Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын 1-декабрындагы 

№ 2021-П-14/66-2-(ПС) 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

 

 

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм  

уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу  

ЭСЕПТЕР ПЛАНЫ 

 

1000 «Жүгүртүү активдери» бөлүмү 

1100 «Кассадагы акча каражаттары» 

1110 «Улуттук валютадагы акча каражаттары» 

1120 «Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары» 

1130 «Акча документтери» 

1160 «Төлөм уюмдарынын терминалдарындагы акча каражаттары» 

1200 «Банктагы акча каражаттары» 

1210 «Улуттук валютадагы эсептер» 

1220 «Жергиликтүү банктардагы чет өлкө валютасындагы эсептер» 

1230 «Чет өлкө банктарындагы эсептер» 

1240 «Банктардагы пайдаланууга чектөө коюлган акча каражаттары» 

1250 «Жолдогу акча каражаттары» 

1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

1330 «Берилген карыздар» 

1340 «Улуттук валютадагы депозиттик аманаттар» 

1360 «Чет өлкө валютасындагы депозиттик аманаттар» 

1370 «Туунду компанияларга кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

1390 «Башка кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

1400 «Алууга каралган эсептер» 

1410 «Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» 

1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарга резерв» 

1500 «Башка операциялар боюнча дебитордук карыздар» 

1520 «Кызматкерлердин жана директорлордун дебитордук карыздары» 

1530 «Аванс менен төлөнгөн салыктар» 

1540 «Орду толтурулуучу салыктар» 

1550 «Алууга каралган пайыздар» 

1560 «Алууга каралган дивиденддер» 

1570 «Агенттердин дебитордук карызы» 

1580 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздын учурдагы бөлүгү» 

1590 «Башка дебитордук карыз» 

1600 «Товардык-материалдык запастар» 

1610 «Товарлар» 

1691 «Сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» 

1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары» 

1630 «Бүткөрүлө элек өндүрүш» 

1640 «Даяр продукция» 

1700 «Кошумча материалдар запастары» 

1710 «Күйүүчү май» 

1720 «Запастык бөлүктөр» 

1740 «Башка материалдар» 

1750 «Баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар» 

1795 «Колдонуудагы баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар» 

1800 «Берилген аванстар» 

1810 «Аванс менен төлөнгөн запастар» 

1820 «Аванс менен төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр» 

1830 «Аванс менен төлөнгөн ижара» 

1840 «Товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга алдын ала төлөөлөр» 

1890 «Авансталган төлөмдөрдүн башка түрлөрү» 

1900 «Акционердик коом формасында түзүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын уставдык капиталга салымы боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» 

1920 «Экинчи жана андан кийинки эмиссиядагы акцияларга кол коюшкан жактардын карызы»  

1930 «Субъект тарабынан сатылып алынган өздүк акциялардын сатылышы учурунда келип чыккан сатып алуучулардын карызы» 

 

2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер» бөлүмү 

2100 «Негизги каражаттар» 

2110 «Жер» 

2120 «Ижарага алынган негизги каражаттарды пайдалануу укугу» 

2192 «Топтолгон амортизация Ижарага алынган негизги каражаттарды пайдалануу укугу» 

2130 «Имараттар, курулмалар» 

2193 «Топтолгон амортизация имараттар, курулмалар» 

2140 «Жабдуулар» 

2194 «Топтолгон амортизация жабдуулар» 

2150 «Кеңсе жабдуулары» 

2195 «Топтолгон амортизация кеңсе жабдуулары» 

2160 «Эмерек жана ага тиешелүү буюмдар» 

2196 «Топтолгон амортизация эмерек жана ага тиешелүү буюмдар» 

2170 «Транспорттук каражаттар» 

2197 «Топтолгон амортизация транспорттук каражаттар» 

2180 «Ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу» 

2198 «Топтолгон амортизация ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу» 

2190 «Жер тилкелерин өздөштүрүү» 

2199 «Топтолгон амортизация жер тилкелерин өздөштүрүү» 

2191 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» 

2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык талаптар» 

2500 «Пайдаланууга чектелген акча каражаттары» 

2700 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыз» 

2720 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын узак мөөнөттүү дебитордук карызы» 

2780 «Узак мөөнөттөн бери кийинкиге жылдырылган чыгашалар» 

2790 «Башка узак мөөнөттүү дебитордук карыз» 

2800 «Узак мөөнөттүү инвестициялар» 

2820 «Узак мөөнөткө берилген карыздык каражаттар (заём)» 

2830 «Туунду компанияларга узак мөөнөттүү инвестициялар» 

2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар» 

2900 «Материалдык эмес активдер» 

2910 «Франшиза» 

2991 «Топтолгон амортизация франшиза» 

2930 «Патенттер» 

2993 «Топтолгон амортизация патенттер» 

2940 «Соода маркалары» 

2994 «Топтолгон амортизация соода маркалары» 

2950 «Автордук укук» 

2995 «Топтолгон амортизация автордук укук» 

2960 «Программалык камсыздоо» 

2996 «Топтолгон амортизация программалык камсыздоо» 

2970 «Лицензияланган макулдашуу» 

2997 «Топтолгон амортизация лицензияланган макулдашуу» 

2980 «Башка активдер» 

2998 «Топтолгон амортизация башка активдер» 

2990 «Бүткөрүлбөгөн иштеп чыгуулар» 

 

3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

3100 «Төлөөгө каралган эсептер» 

3110 «Чарба иштери боюнча товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» 

3190 «Төлөөгө каралган башка эсептер» 

3200 «Алынган аванстар» 

3210 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын аванстары» 

3220 «Төлөм уюмдарынын агенттеринин аванстык төлөмдөрү» 

3300 «Кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» 

3310 «Банктык кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

3320 «Башка кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

3330 Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин учурдагы бөлүгү» 

3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» 

3400 «Төлөөгө каралган салыктар» 

3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы» 

3420 «Жеке адамдардын кирешесинен киреше салыгы» 

3430 «Төлөөгө каралган КНС» 

3490 «Төлөөгө каралган башка салыктар» 

3500 «Кыска мөөнөттүү чегерилген милдеттенмелер» 

3510 «Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чегерилген милдеттенмелер» 

3520 «Чегерилген эмгек акы» 

3530 «Социалдык камсыздандырууга чегерилген төгүмдөр» 

3540 «Төлөөгө каралган дивиденддер» 

3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» 

3590 «Башка чегерилген чыгашалар» 

3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» 

3610 «Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр үчүн эсептер» 

3700 «Резервдер» 

3710 «Гарантиялык тейлөөгө резервдер»  

3720 «Соттук доолорду төлөөгө резерв»  

3730 «Башка резервдер»  

 

4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

4100 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» 

4120 «Банктык кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

4130 «Башка кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

4150 «Ижара боюнча милдеттенмелер» 

4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер» 

4200 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган кирешелер» 

4300 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер» 

 

5000 «Өздүк капитал» бөлүмү 

5100 «Уставдык капитал» 

5110 «Жөнөкөй акциялар» 

5120 «Артыкчылыктуу акциялар» 

5130 «Башка уставдык капитал» 

5191 «Сатып алынган өздүк акциялар» 

5200 «Башка капитал» 

5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» 

5220 «Активдерди кайра баалоо боюнча оңдоо киргизүү» 

5240 «Менчик ээси (ээлери) тарабынан авансталган капитал» 

5300 «Мурдагы жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)» 

5400 «Резервдик капитал» 

5500 «Акыркы отчеттук жылдын пайдасы (чыгымы)» 

5999 «Кирешелер жана чыгашалар жыйындысы» 

 

6000 «Операциялык иштен түшкөн кирешелер» бөлүмү  

6100 «Түшкөн акча» 

6110 «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акча» 

6120 «Сатылган товарлардын кайтарылышы жана жеңилдиктер» 

6130 «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча» 

6150 «Субъекттин активдерин башка уюмдардын пайдалануусунан түшкөн акча» 

6160 «Процессинг жана клиринг кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча» 

6170 «Жабдууларды, программалык камсыздоону техникалык колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча» 

6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер»  

6210 «Ижарадан түшкөн киреше» 

6250 «Баалоо резервдеринин эсептерин пайдалануусуз эле, кайтарылбас катары мурда эсептен алып салынган карыздардын кайтарылышы» 

 

7000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмү 

7100 «Сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы, түз чыгашалар» 

7110 «Товарларды, чийки заттарды, материалдарды жана кызматтарды сатып алуу боюнча сарптоолор» 

7120 «Эмгекке төлөөлөр жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор» 

7130 «Ижара боюнча финансылык/пайыздык чыгашалар» 

7140 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, байланышка жана интернетке сарптоолор» 

7150 «Негизги өндүрүштүк каражаттарды амортизациялоого сарптоолор» 

7160 «Негизги каражаттарды оңдоого жана тейлөөгө, программалык камсыздоону техникалык колдоого жана камсыздоого сарптоолор» 

7170 «Продукциянын запасын жеке керектөөлөрү үчүн пайдалануу жана башка өндүрүштүк сарптоолор» 

7180 «Материалдык эмес активдерди амортизациялоого сарптоолор» 

7190 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» 

7200 «Сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы, кыйыр чыгашалар» 

7210 «Товарларды, чийки заттарды, материалдарды жана кызматтарды сатып алуу боюнча сарптоолор» 

7220 «Эмгекке төлөөлөр боюнча жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор» 

7230 «Ижара боюнча финансылык/пайыздык чыгашалар» 

7240 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, байланышка жана интернетке сарптоолор» 

7250 «Негизги өндүрүштүк каражаттарды амортизациялоого сарптоолор» 

7260 «Негизги каражаттарды оңдоого жана тейлөөгө, программалык камсыздоону техникалык колдоого жана камсыздоого сарптоолор» 

7270 «Продукциянын запасын жеке керектөөлөрү үчүн пайдалануу жана башка өндүрүштүк сарптоолор» 

7280 «Материалдык эмес активдерди амортизациялоого сарптоолор» 

7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» 

7500 «Сатып өткөрүүгө байланыштуу чыгашалар» 

7510 «Жарнамага жана сатууга көмөктөшүүгө кеткен чыгашалар» 

7520 «Эмгек акы төлөөгө кеткен чыгашалар» 

7530 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгашалар» 

7540 «Сактоого кеткен чыгашалар жана транспорттук чыгашалар» 

7550 «Сатып өткөрүүгө тиешелүү, кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар» 

7560 «Гарантиялык тейлөө боюнча чыгашалар» 

7570 «Башка соодалык чыгымдар» 

7580 «Негизги каражаттарды амортизациялоо боюнча чыгашалар» 

7590 «Сыйлыктуу сатууга чыгымдар» 

7600 «Башка өндүрүштүк чыгашалар» 

 

8000 «Жалпы жана административдик чыгашалар» бөлүмү 

8010 «Эмгек акы төлөөгө чыгашалар» 

8020 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгашалар» 

8030 «Ижарага төлөөлөр боюнча чыгашалар» 

8040 «Кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар» 

8050 «Мүлк салыгы» 

8060 «Кеңсе буюмдарына кеткен чыгашалар» 

8070 «Коммуникацияга кеткен чыгашалар» 

8080 «Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча чыгашалар» 

8090 «Лицензияларды алууга жана башка макулдашуулар боюнча чыгашалар» 

8100 «Чегерүүдө эске алынбаган КНС боюнча чыгашалар» 

8110 «Негизги каражаттарды оңдоо жана техникалык тейлөө» 

8120 «Компьютердик камсыздоопрограммалык камсыздоо боюнча чыгашалар» 

8130 «Өкүлчүлүк чыгашалары» 

8140 «Аудиторлорго сый акылар» 

8150 «Юристтерге сый акылар» 

8160 «Окутуу боюнча чыгашалар» 

8170 «Консультациялар боюнча чыгашалар» 

8180 «Коомчулук менен байланыштар боюнча чыгашалар» 

8190 «Башка салыктар боюнча чыгашалар» 

8200 «Иш сапар чыгашалары (жергиликтүү)» 

8210 «Иш сапар чыгашалары (эл аралык)» 

8220 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар» 

8230 «Айыптар, туумдар, бюджетке үстөк айыптар» 

8240 «Айыптар, туумдар, чарбалык келишимдер боюнча үстөк айыптар» 

8470 «Негизги каражаттарды амортизациялоого чыгашалар» 

8480 «Материалдык эмес активдерди амортизациялоого чыгашалар» 

8490 «Башка жалпы жана административдик чыгашалар» 

 

9000 «Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер жана чыгашалар» бөлүмү  

9100 «Операциялык эмес иштен кирешелер» 

9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше» 

9120 «Ассоциацияланган жана туунду компаниялардан киреше» 

9130 «Дивиденддерден киреше» 

9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан киреше» 

9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» 

9500 «Операциялык эмес иштен чыгашалар» 

9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгашалар» 

9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан чыгымдар» 

9530 «Кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар» 

9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» 

9900 «Пайда салыгы» 

9910 «Пайда салыгы боюнча чыгашалар (кирешелер)» 

 

11000 «Баланстан тышкаркы эсептер» 

11010 «Ижарага алынган негизги каражаттар» 

11011 «Ижарага алынган негизги каражаттардын амортизациясы» 

11020 «Баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар» 

11030 «Так отчеттуулук бланктары» 

11040 «Сактоодогу товарлар» 

11050 «Жооптуу сактоого кабыл алынган товардык-материалдык баалуулуктар» 

11060 «Төлөөгө жөндөмсүз дебиторлордун эсептен чыгарылган карызы» 

 

Башка баланстан тышкары эсептер төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кароосу боюнча ачылат. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төлөм системаларынын 

операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке 

алуу эсептер планына карата 

тиркеме 

 

 

ЭСЕПТЕРДИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ 

 

1000 «Жүгүртүү активдери» бөлүмү 

1100 «Кассадагы акча каражаттары» эсептер тобу 

Бул топко төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кассаларындагы, төлөм уюмдарынын терминалдарындагы нак акча каражаттарын (улуттук жана чет өлкө валюталарында) эсепке алуу эсептери кирет. Ар бир валюта боюнча өзүнчө кошумча китептер жүргүзүлүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук максатында чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын сальдосу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентине которулууга тийиш. 

1110 «Улуттук валютадагы акча каражаттары» 

Бул эсепте акча каражаттарынын калдыктары чагылдырылат, ошондой эле улуттук валютада гана акча каражаттарынын түшүүсү жана берилиши эсепке алынат. Чет өлкө валютасын улуттук валюта менен бирге бир эсепте эсепке алууга жол берилбейт. Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына акча каражаттары түшкөн учурда эсеп дебеттелет. Акча каражаттары берилген учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1120 «Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары»  

Бул эсепте чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын калдыктары, ошондой эле алардын кассага түшүүсү жана кассадан берилиши эсепке алынат. Ар бир валюта боюнча субэсеп ачылат. 1120 эсебинин дебети жана кредити боюнча алгачкы жазуулар чет өлкө валютасында сыяктуу эле, валюталык операция ишке ашырылган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген эсептик курс боюнча улуттук валютага которуу менен жүргүзүлөт.  

Ар бир отчеттук күнгө карата чет өлкө валютасындагы 1120 «Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары» эсебинин сальдосу Улуттук банктын ошол күнгө карата курсу боюнча келип чыккан айырманы 6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине же болбосо 7600 «Башка өндүрүштүк чыгашалар» эсебинин дебетине чегерүү менен кайрадан эсептелинет. 

Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына акча түшкөн учурда эсеп дебеттелет. Акча каражаттары берилген учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1130 «Акча документтери» 

Бул эсепте наркынын өзгөрүүсүнөн айрым бир тобокелдикке дуушар болгон акча каражаттардын алдын ала аныкталган суммасына оңой которула турган жогору ликвиддүү финансылык салымдар эсепке алынат. Аларга кыска мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар, кыска мөөнөттүү векселдер, алардын ордун жабуу мөөнөтү жарыяланганга чейин сатып алынган артыкчылыктуу акциялар ж.б. кирет. 

Акча документтерин сатып алууда эсеп дебеттелет, сатууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1160 «Төлөм уюмдарынын терминалдарындагы акча каражаттары» 

Бул эсепте төлөм уюмдарынын төлөм терминалдарындагы акча каражаттардын калдыктарды жана жүгүртүлүшү эсепке алынат. Акча каражаттары терминалга жүктөлгөндө, эсеп дебеттелет. Акча каражаттары терминалдан алынганда (инкассациялоодо), эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1200 «Банктагы акча каражаттары» эсептер тобу 

Бул топко Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө ачылган банктык эсептердеги улуттук жана чет өлкө валюталарындагы акча каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептер кирет. Ар бир банктык эсеп боюнча өзүнчө кошумча китеп жүргүзүлүүгө тийиш. Финансылык отчет түзүү максатында чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын сальдосу Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентине которулууга тийиш. 

Банктардагы эсептер боюнча операциялар банктардын көчүрмөлөрүнүн жана аларга тиркелген акча-эсептешүү документтеринин негизинде бухгалтердик эсепте чагылдырылат. Эсепке алуу банктарда ачылган ар бир эсеп боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. 

1210 «Улуттук валютадагы эсептер» 

Бул эсепте акча каражаттардын калдыктары, ошондой эле акча каражаттардын банктык эсептерге улуттук валютада гана түшүүсү жана берилиши эсепке алынат. Чет өлкө валютасын улуттук валюта менен бирге бир эсепте эсепке алууга жол берилбейт. Эсепти толуктоодо эсеп дебеттелет, акча каражаттарын алууда же которууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1220 «Жергиликтүү банктардагы чет өлкө валютасындагы эсептер» 

Бул эсепте жергиликтүү банктардагы чет өлкө валютасындагы акча каражаттары эсепке алынат. Валютанын ар бир түрү боюнча бухгалтердик эсеп өзүнчө суб-эсептерде жүргүзүлөт. 

Ар бир отчеттук күнгө карата чет өлкө валютасындагы 1220 «Жергиликтүү банктардагы чет өлкө валютасындагы эсептер» эсебинин сальдосу Улуттук банктын ушул күнгө карата курсу боюнча кайрадан эсептелинип, келип чыккан айырма 6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине же болбосо 7600 «Башка өндүрүштүк чыгашалар» эсебинин дебетине чегерилет. 

Эсеп толукталган учурда ал дебеттелет. Акча каражаттары эсептен алынганда же жөнөтүлгөн учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1230 «Чет өлкө банктарындагы эсептер» 

Бул эсепте чет өлкө банктарындагы чет өлкө валютасындагы акча каражаттар эсепке алынат. Валютанын ар бир түрү боюнча эсепке алуу өзүнчө субэсептерде жүргүзүлөт. 

Ар бир отчеттук күнгө карата чет өлкө валютасындагы 1230 «Чет өлкө банктарындагы эсептер» эсебинин сальдосу Улуттук банктын ушул күнгө карата курсу боюнча кайрадан эсептелинип, келип чыккан айырма 6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер» эсебинин кредитине же болбосо 7600 «Башка өндүрүштүк чыгашалар» эсебинин дебетине чегерилет. 

Эсеп толукталган учурда ал дебеттелет. Акча каражаттары эсептен алынганда же жөнөтүлгөн учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1240 «Банктардагы пайдаланууга чектөө коюлган акча каражаттары» 

Бул эсепте төлөм уюмдарынын отчеттук күндөн кийин он эки айдан ашпаган мөөнөт ичинде колдонулбай турган банктык эсептериндеги акча каражаттары эсепке алынат, анткени алар күрөө катары кызмат кылат, банктык ссудаларды, банктык гарантияларды алуу жана камсыз кылуу үчүн зарыл болгон компенсациялык калдык катары саналат, ошондой эле келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздоо максатында товарларды/кызматтарды сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык камсыздандыруу депозити же кандайдыр бир башкача негизде укуктук чектөөлөргө дуушарланган катары саналат.  

Эсеп толукталган учурда ал дебеттелет, акча каражаттары эсептен алынганда ал кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1250 «Жолдогу акча каражаттары» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун кассасынан же төлөм уюмунун төлөм терминалдарынан инкассацияланган, бирок отчеттук күнгө карата эсептешүү эсептерине чегерилбеген улуттук жана чет өлкө валюталарындагы акча каражаттары эсепке алынат. Кассаны инкассациялоодо, банктык эсептен же төлөм терминалынан акча каражаттары алынган учурда эсеп дебеттелет. Банктык эсепке же кассага акча каражаттары чегерилген учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1300 «Кыска мөөнөттүү инвестициялар» эсептер тобу 

Бул топто он эки айга чейинки мөөнөткө жергиликтүү жана чет өлкө банктарында аманат шарттарында жайгаштырылган акча каражаттарын, башка жактарга берилген карыздык каражаттарды, ошондой эле туунду компанияларга кыска мөөнөттүү инвестицияларды эсепке алуу үчүн эсептер камтылат. Ар башка банктарда жайгаштырылган ар бир депозиттик аманат, ошондой эле ар бир инвестициялар боюнча өзүнчө кошумча китептер жүргүзүлүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулук максатында чет өлкө валютасындагы депозиттик аманаттар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентине которулууга тийиш. 

1330 «Берилген карыздар» 

Бул эсепте кызматкерлерден айырмаланган башка жактарга берилген карыздык каражаттардын суммасы эсепке алынат (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 724-беренеси аткарылган учурда карыздык каражаттар (заём) төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан берилиши мүмкүн). Карыздык каражат берилгенде эсеп дебеттелет, анын ордун жабуу максатында карыз алуучудан каражаттар түшкөн учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1340 «Улуттук валютадагы депозиттик аманаттар» 

Бул эсепте банктарда улуттук валютада сактоого жайгаштырылган акча каражаттар эсепке алынат. Ар бир жайгаштырылган депозит боюнча ошол эсепке карата субэсеп ачылат. Депозитти жайгаштырууда (толуктоодо) эсеп дебеттелет. Депозит азайганда (алынганда), эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1360 «Чет өлкө валютасындагы депозиттик аманаттар» 

Бул эсепте банктарда чет өлкө валютасында сактоого жайгаштырылган акча каражаттар эсепке алынат. Депозитти жайгаштырууда эсеп дебеттелет. Депозит азайганда, эсеп кредиттелет.  

Ар бир валюта боюнча жана ар бир депозит боюнча өзүнчө субэсеп жүргүзүлөт. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1370 «Туунду компанияларга кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын туунду компанияларынын ишин өнүктүрүүгө багытталган кыска мөөнөттүү инвестициялар эсепке алынат. Туунду компанияларга каражаттар берилгенде, эсеп дебеттелет, инвестицияланган каражаттар туунду компаниялар тарабынан кайтарылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1390 «Башка кыска мөөнөттүү инвестициялар» 

Бул эсепте отчеттук күндөн кийин он эки айга чейинки мөөнөттөгү башка инвестициялар эсепке алынат. Каражаттар берилгенде, эсеп дебеттелет, ал эми инвестицияланган каражаттар кайтарылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1400 «Алууга каралган эсептер» эсептер тобу 

Бул топко контрагенттердин төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын көрсөткөн кызматтары, төлөм жабдууларын жана аларга карата запастык бөлүктөрдү сатуу же болбосо төлөм, клиринг жана процессинг кызматтарын көрсөтүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн дебитордук карызды эсепке алуу боюнча эсептер кирет. 

1410 «Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» 

Бул эсепте контрагенттердин төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карыздарынын суммасы эсепке алынат. Ар бир жактардын тобу үчүн (сунуштоочулар, агенттер, агрегаторлор ж. б.) ушул эсепке карата өзүнчө субэсептер ачылат. Талаптар пайда болгондо, эсеп дебеттелет. Талаптар төлөнгөндө, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1491 «Алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарга резерв» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан алууга каралган эсептер боюнча кайтарылбас карыздарга тиешелүү потенциалдуу чыгымдар үчүн түзүлгөн резерв эсепке алынат. Эгерде дебитордук карыз кайтарылбас катары таанылса, эсеп кредиттелет. Кайтарылбас карыз эсептен чыгарылганда, эсеп дебеттелет. Мурда эсептен чыгарылган кайтарылбас карыз алынган учурда, эсеп кредиттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1500 «Башка операциялар боюнча дебитордук карыздар» эсептер тобу 

Бул топко 1410 «Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алууга каралган эсептер» эсебинде чагылдырылган дебитордук карыздан айырмаланган дебитордук карызды эсепке алуу боюнча эсептер кирет. 

1520 «Кызматкерлердин жана директорлордун дебитордук карыздары» 

Бул эсепте кызматкерлердин жана кызмат адамдарынын дебитордук карыздары эсепке алынат, ал кызматтык милдеттерди жана операциялардын башка түрлөрүн аткаруунун жүрүшүндө келип чыгат. Акча каражаттары отчет талап кылуу менен берилгенде, эсеп дебеттелет, ал эми отчеттук суммалар кызматкерлер жана кызмат адамдары тарабынан төлөнгөндө, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1530 «Аванс менен төлөнгөн салыктар» 

Бул эсепте салык төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү жеткенге чейин аванс менен төлөнгөн салыктардын суммасы эсепке алынат. Эгерде салык мөөнөтүнөн мурда төлөнсө, эсеп дебеттелет. Киреше алынганда финансылык отчеттуулук максатында, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1540 «Орду толтурулуучу салыктар» 

Бул эсепте кайтарылып берилүүчү кошумча нарк салыгынын суммасы эсепке алынат. Сумма чегерилгенде, эсеп дебеттелет, сумма эсептен чыгарылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1550 «Алууга каралган пайыздар» 

Бул эсепте банктарда жайгаштырылган депозиттер боюнча пайыздардын, учурдагы карыздык баалуу кагаздар боюнча пайыздардын суммасы ж.б. эсепке алынат. Пайыздар чегерилгенде, эсеп дебеттелет, банктан пайыздар алынганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1560 «Алууга каралган дивиденддер» 

Бул эсепте алууга тийиш болгон дивиденддердин суммасынын эсеби жүргүзүлөт. Дивиденддер таанылганда эсеп дебеттелет, эсептен чыгарылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1570 «Агенттердин дебитордук карызы» 

Бул эсепте түзүлгөн агенттик келишимдерге ылайык төлөм уюмдарынын агенттеринин дебитордук карызынын эсеби жүргүзүлөт. Ар бир агент боюнча өзүнчө субэсеп жүргүзүлөт. Дебитордук карыз келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет, карыз кайтарылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1580 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыздын учурдагы бөлүгү» 

Бул эсепте отчеттук күндөн тартып бир жылдан ашпаган мөөнөттө алууга тиешелүү узак мөөнөттүү дебитордук карыздын учурдагы бөлүгүнүн суммасы эсепке алынат. Карыз таанылганда эсеп дебеттелет, ал эми карыз төлөнгөндө же эсептен чыгарылганда кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1590 «Башка дебитордук карыз» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын чарбалык операциялары боюнча башка карыздарга таандык болбогон башка дебитордук карыздарынын суммасы эсепке алынат. Карыз таанылганда эсеп дебеттелет, ал эми төлөнгөндө же эсептен чыгарылганда кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1600 «Товардык-материалдык запастар» эсептер тобу 

Бул топко экономикалык ишти же жумуштарды аткаруу жана кызматтарды сунуштоо үчүн каралган чийки заттын, күйүүчү майдын, запастык бөлүктөрдүн жана башка материалдардын запастарын эсепке алуу боюнча эсептер кирет. 

1610 «Товарлар»  

Бул эсепте кийин сатуу үчүн сатылып алынган жана сакталып турган товарлардын (төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулар/төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулардын запастык бөлүктөрү) наркы эсепке алынат. Товарларды сатып алууда эсеп дебеттелет. Алар эсептен чыкканда (сатуу, инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча эсептен чыгаруу же алмашуу) эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1691 «Сатып өткөрүлбөгөн үстөк баа» 

Бул эсеп 1610 «Товарлар» эсебине контр эсеп болуп саналат. Бул эсепте товарлардын үстөк баасынын суммасы эсепке алынат. Сумма чегерилгенде, эсеп кредиттелет. Алынган үстөк баа эсептен чыгарылганда, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1620 «Чийки заттардын жана негизги материалдардын запастары» 

Бул эсепте анын негизин түзүү менен өндүрүлгөн продукттун курамына кирген же аны даярдоодо зарыл компонент болуп саналган запастар, ошондой эле кызматтарды сунуштоо процессинде керектелген запастар эсепке алынат. Кызматтарды сунуштоо - келишимде макулдашылган тапшырманы белгилүү бир мөөнөттө аткарууну билдирет. Запастарды сатып алууда эсеп дебеттелет. Алар эсептен чыгарылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш.  

1630 «Бүткөрүлө элек өндүрүш» 

Бул эсепте продукцияны өндүрүүгө кеткен айкын сарптоолор, анын ичинде колдонулган товардык-материалдык запастарга сарптоолор жана кызматтарды сунуштоого айкын сарптоолор эсепке алынат. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш.  

1640 «Даяр продукция» 

Бул эсепте сатуу максатында өндүрүлгөн товардык-материалдык запастардын калдыгы жана жылышы эсепке алынат. Даяр продукцияны кириштөөдө эсеп дебеттелет, эсептен чыгарылганда, кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1700 «Кошумча материалдар запастары» эсептер тобу  

Бул топко экономикалык иште же жумуштарды аткарууда же кызматтарды сунуштоодо пайдалануу үчүн каралган кошумча материалдардын запастарын эсепке алуу эсептери кирет. 

1710 «Күйүүчү май» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын чарбалык иштеринде колдонулган күйүүчү-майлоочу материалдардын жылышы эсепке алынат. Сатып алууда эсеп дебеттелет, эсептен чыгарганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1720 «Запастык бөлүктөр» 

Бул эсепте операциялык иштин жүрүшүндө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн колдонулган ар кандай жабдуулардын (терминалдарды) запастык бөлүктөрү эсепке алынат. Ошондой эле, бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын автоматташтырылган системасынын, персоналдык компьютердин жана башкалардын ар кандай запастык бөлүктөрү эсепке алынат. Запастык бөлүктөрүн сатып алганда, эсеп дебеттелет, эсептен чыгарганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1740 «Башка материалдар» 

Бул эсепте башка запастарга киргизилбеген башка материалдардын кыймылы эсепке алынат. Башка материалдарды сатып алууда, эсеп дебеттелет, эсептен чыгарылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш

1750 «Баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар»  

Бул эсепте баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдардын кыймылы эсепке алынат. Баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдарды сатып алганда, эсеп дебеттелет, эсептен чыгарылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1795 «Колдонуудагы баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар» 

1750 «Баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар» эсебине контрэсеп катары саналат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

1800 «Берилген аванстар» эсептер тобу 

Бул топто келечекте берилүүчү товардык-материалдык запастардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебине он эки айга чейинки мөөнөткө берилген аванстык төлөмдөрдү эсепке алуу, ошондой эле төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында алардын банктагы эсептешүү эсебине алдын ала которулган акча каражаттарды эсепке алуу үчүн эсептер кирет.  

1810 «Аванс менен төлөнгөн запастар» 

Бул эсепте запастарды келечекте сунуштоонун эсебинен төлөнгөн аванстык төлөмдөр эсепке алынат. Төлөм жүргүзүлгөндө, эсеп дебеттелет. Запастарды алганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1820 «Аванс менен төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын чарба иштери боюнча контрагенттерге аванс менен төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөр эсепке алынат. Төлөм жүргүзүлгөндө, эсеп дебеттелет. Кызмат көрсөтүүлөр сунушталганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1830 «Аванс менен төлөнгөн ижара» 

Бул эсепте аванс менен төлөнгөн ижара төлөмдөрү эсепке алынат. Төлөм жүргүзүлгөндө, эсеп дебеттелет. Кызматтарды алууда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1840 «Товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга алдын ала төлөөлөр» 

Бул эсепте товарларды/кызматтарды сунуштоочулар дуушарланышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздандыруу үчүн төлөм уюму товарларды/кызматтарды сунуштоочулардын эсептешүү эсептерине которулган алдын ала төлөмдөр эсепке алынат. Төлөм жүргүзүлгөндө, эсеп дебеттелет, төлөмдөр төлөөчүлөр тарабынан жүргүзүлгөндө, эсеп кредиттелет. Ар бир товарларды/кызматтарды сунуштоочу боюнча эсеп өзүнчө субэсепте жүргүзүлөт. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1890 «Авансталган төлөмдөрдүн башка түрлөрү» 

Бул эсепте башка аванстык төлөмдөргө кирбеген авансталган төлөмдөрдүн башка түрлөрүнүн эсеби жүргүзүлөт. Төлөм жүргүзүлгөндө, эсеп дебеттелет, эсептен чыгарууда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1900 «Акционердик коом формасында түзүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын уставдык капиталга салымы боюнча уюштуруучулардын (катышуучулардын) карызы» эсептер тобу 

1920 «Экинчи жана андан кийинки эмиссиядагы акцияларга кол коюшкан жактардын карызы» 

Бул эсепте экинчи жана кийинки чыгарылыштагы акцияларга жазылган адамдардын карызынын жалпы суммасы эсепке алынат. Баалуу кагаздардын эмиссиясы боюнча отчет катталгандан кийин эсеп дебеттелет. Акциялар сатылып алынгандан кийин эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

1930 «Субъект тарабынан сатылып алынган өздүк акциялардын сатылышы учурунда келип чыккан сатып алуучулардын карызы» 

Бул эсепте субъект сатылып алынган өздүк акцияларды сатууда келип чыккан сатып алуучулардын карызы эсепке алынат. Акциялар карызга сатылганда эсеп дебеттелет, төлөм келип түшкөндө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2000 «Жүгүртүүдөн тышкаркы активдер» бөлүмү 

2100 «Негизги каражаттар» эсептер тобу 

Бул топто эксплуатациялоодо, запаста турган негизги каражаттарды; монтаждоону талап кылган жабдууларды; негизги каражаттардын курулуп жаткан объекттерин эсепке алуу боюнча эсептер камтылат. 

2110-2190 «Негизги каражаттар» эсебинин дебети боюнча негизги каражаттарды сатып алуунун (баштапкы наркы) айкын сарптоолору чагылдырылат. Сатып алууга айкын сарптоолордо сатып алуу баасы, анын ичинде импорттук алымдар жана сатып алууларга кайтарылгыс салыктар, ошондой эле активди багыты боюнча пайдалануу үчүн иштөө абалына келтирүү боюнча кандай болбосун түз сарптоолор камтылат. 

2192-2199 «Топтолгон амортизация» эсептери бул негизги каражаттардын эсептерине карата контрактивдүү эсептер жана алар белгилүү бир негизги каражаттарды же негизги каражаттар тобун амортизациялоо жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн каралган.  

2110 «Жер» 

Бул эсепте жердин наркы эсепке алынат. Жер сатып алууда эсеп дебеттелет, ал эми баланстан чыгарылганда (сатуу/өткөрүп берүү) эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2120 «Ижарага алынган негизги каражаттарды пайдалануу укугу» 

Бул эсепте негизги каражаттарга ижара сарптоолору эсепке алынат. Сарптоолор келип чыкканда эсеп дебеттелет. Ижарага төлөмдөрдү аткарууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2130 «Имараттар, курулмалар» 

Бул эсепте имараттардын жана курулмалардын наркы эсепке алынат. Имараттарды жана курулмаларды сатып алууда же абалын жакшыртуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн сарптоолор ишке ашырылганда эсеп дебеттелет, баланстан чыгарылганда (сатуу/өткөрүп берүү ж. б.) эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2140 «Жабдуулар» 

Бул эсепте учурда колдо болгон жабдуулардын наркы эсепке алынат. Жабдууларды сатып алууда же абалын жакшыртуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн сарптоолор ишке ашырылганда эсеп дебеттелет, баланстан чыгарылганда (сатуу/өткөрүп берүү/эсептен чыгаруу ж. б.) эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2150 «Кеңсе жабдуулары» 

Бул эсепте офистик жабдуулардын наркы эсепке алынат. Жабдууларды сатып алууда же абалын жакшыртуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн сарптоолор ишке ашырылганда эсеп дебеттелет, баланстан чыгарылганда (сатуу/өткөрүп берүү/эсептен чыгаруу ж. б.) эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2160 «Эмерек жана ага тиешелүү буюмдар» 

Бул эсепте эмерек жана ага тиешелүү буюмдардын наркы эсепке алынат. Аларды сатып алууда же абалын жакшыртуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн сарптоолор ишке ашырылганда эсеп дебеттелет, баланстан чыгарылганда (сатуу/өткөрүп берүү/эсептен чыгаруу ж. б.) эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2170 «Транспорттук каражаттар» 

Бул эсепте транспорттук каражаттардын наркы эсепке алынат. Транспорттук каражаттарды сатып алууда же абалын жакшыртуу жана колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн сарптоолор ишке ашырылганда эсеп дебеттелет, баланстан чыгарылганда (сатуу/өткөрүп берүү/эсептен чыгаруу ж. б.) эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2180 «Ижарага алынган менчикти ыңгайлаштыруу» 

Бул эсепте ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга кеткен сарптоолор эсепке алынат. Ижарага алынган менчиктин наркы жогорулаганда эсеп дебеттелет. Ижарага алынган менчик эсептен чыгарылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2190 «Жер тилкелерин өздөштүрүү» 

Бул эсепте жер тилкелерин өздөштүрүүгө сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыкканда эсеп дебеттелет. Эсептен чыгарылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2191 «Бүткөрүлбөгөн курулуш» 

Бул эсепте курулуш процессиндеги сарптоолор наркы негизги каражаттардын ар бир өзүнчө объекти боюнча чарба ыкмасында эсепке алынат. Сарптоолор келип чыкканда эсеп дебеттелет. Курулуш аяктагандан кийин жана курулушу бүтпөгөн негизги фонддор тиешелүү объектке киргизилгенден кийин эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2192-2199 «Топтолгон амортизация» эсептери бул негизги каражаттардын эсептерине карата контрактивдүү эсептер жана алар белгилүү бир негизги каражаттарды же негизги каражаттар тобун амортизациялоо жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн каралган. Амортизация чегерилгенде эсептер кредиттелет, чыгашанын амортизациясы эсептен чыгарылганда эсептер дебеттелет. Эсептер кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

2400 «Төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык талаптар»  

Бул эсепте мөөнөтү кийинкиге жылдырылган (кийинкиге калтырылган) пайда салыгынын суммалары эсепке алынат, алар бухгалтердик пайданын базасында тиешелүү салыктык мезгил ичинде аныкталган салыктык милдеттенмелерди азайтуу аркылуу келечекте орду толтурулууга тийиш. Кийинкиге жылдырылган салыктык талаптар таанылганда эсеп дебеттелет. Азайганда же төлөнгөндө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2500 «Пайдаланууга чектелген акча каражаттары»  

Бул эсепте төлөм уюму отчеттук күндөн кийинки он эки айдан ашкан мезгил аралыгында пайдалана албаган банктык эсептердеги акча каражаттар эсепке алынат. Алар банктык ссудаларды, банктык гарантияларды алуу жана камсыздоо үчүн зарыл болгон күрөө катары кызмат кылат, компенсациялык калдык болуп саналат, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди же кандайдыр бир башка негизде укуктук чектөөлөрдү камсыздандыруу максатында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жөнүндө келишимдин шарттары боюнча камсыздандыруу депозити болуп саналат. Эсеп толукталганда эсеп дебеттелет, акча алынганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2700 «Узак мөөнөттүү дебитордук карыз» эсептер тобу 

Бул топко төлөө мөөнөтү бир жылдан ашкан дебитордук карыздарды эсепке алуу боюнча эсептер кирет. 

2720 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын узак мөөнөттүү дебитордук карызы» 

Бул эсепте сатып алуучулардын жана буюртмачылардын 12 айдан ашкан дебитордук карыздары эсепке алынат. Карыз пайда болгондо эсеп дебеттелет. Карыз эсептен чыгарылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2780 «Узак мөөнөттөн бери кийинкиге жылдырылган чыгашалар» 

Бул эсепте отчеттук күндөн кийинки бир жылдан жогору мезгилге келерки сунуштоонун эсебинен төлөнгөн аванстык төлөмдөр эсепке алынат. Төлөмдөр жүргүзүлгөн учурда эсеп дебеттелет. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алган учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2790 «Башка узак мөөнөттүү дебитордук карыз»  

Бул эсепте башка дебитордук карызга кирбеген дебитордук карыз эсепке алынат. Карыз келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Карыз төлөнгөндө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2800 «Узак мөөнөттүү инвестициялар» эсептер тобу 

Бул топко он эки айдан ашык мөөнөттүү инвестицияларды эсепке алуу эсептери кирет. 

2820 «Узак мөөнөткө берилген карыздык каражаттар (заём)» 

Бул эсепте отчеттук күндөн кийин кызматкерлерден тышкары башка жактарга он эки айдан ашык мөөнөткө берилген карыздык каражаттардын (заём) жалпы суммасы эсепке алынат (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 724-беренеси аткарылган учурда карыздык каражаттар (заём) төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан берилиши мүмкүн). Карыздык каражаттар берилгенде эсеп дебеттелет, ал төлөнгөндө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2830 «Туунду компанияларга узак мөөнөттүү инвестициялар» 

Бул эсепте он эки айдан ашык мөөнөткө туунду компанияларга инвестициялар эсепке алынат. Туунду компанияларга каражаттарды бергенде эсеп дебеттелет, туунду компаниялар тарабынан инвестицияланган каражаттар төлөнгөндө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2890 «Башка узак мөөнөттүү инвестициялар» 

Бул эсепте отчеттук күндөн кийинки он эки айдан ашык мөөнөттүү башка инвестициялар эсепке алынат. Каражаттар берилгенде эсеп дебеттелет, инвестициялык каражаттар төлөнгөндө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2900 «Материалдык эмес активдер» эсептер тобу 

Бул топто ФОЭСтин «Материалдык эмес активдер» деп аталган 38-стандартынын материалдык эмес активин таануу аныктамасына жана критерийлерине жооп берген төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын материалдык эмес активдерин эсепке алуу эсептери камтылат. 

2910 «Франшиза» 

Франшиза сатып алганда эсеп материалдык эмес активдин наркынын суммасына дебеттелет. Эсептен чыгарууда жана амортизацияны эсептөөдө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2930 «Патенттер» 

Патенттерди сатып алууда эсеп материалдык эмес активдин өздүк наркынын суммасына дебеттелет. Эсептен чыгарууда жана амортизацияны эсептөөдө эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2940 «Соода маркалары» 

Бул эсепте соода маркалардын наркы эсепке алынат. Соода маркасын ойлоп табууда же сатып алууда сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, эсептен чыгарууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2950 «Автордук укук» 

Бул эсепте автордук укуктун наркы эсепке алынат. Автордук укук ойлоп табууда же сатып алууда сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, эсептен чыгарууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2960 «Программалык камсыздоо» 

Бул эсепте программалык камсыздоонун наркы эсепке алынат. Программалык камсыздоону ойлоп табууда же сатып алууда сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, эсептен чыгарууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2970 «Лицензияланган макулдашуу» 

Бул эсепте лицензияланган макулдашуунун наркы эсепке алынат. Лицензияланган макулдашууну ойлоп табууда же сатып алууда сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, эсептен чыгарууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2980 «Башка активдер» 

Бул эсепте башка эсептерге кирбеген башка материалдык эмес активдердин наркы эсепке алынат. Активдерди ойлоп табууда же сатып алууда сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, эсептен чыгарууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2990 «Бүткөрүлбөгөн иштеп чыгуулар» 

Бул эсепте материалдык эмес активди таануу учурунан тартып иштеп чыгуу аяктаганга чейинки сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Амортизация чегерилгенде же болбосо бүткөрүлбөгөн иштеп чыгууну материалдык эмес активге которууда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

2991-2999 «Топтолгон амортизация» эсептери бул материалдык эмес активдердин эсептерине карата контрактивдүү эсептер жана алар белгилүү бир материалдык эмес активдерди амортизациялоо жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн каралган. Амортизация чегерилгенде эсептер кредиттелет, чыгашаларга амортизация эсептен чыгарылганда эсептер дебеттелет. Эсептер кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3000 «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

Бул бөлүмдүн эсептеринде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун он эки айга чейинки кыска мөөнөттүү милдеттенмелери эсепке алынат. 

3100 «Төлөөгө каралган эсептер» эсептер тобу 

3110 «Чарба иштери боюнча товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө каралган эсептер» 

Бул эсепте товарларды жана кызматтарды сунуштоочулар товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсеп-фактураларды же төлөөгө эсептерди берген шартта, төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун контрагенттерге он эки айга чейин аткаруу мөөнөтү менен чарба иши боюнча товарлар жана кызматтар үчүн карыздары эсепке алынат. Талап келип чыккан учурда эсеп кредиттелет, талаптардын орду жабылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

3190 «Төлөөгө каралган башка эсептер» 

Бул эсепте компаниянын инвестициялык ишинин жүрүшүндө активдерди сатып алууда келип чыккан кыска мөөнөттүү милдеттенмелердин эсеби жүргүзүлөт, тактап айтканда, жүгүртүүдөн тышкаркы активдер жана башка инвестициялар. Карыз келип чыкканда эсеп кредиттелет, карыз төлөнгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3200 «Алынган аванстар» эсептер тобу 

Бул топко сатып алуучулардан жана буюртмачылардан алынган аванстарды эсепке алуу эсептери, ошондой эле төлөм уюмунун агенттери он эки айга чейинки мөөнөткө кабыл алган аванстык төлөмдөрдү эсепке алуу эсептери кирет.  

3210 «Сатып алуучулардын жана буюртмачылардын аванстары» 

Бул эсепте программалык камсыздоону иштеп чыгуу, сервердик кубаттуулуктарды сунуштоо, төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды, программалык камсыздоонун запастык бөлүктөрүн даярдоо ж.б. үчүн келечектеги төлөмдөрдүн эсебинен кабыл алынган сатып алуучулардын жана буюртмачылардын аванстык төлөмдөрү эсепке алынат. Аванстык төлөмдөр касса же банктык эсеп аркылуу алынганда эсеп кредиттелет. Аванстар төлөнгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3220 «Төлөм уюмдарынын агенттеринин аванстык төлөмдөрү» 

Бул эсепте агенттик келишимдерге ылайык он эки айга чейинки мөөнөткө келечектеги төлөмдөрдүн эсебинен төлөм уюмунун агенттеринен алынган аванстык төлөмдөр эсепке алынат. Ар бир агентке өзүнчө субэсеп ачылат жана өзүнчө эсеп жүргүзүлөт. Агенттерден каражаттарды алганда эсеп кредиттелет, эсептен чыгарылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3300 «Кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» эсептер тобу 

Бул топ өзүндө отчеттук күндөн кийинки он эки ай ичинде төлөнүүгө тийиш болгон карыздык каражаттарды эсепке алуу үчүн эсептерди камтыйт. 

3310 «Банктык кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

Бул эсепте банктык кредиттер, ошондой эле карыздык каражаттар келишими боюнча банктардан жана башка кредиторлордон (юридикалык жактардан, жеке адамдардан) алынган карыздык каражаттар (заём) эсеби жүргүзүлөт. Кредиттик каражаттарды алганда эсеп кредиттелет. Кредиттерди төлөгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3320 «Башка кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

Бул эсепте 3310 эсебине кирбеген башка кредиттердин, карыздык каражаттардын (заём) эсеби жүргүзүлөт. Кредиттик каражаттарды алганда эсеп кредиттелет. Кредиттерди төлөгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3330 «Узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин учурдагы бөлүгү» 

Бул эсепте корреспонденцияда узак мөөнөттүү милдеттенмени эсепке алуунун тиешелүү эсебине ээ кредит боюнча отчеттук күндөн тартып он эки ай ичинде аткарылууга тийиш болгон узак мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин бир бөлүгү чагылдырылат. Сумма таанылганда эсеп кредиттелет. Эсептен чыгарылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3390 «Башка кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелер» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кредиттерден жана карыздык каражаттардан айырмаланган карыздык милдеттенмелери эсепке алынат. Милдеттенмелер келип чыккан учурда (көбөйгөндө) эсеп кредиттелет. Милдеттенмелер төлөнгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3400 «Төлөөгө каралган салыктар» эсептер тобу 

Бул топко төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан төлөнүүчү салыктар, төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын персоналынын киреше салыктары жана башка салыктар боюнча бюджет алдында милдеттенмелерин эсепке алуу боюнча эсептер кирет, ал эми салыктарды эсептеп кармап калуу жана төлөө боюнча милдеттенмелер, салык мыйзамдарынын талабына ылайык, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жүктөлөт. 

3410 «Төлөөгө каралган пайда салыгы» 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон пайда салыгынын суммасы эсепке алынат. Төлөөгө каралган салык чегерилгенде эсеп кредиттелет. Пайда салыгы төлөнгөн учурда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3420 «Жеке адамдардын кирешесинен киреше салыгы» 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон кызматкерлердин эмгек акысынан кармалган, жеке адамдардын киреше салыктарынын суммасы эсепке алынат. Төлөөгө салык эсептелгенде эсеп кредиттелет. Киреше салыгын төлөөдө, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3430 «Төлөөгө каралган КНС» 

Бул эсепте төлөнүүгө тийиш болгон кошумча нарк салыгынын суммасы эсепке алынат. Сумма эсепке алынганда эсеп кредиттелет, КНС боюнча төлөм аткарылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3490 «Төлөөгө каралган башка салыктар» 

Бул эсепте салык мыйзамдарын бузууга байланыштуу бюджетке төлөнүүчү айыптар, пайыздар эсепке алынат. Сумма чегерилгенде эсеп кредиттелет, төлөөгө каралган башка салыктар боюнча төлөм аткарылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3500 «Кыска мөөнөттүү чегерилген милдеттенмелер» эсептер тобу 

Бул эсептер тобуна 3100 «Төлөөгө каралган эсептер» эсебинде эске алынган, төлөөгө каралган эсептер боюнча кредитордук карыздарды жана салыктарды төлөө боюнча чегерилген чыгашаларды эске албаганда, отчеттук мезгил ичинде таанылган, бирок отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн сарптоолорго жана чыгашаларга байланыштуу кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн эсептер кирет. 

3510 «Товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча чегерилген милдеттенмелер» 

Кредит боюнча эсептер, эгерде милдеттенме сунуштоочу менен формалдуу түрдө макулдашылган болсо жана жетиштүү деңгээлде тактык менен чегериле турган болсо, субъект тарабынан алынган же ага жеткирилген эсеп-фактурасыз товарлар жана кызматтар үчүн карыздар чагылдырылат. Сунуштоолорго эсеп-фактураларды алганда, алар боюнча карыз 3510 эсебинде катталат, ал эми милдеттенмелердин айкын суммасы 3100 «Төлөөгө каралган эсептер» эсептери менен корреспонденцияларда 3510 эсебинин дебетине чегерилет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3520 «Чегерилген эмгек акы» 

Бул эсепте кызматкерлерге чегерилген эмгек акы эсепке алынат. Эмгек акы чегерүүдө эсеп кредиттелет. Эмгек акы боюнча милдеттенмелерди төлөгөндө, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3530 «Социалдык камсыздандырууга чегерилген төгүмдөр» 

Бул эсепте социалдык камсыздандырууга чегерилген төгүмдөр суммасы эсепке алынат. Чегерүү учурунда эсеп кредиттелет. Милдеттенмелерди төлөгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3540 «Төлөөгө каралган дивиденддер» 

Бул эсепте акционерлердин (катышуучулардын) жалпы жыйынында кабыл алган чечимдерге жана уюштуруу документтеринин жоболоруна ылайык пайданы бөлүштүрүү тартибинде акционерлерге (катышуучуларга) төлөнүүчү дивиденддердин суммасы чагылдырылат. Дивиденддер чегерилгенде эсеп кредиттелет. Акционерлерге дивиденддер төлөнгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3550 «Карыздык милдеттенмелер боюнча чегерилген пайыздар» 

Бул эсепте пайыздарды төлөө каралган, келишим шарттарына же баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарына ылайык чегерилген карыздык каражаттарды пайдаланууга байланыштуу келип чыккан пайыздарга сарптоолорду төлөө милдеттенмеси чагылдырылат. Келишимдерде жана баалуу кагаздарды чыгаруу шарттарында каралган пайыздарды төлөө мөөнөтүнө карабастан, милдеттенме карыздык каражаттарды пайдалануу мезгилинде пропорционалдуу убакытта чегерилүүгө тийиш. Пайыздар чегерилгенде эсеп кредиттелет. Милдеттенмелерди төлөөдө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3590 «Башка чегерилген чыгашалар» 

Бул эсепте салык мыйзамдарын бузууга байланыштуу бюджетке төлөнүүчү айыптар, пайыздар үчүн чегерилген чыгашалар же болбосо камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү өз убагында же толук төлөнбөгөндүгү үчүн чегерилген айыптык санкциялар эсеби жүргүзүлөт. Чыгашаларды чегерүүдө эсеп кредиттелет, милдеттенмелерди төлөгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3600 «Башка кыска мөөнөттүү милдеттенмелер» эсептер тобу 

Бул эсептерде 3100-3500, 3700 эсептеринде эске алынган милдеттенмелерден айырмаланган кандай болбосун кыска мөөнөттүү милдеттенмелер эсепке алынат.  

3610 «Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр үчүн эсептер» 

Бул эсепте төлөмдөрдү кабыл алуу жөнүндө түзүлгөн келишимдерге ылайык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөрдүн суммасы эсепке алынат. Адамдардын ар бир тобу үчүн (сунуштоочулар, агенттер, агрегаторлор ж. б.) бул эсепке карата өзүнчө субэсептер ачылат. Милдеттенмелер таанылганда эсеп кредиттелет, милдеттенмелер төлөнгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

 

3700 «Резервдер» эсептер тобу 

Бул эсептерде, аларды жөнгө салуу учурунда келечекте экономикалык пайда алууну камтыган ресурстардын чыгышына алып келе турган, көлөмү белгисиз болгон же болбосо аткаруу мөөнөтү белгисиз болгон чегерилген милдеттенмелер эсепке алынат.  

3710 «Гарантиялык тейлөөгө резервдер» 

Бул эсепте гарантиялык жагдай жеткен учурда сатып алуучуларга кайтарууга бөлүнгөн резервдердин суммасы эсепке алынат. Чегерилгенде эсеп кредиттелет, эсептен чыгарылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3720 «Соттук доолорду төлөөгө резерв» 

Соттук териштирүүдөн кийин соттук чыгымдар күтүлсө, бул эсепке резерв чегерилет. Чегерилгенде эсеп кредиттелет, соттук чыгымдарды төлөөдө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

3730 «Башка резервдер» 

Бул эсепте башка резервдерге кирбеген башка резервдер эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

4000 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» бөлүмү 

4100 «Узак мөөнөттүү милдеттенмелер» эсептер тобу 

Эсептердин бул тобуна отчеттук күндөн кийин он эки айдан ашык төлөө мөөнөтү менен төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын милдеттенмелерин эсепке алуу үчүн эсептер кирет. 

4120 «Банктык кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

Бул эсепте банктык кредиттердин, карыздык каражаттардын (заём) эсеби жүргүзүлөт. Милдеттенмелер пайда болгондо (көбөйгөндө) эсеп кредиттелет. Милдеттенмелер төлөнгөндө (азайганда) эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

4130 «Башка кредиттер, карыздык каражаттар (заём)» 

Бул эсепте 4120 эсебине кирбеген башка кредиттердин, карыздык каражаттардын (заём) эсеби жүргүзүлөт. Кредиттик каражаттарды алганда эсеп кредиттелет. Кредиттерди, карыздык каражаттарды (заём) төлөгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

4150 «Ижара боюнча милдеттенмелер» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ижара боюнча милдеттенмелери эсепке алынат. Милдеттенмелер чегерилгенде эсеп кредиттелет, милдеттенмелер төлөнгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

4190 «Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын кредиттерден жана карыздык каражаттардан (заём) айырмаланган карыздык милдеттенмелери эсепке алынат. Милдеттенмелер келип чыкканда эсеп кредиттелет. Милдеттенмелер төлөнгөндө эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

4200 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган кирешелер» 

Бул эсепте, ФОЭСтин талаптарына ылайык отчеттук күндөн кийинки он эки айдан ашкан мезгил аралыгында мөөнөтү кийинкиге жылдырылган кирешелердин суммасы эсепке алынат. Келечектеги кирешелерди таануу учурунда эсеп кредиттелет, эсептен чыгарылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

4300 «Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер» 

Бул эсепте мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелердин суммасы эсепке алынат. Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелерди таануу учурунда эсеп кредиттелет. Тиешелүү отчеттук мезгилде кирешелер таанылган учурда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

5000 «Өздүк капитал» бөлүмү 

5100 «Уставдык капитал» эсептер тобу 

Эсептердин бул тобуна төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын чыгарылган капиталын жана уставдык капиталын эсепке алуу үчүн эсептер кирет. 

5110 «Жөнөкөй акциялар» 

Бул эсепте акционердик коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөнгөн эмитирленген жөнөкөй акцияларынын жалпы номиналдык наркы эсепке алынат. Уставдык капиталды жайгаштырууда же көбөйтүүдө эсеп кредиттелет, азайганда ал дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

5120 «Артыкчылыктуу акциялар» 

Бул эсепте акционердик коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөнгөн эмитирленген артыкчылыктуу акцияларынын жалпы номиналдык наркы эсепке алынат. Уставдык капиталды жайгаштырууда же көбөйтүүдө эсеп кредиттелет, азайганда ал дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

5130 «Башка уставдык капитал» 

Бул эсепте жоопкерчилиги чектелген коом түрүндө түзүлгөн төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын уставдык капиталын түзүү жана көбөйтүү боюнча операциялардын эсеби жүргүзүлөт. Уставдык капитал көбөйгөндө эсеп кредиттелет, азайганда дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

5191 «Сатып алынган өздүк акциялар» 

Бул эсепте жүгүртүүгө чыгарылган жеке акциялардын төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын сатып алуу жана сатуу эсептери жүргүзүлөт. Өздүк акцияларды сатып алууда, эсеп дебеттелет, сатылганда ал кредиттелет. Эсеп 5110, 5120 эсептерине контрпассивдүү эсеп болуп саналат, бухгалтердик баланста 5191 эсебинин сальдосу 5000 «Капитал» бөлүмүндө «минус» белгиси менен көрсөтүлөт. 

5200 «Башка капитал» эсептер тобу 

Эсептердин бул тобу төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын башка уставдык капиталы боюнча эсептерди камтыйт.  

5210 «Кошумча төлөнгөн капитал» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын катышуучуларынын же акционерлеринин уставдык капиталдагы үлүшүнөн ашкан кошумча төлөнгөн капиталы эсепке алынат. Капиталдан ашкан сумма пайда болгондо, эсеп кредиттелет. Сумма азайганда, эсеп дебеттелет.  

5240 «Менчик ээси (ээлери) тарабынан авансталган капитал» 

Бул эсепте уюштуруучулардын (катышуучулардын) төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын капиталына уюштуруучулар мүлкүнө алардын менчик укугун же башка буюм укугун сактап кала турган салымы эсептелет. Каражаттар келип түшкөндө эсеп кредиттелет. Сумма эсептен чыгарылганда, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

5300 «Мурдагы жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)» 

Бул эсеп бөлүштүрүлбөгөн пайданы акционерлердин жалпы жыйыны/ катышуучулардын (катышуучунун) чечими боюнча бөлүштүрүүдөн кийин калган мурдагы жылдардагы төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын суммасын эске алат. Эсеп эрежедегидей эле, кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Эгерде топтолгон чыгымдар топтолгон пайдадан ашып кетсе, анда эсеп дебеттик сальдого ээ болот. Таза пайданын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү которулганда, эсеп кредиттелет. Эгерде мурдагы жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы азайса, эсеп дебеттелет. 

5400 «Резервдик капитал» 

Бул эсепте мыйзамга ылайык бөлүштүрүү менен чектелген же акционерлердин жана катышуучулардын чечими боюнча топтолгон пайданын суммасы чагылдырылат. Каражаттар чегерилгенде эсеп кредиттелет. Каражаттар эсептен чыгарылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

5500 «Акыркы отчеттук жылдын пайдасы (чыгымы)» 

Бул эсепте учурдагы жылдын таза пайдасы (чыгымы) эсепке алынат. Бул эсепке 5999 эсептин дебет (чыгым) же кредит (пайда) боюнча сальдосу алынып салынат. Эсеп эрежедегидей эле, кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Эгерде жыл ичинде чыгашалар кирешеден ашып кетсе, анда эсеп дебеттик сальдого ээ болот.  

5999 «Кирешелер жана чыгашалар жыйындысы»  

Бул эсеп отчеттук мезгил ичинде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын ишинин акыркы финансылык натыйжасын түзүү боюнча маалыматтарды жалпылоо үчүн каралган. Отчеттук мезгилдин аягында 6000, 7000, 8000, 9000 бөлүмдөрүнүн бардык убактылуу эсептери 5999 эсебинин дебетине (чыгашалар эсебинин сальдосу) же кредитине (киреше эсебинин сальдосу) эсептен чыгаруу менен жабылат. Убактылуу эсептерди жаап, киреше эсептериндеги калдыктарды которгондо, эсеп кредиттелет. Убактылуу эсептерди жаап, калдыктарды чыгашалар эсебине которгондо, эсеп дебеттелет. 

5999 эсебинин сальдосу 5500 «Акыркы отчеттук жылдын пайдасы (чыгымы)» эсебинин дебетине (чыгымдарына) же кредитине (пайдасына) жазылат.  

6000 «Операциялык иштен түшкөн кирешелер» бөлүмү 

6100 «Түшкөн акча» эсептер тобу 

Бул эсептер тобуна төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык ишинин жүрүшүндө товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчаны эсепке алуу үчүн эсептер кирет. 

6110 «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн акча» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык ишинин жүрүшүндө товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча эсепке алынат. Чегерүүдө эсеп кредиттелет, эсептен чыгарууда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

Төлөм уюмунун түшкөн акчасы болуп, төлөмдөрдү чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн алынуучу комиссиялык сый акынын суммасы гана эсептелет. Түшкөн акчага төлөм уюму тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына чогултулган суммалар кошулбайт. 

6120 «Сатылган товарлардын кайтарылышы жана жеңилдиктер» 

Бул эсепте сатып алуучулар кайтарган товарлардын наркы, арзандатуулар жана жеңилдиктер эсепке алынат. Бул 6110 эсебине контрпассивдүү эсеп болуп саналат жана бул эсеп боюнча сумма сатуудан түшкөн таза кирешени азайтат. 

6130 «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча» 

Бул эсепте товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуудан түшкөн акча эсепке алынат. Чегерүүдө эсеп кредиттелет, эсептен чыгарууда дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

6150 «Субъекттин активдерин башка уюмдардын пайдалануусунан түшкөн акча» 

Бул эсеп башка жактар тарабынан пайыздарды, дивиденддерди, лицензиялык төлөмдөрдү алып келген компаниянын активдерин пайдалануунун натыйжасында алынган, ошондой эле эсептөө кубаттуулуктарын, сервердик жана тармактык жабдууларды берүү үчүн түшкөн акчаны эсепке алат. 

Каражаттар чегерилгенде, эсеп кредиттелет, эсептен чыгарууда ал дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

6160 «Процессинг жана клиринг кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча» 

Бул эсепте башка уюмдар үчүн процессинг жана клиринг кызмат көрсөтүүсүнүн натыйжасында түшкөн акча эсепке алынат. Каражаттар чегерилгенде, эсеп кредиттелет, эсептен чыгарууда ал дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

6170 «Жабдууларды, программалык камсыздоону техникалык колдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн акча» 

Бул эсепте жабдууларды жана башка уюмдар үчүн программалык камсыздоону техникалык колдоо жана техникалык тейлөө кызматтарын көрсөтүүнүн натыйжасында түшкөн акча эсепке алынат.  

Каражаттар чегерилгенде, эсеп кредиттелет, эсептен чыгарууда ал дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

6200 «Операциялык иштен түшкөн башка кирешелер»  

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын түшкөн акчадан айырмаланган операциялык ишинин натыйжасында алынган кирешелер эсепке алынат.  

6210 «Ижарадан түшкөн киреше» 

Бул эсепте өз активдерин ижарага берүүдөн алынган кирешелер эсепке алынат. Каражаттарды чегерүүдө эсеп кредиттелет, эсептен чыгарууда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш.  

6250 «Баалоо резервдеринин эсептерин пайдалануусуз эле, кайтарылбас катары мурда эсептен алып салынган карыздардын кайтарылышы» 

Бул эсепте мурда төлөнбөгөн карыз катары эсептен чыгарылган кайтарылган карыздардын суммасы эсепке алынат. Каражаттар келип түшкөн учурда эсеп кредиттелет. Эсептен чыгарууда эсеп дебеттелет. 

7000-8000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмдөрү 

7000-8000 бөлүмдөрүнүн эсептери убактылуу эсеп болуп саналат. Отчеттук мезгил аяктагандан кийин эсептер 5999 «Кирешелер жана чыгашалар жыйындысы» эсебинин дебетине сальдону эсептен чыгаруу аркылуу жабылат. 

7000 «Операциялык чыгашалар» бөлүмү 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды чыгарууга же төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулардын запастык бөлүктөрүн даярдоого, ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуу, процессинг, төлөмдөрдү иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө кеткен чыгымдардын эсеби жүргүзүлөт.  

7100 «Сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы, түз чыгашалар» эсептер тобу 

Бул эсептерде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды чыгарууга же төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулардын запастык бөлүктөрүн даярдоого, ошондой эле төлөмдөрдү кабыл алуу, процессинг, төлөмдөрдү иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө кеткен Эсепке алуу саясатында түз чыгашалар катары тандап алган чыгымдардын эсеби жүргүзүлөт.  

7110 «Товарларды, чийки заттарды, материалдарды жана кызматтарды сатып алуу боюнча сарптоолор» 

Бул эсепте төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды чыгарууга же төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулардын запастык бөлүктөрүн даярдоого товарларды, чийки затты, материалдарды жана кызматтарды сатып алууга кеткен түз чыгымдар эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7120 «Эмгекке төлөөлөр боюнча жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор» 

Бул эсепте эмгекке төлөөлөр боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7130 «Ижара боюнча финансылык/пайыздык чыгашалар» 

Бул эсепте ижара келишими боюнча чыгашаларды төлөөдөгү сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш.  

7140 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, байланышка жана интернетке сарптоолор» 

Бул эсепте коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, байланыш жана интернет боюнча сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7150 «Негизги өндүрүштүк каражаттарды амортизациялоого сарптоолор» 

Бул эсепте негизги өндүрүштүк каражаттардын амортизациясына сарптоолор эсепке алынат. Активдердин ар бир түрү боюнча өзүнчө субэсеп ачылат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7160 «Негизги каражаттарды оңдоого жана тейлөөгө, программалык камсыздоону техникалык колдоого жана камсыздоого сарптоолор» 

Бул эсепте негизги каражаттарды оңдоого, программалык камсыздоолорду техникалык колдоого жана тейлөөгө кеткен сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7170 «Продукциянын запасын жеке керектөөлөрү үчүн пайдалануу жана башка өндүрүштүк сарптоолор» 

Бул эсепте жеке керектөөлөрү үчүн колдонулган продукциянын запастары, ошондой эле башка өндүрүштүк чыгашаларга сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7180 «Материалдык эмес активдерди амортизациялоого сарптоолор» 

Бул эсепте материалдык эмес активдердин амортизациясына сарптоолор эсепке алынат. Активдердин ар бир түрү боюнча өзүнчө субэсеп ачылат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7190 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» 

7190 эсеби товардык-материалдык запастар боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктарын чагылдыруу үчүн колдонулат. Эгерде инвентаризациянын жыйынтыгы оң болсо эсеп кредиттелет, терс болсо дебеттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7200 «Сатылган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркы, кыйыр чыгашалар» эсептер тобу  

Бул эсептерде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын Эсепке алуу саясатында аныкталган сатылган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына киргизүүгө тийиштүү продукцияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө келип чыккан кыйыр чыгашаларды төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары эсепке алат.  

7210 «Товарларды, чийки заттарды, материалдарды жана кызматтарды сатып алуу боюнча сарптоолор» 

Бул эсепте төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдууларды чыгарууга же төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулардын запастык бөлүктөрүн даярдоого товарларды, чийки затты, материалдарды жана кызматтарды сатып алууга кеткен кыйыр сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7220 «Эмгекке төлөөлөр боюнча жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор» 

Бул эсепте эмгекке төлөөлөр боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча сарптоолор эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7230 «Ижара боюнча финансылык/пайыздык чыгашалар» 

Бул эсепте ижара келишими боюнча чыгашаларды төлөөдөгү сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш.  

7240 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, байланышка жана интернетке сарптоолор» 

Бул эсепте коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, байланыш жана интернет боюнча сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7250 «Негизги өндүрүштүк каражаттардын амортизациясына сарптоолор» 

Бул эсепте негизги өндүрүштүк каражаттардын амортизациясына сарптоолор эсепке алынат. Активдердин ар бир түрү боюнча өзүнчө субэсеп ачылат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7260 «Негизги каражаттарды оңдоого жана тейлөөгө, программалык камсыздоону техникалык колдоого жана камсыздоого сарптоолор» 

Бул эсепте негизги каражаттарды оңдоого, программалык камсыздоолорду техникалык колдоого жана тейлөөгө кеткен сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7270 «Продукциянын запасын жеке керектөөлөрү үчүн пайдалануу жана башка өндүрүштүк сарптоолор» 

Бул эсепте жеке керектөөлөрү үчүн колдонулган продукциянын запастары, ошондой эле башка өндүрүштүк чыгашаларга сарптоолор эсепке алынат. Сарптоолор келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7280 «Материалдык эмес активдерди амортизациялоого сарптоолор» 

Бул эсепте материалдык эмес активдердин амортизациясына сарптоолор эсепке алынат. Активдердин ар бир түрү боюнча өзүнчө субэсеп ачылат. Сарптоолор келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7290 «Запастардын наркына оңдоо киргизүү» 

7290 эсеби товардык-материалдык запастар боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыктарын чагылдыруу үчүн колдонулат. Эгерде инвентаризациянын жыйынтыгы оң болсо эсеп кредиттелет, терс болсо дебеттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7500 «Сатып өткөрүүгө байланыштуу чыгашалар» эсептер тобу 

Бул эсептерде сатып өткөрүүнүн өздүк наркына кирбеген даяр продукцияны, товарларды жана кызматтарды сатып өткөрүүдөн келип чыккан чыгашалар эсепке алынат.  

7510 «Жарнамага жана сатууга көмөктөшүүгө кеткен чыгашалар» 

Бул эсепте жарнамага жана сатууга көмөктөшүүгө кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашаларды жүзөгө ашырууда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7520 «Эмгек акы төлөөгө чыгашалар» 

Бул эсепте эмгек акы төлөө боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар болгондо эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7530 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7540 «Сактоого кеткен чыгашалар жана транспорттук чыгашалар» 

Бул эсепте товарларды сактоого кеткен чыгашалар жана товарларды ташып жеткирүү боюнча транспорттук чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7550 «Сатып өткөрүүгө тиешелүү, кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте сатып өткөрүүгө тиешелүү кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7560 «Гарантиялык тейлөө боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте гарантиялык тейлөө боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7570 «Башка соодалык чыгымдар» 

Бул эсепте башка соодалык чыгымдар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7580 «Негизги каражаттарды амортизациялоо боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте негизги каражаттарды амортизациялоо боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7600 «Башка өндүрүштүк чыгашалар» 

Бул эсепте башка өндүрүштүк чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

7590 «Сыйлыктуу сатууга чыгашалар» 

Бул эсепте сыйлыктуу сатууга чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8000 «Жалпы жана административдик чыгашалар» эсептери 

8000 эсеби товардык-материалдык запастардын өздүк наркына кирбеген жана даяр продукцияны, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу менен түздөн-түз байланышпаган отчеттук мезгилде кеткен чыгашалар жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн каралган. 

8010 «Эмгек акы төлөөгө чыгашалар» 

Бул эсепте төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын штаттык жана штаттык эмес кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, убактылуу эсеп жабылганда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8020 «Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча чыгашалардын суммасы эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет, отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылган учурда эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8030 «Ижарага төлөөлөр боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте негизги каражаттарды ижарага алууга кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8040 «Кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8050 «Мүлк салыгы» 

Бул эсепте мүлк салыгын төлөө боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8060 «Кеңсе буюмдарына кеткен чыгашалар» 

Бул эсепте кеңсе товарларына кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8070 «Коммуникацияга кеткен чыгашалар» 

Бул эсепте байланыш кызматтарынын жана башка коммуникациялар үчүн чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда, эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8080 «Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте камсыздандырууга кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8090 «Лицензияларды алууга жана башка макулдашуулар боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте лицензияларды алууга жана башка макулдашууларды сатып алууга кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8100 «Чегерүүдө эске алынбаган КНС боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган, чегерүүдө эске алынбаган КНС боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8110 «Негизги каражаттарды оңдоо жана техникалык тейлөө» 

Бул эсепте негизги каражаттарды оңдоого жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8120 «Компьютердик камсыздоо-программалык камсыздоо боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте программалык камсыздоону сатып алууга, орнотууга жана тейлөөгө кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8130 «Өкүлчүлүк чыгашалары» 

Бул эсепте кандайдыр бир иш-чаралар өткөрүлгөн учурда кардарларга жана кызматкерлерге кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8140 «Аудиторлорго сый акылар» 

Бул эсепте аудитордук компаниялардын же жеке аудиторлордун аудит жана консультациялык кызматтарына кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8150 «Юристтерге сый акылар» 

Бул эсепке юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8160 «Окутуу боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте кызматкерлерди окутуу боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8170 «Консультациялар боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте аудитордук жана юридикалык кызматтарга кирбеген башка консультациялар боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8180 «Коомчулук менен байланыштар боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте коомчулук менен байланыштар боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8190 «Башка салыктар боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте башка салыктар боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8200 «Иш сапар чыгашалары (жергиликтүү)» 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча кызматкерлердин иш сапарлары боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8210 «Иш сапар чыгашалары (эл аралык)» 

Бул эсепте кызматкерлердин чет өлкө иш сапарлары боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8220 «Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8230 «Айыптар, туумдар, бюджетке үстөк айыптар» 

Бул эсепте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыктан бюджетке төлөнүүчү айыптар, туумдар, үстөк айыптар боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш

8240 «Айыптар, туумдар, чарбалык келишимдер боюнча үстөк айыптар» 

Бул эсепте контрагенттер менен келишимдик милдеттенмелердин бузулушунан улам контрагенттерге төлөнүүчү айыптар, туумдар, үстөк айыптар боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8470 «Негизги каражаттарды амортизациялоого чыгашалар» 

Бул эсепте негизги каражаттардын амортизациясына чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8480 «Материалдык эмес активдерди амортизациялоого чыгашалар» 

Бул эсепте материалдык эмес активдердин амортизациясына чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

8490 «Башка жалпы жана административдик чыгашалар» 

Бул эсепте чыгашаларды эсепке алуунун башка эсептерине кирбеген башка жалпы жана административдик чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9000 «Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер жана чыгашалар» бөлүмү 

Бул бөлүмдүн эсептеринде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык эмес (инвестициялык жана финансылык) ишинен түшкөн кирешелердин жана чыгашалардын эсеби жүргүзүлөт. 

9100 «Операциялык эмес иштен кирешелер» эсептер тобу 

9110 «Пайыздар түрүндөгү киреше» 

Бул эсепте коммерциялык банктарга жайгаштырылган депозиттерден алынган пайыздар, карыздык баалуу кагаздар түрүндөгү кирешелер эсепке алынат. Кирешелер келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Отчеттук жылдын аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9120 «Ассоциацияланган жана туунду компаниялардан киреше» 

Бул эсепте ассоциацияланган, туунду компаниялардан кирешелер эсепке алынат. Кирешелер таанылган учурда, эсеп кредиттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9130 «Дивиденддерден киреше» 

Бул эсепте дивиденддерден түшкөн кирешелер эсепке алынат. Кирешелер таанылган учурда эсеп кредиттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9140 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан киреше» 

Бул эсепте чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан (оң курстук айырма) киреше эсепке алынат. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9190 «Башка операциялык эмес кирешелер» 

Бул эсепте операциялык эмес иштен түшкөн кирешелердин башка түрлөрүнө таандык болбогон башка кирешелер эсепке алынат. Киреше келип чыккан учурда эсеп кредиттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп дебеттелет. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9500 «Операциялык эмес иштен чыгашалар» эсептер тобу 

Бул эсептерде төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын операциялык эмес иши боюнча чыгашалар эсепке алынат.  

9510 «Пайыздар түрүндөгү чыгашалар» 

Бул эсепте алынган карыздык каражаттардын пайыздар, эсептерди мөөнөтүнөн мурда төлөө үчүн берүүчүлөрдөн колдонулбай калган жеңилдетүүлөр ж.б.у.с. түрүндөгү чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9520 «Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан чыгымдар» 

Бул эсепте чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан чыгашалар (терс курстук айырма) эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9530 «Кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар» 

Бул эсепте операциялык иш менен байланышпаган шектүү карыздарды эсептен чыгаруунун же таануунун натыйжасында келип чыккан кайтарылбас карыздар боюнча чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9590 «Башка операциялык эмес чыгашалар» 

Бул эсепте операциялык эмес иштен чыгашалардын башка түрлөрүнө таандык болбогон башка чыгашалар эсепке алынат. Чыгашалар келип чыккан учурда эсеп дебеттелет. Отчеттук мезгилдин аягында убактылуу эсептер жабылганда, эсеп кредиттелет. Эсеп дебеттик сальдого ээ болууга тийиш. 

9900 «Пайда салыгы» 

9910 «Пайда салыгы боюнча чыгашалар (кирешелер)» 

Бул эсепте ФОЭСтин «Пайда салыгы» деп аталган 12-стандартына ылайык милдеттенмелердин методу менен аныкталган пайда салыгынын чыгашаларын эсепке алуу жүргүзүлөт. 9900 эсеби кредиттик сыяктуу эле, дебеттик сальдого ээ болушу мүмкүн. 9900 эсеби убактылуу эсеп болуп саналат; отчеттук мезгилдин аягында эсептин сальдосу 5999 «Кирешелер жана чыгашалар жыйындысы» эсебинин дебетине же кредитине киргизилет.  

«Баланстан тышкаркы эсептер» бөлүмү  

Бул бөлүмдүн эсептеринде убактылуу пайдаланууга же жооптуу сактоого алынган баалуулуктарды, баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдарды ж.б.у.с. эсепке алуу үчүн баланстан чыгарылган, бирок эксплуатацияда турган активдерди эсепке алуу жүргүзүлөт. 

11010 «Ижарага алынган негизги каражаттар» 

11011 «Ижарага алынган негизги каражаттардын амортизациясы» 

11020 «Баасы төмөн жана тез тозулуучу буюмдар» 

11030 «Так отчеттуулук бланктары» 

11040 «Сактоодогу товарлар» 

11050 «Жооптуу сактоого кабыл алынган товардык-материалдык баалуулуктар» 

11060 «Төлөөгө жөндөмсүз дебиторлордун эсептен чыгарылган карызы»