Кайта келүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ЖАНА 

Кыргыз Республикасынын УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

Бишкек шаары, 2022-жылдын 8-апрели № 206/68/4 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында акча жүгүртүүнүн ачык-айкындыгына жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин; 

1) 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө медициналык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формадагы төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын кассаларына түрдө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана/же QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн."; 

2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

  

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 

А.Жапаров 

  

К.Боконтаев 

  

  

  

Тиркеме 

  

  

  

  

  

"2-тиркеме 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) ишке ашырууга карата 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

  

Иш-чаралар 

Аткаруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөр системасын уюштуруучулук-укуктук өнүктүрүүнү камсыз кылуу/өркүндөтүү 

1.1 

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мамлекеттин катышуу үлүшү бар коммерциялык банктар үчүн банктык жабдууларды (банкоматтарды, төлөм терминалдарын, күркөлөрдү жана POS-терминалдарды) сатып алуу/орнотуу, ошондой эле банктык жабдууларды орнотуу үчүн турак эмес жайларды ижарага алуу боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

ФМ, КРУБ, КБ (макулдашуу боюнча) 

1.2 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууда эскроу-эсеп келишимин пайдалануу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

ЭКМ, КРУБ, СӨМ, АЧМ 

1.3 

Бизнес-ассоциациялар менен биргеликте чарба жүргүзүүчү субъекттердин эмгек акыларын банктык төлөм карталарына которуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана айрым мыйзам актыларына чарба жүргүзүүчү субъекттерге эмгек акыларды накталай эмес формада төлөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

ЭКМ, ММБФ, КРУБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана башка мамлекеттик органдар, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) 

2. Калк арасында накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жайылтуу 

2.1 

Товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөө системасын пайдаланууга карата жарандарга дем берүүчү иш-чараларды өткөрүү 

2018-2022-жылдар 

"КБС" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

2.2 

Паспорт (ID-карт) алууда 16 жашка толгон адамдар арасында банктык төлөм карталарын жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-2022-жылдар 

КБ, КРУБ, СӨМ 

2.3 

Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системаларын пайдалануунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымдоо (видеороликтер, аудиороликтер жана публикациялар) 

2018-2022-жылдар 

КРУБ, "КБС" ЮЖБ, КБ, ТУ 

2.4 

Атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымдоо 

2018-2022-жылдар 

БИМ, "КБС" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

2.5 

Калкка банктык төлөм карталарын/электрондук капчыктарды пайдалануу жана тейлөө эрежелери, банктык жабдууларды орнотуу пункттары тууралуу маалымат берүү 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), "КБС" ЮЖБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

3. Накталай эмес формадагы төлөмдөр 

3.1 

Салыктарды накталай эмес формада төлөө жана алыскы региондорду төлөм терминалдары менен жабдуу боюнча долбоорлорду колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү 

2018-2022-жылдар 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.2 

Калктын товарларга (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) накталай эмес формада төлөөсүн камсыздоого карата соода (сервис) уюмдарына дем берүүнү күчөтүү боюнча чараларды көрүү 

2018-2022-жылдар 

ЭКМ, КБ (макулдашуу боюнча), МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.3 

Соода түйүндөрүндө борборлоштуруп кайра бөлүштүрүү жолу менен банктык жабдууларды бирдей орнотууну камсыз кылуу 

2018-2022-жылдар 

КБ, КРУБ, ББА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.4 

Калк алуучу социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды "Элкарт" улуттук төлөм картасына которуу 

2019-2022-жылдар 

СФ, ЭСКММ, КБ 

3.5 

Пенсиялык эсептердеги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү базаны түзүү 

2019-2022-жылдар 

СФ, СӨМ, КБ (макулдашуу боюнча) 

3.6 

Алдын ала төлөнгөн, кредиттик жана дебеттик карталардын, анын ичинде конкреттүү категориядагы кардарлар (мектеп окуучулары, студенттер, мигранттар картасы ж.б.) үчүн түрлөрүн кеңейтүү 

2019-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), БИМ, ЭСКММ 

3.7 

Республиканын региондорунда банктык жана төлөм жабдууларын орнотууну контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, банктардын агенттик тармагын өнүктүрүү 

Туруктуу негизде 

КРУБ, КБ (макулдашуу боюнча), "Кыргызпочтасы" МИ, ЮЖ, ЖИ, ССИ (макулдашуу боюнча) 

3.8 

Транспорттук/жүргүнчүлүк кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөнү накталай эмес/электрондук жана байланышсыз формада (TRANS-PAY, алдын ала төлөнгөн карталар, НСЕ жана QR-код, NFC-технологиялары) кабыл алууну камсыз кылуу 

2018-2022-жылдар 

ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), ЮЖ (макулдашуу боюнча), СӨМ 

3.9 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, айып пулдар үчүн банктык карталар, интернет-банкинг, электрондук капчык ж.б. аркылуу накталай эмес формада төлөөнү киргизүү 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), МСК, СӨМ, БП (макулдашуу боюнча), ИИМ ЖКККББ, "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), КРУБ жана башка мамлекеттик органдар 

4. Банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү 

4.1 

Банктык төлөм карталарын жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу операциялар жаатында банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтик саясатын өркүндөтүү. Калктын анча жогору эмес эмгек акы алган категориясын, ошондой эле социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды алган адамдарды эске алуу менен чекене банктык продуктулар боюнча тарифтерди белгилөө 

2018-2022-жылдар 

КБ, ТСО/ТУ, "БПБ" ЖАК, КРУБ 

4.2 

Улгайган жарандарды (65 жаштан жогору), жаштарды, ошондой эле мурда банктык кызматтарды колдонбогон жарандарды накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тартуу максатында бонустук программаларды иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), ЭСКММ, СФ 

4.3 

Региондордо салыктык төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу (терминалдар, банкоматтар, башка аралыктан банктык тейлөө ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

Дайыма 

МСК, КРУБ, КБ (макулдашуу боюнча), "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

5. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн, карта ээлери үчүн өзүн-өзү тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүндүгүн камсыздоо 

5.1 

Өзүн-өзү тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн төмөнкүлөрдү караган документтерди макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү

2018-2022-жылдар 

ББА, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

5.1.1 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, ички пайдалануу үчүн банктык жабдууларды орнотуу; 

2018-2022-жылдар 

5.1.2 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, имараттын негизги конструкциясына таасирин тийгизбеген тышкы пайдалануу үчүн банктык жабдууларды орнотуу; 

2018-2022-жылдар 

5.1.3 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, тышкы пайдалануу үчүн өзүн-өзү тейлөө жабдуулары үчүн маалыматтык көрсөткүчтөрдү жана (же) коргоо конструкцияларын (калканч, тосмо ж.б.) орнотуу 

2018-2022-жылдар 

5.2 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм терминалдарын банктык төлөм карталарын жана электрондук капчыктарды тейлөө боюнча программаны иштеп чыгуу бөлүгүндө модификациялоо 

2020-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

6. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү 

6.1 

Калктын эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүсүндө (транспорт/ири чекене/дүң рыноктор, коомдук тамактануу пункттары ж.б.) байланышсыз төлөм технологияларын киргизүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), КРУБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

6.2 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзүн-өзү тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүндүгүн берүү максатында ыңгайлуу технологияларды киргизүү 

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), КРУБ 

6.3 

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген улуттук бирдиктүү (интероперабелдүүлүк) төлөм жана эсептешүү мейкиндигин түзүү 

2018-2022-жылдар 

КРУБ, "БПБ" ЖАК (макулдашуу боюнча), СӨМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

7. Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин инновациялык санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу жаатында квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу 

7.1 

Киберчабуулдарга чара көрүү маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү, төлөм системасы жаатында киберкылмыштуулук тобокелдиктерин төмөндөтүүнү аныктоо 

2018-2022-жылдар 

КРУБ, УКМК, ФЧМК, ИИМ 

7.2 

Финансы-кредиттик жана банктык эмес уюмдардын киберчабуулдарды, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы алдамчылыкты маалымдоо жана ыкчам чара көрүү 

2019-2022-жылдар 

КРУБ, КБ (макулдашуу боюнча), УКМК, ФЧМК, ИИМ 

Кыскартуулардын тизмеси 

ЭКМ 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 

ФМ 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

ТКМ 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 

ССМ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 

БИМ 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

ЭСКММ 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 

СӨМ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 

АЧМ 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 

МСК 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

ФЧМК 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 

ММБФ 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 

СФ 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 

УКМК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 

БП 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 

ИИМ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

ИИМ ЖКККББ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 

"Кыргызпочтасы" МИ 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы 

ББА 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин "Бишкек башкы архитектурасы" мамлекеттик мекемеси 

ЖӨБО 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

КРУБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

КБ 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 

ТСО/ТУ 

төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

"БПБ" ЖАК 

"Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому 

"КБС" ЮЖБ 

"Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактардын бирикмеси 

ЮЖ 

юридикалык жактар 

ЖИ 

жеке ишкерлер 

ССИ 

соода-сервистик ишканалар 

".