Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 

18-январында каттоодон өткөн. Каттоо номери 8-06 

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2005-жылдын 15-декабрындагы 

N 37/8 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасында майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банкынын Башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы N 25/12, 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/6, 2009-жылдын 29-апрели N 23/5, 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/8, 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС)  токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Бул Нускоо Кыргыз Республикасынын аймагында майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын (мындан ары система) иштешинин негизги түшүнүктөрүн жана эрежелерин аныктайт. 

1.3. Бул Жобо нак эмес түрдөгү майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдү өткөрүүдө юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таркатылат. 

1.4. Система катышуучулардын акыркы эсептешүүлөрдү ылдам өткөрүүнү талап кылбаган майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрүн иргөө үчүн багытталган. 

2. Терминдер жана аныктамалар 

Бул Жободо төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 

Жөнөтүүчү банк - системанын системага төлөм документин же билдирүүнү демилгелөөчү катышуучусу. 

Алуучу банк - системанын системадан төлөм документин же билдирүүнү алуучу катышуучусу. 

Кайтарым төлөм - акыркы эсептешүү өткөрүлгөндөн кийин анын корреспонденттик/күндөлүк эсебине катачылык менен чегерилген суммалар боюнча, төлөмдөрүн алуучу банк тарабынан кайтарылуучу төлөмү

Клиринг - системанын катышуучуларынын төлөмдөрүн жыйноо, иргөө, тастыктоо жана өзара көп тараптуу таза позицияларды эсептөө процессин. 

Клирингдик сессия - системада белгиленген мезгил аралыгы, анын ичинде клиринг жүзөгө шырылат. Клирингдик сессия системанын катышуучуларынын таза позициялары боюнча акыркы эсептешүүлөр менен аяктайт. 

Клирингдик күн - системада белгиленген мезгил аралыгы, анын ичинде клиринг жүзөгө ашырылат. Клирингдик күн бир же андан көп клирингдик сессиядан турат. 

Төлөөчү кардар - банктын кардары, анын акча каражаттарынын эсебинен эсептешүүлөр жүзөгө ашырылат. 

Алуучу кардар - банктын кардары, эсептешүүлөрдүн натыйжасында акча каражаттары анын пайдасына келип түшөт. 

Артыкчылык берүү коду - клирингде төлөм документтерин иргөөнүн кезектүүлүгүн аныктоочу код. Артыкчылык берүү коду төлөмдү жөнөтүүчүнүн төлөм документине ыйгарылат. 

Кредиттик төлөм - төлөөчүнүн акча каражаттарын төлөөчүнүн эсебинен алуу жана аларды алуучунун эсебинен чегерүү жөнүндө тапшырмасы боюнча банк тарабынан жүзөгө ашырылуучу төлөм. 

Мониторинг - төлөмдөрдү өткөрүү процессине көз салуу жана тобокелдиктерди системада чектөө жана жоюу максатында аларды тескөө

Акыркы эсептешүү - финансы-кредит уюмдардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) ачылган эсептери боюнча, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу өткөрүлүүчү эсеби. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылбаган болуп саналат. 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Пакет - бир алуучу банкка бир тип, төлөмдөрдүн эсептешүү датасы боюнча топтоштурулуп жана электрондук түрдө түзүлүп жөнөтүлүүчү төлөмдөрдүн же билдирүүлөрдүн жыйындысы. 

Төлөм - нак акча каражаттарын пайдалануу менен акча мидеттенмелерин аткаруу же төлөөчүнүн мыйзамдар тарабынан белгиленген формада нак эмес акча каражаттарын которуу процесси. 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөм - бирдиктүү банктар аралык процессингдик борбордо иргөөдөн кийин катышуучулардан системага келип түшүүчү төлөм. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөм товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө, ошондой эле банкоматтар жана терминалдар аркылуу нак акча каражаттарын алууда жүзөгө ашырылат. 

Төлөм документи - мыйзамдарга ылайык белгиленген формада, юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан таризделген жана анын негизинде төлөмдөр жүргүзүлүүчү документ. 

Системанын персоналы - клирингдик борбордун системаны тейлөөнү, колдоону жана иштешин камсыз кылуучу адистери. 

Преавторизация (алдынала акцепт) - кардардын банкка белгилүү бир убакыттын ичинде жана (же) белгилүү сумманын чегинде аталган алуучудан акча каражаттарын төлөөгө карата эсептерди алууда өзүнүн эсептешүү/утурумдук эсептерин дебеттөөгө алдынала уруксат берүүсү

Процессингдик борбор - өткөрүлгөн транзакциялар боюнча маалыматтарды жыйноону, иргөөнү жана эмитентке, эквайерге жана эсептешүү агентине жөнөтүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана же структуралык бөлүм. 

Тике дебеттөө - эсептешүүнү жүзөгө ашыруучу форма, анда катышуучу белгилүү убакыттын ичинде жана (же) белгилүү сумманын чегинде аракеттенүүчү преавторизациянын негизинде кардардын эсебин дебеттөөнү жана алуучуга төлөмдү берүүнү жүзөгө ашырат. 

Эсептешүү - берилген төлөм документтерине ылайыкакча каражаттарын төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен алуу жана алуучунун эсептешүү эсебинен чегерүү. Эсептешүү төлөмдүн аякташы болуп саналат. 

Чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөр - шашылыш эмес жана/же дайыма болуучу орто жана майда суммалардагы төлөмдөр. 

Майда чекене жана дайыма өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн пакетик клирингдик системасы - төлөм системасынын акыркы эсептешүүнү жүзөгө ашыруу үчүн катышуучулардын көп тараптуу таза позицияларын аныктоо механизмдерин кошо алганда, алардын жардамы менен системанын катышуучулары клирингдик борбор аркылуу өздөрүнүн төлөмдөрүнө караштуу маалыматтарды же документтерди бере, ала турган технологиялардын, эрежелердин, жол-жоболордун жаан инструменттердин жыйындысын билдирүүчү компоненти. 

Билдирүү - системадагы сурамдар, жооптор жана тастыктоолор жөнүндө электрондук маалымат. 

Электрондук билдирүү - электрондук түрдө берилген маалымат, компьютердик системаларда, компьютердик коммункацияларды жана алар менен байланыштуу болгон электр жабдууларында аны менен операциялар жүргүзүлөт. 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС)токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Таза позиция - системанын катышуучуларынын белгилүү бир убакытка чейин бардык башка катышуучулардан ал тарабынан ушул эле убакытка чейин бардык башка катышуучуларга жөнөтүлгөн анын которууларынын бардык суммаларын эске албоо менен алынган бардык которууларынын суммасы. Эгерде, айырма оң болсо, катышуучу таза кредиттик позицияда болот, ал эми айырма терс болсо катышуучу таза дебеттик позицияда болот. Таза кредититк же дебеттик позиция клирингдик сессия аяктары менен жыйынтык таза позиция болуп аталат. 

«Бардыгы же эч нерсе» принциби - системанын катышуучуларынын чекене төлөм системаларында эсептелген таза позицияларынын акыркы эсептөөсүндө колдонулат. Эгерде системанын катышуучуларынын кеминде бирөөсүндө өзүнүн таза дебеттик позициясы үчүн төлөөгө жетиштүү каражат жок болсо, анда система толугу менен эсептешилгенге чейин бардык катышуучулар үчүн таза позициялардын акыркы эсебин жүргүзбөйт. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы N 25/12, 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Системанын максаты жана милдеттери 

3.1. Системанын максаты болуп катышуучулар ортосунда төлөм документтерин ишенимдүү, коопсуз, майнаптуу алмаштыруу жана системада төлөмдөрдү өткөрүү процессинде финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү саналат. 

3.2. Системанын негизги милдеттери болуп, төлөмдөрдү жана билдирүүлөрдү жыйноо, түзүү, иргөө жана акыркы эсептешүүнү өткөрүү үчүн системанын катышуучуларынын көптараптуу таза позицияларын аныктоо саналат. 

4. Системанын архитектурасы 

4.1. Системанын архитектурасы борбордук түйүндөн, катышуучлардын автоматташтырылган иш ордунан жана коммункациялык сеттен турат. 

4.2. Борбордук түйүн төлөм документтерин жана билдирүүлөрдү борбордоштурулган жыйноо жана иргөө, төлөмдөрдүн жана билдирүүлөрдүн чыгыш пакеттерин түзүү жана берүү, системанын катышуучуларынын жыйынтык көптараптуу таза позицияларын эсептөө жана аларды акыркы эсептешүүлөрдү өткөрүү үчүн айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы берүү боюнча функцияларды клирингдик борбор тарабынан жүзөгө ашыруу үчүн багытталган аппараттык-программалык комплексти билдирет. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.3. Катышуучулардын автоматташтырылган иш орду катышуучулар тарабынан төлөм документтеринин жана билдирүүлөрдүн пакеттерин алуу, системага даярдоо жана берүү жана мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн багытталган аппараттык-программалык комплекси. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.4. Коммуникациялык сети борбордук түйүн менен катышуучулардын автоматташтырылган иш ордунун ортосундагы өзара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн багытталган аппараттык-программалык комплексти билдирет. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын  2009-жылдын 29-апрели N 23/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Клирингдик борбор 

5.1. Улуттук банк тарабынан белгиленген эрежелер жана жол-жоболорго ылайык, системанын катышуучуларынын ортосунда клирингди жүзөгө ашыруу боюнча оператордун кызматын көрсөтүүчү уюм болуп Клирингдик борбор саналат. 

5.2. Улуттук банк же Улуттук банктын лицензиясынын жана ченемдик укуктук актылардын негизинде иш алып барган, Улуттук банктын чечими менен акционердик коом түрүндө түзүлгөн юридикалык жак клирингдик борбору болушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Клирингдик борбор системанын иштешин камсыз кылат жана катышуучуларга клирингди жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтөт. 

6. Системанын катышуучулары 

6.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6.2. Системанын тике катышуучулары болуп Улуттук банкта ачылган корреспонденттик/күндөлүк эсепке жана система менен тике биригүүгө клирингдик борбор менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн ээ катышуучу саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3. Системанын тике эмес катышуучулары болуп, Улуттук банкта ачылган корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ, бирок система менер тике бирикпеген катышуучу саналат. Тике эмес катышуучу системанын тике катышуучуларынын биринин биригүүсүн пайдалана алат. 

6.4. Системанын субкатышуучусу болуп, Улуттук банкта ачылган корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ болбогон катышуучу саналат. Субкатышуучу системада тике катышуучу аркылуу идентификацияланат. Субкатышуучу клиринг борбору менен келишим боюнча система менен тике бириге алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.5. Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ болбогон, бирок клиринг борборуна түздөн-түз туташуу менен системанын билдирүүлөрүн кабыл алуу/жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, клиринг борбору менен системага катышуу келишимин түзгөн катышуучу системанын атайы катышуучусу болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.6. Тике катышуучу электрондук документтерди түзүү жана клиринг борборуна берүү боюнча милдеттерди аткарат, системада төлөмдөрдүн өткөрүлүшүнө мониторингди жана контролдукту жүзөгө ашырат жана өзүнүн корреспонденттик/күндөлүк эсебинде акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон ликвиддүүлүктү камсыз кылат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/6, 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.7. Системага катышуу жөнүндө келишимди бузуу, системанын катышуучусунун статусунан ажыратууга алып келет, андан кийин катышуучу системадан чыгарылат. Улуттук банктын баалоосу боюнча финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон катышуучу, клирингдик борбордун тиешелүү буйругу менен келишимди бузбастан, банктар аралык төлөм системасына катышуу укугунан убактылуу ажыратылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/6, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Системаны иштетүүнүн негизги эрежелери 

7.1. Системада төлөмдөрдүн төмөндөгүдөй түрлөрү иргелет: 

- кредиттик төлөмдөр; 

- эсептешүүнүн келечек датасы менен кредиттик төлөмдөр; 

- тике дебеттөө

- эсептешүүнүн келечек датасы менен тике дебеттөө

- банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөр; 

- кайтарым төлөмдөрү

7.2. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөр калган төлөмдөргө каратч алганда, акыркы эсептешүүлөрдү өткөрүүгө карата эң жогорку артыкчылык берүүлөргө ээ. 

7.3. Системада төлөмдөрдү иргөө боюнча төмөндөгүдөй даталар аныкталган:  

- түзүү датасы - алгачкы документте төлөмдү жөнөтүүчү кардар же алуучу тарабынан көрсөтүлгөн дата;  

- берүү датасы - дата төлөмдөр системага келип түшөрү менен аларга ыйгарылган дата. Кредиттик төлөмдөр үчүн берүү датасы аларды таза позициялардын эсебине камтуу датасы болуп саналат;  

- ирге датасы - таза позициялардын эсебине тике дебеттөө боюнча төлөмдөрдү камтуу датасы;  

- эсептешүү датасы - ошол датада акыркы эсептешүү жүргүзүлүшү мүмкүн болгон дата. Эсептешүү датасы жөнөтүүчү тарабынан кредиттик төлөмдөрдө көрсөтүлөт, тике дебеттөө боюнча төлөмдөрдө эсептешүү датасы алардын системага келип түшүүсү менен автоматтуу түрдө ыйгарылат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.4. Системанын катышуучуларынын ортосунда төлөм документтерин алмаштыруу клиринг борбору аркылуу жүзөгө ашырылат. 

7.5. Системага берилген төлөм документтери же билдирүү пакетке бириктирилет. Пакет системада Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген форматтарга ылайык түзүлөт. Пакетке электрондук санариптик колтамга коюлат, бул аталган пакетте берилген бардык төлөмдөрдү же билдирүүлөрдү тастыктайт. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.6. Төлөм документтеринин жана билдирүүлөрдүн пакеттерин кабыл алуу клирингдик сессиянын/күндүн ичинде гана жүргүзүлөт. Системада клирингдик күндүн ичинде бирнече клирингдик сессияларды өткөрүү белгилениши мүмкүн.  

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

7.7. Система системанын катышуучуларына алардан алынган бардык төлөм документтери жана билдирүүлөр боюнча тастыктоолорду түзөт жана берет. Тастыктамаларга электрондук колтамгалар коюлат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.8. Эсептешүүлөрдүн келечек датасы менен төлөмдөр система тарабынан эсептешүүлөрдү өткөрүүгө чейин бештен көп болбогон күндө кабыл алынат. 

7.9. 7.9. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеген төлөмдөр система тарабынан четке кагылат жана иргөөгө кабыл алынбайт. Системада бүтүндөй пакет же бир өзүнчө төлөм четке кагылышы мүмкүн. Бардык четке кагылган төлөмдөр система тарабынан белгиленет жана баш тартуунун себептеринин кодун көрсөтүү менен катышуучуларга берилет.  

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.10. Төлөм документтеринин пакеттери алуучуларга ушул система үчүн Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген системада төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелеринде жана тартибинде аныкталган мөөнөттө өткөрүлүп берилет. Эгерде туура эмес төлөм табылса, анда алуучу андан баш тартып, Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн мөөнөттө кайра жөнөтүүчүгө өткөрүп бере алат. Баш тартуу төлөмдөрү алуучу тарабынан системага жаңы төлөм документтери катары которулат, ага кошумча жөнөтүүчүнүн туура эмес төлөө документин аныктаган бардык реквизиттер камтылган. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.11. Жөнөтүүчү ага мурда жөнөтүлгөн төлөмдү системага аны жокко чыгаруу жөнүндө буйрууну берүү жолу менен кайтарып алышы мүмкүн. Төлөм документтерин жокко чыгаруу же кайтарып алуу жөнүндө буйрууну кабыл алуу, Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актылары тарабынан бул система боюнча белгиленген эрежелеринде жана тартиптеринде аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.12. Клирингдик сессиянын/күндүн ичинде учурдагы көп тараптуу таза позициялардын эсеби жүзөгө ашырылат. Системанын катышуучусунун учурдагы көптараптуу таза дебеттик позициясы эсептешүү датасына карата системада белгиленген лимиттен ашпоого тийиш. Катышуучу тарабынан ал үчүн белгиленген лимиттен ашырылган учурда, анын эсебине дебеттелүүчү төлөмдөр таза позициялардын эсебине камтылбайт жана системада таза дебеттик позицияны жөнгө салууга чейин лимиттин чегинде сакталат. 

7.13. Системада мезгил аралыгы белгиленет, анын ичинде учурдагы клирингдик сессиянын/күндүн ичинде катышуучулардын жыйынтык таза позицияларын эсептөө жүргүзүлөт. Жыйынтык таза позициялар эсептешүүнүн учурдагы датасына барабар болгон дата менен бардык төлөмдөр боюнча эсептелинет. Катышуучу тарабынак дебеттик таза позициясынын лимити ашып кеткенде, бул лимиттен таркан төлөмдөр дебеттик таза позициясынын эсебине камтылбайт жана кийинки клирингдик сессияда иргелет. Клирингдк күндүн акырында бул лимиттен арткан төлөмдөр система тарабынан катышуучуга кабарлоо менен четке кагылат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/6  токтомунун редакциясына ылайык) 

7.14. Жыйынтык таза позициялар айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн өткөрүлүп, «бардыгы же эч нерсе» принциби боюнча системада иштелип чыгат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.15. Алуучу туура эмес документтер алынган учурда акыркы эсептешүүдөн кийин кайтарым төлөмдөрдү түзөт жара аны кийинки клирингдк күндөн кечиктирбестен системага берет. Кайтарым төлөмдөр алуучу тарабынан системага жөнөтүүчүгө туура эмес төлөм документтерин идентификациялоочу кошумча бардык реквизиттерди камтуучу жаңы төлөм документтери катары берилет.  

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.16. Клирингдик сессиянын/күндүн аякташы менен очтеттор түзүлөт жана системанын катышуучларына берилет. 

7.17. Төлөөчү кардар үчүн төлөм тастыктама жана/же аны аткарууга кабыл алынгандыгы жана анын эсебин дебеттөө жөнүндө белгиси менен төлөм документинин нускасы алынган учурдан тартып кайтарылгыс жана айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына таза позициялар боюнча акыркы эсептешүүлөр өткөрүлүп, жөнөтүүчүнүн корреспонденттик/күндөлүк эсебин дебеттөөдөн кийин акыркы болуп саналат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.18. Алуучу үчүн төлөмдөр ал боюнча жыйынтык таза позициясын эсептөө мезгили келип жеткенден кийин кайтарылбаган жана айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында таза позиция боюнча акыркы эсептешүүнү өткөрүүдөн жана аны корреспонденттик/күндөлүк эсепте дебеттөөдөн кийин акыркы болуп саналат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.19. Алуучу үчүн төлөмдөр акыркы төлөмдү өткөрүүдөн жана аны корреспонденттик эсепте кредиттөөдөн кийин кайтарылбай турган болуп саналат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.20. Алуучу кардар үчүн төлөмдөр алуучу тарабынан алуучу кардардын эсебин кредиттөө учурунда кайтарылбай турган жана акыркы болуп саналат. Алуучу алуучу кардардын эсебинен айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында акыркы эсептешүүнү өткрүүдөн кийин гана кредиттейт. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.21. Системада төлөм документтерин жана билдрүүлөрдү түзүүнүн, кабыл алуунун, иргөөнүн тартиби, катышуучуларга тастыктамаларды жана жооп билдирүүлөрдү берүү системанын ишинин регламенти системада төлөмдөрдү өткөрүүдө Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актылары тарабынан бул система боюнча белгиленген эрежелеринде жана тартиптеринде аныкталат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын  2009-жылдын 29-апрели N 23/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Клиринг борборунун жана системанын катышуучуларынын жоопкерчилиги 

8.1. Клиринг борбору системанын үзгүлтүксүз иштеши, системада төлөмдөрдү убагында иргөө, бүтүндүктү, коопсуздукту жана маалыматтардын купуялыгын камсыз кылуу үчүн жоопкерчлиликтүү болот. 

8.2. Клиринг борбору баа түзүүнүн жана төлөм кызматтарына тарифтерди белгилөөнүн Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан саясатына ылайык, системада төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди белгилейт. 

8.3. Системаны тейлөө боюнча бардык кички эрежелер жана жол-жоболор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык клиринг борбору тарабынан иштелип чыгат жана системанын катышуучулары менен макулдашылат. 

8.4. Системанын катышуучусу корреспонденттик/күндөлүк эсепте жыйынтык таза позицияны жабуу үчүн зарыл болгон жетиштүү ликвиддүүлүктү камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

8.5. Системанын катышуучусу берилүүчү төлөм документтеринин жана билдирүүлөрдүн тактыгы, коопсуздук шарттарын жана купуялуулукту сактоо, электрондук колтамганы пайдалануунун эрежелерин, системадагы иштердин Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген регламенттерин жана тартиптерин сактоо үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8.6. Системанын катышуучусу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында бекитилген тарифтерге ылайык клиринг кызматтары үчүн өз убагында төлөөнү камсыз кылат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8.7. (КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

8.8. (КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

8.9. Клиринг борборунун, катышуучулардын жана алардын кардарларынын ортосундагы өзара мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү келишимдери жана мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат. 

9. Системада тобокелдиктерди тескөөнүн ыкмалары 

9.1. Системада финансылык тобокелдиктерди минимизациялоо максатында катышуучулардын бир өзүнчө төлөмунө жана таза дебеттик позициясына карата максималдуу суммага лимиттер белгиленет. 

9.2.Системадагы бир төлөмдүн максималдуу суммасына лимит 1,0 миллион сом өлчөмүндө белгиленет. Лимит системада бир төлөмдүн чектүү суммасына баа берүүнүн негизинде аныкталат, ал финансылык тобокелдиктин келип чыгышынын себеби болуп калышы мүмкүн. Өлчөмү 1,0 млн. сомдон ашкан төлөмдөр ири төлөм болуп саналат жана айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында иштелип чыгат. Лимиттин аракети атайын катышуучулардын эки тараптуу таза позициялары түрүндө системага келип түшкөн, алардын төлөмдөрүнө таркатылбайт. 

9.3. Система катышуучулардын таза дебеттик позициясына эки түрдөгү лимитти белгилейт: 

Дебеттик таза позицияга эсептөө лимити (мындан ары - эсептөө лимити) клиринг сессиясы ачылгандан кийин күн сайын катышуучунун дебеттик таза позициясы үчүн мурунку чейректеги статистикалык маалыматтардын негизинде эсептелген максималдуу акча резервинин өлчөмүндө белгиленет. 

Дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын резерви (мындан ары резерв) - катышуучу тарабынан күн сайын өз корреспонденттик/ күндөлүк эсебиндеги, пакеттик клиринг системасында клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча дебеттик таза позицияны жыйынтыктап эсептөө үчүн зарыл болгон каражаттардын бөлүгүн резервге коюу аркылуу белгиленет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 10-декабрындагы N 45/6, 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

9.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

9.6. Катышуучулар ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен акыркы эсептешүүлөрдү аяктоо учуруна өздөрүнүн корреспонденттик/күндөлүк эсептериндеги тиешелүү болгон ликвиддүүлүктү камсыз кылат. 

9.7. Улуттук банк проблемалуу финансы-кредиттик уюмдарды системага катыштыруудан системанын катышуучуларынын абалына мезгил-мезгили менен баа берүүнү жүргүзүүнүн негизинде, тиешелүү буйрууларды кабыл алуу жолу менен четтете же убактылуу токтото алат. Мындай катышуучларды жок кылуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун жол-жоболору, ошондой эле системанын финансылык-кыйынчылыктарды баштарынан кечирип жатышкан катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн жол-жоболору Улуттук банктын өзүнчө ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.  

(КР Улуттук банкынын башкармасынын 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

9.8. Операциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана системанын үзгүлтүксүз иштешип камсыз кылуу максатында, негизги клиринг борборунун иши резервдик борборго да көчүрүлөт. Негизги борбордун иши (энергия менен жабдуу, аппараттар, байланыш каналдары менен камсыз кылуу ж.б.у.с.) үзгүлтүккө учураган шартта, системанын иши зарылчылыкка жараша резервдик борборго которулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9.9. Клирингдик борбор менен катышуучулардын автоматташтырылган иш ордуларынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн системада байланыштын бөлүнгөн каналы жана аларга тиешелүү болгон резервдик каналдар аркылуу бириктирүү каралган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9.10. Санкцияланбаган мүмкүндүктөн коргонуу үчүн маалыматтарды берүүнүн каналдарын шифрлөө, системанын катышуучуларын жана персоналдарын авторизация жана аутентификациялоо колдонулат. Берилүүчү маалыматтардын тактыгы жана бүтүндүгү электрондук колтамгаларды колдонуу менен камсыз болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9.11. Жоготуу коркунучу же аларды түгөйлөө учурунда системада маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн катышуучулардын системада өткөрүлгөн бардык операцияларын резервдик көчүрмөлөө жана архивдөө пайдаланылат. 

(КР Улуттук банкынын башкармасынын  2009-жылдын 29-апрели N 23/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө жобого карата 

1-тиркеме 

  

(Тиркеме КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-19/24-8-(НПА), 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 2021-П-14/64-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)