Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 30-ноябрындагы 

№ 47/10 токтомуна 

тиркеме 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) жана 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө Нускоодо (мындан ары - Нускоо)  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) төмөнкү ишкердикти жүзөгө ашырууга укук чегерген лицензиясына ээ төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын (мындан ары - көзөмөлгө алынган уюмдар) ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу максаты, түрлөрү жана тартиби белгиленген: 

- маалымат технологияларына, электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына, ошол процессинг жана клиринг борборуна берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген шартта аларга карата таасир этүү чараларын колдонуу, Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан белгиленген талаптарды сактоосуна көзөмөлдүктү жүргүзүү ишинин бир бөлүгүн түзөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакцияларына ылайык) 

4. Көзөмөлгө алынган уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруусуна көзөмөлдүк Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн уюштурулат жана жүзөгө ашырылат. 

5. Улуттук банк инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине тиешелүү отчетторду, агенттердин, субагенттердин, туунду уюмдардын ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматты талап кылууга жана алууга, ошондой эле алынган маалымат боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга жана зарыл болгон учурда көзөмөлгө алынган уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.  

Туунду уюмдары боюнча көзөмөлгө алынган уюмдар төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет:  

- уюштуруу документтери;  

- финансылык отчеттор;  

- жетекчи тууралуу маалымат.  

Талап кылынган маалымат Улуттук банктын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык берилүүсү керек.» 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

6. Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмдар менен текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду кароодо өз ара иш алып баруусу жана маалымат алмашуусу расмий сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар түрүндө жана кат жүзүндө башка документтерди сунуштоо аркылуу ишке ашырылат.».  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

2-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары 

7. Көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

- көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалына жана башкаруу процессинин сапатына баа берүү

- көзөмөлгө алынган уюмдарда төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишине коркунуч жаратышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн жана алардын сакталышын аныктоо; 

- көзөмөлгө алынган уюмдар тарабынан Улуттук банкка сунушталган финансылык жана башка отчеттордун тактыгына жана аныктыгына баа берүү

- аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү, көзөмөлгө алынган уюмдардын абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурларда - эскертүү чараларын жана/же таасир этүү чараларын иштеп чыгуу;  

- көзөмөлгө алынган уюмдун мурдагы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө берилген сунуш-көрсөтмөлөрдүн жана жазма буйруктардын аткаруусуна баа берүү.» 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

3-глава. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

8. Инспектордук текшерүүлөр алдыга коюлган маселеге жараша комплекстүү жана максаттуу болушу мүмкүн. 

8-1. Көзөмөлгө алынган уюмдарга инспектордук текшерүү жүргүзүү планы ар бир жылга түзүлөт жана төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын функцияларын жөнгө салган, көзөмөлдөгөн жана контролдогон түзүмдүк бөлүмдүн ишин тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/ Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же анын милдетин аткарган башка кызмат адамы тарабынан бекитилет.  

Инспектордук текшерүүнү пландаштыруу төмөнкү негизи критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт (бирок ал менен эле чектелбейт):  

- төлөм системасынын маанилүүлүгү, ал Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатына ылайык аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан бекитилет;    

- уставдык капиталдын көлөмү;   

- бюджеттик төлөмдөрдү кабыл алуу;    

- мурдагы жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөр;   

- жазма буйруктарды жана башка таасир этүү чараларын аткаруу.   

Инспектордук текшерүүлөр планына зарыл болгон учурда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

9. Комплекстүү текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдун жалпы финансылык абалы, менеджментинин сапаты, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун туруктуулугуна коркунуч жараткан мүмкүн болуучу тобокелдиктер, кемчиликтер жана чабал жерлер аныкталат. 

10. Максаттуу текшерүүдө көзөмөлгө алынган уюмдун бир же бир нече ишкердик түрү текшерүүгө алынат.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

11. Билдирүү тартибине жараша текшерүүлөр план чегинде (төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына алдын ала маалымдоо менен) жана күтүүсүз (текшерүү жөнүндө алдын ала билдирүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн. 

12. Максаттуу текшерүүлөр күтүүсүз жүргүзүлүшү ыктымал. Күтүүсүз текшерүүнү жүргүзүүдө текшерүүгө жолдомо текшерүү тобу көзөмөлгө алынган уюмга келген учурда сунушталат. 

13. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жолдомосуна төмөнкүлөр кол коюуга укуктуу: 

- Улуттук банктын Төрагасы же аны алмаштырган адам; 

- Улуттук банктын Төрагасынын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү же аны алмаштырган адам; 

- көзөмөлгө алынган уюм жайгашкан жер боюнча Улуттук банктын областтык башкармалыгынын/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси же аны алмаштырган адам. 

14. Күтүүсүз максаттуу инспектордук текшерүүлөр төмөнкү жагдайлар орун алган учурда Улуттук банктын Төрагасынын чечиминин же Төраганын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин аткарган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/Башкарма мүчөсүнүн же болбосо алардын милдетин аткарган башка кызмат адамынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 

- төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши бузууга жол берилсе; 

- көзөмөлгө алынган уюмдар алдамчылыкка жол берсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана башка мыйзамсыз ишкердикти жүргүзүү фактылары орун алса же болбосо жарандардын, уюмдардын кайрылуусу боюнча; 

- сунушталган отчеттун негизинде, көзөмөлгө алынган уюмдун финансылык абалынын начарлашына алып келиши мүмкүн болгон терс тенденциялар табылса; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жагдайлар орун алса; 

- Улуттук банктын талаптары жана/же чечимдери аткарылбаса; 

- көзөмөлгө алынган уюм аларды аткаруусун текшерүү максатында Улуттук банк тарабынан жазма буйрук жөнөтүлсө

- пайдалануучулар алдында милдеттенмелерди аткарбоого алып келе турган же/ жана төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин бузууга алып келиши мүмкүн болгон төлөм системасынын операторунун/ төлөм уюмунун уюштуруучуларынын/ катышуучуларынын/акционерлеринин, кызмат адамдарынын ортосунда пикир келишпестик (чыр-чатак) тууралуу жарандардын маалыматы/ билдирүүсү/ кайрылуусу (көзөмөлгө алынган уюмдарга байланышкан) болсо;  

- пайдалануучулар алдында милдеттенмелерди аткарбоого алып келе турган же/ жана төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштешин бузууга алып келиши мүмкүн болгон маалыматтар/ билдирүүлөр/ окуялар болсо;  

- көзөмөлгө алынган уюмдардын мыйзамсыз иши жөнүндө укук коргоо органдары тарабынан маалымат болсо.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

4-глава. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби 

15. Улуттук банк көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине план чегинде инспектордук текшерүүлөрдү Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан бекитилген инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык эки жылда бир гана жолу жүргүзөт. 

16. План чегинде инспектордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн кеминде эки адамдан турган текшерүү тобу түзүлөт, ага Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же областтык башкармалыгынын/өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кириши мүмкүн, мында текшерүү тобунун жетекчиси жана анын мүчөсүүчөлөрү дайындалат (мындан ары - Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү). Улуттук банктын көзөмөлгө алынган уюмга инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укугун тастыктаган документке (мындан ары - текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомо) ушул нускоонун 13-пунктунда белгиленген Улуттук банктын кызмат адамынын кол тамгасы коюлат жана ыйгарым укуктуу өкүлдөргө тапшырылат. 

17. Инспектордук текшерүү жыйырма жумуш күнү ичинде жүргүзүлүүгө тийиш. 

18. Зарыл учурларда, Улуттук банктын Төрагасынын (же анын милдетин аткарган адамдын) же болбосо Төраганын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/Башкарма мүчөсүнүн (же анын милдетин аткарган адамдын) чечими боюнча инспектордук текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү он жумуш күнүнө чейин узартылышы мүмкүн. 

19. Текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомо Улуттук банк тарабынан ушул нускоого карата 1-тиркемеге ылайык эки нускада таризделип, ага нускоонун 13-пунктунда белгиленген Улуттук банктын кызмат адамынын кол тамгасы коюлат. 

20. Текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомодо текшерүүнү баштоо жана аяктоо күнү, текшерилүүгө тийиш болгон маселелер (комплекстүү текшерүүдөн тышкары), текшерүү мезгили, ошондой эле Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жеке курамы жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. 

21. Эгерде инспектордук текшерүү план боюнча жүргүзүлсө, текшерүүнүн жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмга зарыл документтердин тизмесин кошо тиркөө менен (2-тиркеме) текшерүү башталганга чейинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүү катын жөнөтүүгө тийиш, ал эми жолдомо уюмга келген учурда көрсөтүлөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

22. Инспектордук текшерүүнү баштоо күнү катары жолдомодо көрсөтүлгөн күн же текшерүү тобу көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомону тапшырган күн саналат. 

23. Тапшырылган күнү жана убактысы көрсөтүлгөн, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн жолдомонун бир нускасы Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүндө калат, ал эми экинчиси - көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат. 

24. Текшерүүгө келгенден кийин текшерүү тобунун жетекчиси төмөнкү максаттарда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси (же анын милдетин аткарган адам) менен жолугушат: 

- жолдомону тапшырууга, ошондой эле текшерүү чөйрөсү жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө

- текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоого; 

- анын/алардын иш чөйрөсүн белгилөө менен текшерүү тобунун мүчөсүүчөлөрү менен тааныштырууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара иш алып баруу ыкмаларын аныктоого; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун суроолоруна жооп берүүгө

25. Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм ушул нускоонун 21-пунктуна ылайык жөнөтүлгөн билдирүү катында белгиленген бардык документтерди сунуштоого милдеттүү. Документтер жок болсо ал өзүнчө акт менен таризделип, ага текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү кол тамгасын коёт.  

Алгачкы эле текшерүү күнү көзөмөлгө алынган уюм жумуш орундары менен өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүүӨзүнчө бөлүнүп берилген жайда аудио/ видео жаздыруучу түзүлүштөр болбоого тийиш. Эгерде көзөмөл тобуна өзүнчө бөлүнүп берилген жайда аудио/ видео жаздыруучу түзүлүштөр болсо, анда көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүү учурунда бөлүнүп берилген жайда аудио/ видео жаздыруу жүргүзүлбөй тургандыгы тууралуу милдеттеме берилет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

26. Эгерде Улуттук банктын айрым ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмаштырылса/кошулса, инспектордук текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү узартылса же текшерүүгө кошумча маселелерди киргизүү зарылчылыгы келип чыкса, жолдомого тиешелүү кошумчалар тариздетилип, алар күчүнө кирген күнү көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнө тапшырылат. Текшерүүнү жүргүзүүгө жолдомого карата кошумчалар аны ишке ашыруу тапшырмасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

27. Көзөмөлгө алынган уюм инспектордук текшерүү учурунда документтердин түп нускасын сунуштайт. Өзгөчө учурларда гана, объективдүү себептер боюнча документтердин түп нускасын сунуштоо мүмкүн болбогон учурларда, жазуу түрүндө документти берүү мүмкүн болбой жаткан себебин көрсөтүү менен көзөмөлгө алынган уюм анын кызмат адамынын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү (оттиск) коюлган документтердин көчүрмөлөрүн сунуштайт.  

Текшерүүчү тобунун суроо-талабы боюнча көзөмөлгө алынган уюм талап кылынган документтердин электрондук версиясын (бар болгон учурда) сунуштайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

28. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүү учурунда көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги жана анын персоналы текшерүү тобуна ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө тийиш. 

29. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу: 

- көзөмөлгө алынган уюм ишкердикти жүзөгө ашырган жайларга эркин кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга; 

- көзөмөлгө алынган уюмдун документтерин жана маалыматтарын өз убагында алууга жана текшерүүгө, анын ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун агенттеринин ишин текшерүүгө укуктуу. Бул учурда көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобунун агенттен маалыматтарды алуу, жайларга жана системаларга кирүү, ошондой эле маалыматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш; 

- зарыл учурларда инспектордук текшерүүнүн материалдарына кошо тиркөө үчүн, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы жана уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга; 

- уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү алууга; 

- суроо-талап боюнча көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган/маалымат системаларына бардык жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды (окуу, отчетторду түзүү жана басып чыгаруу) алуу мүмкүнчүлүгү менен кирүү укугуна ээ болуу;

- (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

өзөмөлгө алынган уюмдан жана төлөм системасынын катышуучуларынан төлөм системасынын ишине тиешелүү маселелер боюнча бардык маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жана алууга.  

Текшерүүнүн жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюмдун автоматташтырылган системасынан отчетторду түзүү жана чыгаруу көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугу менен ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

29-1. Атайын режим киргизилген учурда Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитеттин атайын режимди киргизүү жөнүндө чечими жана «Төлөм системасынын операторлоруна/ төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо менен белгиленген иш-чараларды аткарышат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

30. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү инспектордук текшерүүнү жүргүзүү учурунда төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча чараларга баа берүү үчүн көзөмөлгө алынган уюмдан документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуктуу. 

31. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди талап кылынган малыматтарды сунуштаган жана даярдаган көзөмөлгө алынган уюмдун түздөн-түз кызматкерлери менен көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине же болбосо ыйгарым укуктуу адамына макулдашуу боюнча талкууларды жүргүзүшү мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

32. Көзөмөлгө алынган уюм Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө уюмдун иши жүзөгө ашырылуучу жайларга тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбаса, талап кылынган маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле уюмдун ишине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, уюмдун маалымат системаларын кароо мүмкүнчүлүгүн жана маалымат системаларынан маалыматтарды электрондук түрдө сунуштоодон баш тарткан учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул нускоонун 3-тиркемесине ылайык Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден - эки нускада инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысын түзөт. 

Көзөмөлгө алынган уюмду текшерүү учурунда кандайдыр бир фактыларды жана/ же окуяны (жетекчилик, кызмат адамы жок учур, кассанын калдыгын чечүү ж.б.) белгилөө зарылдыгы жаралган учурда, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул нускоонун 3-1-тиркемесине ылайык, Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден  эки нускада инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыны жана/же окуяны ырастоо жөнүндө актыны түзөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

33. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысына/ инспектордук текшерүүдө аныкталган фактыны жана/ же окуяны ырастоо жөнүндө актысына Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү/ кызмат адамдары/ кызматкерлери кол тамга коёт.   

Ал эми бул актыга көзөмөлгө алынган уюм тарабынан кол коюудан баш тартылган учурда же көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү/ кызмат адамдары/ кызматкерлери жок болгон учурда, актыда баш тартуу/ кызмат адамдарынын жоктугу тууралуу актыда көрсөтүлөт, ал Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчисинин жана анын мүчөлөрүнүн) кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

34. Инспектордук текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү актысында белгиленген фактылар, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51/1 токтому менен бекитилген "Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын жана башка чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жана анын жыйынтыгында жолугушуу 

35. Инспектордук текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен алдын ала жолугушуу өткөрөт, анда алдын ала текшерүү ишинин жыйынтыгы, аныкталган бузууга жол берүүлөр жөнүндө маалымдалат, ошондой эле тыянактар жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талаптар талкууланат. Бул жолугушуунун алкагында көзөмөлгө алынган уюмга текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан белгиленген иш чөйрөсүнө тиешелүү тигил же бул маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү же чечмелөөлөрдү берүү үчүн мүмкүндүк берилет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

36. Алдын ала жолугушунун жүрүшүндө көзөмөлгө алынган уюм текшерүү тобунун мүчөлөрү тарабынан текшерилген иш чөйрөсү боюнча берилген маселелер боюнча өздөрүнүн комментарийлерин жана түшүндүрмөлөрүн берүүгө, ошондой эле көзөмөлгө алынган уюмдун иши жөнгө салуу боюнча бар суроолоруна түшүндүрмө алууга, бар болгон проблемалар боюнча тактоого жана түшүндүрмө алууга, текшерүү тобунун мүчөлөрүнө суроолорду берүүгө укуктуу.   

Көзөмөлгө алынган уюм алдын ала жолугушунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка протоколго кол коюудан баш тартууну негиздеген кат жөнөтөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

37. Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгында кыскача протокол толтурулат, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде кол коюлууга тийиш. Көзөмөлгө алынган уюм жолугушуунун жыйынтыгында түзүлгөн протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынгын уюм протоколго кол коюудан баш тартуу негиздемесин чагылдыруу менен Улуттук банкка кат жөнөтөт. 

38. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү иши аяктагандан кийинки он беш жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыктарын талкуулоо үчүн көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилиги менен жыйынтык жолугушууну өткөрүүгө тийиш. Жолугушууда Улуттук банктын төлөм системаларын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо милдетин жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги, зарылчылык келип чыккан учурда - Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/ошол башкармалыктын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Башкарманын мүчөсү катышууга тийиш. 

39. Жыйынтыктап жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган тыянактарды маалымдайт, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузууга жол берүүлөр; 

- колдонуудагы эсепке алуу жана отчеттуулук системасына, маалымдоо жана ички контролдук системаларына баа берүү

- тобокелдиктерди тескөөгө баа берүү

40. Жыйынтыктап жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчилигине аныкталган бардык кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгын маалымдайт, ошондой эле бул проблемаларды чечүүнүн алгылыктуу жолдору боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берет жана аны аткаруу мөөнөттөрүн белгилейт. 

41. Жыйынтыктоо жолугушуусунан кийин беш жумуш күнү ичинде протокол түзүлүп, анда бардык талкууланган маселелер чагылдырылат.   

Жыйынтыктоо жолугушуусунун протоколуна текшерүү тобунун жетекчиси жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү, ал жок учурда - анын милдетин аткарган адам кол тамга коёт.  

Эгерде көзөмөлгө алынган уюм жыйынтыктоо жолугушуусунун протоколуна кол коюудан баш тарткан учурда, көзөмөлгө алынган уюм 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка протоколго кол коюудан баш тартууну негиздеген кат жөнөтөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

 

6-глава. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет 

42. Инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан инспектордук текшерүү отчету түрүндө Улуттук банк жана көзөмөлгө алынган уюм үчүн бирден - эки нускада таризделет. 

43. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчётто текшерүү жыйынтыгы жазуу жүзүндө көзөмөлгө алынган уюмдун башкармалыгынын коллегиалдуу аткаруу органы үчүн чагылдырылат. 

44. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчётто бардык олуттуу тобокелдиктерди жана/же кемчиликтерди, проблемаларды жана көрүлүүчү зарыл чараларды кошо алганда, текшерүүнүн негизги тыянактары жана корутундулары маалымдалат, ошондой эле жагдайды турукташтыруу жана/же жакшыртуу үчүн көзөмөлгө алынган уюм милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар жана милдеттенмелер чагылдырылат. 

45. Бузууга жол берүү фактылары жөнүндө маалымат камтылган документтердин көчүрмөлөрүнө көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлуп, уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлүп, инспектордук текшерүүнүн отчётуна кошо тиркелет. Бузууга жол берүү фактылары жөнүндө маалымат камтылган документтердин көчүрмөлөрү инспектордук текшерүү отчётунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

46. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана Улуттук банктын уруксаты болгон шартта гана отчетту үчүнчү жакка сунуштоого жол берилет. Көзөмөлгө алынган уюмдар инспектордук текшерүү жөнүндө отчёттун сакталышын камсыз кылууга жана анын кагаз же электрондук түрдө жайылтылышына жол бербөөгө тийиш. 

47. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчётко Улуттук банктын текшерүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамга коюшат. Көзөмөлгө алынган уюм отчетко кол коюудан баш тарткан учурда, ал актка чагылдырылат жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (текшерүү тобунун жетекчиси жана анын мүчөлөрү) кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт. 

48. Отчётто чагылдырылган инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен макул эмес болгон шартта, көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү отчётко кол коюу учурунда ага макул эместигин же сын-пикирлерин чагылдырууга укуктуу. Макул эместиги жана сын-пикирлери жазуу жүзүндө таризделип, ага көзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлуп, уюмдун мөөрүнүн оттискасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Инспектордук текшерүү отчету менен макул эместиги жана/же ал боюнча сын-пикирлер, ошондой эле аларды негиздеген документтер же алардын көчүрмөлөрү ушул отчётко кошо тиркелип түзүлүүгө тийиш. 

7-глава. Таасир этүү чаралары 

49. Көзөмөлгө алынган уюмдун ишинде кемчиликтер табылса жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталса, текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдайт. 

50. Көзөмөлгө алынган уюмга карата таасир этүү чараларын колдонуу чечими белгиленген тартипте Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук чегерилген Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан кабыл алынат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-глава. Текшерүү жөнүндө отчет менен тааныштыруу 

51. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет көзөмөлгө алынган уюм менен жыйынтыктап жолугушуу өткөрүлгөн учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирилбестен коштомо кат менен бирге көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине жөнөтүлөт. Отчёттун жеткирилип берилгендигин тастыктоо үчүн отчётту алган адамдын аты-жөнү жана берилген күнү милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

52. Коштомо катта төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- көзөмөлгө алынган уюм отчётто камтылган сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык, аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүсү

- инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин ушул нускоонун 4-тиркемесине ылайык отчет менен таанышуу барагына кол коюу зарыл. Ошол эле учурда отчётто камтылган тыянактар жана корутундулар менен макул болбоо отчет менен таанышуу барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

53. Көзөмөлгө алынган уюмдун аткаруу органынын мүчөлөрү/ Директорлор кеңеши (бар болгон учурда)/ акционерлери (уюштуруучулары)/ катышуучулары инспектордук текшерүү жөнүндө отчет менен таанышып чыгууга жана таанышуу барагына кол тамга коюуга тийиш. Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышуу барагы Улуттук банкка Улуттук банктан коштомо катты алган күндөн тартып он (10) жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет.  

Таанышуу барагына кол тамга коюуга милдеттүү болгон адамдар резиденттер эмес болуп саналган учурда, таанышуу барагын Улуттук банка кайтарып берүү мөөнөтү 30 (отуз) календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

54. Көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин тигил же бул мүчөсү/уюштуруучусу/катышуучусу жок болсо жана/же отчет менен таанышып чыгуу үчүн белгиленген мөөнөт ичинде ал менен байланышуу мүмкүн эмес болсо, отчетту алган күндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин тигил же бул мүчөсү/уюштуруучусу/катышуучусу тарабынан отчет менен таанышуу баракчасына кол тамга коюлбагандыгы себебин Улуттук банкка маалымдоосу зарыл. Мында көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин тигил же бул мүчөсүнүн/уюштуруучусунун/катышуучусунун кол тамгасы коюлбаган таанышып чыгуу баракчасы белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка кайтарылышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

55. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет боюнча даттануу менен кайрылууга жол берилбейт. 

56. Көзөмөлгө алынган уюм таасир этүү чаралары боюнча даттануу менен Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобосуна ылайык кайрылышы мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

1-тиркеме 

__________________________________________________________ 

__________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун толук аталышы) 

____________________________________ ишин текшерүүгө 

ЖОЛДОМО 

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү кызматкерлери: 

1. _____________________________________________________________________________________ 

                                                           (аты-жөнү жана кызматы) 

2. _____________________________________________________________________________________ 

                                                           (аты-жөнү жана кызматы) 

3. _____________________________________________________________________________________ 

                                                           (аты-жөнү жана кызматы) 

4. _____________________________________________________________________________________ 

                                                           (аты-жөнү жана кызматы) 

5. _____________________________________________________________________________________ 

                                                           (аты-жөнү жана кызматы) 

20___-жылдын "___" ____________ тартып _ жумуш күн мөөнөтүнө _________ ишин текшерүүгө жөнөтүлдү

Текшерүү мезгил аралыгында күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта текшерүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. 

Текшерүү программасында төмөнкү багыттарды жана маселелерди текшерүү каралган: 

_______________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________ 

  

Төраганын орун аты-басары/ 

Башкарманын мүчөсү жөнү 

  

аты-жөнү 

  

2-тиркеме 

  

Көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисине __________________ 

БИЛДИРҮҮ 

Урматтуу __________________________ 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 20___-жылдын "____" ____________________ тартып ___________________ (филиалдарын кошо алганда) төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишине пландык текшерүү жүргүзүлө тургандыгын Сизге маалымдайт. 

Текшерүү ишин натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле текшерүү убактысын үнөмдөө максатында, тиешелүү кызматкерлерге ушул катка кошо тиркелген тиркемеге ылайык документтерди жана маалыматтарды даярдап коюу көрсөтмөсүн берүүңүздү Сизден өтүнөм. Мында, жумушчу топ мүчөлөрү уюмга келген күнү уюмдун ишине тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сунуштоону өтүнөм. Бардык документтер жана 

маалыматтар 20___-жылдын "____" ____________________ карата абал боюнча даярдалып, текшерүүнүн жетекчисине сунушталууга тийиш. 

Эгерде көрсөтүлгөн документтерди даярдоонун жүрүшүндө уюмдун кызматкерлеринде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү күнү башталганга чейин алдын ала ________________________________________________ (аты-жөнү, кызматы, телефон номери) менен байланышуу зарыл. 

Инспектордук текшерүүдө _____________________________ текшерүүчү катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу __________________________________________ адамга техникалык каражаттар менен жабдылган (телефон байланышы, документтерди сактоо үчүн сейф, мүмкүнчүлүк болсо компьютер жана принтер) жумуш ордун даярдап коюу зарыл. 

Жумушчу топтун мүчөлөрүнө текшерүүгө байланыштуу бардык маселелер боюнча көмөк көрсөтүүнү, кызмат адамдарга жана кызматкерлерге суроо берүү, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл маалымат булактардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууну Сизден өтүнөм. 

Тиркеме: Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын тизмеги ____________________________________ беттен турат. 

  

Ишиңизге ийгилик каалап, 

Төраганын орун басары/ 

Башкарманын мүчөсү 

  

Аты-жөнү 

Көзөмөлгө алынган уюм тарабынан текшерүүгө сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын 

ТИЗМЕГИ 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөртүлгөн, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген уюштуруу келишими, устав. 

2. Уюмдун ишин жөнгө салган жана анын саясатын аныктаган документтердин топтому. 

3. Уюмдун текшерүүгө алынган мезгил ичинде уюштуруу түзүмү, анын штаттык тизими. 

4. Кызматтык милдеттерин көрсөтүү менен филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин/начальниктеринин тизмеги (кагаз жүзүндө/электрондук түрдө). 

5. Агенттердин тизмеги. 

6. Уюмдун бухгалтердик балансы. 

7. Коммерциялык банктар, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, агенттер менен түзүлгөн келишимдер. 

8. Төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын тизмеги. 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка мамлекеттик бийлик органдары менен кат алышуулар. 

10. Башка документтер (зарылчылык келип чыккан учурда). 

  

3-тиркеме 

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү 

АКТЫСЫ 

________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

________________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду, дареги, телефону) 

20___-жылдын "____"_________________ __________________________________________ 

үзүлгөн жер) 

  

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери тарабынан 

_______________________________________________________________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү

төмөнкүлөр боюнча ушул акт түзүлгөн: 

_______________________________________________________________________________ кызматкери 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

_______________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун кызматкеринин аты-жөнү

уюмдун ишине текшерүүнү жүргүзүүдө төмөнкүдөй каршылык көрсөткөн: 

___________________________________________________________________________________________ 

(имаратка же жайга кирүүдө каршылык көрсөтүлгөн, жумушчу топтун 

мүчөлөрүнөн талап кылынган документтер сунушталган эмес, ж.б.) 

Улуттук банктын кызматкерлерине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу 

_______________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

кызматкерине төлөм уюмунун ишине текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн 

жоопкерчилик тартуу тууралуу эскертүү берилди. 

  

Акт түзгөн адам: 

________________________ 

(Улуттук банктын ыйгарым 

укуктуу өкүлүнүн аты-жөнү

___________________ 

(кызмат орду) 

_________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

  

  

Таанышып чыктым: 

________________________ 

өзөмөлгө алынган уюмдун 

кызматкеринин аты-жөнү

___________________ 

(кызмат орду) 

_________________ 

(кол тамгасы) 

  

  

  

  

Акттын экинчи 

нускасын алдым: 

________________________ 

өзөмөлгө алынган уюмдун 

кызматкеринин аты-жөнү

___________________ 

(кызмат орду) 

_________________ 

(кол тамгасы) 

  

«3-1-тиркеме   

   

Инспектордук текшерүүдө белгиленген фактыларды жана/же окуяларды   

ырастоо жөнүндө акт  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

 

 

   

_____________________________________________________________________________ өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы)  

____________________________________________________________________________ (жайгашкан орду, дареги, телефону)  

__________________________________________________ «___» ____________ 20__ -ж.   

үзүлгөн жери жана күнү)  

    

Биз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери   

_____________________________________________________________________________   

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аты-жөнү) жана  

_____________________________________________________________________________   

өзөмөлгө алынган уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн/кызмат адамдарын/ кызматкерлеринин аты-жөнү)  

   

төмөнкүлөр боюнча ушул актыны түздүк:  

_______________________________________________________________________   

                     (белгиленген фактылар жана/же окуялар көрсөтүлөт)   

    

Акт түзүлдү:   

_______________________   

(Улуттук банктын ыйгарым укуктуу  

өкүлүнүн аты-жөнү)  

__________________  

 (кызмат орду)  

________________   

(кол тамгасы)  

Таанышып чыкты:   

_______________________   

өзөмөлгө алынган уюмдун  

кызматкеринин аты-жөнү)  

_________________   

(кызмат орду)  

 _______________  

(кол тамгасы)  

Актынын экинчи  нускасын алды:   

______________________   

өзөмөлгө алынган уюмдун кызматкеринин аты-жөнү)  

______________   

(кызмат орду)  

__________   

(кол тамгасы)  

 

 

 

 

 

 

4-тиркеме 

Отчет менен таанышуу барагы 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы №2019-П-14/46-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

 

Биз, төмөндө кол койгон коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрү, көзөмөлгө алынган уюмдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрү (эгерде болгон болсо), ошондой эле уюштуруучулары/катышуучулары/акционерлери  

_______________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун, төлөм уюмунун аталышы) 

ишине жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчет менен таанышып чыктык. 

  

  

  

20___-жылдын "____"___________  

(текшерүү жүргүзүлгөн күн) 

  

  

  

Кызмат орду 

  

Кол тамгасы 

______________________________ 

  

___________________________ 

______________________________ 

  

___________________________ 

______________________________ 

  

___________________________