Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк  

Башкармасынын 

2019-жылдын "2" сентябрындагы 

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) 

токтомуна карата 

тиркеме  

 

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын  

операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө"  

ЖОБО 

 

 

1-БӨЛҮК 

ТӨЛӨМ УЮМДАРЫ ЖАНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУ ЖАНА АЛАРДЫН АКЦИОНЕРЛЕРИ (УЮШТУРУУЧУЛАРЫ)/КАТЫШУУЧУЛАРЫ 

 

1-глава 

Жалпы жоболор 

 

1. "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна төмөнкү багыттарда ишкердикти жүзөгө ашырууга лицензия берүү тартиби аныкталган: 

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

Жободо ошондой эле төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна жана алардын кызмат адамдарына карата талаптар белгиленген. 

2. Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору акционердик коомдун же жоопкерчилиги чектелген коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт, алар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келген уюштуруу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырат. 

3. Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензия мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жактарга берүүгө болбойт.  

4. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун лицензиясы үчүн төлөнүүчү мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 

5. Лицензиаттар тиешелүү ыйгарым укуктуу башкаруу органы чечим кабыл алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн өзгөргөндүгү, акцияларды/уюмда катышуу үлүшүн сатып алуу/сатуу, жоюу же кайра өзгөртүп түзүү, аткаруу органынын, байкоо органынын/директорлор кеңешинин, уюштуруучулар курамынын, айкын жайгашкан жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу (көчүрмөлөрдү/протоколдук чечимдердин көчүрмөлөрүн жана башка тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен) маалымдоого милдеттүү.  

6. Ушул жобонун талаптары бузулган учурда Улуттук банк төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна жана алардын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

2-глава 

Терминдер жана аныктамалар  

 

7. Ушул жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Өтүнүч ээси ушул жобого ылайык төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган акционердик коом/жоопкерчилиги чектелген коом. 

Лицензиат Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору.  

Кызмат адамдары байкоо органы (Директорлор кеңеши каралган учурда), башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетекчиликке алган, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар. 

Төлөм уюмдары жана/же төлөм системаларынын операторлору менен байланыштуу жактар: 

1) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун (юридикалык жактын) кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары; 

2) төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн юридикалык жактарды башкаруунун байкоо жана аткаруу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары; 

4) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары; 

5) ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар аларда олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар. 

 

3-глава 

Уставдык капитал 

 

8. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун уставдык капиталы акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын коммерциялык банктагы банктык эсебине салынган акча каражаттардын эсебинен улуттук валютада гана түзүлөт.  

Уставдык капиталды негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эсебинен түзүүгө тыюу салынат. Улуттук банк тарабынан лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алганга чейин уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарды колдонууга тыюу салынат.  

9. Төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун капиталынын негизин толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Капиталдын курамына, ал боюнча төлөм уюму же төлөм системасынын оператору каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелерге ээ эмес уставдык капитал гана кирет. 

10. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкүлөрдү түзөт: 

- төлөм уюму үчүн кеминде 2 000 000 (эки миллион) сом. 

- төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом. 

Өтүнүч ээси эки лицензия алууга документтерди тапшырган учурда, уставдык капитал кеминде 3 000 000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш. 

11. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш. 

12. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууда (тике келишимдер бар учурда) төлөм уюму кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш. 

Ушул пункттун талабы коммерциялык банк менен агенттик макулдашуунун негизинде төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алууну жүзөгө ашырган төлөм уюмдарына таркатылбайт.  

13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) Саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча системалык жактан маанилүү/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капитал төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша белгиленет: 

Уставдык капитал төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 

- 200 000 000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалык жактан маанилүү болуп таанылса; 

- 30 000 000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса; 

- 20 000 000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып алты ай ичинде жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарды салууга тийиш. Акча каражаттар белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот.  

 

4-глава 

Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын  

акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына карата талаптар 

 

14. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринен (уюштуруучуларынан)/катышуучуларынан болуп жеке адамдар жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасынын резиденттери/резидент эместери болушу мүмкүн. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тууралуу маалымат ушул жобонун 3 жана 4-тиркемелеринин формасы боюнча анкеталарда сунушталууга тийиш.  

15. Төмөнкү жактар төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционери (уюштуруучусу)/катышуучусу боло алышпайт: 

1) тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда жашаган жана/же каттоодон өткөн же болбосо катышуучусу катары оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактарга ээ жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

2) аларга карата көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамиле түзүүгө тыюу салынган жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон, БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле аларга карата БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан эл аралык санкциялар кабыл алынган мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

3) Улуттук банкка белгиленген тартипте өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды/документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле алар өз кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктабаган учурларда; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча тыюу салуулар же чектөөлөр каралган жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

5) Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталында үлүштү сатып алууга багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугун тастыктабаган жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

 

5-глава 

Улуттук банкка сунушталуучу документтерге карата талаптар 

 

16. Өтүнүч ээсинин документтери (документтин түп нускасы жана/же анын талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) Улуттук банкка анын жайгашкан жери боюнча тапшырылат: 

- Улуттук банктын борбордук аппаратына Бишкек шаарында жана Чүй областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан; 

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына Чүй жана Баткен областтарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын областтарында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан; 

- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө Баткен областында каттоодон өткөн өтүнүч ээлери тарабынан. 

Чет өлкөлүк акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар тарабынан сунушталган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш. Чет тилде сунушталган документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерге которулуп, талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн түрдө сунушталууга тийиш.  

17. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталган жана бирден ашык баракты камтыган бардык документтердин ар бир барагында маалымат чагылдырылууга, көктөлүүгө, номер коюлууга, жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада сунушталышы мүмкүн.  

18. Лицензия алууга өтүнүч кат менен документтер кайтарылып алынса же болбосо лицензия берүүдөн баш тартылса же мурда берилген лицензия кайтарылып алынса, ушул жобонун алкагында Улуттук банкка сунушталган документтер жана алардын көчүрмөлөрү өтүнүч ээсине/лицензиатка кайтарылбайт. 

 

2-БӨЛҮК 

ЛИЦЕНЗИЯЛОО ТАРТИБИ 

 

6-глава 

Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 

 

19. Төмөнкү ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди бир нускада мамлекеттик жана/же расмий тилдерде сунуштайт: 

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо боюнча: 

а) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

б) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкаруунун аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

в) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

г) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

д) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

е) ушул Жобонун 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык толтурулган жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлери (уюштуруучулары)/катышуучулары тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү

ж) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

з) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери; 

и) сунуштоочулардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

к) коммерциялык банк менен техникалык платформаларды колдонууга киргизүү жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча финансылык өз ара эсептешүүнү жүргүзүү чөйрөсүндө алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштай турган өтүнүч ээси үчүн); 

л) ушул жобонун 10 же 11 жана 12-пунктуларына (кызмат көрсөтүүлөргө жараша) ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

м) өтүнүч ээсинин аларда төмөнкүлөр каралган ички документтеринин көчүрмөлөрү

- агенттердин аралыкта орнотулуучу жабдууларын туташтыруу тартиби; 

- инкассациялоо тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иш алып баруу тартиби; 

- кардарларга акча каражаттарын кайтаруу тартиби; 

- агенттер жана төлөм терминалдары аркылуу өтүүчү акча каражаттардын жылуу тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда иш алып баруу тартиби; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу; 

- тараптардын жана алардын катышуучуларынын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги. 

Документтер көктөлгөн, номер коюлган жана ага жетекчинин жана/же ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, мөөрү менен тастыкталууга тийиш. 

н) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым салынгандыгын тастыктаган документ; 

о) өтүнүч ээси-жеке адам Кыргыз Республикасынын резидентинин/резидент эмесинин акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада, документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карыз жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес жеке адам ушул сыяктуу документтерди ал өзү жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдар жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер). 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо боюнча: 

а) ушул жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

б) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү: юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү, уставдык капиталдын өлчөмү, башкарууну аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

в) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар-юридикалык жактардын документтеринин көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин/башка ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

г) документтерди тапшыруу учуруна карата салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалым кат; 

д) тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар;  

е) ушул Жобонун 2, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык толтурулган жана башкармалыктын аткаруу органынын мүчөлөрү жана акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар тарабынан кол коюлган анкеталар же болбосо анкеталардын түп нускасын кийин жөнөтүү менен анын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле ушул жобонун 3-бөлүгүндө каралган документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет; 

ж) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, уюштуруу документтери жана башка тастыктоочу документтер); 

з) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- иш технологиясы жана шифрлөө алгоритми; 

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери; 

и) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

к) ушул жобонун 11-пунктуна ылайык уставдык капитал катары акча каражаттар салынгандыгын тастыктаган документ; 

л) кеминде төмөнкүлөр камтылган төлөм системасында финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөсү

- финансылык мониторинг максаты жана милдеттери; 

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери; 

- мониторинг системасын түзүүчү элементтердин топтому; 

м) төлөм системасынын иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасын жана анын иш схемасын кеңири чагылдыруу; 

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу тартиби, шарттары жана жол-жоболору; 

- катышуучуну төлөм системасына кошуу тартиби; 

- процессинг жана акыркы эсептешүүнү жүргүзүү тартиби; 

- ката төлөмдөрдү жокко чыгаруу жана кайтаруу тартиби; 

- кемчиликтер боюнча иштерди жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуулары тарабынан өз иши жөнүндө маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди кошо алганда, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө системасы, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын жана ыкмаларынын тизмеги, ички контролдук системасын жана ички аудит кызматынын иши, эгерде болгон болсо; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын операторунун жана катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын таркатууга катыштыгы бар катары таанылган адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалым каттарын тескөө механизмдерин кылдат чагылдыруу. 

Төлөм системасынын иштөө эрежеси көктөлгөн, номер коюлган жана ага жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлуп, юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш; 

н) аппараттык-программалык комплексин (мындан ары АПК) орнотуу жана өндүрүштүк колдонууга киргизүү актысы; 

о) өтүнүч ээсинин/лицензиаттын АПК орнотулган жайга менчик укугу белгиленген документтин көчүрмөсү. Эгерде төлөм системасынын оператору өзүнүн жана/же ижарага алынган жайды аппараттык-программалык комплексти жайгаштыруу үчүн колдонсо, "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берген жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоосу зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш. Төлөм системасынын оператору субижарага алынган АПК жайын колдонушу мүмкүн. Мында субижара келишимине, анда жайды субижарага берүү укугу каралган, ижарага алуучу менен ижарага берүүчү ортосунда түзүлгөн ижара келишими (негизги келишим) кошо тиркелүүгө тийиш; 

п) лицензияланган уюмдун программалык камсыздоосу менен ачык интерфейс (API) колдоого алынгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү жана Улуттук банк тарабынан операциялык шайкештикти жана системалар ортосунда өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн аныкталган бирдиктүү эсептешүү борборуна аралашуу мүмкүнчүлүгү/аралашуусу; 

р) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

с) электрондук акча эмитенти менен электрондук акча чыгарууга/жайылтууга алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

т) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; 

у) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым салынгандыгын тастыктаган документ; 

ф) акционер (уюштуруучу)/катышуучу-жеке адамдын-резидент/резидент эместин төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү

- паспортунун көчүрмөсү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада, документтерди сунуштоо күнүнө карата салык боюнча карыз жок экендиги жөнүндө маалымкаттар жана/же кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес жеке адам ушул сыяктуу документтерди ал өзү жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган акционердин (уюштуруучунун)/катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (банктан жыйымдар жөнүндө маалым кат, иштеген жеринен кирешеси жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер). 

 

7-глава 

Документтерди кароо тартиби  

 

20. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун лицензия алуу үчүн документтерин кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт. 

21. Лицензия алуу үчүн документтер топтомун кароо мезгилинде Улуттук банк өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу. 

22. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө автоматташтырылган системалардын иштөөсү жана өтүнүч ээси сунуштаган документтер ушул жобонун 19-пунктунун талаптарына дал келүүсү текшерилет. Өтүнүч ээси алдын ала текшерүү ишин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү (жайга кирүү, системадан жана өтүнүч ээсинин документтерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү, кызматкерлерге консультацияларды берүү ж.б.). Алдын ала текшерүү мөөнөтү 10 (он) жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.  

23. Эгерде документтер ушул жободо белгиленген талаптарга дал келбесе жана/же документтер топтому толук сунушталбаса, өтүнүч ээси кошумча документтерди Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде сунуштоого тийиш. Документтер электрондук почта аркылуу, кийин алардын түп нускасын/түп нускаларын сунуштоо менен жөнөтүлүшү мүмкүн. Мында өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер (электрондук түрдө/кагаз жүзүндө) алынган күндөн тартып кайрадан башталат. 

24. Ушул жобонун талаптарына дал келбеген же толук эмес көлөмдөгү документтер же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен үчтөн көп жолу сунушталса Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт.  

 

8-глава 

Лицензия берүү 

 

25. Лицензия ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин ар бир түрүнө өз-өзүнчө берилет (ушул жобого карата 6 жана 7-тиркемелер). 

26. Лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. Лицензияга төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү - Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төрагасы кол коёт. 

27. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө лицензия алууга ыйгарым укуктуу адам лицензияларды берүү журналында лицензияны алгандыгы жөнүндө кол коёт. 

28. Лицензия ыйгарым укуктуу адам ишеним катты жана инсандыгын тастыктаган документтерди көрсөткөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адам лицензия алуу үчүн сунуштаган ишеним кат Улуттук банкта сакталат.  

29. Лицензия берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу жана кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

 

9-глава 

Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиз 

 

30. Улуттук банк төмөндө келтирилген кандай болбосун себептердин бири боюнча лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн: 

1) көрсөтүлгөн иш багытына лицензия алуу үчүн берилген уюштуруу жана башка документтер ушул жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе;  

2) ушул жобонун 24-пунктуна ылайык лицензия алуу үчүн Улуттук банкка сунушталуучу маалыматтар такталбаган түрдө жана/же толук эмес берилсе; 

3) кызмат адамдар ушул жобонун 3-бөлүгүндө жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп бербесе; 

4) акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар ушул жобонун 15-пунктунда белгиленген талаптарга дал келбесе; 

5) уставдык капитал өлчөмү, минималдуу уставдык капиталды түзүү булагы Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келбесе; 

6) өтүнүч ээсине иштин ушул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо; 

7) өтүнүч ээсинин документтеринин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына дал келбешин тастыктаган алдын ала текшерүү жыйынтыктары; 

8) лицензияны кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымды салбай коюу. 

31. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

 

3-БӨЛҮК 

ТӨЛӨМ УЮМДАРЫНЫН ЖАНА ТӨЛӨМ СИСТЕМАЛАРЫНЫН ОПЕРАТОРЛОРУНУН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР 

 

10-глава 

Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын аткаруу  

органынын мүчөлөрүнө карата талаптар 

 

32. Лицензиаттын талаптагыдай иш алып баруусун уюштуруу максатында жетекчи (башкы директор\президент\төрага), техникалык директор, башкы бухгалтер жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген жана төлөм уюмунун, төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетекчиликке алган адамдардын штаттык кызмат орундары каралууга тийиш. 

33. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери так белгиленүүгө тийиш. Кызмат адамы жок учурда анын милдетин жүктөө учурларын эске албаганда, кызматтарды айкалыштырууга жол берилбейт.  

Аткаруу органынын жетекчиси убактылуу жок учурда анын милдетин аткаруу, анын түзүмүндө мындай кызмат орду каралган учурда, анын орун басарына же болбосо техникалык директоруна жүктөлүүгө тийиш. Аткаруу органынын жетекчиси жана техникалык директор убактылуу жок учурда, милдетти аткаруу, түзүмдө мындай кызмат орду каралган учурда анын орун басарына же болбосо башкы бухгалтерге жана/же функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген жакка жүктөлөт.  

34. Төлөм уюмунун\төлөм системасынын операторунун аткаруу органынын жетекчиси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу; 

- акыркы 5 (беш) жыл ичинде экономикалык, юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө, анын ичинде кеминде 3 (үч) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курсту угуу тууралуу документинин (күбөлүктүн) болушу. 

35. Техникалык директор төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге ээ болууга; 

- маалымат технологиялар жагында жана аралаш тармактарда кеминде 3 (үч) жыл, анын ичинде кеминде 1 (бир) жыл жетектөөчү кызматтарда иш стажы/тажрыйбасы болууга; 

- маалымат технологиялар/программалар ж.б. чөйрөсүндө сертификаттарды сунуштоого (болгон болсо). 

36. Башкы бухгалтер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку экономикалык же бухгалтердик билимге ээ болууга; 

- бухгалтердин позициясында кеминде 2 (эки) жыл иш стажы/тажрыйбасы бар; 

- сертификаттын көчүрмөсүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка ээ болууга. 

37. Аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата төмөнкүдөй шарттар белгиленбөөгө тийиш: 

1) кызмат адамына карата соттун чечими боюнча төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалымат системалар/коопсуздук тармагында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо; 

2) аткаруу органынын мүчөлөрү мурда Улуттук банк тарабынан лицензияланган уюмда кызмат адамы болуп саналган жана Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин, Көзөмөл боюнча комитетинин чечими же талапкерди төмөнкүлөр катары тааныган Улуттук банктын корутундусу, чечими же башка актылар болгон болсо (Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими, жазма буйруктар, текшерүү жөнүндө отчеттор ж.б.): 

а) аракеттерге (аракеттенбей коюулар) катыштыгы бар, анын натыйжасында уюмда атайы режим киргизилген, Улуттук банк тарабынан берилген лицензиясы токтотулган же кайтарылып алынган; 

б) алгылыксыз жана\же кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге катыштыгы бар. 

38. Аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштен бошотулганда/которулганда/бала багуу өргүүсүндө жүргөндө (кош бойлуулук) учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн ичинде ушул жобонун 40-пунктунда белгиленген анкетаны жана документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. 30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштен бошонгон учурда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш.  

39. Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн Улуттук банктын талаптарына дал келишине жоопкерчилик төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлерине (уюштуруучуларына)/катышуучуларына/директорлор кеңешине жүктөлөт, аларга уюштуруу документтеринин негизинде ушул жобого ылайык аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоого ыйгарым укук чегерилет.  

40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензияны алуу үчүн ушул жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен бирге аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде аткаруу органынын жаңыдан кабыл алган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш: 

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн; 

2) ушул жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо (эмгек келишими) тууралуу чечим кабыл алган башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын отурумунан протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;  

3) аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курсту угуу жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк); 

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо 5-тиркеменин формасы боюнча аны менен ишкердик мамилеңиз бар адамдардан кеминде бир сунуш-көрсөтмөнү;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн; 

6) паспорттун көчүрмөсүн. 

41. Сунушталган документтер, аткаруу органынын мүчөлөрүнүн белгиленген талаптарга дал келүүсү, анкеталардын ушул жобонун 34-36-пункттарында белгиленген талаптарга ылайык толук берилгендиги, так толтурулушу көз карашынан кароого алынат. 

Анкетада камтылган (2-тиркеме) маалымат өзгөртүлгөн учурда, кызмат адамдар өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде жаңы анкетаны тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

42. Төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун кызмат адамдары ушул жобонун 34-36-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга дал келбеген учурда, Улуттук банк 30 (отуз) календардык күн ичинде төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна кызмат адамы четтетилгендиги же алмаштырылгандыгы жөнүндө билдирүү-кат жөнөтөт.  

Сунушталган документтерге карата сын-пикирлер бар учурда Улуттук банк катта көрсөтүлгөн мөөнөттө документтерди иштеп чыгуу же башка документтерди сунуштоо жөнүндө кат жөнөтүүгө укуктуу. 

43. Кызмат адамдарынын документтери төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого лицензия алуу боюнча документтер топтому менен бирге Төлөм системасы жөнүндө комитеттин отурумунда кароого алынат. 

44. Эгерде лицензиат лицензия алгандан кийин кызмат адамдарын алмаштырса/четтетсе/иштен бошотсо, анда лицензиат ушул Жобого ылайык жетектөөчү кызмат орундарына талапкерлердин документтерин Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

45. Эгерде лицензиат лицензия алгандан кийин ал тууралуу билдирүүсүз жана дайындалуучу кызмат адамы жөнүндө документтерди сунуштоосуз жана ээлеген кызмат ордуна жараша ушул Жобонун 34-36-пункттарынын талаптарына дал келбеген башка кызмат адамдарын дайындаса Улуттук банк ошол төлөм уюму жана/же төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.  

 

11-глава 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар (каралган учурда) 

 

46. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңеши так эмес сандан, кеминде үч мүчөдөн турууга тийиш. 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

47. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) жогорку билимге ээ экендиги жөнүндө диплому жана кеминде үч жылдык эмгек стажы болууга, анын ичинен кеминде эки жыл жетектөөчү кызматтарда; 

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ; 

3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банктык мыйзамдар чөйрөсүндө билимге ээ; 

4) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин өнүктүрүү боюнча бизнес-планды жана стратегияны билүүгө

5) соттолбогондугу жөнүндө маалымат катты сунуштоого.  

48. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын жалпы жыйынында шайланат. Директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставында белгиленет.  

49. Төмөнкүлөр төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Директорлор кеңешинин мүчөсү катары боло албайт: 

1) башка төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат адамы же олуттуу акционери (уюштуруучусу)/катышуучусу болсо; 

2) ушул Жобонун 47-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербесе; 

3) мыйзамга же соттун чечимине ылайык мындай кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынса. 

50. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору банкроттукка дуушарлануу коркунучу белгилери келип чыкса Директорлор кеңеши төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү

1) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча ыкчам зарыл чараларды кабыл алуу; 

2) акционерлердин (уюштуруучулардын)/катышуучулардын кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу; 

3) Улуттук банкка төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттук белгилери келип чыккандыгы, Директорлор кеңешинин акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын дароо чакыртуу маселесин кароо жыйынтыгы, ошондой эле төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда банкроттукту алдын алуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынгандыгы жана пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө тез арада маалымдоо. 

51. Директорлор кеңеши (болгон болсо) жөнүндө маалымат анкеталарда ушул Жобонун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык сунушталууга тийиш. 

 

 

4-БӨЛҮК 

ЛИЦЕНЗИЯНЫ КАЙРА ТАРИЗДӨӨ, ДУБЛИКАТЫН БЕРҮҮ ЖАНА ЛИЦЕНЗИЯНЫН АРАКЕТИН ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

 

12-глава 

Лицензияны кайра тариздөө  

 

52. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат: 

- юридикалык жакты кайра өзгөртүп түзүү

- юридикалык жактын аталышын өзгөртүү

- юридикалык жактын жайгашкан жерин өзгөртүү, ошондой эле төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору жайгашкан калктуу пункттун аталышынын өзгөрүшү

53. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жайгашкан жери ошол эле калктуу пункттун ичинде өзгөргөн учурда, анын лицензиясын кайра тариздөө талап кылынбайт. Лицензиат юридикалык дареги өзгөргөн күндөн тартып Улуттук банкка жана төлөм системасынын бардык катышуучуларына, ошондой эле алар менен келишим түзүлгөн товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга бул тууралуу маалымдоого тийиш. 

54. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер келип чыккан шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү

55. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер жана жаңы маалыматтар көрсөтүлгөн, лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы жана юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган тастыктоо документтерин кошо тиркөө менен берилет. 

56. Лицензияны кайра тариздөө тиешелүү өтүнүч кат алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөртүүлөрдү реестрге киргизет. 

57. Лицензияны кайра тариздетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат. 

 

13-глава 

Лицензиянын дубликатын берүү 

 

58. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же жараксыз болуп калган шартта, лицензиат документтин жараксыз болуп калгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен жоголгондугу же жараксыз болуп калгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылат. Лицензия жараксыз болуп калган шартта, өтүнүч катка ошол жараксыз болуп калган лицензиянын бланкы да кошо тиркелет. 

59. Лицензиянын жоголгон же жараксыз болуп калган бланкы лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп таанылат. 

60. Лицензиар өтүнүч кат сунушталгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна "дубликат" жазуусун чагылдыруу менен лицензиянын дубликатын берет. 

61. Лицензиянын дубликатын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым кармалат. 

 

14-глава 

Лицензиянын аракетин токтотуу  

 

62. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

- юридикалык жак жоюлган шартта; 

- лицензиаттын лицензиясы кайтарылып алынган учурда; 

- лицензияланган ишкердик түрүн жүргүзүү өз каалоосу боюнча токтотулса; 

- соттун лицензияны жокко чыгаруу чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 

- лизенциялануучу ишкердик түрлөрүнүн тизмесинен белгилүү бир ишкердик түрү алынып салынса; 

- лицензия берилген учурдан тартып 12 айдан ашык убакыт бою төлөм уюму/төлөм системасынын оператору катары ишин жүзөгө ашырбаса. 

63. Жоюу/өз каалоосу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензиянын түп нускасын сунуштоого тийиш. 

64. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырууга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишим шарттарын аткарууга жана төлөм системасынын катышуучулары жана товарларды/кызматтарды сунуштоочулар (үчүнчү жактарга) алдында төлөмдөрдү ишке ашырууга, ошондой эле лицензияланган ишкердикти токтотууга тийиш. Улуттук банкка лицензияны тапшырууда лицензиат үчүнчү жактар алдында төлөмдөрдүн жыйынтыктап эсептелишин салыштырып текшерүү актысын кагаз жүзүндө сунуштоого тийиш.  

65. Лизенцияны кайтарып алуу "Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылат. 

Улуттук банк лицензиянын аракетинин токтотулгандыгы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыялайт. 

 

5-БӨЛҮК 

УЛУТТУК БАНКТЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ ДАТТАНУУ МЕНЕН КАЙРЫЛУУ 

 

15-глава 

Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу тартиби 

 

66. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун чегинде кабыл алынган чечимдерине "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык даттанууга жол берилет. 

 

 

өлөм уюмдарынын жана төлөм 

системаларынын операторлорунун 

ишин лицензиялоо жөнүндө"  

жобого карата  

1-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

(толук аталышы, юридикалык дареги, айкын дареги, мобилдик/иштеген жеринин телефон номери

 

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм: 

1) өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышып чыккандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген иш түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын: 

1. Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар: 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Башкармалыктын аткаруу органынын курамы (төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин жана алардын орун басарларынын аты-жөнүүзүмдө мындай кызмат орду каралган учурда)): 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Өтүнүч катка карата тиркеме: ____ б. 

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү 

20__-жылдын "__" ________________ 

 

 

 

 

 

 

 

Эскертүү*: (же болбосо ишкердик түрлөрүнүн бирин көрсөтүү менен) 

өлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын 

операторлорунун ишин 

лицензиялоо жөнүндө"  

жобого карата 2-тиркеме 

 

үрөт үчүн) 

АНКЕТА 

(кызмат адамы тарабынан толтурулат) 

(кызмат орду_______________) 

 

1. Аты-жөнү (эгерде аты-жөнү өзгөртүлгөн болсо: ___________________________________________________________________________ 

(мурдагы аты-жөнү, качан өзгөртүлгөн/эмне себептен?)). 

2. (Кызматы)  

_________________________________________________________________________ 

(төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы

_________________________________________________________________________ 

Туулган күнү жана жери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген 

_____________________________________________________________________ 

Берилген күнү 

_________________________________________________________________________ 

Жарандыгы 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Анкетаны толтурган учурда айкын жашаган жеринин жана катталган жеринин дареги, телефон номери 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Үй-бүлөлүк абалы 

_________________________________________________________________________ 

Билими 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

(жогорку) 

дипломунун № ________________________ берилген күнү_______________________ 

ким тарабынан берилген 

_________________________________________________________________________ 

 

 

Окуу жайынын аталышы жана жайгашкан жери 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Курстарда окуу: 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Талапкердин төмөнкү тармактар боюнча билими жөнүндө маалымат (бар/жок): 

- банктык мыйзамдар  

___________________________________________________________; 

- корпоративдик башкаруу 

___________________________________________________________; 

- финансылык отчетту жүргүзүү жана бухгалтердик эсепке алуу 

___________________________________________________________ ; 

- төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун отчетторун түзүү тартиби 

____________________________________________________________; 

- стратегиялык пландаштыруу 

____________________________________________________________; 

- тобокелдиктерди тескөө 

____________________________________________________________; 

- ликвиддүүлүктү тескөө 

____________________________________________________________; 

- аудиттин стандарттары 

____________________________________________________________; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү 

____________________________________________________________. 

Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер: 

Жалпы эмгек стажы/иш тажрыйбасы (Директорлор кеңешинде катышуу): 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, мекемелерди көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

 

 

 

 

 

 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм уюмун/төлөм системасынын операторун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү таасир этүү чаралары колдонулганбы? 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

Мен, 

_________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары орун алган кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка 10 (он) жумуш күнү ичинде сунуштап турууга милдеттенем. Мен бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары колдонула тургандыгын тааныйм. 

 

 

20__-жылдын "__" ____________ 

 

________________________________ 

(кол тамгасы

 

 

өлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын  

операторлорунун  

ишин лицензиялоо жөнүндө"  

жобого карата 3-тиркеме 

 

 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун  

АНКЕТАСЫ 

(жеке адам тарабынан толтурулат

 

 

1. 

Аты-жөнү 

 

 

2. 

Аты-жөнүңүз өзгөргөн болсо: (мурдагы аты-жөнүңүз) 

Качан: 

Эмне себептен: 

3. 

Туулган күнү

Туулган жери: 

4. 

Паспорт 

Сериясы: 

Номери: 

 

 

Ким тарабынан берилген: 

Берилген күнү

5. 

Жарандыгы:________________________________________________________ 

6. 

 

Айкын жашаган жери:  

уюлдук тел: ( ) ___________________ 

7. 

Негизги иштеген жери: 

Ээлеген кызматы: 

 

8. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу жана/же башка кызмат адамы болгон (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансы менеджери ж.б.) компанияга карата төмөнкү чаралар колдонулганбы: 

- акыркы үч жыл ичинде (финансылык/экономикалык жана кылмыштык) кылмышка жол бергендигине айыпталган, анын ичинде иш токтотулган же айып алып салынган учурда (ооба/жок)____________________________________________________ 

9. Акыркы 3 (үч) жыл ичинде Сиз кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтери/финансылык менеджери ж.б.) же олуттуу катышуучусу болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган финансылык компанияларды көрсөтүңүз: 

____________________________________________________________________________ 

Акыркы 3 (үч) жыл ичинде Сиз компаниянын кызмат адамы же олуттуу катышуучусу болгон, мажбурлап банкроттоо, жоюуга байланыштуу шарттар коюлган компаниядагы Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө кеңири негиздеме бериңиз 

____________________________________________________________________________ 

10. Үй-бүлөлүк абалы 

____________________________________________________________________________ 

Жакын туугандарыңызды атап көрсөтүңүз (ата-энеңиз, жолдошуңуз (жубайыңыз), балдарыңыз):  

Аты-жөнү 

Туугандык катышы  

Туулган күнү жана жери 

Ээлеген кызматы жана иштеген жери 

Үй дареги, телефон номери  

Жакын туугандарыңыз кылмыш жоопкерчилигине тартылганбы: 

Ооба/жок: 

Тартылган болсо, себептерин көрсөткүлө  

 

 

 

 

 

 

11. Финансы-кредит уюмдары же банк эмес финансы-кредит уюмдары алдында мөөнөтү өткөрүлгөн карыз (кредиттер) болгон болсо, аларды көрсөткүлө

____________________________________________________________________________ 

 

12. Кайсыл болбосун өлкөдө акыркы үч жыл ичинде жана/же учурда Сиз уюштуруучу, акционер (ээси) катары саналган компанияны көрсөтүңүз (уставдык капиталда үлүш ажыратылып алынган учурда ажыратып алуу күнүн көрсөтүү зарыл): 

 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери  

Юридикалык жактын ишинин түрү  

Ээлигинде турган акциялардын саны  

Капиталдагы ээлик кылуу үлүшү сомдордо 

Юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшү

 

 

 

 

 

 

13. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун лицензия алууга билдирмесин кароо үчүн маанилүү деп эсептеген кайсыл болбосун башка маалыматты сунуштагыла. 

14. Мен, ______________________________________________________________ 

аты-жөнү 

жогоруда анкетада келтирилген маалыматтар анык жана толук экендигин жана алар менин билимиме жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча маалыматка ылайык берилгендигин тастыктаймын. 

 

________________ кол тамгасы ____-жылдын "___" ________________________  

 

Эскертүү

Анкетанын ар бир бетине кол коюу зарыл. 

Анкетадагы оңдоолор "оңдолгону анык" деген сөздөр жана талапкердин өз колу менен коюлган кол тамгасы менен тастыкталат. 

 

 

 

өлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын операторлорунун  

ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 4-тиркеме 

 

 

 

Төлөм уюмунун/ 

төлөм системасынын операторлорунун акционеринин (уюштуруучусунун)/катышуучусунун  

АНКЕТАСЫ 

(юридикалык жак тарабынан толтурулат

 

 

1. Юридикалык жактын аталышы (мындан ары "компания")  

________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышын көрсөткүлө

2.Компаниянын юридикалык дареги _______________________________________ 

____________________________________________________________________________ 

3.Компания уюшулган күн _______________________________________________ 

4. ИНН _______________________________________ 

5. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган күнү  

________________________________________________________________________ 

№ (мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк) 

6. Кыргыз Республикасынын кайсы банктарында компаниянын ушул ишкердигине тиешелүү эсептери ачылган:  

____________________________________________________________________________ 

7. Компания жүзөгө ашырган иштин башка түрлөрүн көрсөткүлө

____________________________________________________________________________ 

8. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору менен байланыштуу жактар ____________________________________________________________________________  

(уюмдун толук аталышы

____________________________________________________________________________ 

1) Катышуучу/акционер болуп саналган юридикалык жактар жана жеке адамдар (Компаниянын толук аталышы): 

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акциялардын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү 

 

 

 

2) Анда катышуучу/акционер болуп саналган компаниялар: 

________________________________________________________________________ (өтүнүч ээсинин-юридикалык жактын аталышы); 

Юридикалык жактардын толук аталышы  

Таандык акциялардын саны  

Уставдык капиталдагы үлүшү 

3) __________________________________________________ менен аффилирленген  

(уюмдун толук аталышы) 

юридикалык жактар жана жеке адамдар: 

Юридикалык жактардын толук аталышы, жеке адамдардын аты-жөнү  

Таандык акциялардын саны  

Уставдык капиталдагы үлүш  

 

 

 

 

 

 

 

9. Компания финансылык иш боюнча кимдир бирөө менен соттук талаш-тартыштарга тартылган болсо, акыркы 3 (үч) жыл ичинде соттук талаш-тартыш боюнча толук маалыматты көрсөткүлө (доогер, жоопкер, талаш-тартыш предмети, соттук иш кайсы соттук инстанцияда каралууда, иш кайсы деңгээлде каралууда). 

10. Өтүнүч ээсинин пикири боюнча маанилүү болуп саналган башка маалымат: 

________________________________________________________________________ 

 

Компаниянын жетекчисинин кол тамгасы 

 

Мөөр  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

өлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын  

операторлорунун ишин  

лицензиялоо жөнүндө

жобого карата 5-тиркеме 

 

 

Аткаруу органынын мүчөлүгүнө талапкерге  

СУНУШ-КӨРСӨТМӨ  

 

Кимге: __________________________________________________________________ 

(талапкердин аты-жөнү

____________________________________________________________________________ 

Кимден _____________________________________________________________________ 

(сунуштоочунун аты-жөнү

____________________________________________________________________________ 

(сунуштоочу иштеген уюмдун аталышы жана жайгашкан жери) 

____________________________________________________________________________ 

(сунуштоочу менен байланышуу үчүн телефон номери (иштеген жеринин тел./үй тел же башка телефон номерлер) 

(факс) ___________________________ (e-mail) ___________________________________ 

Сунуш-көрсөтмөдө кеминде төмөнкү маалыматтар чагылдырылууга тийиш: 

1.Талапкерди канчалык жакшы билесиз______________________________________ ____________________________________________________________________________ 

2. Ким катары билесиз (эгерде талапкер менен бирге иштеген болсоңуз, уюмдун аталышын жана бирге иштеген мезгилди көрсөтүңүз): 

____________________________________________________________________________ 

3. Талапкердин квалификациясы жана компетенттүүлүгү жөнүндө маалымат  

____________________________________________________________________________ 

4. Сиздин пикириңиз боюнча сунушталып жаткан кызматта милдеттерди аткарууга өбөлгө түзгөн талапкердин ишкердик сапаттары  

____________________________________________________________________________ 

5. Моралдык-этикалык сапаттар көз карашынан Сиздин талапкерге берген бааңыз (эмнелердин негизинде талапкерди абийирдүү адам катары баалайсыз) 

____________________________________________________________________________ 

6. Кошумча комментарийлер __________________________________________ 

________________________________________________________________________ 

_______________ 

Кол тамгасы 

 

___________ 

күнү 

 

 

 

 

өлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаынын 

операторлорунун ишин  

лицензиялоо жөнүндө

жобого карата 6-тиркеме 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

Бул лицензия,  

_________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери

________________________________________юридикалык дареги боюнча катталган 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

(төлөм уюмунун толук аталышы

берилди жана ал төлөм уюму катары төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга укук берет: 

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" _______________ 

 

 

 

 

 

Төраганын орун басары/ 

Башкарманын мүчөсү (кол тамгасы жана мөөрү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

өлөм уюмдарынын жана  

төлөм системаларынын  

операторлорунун  

ишин лицензиялоо жөнүндө"  

жобого карата 7-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ 

 

Бул лицензия,  

_________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери

________________________________________юридикалык дареги боюнча катталган 

_________________________________________________________________________ 

_________________________________________________________________________ 

(төлөм уюмунун толук аталышы

берилди жана ал төлөм уюму катары төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга укук берет: 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" _______________ 

 

 

 

 

 

Төраганын орун басары/ 

Башкарманын мүчөсү (кол тамгасы жана мөөрү