Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 16-августундагы 

№ 2017-П-14\34-2-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

«Элкарт» төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук /эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө» убактылуу жобо  

 

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор 

 

1.  Ушул Убактылуу жободо «Элкарт» төлөм карты менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасын (мындан ары «Элкарт» системасы) башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору (мындан ары интеграциялоо долбоору) үчүн эсептешүү агентин тандоо критерийлери аныкталат. 

2. Интеграциялоо долбоорунун максаты болуп, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык рыногуна чыгуу жана «Элкарт» системасынын тейлөө тармагын кеңейтүү, ошондой эле «Элкарт» системасынын инфраструктурасында башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларынын карттарын кабыл алуу жана алар боюнча өз ара эсептешүүлөрдү камсыз кылуу саналат.  

3. Эсептешүү агенти интеграциялоо долбоору боюнча келишимдин алкагында башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларынын операторлорунун эсептешүү агенти менен кайсы валютада болбосун өз ара эсептешүүлөрдү өз убагында камсыз кылат.  

4. Интеграциялоо долбоорунун алкагында эсептешүү агентин тандоо чечимин Кыргыз Республикасында төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатка, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн негизги багыттарына, Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) кабыл алат.  

 

2-ГЛАВА.  

Эсептешүү агенттин тандоо критерийлери 

 

1.  Кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө, ошондой эле кредиттик жана төлөм карточкаларын кошо алганда, төлөм документтерин (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка документтерди) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо боюнча банктык операцияларды жүргүзүү боюнча Улуттук банктын лицензиясына ээ жана төмөнкү критерийлерге туура келген коммерциялык банк эсептешүү агенти боло алат: 

1) Кыргыз Республикасынын рыногунда банк ишин кеминде 5 жылдан бери жүзөгө ашырып келген; 

2) CAMELS рейтингдик системасы боюнча экиден төмөн эмес же/жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Улуттук банк тарабынан ыйгарылган тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүк системасы боюнча экиден төмөн болбогон рейтингге ээ; 

3) акыркы 12 ай ичинде Улуттук банктын экономикалык ченемдерин, ошондой эле милдеттүү камдык талаптарды бузууга жол берүүлөр катталбаган; 

4) акыркы үч жыл ичинде Улуттук банк тарабынан атайын режимдерди киргизүү түрүндө таасир этүү чаралар көрүлбөгөн; 

5) «Элкарт» системасынын түздөн-түз катышуучусу болгон;  

6) Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын катышуучусу болуп саналган;  

7) чет элдик төлөм системасынын операторунун эсептешүү агенти менен корреспонденттик мамилеге ээ (артыкчылык берилет).  

 

3-ГЛАВА.  

 

Эсептешүү агентинин функциялары  

 

1. Эсептешүү агенти төмөнкү функцияларды аткарат:  

1) «Элкарт» системасы менен интеграцияланган башка өлкөнүн улуттук /эл аралык төлөм системасынын эсептешүү агенти менен корреспонденттик мамилелерди түзөт жана өз алдынча алып барат;  

2) «Элкарт» улуттук системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзөт; 

3) «Элкарт» улуттук системасынын операторунун тапшыруусу боюнча башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системалары инфраструктурасында «Элкарт» карттары боюнча операцияларга тиешелүү кайсы валютада болбосун акча каражаттарынын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларынын эсептешүү агентине өз учурунда которулушун камсыз кылат жана которулган каражаттар боюнча улуттук валюта эквивалентиндеги анын ордун толтурган каражатты Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдү гросстук (мындан ары ГСРРВ) системасы аркылуу алат; 

4) башка өлкөнүн улуттук/эл аралык төлөм системаларынын эсептешүү агентинен «Элкарт» системасынын инфраструктурасында бул системанын карттарынын операциялары боюнча акча каражаттарын алат жана тиешелүү сумманын ГСРРВ системасы аркылуу «Элкарт» системасынын катышуучуларынын Улуттук банктагы корреспондеттик эсебине өз убагында которулушун камсыз кылат. 

 

4-ГЛАВА.  

Эсептешүү агентинин милдеттенмеси 

 

1. Интеграциялоо долбоорунун алкагында эсептешүү агенти төмөнкүлөргө милдеттүү

1) ушул Убактылуу жобонун 2-главасында эсептешүү агентин тандоо үчүн белгиленген критерийлерге ылайык келүүгө, ошондой эле өзүнө алган бардык милдеттенмелердин сакталышын камсыз кылуу; 

2) Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте каржаттардын жетишсиздигине, ошондой эле ГСРРВ талаптарына ылайык төлөмдөрдүн кечигүүсүнө же туруп калышына жол бербөө

3) «Элкарт» улуттук системасы боюнча жүгүртүүлөрдүн орточо айлык маанисинен азды түзбөөгө тийиш болгон (өткөн айдын ар бир күнү ичиндеги жүгүртүүлөр суммасы/өткөн айдагы төлөмдөр ишке ашырылган күндөрдүн саны), төлөө мөөнөтү кеминде 3 айды түзгөн (күрөөгө коюлгандарды эске албаганда) мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын баалуу кагаздар портфелине ээ болушу зарыл; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-февралындагы №2018-П-14/6-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

4) эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча колдонуудагы иш-чаралар планы болуу; 

5) «Элкарт» улуттук системасы менен интеграцияланган төлөм системалардын эсептешүү агенттери менен маалыматтарды өткөрүүнүн негизги жана резервдик каналын камсыз кылуу; 

6) «Элкарт» системасынын катышуучулары, ошондой эле «Элкарт» системасы менен интеграцияланган башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларынын эсептешүү агенти менен эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн гарантиялоо; 

7) «Элкарт» системасы менен интеграцияланган башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларынын эсептешүү агенти жана «Элкарт» системасынын катышуучулары менен Ликвиддүүлүктүн жетиштүүлүгүн эсептөө ыкмасын, Өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу жол-жобосун иштеп чыгуу жана бекитүү

8) банктын маалымат системаларына кеминде эки жылда бир жолу тышкы аудит жүргүзүү. Эсептешүү агенти маалымат системаларына аудитти Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга жүргүзүлүүчү тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүүгө тийиш.  

 

5-ГЛАВА.  

Корутунду жоболор 

 

1. Эгерде көрсөтүлгөн критерийлерге жана милдеттенмелерге бир нече коммерциялык банктар туура келсе, анда банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери» индекси) боюнча талапты аткарган жана өздүк капиталынын көлөмү чоң, финансылык туруктуулук көрсөткүчү жогору же/жана эл аралык абройго ээ аудитордук компания тарабынан аудитордук текшерүүдөн өткөн коммерциялык банка артыкчылык берилет.  

2. Эгерде ушул Убактылуу жобонун 2-главасында көрсөтүлгөн критерийлердин бирине дагы туура келбегендиги үч ирет аныкталаса, өз ара эсептешүүлөр боюнча милдеттенмелер жана мөөнөттөр сакталбаса, ошондой эле «Элкарт» системасынын катышуучулары жана «Элкарт» системасы менен интеграцияланган башка өлкөлөрдүн улуттук / эл аралык төлөм системалары жана/же эсептешүү агенти тарабынан даттануу келип түшсө, эсептешүү агентин алмаштыруу укугун Улуттук банк өзүнө калтырат. 

3. Бир ай ичиндеги жүгүртүүлөрдүн орточо мааниси «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан айына 1 (бир) жолу, өткөн айдагы маалыматтын негизинде эсептелинип, коммерциялык банк-эсептешүү агенти тарабынан отчеттук ай ичинде ушул убактылуу жобонун 4-главасынын 1-пунктунун 3-пунктчасынын талабы аткарылышы максатында тиешелүү маалымат отчеттук айдан кийинки айдын 5не чейин андан ары колдонуу үчүн Улуттук банкка жана коммерциялык банкка жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-февралындагы №2018-П-14/6-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)