна тиешелүү критерийлердин сакталышына мониторингди кантип жүргүзөт? Мисалы, төлөм системасы алардын ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү, алардын кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнө, капиталдаштыруусуна, ликвиддүүлүккө кирүү мүмкүнчүлүгүнө жана операциялык ишенимдүүлүгүнө кантип баа берет? 

 

 

 

9.3.2. Төлөм системасы кантип коммерциялык эсептешүү банктары тарабынан түзүлүүчү өз кредиттик тобокелдигине жана ликвиддүүлүк тобокелдигине мониторингди жүргүзөт, тескөөгө алат жана чектейт? Төлөм системасы ушул банктар менен байланышкан кредиттик тобокелдиктин жана ликвиддүүлүк тобокелдигинин концентрацияланышына кантип мониторинг жүргүзөт жана аны тескөөгө алат? 

 

 

 

9.3.3. Төлөм системасы өз потенциалдык чыгым тартууларын жана ликвиддүүлүк тартыштыгын, ошондой эле ири эсептешүү банкынын төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда, өз катышуучуларынын потенциалдык чыгым тартууларына жана ликвиддүүлүк тартыштыгына кандай негизде баа берет? 

 

 

9.4-негизги түшүнүк.  

Эгерде төлөм системасы өздүк китептер боюнча акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзсө, ал өз кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдикти азайтууга жана так контролдоого тийиш. 

 

9.4.1. Эгерде төлөм системасы өз китептери боюнча акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүп жатса, ал өз кредиттик тобокелдигин жана ликвиддүүлүк тобокелдигин кантип азайтып, катуу контролдукка алат? 

 

 

9.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы эсептешүү банктар менен юридикалык макулдашуусу айрым эсептешүү банктарынын китептери боюнча которуулар качан жүргүзүлөөрү, которуулар аткаргандан кийин жыйынтыкталган болуп саналары, ошондой эле алынган каражаттар мүмкүнчүлүккө жараша болушунча тезирээк чегеришүүгө тийиш экендигин, ал эми идеалдуу учурда төлөм системасына жана анын катышуучуларына кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн операциялык күн ичинде так белгилөөгө тийиш. 

 

9.5.1. Төлөм системасы эсептешүү банктар менен юридикалык макулдашууларды которууларды жүзөгө ашырууда которуулар аларды өткөрүүдө акыркы болушун жана алынган каражаттар чегерилишин белгилейби? 

 

 

 

9.5.2. Алынган каражаттар күн аяктаганга чейин кечиктирилбестен которулуп жатабы? Эгер которулбаса, эмнеге? Алар күн ичинде которулуп жатабы? Эгер которулбаса, эмнеге? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

 

 

10-принцип. Иш жүзүндө сунуштоо өлөм системаларына колдонулбайт).  

Финансы рыногунун инфраструктурасы айкын инструменттерди же товарларды сунуштоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин так аныктоого, иш жүзүндө сунуштоого байланыштуу тобокелдиктерди аныктоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш. 

11-принцип. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи өлөм системаларына колдонулбайт). 

Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи баалуу кагаздардын чыгарылышын камсыз кылууга, баалуу кагаздарды сактоого жана берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартууга жана тескөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген эрежелерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи аларды документ тариздөөсүз аларды которуу максатында иммобизацияланган же дематериализацияланган формада баалуу кагаздарды эске алууга тийиш. 

12-принцип. Наркка алмаштыруунун эсептешүү системалары. 

Эгерде финансы рыногунун инфраструктурасы өз ара байланышкан эки милдеттенме боюнча эсептешүүлөрдү камтыган бүтүмдөр боюнча (мисалы, баалуу кагаздар менен транзакциялар же валюталык бүтүмдөр) эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырса, анда ал бир милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдү башка милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдөн кийин жүргүзүү менен принципалдын тобокелдигин алып салууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

12.1-негизги түшүнүк.  

Наркка алмаштыруунун эсептешүү системасынан болуп саналган төлөм системасы, эгер төлөм системасы эсептешүүлөрдү брутто же нетто негизинде, ошондой эле аягына чыгуу учурунан жүргүзүп жаткандыгына карабастан, ал менен өз ара байланыштуу милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзүлгөн күндө гана бир милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуу менен принципал тобокелдигин болтурбоого тийиш. 

 

12.1.1. Төлөм системасынын юридикалык, келишимдик, техникалык базасы жана анын тобокелдиктерди тескөө системасы, тиешелүү финансылык инструменттер боюнча жыйынтыкталган эсептешүү принципал тобокелдигин болтурбоону кандай негизде камсыз кылат? Кайсы жол-жоболор бир милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүү өз ара байланыштуу милдеттенме боюнча жыйынтыкталган эсептешүүнү жүргүзгөн учурда гана жүзөгө ашырылышын камсыз кылат? 

 

 

 

12.1.2. Өз ара байланыштуу милдеттенмелер дүңүнөн алганда (бүтүм үчүн бүтүм) же нетто негизинде кандайча эсептелинет? 

 

 

 

12.1.3. Өз ара байланыштуу милдеттенмелер боюнча эсептешүүнүн аягына чыгышы бир убакта болуп саналабы? Эгерде саналбаса, эки милдеттенме боюнча аягына чыгуу учуру кандай? Эки милдеттенме боюнча блокко коюу менен жыйынтыкталган эсептешүүнүн ортосунда убакыттын интервалы азайтылганбы? Блокировкаланган активдер үчүнчү жактардын талаптарынан корголгонбу? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

  

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

  

  

13-принцип. Катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбоого тиешелүү эрежелер жана жол-жоболор. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбаган учурда башкаруунун натыйжалуу жана так аныкталган эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. Бул эрежелер жана жол-жоболор Финансы рыногунун инфраструктурасы чыгымдарды жана ликвиддүүлүк тартыштыгын азайтуу жана өз милдеттенмелерин аткарылышын улантуу үчүн өз убагында чараларды кабыл алынышын кепилдик берүү үчүн иштелип чыгууга тийиш. 

  

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

13.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, ага катышуучу тарабынан милдеттенмелерин аткарбаган учурда, өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүн кылган жана милдеттенмелерди аткаргандан кийин ресурстарды толтуруу тартибин аныктаган милдеттенмелерди аткарбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. 

Милдеттенмелерди аткарбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелери жана жол-жоболору 

 

13.1.1. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору дефолттун окуясына (катышуучунун финансылык сыяктуу эле, операциялык дефолтунун да) жана дефолтту аныктоо ыкмасына так аныктама бере алабы? Бул окуялар кантип аныкталат? 

 

 

 

13.1.2. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору кандай негизде катышуучунун дефолтунун төмөнкү негизги аспектилерин жөнгө салат: 

1) дефолт жарыялаган шартта төлөм системасы тарабынан көрүлүүчү иш-аракеттер; 

2) иш-аракеттер канчалык деңгээлде автоматташтырылган же ашыкча болуп саналат; 

3) кадимки эсептешүү тажрыйбасындагы өзгөрүүлөр; 

4) иштеп чыгуунун ар кандай баскычтарындагы транзакцияларды тескөө

5) жеке транзакцияларга, кардарлардын транзакцияларына жана эсептерине карата күтүлүүчү режим; 

6) иш-аракеттердин ыктымал болгон ырааттуулугу; 

7) өз милдеттенмелерин аткарып жаткан катышуучуларды кошо алганда, ар кандай тараптардын ролдору, милдеттенмелери жана милдеттери; 

8) дефолттун таасирин жеңилдетүү үчүн жигердештирилиши мүмкүн болгон башка механизмдердин болушу? 

 

 

Финансылык ресурстарды пайдалануу 

 

13.1.3. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору келип чыккан чыгымдардын ордун жабуу жана ликвиддүүлүктү камсыздоо боюнча мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, дефолттон улам келип чыккан ликвиддүүлүк тартыштыгын четтетүү максатында бөлүнгөн финансылык ресурстарды кандайча дароо өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт? 

 

 

 

13.1.4. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору кандай негизде финансылык ресурстарды пайдалануу тартибин жөнгө салат? 

 

 

 

13.1.5. Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору дефолттон кийин ресурстардын толтурулушун кандай негизде жөнгө салат? 

 

 

13.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы анын эрежелеринде каралган тиешелүү дискрециондук жол-жоболорду кошо алганда, милдеттенмелердин аткарылбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелерин жана жол-жоболорун колдонууга жакшы даярдык көрүүгө тийиш. 

 

13.2.1. Төлөм системасынын жетекчиси милдеттенмелердин аткарылбай калуу кесепеттерин жоюу боюнча ички пландары, так аныкталган ролу жана милдеттери барбы? Бул пландар кандай? 

 

 

 

13.2.2. Төлөм системасынын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана байкоо органдарын кошо алганда, бардык кызыкдар тараптарга өз убагында маалымдоо үчүн кайсы коммуникациялык жол-жоболорду пайдаланат? 

 

 

 

13.2.3. Дефолт болгон учурда башкаруу боюнча ички пландар канча убакытта бир жолу кайра кароого алынат? Ушул пландарда каралган башкаруу таасирлери (чаралары) кандай? 

 

 

13.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы милдеттенмелердин аткарылбай калуу кесепеттерин жоюу эрежелеринин жана жол-жоболорунун негизги аспектилерин ачыкка чыгарууга тийиш. 

 

13.3.1. Катышуучулар дефолт болгон учурда башкаруу боюнча төлөм системасынын эрежелеринин жана жол-жоболорунун негизги аспектилери кандай негизде ачыкка чыгарылат? Кандай негизде алар жөнгө салат: 

а) ушул аракеттер көрүлүшү мүмкүн болгон жагдайлар; 

б) ушул аракеттерди ким көрүүгө укуктуу; 

в) өздүк сыяктуу эле, кардардык позицияларга, каражаттарга жана активдерге да карата режимди кошо алганда, көрүлүүчү иш-аракеттердин көлөмү

г) өз милдеттенмелерин аткарган катышуучулардын алдында төлөм системасынын милдеттенмелерин жөнгө салуу боюнча механизмдер; 

д) эгерде катышуучу менен кардарлардын ортосунда тике мамилелер дефолтто турган катышуучулардын алардын кардарларынын алдында милдеттенмелерин жөнгө салууга өбөлгө түзгөн механизмдер болсо? 

 

 

13.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы өз катышуучуларын, компетенттүү органдарды жана башка кызыкдар тараптарды жоюу жол-жобосун кошо алганда, милдеттенмелерди аткарбаган шартта, төлөм системасынын жол-жоболорун тестирлөөгө жана талдап-иликтөөгө тартууга тийиш. Мындай тестирлөө жана талдап-иликтөөлөр жок дегенде жылына бир жолу же аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жана натыйжалуулугуна ишенүү үчүн эрежелердин жана жол-жоболордун олуттуу өзгөрүшүнөн кийин жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

13.4.1. Кандай негизде төлөм системасы катышуучуларды жана башка кызыкдар тараптарды дефолт болгон учурда башкаруу боюнча төлөм системасынын жол-жоболорун тестирлөөгө жана кайра карап чыгууга тартат? Кандай мезгилдүүлүк менен тесттер жана кайра кароолор өткөрүлүүдө? Тесттердин жыйынтыктары кандай негизде пайдаланылууда? Директорлор кеӊешин, тобокелдик боюнча комитеттин жана компетенттүү органдарды жыйынтыктар менен кандай негизде тааныштырылат? 

 

 

 

13.4.2. Катышуучулардын потенциалдуу дефолтунун кайсыл жол-жоболорун жана сценарийлерин тесттер камтыйт? Төлөм системасы анын катышуучулары тарабынан жандандыруу жана кайра уюштуруу режиминин киргизилишин кандай деңгээлде тестирлейт? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

 Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

14-принцип. Бөлүү жана көчүү өлөм системаларына колдонулбайт). 

Финансы рыногунун инфраструктурасы иш жүзүндөгү инструменттерди же товарларды жеткирүүгө байланыштуу милдеттенмелерин так аныктап, иш жүзүндө жеткирүү менен байланышкан тобокелдиктерди аныктап, көзөмөлдөп, башкарууга тийиш. 

15-принцип. Жалпы коммерциялык тобокелдик.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы жалпы коммерциялык тобокелдикти аныктоого, контролдоого жана тескөөгө жана ал бул чыгымдар иш жүзүндө орун алган учурда иштеп жаткан ишкана катары операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууну уланта алышы үчүн өздүк каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана потенциалдуу жалпы коммерциялык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон ликвиддүү таза активдерге ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, таза ликвиддүү активдер орчундуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүнү же талаптагыдай аягына чыгарууну камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш. 

 

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

15.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы бизнес-стратегияны шайкеш ишке ашырбоодон, терс акча агымдарынан же күтүлбөгөн жана өтө жогорку операциялык чыгашалардан улам жоготууларды кошо алганда, жалпы коммерциялык тобокелдикти аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө үчүн башкаруунун жана контролдоонун ишенимдүү системаларына ээ болууга тийиш. 

 

15.1.1. Төлөм системасы өзүнүн жалпы коммерциялык тобокелдиктерин кандай негизде аныктайт? Төлөм системасы тарабынан кайсыл жалпы коммерциялык тобокелдиктер аныкталган? 

 

 

 

15.1.2. Кандай негизде төлөм системасы өзүнүн жалпы коммерциялык тобокелдиктерине үзгүлтүксүз негизде мониторинг жүргүзөт жана тескөөгө алат? Төлөм системасынын коммерциялык тобокелдиктерине баа берүү акча каражаттарынын жана капиталынын жылышына потенциалдуу таасир этүүсүн эске алабы (жеке төлөм системасы болсо)? 

 

 

15.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы орчундуу операцияларды аткарууну жана жалпы коммерциялык чыгым тартууларды тарткан учурда гана иштеп жаткан ишкана катары орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн өздүк капиталынын (жөнөкөй акциялар, анык камдар жана башка бөлүштүрүлбөгөн пайда сыяктуулар) эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. Төлөм системасы ээ болууга тийиш болгон өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдердин өлчөмү анын жалпы коммерциялык тобокелдигинин багыты жана эгер мындай чаралар көрүлсө, олуттуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүнү же тартипке салынган аякталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон убакыттын узактыгы менен аныкталууга тийиш. 

 

15.2.1. Төлөм системасы, эгерде ал жалпы коммерциялык чыгымдарды тарткан учурда иштеп жаткан түзүм катары операцияларды аткарууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону улантуу үчүн зарыл болгондугуна жараша өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдери барбы? 

 

 

 

15.2.2. Төлөм системасы жалпы коммерциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдердин суммасын кандай негизде эсептейт? Төлөм системасы ишти калыбына келтирүү же олуттуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тартипке салынып аяктоо үчүн зарыл болгон убакыттын узактыгын жана тиешелүү операциялык чыгымдарды кандай негизде аныктайт? 

 

 

15.3-негизги түшүнүк. 

Төлөм системасы калыбына келтирүүнүн же тартипке салынган жоюунун ишке ашырылуучу планын бекитүүгө жана аны ишке ашыруу үчүн өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу жетиштүү түрдө таза ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. Өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу Төлөм системасынын таза ликвиддүү активдеринин өлчөмү алты ай үчүн күндөлүк операциялык чыгашаларынын өлчөмүнөн кем эмес түзүүгө тийиш. Бул активдер катышуучулардын аткарылбай калган милдеттенмелеринин же финансылык ресурстарды тескөө принциптеринде каралган башка тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн зарыл болгон ресурстарга карата кошумча катары саналат. Буга карабастан, тобокелдиктерге негизделген эл аралык стандарттарга ылайык келген капитал, эгер бул капиталдын жетиштүүлүгү жөнүндө талаптардын кайталанышын болтурбоо максатында, зарыл же максатка ылайыктуу болгон тиешелүү учурларда эсепке алынышы мүмкүн. 

Ишти калыбына келтирүү же тартипке салынган жоюу боюнча план 

 

15.3.1. Төлөм системасында ишти калыбына келтирүү же тартипке салынган жоюу боюнча план иштелип чыкканбы? Эгерде иштелип чыкса, анда бул планда эмнелер каралган (мисалы, катышуучулар альтернативалуу түзүмгө өтүү же аны түзүү үчүн аткарууга тийиш болгон операциялык, технологиялык жана юридикалык талаптар)? 

 

 

Ресурстар 

 

15.3.2. Аталган планды ишке ашыруу максатында төлөм системасы өздүк капиталдын эсебинен каржылануучу таза ликвиддүү активдеринин кандай өлчөмүнө ээ? Төлөм системасы планды ишке ашыруу үчүн ушул сумманын жетиштүүлүгүн кандай негизде аныктайт? Ушул өлчөм төлөм системасынын алты ай үчүн кеминде күндөлүк операциялык чыгашаларынын көлөмүн түзөбү

 

 

 

15.3.3. Ресурстар түзүмү коммерциялык тобокелдиктерди жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган ресурстар катышуучунун дефолтунун ордун жабууга каралган ресурсунан ажыратуу үчүн кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

 

15.3.4. Төлөм системасы жалпы коммерциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн каралган, тобокелдиктерге негизделген эл аралык стандарттарга ылайык келген капиталы барбы? 

 

 

15.4-негизги түшүнүк.  

Жалпы коммерциялык тобокелдиктин ордун жабуу үчүн каралган активдер, сценарийлердин кеңири түрүнүн алкагында, анын ичинде алгылыксыз рыноктук жагдай шарттарында күндөлүк жана пландаштырылып жаткан чыгашалардын ордун жабууга төлөм системасына мүмкүн кылган жогорку сапаттуу жана жетиштүү ликвиддүү активдерге ээ болууга тийиш. 

 

15.4.1. Өздүк капиталынын эсебинен каржылануучу төлөм системасынын таза ликвиддүү активдеринин курамы кандай? Төлөм системасы аларды рынокто орун алган алгылыксыз жагдай шарттарында бир аз жоготуу менен же наркын жоготуусуз акча каражаттарына кантип айландыра алат? 

 

 

 

15.4.2. Төлөм системасы өз капиталынын эсебинен каржылануучу учурда орун алган жана болжолдонуп жаткан операциялык чыгашаларды төлөө үчүн колдонулган таза ликвиддүү активдеринин сапатына баа берип, мониторинг жүргүзүп турабы? 

 

 

15.5-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы, эгер анын өздүк капиталынын өлчөмү белгиленген чекке жакындаган же зарыл болгон суммадан аз болгон учурда, кошумча капиталды тартуу боюнча негизделген планды даярдоого тийиш. Бул план директорлор кеңеши тарабынан жактырылып, дайыма жаңыланып турууга тийиш. 

 

15.5.1. Төлөм системасынын кошумча капиталды тартуу боюнча планы иштелип чыкканбы? Төлөм системасынын кошумча капиталды тартуу боюнча планынын, эгерде анын өздүк капиталы белгиленген чекке жакындаган же андан төмөн болгон учурда негизги мүнөздөмөсү кандай? 

 

 

 

15.5.2. Кошумча капиталды тартуу боюнча план канча убакытта бир жолу кайра каралып, жаңыланып турат? 

 

 

 

15.5.3. Төлөм системасынын директорлор кеңешинин (же ушул сыяктуу органынын) кошумча капиталды тартуу боюнча планын кайра кароого алууда жана аны бекитүүдө ролу? 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

16-принцип. Депозитардык жана инвестициялык тобокелдиктер.  

Финансы рыногунун инфраструктурасы өзүнүн жеке активдерин жана өз катышуучуларынын активдерин коргоого, жоготуулар тобокелдигин жана бул активдерге пайдалануу мүмкүндүгүнүн кечиктирилишин минималдаштырууга тийиш. Финансы рыногунун инфраструктурасы минималдуу кредиттик жана рыноктук тобокелдиктер жана ликвиддүүлүк тобокелдиги менен айырмаланган инструменттерге инвестициялоого тийиш

Баа берилүүчү негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

16.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы өзүнүн жеке активдерин жана өз катышуучуларынын активдерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу объектилеринен болуп саналган жана эсепке алуунун ишенимдүү ыкмаларына, коопсуз сактоо жол-жоболоруна жана ушул активдердин толук коргоого алынышын камсыз кылуучу ички контролдоо системасына ээ болгон уюмдарда сактоого тийиш. 

 

16.1.1. Эгерде төлөм системасы депозитарийлердин кызматтарынан пайдаланса, төлөм системасы аларды кандай негизде тандап алат? Төлөм системасынын тандоонун колдонулуучу өзгөчө критерийлери кандай, анын ичинде ушул уюмдар көзөмөл жана жөнгө салуу предметинен болуп саналабы? Төлөм системасы депозитарийлердин ушул критерийлерге ылайык келишине мониторингди кандай негизде жүргүзөт? 

 

 

 

16.1.2. Төлөм системасы кандай негизде текшерүүгө алат, ушул уюмдардын эсептик тажрыйбасы, коопсуз сактоо жол-жоболору жана катышуучулардын активдеринин толук коргоого алынышын камсыз кылуучу ички контролдоо системасы барбы? 

 

 

16.2-негизги түшүнүк.  

Зарыл болгон шартта төлөм системасы өз активдерине жана ага катышуучулар тарабынан берилген активдерге дароо кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

 

16.2.1. Төлөм системасы жооптуу сактоодо турган активдерге анын укуктарын же ээлик кылуучунун укуктарын мажбурлап аткарылышын камсыз кылуу үчүн ишенимдүү укуктук негиз бар экендигин кандай негизде аныктайт? 

 

 

 

16.2.2. Катышуучу дефолт болгон учурда, төлөм системасы башка саат алкагында же юрисдикцияда жайгашкан депозитарийде сакталуучу баалуу кагаздарды кошо алганда, өз активдерине дароо кирүү мүмкүнчүлүгүн кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

16.3-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы алардын бири-бири менен өз ара байланышынын толук түрүн эске алуу менен анын банк-депозитарийлерине карата баа берүүнү жүргүзүүсү жана өз тобокелдиктерин түшүнө билүүсү зарыл. 

 

16.3.1. Төлөм системасы анын банк-депозитарийлери менен байланышкан тобокелдиктерге кандай негизде баа берет жана түшүнө билет? Бул тобокелдиктерди тескөөдө ал алардын ар биринин өз ара байланышын кандай негизде эсепке алат? Мисалы, төлөм системасы өзүнчө депозитарий тарабынан түзүлүүчү тобокелдикти диверсификациялоо максатында активдерди коопсуз сактоо үчүн бир нече депозитарийлердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалана алабы? Төлөм системасы анын банк-депозитарийлери менен байланышкан тобокелдиктердин концентрацияланышына кандай негизде мониторинг жүргүзөт? 

 

 

16.4-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы инвестициялык стратегиясы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы стратегиясына ылайык келүүгө жана анын катышуучуларына толугу менен ачып көрсөтүлүүгө тийиш, мында инвестициялар талаптар менен камсыз болуусу же жогорку ишенимдүү карыз алуучуга карата талаптардан болуусу зарыл. Төлөм системасынын инвестициялары баалар үчүн олуттуу делген эмес терс кесепеттер орун алган же мындай кесепеттер орун албаган учурда тез арада жоюу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. 

Инвестициялык стратегия 

 

16.4.1. Төлөм системасы, анын инвестициялык стратегиясы тобокелдиктерди тескөөнүн жалпы стратегиясы менен макулдашылышын кандай негизде камсыз кылат? Төлөм системасы өз инвестициялык стратегиясын кандай негизде жана кимге ачып көрсөтөт? 

 

 

 

16.4.2. Төлөм системасы, анын инвестициялары жогорку ишенимдүү карыз алуучуларга карата талаптар менен туруктуу негизде камсыздалышын же ушул талаптардан тургандыгын кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

Инвестициялардын тобокелдик боюнча мүнөздөмөлөрү 

 

16.4.3. Төлөм системасы инвестиция объекттерин тандоодо карызгерлер менен байланышкан жалпы тобокелдиктерди кандай негизде эске алат? Кайсы инвестицияларга карата кредиттик тобокелдиктин концентрацияланышына жол бербөө үчүн лимиттер коюлган? 

 

 

 

16.4.4. Төлөм системасы катышуучулардын активдерин алардын өздүк баалуу кагаздарына же анын аффилирленген жактардын активдерине инвестициялап жатабы? 

 

 

 

16.4.5. Төлөм системасы анын инвестициялары баасын бир аз түшүүсү (ал болгон шартта) менен тез арада жоюуга жол берилишин кандай негизде камсыз кылат? 

 

 

 

Жыйынтыктоочу баа: 

 

 

Түшүндүрмөлөр/сунуш-көрсөтмөлөр: 

17-принцип. Операциялык тобокелдик. 

Финансы рыногунун инфраструктурасы мүмкүн болуучу ички сыяктуу эле, тышкы операциялык тобокелдиктеринин булактарын аныктоого жана талаптагыдай системаларды, принциптерди, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын пайдалануунун эсебинен алардын таасирин начарлатууга тийиш. Системалар коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана операциялык ишенимдүүлүктү камсыз кылууга жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Иш үзгүлтүксүздүгүн башкаруу операцияларды өз убагында калыбына келтирүүгө жана төлөм системасынын милдеттерин, анын ичинде ишинде кеңири масштабдуу же олуттуу бузуулар орун алган учурда аткарууга тийиш. 

 

Болжолдонгон негизги түшүнүктөр: 

төлөм системасынын операторунун баа берүүсү 

Улуттук банктын баа берүүсү 

17.1-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасы операциялык тобокелдикти аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана тескөө үчүн тиешелүү системаларды, принциптерди, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын пайдалануу менен операциялык тобокелдикти тескөөнүн ишенимдүү түзүмүн түзүүгө тийиш. 

Операциялык тобокелдикти аныктоо 

 

17.1.1. Төлөм системасынын операциялык тобокелдиктердин мүмкүн болгон булактарын аныктоо боюнча саясаттары жана процесстери? Бул процесстер операциялык тобокелдиктин мүмкүн болгон тобокелдиктерин аныктоого, ушул тобокелдиктер ички факторлордон (мисалы, адам ресурстарын кошо алганда, ошол системанын механизмдеринен), төлөм системасынын катышуучулары тарабынан же тышкы факторлордон улам келип чыккандыгына карабастан кандай негизде өбөлгө түзөт? 

 

 

 

17.1.2. Төлөм системасы операциялык тобокелдиктердин кайсы булактарын аныктаган? Төлөм системасы өз операциялык ишинде кандай орчундуу операцияларды аныктаган? 

 

 

Операциялык тобокелдикти тескөө 

 

17.1.3. Төлөм системасы аныкталган операциялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзөт жана аны тескөөгө алат? Кайсы документтерде аталган системалар, саясаттар, жол-жоболор жана контролдоо ыкмалары камтылган? 

 

 

Саясаттар, процесстер жана контролдоо ыкмалары 

 

17.1.4. Төлөм системасы операциялык жол-жоболордун тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында, контролдуктун кандай саясатын, процесстерин жана каражаттарын колдонот? Төлөм системасы тарабынан колдонулган контролдуктун саясаты, процесстери жана каражаттары операциялык тобокелдиктерди тескөөнүн эл аралык, улуттук жана тармактык башкаруу стандарттарын кандайча эске алат? 

 

 

 

17.1.5. Төлөм системасы тарабынан кадрларды башкаруу боюнча ишке ашырылган саясат ишке кабыл алуу, кесиптик даярдыкты жана квалификациялуу персоналды иште кармап калуу боюнча ишти кандайча аныктайт, ошондой эле ушул эле саясат кадрлардын иштен улам-улам бошоп кетүүсүнүн жана маанилүү кызмат орундарын ээлеген адамдар менен байланыштуу тобокелдиктердин жогорку деңгээлдеги кесепеттерин кандайча жеңилдетет? Төлөм системасынын кадрларды жана тобокелдиктерди тескөө боюнча саясаты алдамчылыкка бөгөт коюуну кандайча жөнгө салат? 

 

 

 

17.1.6. Төлөм системасы тарабынан колдонулган өзгөрүүлөрдү жана долбоорлорду башкаруу саясаты жана процесстер системанын үзгүлтүксүз иштешине ири долбоорлордун жана өзгөрүүлөрдүн терс таасир этүү тобокелдигин кандайча жеңилдетет? 

 

 

17.2-негизги түшүнүк.  

Төлөм системасынын директорлор кеңеши операциялык тобокелдикти тескөө боюнча ролдорду жана милдеттерди так аныктоого жана анын түзүмүн бекитүүгө тийиш. Системалар, операциялык принциптер, контролдуктун жол-жоболору жана каражаттары текшерилүүгө, аларга аудит жүргүзүлүүгө, мезгил-мезгили менен тесттен өтүп туруусу сыяктуу эле, олуттуу өзгөрүүлөрдөн кийин да тесттен өткөрүлүүгө тийиш. 

Ролдор, милдеттер жана модель 

 

17.2.1. Директорлор кеңеши операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча негизги ролду жана милдеттерди кандайча аныктайт? 

 

 

 

17.2.2. Төлөм системасынын директорлор кеңеши операциялык тобокелдикти тескөө системасын ачык түрдө кайра карап чыгабы жана аны бекитеби? Ушул эле кеңеш операциялык тобокелдикти тескөө түзүмүн канча убакытта бир кайра карап чыгат жана бекитет? 

 

 

Кайра карап чыгуу, аудит жана тестирлөө 

 

17.2.3. Төлөм системасы катышуучулардын операциялык тобокелдиктерин тескөө механизмдерин кошо алганда, контролдук системасын, саясатын, жол-жоболорун жана ыкмаларын кандайча карап чыгат, тесттен өткөрөт? Төлөм системасы катышуучуларга кайра карап чыгууларды, аудитти жана тесттерди канча убакытта бир өткөрөт? 

 

 

 

17.2.4. Төлөм системасынын операциялык тобокелдиктерди тескөө системасы зарылчылыгына жараша тышкы аудиторлор тарабынан канчалык деңгээлде текшерүүдөн өтүүгө тийиш? 

 

 

17.3-негизги түш