Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2015-жылдын 9-декабрындагы

№ 76/8 токтомуна карата

тиркеме

Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иш жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө", "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталган.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Электрондук акчанын формаларынын бири катары алдын ала төлөнгөн карттарды чыгарууга жана жайылтууга байланыштуу иш Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-марттагы токтому менен бекитилген № 15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системанын катышуучуларынын ушул жободо каралбаган өз ара мамилелери, алардын жоопкерчиликтери, укуктары жана милдеттери тиешелүү келишимдерде же макулдашууларда аныкталат.

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

5. Бул жободо төмонкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:

Авторизация - эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат.

Авторизациялык талап - эквайерден системанын белгиленген эрежелери боюнча транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алууга карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап.

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (cash-in) - кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарлары, карт ээлери, сервистен пайдалануучулар тарабынан нак акча каражаттарын депондоштуруусу (кабыл алуусу)/берүүсү үчүн каралган терминал.

Аутентификация - бул, идентификатор сунуштагандардын (ПИН-код, логин ж.б.) мүнөздөмөлөрүн салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо процесси.

Банктык төлөм карты (карт) - бул, карт ээсине терминалдар же башка жабдуулар аркылуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча каражаттарын алууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти, ошондой эле бул карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, эмитентте ачылган, ээси аныкталбаган металл эсепте жайгаштырылган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү жана эсепке алуу, ээлик кылуучу тарабынан банктык эсепте турган акча каражаттарын тескөөгө алуусу үчүн банктык эсептен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген каражат. Карт эмитент тарабынан айкын жана электрондук түрдө чыгарылышы мүмкүн (виртуалдык карт интернеттен коопсуз сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каралган. Коммерциялык банктар аларды коопсуз жүргүзүү жана эсептешүү эрежелерин кошо алганда, виртуалдык карттар менен ички операцияларды ишке ашыруу жол-жоболоруна ээ болууга тийиш). Карт боюнча операциялар карт ээси тарабынан банктык эсептеги (дебеттик) ага тиешелүү болгон акча каражаттарынын калдыктарынын же банктык эсепте акча каражаттары жетишсиз болсо же жок учурда эмитент тарабынан банктык эсеп келишимине ылайык берилген кредиттин (овердрафт, кредиттик) чегинде ишке ашырылат. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат жана карт ээсине келишим шарттарына ылайык пайдаланууга берилет.

Банктык эсеп - бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы.

Банкомат - нак акча каражаттарын берүү жана/же кабыл алуу, картка акча каражаттары жөнүндө маалыматты жазуу, карт ээсинин ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды алуусу, нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана ишке ашырылган транзакциялардын бардык түрү боюнча карт-чектерин берүү үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана картты пайдалануу менен операцияларды коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусуз эле, өз алдынча жүргүзүүгө карт ээсине мүмкүнчүлүк берет.

Байланышсыз төлөм - карт жана анда чагылдырылгандарды чечмелеген жабдуулардын же терминалдын өз ара байланышуусуз ишке ашырылган төлөм.

Эсеп ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер.

Карт ээси - банктын кардары, жеке адам, анын ичинде эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, эсеп ээси - юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилгендер.

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - Процессинг борбору) - Кыргыз Республикасынын "Элкарт" улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси, ал "Элкарт" банктык төлөм картын, ошондой эле процессинг борбору менен интеграцияланган башка системалардын карттарын пайдалануу аркылуу ишке ашырылган транзакциялардын процессинги үчүн каралган.

Индент мөөр - картка рельефи жок ар түрдүү символдор басылган, карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, б.а. символдор карттын бетине чагылдырылбайт.

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Карт-чек - транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана анын ишке ашырылгандыгын тастыктаган, карттарды пайдалануу менен транзакцияларды ишке ашырууда терминал, банкомат же башка жабдууларда таризделген кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдигин кыскартуу үчүн карт-чек карттын номери жөнүндөгү толук маалыматты ачык түрдө камтыбоого тийиш, ал эми карт ээсинин номери жөнүндөгү жарым-жартылай маалыматты коопсуздук системасынын эрежелерине ылайык камтый алат.

Шек туудурган жагдай - коргоого алынган маалыматтардан башка бирөөнүн пайдаланышы же пайдаланган деп шектенүү фактысы.

Ко-бейджингдик карт - эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт.

Ко-брендингдик карт - коммерциялык банктар жана кайсыл болбосун уюм/уюмдар менен биргеликте чыгарылган карт.

Локалдык төлөм системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү ишке ашыруу системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык улуттук төлөм системасынын банкоматтарында жана терминалдарында тейлениши мүмкүн.

Айкын убакыт ыргагында банктар аралык эсептешүүлөрдүн гросстук системасы - финансы рынокторунун (улуттук акча, валюта рыноктору жана капитал, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу) катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча которуулар, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонууга байланыштуу которуулар ишке ашырылган төлөм системасынын түрү (тиби).

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эл аралык төлөм системасы (мындан ары - Төлөм системасы) - Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ушул системанын операторлорунун талаптарына ылайык эмитирленген жана тейлөөгө алынган эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы. Система аркылуу анын катышуучулары ортосунда картты пайдалануу менен төлөмдөр боюнча чет өлкө валютасында өз ара эсептешүүлөрдүн белгилүү бир эрежелери белгиленет.

Көп фактордук аутентификация - өркүндөтүлгөн аутентификация, тиешелүү маалыматты алуу үчүн андан пайдалануучу бир нече идентификаторду сунуштаган контролдоо ыкмасы.

Улуттук карт - улуттук төлөм системасынын операторлору менен тиешелүү келишим түзүшкөн кайсыл болбосун эмитенти - Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан чыгарылган "Элкарт" системасынын карты.

Банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы - Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иш алып барган, улуттук "Элкарт" системасынын картын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы.

Улуттук төлөм системасынын оператору - "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому.

Ээси аныкталбаган металл эсеп - баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операциялардын жүргүзүлүшүн жана жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп.

Овердрафт - кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал эмитент менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашык төлөмдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет.

POS (point-of-sale) терминал - терминал - соода-тейлөө ишканасында төлөм карттары, электрондук капчык жана/же аралыктан тейлөөнүн башка инструменттери аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү үчүн орнотулган банктык жабдуу.

Аралыкта орнотулган жабдуу - банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка жабдуулар.

Персонализация - тиешелүү төлөм системасынын карттар менен эсептешүүлөр боюнча регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине чагылдыруу жана/же жазуу жол-жобосу.

Персоналдык идентификациялык номер (ПИН-код) - транзакцияны ишке ашырууга мүмкүндүк берген карттан пайдалана алууга шарт түзгөн жана акча каражаттарын банктык карттын ээси тарабынан тескөөгө алуу укугун тастыктаган пароль.

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу - сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр).

Күн мурунтан чыгарылган карт - картка анын ээсинин аты-жөнүн көрсөтпөстөн банктын бөлүмүндө дароо берилүүчү, кардарга акча которууларды алуу, аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу акча каражаттарын нак акчага айландыруу, соода түйүндөрүндө сатып алууларды нак эмес түрдө төлөө, интернет аркылуу операцияларды ушул жобонун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү үчүн ачылган жана белгилүү бир эсептен пайдалана алуусун камсыз кылган карт.

Процессинг - карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана эсептешүүлөрдү катышуучуларга жөнөтүүнү кошо алгандагы иш чөйрөсү, ошондой эле карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимде каралган башка функцияларды аткаруу иши.

Процессинг борбору - процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак.

Нак акча каражатын кабыл алуу жана/же берүү пункту - нак акча каражаттарын берүү жана (же) кабыл алуу операциялары, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү ишке ашыруу үчүн тиешелүү деңгээлде жабдылган иш орду (жайы).

Эсептешүү агенти - картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда жыйынтыкталган эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм.

CVV-код - интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код.

Картты пайдалануу менен эсептешүү системасы (банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча төлөм системасы) - картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн каралган нормалардын, стандарттардын, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системасы локалдык, улуттук жана эл аралык системаларга бөлүнөт.

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Стоп-баракча - товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү кабыл алууга жана валюталарды алмашууну кошо алганда, эмитент тарабынан нак акчаларды кабыл алууга же берүүгө тыюу салынган карттардын тизмеси.

Банктык төлөм карттарын кабыл алуу үчүн терминал (терминал) - тиешелүү төлөм системасында (системасынан) ишке ашырылган карттар менен операциялар тууралуу маалыматтарды түзүү, жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча маалыматтарды каттоого мүмкүндүк берген электрондук жабдуу.

Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) - бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим болгон шартта жана Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелеринин агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн.

Транзакция - картты пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, валюталарды алмаштырууда же нак акча каражаттарын алууда), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт.

Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары - эмитент, карт ээси, эквайер, соода тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти.

Чарджбек - кайтарылган же кине коюлган төлөм, төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү жүзөгө ашыруудан эмитенттин баш тартуусу (талаш туудурган транзакция). Чарджбек талаш туудурган транзакциялардын суммасына тиешелүү төлөм системасынын эрежелери талап кылган документтерди тариздөө менен эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу регламентте белгиленген аткаруу мөөнөтүндө ишке ашырылат.

Эквайер - эквайрингди жүзөгө ашырууга уруксат алган коммерциялык банк, тиешелүү төлөм системаларынын технологияларына жана ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизациялоону же транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүнүн ээси.

Эквайринг - аралыкта орнотулган жабдууларды орнотуу боюнча соода тейлөө ишкана менен келишимдик мамилелерди жана сатылган товарлар, иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары карттарды кабыл алуу боюнча соода тейлөө ишканасы менен эсептешүүлөрдү жана/же карт ээлерине нак акча каражаттарын берүүнү камсыз кылууну өзүнө камтыган коммерциялык банктын иши.

Электрондук коммерция - электрондук формадагы банктык карттардын айрым реквизиттерин чагылдыруу менен компьютердик түйүн аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө буйрутма берүү/сатып алуу боюнча транзакциялары иштеп чыгуу жана өткөрүү.

Эмбоссирлөө - картка рельеф түрүндө маалыматтарды чагылдыруу.

Карт эмиссиясы - коммерциялык банктын картты чыгаруу боюнча иши.

Эмитент - тиешелүү төлөм системасынын технологияларына, ченемдик актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, карттарды чыгарууну жүзөгө ашырган коммерциялык банк.

Виртуалдуу POS-терминал - орнотулган POS-терминалды алмаштырган жана банктын системасы менен өз ара иш алып барган веб-интерфейс.

Виртуалдык карта - банктык эсепке байланыштырылган, электрондук коммерциялык максаттарга каралган жана айкын колдонуусуз электрондук түрдө чыгарылган, интернет тармагында товарларды сатып алуу үчүн каралган атайын карта. Виртуалдык карта соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу сатып алууларды төлөө жана банкоматтардан нак акча каражаттарын алуу үчүн каралган эмес.

Мобилдик POS-терминал (mPOS) - банктык карт аркылуу нак эмес эсептешүүнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган смартфондор же планшеттик компьютерлер үчүн түзүлүш жана программалык камсыздоо.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3-глава. Карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү тартиби 

6. Карт, техникалык мүнөздөмөсү төлөм системасынын оператору тарабынан бекитилген, төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин талаптарына ылайык келген пластик материалынын негизинде даярдалат. Картты даярдоо атайы жабдуу менен ишке ашырылууга тийиш, анда картты персоналдаштырууну жана тиешелүү төлөм системасынын карттарынын функционалдык мүнөздөмөлөрүн сактоо үчүн маалыматтарды топтогон каражат (магниттик тилке, микропроцессор (интегралдык чийме), ж.б.) камтылууга тийиш.

7. Төлөм системасынын регламентине жана иш тартибине ылайык жана эсептешүү схемаларынын түрүнө жараша карттар дебеттик карт, овердрафт менен дебеттик карт (дебеттик-кредиттик) жана кредиттик карт болуп бөлүнөт.

8. Банк эсебинин валютасына жараша карт ээсине нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, анын чегинен тышкары нак акча каражаттарын алуу учурунда, системанын регламентине жана иш тартибине ылайык валюталык-алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү сунушталат.

9. Эгерде карт ээси, жеке адам, карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин жана/же банк эсеби келишиминин негизинде эсеп ээси болуп саналышса, карт жеке (өзүмдүк) болуп саналат. Жеке картты пайдалануу аркылуу каражаттарды чегерүү жана алып салуу боюнча кандай болбосун операциялар карт ээсинин банк эсебинен жүзөгө ашырылат.

10. Эгерде карт ээси - жеке адам операцияларды картты пайдалануу менен ага юридикалык жак/жеке ишкер, эсеп ээси тарабынан чегерилген ыйгарым укуктарга ылайык ишке ашырса карт корпоративдик болуп саналат. Акча каражаттарын эсептен алып салуу боюнча операциялар ошол юридикалык жактын/жеке ишкердин корпоративдик эсебинен жүзөгө ашырылат.

11. Карт, эгерде анын ээси банктык эсептин ээси болуп саналса, ал негизги болуп саналат.

12. Эгерде эсеп ээси ишенимдүү жакка өз банк эсеби боюнча операцияларды эмитент менен эсеп ээси ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген сумманын жана шарттардын чегинде жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берсе, анда карт кошумча карт болуп саналат.

13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү же компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштуу болгон карт үчүн), картты колдонуу мөөнөттөрү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга, интернетте коопсуз сатып алууларды жүргүзүү үчүн каралган виртуалдык карттарга таркатылбайт. Электрондук капчык технологиясы колдонулган карттар "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат.

Эгерде карт күн мурунтан чыгарылса жана аны колдонуу мөөнөтү чектелген болсо (3 жылдан жогору эмес), анда карт ээсин банк-эмитентте идентификациялоо учурунда, карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшүнө жол берилет. Күн мурунтан чыгарылган карт аркылуу транзакциялар ПИН-кодду пайдалануу менен гана ишке ашырылат.

14. Карт ээсинин банк эсеби нак жана нак эмес акча каражаттары, ошондой эле эмитент жана эсеп ээси ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, эсеп ачуусуз акча которуу жана банктык операцияларды жүргүзүү аркылуу толтурулат.

15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:

- соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү;

- банкоматтардан/нак акча берүү пунктуларынан жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине акча каражаттарын которуу;

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуулар системасы аркылуу жүзөгө ашыруу;

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзө алат;

- банктардын кассасы, банктардын cash-in - терминалдарынан/жана банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр чөйрсүнүн агенттери, банкоматтар, акча которуулар системасы жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-1. Банктын агенти аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм карттары аркылуу нак акчага айландыруу лимиттери 150 эсептик көрсөткүчтөн күн ичинде бир карт ээсинен ашпоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Соода-тейлөө ишканалары товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн карттарды төлөөгө кабыл алуу менен ошол ишканада орнотулган жабдуулар аркылуу эквайер менен төлөмдөр ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалыматтар менен алмашат. Бул милдеттүү түрдө электрондук авторизациялоо аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Ал эми микропроцессору бар карттар үчүн соода-тейлөө ишканасы жана эквайер ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн шартта гана электрондук авторизациялоо банк-эмитенттин системасына тике туташуусуз эле ишке ашырылышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Карт ээси тарабынан аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документи статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган карт-чегин тариздөө менен тастыкталат:

- документтин номери, операция ишке ашырылган күн жана убактысы;

- соода түйүнүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду);

- төлөм суммасы;

- төлөм валютасы;

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код;

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык);

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери;

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык операция нак акча берүү пункттары же соода-тейлөө ишканалары аркылуу ишке ашырылган шартта). Операция ПИН-кодду чагылдыруу аркылуу ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылууга тийиш, мында карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт.

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, карт-чекте кошумча реквизиттер камтылышы мүмкүн.

Бул талап байланышсыз төлөмдөргө жана электрондук коммерция операцияларына таркатылбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Эквайер алдамчылык аракеттерине бөгөт коюу жана банктык карттагы маалыматтардын сакталышы максатында аралыкта орнотулган жабдууларды коргоо каражаттары менен камсыз кылууга тийиш. Эквайер карттагы маалыматтардын сакталышын камсыз кыла албаса, (микропроцессорго ээ карттарды тейлөө, көп фактордук аутентификация, коргоо каражаттары менен жабдылган жабдууларды аралыкта орнотуу, ж.б.), анда ал карт эмитентине, эквайер жабдуусунда маалыматтардын корголушу талабын аткара албагандыктан келип чыккан чыгым ордун толуктап берүүгө милдеттүү. Мындай учурда эмитент эквайердин жабдуусунда көйгөйлүү маселе келип чыккандыгы фактысын ага маалымдоого (көрсөтүүгө) тийиш.

Эквайер эмитентке маалымдаган учурдан тартып, ошондой эле эгерде эмитент карт боюнча кошумча коргоо каражаттарын колдоого албаса жана эквайердин иш-аракетинде алдамчылыкка баруу белгилери байкалбаса, карт боюнча келип чыккан чыгымдардан бошотулат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Жыйынтыктоочу эсептешүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган катары таанылган шартта, төлөм системасында мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди жана карт ээсинин банктык эсебине акча каражаттардын милдеттүү түрдө кайтарылышын жөнгө салган жол-жобо каралууга тийиш. Эгерде карт ээси менен түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса, талаш маселелерди жөнгө салуу мезгили ичинде мындай сумма карт ээсинин банктык эсебинде блокировкаланышы мүмкүн. Эмитент менен карт ээси ортосунда келип чыккан талаш маселелер, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар, алар ортосунда түзүлгөн келишимде, тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси менен соода-сервис ишканасы ортосунда келип чыккан талаш маселелерди чечүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат жана ал системанын эрежелерин жана келишимдерин жөнгө салган бөлүгү болуп саналбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Карт ээси эмитентке келишимге ылайык тиешелүү өтүнүч катты жолдоо менен картты пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциядан баш тартышы мүмкүн. Эмитент чарджбекти тиешелүү төлөм системасынын регламентине жана тартибине ылайык берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. Эгерде тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгилүү бир түрдөгү чарджбекти сунуштоо мөөнөтү чектелген болсо, анда бул мөөнөт өткөндөн кийин карт ээсинин чарджбекти сунуштоого өтүнүч каты берилгенде банк бул өтүнүч катты кароого укуктуу эмес.

4-глава. Эмитентке карата талаптар 

21. Банк кардардардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө, ошондой эле кредиттик жана төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана тастыктоо иштерин жүзөгө ашыруу укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилген банктык лицензияга ээ болгон учурда гана эмитент болушу мүмкүн, бул учурда ал карттарды чыгарып, жайылтууну жүзөгө ашыра алат.

Банк тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу келишимин түзүүгө жана ошол операцияны ишке ашырууга андан уруксат алууга тийиш (ички банктык бир эмитенттик системадан тышкары).

22. Тиешелүү төлөм системасынын карттарынын эмиссиясын баштаган банк, белгиленген формада (ушул жобого карата биринчи тиркеме) ал тууралуу тиешелүү уруксаттын көчүрмөсүн жана төлөм системасы менен түзүлгөн келишимди кошо тиркөө менен Улуттук банкка карт эмиссиясы иш жүзүндө башталганга чейинки кеминде бир ай мурда билдирүүгө тийиш. Билдирмеде пландаштырылган банктык карттар эмиссиясы, операциянын масштабы жана мүнөзү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.

Банк карт эмиссиясын токтоткон учурда Улуттук банкка, алар менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык операторго жана өз кардарларына белгиленген формада (ушул жобого карата 1-тиркеме) карт эмиссиясы айкын токтотулганга чейин кеминде бир ай мурда маалымдоого тийиш.

23. Банк эмитирленген карттардын түрлөрүн (локалдык, улуттук, эл аралык), ошол карттарды пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана аларды тиешелүү төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин негизинде кардарларга сунуштоо шарттарын өз алдынча аныктайт.

24. Бюджеттик уюмдардын эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акыларды, ошондой эле пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка түшүүлөрдү/бюджеттик каражаттарды төлөө банк тарабынан Элкарт" улуттук карт аркылуу гана жүзөгө ашырылууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик.

26. Кредитти же овердрафтты алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган эсептешүү схемалары менен карттарды чыгарган банк Улуттук банктан кредиттерди берүү жана кредиттик операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга тийиш. Кредиттик операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктын ички кредиттик саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.

27. Карттарды чыгарган банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелердин изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча талаптарды сактоого милдеттүү.

28. Банк карт ээлерине эсепке алуунун шарттуу бирдиктери менен (литр, килограмм, даана ж.б.) операцияларды жүзөгө ашыруу аркылуу ар кандай финансылык эмес программаларга же айрым бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен аларды эсепке алуу системаларына (жеңилдиктер, бонустар ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) катышууга өбөлгө түзгөн карттарды чыгарышы мүмкүн. Бул финансылык эмес программалар эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактардын катышуусунда ишке ашырылышы мүмкүн.

5-глава. Банктык төлөм карттарды эмиссиялоо тартиби 

29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берүүнү жүзөгө ашырат. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан алынууга тийиш.

30. Банктык төлөм карттарды кайра чыгаруу банктык эсеп ээсинин өтүнүч катынын, ошондой эле эгерде ушул карт боюнча алдамчылык операцияларга жол берилсе же карт ээси доо менен кайрылган учурда банк бардык жоопкерчиликти өзүнө алса, банктын демилгеси боюнча эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктык эсеп ээсинин өтүнүч каты факс, электрондук дарек же аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу эсеп ээсинин кол тамгасынын сканерленген көчүрмөсү түрүндө банкка берилиши мүмкүн.

Банк карт берүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Келишим түзүүдө эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "өз кардарыңды жакшы бил" принциби боюнча банк эсебин ачууда колдонулган эрежелерге жараша карт ээсин идентификациялоого милдеттүү.

32. Эмитент картты берүү жөнүндө өтүнүч катына кол коюуга жана келишимди түзүүгө чейин карт ээсин төмөнкүлөр менен тааныштырууга тийиш:

- келишимдин шарттары;

- картты пайдалануу эрежелери;

- сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери;

- жүргүзүлгөн ар бир транзакция, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга бөгөт коюу максатында, картты блокировкалоо жөнүндө маалымат алуу ыкмалары;

- иштебеген жана дем алыш (майрам) күндөрү карт ээсинин банк менен байланышуусу үчүн маалымат.

Кардар кат түрүндө же аралыктан банктык тейлөө кызматын пайдалануу менен көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз колдонуу боюнча эрежелер келишимге киргизилүүгө же ага тиркелүүгө тийиш.

33. Картты берүү учурунда карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат:

1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка жеке маалыматтары;

2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка жеке маалыматтары;

3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;

4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби;

5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мезгил аралыгы (айына бир жолдон кем эмес);

6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (ПИН-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда көрүлүүчү аракеттер);

7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу;

8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алдамчылык операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү;

9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары;

10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү;

11) талаш маселелерди кароо тартиби;

12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби.

Эмитент карт ээсинин бир транзакция үчүн жалпы суммасы 30 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган төлөмдөрдү жана байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүүнү эле өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.

Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерин маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсинин кат жүзүндөгү макулдугу менен адистештирилген (виртуалдуу) карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт.

Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

34. Эмитент карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин жана эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде кошумча картты берүүгө укуктуу. Кошумча карт ээси тарабынан банктык төлөм карттарды пайдалануу шарттары, эсеп ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишимине жана эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу жакка кошумча карт аркылуу анын эсебин тескөөгө ыйгарым укук берүүгө тиешелүү өтүнүч катынын негизинде эмитент тарабынан белгиленет. Эмитент, банк эсебин ачуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык колдонулган эрежелердин негизинде, кошумча карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү.

35. Дебеттик-кредиттик же кредиттик карттарды берүү учурунда эмитент кош келишимди же өзүнчө кошумча келишимди түзүүгө укуктуу, анда карт ээсинин кредитти же овердрафты алуу мүмкүнчүлүгү, аларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү, кармалып калуучу комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык башка шарттар каралат.

36. Эмитент эл аралык төлөм системасына катышуу келишиминин жана системанын оператору менен келишимдин негизинде жана системанын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген регламентине жана иш тартибине ылайык карт ээлерине эл аралык төлөм системалардын карттарын берүүнү жүзөгө ашырат. Эл аралык карттардын эмитенти, терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого тийиш.

37. Эмитент карт ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн банктык эрежелерине ылайык, жүргүзүлгөн транзакциялардын негизинде эсеп боюнча акча каражаттарын чегерүү же банктык эсептен алып салуу аркылуу картты пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт. Каражаттарды банктык эсептен алып салуу андагы калдыктардын чегинде сыяктуу эле, келишим шарттарына ылайык эмитент тарабынан кредиттин же овердрафтын берилишинин эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн.

38. Эгерде карт ээсинин банктык эсеби башка валютада жүргүзүлсө, акча каражаттарын алып салуу жана чегерүү тиешелүү системанын ички регламентине жана иш тартибине жана/же эмитент менен эсеп ээсинин ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, ошол эсептин валютасына конвертирлөөдөн кийин жүзөгө ашырылат.

39. Эмитент карт ээсинин/эсеп ээсинин талабы боюнча карт ээсине/эсеп ээсине банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмө берүүгө тийиш. Банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмөнү, кошумча көчүрмөлөрдү, карт ээсинин транзакциялары тууралуу маалыматты берүү мөөнөттөрү (айына кеминде бир жолу) жана ыкмалары карттардын тиешелүү системасынын иш тартибинде жана регламентинде жана эмитент менен келишилген келишим шарттарында белгиленет.

6-глава. Блокировкалоо, стоп-баракчага киргизүү жана карттарды алып коюу 

40. Эмитент төмөнкү учурларда картты тейлөөнү токтотушу, блокировкалашы же алып коюшу мүмкүн:

1) карт ээси келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса;

2) картты пайдалануу эрежелерин бузууга жол берсе;

3) картты колдонуу мөөнөтү аяктаса;

4) банктык эсепти ачуу жөнүндө келишим токтотулса;

5) төлөм системаларынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык.

Картты тейлөө токтотулган учурда, эмитент бул тууралуу карт ээсине келишимде белгиленген тартипте маалымдоого тийиш.

41. Эмитент карттын реквизиттерин карт ээсинен аны жоготуп койгондугу, уурдалып кеткендиги же картты санкциясыз пайдалануу учурлары тууралуу өтүнүч кат келип түшкөн шартта, системанын стоп баракчасына каттоого тийиш.

42. Карттын жоголгондугу, уурдалып кеткендиги же андан санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу карт ээсинин эмитентке маалымдоосу жана өтүнүч кат менен кайрылуу мөөнөтү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз учурунда берилиши жоопкерчилиги карт ээсине жүктөлөт. Өтүнүч катты берилгенден тартып, жоголгон же уурдалып кеткен банктык карт аркылуу ишке ашырылган бардык операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Эмитент төмөнкү учурларда банктык карт ээси алдында жоопкерчилик тартпайт:

- карт ээси түзүлгөн келишимдерде белгиленген картты жана ПИН-кодду пайдалануу боюнча эрежелерди жана жол-жоболорду бузууга жол берсе;

- карт ээси укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берген шартта.

Эмитент талаш туудурган кандай болбосун жагдайда карт ээсинин талабы боюнча толук маалыматты, анын ичинде процессинг борборунан, төлөм системасынан, карт ээсинин эсептеринен акча каражаттарын эсептеп алып салууга укуктуу экендигин тастыктоо үчүн өткөрүлгөн транзакциялар боюнча толук маалыматты ага сунуштоого тийиш.

Бул талап магниттик тилкелүү картты колдонуу менен ишке ашырылган операцияларга жана көп фактордук аутентификациясыз электрондук коммерциялык операцияларга таркатылбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Эквайерге карата талаптар 

44. Банк Улуттук банктан операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган учурда гана эквайер катары банктык төлөм карттардын эквайрингин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Банк тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен ага катышуу жана ошол операцияны аткарууга андан уруксат алууга келишим түзүүгө тийиш.

45. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган банк ал тууралуу белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) системадан уруксатты, система менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин жана соода-тейлөө түйүндөр менен типтүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен эквайрингди иш жүзүндө баштаганга чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.

Карттардын эквайрингин токтоткон учурда, Банк ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) эквайрингди иш жүзүндө токтотконго чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө маалымдоого тийиш.

46. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган жана тейлөөгө алган банк төлөм системасы тарабынан колдонулган стандарттарга жана талаптарга ылайык банкоматтардын жана/же терминалдардын өздүк түйүнүн жана башка аралыктан тейлөө жабдууларын орнотуу менен ошол түйүндөрдө системанын бардык карт ээлеринин карттары боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылып алат.

47. Эквайер өз эсебинен аралыкта орнотулган бардык жабдууларда өз түйүндөрү аркылуу улуттук карттарды кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылууга милдеттүү. Эквайерлердин соода-тейлөө түйүндөрү менен кандай болбосун келишимдик мамилелери башка эквайерлер тарабынан улуттук карттарды тейлөөсүндө тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратууга тийиш эмес.

48. Эквайер орнотулган жабдуулар (банкоматтар, терминалдар же башка аралыкта орнотулган жабдуулар) тууралуу ушул жобого карата 3-тиркемеде жана 4-тиркемеде белгиленген тартипте жана формада отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен маалымдоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Эквайер тарабынан картты пайдалануу аркылуу операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн сатылып алынган бардык жабдуулар алардын өз ара тейлөөгө алынышы жана төлөм системаларынын техникалык стандарттарына ылайык келиши үчүн карттардын ар кандай түрлөрүнүн функционалдык ылайыкташуусун камсыз кылышы зарыл.

50. Эквайер, тиешелүү системалардын регламентинде жана иш тартибинде башкасы каралбаса, башка коммерциялык банктардын карттарын аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүндө кабыл алып, аны тейлөөсү үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилебеши мүмкүн. Транзакция ишке ашырылганга чейин кошумча комиссия (surcharge) алына тургандыгы тууралуу карт ээсине маалымдалууга жана ал аны жүргүзүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

Эквайер өз түйүнүндө улуттук карттарды кабыл алгандыгы жана тейлегендиги үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилөөгө укугу жок, бул карт ээсинин эмитент менен түзүлгөн келишимде жана улуттук төлөм системасынын эрежелеринде каралган.

51. Эквайер банкоматтарда акча каражаттарын нак акчага айландыруу боюнча операциялардын өлчөмүнө чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Карт ээси тарабынан банкомат аркылуу ишке ашырылган бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквиваленттен ашпоого тийиш.

52. Эквайер аралыкта орнотулган жабдууга төмөнкү маалыматтарды жайгаштырууга тийиш: банктын аталышы, төлөм системасынын, тейлөөгө кабыл алынган карттардын аталышы, түз байланыш телефону жана башка маалыматтар.

8-глава. Эквайрингге карата талаптар 

53. Соода-тейлөө ишканасында аралыктан тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсеп ачууга жана тиешелүү системанын карттарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. Эквайер менен ишкана ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

- соода-тейлөө түйүнүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги;

- соода-тейлөө түйүнүнүн жана эквайердин карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери;

- соода-тейлөө түйүнү тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карттардын түрлөрү;

- эгерде төлөө картты пайдалануу менен ишке ашырылган учурда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө соода-тейлөө түйүнүнүн тыюу салуулары;

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү;

- соода-тейлөө түйүнүнүн POS-терминалды пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптары;

- соода-тейлөө түйүнү картты төлөм каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосуна тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган негизги талаптар (авторлоштуруу, карт ээсинин лимиттерди идентификациялоосу, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда ПИН-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер ж.б. талаптар);

- тиешелүү система тарабынан кабыл алынбаган ишке ашырылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби;

- карт боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу;

- соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;

- уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же ишканада алдамчылык транзакциялары катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби;

- алдамчылык операцияларына жол берилген учурларда, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол бергенде тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга айыптык санкцияларды белгилөө;

- талаш маселелерди кароо тартиби;

- келишимди токтотуу тартиби;

- транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап.

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карттарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүлгөн шартта банк, бир операция суммасынын лимитин белгилеп, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карт ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документтерди) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар карт-чекте милдеттүү түрдө чагылдырылат.

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карттагы маалыматтар, карт ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөм системасынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун колдоого байланышкан сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл.

55. Эквайер, соода-тейлөө ишканасынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине карттарды кабыл алуу жана тейлөө эрежелерине окутууну, жасалма карттарды аныктап билүүгө же мүмкүн болуучу алдамчылык жагдайларын алдын алууга окутууну тиешелүү системада белгиленген, коопсуздуктун бардык жол-жоболоруна ылайык камсыз кылууга тийиш. Аралыкта орнотулган жабдууларда банктык төлөм карттарын кабыл алууну жана тейлөөнү жүзөгө ашырган ишкананын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин эске албаганда, карттарды тейлөө коопсуздугунун жол-жоболору үчүнчү жактарга маалым болууга тийиш эмес.

56. Соода-тейлөө ишканасы тиешелүү системанын эквайери тарабынан коюлган талаптарга жана стандарттарга, ошондой эле ушул жобого ылайык шарттарда өз терминалын орнотушу мүмкүн. Системада терминал эквайер түзүлүшү катары аныкталат.

57. Эквайер өз аралыктан тейлөө жабдууларын соода-тейлөө ишканасында орнотушу мүмкүн.

58. Эквайер картты пайдалануу менен соода-тейлөө ишканасынын пайдасына жүзөгө ашырылган операциялар боюнча сумманын ордун, системанын регламентинде жана иш тартибинде жана келишимде белгиленген мөөнөттөргө ылайык процессингдин жыйынтыгына жараша бардык карт ээлери боюнча эмитенттерден түшкөн акча каражаттарын чегерүү аркылуу, ордун толтуруп берүүнү ишке ашырат.

9-глава. Операторго жана эл аралык төлөм системаларына карата талаптар 

59. Банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр боюнча улуттук жана локалдык төлөм системаларынын оператору Кыргыз Республикасынын резидентинен болууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын, аталган процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аны берүү (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү жагында иш алып барууга Улуттук банктын лицензиясына ээ болууга тийиш. Лицензияны алуу тартиби жана банктарга карата негизги талаптар ушул жобонун 11-главасында, төлөм системаларынын башка операторлору үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген.

60. Эл аралык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасына Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз эле Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып баруусуна тыюу салынат.

61. Эл аралык төлөм системасы каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка каттоодон өткөртүү жөнүндө өтүнүч катты жана төмөнкүлөр камтылган документтер топтомун жөнөтүүсү зарыл:

- эл аралык төлөм системасынын аталышы;

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, талап кылынган шартта орун алган өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны/сертификатты;

- системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим.

Эл аралык төлөм системасы эл аралык төлөм системаларынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш.

62. Зарылчылык келип чыккан учурда, Улуттук банктын талабы боюнча, айрым документтер электрондук түрдө берилүүгө тийиш.

63. Эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөртүүгө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 календардык күндү түзөт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе жана документтер топтому толук берилбесе, алар жеткире иштеп чыгууга кайтарылат. Эл аралык төлөм системасы 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Бул жобонун талаптарына ылайык келбеген жана толук эмес документтер топтому экиден көп жолу сунушталган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу.

64. Каттоодон өткөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасына каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык төлөм системаларынын реестрине киргизет жана чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 календардык күндөн кечиктирбестен каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты эл аралык төлөм системасына жөнөтөт. Эл аралык төлөм системалары реестрине киргизүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

65. Эл аралык төлөм системасы аны каттоодо көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу өзгөрүүлөр кирген учурдан кийинки 3 жумуш күн ичинде кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, маалыматты банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эл аралык төлөм системалар реестрине 3 жумуш күн ичинде киргизет.

66. Эл аралык төлөм системалары тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт.

67. Эл аралык төлөм системасы каттоо жол-жобосун өткөндөн кийин Улуттук банк үчүн системанын документтерине (эрежелерге, колдонуудагы тарифтерге, типтүү келишимдерге, катышуу үчүн талаптарга, жаңылыктарга, отчетторго ж.б.у.с.), анын ичинде өз сайттарына туруктуу негизде кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш.

10-глава. Процессингге жана процессинг борборуна карата талаптар, жыйынтыктоочу эсептөөлөр жүргүзүү тартиби 

68. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессингин процессинг борбору ишке ашырат.

69. Эгерде төлөм системасы локалдык болуп саналса жана ал локалдык бир эмитенттүү картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө негизденген болсо же өзүнүн процессингин ишке ашырса, кошумча лицензиясыз процессинг борборунун милдеттерин эмитент аткарууга укуктуу.

70. Локалдык көп эмитенттүү картты же башка банктар үчүн эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын процессинг борборунун милдетин, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ага төлөм системасынын, аталган процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүүгө (процессинг, клиринг) лицензиясы болгон шартта, ошол системанын катышуучусу болуп саналышкан эмитент же эквайер аткарышы мүмкүн. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына жөнөтүү иши (процессинг, клиринг) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Процессинг борборунун милдетин ошол эле системанын катышуучусу болуп саналган жана Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон, белгиленген регламентке жана иш тартибине, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдердин негизинде иш алып барган көз карандысыз оператор аткарышы мүмкүн.

72. Улуттук карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдүн процессинги жана улуттук системанын катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позицияларын эсептөө улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Улуттук карттарды пайдалануу менен төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыктоочу эсептөөлөрү системанын иш регламентине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында ишке ашырылат.

73. Эл аралык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессинги ошол системалардын регламентине жана иш тартибине, келишимдерине ылайык эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат.

74. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде карт-резиденттерди пайдалануу менен ар кандай төлөм системаларынын катышуучуларынын ишке ашырылган транзакцияларынын процессингинин натыйжасы боюнча өз ара эсептешүүлөр өлкөнүн улуттук валютасында жүзөгө ашырылат. Ички мамлекеттик операциялар боюнча акыркы эсептешүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында өтүүгө тийиш.

Көңүл буруңуз! КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтомунун 4-п. ылайык 74-п. 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

75. Эмитент, процессинг борбору жана эквайер ортосунда бардык транзакциялар электрондук түрдө ишке ашырылууга жана зарылчылык келип чыккан шартта тиешелүү документтер менен (карт-чектер) тастыкталууга тийиш.

76. Өткөрүлгөн транзакциялар боюнча маалыматтардын процессинг борбору тарабынан эмитенттерге жана эквайерлерге, ошондой эле эсептешүүчү агенттерге берилишинин тартиби, ошол системанын катышуучулары ортосунда түзүлгөн келишимдерде жана/же төлөмдү ишке ашырган тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленет.

77. Карттар менен операциялар боюнча банктар аралык транзакциялардын файлдары процессинг борбору тарабынан системанын иш регламентине жана тартибине ылайык айкын убакыт ыргагында банктар аралык гросстук системасы аркылуу карттар менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда жыйынтыктоочу өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эмитенттерге жана эквайерлерге берилиши мүмкүн.

78. Эгерде төлөм системасынын регламенти жана иш тартиби боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү эсептөөчү агент жүзөгө ашыра турган болсо, процессинг борбору карттар боюнча өткөрүлгөн транзакциялар жөнүндө маалыматтарды, тиешелүү системалардын эмитенттеринин жана эквайерлеринин эсептери боюнча акча каражаттарын чегерүү же эсептен алып салуусу үчүн эсептөө агенттигине жөнөтөт.

79. Төлөмдөр системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык системаларынын карттарын пайдалануу менен өз ара эсептешүүлөрү чет өлкө валютасында чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүү системасы боюнча жүзөгө ашырылат.

80. Процессинг борборлору келишимдик мамилелерге ылайык эмитенттерге жана эквайерлерге кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн (кардарлар үчүн карттарды персонализациялоо, кардарлар жана соода түйүндөрү боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) да сунуштоосу мүмкүн.

81. Процессинг борбору банктык төлөм карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча транзакциялар жөнүндө маалыматтардын Кыргыз Республикасынын төлөм документтери үчүн каралган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен аныкталган мөөнөт ичинде сакталышы жана калыбына келтирилиши үчүн жоопкерчилик тартат.

82. Карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча төлөм системасынын катышуучулары, тиешелүү төлөм системалары үчүн белгиленген регламенттин жана иш тартибинин, жол-жоболордун талаптарына ылайык, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча коопсуздук талаптарын сактоого тийиш.

83. Карттар менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө жана келишимдерде системанын катышуучулары ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.

11-глава. Кошумча лицензия алуу тартиби жана талап кылынган документтер 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

12-глава. Корутунду жоболор 

92. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тобокелдиктерди басаңдатуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды пайдалануу менен иш алып барган төлөм системаларынын ишине мониторингди, талдап-иликтөөлөрдү, жөнгө салууну жана көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.

93. Эмитент, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык, чыгарылган жана тейлөөгө алынган карттардын түрлөрү жана типтери жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө тийиш.

94. Эквайер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык, карттар менен эсептешүүлөр системасынын аралыкта орнотулган жабдууларынын түйүнү боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунуштоого тийиш.

95. Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык карттар менен эсептешүүлөр системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүсү зарыл.

96. Карттардын эмиссиясы жана/же эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар, тиешелүү келишим шарттарынын, транзакцияларды өткөрүү коопсуздугунун жана карттарды пайдалануу эрежелеринин кардарлар тарабынан сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш.

97. Карттардын эмиссиясы жана эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларга тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленген параметрлер боюнча мониторингди жүзөгө ашырууга, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотууга жана/же аларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш. Банктар бул функцияларды келишимдик мамилелерде белгиленген шарттарга ылайык, башка процессинг борборлоруна өткөрүп бере алышат.

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

1-тиркеме

Банктык төлөм карттар эмиссиясынын башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө 

БИЛДИРМЕ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

Ушул аркылуу _____________________________________________________________________

(банктын толук аталышы)

_________________________________________________________________________________

ушул билдирмеге кошо тиркелген ____________________________________________________

(банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү)

________________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык ________________________________________ банктык төлөм карттарын чыгаруу башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет.

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)

Кол тамганын чечмелениши

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

2-тиркеме

Банктык төлөм карттар боюнча эквайринг башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө 

БИЛДИРМЕ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

Ушул аркылуу.____________________________________________________________________

(банктын толук аталышы)

________________________________________________________________________________

ушул билдирмеге кошо тиркелген ___________________________________________________

(банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү)

_____________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык _____________________________________ банктык төлөм карттары боюнча эквайринг башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет.

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)

Кол тамганын чечмелениши

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

3-тиркеме

Аралыкта орнотулган жабдуу (банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка жабдуулар) реестри жөнүндө 

ОТЧЕТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

Банктын аталышы: _______________________________________________

Банктын ИНН: ___________________________________________________

Банктын ОКПО: __________________________________________________

20___-жылдын "___" ________ карата абал боюнча

Катар 

№№ 

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн түрү 

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн ID 

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн жайгашкан орду 

Аралыкта орнотулган түзүлүштөрдө тейлөөгө алган төлөм системаларынын аталышы 

Валютасы 

Иш убактысы 

Жайгашкан орду 

Областы 

Шаар, шаар тибиндеги айыл, айыл 

Көчөсү 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

 

Аралыкта орнотулган түзүлүштүн түрү көрсөтүлөт: (POS-терминал-ТСП, POS-терминал-нак акча берүү пунктулары, cash-in-терминал, банкомат cash out, банкомат cash out + cash-in, виртуалдык POS-терминал, mPOS, башка аралыкта орнотулуучу түзүлүш)

Банктардын каттоо номерлерине ылайык ID түзүлүштөрү көрсөтүлөт

Түзүлүш орнотулуучу жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканасы, уюм ж.б.) (веб-дареги - виртуалдуу пос-терминалдар үчүн (V-POS/mPOS))

Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт (СОАТЕ админ. аймактык бирдик классификаторунан" алынган маалымат)

Шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги айылдын, айылдардын аталышы көрсөтүлөт (СОАТЕ админ. аймактык бирдик классификаторунан" алынган маалымат)

Көчөнүн аталышы көрсөтүлөт

Төлөм системаларынын аталышы көрсөтүлөт

Валютанын коду көрсөтүлөт

Түзүлүштүн иштөө убактысы көрсөтүлөт, мындай маалымат сан түрүндө чагылдырылат: СС.ММ-СС.ММ., күнүүнү иштөөдө 24/7 көрсөтүлөт

Банк Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)

Кол тамганын чечмелениши

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттары жөнүндө" жобого карата

4-тиркеме

Аралыкта орнотулган жабдуу (банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка жабдуулар) реестри боюнча отчетту толтуруу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Аралыкта орнотулган түзүлүштөрдүн реестринде төлөм карттары аркылуу, ошондой эле аларды (cash-in терминалдар) колдонуусуз, кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдаланууну камсыз кылуучу түзүлүштөр жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. Анда алардын жайгашкан орду так көрсөтүлөт жана түзүлүш жөнүндө бир аз маалымат камтылат.

2. Аралыкта орнотулган түзүлүштүн тиби" деп аталган 2-тилкеде түзүлүштүн түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода тейлөө ишканасы, POS-терминал-нак акча берүү пункту, cash-in-терминал, банкомат cash out, банкомат cash out + cash-in, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта орнотулган түзүлүштөр.

3. "Аралыкта орнотулган түзүлүштүн идентификациялык номерлери (ID)" деген 3-тилкеде банктардын катталган номерлерине жараша, түзүлүштүн идентификациялык номерлери көрсөтүлөт.

4. Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде түзүлүш жайгашкан жердин аталышы (соода тейлөө ишканасы, уюм, ж.б.) көрсөтүлөт. Ал эми виртуалдуу POS-терминалдар үчүн веб-дареги көрсөтүлөт (V-POS).

5. Область" деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Административдик-аймактык бирдиктердин классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык, областтын аталышы көрсөтүлөт.

6. Шаар, шаар тибиндеги айыл, айыл" деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Административдик-аймактык бирдиктердин классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык, шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги айылдардын жана айылдардын аталыштары көрсөтүлөт.

7. Көчө" деп аталган 7-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде, аралыкта орнотулган түзүлүштөр белгилүү дареги (көчөнүн аталышы, №) болбогон жайларда жайгаштырылса, анда Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде кыйла толук маалымат берилет, б.а. уюмдун же анын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы, ж.б. көрсөтүлөт.

8. Аралыкта орнотулган түзүлүш аркылуу тейленүүчү төлөм системаларынын аталышы" деген 8-тилкеде Төлөм системасынын түрү" маалымдамасына ылайык, карттардын ушул түзүлүшү аркылуу тейленүүчү төлөм системаларынын аталышы көрсөтүлөт (системалардын аталышы бир ячейкада көрсөтүлүүгө тийиш).

9. "Валюта" деген 9-тилкеде ушул түзүлүш тарабынан берилүүчү же кабыл алынуучу валюталардын коду көрсөтүлөт (валюталар коду бир ячейкада көрсөтүлүүгө тийиш).

10. Иштөө убактысы" деген 10-тилкеде түзүлүштүн иштөө убактысы көрсөтүлөт.

Аталган отчетко коштомо кат тиркелүүгө тийиш, анда киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалымат (банктык жабдууну ачуу/жабуу жана ордун которуу) чагылдырылат.

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө берилүүгө тийиш. Коммерциялык банктар ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын сакталышына, анын ичинде маалыматтын туура жана өз учурунда берилишине жоопкерчиликтүү болуп саналат.

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

5-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна 

№ ___/5 ЛИЦЕНЗИЯ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)