Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы  

№ 38/4 токтомуна тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча  

САЯСАТ   

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8- июнундагы № 2017-П-14\23-13-(ПС), 2019-жылдын 2 сентябрынын № 2019-П-14/46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

1. Жалпы жоболор   

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П- 14\23-13-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясат (мындан ары  Саясат) улуттук финансы системасынын туруктуу ишин колдоого, нак жана нак эсептешүүлөр каражаты катары улуттук валютага карата ишенимди бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүү аркылуу анын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга багытталган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8- июнундагы № 2017-П-14\23-13-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

3. Саясатта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максаттары, принциптери, көзөмөлдүк (оверсайт) обьекттери жана аны ишке ашыруу тартиби, ошондой эле ушул максатта колдонулуучу инструменттер тизмеси аныкталган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8- июнундагы № 2017-П-14\23-13-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П- 14\23-13-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

  

2. Терминдер жана аныктамалар   

Ушул Саясаттын максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдары жана «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобо менен белгиленген терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Саясатта ошондой эле төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Жаңы төлөм системалары бул Кыргыз Республикасынын аймагында жаңыдан эле түзүлүп жана/же иштей баштаган, Улуттук банктын лицензиясын ала элек/анда каттоодон өтө элек системалар.  

Маанилүү төлөм системасы бул нак жана нак эмес төлөм жана эсептешүү каражаты катары улуттук валютага карата калктын ишенимин колдоого өбөлгө түзгөн жана Улуттук банк тарабынан маанилүү төлөм системаларына карата белгиленген критерийлерге туура келген система.   

Башка төлөм системалары системалуу мааниге ээ, маанилүү же улуттук төлөм системалары категориясына кирбеген төлөм системалары. 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү бул төлөмдөрдү кабыл алуу, акча каражаттарын которуу, эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү

Төлөм инфраструктурасы төлөм инструменттерин пайдалануу жана алар менен операцияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле системанын иштөө негизин түзгөн жана камсыз кылган төлөмдөрдү иштеп чыгуу, алар боюнча клиринг жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган жабдуулардын, технологиялардын жана жол-жоболордун жыйындысы.  

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери бул ишинде келип чыккан үзгүлтүктөр системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштешине терс таасирин тийгизиши, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары жана банктар үчүн «домино эффектисин» жаратышы мүмкүн болгон маалымат-телекоммуникациялык технологиялар, билдирүүлөр менен алмашууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси.   

Системалуу мааниге ээ төлөм системасы бул:   

1) операциялык жана техникалык себептер боюнча иши үзгүлтүккө учураган учурларда банк системасына же бүтүндөй финансы системасына олуттуу кесепеттерди жаратышы мүмкүн болгон төлөм системасы;   

2) катышуучулардын биринин төлөөгө жөндөмсүздүгү башка катышуучуларда жана төлөм системасында ликвиддүүлүк тобокелдигинин, ошондой эле бүтүндөй финансы системасында системалуу тобокелдиктин («домино эффектисин») келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон төлөм системасы.   

Корреспонденттик мамилелер системасы бул чек ара аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүгө жана ар кайсы өлкөлөрдүн финансы-кредит уюмдарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди жүргүзүү жөнүндө түзүлгөн келишимдердин (агенттик келишимдердин) негизинде кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга башка кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берген система.   

Натыйжалуу иштеген төлөм системасы бул кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) ишкердик жигерин арттырууга өбөлгө түзгөн жана операторлордун чыгымдарынын өлчөмүн азайтууга мүмкүндүк берип, ошол аркылуу пайдалануучулардын төлөмдөрүн өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн инвестицияларды тартуу деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзгөн система, эрежелер жана техникалык инфраструктура.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

  

3. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүү максаты, милдеттери жана принциптери   

5. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүүнүн негизги максаты болуп, өлкөнүн финансы системасынын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасында системалуу тобокелдиктин («домино эффектиси») орун алуу ыктымалдуулугун төмөндөтүү, төлөм системаларынын натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүз иштешин арттыруу, төлөм инструменттеринин ыңгайлуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулардын кызыкчылыгын коргоо жана нак жана нак эмес эсептешүүлөр каражаты катары улуттук валютага болгон ишенимин колдоо саналат.  

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

6. Финансы системасынын туруктуу ишин колдоо кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларды төмөнкүлөр боюнча талаптарын канааттандырууну болжолдойт:   

а) төлөмдөрдү өткөрүү мөөнөттөрүнүн так сакталышы мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун кепилдиги;   

б) төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү төлөмдөрдүн мыйзамдарда аныкталган мөөнөттө жана шарттарда төлөмдөрдүн төлөөчүдөн алуучуга чейин өткөрүлүшүнүн жана төлөм системасында эсептешүүлөр мыйзамдарда аныкталган өлчөмдөгү суммада аткарылбаган учурда акча каражаттарынын кайтарылып берилишинин кепилдиги;   

в) төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар талап кылынган, бирок төлөм системасынын иш регламентин белгилеген мыйзамдар аркылуу чектелген мезгил аралыгында пайдалануучуларга андан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо;   

г) төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу наркы төлөмдөрдү өткөрүү үчүн тариф пайдалануучулар болжолдоп жаткан мөөнөттүүлүк, коопсуздук, пайдалануу мүмкүнчүлүгүжана сервис деңгээлине ылайык келүүгө тийиш. 

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

7. Төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктүн (оверсайттын) максатына жетүү үчүн Улуттук банк төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш

а) Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иштөө тартибин аныктайт жана мониторингди жүзөгө ашырат, ошону менен бирге эле: 

төлөм системаларынын операторлорунан, төлөмдөрдү өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдардан, электрондук акчаны чыгарган банктардан, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринен жана төлөм системаларынын катышуучуларынан маалыматтарды алуу

- айрым төлөм системаларынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштешине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

б) төлөм системасынын операторлоруна, төлөм системасынын катышуучуларына, электрондук акча чыгарган банктарга алардын төлөм системасынын ишин өркүндөтүү жана системалуу тобокелдиктин келип чыгышына же алгылыксыз ишке жол бербөө максатында, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу таасир этүү

- төлөм системасынын ишин жана аны уюштуруу шарттарын жана тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;   

- төлөм системасынын операторунун жетекчи органынын чечим кабыл алуусуна катышуу.   

  (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

8. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк төмөнкү принциптерге таянат:   

1) Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу саясатынын ачык-айкындуулугу. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүлөр камтылган саясатын ачык жарыялайт:   

- төлөм системасынын статусу, маанилүүлүк критерийлери;   

- төлөм системасы уюштурулушу жана ишин жөнгө салуу жагында ылайык келүүгө тийиш болгон стандарттар;   

- Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу жагында иш маңызы.   

2) Эл аралык стандарттарды так сактоо. Улуттук банк төлөм системаларына карата талаптарды белгилөөдө эл аралык стандарттардын жана Кыргыз Республикасынын төлөм системалары боюнча мыйзамдарынын жоболоруна негизденет.   

3) Ыйгарым укуктардын жана милдеттенмелердин талапка ылайыктуулугу. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктүн (оверсайттын) жүзөгө ашырылышы үчүн жооп берген, ресурстардын үнөмдүү пайдаланылышына өбөлгө түзгөн квалификациялуу персоналды, тиешелүү уюштуруу түзүмүн (бөлүмдү) жөнгө салууну кошо алганда, жетиштүү ресурстарды колдоого алуу, көзөмөлдүктү жүргүзүү максатына жетишүү үчүн көзөмөлдүк ыкмаларын жана инструменттерин колдоп туруу жагында чараларды көрөт.   

4) Көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу ыраттуулугу. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда, Улуттук банк бардык төлөм системаларына карата бирдей талаптардын белгиленишинен, төлөм системаларынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу жана аны тескөөгө алуу жагында Улуттук банктын бөлүмдөрүнө тиешелүү ыйгарым укуктардын чегерилишинен улам, өзү тескөөгө алган төлөм системалары үчүн атаандашуу артыкчылыктарын түзбөйт. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу бөлүмү Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда төлөм системаларынын ишин колдоого алууга байланыштуу башка бөлүмдөрдүн ишин координациялайт. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча иши республиканын аймагында иштеп жаткан бардык төлөм системаларынын иш натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган.   

5) Көзөмөлдөө (оверсайт) жагында иш-аракеттерди башка органдарга жана борбордук банктарга макулдашуу жана алар менен кызматташуу. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу жагында өз милдетин аткарууну төлөм системасына тиешелүү башка милдеттерди аткаруу менен айкалышта уюштурат. Улуттук банк көзөмөлдүккө алынган системаларга келтирилип жаткан иш оорчулугун жеңилдетүү жана көзөмөлдүк (оверсайттын) натыйжалуулугун арттыруу үчүн Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда, Улуттук банктын башка бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо жагында чараларды көрөт. Улуттук банк зарылчылык келип чыккан шартта, ушул иш багыты боюнча тиешелүү аткаруу бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн пруденциалдык көзөмөл органдары, ошондой эле эл аралык финансылык институттары менен катышуучулары Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барып жаткан эл аралык төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктүн (оверсайттын) таасирдүүлүгүн жогорулатуу максатында өз ара иш алып барат.   

6) Көзөмөлдүккө (оверсайтка) көз карандысыз баа берүү. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу жагында жол-жоболору, финансы секторуна баа берүү программасынын алкагында тышкы аудиторлор, эл аралык финансы уюмдары же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын ылайык, ушул максатта атайын түзүлгөн орган тарабынан текшерүүгө алынат.   

Улуттук банк ошондой эле, төлөм системаларынын ишине эл аралык биргелешкен көзөмөлдүктүн (оверсайттын) принциптерине таянуу менен иш алып барат:   

7) Талаптагыдай тескөөгө алынбаган төлөм системаларынын пайдаланылышына бөгөт коюу. Улуттук банк, алардын ишине талаптагыдай жөнгө салынбаган катары баа берилген төлөм системасын же ал сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдаланылышына бөгөт коюу максатында тиешелүү чараларды көрөт (өз алдынча сыяктуу эле, башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен биргеликте).   

8) Маалымдоо принциби. Улуттук банк башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен көзөмөлдүк (оверсайт) жагында кызматташуунун алкагында, (төлөм системасынын бир нече мамлекеттердин аймагында иштеп жатышы же ишти пландаштырышы аныкталган шартта) мындай маалыматтарды аларды маалымдоого тийиш, анткени бул системанын талаптагыдай жөнгө салынышына алар да кызыкдар болушу мүмкүн. Бул принцип системанын маанилүүлүк даражасынан көз карандысыз колдонулууга тийиш.   

 

4. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын көзөмөлдүк (оверсайт) объекттери   

9. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген төлөм системалары Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) объектилери болуп саналат

  (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

10. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине мониторинг жүргүзүүнүн негизинде системалуу мааниге, маанилүү, улуттук төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин тизмегин аныктайт. Жарыялоо үчүн системалар тизмегин Улуттук банктын Төлөм системалары боюнча комитети аныктайт.  

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

11. Улуттук банк төмөнкүлөрдү контролдойт:  

- төлөм инструменттерин пайдаланылышына; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын техникалык инфраструктурасынын иштешине (СВИФТ жамааттык пайдалануу түйүнү жана банктар аралык коммуникациялык түйүн). 

  (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

12. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) төмөнкү негизги үч багыт боюнча цикл түрүндө кайталануучу процесс формасында үзгүлтүксүз негизде жүзөгө ашырат:   

а) төлөм системаларынын иши жөнүндө сапаттык жана сандык маалыматтарды топтоонун жана аларга талдап-иликтөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын жана төлөм инфраструктурасынын ишине мониторинг жүргүзүү;   

б) системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын ишинин белгиленген стандарттарга, ошондой эле Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге ылайык келишине баа берүү жана айрым төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун талдоо. Улуттук банк, рынокто жаңы төлөм системалары/тейлөө кызматтары/кызмат көрсөтүүлөр пайда болгон учурда, алардын түзүлүү баскычына ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;   

в) төлөм системаларын өркүндөтүүгө багытталган чараларды көрүү

  (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

5. Төлөм системаларынын статусу жана маанилүүлүк критерийлери   

13. Төлөм системасы, эгерде ага карата эң аз дегенде төмөнкү үч критерий колдонулган шартта системалуу мааниге ээ катары таанылат:   

- система төлөмдөр/которуулар санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 80%ын иштеп чыкса (валютанын түрүнө жараша);   

- система төлөмдөр өткөрүлгөн айрым бир участоктордо финансылык жана/же финансылык эмес тобокелдиктер, операциялык же техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, системалуу тобокелдикти шарттоого жана системалуу бузулууларды финансылык системанын башка катышуучуларына жайылтууга жөндөмдүү болсо («домино эффектиси»);   

- система негизги финансы рынокторунун (анын көпчүлүк бөлүгүнүн) бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөр үчүн колдонулса;   

- система башка төлөм системалары үчүн жыйынтык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырса;   

- ушундай эле төлөм инструменттерди жана төлөмдөр/которуулар түрлөрүн иштеп чыгуу үчүн альтернативалуу система жок болсо.   

  (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

14. Төлөм системасы, эгерде ал эң аз дегенде төмөнкү критерийлердин бирине туура келе турган болсо, маанилүү төлөм системасы катары таанылат:   

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35%ын иштеп чыккан болсо;   

- системага Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде  

50% жана/же Улуттук банктын критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ деп таанылган 3 банк (мындан ары банк тутумунун маанилүү катышуучулары);   

- система төлөм системаларынын түрлөрү боюнча рыноктун ј үлүшү ээлеген төлөм системасы менен интеграцияланган болсо; 

- жана/же төмөнкү критерийлердин экөөнө тең туура келсе: 

- системанын аралыкта орнотулган жана агенттик түйүндөрүнүн камтуу деңгээли отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде Кыргыз Республикасындагы аралыкта орнотулган бардык жабдуулардын жана агенттердин кеминде 35% түзсө

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде Кыргыз Республикасындагы бардык бюджеттик төлөмдөрдүн көлөмүнүн жана/же санынын кеминде 10% иштеп чыкса.   

  (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

15. Эгерде ага карата төмөндө келтирилген бардык критерийлер колдонулган болсо, төлөм системасы статусу боюнча улуттук катары таанылат:   

- системанын оператору - Кыргыз Республикасынын иши Улуттук банк тарабынан контролдукка алынган резиденти;   

- системанын эрежелери иштелип чыккан жана системанын катышуучуларына, Улуттук банкка макулдашылган;   

- системанын тариф саясатында мамлекеттик программалардын алкагында, социалдык долбоорлорду өздөштүрүү үчүн анын ичинде, мамлекеттин таламында (пенсияларды, жөлөкпулдарды төлөө ж.б.у.с) тарифтер каралган болсо;   

- төлөмдөрдү иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылса;   

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын 75%нан көбүрөөгү системанын катышуучуларынан болсо;   

- системада келип чыккан тобокелдиктер калайык-калктын төлөм системаларына, нак жана нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр каражаты катары улуттук валютага карата ишениминин деңгээлине таасир этсе.   

15-1. Эгерде төмөндө келтирилген критерийлердин эң аз дегенде үчөөсү тиешелүү болсо, ал юридикалык жак статусу боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылат

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде валютада боюнча төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% иштеп чыкса/маршрутун түзсө

- Кыргыз Республикасында бардык аралыкта орнотулган жабдуулардын жана/же агенттердин 25% ашыгы туташтырылган болсо; 

- төлөм системаларынын түрүнө жараша нак эмес төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% өткөн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 35% тейлеген болсо; 

- Кыргыз Республикасынын банк тутумунун катышуучулары менен өз ара байланышы банк тутумунун кеминде 2 маанилүү катышуучусу менен интеграцияга ээ/аларды тейлесе; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системалары менен өз ара байланышы - төлөм системаларынын түрүнө жараша төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% өткөн төлөм системалары менен интеграцияга ээ болсо; 

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен өткөрүлгөн транзакциялардын кеминде 25% иштеп чыкса; 

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде электрондук акчаларды пайдалануу менен өткөрүлгөн транзакциялардын санынын кеминде 25% иштеп чыкса жана/же электрондук капчык ээлеринин кеминде 25% тейлеген болсо; 

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде акча которуулардын жалпы санынын кеминде 25% иштеп чыкса.  

  (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

6. Төлөм системаларынын ишине мониторинг   

16. Төлөм системаларынын ишине жүргүзүлгөн мониторинг төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) органы тарабынан төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камтыйт:   

а) төлөм системасынын операторлору же катышуучулары (эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаса), ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишинин сандык мүнөздөмөлөрү боюнча маалыматтарды алууга өбөлгө түзгөн, электрондук акча чыгаруучу банктар тарабынан даярдалган утурумдук статистикалык отчетторду топтоо жана аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, анын ичинде:   

- ай ичинде күндөлүк төлөмдөрдүн көлөмү жана саны;   

- төлөм системасынын ири беш катышуучусуна туура келген төлөмдөрдүн саны жана суммасы (концентрациялануу коэффициенти);   

- колдонулган төлөм инструменттери, валюталарынын түрлөрү, төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөр

- катышуучулар/агенттер боюнча төлөмдөр

- окуялар, штаттан тышкаркы жагдайлар жана санкцияланбаган операциялар боюнча

- төлөмдөрдүн багыты боюнча төлөмдөрдүн көлөмү жана саны; 

- система тарабынан себебин көрсөтүү менен иштетүү үчүн кабыл алынбаган төлөмдөр;   

- башка маалыматтар;   

б) системалуу мааниге ээ, маанилүү жана жаңы төлөм системаларынын операторлорунан эң аз дегенде төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттарга жана талаптарга ылайык өзүнө өзү баа берүүнүн жыйынтыктарын (2-тиркеме) талап кылуу аркылуу маанилүүлүк деңгээлине жараша, төлөм системаларынын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү маалыматтарды мезгил-мезгили менен (үч жылда кеминде бир жолу) топтоо:   

- системанын аталышын;   

- системанын менчик ээлери, оператору, клирингдик/процессингдик жана эсептешүү борборлору жөнүндө маалыматтарды;   

- ченемдик жана келишимдик базанын түзүмүн;   

- системага катышуу критерийлерин, катышуучуларга карата талаптарды, системага катышууну токтотуу жана ага тыюу салуу тартибин;   

- катышуучулардын тизмесин;   

- системанын катышуучулары тарабынан ачылган эсептердин санын (валюталар боюнча);   

- төлөм системасын тескөөнүн уюштуруу түзүмүн;   

- төлөм системасынын иштөө принциптерин, клирингди жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин, системада өз ара иш алып баруу регламентин;   

- клирингдик жана эсептешүү жол-жоболор боюнча маалыматтарды;   

- операторлор менен катышуучулар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жоболорун;   

- тарифтерди белгилөө принциптерин;   

- бизнестин иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу принциптерин;   

в) төлөм системасынын учурдагы абалын талкуулоо үчүн төлөм системасынын операторунун, катышуучуларынын, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин жетекчи кызматкерлер менен жолугушууларды жана талкууларды өткөрүү;   

г) топтордо өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдү жана комитеттердин/кеңештердин ишине катышууну кошо алганда көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;   

д) оператордун төлөм системасынын ишинин мыйзам талаптарына жана белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү;   

е) расмий системалык документтерден пайдалануу таанышуу мүмкүнчүлүгү (системанын эрежелеринен, келишимдерден/макулдашуулардан жана катышуучулардын төлөм системасынын ишине тиешелүү документтерден, бизнес-пландан, бизнестин иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу планынан);   

ж) төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары сыяктуу эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери, электрондук акча чыгарган банктар сыяктуу көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгын алуу мүмкүнчүлүгү;   

з) төлөм системаларынын операторлорунун/катышуучуларынын, орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайделеринин, электрондук акча чыгарган банктардын ишин текшерүүгө алган тышкы жана ички аудиторлордун корутундуларын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген алуу мүмкүнчүлүгү;   

и) төлөм системасынын ишинин расмий документтерине ылайык келүүсүн жеринде барып эксперттик текшерүүлөрдү жүргүзүү;   

к) жалпыга маалымдоо каражаттарынын төлөм системаларынын иши тууралуу маалыматтарга мониторинг жүргүзүү;   

л) башка жөнгө салуучу органдардан алынган маалымат;   

м) системанын ишине мониторинг жүргүзүүдө Улуттук банк үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

7. Төлөм системаларына карата кабыл алынган чечимдерге баа берүү   

17. Улуттук банк, системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын ишинин мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылар талаптарына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө, эл аралык стандарттарга ылайык келишине баа берүүнү жүргүзөт:   

- системалуу мааниге ээ төлөм системалары үчүн Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге (1-5, 7-9, 11-14, 15-19, 21-23) жана Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү;   

- маанилүү төлөм системалары үчүн Финансы рынокторунун инфраструктурасынын принциптерине (1-4, 7-8, 13, 15-18, 21-23) жана Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү;   

- жаңы төлөм системалары үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жана системанын түрүнө жана маанилүүлүк критерийлерине жараша колдонулуучу стандарттарды так сактоосу.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

17-1. Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин иши ушул Саясатка карата 3-тиркемеде көрсөтүлгөн стандарттарга шайкеш келиши жагында бааланат. Баа берүү анын натыйжасын Улуттук банкка анын натыйжаларын андан ары жөнөтүү менен орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери тарабынан, же болбосо орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери менен түздөн-түз байланышта болуу аркылуу Улуттук банк тарабынан өз алдынча жүргүзүлүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

18. Иштеп жаткан жана жаңы түзүлгөн төлөм системаларынын ишине баа берүү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, системанын операторунун өзүнө-өзү баа берүү жыйынтыктарынын негизинде, төлөм системаларынын ишинин жогоруда аталган стандарттарга ылайык келишине баа берүү ыкмасы боюнча жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүргүзүлөт.   

19. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк ошондой эле, системанын иш натыйжалуулугуна, тобокелдиктерди тескөө системасынын шайкештигине, жүргүзүлүп жаткан операциялар чөйрөсүнө, системада орун алган тобокелдиктерди тескөө жол-жоболорунун ачык-айкындуулугуна, маалыматтык коопсуздук деңгээлине, менеджменттин жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, системада колдонулуп жаткан төлөм инструменттердин ишенимдүүлүгүнө жана иш натыйжалуулугуна баа берет.   

20. Өзүнчө иштеп жаткан жана жаңы төлөм системасынын ишине баа берүүнүн, аларды тескөөгө алуунун жыйынтыгына жана саясатта белгиленген талаптарга жана стандарттарына ылайык келишине жараша Улуттук банк төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алат:   

1) системанын ишинин Улуттук банк тарабынан кабыл алынган стандарттарга жана талаптарга ылайык келиши жана аны учурдагы деңгээлде сактап туруу жөнүндө;   

2) аталган системанын иш натыйжалуулугун жогорулатуу максатында баа берилген системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө;   

3) баа берилип жаткан системага карата таасир этүү чараларын көрүү зарылчылыгы жана/же аны колдонуу жөнүндө.   

21. Баа берүүнүн жыйынтыгы Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалына жана өнүгүү келечегине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.   

8. Төлөм системаларынын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар   

22. Улуттук банк, иштеп жаткан жана жаңы төлөм системаларынын ишине баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн төмөнкү ыкмаларды жана каражаттарды колдонуу менен төлөм системасына тиешелүү згөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт:   

- Ишендирүү аркылуу таасир этүү. Улуттук банк сапаттуу талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган аргументтерди пайдалануу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн жыйынтыктарынын негиздүүлүгүнө таянуу аркылуу системанын операторлору жана катышуучулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.   

- Ачык билдирүүлөр. Улуттук банк системанын ишине дем берүү, рынокто иш тартибин бекемдөө, системанын, алардын катышуучуларын жана башка таламдаш жактарды иште кемчиликтер аныкталган шартта, маалыматтын купуялуулугун сактоо зарылчылыгын эске алуу менен аларды өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын ынандыруу аркылуу системанын түзүмүн жана аны тескөөдө пайда көрүүгө үндөө сыяктуу ачык билдирүүлөрдү колдонот.   

- Макулдашуулар жана келишимдер. Улуттук банк системага өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, системанын катышуучулары менен макулдашууларды жана келишимдерди кошо алганда, Улуттук банк менен системанын ортосунда түзүлгөн макулдашууларды жана келишимдерди колдонууну демилгелеши мүмкүн. Ошондой эле, эсептешүү эсебин ачуу жана Улуттук банктын эсептешүү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата тейленүүгө келишимдер, макулдашуулар жөнүндө атайын меморандумдарды кошо алганда, макулдашуулар жана келишимдер ар кандай формада түзүлүшү мүмкүн. Алар система жооп берүүгө тийиш болгон талаптарды жана стандарттарды каттоо, ошондой эле улуттук (борбордук) банктын алардын сакталышын камсыз кылууда ролун белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн.   

- Системаларда катышуу. Төлөм системалары системалуу мааниге ээ же улуттук система катары таанылган учурда, Улуттук банк системанын операторунун акцияларына башка менчик ээлери үчүн каралган шарттарда ээлик кылуу аркылуу системаны тескөөгө катышуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу

- Башка расмий органдар менен кызматташуу. Улуттук банк системада өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн пруденциалдык көзөмөл органдары, мамлекеттик жөнгө салуучу органдар, башка финансылык уюмдар сыяктуу эле, системанын менчик ээлеринен, катышуучуларынан, анын кызматтарынан пайдалануучулардан же жөнгө салуучу органдардан болуп саналган эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен кызматташа алат.   

Өзүнчө төлөм системасынын ишине баа берүүнүн жыйынтыгын жарыялоо. жогоруда белгиленген таасир этүү чаралар натыйжага алып келбеген учурда, Улуттук банк өзүнчө төлөм системасынын ишине жүргүзүлгөн баа берүүнүн жыйынтыгын жарыялай алат, ал ошол системанын ишинин белгиленген талаптарга, сунуш-көрсөтмөлөргө жана стандарттарга, ошондой эле системанын өнүктүрүү келечегине ылайык келиши тууралуу тыянак чыгарууга өбөлгө түзөт.   

- Сот тартибинде мажбурлап аткартуу жана санкциялар. Улуттук банк зарылчылык келип чыккан учурда, ишине баа берилип жаткан системага же төлөм системасынын операторлоруна жана катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка таасир этүү чараларын жана санкцияларды колдонушу мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)   

23. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 8-июнундагы 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)   

24. Улуттук банк, төлөм системанын операторунун ишине баа берүүнүн жыйынтыгын жана ишти өркүндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн ага сунуштайт. Төлөм системасынын оператору баа берүүнүн натыйжасын алгандан кийин ал боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча планды белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана Улуттук банкка макулдашууга жана бекитүүгө, ошондой эле ал пландын аткарылышы боюнча отчетту белгиленген мезгилдүүлүгүнө ылайык Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)   

25. Улуттук банк, көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жана төлөм системаларынын иш натыйжалуулугуна баа берүү боюнча маалыматтарды купуялуулукту сактоо менен Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши боюнча берилип туруучу аналитикалык отчеттордо жарыялап турат.   

9. Корутунду жоболор   

26. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары, электрондук акча чыгаруучу банктар, ушул саясаттын талаптарын аткаруу боюнча ички жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2- сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)   

27. Төлөм системаларынын операторлору мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетторунда ички аудит механизмдерин кошо алганда, системанын туруктуу жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу ички контролдоо жол-жоболорун коомчулукка чечмелеп берүүгө тийиш.   

28. Улуттук банк көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча өз милдетин аткарууну төлөм системасына тиешелүү башка милдеттери менен айкалышта уюштурат. Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон жана системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын ишине таасир эткен тобокелдиктерди тескөө саясатын кошо алганда, коомчулукка ушул саясаттын жалпы принциптерин чечмелеп берүү жагында колдоо көрсөтөт.   

  

  

  

 Кыргыз Республикасынын төлөм системасына  

көзөмөлдүк (оверсайт) саясатына карата  

1-тиркеме   

  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда пайдалануучу төлөм системаларынын эл аралык стандарттары   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн  

ПРИНЦИПТЕР   

 

Жалпы уюштуруу   

1-принцип: Укуктук негиз   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы бардык тиешелүү юрисдикцияларда анын ишиндеги ар бир олуттуу аспекттер үчүн ишенимдүү, так, ачык-айкын жана укуктук санкция менен камсыз кылынган юридикалык базага ээ болууга тийиш.   

2-принцип: Башкаруу   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы анын коопсуздугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле жалпы финансы системасынын туруктуулугун; коомдун таламдарын түшүндүргөн башка аспекттер жана кызыкдар тараптардын максаттарына жетүүнү камсыз кылган башкаруунун так жана ачык-айкын системасына ээ болууга тийиш.   

3-принцип: Тобокелдиктерди комплекстик тескөө системасы   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы ликвиддүүлүк, укуктук, кредиттик, операциялык жана башка тобокелдиктерди комплекстик тескөө үчүн туруктуу тобокелдик-менеджменти системасына ээ болууга тийиш.   

 

Кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө   

4-принцип: Кредиттик тобокелдик   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы катышуучуларга карата өзүнүн кредиттик тобокелдиктерине, ошондой эле төлөмдөрдү, клирингди жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү процессинде келип чыккан тобокелдиктерге натыйжалуу баа берүүгө, контролдоого жана тескөөгө тийиш.   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы ар бир катышуучуга карата өзүнүн кредиттик тобокелдиктеринин ишенимдүү жана толук ордун жабуу үчүн жетиштүү финансы ресурстарына ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, тобокелдиктердин кыйла татаал деңгээлин жана түрлөрүн шарттаган жана/же бир нече юрисдикцияларда система түзүүчү болуп саналган иш менен алектенген борбордук контрагенттер мүмкүн болуучу стресстик сценарийлеринин кеңири спектринин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон кошумча ресурстарга ээ болууга тийиш, ал эки катышуучу жана алардын аффилирленген компаниялар тарабынан милдеттенмелерин аткарбоосун камтууга, бирок чектебөөгө тийиш, ал экстремалдык, бирок ыктымалдуу рыноктук жагдайда борбордук контрагенттерге карата кыйла чогуу алгандагы кредиттик тобокелдиктин келип чыгышына өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бардык башка борбордук контрагенттер камтууга, бирок экстремалдык, ыктымалдуу рыноктук жагдайда борбордук контрагенттерге карата кыйла чогуу алгандагы кредиттик тобокелдиктин келип чыгышына өбөлгө түзгөн катышуучунун бири жана анын аффилирленген компаниялары тарабынан аткарбоосу менен чектелбөөгө тийиш болгон мүмкүн болуучу стресстик сценарийлеринин кеңири спектринин ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон кошумча финансы ресурстарына ээ болууга тийиш.   

5-принцип: Күрөөлүк камсыздоо   

Өзүнүн кредиттик тобокелдигин жана өз катышуучуларынын кредиттик тобокелдиктерин тескөө үчүн күрөөлүк камсыздоого муктаж болгон финансы рынокторунун инфраструктурасы ликвиддүүлүктүн төмөн тобокелдигине, кредиттик жана рыноктук тобокелдиктерине ээ күрөөлүк камсыздоону кабыл алууга тийиш. Мындан тышкары, финансы рынокторунун инфраструктурасы үзгүлтүксүз текшерүүгө дуушар болгон жана стресстик рыноктун жагдайды эске алган жетиштүү болгон консервативдик чектөөлөрдү белгилөөгө, колдонууга жана белгилүү бир активдердин концентрацияланышына жол бербөөгө тийиш. Финансы рынокторунун инфраструктурасы күрөөлүк камсыздоону тескөөнүн жакшы ойлонуштурулган жана операциялык ийкемдүү системаны колдонууга тийиш.   

6-принцип: Гарантиялык депозит   

Борбордук контрагенттер тобокелдиктерди эске алган жана үзгүлтүксүз корректировкаланууга дуушар болгон гарантиялык депозиттердин натыйжалуу системасынын жардамы менен бардык продукттар боюнча өз катышуучуларына карата кредиттик тобокелдиктердин ордун жабууга тийиш.   

7-принцип: Ликвиддүүлүк тобокелдиги   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы ликвиддүлүк тобокелдигине натыйжалуу баа берип, контролдукка алып аны тескөөгө тийиш. Ал бир күндүк эсептешүүлөрдү, операциялык күн ичиндеги эсептешүүлөрдү жана төлөм милдеттенмелери боюнча көп күндүк эсептешүүлөрдү жогорку ишенимдүүлүктө жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү ликвиддүү ресурстарга ээ болууга тийиш (бардык зарыл валюталарда). Бул иш багыты кооптуу жагдайда Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн эң эле олуттуу кредиттик тобокелдикти алып келиши мүмкүн болгон бир катышуучунун же анын аффилирленген компанияларынын милдеттенмелерди аткарбай коюшун кошо алганда, келип чыгышы ыктымал болгон стресс-сценарийлердин кеңири чөйрөсүнүн алкагында, бирок рыноктук жагдайда ишке ашырылышы мүмкүн.   

 

Эсептешүүлөр   

8-принцип: Эсептешүүлөрдүн аягына чыгышы   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы эсептешүүлөрдүн толук жана анык аягына чыгышын кеминде валюталоо күнүнүн акырына камсыз кылууга тийиш. Зарыл же артыкчылык берилген учурларда, финансы рынокторунун инфраструктурасы операциялык күн ичинде же айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн аягына чыгышын да камсыз кылууга тийиш.   

9-принцип: Акчалай эсептешүүлөр   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы, эгерде мындай мүмкүнчүлүк жана каражаттар бар болсо, борбордук (улуттук) банктын каражаттарында акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш. Эгерде борбордук (улуттук) банктын каражаттары пайдаланылбаса, финансы рынокторунун инфраструктурасы коммерциялык банктардын каражаттарын пайдалануу менен келип чыккан кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтууга жана катуу контролдукка алууга тийиш.   

10-принцип: Иш жүзүндө сунуштоо   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы айкын инструменттерди же товарларды сунуштоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин так аныктоого, иш жүзүндө сунуштоого байланыштуу тобокелдиктерди аныктоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш.   

 

Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийлери жана наркка алмаштыруунун эсептешүү системалары   

11-принцип: Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийлери   

Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи коопсуздукту камсыз кылууга, баалуу кагаздарды сактоого жана берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартууга жана тескөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген эрежелерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш. Баалуу кагаздардын борбордук депозитарийи аларды документ тариздөөсүз өткөрүп берүү үчүн иммобизацияланган же дематериализацияланган формада сактоого тийиш.   

12-принцип: Наркка алмаштыруунун эсептешүү системалары   

Эгерде финансы рынокторунун инфраструктурасы өз ара байланышкан эки милдеттенмелерге ээ бүтүмдөр боюнча (мисалы, баалуу кагаздар менен бүтүмдөр же валюталык бүтүмдөр) эсептешүүлөрдүжүзөгө ашырса, анда ал бир милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдү башка милдеттенме боюнча акыркы эсептешүүлөрдөн кийин жүргүзүү менен бүтүмдүн катышуучусунун тобокелдигин алып салууга тийиш.   

 

Милдеттенмелерди аткарбаган учурда башкаруу   

13-принцип: Катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбоого тиешелүү эрежелер жана жол-жоболор   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы катышуучу тарабынан милдеттенмелерди аткарбаган учурда башкаруунун натыйжалуу жана так аныкталган эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. Бул эрежелер жана жол-жоболор финансы рынокторунун инфраструктурасы жоготууларды азайтуу, ликвиддүүлүккө басым көрсөтүү жана ал тарабынан өз милдеттенмелерин аткарылышын улантуу үчүн өз убагында чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн иштелип чыгууга тийиш.   

14-принцип: Сегрегация жана бир абалдан экинчи абалга өтүү   

Борбордук (улуттук) банк катышуучу кардарлардын позицияларынын сегрегацияланышын жана өтүүсүн камсыз кылуучу жана бул позицияларга карата борбордук контрагенттер тарабынан сунушталган күрөөлүк камсыздоонун эрежелерин жана жол-жоболорун белгилөөгө тийиш.   

 

Жалпы коммерциялык жана операциялык тобокелдикти башкаруу   

15-принцип: Жалпы коммерциялык тобокелдик   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы жалпы коммерциялык тобокелдикти аныктоого, контролдоого жана тескөөгө жана ал бул чыгымдар сатып өткөрүлгөн учурда иштеп жаткан ишкана катары операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууну уланта алышы үчүн өздүк каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана потенциалдуу жалпы коммерциялык чыгымдардын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон ликвиддүү таза активдерге ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, ликвиддүү таза активдердин өлчөмү орчундуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү калыбына келтирүүнү же тартипке салынган жыйыштырууну камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш.   

16-принцип: Депозитардык жана инвестициялык тобокелдиктер   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы өзүнүн жеке активдерин жана өз катышуучуларынын активдерин коргоого, жоготуулар тобокелдигин жана бул активдерге пайдалануу мүмкүндүгүнүн кечиктирилишин минималдаштырууга тийиш. Финансы рынокторунун инфраструктурасы минималдуу кредиттик жана рыноктук тобокелдиктер жана ликвиддүүлүк тобокелдиги менен инструменттерге инвестициялоого тийиш.   

17-принцип: Операциялык тобокелдик   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы мүмкүн болуучу ички сыяктуу эле, тышкы операциялык тобокелдиктеринин булактарын аныктоого жана талаптагыдай системаларды, саясатты, жол-жоболорду жана контролдоо каражаттарын пайдалануунун эсебинен алардын таасирин начарлатууга тийиш. Системалар коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана операциялык ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн иштелип чыгууга жана аны жогорулатууга мүмкүн болгон өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Иш үзгүлтүксүздүгүнө башкаруу операцияларды өз убагында калыбына келтирүүгө жана Финансы рынокторунун инфраструктурасынын милдеттерин, анын ичинде ишинде кеңири масштабдуу же олуттуу бузуулар орун алган учурда аткарууга тийиш.   

 

Кирүү мүмкүндүгү   

18-принцип: Кирүү мүмкүндүгүнө жана катышууга карата талаптар   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы адилеттүү жана ачык кирүүнү камсыз кылуучу тобокелдикти эске алуучу объективдүү жана катышуунун жалпыга белгилүү критерийлерин кабыл алууга тийиш.   

19-принцип: Катышуунун көп деңгээлдүү түзүмү   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы катышуунун көп деңгээлдүү түзүмүнөн улам, дуушар болгон олуттуу тобокелдиктерди аныктоого, контролдоого жана тескөөгө тийиш.   

Бир же бир нече финансы рынокторунун инфраструктурасы менен байланышты түзгөн финансы рынокторунун инфраструктурасы бул байланыш менен шартталган тобокелдиктерди аныктоого жана контролдоого жана мындай тобокелдиктерди тескөөгө тийиш.   

 

Натыйжалуулук   

21-принцип: Натыйжалуулук   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы ал тейлеген катышуучуларынын жана рыноктордун муктаждыктарын натыйжалуу канааттандырууга тийиш.   

22-принцип: Билдирүүлөрдү берүү жол-жоболору жана стандарттары   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы натыйжалуу төлөмдөрдү, клиринг, эсептешүүлөрдү жана документ жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн эл аралык деңгээлде кабыл алынган билдирүүлөрдү берүүнүн тиешелүү жол-жоболорун жана стандарттарын пайдаланууга же жок дегенде тейлөөгө тийиш.   

 

Ачык-айкындуулук   

23-принцип: Эрежелерди, негизги жол-жоболорду жана рыноктук маалыматтарды ачып көрсөтүү   

Финансы рынокторунун инфраструктурасы так жана бардык тараптан камтуучу эрежелерди жана жол-жоболорду белгилөөгө жана анын катышуучуларына финансы рынокторунун инфраструктурасында алардын катышуусу байланыштуу болгон тобокелдиктер, комиссиялык жана башка олуттуу чыгашалар тууралуу так түшүндүрмө алууга мүмкүн кылуучу жетиштүү түрдө маалыматты берүүгө тийиш.   

24-принцип: Соода репозиторийлер менен рыноктук маалыматтарды ачып көрсөтүү   

Соода репозиторийи так маалыматтарды компетенттүү органдарга жана коомчулукка алардын керектөөлөрүнө ылайык өз убагында берүүгө тийиш.   

 

Борбордук (улуттук) банктардын негизги принциптерди колдонуу боюнча  

МИЛДЕТТЕРИ   

A. Борбордук (улуттук) банк төлөм системасына карата өзүнүн максаттарын так аныктоого жана өзүнүн ролун жана системалуу түрдө маанилүү болгон төлөм системасына карата ылайыктуу саясаттын негизги түрлөрүн жалпыга маалымдоого тийиш.   

B. Борбордук (улуттук) банк ал тескеп жаткан системанын негизги принциптеринин сакталышын камсыз кылууга тийиш.   

C. Борбордук (улуттук) банк ал тескөөгө албаган системалардын негизги принциптеринин сакталышына көзөмөлдүктү ишке ашырууга жана мындай көзөмөлдүктү ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүккө ээ болууга тийиш.   

D. Төлөм системаларынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун негизги принциптер аркылуу камсыз кылууда борбордук (улуттук) банк башка борбордук банктар жана кайсы болбосун башка тиешелүү улуттук же чет өлкө мекемелери менен кызматташууга тийиш.   

 

Борбордук (улуттук) банктардын, финансы рынокторунун инфраструктурасы жагында жөнгө салуучулардын жана компентенттүү органдардын  

МИЛДЕТТЕРИ   

А милдети: Финансы рынокторунун инфраструктурасын жөнгө салуу, ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана байкоого алуу.  

Финансы рынокторунун инфраструктурасы борбордук (улуттук) банк, рыноктун жөнгө салуучусу жана башка компетенттүү орган тарабынан талаптагыдай жана натыйжалуу жөнгө салуунун, көзөмөлдүн жана байкоонун объекттеринен болуп саналат.   

В милдети: Жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана байкоо жагында ыйгарым укуктар жана ресурстар.  

Борбордук (улуттук) банктар, рыноктун жөнгө салуучулары жана башка компетенттүү органда финансы рынокторунун инфраструктурасын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана байкоо жагында өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктарга жана ресурстарга ээ болууга тийиш.   

С милдети: Финансы рынокторунун инфраструктурасына карата максаттарды жана саясатты ачык көрсөтүү.   

Борбордук (улуттук) банктар, рыноктун жөнгө салуучулары жана башка компетенттүү органдар финансы рынокторунун инфраструктурасын жөнгө салууга, алардын ишине көзөмөл жана байкоо жүргүзүүгө карата өзүнүн саясатынын принциптерин так аныктоого жана жалпыга ачып көрсөтүүгө тийиш.   

D милдети:Финансы рынокторунун инфраструктурасына карата принциптерди колдонуу.   

Борбордук (улуттук) банктар, рыноктун жөнгө салуучулары жана башка компетенттүү органдар финансы рынокторунун инфраструктурасына карата принциптерди бекитүүгө жана аларды ырааттуу колдонууга тийиш.   

Е милдети: Башка органдар менен кызматташуу.   

Борбордук (улуттук) банктар, рыноктун жөнгө салуучулары жана башка компетенттүү органдары финансы рынокторунун инфраструктурасынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатууүчүн улуттук сыяктуу эле, эл аралык деңгээлде да бири-бири менен кызматташууга тийиш.   

  

  

 Кыргыз Республикасынын төлөм системасына  

көзөмөлдүк (оверсайт) саясатына карата  

2-тиркеме   

  

Төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунушталуучу  

МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ   

 

I. Үзгүлтүксүз статистикалык маалымат  

1. Статистикалык отчеттор төлөм системасынын, төлөм уюмунун оператору, электрондук акча чыгаруучу банктар, ошондой эле, эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаса, катышуучулар тарабынан ар айлык негизде отчеттук мезгилден кийинки айдын 15нен кечиктирбестен сунушталат.   

2. Отчеттор төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:   

- системанын пайдалануучуларынын/катышуучуларынын саны;   

- бир күндө/айда ишке ашырылуучу күндөлүк төлөмдөрдүн көлөмү жана саны;   

- төлөм системасынын 5 кыйла ири катышуучуларына туура келген төлөмдөрдүн көлөмүнүн жана санынын үлүшү (концентрациялануу коэффициенти);   

- жеке адамдар жана юридикалык жактар үчүн өзүнчө пайдаланылуучу төлөм инструнменттери боюнча төлөмдөр;   

- нак эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн жеке адамдарга жана юридикалык жактарга ачылган пайдаланылуучу эсептер боюнча төлөмдөр;   

- себептерин көрсөтүү менен система тарабынан иргөөгө кабыл алынбаган төлөмдөр;   

- төлөм системаларында катталган тобокелдиктер (операциялык, финансылык жана башка тобокелдиктер);   

- системалардан пайдалануу деңгээли;   

- жана башкалар.   

 

II. Төлөм системасынын оператору (катышуучулары) тарабынан баа берүү  

1. Системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын операторлору үч жылда кеминде бир жолу өз системаларынын иштешине баа берүү жүргүзөт жана талап боюнча Улуттук банкка документтерди (келишимдер, операциялык эрежелер, ички ченемдик документтер, буйруктар ж.б.у.с) кошо тиркөө менен баа берүүнүн жыйынтыктарын сунуштайт.   

2. Жаңы төлөм системаларынын операторлору системаны каттоо/лицензиялоо баскычында Улуттук банкка система жана анын ээси тууралуу толук маалыматты сунуштоого тийиш.   

3. Баа берүү иши системалардын категорияларына ылайык жүргүзүлүүгө (системалуу мааниге ээ, маанилүү, жаңы) жана ар бир багыт боюнча толук маалымат сунушталууга тийиш.   

4. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышына баа берүү, системанын оператору тарабынан ишке ашырылган системага баа берүүнүн ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат.   

5. Төлөм системаларынын операторлору/катышуучулары системанын жаңы сервистерин/продукттарын иштеп чыгуу (өркүндөтүү) баскычында өзүнүн ниети тууралуу Улуттук банкка алдын ала маалымдоого жана иштелип чыккан сервис/продуктуну, системада болжолдонуучу өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду сүрөттөп жазылуучу толук маалыматты тиркөө менен Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.   

1. Баа берүүгө карата тиркелүүчү материалдар/документтер төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалыматты камтууга тийиш:   

1. Жалпы маалымат   

- Системанын оператору жана ээлик кылуучусу.   

- Системанын иш багыты.   

- Системанын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук база.   

- Иш регламенти, иштөө принциптери.   

- Программалык камсыздоо.   

- Төлөм системасынын персоналы.   

1.1. Системанын түзүмү жана эсептешүү.   

1.2. Статистика:   

- Катышуучулардын саны (тике, тике эмес, адистештирилген).   

- Бир күн ичиндеги төлөмдөрдүн/которуулардын орточо саны жана көлөмү.   

- Алардын ичинен ири суммадагы төлөмдөр/которуулар.   

- Системадагы төлөмдүн/которуунун орточо наркы.   

- Төлөмдүн/которуу наркынын өлчөмүнүн анын өткөрүү убактысынан жана өлчөмүнөн көз карандылыгы.   

- жана башкалар.   

1.3. Кошумча маалымат:   

1.3.1. Төлөмдөрдү/которууларды кабыл алуудан баш тартуунун себептери.   

- катага жол берилген же реквизиттери толук көрсөтүлбөгөн документтер;   

- лимиттен ашуу;   

- жана башкалар.   

1.3.2. Кине коюулар боюнча иш алып баруу тартиби.   

1.3.3. Төлөм системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү же аны өркүндөтүү боюнча пландар.   

2. Ачык-айкындуулук жана финансылык тобокелдиктерди терең түшүнүү   

2.1. Финансылык тобокелдиктерге карата принциптер, эрежелер жана жол-жоболор.   

2.2. Маселелерди чечмелеп баяндоо:   

- Система ишинин тактыгы жана толуктугу.   

- Тобокелдиктерди тескөө.   

- Катышуучуларга системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталганбы.   

- Оператордун жана катышуучулардын иш-аракеттеринин эркиндиги, укуктары жана милдеттери.   

- Штаттан тышкаркы жагдайларда чечимдерди кабыл алуу.   

- Катышуучулардын ишине мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу.   

2.3. Тобокелдиктерди тескөө үчүн маалыматтардыөз убагында жана жеткиликтүү берүү.   

2.4. Катышуучуларга тобокелдиктерге дуушар болуу жагдайын толук түшүнүүсүн камсыз кылуучу чаралар.   

3. Кредиттик тобокелдикти жана ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө   

3.1. Катышуучулардын финансылык тобокелдиктери.   

3.2. Кредиттик тобокелдикти тескөө инструменттери:   

- Мүчө болуунун эрежелери (капиталга карата талаптар, күрөөнү алдын ала каржылоо ж.б.у.с.).   

- Төлөмдөрдү кабыл алуу жана алар боюнча акыркы эсептешүүлөр ортосундагы минималдуу жана максималдуу мөөнөт аралыгы.   

- Катышуучулардын бири банкрот абалында калган учурда алардын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү.   

3.3. Ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча инструменттер:   

- Кезектүүлүк механизмдери.   

- Ликвиддүүлүк булактары.   

- Бир күндүк кредит.   

- Төлөмдөр агымын убакыт, нарк боюнча бөлүштүрүү.   

- Оператордун системанын ликвиддүүлүгүн камсыз кылуу боюнча аныкталган же так белгиленбеген милдеттенмелери.   

3.4. Жалпы мүнөздөгү инструменттер:   

- Катышуучулардын эсептериндеги калдыктары жана өз позициялары жөнүндө маалыматтан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү.   

- Системанын оператору тарабынан мониторинг.   

3.6. Ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти тескөөгө карата түрткү берүү.   

- Катышуучулардын ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүү механизми.   

- Ликвиддүүлүк тобокелдигине жүргүзүлгөн контролдукка жараша баа түзүү.   

4. Операциялардын акыркы жана кайтарылбаган мүнөзү   

4.1.  Төлөмдөрдүн/которуулардын ар бир баскычында кайтарылбоо деңгээли.   

4.2. Система же катышуучу-алуучу тарабынан төлөмдү/которууну кабыл албоонун шарттары.   

4.3. Төлөмдү/которууну кабыл алуудан баш тартууда катышуучунун маалымдуулугу.   

4.4. Ликвиддүүлүк жок болгон учурда күндүн акырында позицияларды жабуу.   

4.5. Иш регламентине ылайык келишин камсыз кылуу боюнча айыптык төлөмдөр жана башка санкциялар түрүндөгү расмий механизмдер.   

4.6. Толук эсептешүүнү расмий тастыктоо.   

4.7. Каталардын кесепетин жоюу.   

5. Клирингдик системалар   

5.1. Таза сальдону көп тараптуу өз ара эсептешүү негизинде эсептөө.   

5.2. Таза позициялар боюнча эсептешүүлөрдү иргөө.   

5.3. Клирингдин катышуучуларынын таза позициялары тууралуу маалымат.   

5.4. Катышуучулар тарабынан үстөк ликвиддүүлүктөн коргонуу.   

5.5. Банкрот болгон катышуучунун дебеттик позициясынын ордун жабуу.   

5.6. Катышуучунун дебеттик позициясынын ордун жабуу үчүн күрөө же резервдик фонд.   

5.7. Системада ликвиддүүлүктү камсыз кылуу боюнча акыркы инстанция.   

5.8. Клирингдик системанын оператору.   

5.9. Акыркы эсептешүүнү камсыз кылуу боюнча жол-жоболор жана ликвиддүүлүктү тескөө механизмдери.   

5.10. Бир катышуучунун, эки катышуучунун кудуретсиздиги учурунда акыркы эсептешүүнү камсыз кылуу.   

6. Эсептешүү активдери   

6.1. Эсептешүүлөр үчүн активдер.   

6.2. Коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде турган каражаттар.   

6.3. Эсептешүү банкынын ликвиддүүлүгүнө, кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн критерийлер.   

6.4. Төлөм системасынын катышуучуларын системанын банкроттукка дуушарлануусунан коргоо чаралары.   

6.5. Активдерди активдердин башка түрлөрүнө өзгөртүү.   

6.6. Чет өлкө валютасындагы активдер.   

7. Коопсуздук жана операциялык ишенимдүүлүк  

7.1. Төлөм системасынын коопсуздук түзүмү.   

7.2. Системанын ишине мезгил-мезгили менен аудит жүргүзүү.   

7.3. Системанын иш жүзүндөгү абалы боюнча документтер.   

7.4. Компьютердик системалардын жана маалыматтарды берүү боюнча алар менен байланышкан түйүндөрдүн коопсуздук жана ишенимдүүлүк деңгээлине көз карандысыз текшерүүнү жүргүзүү.   

7.5. Программалык модулда операцияларды аткаруунун олуттуу түрдө белгилүү бир ырааттуулугун болушу.   

7.6. Учурдагы маалыматты резервге коюу каражаттары.   

7.7. Системаны толук калыбына келтирүү боюнча максаттуу деңгээл.   

7.8. Иш үзгүлтүксүздүгү:   

- Жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук.   

- Система боюнча документтерде үзгүлтүксүздүк механизмдерин чагылдыруу.   

- Кризистик тескөө жана системанын документтеринде маалыматтарды таркатуу боюнча жол-жоболорду чагылдыруу.   

7.9. Кооптуу жагдайларда иш жигердүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча пландар.   

7.10. Системаны калыбына келтирүү боюнча текшерүүлөрдүн мезгил аралыгы.   

7.11. Акыркы 3 жылдагы статистика.   

7.12. Системанын коопсуздук жана операциялык ишенимдүүлүк деңгээли.   

7.13. Системанын операторунда жана/же катышуучусунда кардарлардын операцияларына терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү предметине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жыйынтыгынын болушу.   

7.14. Төлөмдөрдүн өткөрүүгө карата белгиленген лимиттер же чектөөлөр.   

8. Ыңгайлуулук жана натыйжалуулук  

8.1. Баа түзүүнүн расмий саясаты.   

8.2. Төлөмдөрдү/которууларды өткөрүү мөөнөттөрү.   

8.3. Банктардын ассоциациялары жана катышуучулары менен өз ара аракеттенүү.   

8.4. Тарифтер боюнча саясаттын механизмдери, жол-жоболору жана чаралары.   

8.5. Төлөмдөрдү/которууларды толук иргөөнүн мөөнөттөрү.   

8.6. Сарптоолорго жана түшкөн пайдага талдап-иликтөө.   

8.7. Төлөм системасынын натыйжалуулугун өркүндөтүү боюнча чаралар.   

8.8. Системанын пайдалануучулары үчүн төлөмдөрдү/которууларды өткөрүүнүн натыйжалуулугу жана ыңгайлуулугу.   

9. Системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү 

9.1. Системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгү үчүн шарттар, эрежелер жана талаптар.  

9.2. Төлөм системасынын тике катышуучулары.   

9.3. Клиринг системасынан кыйыр түрдө пайдалануу мүмкүнчүлүгү.   

9.4. Катышуучулардын төлөмдөрүн/которууларын жүзөгө ашыруу тартиби жана эрежелери.   

9.5. Тарифтер.   

9.6. Катышуучунун системадан чыгуусу.   

9.10. Катышуу боюнча объективдүү жана жалпыга маалым болгон критерийлер.   

10. Системаны жетектөө   

10.1. Жалпы сүрөттөп жазуу.   

10.2. Консенсуска жетүү үчүн механизмдер.   

10.3. Төлөм системасынын операторунун кыска жана орто мөөнөттүү бизнес-пландары.   

10.4. Иш жыйынтыгы боюнча отчет.   

10.5. Системанын менчик ээлери жана анын жетекчилиги жөнүндө маалымат.   

10.6. Системадагы өзгөртүүлөр жөнүндө ири чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу.   

10.7. Бардык негизги принциптерге толук ылайык келүүнү камсыз кылуу боюнча пландар.   

10.8. Акыркы үч жылдагы проблемалар жана маселелер.   

10.9. Ишке ашыруу процессинде турган өзгөртүүлөр жана реформалар.   

10.10. Жетекчилик механизмдеринин натыйжалуулугу, отчеттуулугу жана ачык-айкындуулугу.   

2. Төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын, электрондук акча чыгаруучу банктардын Улуттук банктын талаптарына ылайык келиши   

1. Төлөм системасынан пайдалануу талаптарын сактоо.   

2. Улуттук банктын ченемдик документтеринин талаптарын сактоо.   

3. Улуттук банктын коопсуздук талаптарын сактоо:   

1) төлөмдөрдү кабыл алууда жана иргөөдө купуялуулук, бүтүндүк, аутентификация. Системаны дайыма тестирлөө планынын болушу жана сүрөттөлүп жазылышы;   

2) төлөмдөрдү ишке ашыруу системасынын коопсуздук деңгээлинин ишенимдүүлүгү жана анын үзгүлтүксүз иштөөсү:   

- аппараттык каражаттардын жана байланыш линияларынын бузулушу менен байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүүөлөмдөрдү жүргүзүү системасы менен байланыштуу жабдуулар орнотулган жайда башка адамдардын кирүүсүн чектөө);   

- программалык камсыздоодо же анын модификациясында каталар менен байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү;   

- электрондук төлөм документтеринин авторлугунан баш тартуу же алуу фактылары боюнча, ошондой эле байланыш каналдары боюнча берүүдө маалыматтардын таркатылышынан жана бурмаланышынан улам тобокелдиктерди төмөндөтүү.   

3) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүдө жана банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын өздүк ачкычтар менен иштөөсүндө купуялуулук, ишенимдүүлүк жана коопсуздук шарттарын сактоо жана аларды сактоонун жана пайдалануунун эрежелерин сактоо.   

4. Төлөм документтерин толтурууга карата талаптарды аткаруу:   

1) төлөм документтеринин Улуттук банк тарабынан белгиленген форматтарына карата талаптарды сактоо;   

2) төлөмдөрдү кабыл алуу жана иргөө үчүн жооптуу адамдардын кол тамгаларынын болушу;   

3) мөөрлөрдүн жана штамптардын так оттискаларынын болушу;   

4) төлөм документтеринин реквизиттерин толтуруу жана мөөрлөрдү, штамптарды жана кол тамгаларды алар үчүн белгиленген тилкелерде жана бул тилкелердин чегинде гана коюу;   

5) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл болгон реквизиттердин болушу жана алардын туура толтурулушу;   

6) төлөмдүн багытынын анын кодуна ылайык келүүсү;   

7) төлөм документтеринде оңдоолордун, өчүрүп тазалоолордун жана оңдоочу суюктуктардын пайдаланышынын бар/жок экендиги.   

5. Электрондук төлөм документтерин жүргүзүүдө талаптарды аткаруу:   

1) төлөмдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык реквизиттердин болушу;   

2) электрондук төлөм документинин бардык реквизиттеринин анын кагаз түрүндөгүсүнө ылайык келиши;   

3) ар бир төлөм документинде тиешелүү цифралык кол тамгаларынын болушу жана алардын аныктыгы;   

4) төлөм документтеринде электрондук цифралык кол тамганы дайындалган жооптуу адамдар жана алардын ордун алмаштырган адамдар тарабынан гана пайдалануу;   

5) электрондук төлөм документтерин берүүдө, паролдорду жана жашыруун ачкычтарды сактоодо коопсуздуктун талап кылынган деңгээлин сактоо;   

6) электрондук төлөм документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык сактоону жана резервдик көчүрүүнү ишке ашыруу;   

7) электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнүн белгиленген жол-жоболорун аткаруу;   

8) электрондук төлөм документтеринин аныктыгын тастыктоо жол-жоболорун сактоо.   

6. Ички ченемдик документтердин талаптарын сактоо:   

1) оператордун төлөм операцияларын ишке ашыруу менен байланыштуу иштери боюнча так, толук документтештирилген ички жол-жоболорунун болушу;   

2) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун төлөмгө демилге көтөргөн кардардын документтерин кабыл алуудан баштап, төлөмдөрдү жүзөгө ашырууну тастыктоо жана кардарга маалымдоо менен аякташы боюнча ырааттуулугу;   

3) төлөмдөрдү кабыл алуу, иргөө жана жөнөтүү операцияларын ишке ашырууда ар бир кызматкердин жоопкерчилигинин деңгээли;   

4) төлөмдөрдү убагында өткөрбөөдө же кардардын төлөм нускоолорун бузууда банктын кардардын астындагы жоопкерчилиги (башка эсепке чегерүү, төлөмдөрдү өткөрбөө, суммаларды туура эмес көрсөтүү ж.б.);  

5) төлөмдөрдү кабыл алуу, иргөө жана жөнөтүү операцияларын ички контролдоонун жол-жоболору;   

6) кардарлардын операцияларына терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү предметине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмасы.   

7. Төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздуктун ички талаптарын сактоо:   

1) коопсуздук саясаты төлөмдөрдү кабыл алуу жана иргөө системасынын мүнөздөмөлөрүнө ылайык келүүгө жана Улуттук банктын өзүнүн сыяктуу эле, анын кардарларынын дагы талаптарын канааттандыруучу коопсуздуктун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу үчүн жетиштүү болууга тийиш;   

2) коопсуздук саясатында, системага, анын аппараттык, программалык камсыздоосуна жана түйүнүнө системаны жана анын маалыматтарын сырттан сыяктуу эле, ичтен санкциясыз пайдалануу аракеттеринен коргоо үчүн физикалык жана логистикалык жактан пайдаланылышына контролдук аныкталууга тийиш;   

3) жол-жоболордо төлөмдөрдүн өткөрүлүшүнө лимиттердин же чектөөлөрдүн тизмеси берилүүгө тийиш.  

  

  

 Кыргыз Республикасынын төлөм системасына  

көзөмөлдүк (оверсайт) саясатына карата  

3-тиркеме  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8- июнундагы № 2017-П-14\23-13-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

  

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда Улуттук банк колдонгон эл аралык стандарттар  

  

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине баа берүү үчүн  

суроолор тизмеги  

   

1-сунуш-көрсөтмө.   

Тобокелдиктерди аныктоо жана тескөө. Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине (мындан ары кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери) кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери көрсөтүп жаткан кызмат көрсөтүүлөргө мүнөздүү болгон олуттуу операциялык жана финансылык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөө, ошондой эле ошол тобокелдиктерди процесстеринин натыйжалуулугун камсыз кылуу сунушталат.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14\46-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 2-сунуш-көрсөтмө.   

Маалымат коопсуздугу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери маалыматтын купуялуулугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле келишим шарттарын аткаруу максатында сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болушу үчүн тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду иштеп чыгып, аларды колдонууга жана жетиштүү ресурстарды бөлүүгө тийиш.   

  

3-сунуш-көрсөтмө.   

Ишенимдүүлүк жана туруктуулук. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү принциптерди жана жол-жоболорду иштеп чыгып, аларды колдонууга тийиш. Ошондуктан, алар иштеп чыккан иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана кооптуу жагдайлардын кесепеттерин четтетүү боюнча пландар иш процессин өз учурунда калыбына келтирүүгөөбөлгө түзүүгө жана алардын келишим шарттарына ылайык келиши камсыз кылууга тийиш.   

  

4-сунуш-көрсөтмө.   

Технологиялык пландаштыруу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдерине технологиялардын бүтүндөй иш ыргагында колдонулушун пландаштыруу, ошондой эле технологиялык стандарттарды тандоонун ишенимдүү ыкмаларын колдонууга тийиш.  

  

5-сунуш көрсөтмө.   

Пайдалануучулар менен маалымат алмашуу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери ачык-айкындуулукту камсыз кылууга жана кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал тобокелдиктерди тескөө жагында провайдердин милдеттерин так түшүнүүгө мүмкүндүк берген жетиштүү маалыматты сунуштоого тийиш.».