Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы  

№2019-П-14/50-2-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун 

ишин жөнгө салуу жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жободо (мындан ары  Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары  Улуттук банк) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого лицензиясына ээ төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар аныкталат:   

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо;  

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.  

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле алардын агенттери бул иш түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого тийиш.  

2. Жобонун талаптары төмөнкүлөргө таркатылбайт:  

- Улуттук банк алардын оператору болуп саналган төлөм системаларына;  

өз төлөмдөрү үчүн өз системасындагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка;  

- ушул Жобонун 98-пунктунун 2-пунктчасын эске албаганда, өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган коммерциялык банкка;  

өз төлөмдөрү үчүн өз түзүмүндөгү төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоону (процессинг, клиринг) жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ички системаларына.  

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт.  

4. Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин монополияга каршы жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо саясаты жана негизги принциптеринин алкагында ишке ашырылат.   

5. Ушул Жобонун талаптары бузууга жол берилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюмуна, төлөм системасынын операторуна жана банктар аралык төлөм системасынын башка катышуучуларына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

2-глава. Колдонулган терминдер жана аныктамалар 

 

6. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Автоматташтырылган система (АС)  бул ишти автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткаруунун маалыматтык технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система.   

Агент  төлөм уюму менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.   

Агенттик келишим  төлөм уюму менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө түзүлгөн келишим. Мында агенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет.  

Маалымат системасы  маалыматтарды сактоо, издөө жана иштеп чыгуу үчүн каралган система жана маалымат менен камсыз кылып, аны жайылткан тиешелүү уюштуруу ресурстары.  

Идентификатор  субъекттин же объекттин өзгөчө белгиси.  

Автоматташтырылган системаны пайдалануучу  бул автоматташтырылган системада катталган жана анын ресурстарын колдонгон (кызматкерлер, агенттер, кардарлар же башка адамдар) субъект же объект.  

Аутентификация  субъекттин/объекттин аларга ыйгарылган идентификаторго таандыгын текшерүү же анын аныктыгын тастыктоо.  

Авторизация  белгилүү бир субъектке/объектке анын системада аткарган ролуна ылайык айрым иш-аракеттерди аткаруусуна укук берүү процесси.   

Маалыматтын купуялуулугу  бул, ресурстардын маалымат активдерин иштеп чыгуу, сактоо жана берүү алар авторизацияланган пайдалануучуларга гана жеткиликтүү болгудай жүзөгө ашырыла турган абалы.  

Маалыматтын бүтүндүгү  маалыматын өзгөрүлбөс туруктуулугун сактоо же өз маалымат активдериндеги өзгөрүү фактыларын аныктоо касиети.   

Маалыматтын жеткиликтүүлүгү  маалымат активдери авторизацияланган пайдалануучуга, ага зарыл түрдө жана жерде жана ага зарыл болгон убакытта бериле турган маалымат касиети.   

Маалымат коопсуздугу  маалымат активдеринин купуялуулугун, бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн сактоо.  

Субагент  төлөм уюмунун агенти менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү (мындан ары  товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү) сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. Мында субагенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет.   

Агенттин мобилдик тиркемеси  бул, бир эле учурда товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу болуп саналган төлөм уюмунун агенти тарабынан сунушталган инструмент (программалык камсыздоо), пайдалануучулар аны мобилдик түзүлүштөр/тиркемелер аркылуу колдонот жана анын жардамы аркылуу төлөм уюму аталган товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдалануучусуна (кардарына)/ абонентине анын өздүк эсебине буга чейин салынган аванс акча каражаттары/алдын ала төлөм каражаттары же алардын бөлүгүнүн эсебинен кайтарылуучу акча каражаттарын колдонуу менен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча же агенти аркылуу сунуштайт. 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдү жана башка операцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүү үчүн агенттин мобилдик тиркемесин колдонгон, бир эле учурда төлөм уюмунун кардары жана төлөм уюмунун агенти катары иш алып барган товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун абоненти болуп саналган жеке адам, юридикалык жак же жеке ишкер. 

Ушул Жободо колдонулган башка терминдерди менен аныктамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүүгө болот.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата негизги талаптар 

 

§ 1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар 

 

7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.  

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат.  

Лицензия алууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.   

8. Төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш.   

9. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду компанияга ээ болгон учурда милдеттүү түрдө Улуттук банкка тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен ал тууралуу маалымат берүүгө тийиш.   

10. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактаган учурда кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратып алуу, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Кайра өзгөртүп түзүүдө төлөм системасынын оператору Улуттук банкка талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн кайра өзгөртүп түзүү боюнча тиешелүү чечимди кошо тиркөө менен кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен сунуштоого тийиш.  

11. Оператор Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарын бузууга жол берген учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторунун тарифтерди белгилөөсүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.  

12. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып жылына бир жолу Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат берип турушу зарыл. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге киргизилген бардык өзгөртүүлөр тууралуу алар киргизилгенден кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш.  

13. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келген төлөм системасынын иштөө эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин иштелип чыккан ички эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер системанын эрежелеринде, төлөм системасынын ишине байланыштуу келишимдерде, ошондой эле катышуучулар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет.  

14. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн, төлөмдөрдү өз учурунда иштеп чыгууну (процессинг/клиринг), системада маалымат коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн бузуу, процессинг/клиринг жана төлөм системасынын катышуучуларына төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштабагандыгы же сапатсыз сунуштагандыгы, анын ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим мамилелерине ылайык, керектөөчүлөрдүн жүргүзүлгөн төлөмдөрү тууралуу маалыматты товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга өз убагында жеткирбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат, анын ичинде финансылык жактан да жоопкерчилик тартат.   

Төлөм системасынын оператору керектөөчүдөн төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө сунуштоого тийиш.   

15. Төлөм системасынын оператору, эгерде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим шарттарында башкасы каралбаса, системанын иши үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча үзгүлтүккө учураган учурда жоопкерчилик тартпайт.   

16. Төлөм системасынын операторунун процессинг борбору автоматташтырылган системалар үчүн ушул Жободо белгиленген минималдуу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.  

17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:   

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышын, ошондой эле алардын ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келишин контролдоого;   

- төлөм системасынын башка катышуучуларына төлөмдөрдү өткөрүү үчүн зарыл техникалык жана программалык каражаттарга карата талаптарды коюуга;   

- агенттер, субагенттер жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча маалымат базасын жүргүзүүгө, алар кеминде төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:  

- келишимдин реквизиттерин (күнү, номери, келишим мамилелеринин түрү);   

- юридикалык жактын аталышын/жеке ишкердин аты-жөнүн;  

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар, жеке ишкердин паспорту боюнча маалыматтар, патент, каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;  

- жайгашкан жери/жашаган жери, ишкердикти жүзөгө ашыруу дареги;  

- жетекчилери жөнүндө маалыматтар;  

- байланыш маалыматтары;  

- менчик ээлери/уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактар үчүн);  

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтар;  

- юридикалык жактын/жеке ишкердин ишкердик түрү жөнүндө маалымат (банк иши, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр ж.б.);  

- ошол юридикалык жак/жеке ишкер менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү (эгерде сунуштоочу болсо, кызмат көрсөтүү түрү көрсөтүлсүн);  

- финансылык шарттар (комиссиялык төлөмдүн жогорку жана төмөнкү чеги, кызмат көрсөтүүнүн наркы ж.б.);  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө;   

- маалыматтарды иштеп чыгуу каражаттарынын коопсуз ишин камсыз кылуу;   

- жагдайларды жөнгө салуунун бирдиктүү ыкмасын камсыз кылуу жана жагдайлардын (инцидент) реестрин жүргүзүү;  

-  штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда системага кабыл алынган төлөмдөр боюнча маалыматтын товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга келишим шарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык өз убагында жеткирилишин камсыз кылуу.  

18. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:   

- процессинг борборун жана төлөм системасынын маалымат алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү процессине тартылган бардык кызматкерлерин маалымат коопсуздугу менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды, анын ичинде киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана чара колдонуу;   

- системанын чабал жактарын жөнгө салуу жана зыяндуу программалык камсыздоодон коргоо боюнча программалык иш-чаралар топтомун иштеп чыгуу, вируска каршы программалык камсыздоону улам жаңыртып туруу.  

19. Төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары  төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген аткаруу органынын мүчөлөрү, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылуулары зарыл:  

- уюмдун ишинин жөнгө салынышын контролдоо;   

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү  башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу;   

- иш натыйжалуулугуна баа берүү  уюмдун ар тараптуу иш багытына баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында чечимдерди кабыл алуу.   

20. Төлөм системасынын операторунун АПКнын иши жана анын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болгон техникалык персоналы (штаттык кызматтар), башкы бухгалтери (штаттык кызмат), ошондой эле өзүнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персоналы болууга тийиш. Персонал төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу болушат:   

- маалымат системасын контролдоо системаларынын шайкештигине баа берүү  башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аткаруу органына аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;   

- коопсуздуктун камсыз кылынышына баа берүү  маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын иш-аракеттеринин, авариялык үзгүлтүктөрдүн жана персоналдын каталарынын натыйжасында келип чыккан жоготууларды азайтуу;   

- иш натыйжалуулугуна баа берүү  уюмдун ар тараптуу иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;   

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишин текшерүү;   

- чечим кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчетторду түзүү үчүн колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, толуктугун жана өз учурунда берилишин камсыз кылуу;   

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо жана зарыл учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;   

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу.  

Оператор персоналдын аткарылуучу функцияларынын өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга, зарыл учурда төлөм системасынын негизги функцияларын аткарууга катышкан персоналдын функциясын айкалыштырууну камсыз кылууга тийиш. Персонал иштен бошонгон/алмашкан учурда талапка ылайык тариздөө менен (акт, протокол) функционалдык милдеттердин жана документтердин кабыл алынышы-өткөрүлүп берилиши камсыз кылынууга тийиш.   

21. Автоматташтырылган системаны администрлөө төлөм системасынын операторунун штаттык техникалык персоналы тарабынан жүзөгө ашырылуусу зарыл. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен келишим түзүлгөн учурда штаттан тышкаркы техникалык персоналды кошумча ишке тарта алат.   

22. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персоналы:   

- финансылык маалымат менен иш алып барууда ички эрежелерде жана жол-жоболордо жөнгө салынган маалымат коопсуздугун камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен тааныштырылууга;   

- автоматташтырылган системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга;   

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалымат менен иш алып барууда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.  

23. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

- системанын үзгүлтүксүз иштөө критерийлерине ылайык маалымат менен үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну (процессинг/клиринг);  

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын;   

- автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ төлөм системасынын операторунун техникалык персоналын авторизациялоону/ аутентификациялоону;   

- системада маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында төлөм документтери үчүн белгиленген мөөнөт ичинде сакталышын, алардын бүтүндүгүн жана купуялуулугун;   

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда системанын аппараттык-программалык комплексте/резервдик сайтта иштөөсүнө өз убагында которуу/калыбына келтирүү/ишти токтотуу;  

- автоматташтырылган система үзгүлтүккө дуушар болгон учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоону;   

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону.  

24. Төлөм системасынын операторунда төмөнкүлөр болууга тийиш:   

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоо сатып алынган учурда);   

- кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерге жана эмгек макулдашууларына ылайык, иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же кабыл алынган төлөмдөр процессингин ишке ашырган программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин камсыз кылган жактар менен техникалык колдоону камсыз кылууга түзүлгөн келишим;  

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар;   

- программалык камсыздоонун баштапкы кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги;   

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер;   

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы;   

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы;   

өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы;   

- төлөм системасынын оператору жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.  

 

§ 2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине карата талаптар 

 

25. Системанын иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:   

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын ишин чагылдыруу схемасы;   

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү тууралуу талаптар;   

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу;   

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби жана катышуучуга карата талаптар;   

- процессинг жүргүзүү тартиби;   

- клиринг жүргүзүү тартиби;   

- процессинг жана клиринг жүргүзүү учурунда физикалык жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг (клиринг) борборуна берилген болсо);   

- системанын үзгүлтүксүз иштөө критерийлери;   

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби;   

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы;   

- маалыматты коргоо талаптары;   

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби;   

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби;   

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби;   

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;   

- тарифтик саясат;   

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.   

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн.  

26. Карттардын процессингин жүргүзгөн төлөм системасынын операторунун эрежелеринде ушул жобонун 25-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш:   

- катышуучуну төлөм системасына каттоо жана багыттоо;  

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана талаптар (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);   

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);   

- эмитенттин карт эмиссиясын жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;   

- эквайердин карт эквайрингин жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;   

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби;   

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби;   

- системада банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр;  

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар.  

27. Төлөм системасынын эрежелеринде төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларында катышуусун чектөө жөнүндө талаптарды (өзгөчө катышуу шарттары) белгилөөгө тыюу салынат.   

28. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучуларга системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктердин системага тийгизе турган таасири тууралуу так түшүнүк берип, катышуучу тараптардын системанын тобокелдиктерин башкаруудагы юридикалык негизин, ролун, убактысын жана принциптерин түшүндүрүүгө тийиш. Берилген эрежелер жана жол-жоболор Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө жана улам каралып, зарыл учурларда, бирок 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу жаңыртылып туруусу зарыл.  

 

§ 3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

 

29. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык, анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.  

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат.  

Лицензия алууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат.   

30. Төлөм уюмунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелер жана жол-жоболор болууга тийиш.   

31. Төлөм уюмунун уставдык капиталы Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш.  

32. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактаган учурда кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратып алуу, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Төлөм уюму талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн бардык тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого тийиш.  

33. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктар, жыйымдар жана төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу жана тобокелдиктерди контролдоо жана жөнгө салуунун зарыл механизмдерин ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү келишимдик мамилелерде (түздөн-түз келишим түзүүдө) ушул талапты белгилөө менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджетине кабыл алынуучу бүтүндөй төлөм суммасына 100 (жүз) пайыз алдын ала төлөм сунуштоо. Төлөмдөр суммасы алдын ала төлөм өлчөмүнөн арткан учурда товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кызматтары автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш.   

2) Мамлекеттин менчигинде толугу менен же бир бөлүгү турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана келишимдик мамилелерде алдын ала төлөм каралбаган бюджеттик уюмдар үчүн ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча акыркы чейрек ичинде орточо күндүк жүгүртүүнүн 100 (жүз) пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу.  

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү милдеттенмелерин, ошондой эле камсыздандыруу депозити жайгаштырылган банктык эсепти контролдоо шарттарын аткарбай койгон/бузууга жол берген учурлар келип чыккан учурларда камсыздандыруу депозити максаттуу багыты боюнча гана пайдаланыла тургандыгы, жана/же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу акча каражаттарын акцептсиз тартипте алуу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш.   

3) коммерциялык банкта аманат боюнча өзүнчө эсепте башка кайтаруу шарттарында камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу же болбосо төлөм уюмунун келишимдик мамилелерде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн анын пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны сунуштоосу. Камсыздандыруу депозитинин же банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ар бир сунуштоочу боюнча акыркы чейрек ичиндеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 10 (он) пайызынан кем болбоого тийиш.   

4) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга тиешелүү акча каражаттарды төлөм уюмунун чарба ишине байланыштуу операцияларын жүргүзүү үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт. Камсыздандыруу депозиттери бардык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча бир банктык эсепте же болбосо бир нече банктык эсептерде жайгаштырылышы мүмкүн.   

34. Төлөм уюму акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого тийиш.  

Акча каражаттарын өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген, касса операцияларынын тизмегине ылайык төлөм уюму тарабынан максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Касса операцияларынын тизмегинде төлөм уюму тарабынан кассадан берилүүчү акча каражаттарынын суммасына лимит белгиленүүгө жана ички жол-жоболорго ылайык бекитилүүгө тийиш.   

35. Төлөм уюму акча каражаттарды төлөөчүдөн алуучуга берүүнүн бүтүндөй процессинин контролдукка алынышын камсыз кылууга милдеттүү жана акча каражаттарынын өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болот.   

36. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш.   

37.  Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган, милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.   

38. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төлөм уюмунун автоматташтырылган системасы жана бухгалтердик операцияларды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система (1 С же башка) жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:   

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга;  

- автоматташтырылган ишенимдүү кулпулардын болушу;   

- видео байкоо системаларынын болушу жана төлөм уюмунун аткаруу органы тарабынан белгиленген мөөнөт чегинде видео байкоодон алынган маалыматтарды сактоо милдеттенмеси;  

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу;   

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш.  

39. Төлөм уюму Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил ичинде кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты, эгерде талап кылынган маалыматтын мезгил аралыгы 2 күндөн ашпаган мөөнөттү камтыса, талап келип түшкөндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен бардык транзакциялар тууралуу маалыматтын 5 жыл сакталышын камсыз кылууга тийиш. Узак мезгил аралыгы үчүн маалыматты сунуштоо мөөнөтү өзүнчө сүйлөшүлөт.   

40. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде бир жолу автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө протокол түзүү менен текшерүү жүргүзүүгө тийиш.   

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө тариздетилип, ага текшерүүгө катышкандар кол коюусу зарыл.  

41. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо үчүн мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.   

42. Төлөм уюму төлөөчүдөн өндүрүлүүчү комиссиялык төлөм өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча белгилөө укугуна ээ.   

  

§ 4. Агенттерге коюлган талаптар  

  

43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш:   

1) эгерде юридикалык жак болсо  уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланса), уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;   

2) жеке ишкер болсо  ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгерде иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери.  

44. Агенттер үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн субагенттерди ишке тарта алышат. Төлөм уюму да өз ишин уюштуруу үчүн субагенттерди ишке тартышы мүмкүн жана/же субагенттик тармактарды түзүшү мүмкүн.   

45. Эгерде төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда ачылган кардардын өздүк эсебине буга чейин салынган, анын эсебине кайтарылып берилүүчү акча каражаттарды, аванс акча каражаттарын/ алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүктөрүн колдонуу менен агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча же өз агенттери аркылуу жүзөгө ашырса, анда төлөм уюму менен агент ушул Жобонун 2-тиркемесинде белгиленген Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибин сактоого тийиш.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Төлөм уюуму менен агент ортосундагы келишимде кеминде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл:  

өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана келишим шарттары аткарылбаган же карыз түптөлгөн учурда тараптардын жоопкерчилиги. Агент төлөм уюмунун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт;  

- ушул Жобонун 48-пунктунун талаптарына ылайык, агенттен кабыл алынуучу төлөмдөр көлөмү жана терминалдар саны боюнча лимиттер/чектөөлөр (зарыл учурда);  

- анын ичинде штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда, акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби/жол-жобосу;  

- субагент менен түзүлгөн келишимге карата талаптар, анда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана келишим шарттары аткарылбаган шартта же карыз түптөлгөн учурда жоопкерчилиги камтылат;  

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда ачылган кардардын өздүк эсебине буга чейин салынган, анын эсебине кайтарылып берилүүчү акча каражаттарды, аванс акча каражаттарын/ алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүктөрүн колдонуу менен агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүдө, ушул Жобого карата  2-тиркемеде белгиленген Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибин сактоо тууралуу агентке карата талаптар.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. Төлөм уюму менен агент ортосундагы келишимде ошол төлөм уюмунун агенттеринин жана субагенттеринин ушул Жобонун талаптарына шайкеш келишине Улуттук банктын кайсыл болбосун убакытта тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүүсү жана текшерүүгө байланыштуу зарыл документтерди сунуштоосу тууралуу талап жана макулдук камтылууга тийиш.   

48. Эгерде 6 (алты) ай же андан ашык убакыт ичинде агенттин акча каражаттарынын жүгүртүү суммасы боюнча көрсөткүчү бардык төлөм уюмдарынын операцияларынын жалпы көлөмүнүн 20 (жыйырма) пайызынан жана/же агенттин терминалдарынын саны бардык төлөм уюмдарынын терминалдарынын жалпы санынын 10 (он) пайызынан ашса:  

1) агент ишин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан тиешелүү лицензия алууга, же болбосо;  

2) төмөнкү талаптардын аткарылышын кошумча камсыз кылууга тийиш:  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого. Акча каражаттарын өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген касса операцияларынын жана лимиттердин тизмегине ылайык максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга жана ал төлөм уюму менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш;   

- төлөм уюмунун акча каражаттарын өз убагында бербегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болуу;   

- анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча мыйзам талаптарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалымат боюнча архивдин түзүлүшүн жана жүргүзүлүшүн камсыз кылуу.   

Улуттук банк ушул пунктта белгиленген талаптардын аткарылышы үчүн төлөм уюмуна жана анын агентине ушул пунктта көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө агент тарабынан жетишилгендиги тууралуу Улуттук банк агентке билдиргенден кийинки 1 (бир) ай ичинде маалымдайт, ал төлөм уюмдары тарабынан агенттер жана субагенттер боюнча сунушталган маалыматтын негизинде алынган.  

49. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерине окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү берүү жана агентти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу жана агенттердин белгиленген талаптарды сактоосуна мониторинг жүргүзүү зарыл.  

50. Төлөм уюму же агенттер төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда аларды кабыл алуунун ар бир пунктунда/агенттердин мобилдик тиркемелеринде төлөөчүлөргө төмөнкү маалыматтардын сунушталышын камсыз кылууга милдеттүү:   

- төлөм уюмунун аталышы, байланыш маалыматтары жана жайгашкан жери;   

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү;   

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү комиссиялык төлөмдүн наркы;   

- даттануу менен кайрылуу ыкмалары;   

- төлөм уюмунун call-борборунун телефон номерлери.  

51. Төлөм уюму үчүнчү жактардын же агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү башка сунуштоочулардын алардын абоненттеринин өздүк эсептеринин баласынан кайтарып берүү эсебинен жүзөгө ашырылуучу төлөмдөрүн, - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын кайсы болбосун формада, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү же эгерде, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдалануучулары (кардарлары)/абоненттери ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүшпөсө, товарлардан/кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу формасындагы акча каражаттарын агенттер аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө укугу жок.   

51-1. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдарды идентификациялоо жана верификациялоо Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) төлөм уюму жана/же агент тарабынан же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде банк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн (өнөктөш банк). 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде банк тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн (өнөктөш банк). 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо өнөктөш банк (ыйгарым укуктуу үчүнчү жак) тарабынан жүргүзүлгөн учурларда, төлөм уюму банктан кардар/пайдалануучу жана анын бенефициардык ээси жөнүндө керектүү маалыматтарды, кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өткөн агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдарга карата төлөм уюму лимиттерди жана чектөөлөрдү аталган Тартипте каралган чектөөлөрдү жана лимиттердин чектүү өлчөмдөрүн эске алуу менен өз алдынча белгилөөгө тийиш. 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеги төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда, төлөм уюмунун ички контролдоо программасына ылайык кардарга тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен белгиленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

53. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучулары үчүн агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектринен пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат. 

Агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу операциялар боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн төлөм уюму Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга ушул пунктта белгиленген лимиттердин чектүү өлчөмдөрүн эске алуу менен лимиттерди өз алдынча белгилөөгө тийиш. 

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеги төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда, төлөм уюмунун ички контролдоо программасына ылайык кардарга тобокелдиктин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен белгиленүүгө тийиш. 

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга төмөнкүдөй лимиттердин чектүү өлчөмдөрү белгиленет: 

- пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө бир жолку төлөм (операция) жүргүзүүгө лимит; 

- пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 2 000 (эки миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө транзакциялардын ар айлык көлөмүнө лимит. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Төлөм уюму агент/субагент тарабынан ушул Жобонун агенттер/субгенттерге тиешелүү талаптардын сакталышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болот.   

 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

 

55. Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары төлөм системасына катышуу келишиминде, орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурларда тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү бөлүк каралууга жана катышуучулардын Улуттук банктын штаттан тышкаркы жагдайлар жана тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.   

56. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктерге онлайн мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

57. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан системалуу тобокелдик аныкталган учурда же штаттан тышкаркы жагдай орун алган шартта, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:   

өз убагында, бирок системалуу тобокелдик аныкталган же штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурдан кийинки 2 (эки) сааттан кечиктирбестен, Улуттук банкка, ошондой эле төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун банк-агентине жана эгер болгон болсо, электрондук акчанын банк-эмитентине ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү жөнөтүү же телефон чалуу аркылуу маалымдоого;   

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга, агенттерге/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга билдирүүгө;   

-  кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар (кардарлар)/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу/аяктоо боюнча чараларды көрүүгө;   

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;   

- башка катышуучулар үчүн өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга.  

Ушул пунктта чагылдырылган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга/пайдалануучуга тиешелүү бардык милдеттенмелер товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде жана ачык сунуштарда (оферта) чагылдырылууга тийиш.  

58. Төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары лицензияга ээ байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу коопсуз жана ишенимдүү байланыш каражаттарын колдонууга, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурга резервдик байланыш каналдарына ээ болууга тийиш.   

59. Төлөм системасынын оператору техникалык колдоо көрсөткөн адамдарга штаттан тышкаркы жагдайларда системанын ишин калыбына келтирүү үчүн көрүү режиминде же белгилүү бир убакыт аралыгында гана системадан аралыктан пайдалануу боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Системадан аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдар буйрук менен бекитилип, алардын аракеттери функционалдык милдеттерине ылайык жөнгө салынууга тийиш жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укукка жатпаган аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Программалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жөнгө салууга жол берилбейт.   

60. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык негизги жана резервдик аппараттык-программалык комплекстин Кыргыз Республикасынын аймагында болушун жана иштешин камсыз кылууга тийиш. Аппараттык-программалык комплекстин аппараттык бөлүгү өнөр жай классындагы жабдуудан турууга тийиш.  

61. Төлөмдөр процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүгө тийиш.   

62. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай (сервердик жай) төлөм системасынын иши боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу бардык бизнес-процесстердин ишенимдүү ишин камсыздоого жана төмөнкү негизги талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

өзүнчө жайгашууга (имараттын ички бөлүгүндө, башка бөлмөлөрдөн дубал менен өзүнчө бөлүнгөн, терезесиз жана ага кирүү үчүн өзүнчө эшик болууга);   

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу;   

- маалыматтар белгилүү бир убакыт аралыгында сактала турган видео байкоо системаларынын болушу;  

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш;  

- гидроизоляциянын болушу жана салаңдап турган сымдардын болбошу;  

- сервердик жайга же кирүү мүмкүнчүлүгүн контролдоо жана тескөө системасына кирүүлөрдү каттоо журналынын болушу.   

63. Аппараттык-программалык комплексти жайгаштыруу үчүн жайды ижарага алуу мөөнөтү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.   

64. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал (негизги жана кайталоочу) төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда ички эрежелер жана жол-жоболордо жөнгө салынган, маалымат коопсуздугун камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга;  

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана ички документтерге ылайык, финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл квалификацияга ээ болууга;   

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалыматтар менен иштөөдө маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жагында талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартууга.  

65. Төлөм системасынын оператору аппараттык-программалык комплексти системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кыла турган, өнөр жай классындагы альтернативалуу электр энергия булактары менен жабдууга тийиш.   

66. Төлөм системасынын оператору үзгүлтүккө учуроолор орун алган шартта, бул программалык комплекстеги маалыматтардын толук сакталышын камсыз кылуусу зарыл.  

67. Төлөм системасынын оператору операциялык системанын, колдонмо программалык камсыздоонун, программалык камсыздоо системасынын, маалымат базасынын жана резервдик көчүрмөлөрдөн башка негизги компоненттерди түзүү жана калыбына келтирүүүчөтүү механизми менен камсыздоого тийиш.   

68. Төлөм системасынын операторунда системанын иштөөсүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентти кошо алганда, колдонулуп жаткан аппараттык-программалык комплекстин техникалык камсыздоосун жөнгө салган документтер болуусу зарыл.  

69. Төлөм системасынын оператору колдонгон, анын ичинде төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн (процессинг/клиринг) каралган программалык камсыздоодо, программа боюнча кеңири маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, пайдаланууда зарыл болуучу коштомо документтер, системанын паспорту жана башка документтер болууга тийиш, булар системаны пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн.  

Бардык маалымат системаларында төмөнкүлөр камтылган маалымат (системанын паспорту) болууга тийиш:  

- жалпы мүнөздөмөлөр (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.);  

- системанын конфигурациясы (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, прикладдык/маалымат базасын башкаруу системасы, диск бөлүктөрүнүн өлчөмү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.);  

- калыбына келтирүү регламентин кошо алганда, системаны эксплуатациялоодо колдонулган ченемдик документтер тизмеги (жоболор, регламенттер ж.б.);  

- жабдуунун жана бирдей системалардын өз ара иштөө схемасы (топология).  

Системанын паспорту мындай мазмун менен гана чектелип калбайт жана анда системаны натыйжалуу башкаруу, аларды пландаштыруу, модернизациялоо жана тейлөө үчүн маалымат камтылууга тийиш.   

70. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу ишинде, маалымат алуу, аларды иштеп чыгуу, сактоо жана сунуштоо боюнча процесстерге тартылган, уюмдун тескөөсүндө турган бардык участкалар камтылууга тийиш.   

71. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыздоого тийиш.   

72. Транзакцияларды иштеп чыккан (процессинг/клиринг) төлөм системасынын оператору:  

- эл аралык төлөм карттары боюнча, Payment Card Industry Data Security Standard (PCI DSS) сертификатына  төлөм карттары тармагында маалыматты коргоо параметрлерин аныктаган эл аралык стандартка ээ болууга жана анын шайкештигин тышкы аудиторлор жыл сайын тастыктап турууга тийиш;  

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттары боюнча ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү зарыл.  

73. Төлөм системасынын оператору 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүсү зарыл.   

Текшерүүнүн натыйжалары боюнча протокол түзүлүп, ага текшерүүгө катышуучулардын колу коюлууга тийиш.   

74. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу берилип жаткан маалыматтардын чечмеленишин камсыз кылуусу зарыл.   

75. Төлөм системасынын оператору өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө тийиш.   

76. Төлөм системасынын оператору системалуу билдирүүлөр (лог) журналынын системанын жана тиркемелердин деңгээлинде бардык операциялар үчүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуусу зарыл (пайдалануучунун системага кирүүсү/системадан чыгуусу, маалыматтарды өзгөртүүсү ж.б.).   

77. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсы болбосун мезгил ичинде каалаган транзакция тууралуу маалыматты айкын убакыт ыргагында жана/же эгерде талап кылынган маалыматтын мезгил аралыгы 2 күндөн ашпаган мөөнөттү камтыса, суроо-талап келип түшкөн учурдан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Узак мезгил аралыгы үчүн маалыматты сунуштоо мөөнөтү өзүнчө сүйлөшүлөт.  

78. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалыматтардын сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.   

 

5-глава. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

 

79. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун   

33-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишимде белгиленген тартипте сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.  

Төлөм уюму лицензия алгандан кийинки 12 ай ичинде келишим түзүүгө жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш, болбосо, төлөм уюмунун лицензиясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынат.   

80. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түзүлгөн келишимдер боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочу ортосунда түзүлгөн келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматтарды камтуусу зарыл:   

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү;   

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары;   

- сунуштоочу тарабынан берилген товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;   

- кардарга төлөмдөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги;   

- Жобонун 33-пунктуна ылайык тараптардын финансылык милдеттенмелерин камсыздоосу, ошондой эле келишимдин аракети токтотулган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү, акчаны кайтарып берүү тартиби;  

- штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү;  

- келишимди колдонуу мөөнөтү;   

- тараптардын банктык реквизиттери;   

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар).  

Төлөм уюму туруктуу негизде, бирок жылына кеминде 1 (бир) жолу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын маалыматтарынын актуалдуулугун текшерип турууга тийиш.   

81. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсептерди, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө эсептерди же бир эсеп ачууга жана пайдаланууга милдеттүү. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган акча каражаттарын төлөм уюмунун чарба иштери үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт.  

 

6-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун отчет сунуштоо тартиби 

 

82. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарынын маалыматтык жана финансылык агымын контролдоо үчүн төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада жана отчеттун 1-5-формалары боюнча Кыргыз Республикасындагы маалыматтык, финансылык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап туруусу зарыл.   

83. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, уюштуруучулардын катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр, аффилирленген жана байланыштуу жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери, туунду уюмдарынын/филиалдарынын болушу тууралуу маалыматтарды өзгөртүлүшүнө жараша, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.  

84. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык отчеттун формасы боюнча финансылык абалы тууралуу отчетту чейрек сайын Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттүү. Отчет төлөм системасынын оператору тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт.  

85. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он бешинен) кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген отчеттун 1-5-формаларына ылайык ай сайын Улуттук банкка сунуштап туруулары зарыл. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт.  

Зарылчылыкка жараша Улуттук банк берилген отчеттон улам кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору талап кылынган маалыматтарды жана документтерди Улуттук банктын суроо-талабын алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү.   

86. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банктан лицензия алынган айдан кийинки отчеттук айдан тартып отчет бере баштайт.   

87. Эгерде акыркы отчет берүү күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат.   

88. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө ушул Жобого карата 1-тиркеменин 2-отчеттук формасына ылайык, келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

Маалымат Улуттук банкка электрондук түрдө сунушталып (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы), кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт.  

89. Улуттук банк, төлөм системаларынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын жана алардын агенттеринин үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле агенттик келишимдердин алкагында текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу.   

90. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасындагы системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын, орчундуу кызмат көрсөтүү провайдерлеринин тизмесин аныктайт жана жарыялайт же бул төлөм системасын маанилүү деп таануу жөнүндө же оператор маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери болуп саналган болсо, төлөм системаларынын операторлорунун дарегине тиешелүү кат жөнөтөт.   

91. Системалары системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган төлөм системасынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлору кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу тышкы көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүп турууга, ошондой эле системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системалары, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери үчүн белгиленген Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.   

92. Маанилүү төлөм системасы критерийине туура келбеген төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлоруна милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүп турууга тийиш.   

93.Төлөм уюмдарына 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу милдеттүү түрдө тышкы көз карандысыз аудит жүргүзүлүп турууга тийиш.   

94. Тышкы көз карандысыз милдеттүү финансылык аудиттин жана маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлгандан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш.   

95. Төлөм системасынын операторунун маалымат системаларына аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:   

- колдонуудагы саясат жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү;   

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү;   

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү.  

96. Эсептешүүлөр боюнча төлөм системасынын оператору эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен сертификат берүүнүн эл аралык программасы боюнча сертификатка ээ аудиторлорду ишке тартуу менен маалымат системаларына кеминде   

2 (эки) жылда 1 (бир) жолу аудит жүргүзүп турууга тийиш. Маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлган учурдан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш.  

97. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, компаниянын расмий барагына таризделип, ага жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлуусу зарыл.  

 

7-глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалына (сash-in) карата талаптар 

 

98. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы:   

1) сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштырууга тийиш;   

2)  Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 2-тиркемеге ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме), тобокелдиги төмөн операциялардын тизмесинде камтылбаган, операцияларды жүзөгө ашырууда ички контролдук жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардар-акча каражаттарын жөнөтүүчүнү идентификациялоого жана верификациялоого тийиш;  

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн режиминде туташтырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш;  

4) кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнгө чейин төлөмдү өткөрүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча мааалымат берүүгө тийиш;   

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү боюнча түзүлүш менен жабдылуусу зарыл.   

99. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укугун тастыктаган бардык зарыл документтери болууга тийиш.   

100. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти өз алдынча тейлөө терминалдар түйүнүнө туташууда автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалынын ишин андан ары жүзөгө ашыруу жана алдын алуу техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоого же төлөм терминалдарын тейлөөгө келишим түзүүгө тийиш.  

  

  

 

   

   

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме  

   

  

  

Төлөм уюму жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан   

сунушталуучу отчеттун титулдук барагы   

  

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _________ лицензиясынын негизинде иш алып барган ____________________________________ (ЖЧК, ААК, ЖАК ж.б.у.с.)   

өлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)   

201__-жылдын «__» __________ үчүн төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт.   

Аткаруу органынын мүчөлөрү (ЖЧК, ААК, ЖАК ж.б.у.с.) (төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)  

- Төрага - __________  

- Техникалык директор - _________________  

- Башкы бухгалтер - _____________  

   

Тиркемелер:   

Отчеттун № 1 формасынын аталышы   

Отчеттун № 2 формасынын аталышы   

Отчеттун № 3 формасынын аталышы   

Отчеттун № 4 формасынын аталышы   

  

   

Жетекчи  (жетекчинин орун басары)  

_________________  (жеке кол тамгасы)  

_____________________  (аты-жөнү)  

   

  

  

Аткаруучу  

_________________  (жеке кол тамгасы)  

_____________________  (аты-жөнү)  

   

Мөөрү   

Телефон номери   

   

  

  

  

Отчеттун № 1 формасы   

  

Уюмдун аталышы   

_________________________  

  

20___-жылдын ______________ айы үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат  

   

№ 1-А отчет  

№  

Банктын аталышы  

Эсептин түрү (+/-)  

Отчеттук мезгилдин акырына карата банктык эсептердеги акча каражаттар калдыгы  

Гарантиялык эсеп (+/-)  

Эсептешүү эсеби (+/-)  

валютасы  

суммасы  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

   

№ 1-Б  

№  

Төлөм системасынын катышуучуларынын жалпы саны  

__________  (саны көрсөтүлөт)  

  

Анын ичинде:  

  

  

- сунуштоочулар  

__________  

  

- агенттер  

__________  

  

башка жактар (көрсөтүлүүгө тийиш)  

__________  

  

№ 1-С  

№  

Терминалдардын жалпы саны  

__________  (саны көрсөтүлөт)  

  

Анын ичинде:  

  

  

өздүк төлөм терминалдар  

__________  

  

агенттердин төлөм терминалдары  

__________  

  

веб-кассалар  

__________  

  

төлөм уюмдарынын POS-терминалдары   

__________  

  

башкалар (көрсөтүлүүгө тийиш)  

__________  

  

Аткаруучу   

__________________  (жеке кол тамга)  

_____________________  (аты-жөнү)  

  

 

 

 

Отчеттун № 2 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________  

  

20___-жылдын ______________ айы үчүн төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун колдонуудагы келишимдери жөнүндө   

маалымат   

  

  

  №  

Уюмдун аталышы  

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары   

Келишимдин номери жана күнү   

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү   

  

  

  

  

  

   

Аткаруучу   

__________________  (жеке кол тамга)  

_____________________  (аты-жөнү)  

 

 

 

 

Отчеттун № 3 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________  

  

20___-жылдын ______________ айы үчүн  

товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга төлөөлөр жөнүндө маалымат*  

  

  №  

Уюм- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы  

Алдын ала төлөмдүн жалпы суммасы, сом  

Камсыздоо формасы  

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү*, сом  

Камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом  

Банктык гарантия, сом  

  

  

  

  

  

  

*автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт   

  

  

 

 

Отчеттун № 4 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________  

  

  

20___-жылдын ______________ айы үчүн  

агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө   

маалымат   

  

  

  

№  

Агенттердин аталышы  

Терминалдардын саны:  - төлөм терминалдары;  - веб-кассалар.  

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом  

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

Отчеттун № 5 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________  

  

  

20___-жылдын ______________ айы үчүн  

агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар/кардарлар, төлөмдөрдүн көлөмдөрү жана саны жөнүндө   

маалымат   

  

№  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарлардын жалпы саны   

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом  

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте  

Тиешелүү идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн, агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарлардын саны   

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом  

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте  

Банктык идентификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарлардын саны   

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом  

Төлөмдөрдүн саны, бирдикте   

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

 

  

  

 

 

   

   

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме  

  

Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

  

1. Бул Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби (мындан ары Тартип) кызмат көрсөтүүлөрүн мобилдик тиркемелер аркылуу сунушташкан төлөм уюмдарынын агенттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучулар болуп саналган төлөм уюмдарынын кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо максатында иштелип чыккан. 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо ушул Тартипте көрсөтүлгөн эрежелер жана жол-жоболор боюнча төлөм уюму жана/же төлөм уюмунун агенти тарабынан, же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде банк тарабынанан жүзөгө ашырылат (өнөктөш банк). 

Төлөм уюму кызмат көрсөтүү учурунда өз алдынча же агент аркылуу агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу кардардын маалыматтарын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаӊыртат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Төлөм уюмдары/агенттер агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоону, ошондой эле ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди пайдалануу менен идентификациялоо процессинде сунушталган жана анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу кардарды верификациялоо жол-жобосу жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Төлөм уюмдары жана/же төлөм уюмдарынын агенттери жеке адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде пайдалануучунун актуалдуу идентификациялоо маалыматтарынын (аты-жөнү, ИНН/ПИН ж.б.) болушун жана бул маалыматтын 5 (беш) жыл бою сакталышын камсыз кылууга жана маалыматты төлөм уюмунун жана/же Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн пайдалануучулардан тышкары, ушул Тартипке ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу жеке адамдарга карата төмөнкү чектөөлөр жана лимиттердин чектүү өлчөмдөрү белгиленет: 

- пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 150 (жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө бир жолку төлөм (операция) жүргүзүүгө лимит; 

- агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу үчүн пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванс акча каражаттарын/ алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүгүн пайдалануу менен, 600 (алты жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө транзакциялардын ар айлык көлөмүнө лимит; 

- ушул Тартипке карата 2-тиркемеге ылайык агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон тобокелдиги төмөн операцияларды гана жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

 

2-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо 

 

7.Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонгон пайдалануучуну/кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу кайсы болбосун төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:  

1) жаңы пайдалануучулар (кардарлар) менен ишкердик мамилелерин түзүүдө;  

2) банк мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү жол-жобосу мурда жүргүзүлбөсө, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө туташкан агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары тууралуу маалыматтарды топтоодо;   

3) агенттердин мобилдик тиркемелеринин мурда токтотулган же блок коюлган кызмат көрсөтүүлөрүн калыбына келтирүүдө (төлөмдөрдүн көлөмү боюнча белгиленген лимиттен ашып кеткендигине байланыштуу агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо токтотулган учурларды эске албаганда);  

4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана башка предикаттык кылмыштарга жол берилгендигине шектенүүлөр келип чыкса;  

5) кардар тууралуу мурда алынган маалыматтардын анык эместиги же жеткиликтүү эместиги фактылары аныкталган учурда;  

6) төлөм уюму жана төлөм системаларынын оператору тарабынан белгиленген регламенттерге ылайык маалыматтарды жаңыртууда (актуалдаштырууда);  

7) шектүү жана/же алдамчылык транзакцияларын/аракеттерин жана/же агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга жол берилгендигине шектенүүлөр орун алса;   

8) төлөм уюмунун, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан төлөм уюмунун агентинин жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча;  

9) пайдалануучунун алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде камтылган адамдарга окшоштугу тууралуу шектенүү орун алса.   

8. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучусу ушул эле тиркеменин башка пайдалануучусунун банктык карттарына, агенттердин мобилдик тиркемелерин башка пайдалануучулардын электрондук капчыктарына акча каражаттарын которууда ушул Тартипке карата тизмеге ылайык (1-тиркеме) мындай төлөмдөр боюнча кошумча маалыматтарды топтоо жүзөгө ашырылат.   

9. Төлөм уюму, агенттердин мобилдик тиркемелери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган төлөм уюмунун агенти пайдалануучулар жана агенттердин мобилдик тиркемелери боюнча өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча маалымат базасын кеминде 5 (беш) жыл сактоого милдеттүү.   

  

 

3-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарын идентификациялоо жана верификациялоо ыкмалары  

  

10. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуну/кардарды идентификациялоо жана верификациялоо тартиби кайсы болбосун төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу жүргүзүлөт: 

1) кардар агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кызматтарды сунуштаган төлөм уюмунун жана/же төлөм уюмунун агентинин кызматкерлерине жана/же ыйгарым укуктуу адамдарына ушул Тартиптин 6-главасына ылайык өзүнүн катышуусу аркылуу кайрылганда; 

2) кардар төлөм уюмуна жана/же төлөм уюмунун агентине ушул Тартиптин  

7-главасына ылайык аралыктан (обочо туруп) тейлөө алкагында кайрылганда; 

3) агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардары өнөктөш банкка, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү, анын ичинде аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо режиминде кайрылганда. Бул учурда кардарларга карата ушул Жобонун 53-пунктунда белгиленген лимиттердин чектүү өлчөмдөрүнө ылайык лимиттер белгиленет; 

4) банк мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу мурда жүргүзүлбөсө, Кыргыз Республикасында сунушталуучу электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу сыяктуу жол-жоболорду сактоо менен техникалык каражаттар аркылуу маалыматтарды топтоодо жана жалпылоодо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

4-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарын идентификациялоо жана верификациялоо талап кылынбаган учурлар 

 

11. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарын идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкү учурларда талап кылынбайт:  

1) эгерде кардарды идентификациялоо жана верификациялоо мурда ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн ыкмалардын бири аркылуу аткарылган болсо;  

2) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүсү бир тиркемени колдонуунун алкагында идентификацияланган электрондук капчыкты пайдалануучу жана/же банктык төлөм картына ээлик кылуучу тарабынан кошулса;  

3) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында картты байланыштырууга макулдугун тастыктоо менен SMS-билдирүү жөнөтүү аркылуу милдеттүү түрдө банктын кардарынын макулдугун алуу менен аты көрсөтүлгөн банктык төлөм картын агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жана/же электрондук капчыкка байланыштыруу ишке ашырылса;   

4) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучунун персоналдык идентификаторун колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү идентификацияланган пайдалануучу тарабынан кошулса.  

 

 

5-глава. Төлөм уюмунун, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган төлөм уюмдарынын агенттеринин алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери менен иш алып баруусу 

 

12. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо төлөм уюмдары жана төлөм уюмунун агенттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө» токтому менен бекитилген төмөнкү жоболорго жана тизмелерге таянууга милдеттүү:  

- «Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө» жобого;  

- «Алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө» жобого;  

- «Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана калыбына келтирүү, тоңдурулган каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө» жобого;  

- «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө» жобого;  

- «Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө» жобого.  

13. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде камтылган кардарлар үчүн дароо токтотулууга тийиш.  

14. Эгерде жеке адам террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегине камтылган болсо, анда ага агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу адам катары каттоо жол-жоболорунан өтүүсүнө жол берилбөөгө тийиш.   

 

 

6-глава. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдын өзүн катыштыруу менен идентификациялоо жана верификациялоо 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

15. Төлөм уюму жана/же агент агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдын өзүн катыштыруу менен идентификациялоо максатында, ушул Тартипке карата 1-тиркемеде белгиленген «Өз кардарыңды бил» принцибине ылайык пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын топтоого, толтурулган анкетасын камсыз кылууга тийиш. 

16. Ушул главага ылайык агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо тартиби агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу жеке адамдарга гана караштуу жана алардын өзүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылат. 

17. Төлөм уюму жана/же агент ишенимдүү булактардан алынган (жеке адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде) маалыматтарды жана документтерди пайдалануу менен идентификациялоо процессинде сунушталган жана анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын верификациялоого тийиш. 

18. Төлөм уюму жана/же агент агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо процессинде, пайдалануучунун санкциялык тизмелерде жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар катталган адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде жоктугун же бар экендигин текшерет. 

 

 

7-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу жеке адамды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

19. Төлөм уюмдары өз алдынча же өзүнүн агенттери аркылуу агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу жеке адамдарды аралыктан туруп идентификациялоону жана верификациялоону ушул Тартиптин шарттарына жана талаптарына ылайык аралыктан тейлөө жана программалык чечимдерди колдонуу аркылуу жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуну аралыктан туруп идентификациялоо учурунда верификациялоо жол-жобосу пайдалануучунун өзүн катыштыруусуз өткөрүлөт. 

Аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо буга чейин пайдалануучунун өзүнүн катышуусу менен же аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорунан өткөрүлгөн пайдалануучуларды аталган жол-жоболордон кайталоо түрүндө өткөрүү максатында кошумча колдонулушу мүмкүн. 

20. Ушул Тартиптин талаптарына ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган кардарлар жеке адамдарга гана өткөрүлөт. 

21. Төлөм уюмдары/агенттер агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо үчүн ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын жана жол-жоболордун сакталышын камсыз кылган өзүнүн программалык чечимдерин же үчүнчү жактар тарабынан сунушталган программалык чечимдерди пайдаланууга укуктуу. 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык чечим жок дегенде, сүрөттөрдү (видеожазууларды) жана видео байланыш сеансын өткөрүп берүү каналына өтмө шифр коюуну, ошондой эле аларды сунуштоо процессинде маалыматтарды алмаштырып коюудан, бөтөн адамдардын кирүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш. 

Төлөм уюмдары/агенттер үчүнчү тараптардын идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосуна жана жыйынтыктарына авторизацияланбаган түрдө кирүүсүнөн коргоону камсыз кылган маалымат системаларын пайдаланууга, жана агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун атынан санкциясыз пайдаланууга жол бербөө чараларын көрүүгө тийиш. 

22. Агентттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн төлөм уюмдары/агенттер төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- кардардын/пайдалануучунун жеке катышуусуз идентификациялоо каралган, жаңы технологияларды (программалык чечимдерди) колдонууга байланыштуу жол-жоболорду чагылдырууну кошо алганда, ички контролдоонун шайкеш системасын, тобокелдиктерди тескөө, анын ичинде операциялык тобокелдикти, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин, комплаенс-тобокелдигин тескөө боюнча ички ченемдик документтердин болушун камсыз кылуу; 

- кардарларды/пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо үчүн жооптуу болгон персоналды, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин текшерүү, мониторинг жана тескөө процессин контролдоого, жогоруда аталган жол-жоболорду жана ушул Тартипти талаптагыдай колдонууга окутуу; 

- ушул Тартиптин талаптарына дал келген маалымат системаларын, программалык камсыздоону пайдалануу; 

- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорунан өтүү шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты (өзүнүн расмий интернет-сайтында, ошондой эле агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу колдонулуп жаткан программалык камсыздоо менен) ачып көрсөтүү

- кардар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен верификациялоо; 

- ушул Тартипте каралган лимиттерге жана чектөөлөргө ылайык аралыктан идентификацияланган, агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучулар боюнча террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин чектөө чараларын көрүү

- кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жыйынтыктарынын, пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлгөн так күндүн, ошондой эле туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жол-жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган башка жол-жоболордун белгиленишин жана сакталышын камсыз кылуу; 

- аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлардын өзүнчө реестрин жүргүзүү

- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору башталганга чейин террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин аныктоо жана документтештирүү. Төлөм уюмдары ушул Тартиптеги талаптарга таянуу менен тобокелдиктерди чектөөнүн кошумча критерийлерин киргизүүгө укуктуу. 

23. Төлөм уюмдары/агенттер аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунун натыйжасында алынган, кардарлар тууралуу купуя маалыматтардын сакталышы боюнча талаптагыдай контролдоону ички контролдоо процесстерин өркүндөтүү, өзүнүн маалымат ресурстарынын маалыматтык коопсуздугу боюнча механизмдерди жана талаптарды жакшыртуу аркылуу камсыз кылуулары тийиш. 

24. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо максатында, төлөм уюму/агент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы №606 токтому менен бекитилген, «Кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын чогултуулары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, жеке ишкерлер тууралуу маалыматтарды эске албаганда, кардардын-жеке адамдын аталган Жобого ылайык форма боюнча толтурулган анкетасынын болушун камсыз кылуулары тийиш. 

Анкета алынган маалыматтарды колдонуу менен автоматтык режимде түзүлүшү же кардар тарабынан өз алдынча толтурулушу мүмкүн. 

Анкета аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белги коюлуп, электрондлук формада сакталат (идентификациялоонун так ыкмасын көсөтүү менен). 

25. Агенттин мобилдик тикремесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо Тартиптин ушул главасынын 1 жана 2-параграфтарында каралган тартип жана жол-жоболор боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. 

 

§ 1. Сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

 

26. Агенттин мобилдик тикремесин пайдалануучунун аралыктан алуу ыкмасында алынган идентификациялык маалыматтарын верификациялоо максатында, төлөм уюму жана/же агент идентификациялоо процессинде кардардын жүзүнүн сүрөтүн (видеожазуусун), кардардын инсандыгын тастыктаган документинин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн, кардардын инсандыгын тастыктаган документинин жанында турган сүрөтүн (видеожазуусун) агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары боюнча алууга тийиш. 

Кардардын сүрөтүндө анын бети менен далысы так көрүнүп, ал жеткиликтүү деңгээлде жарык болгон бөлмөдө болууга тийиш. Кардардын бети толугу менен ачык көрүнүп, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшсө да болбойт, сүрөттө үчүнү жактардын болушуна да жол берилбейт. 

27. Кардардын инсандыгын тастыктаган документиндеги маалыматтардын аныктыгы документтеги маалыматтарды (реквизиттерди) Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан талап кылуу же текшерүүгө жөнөтүү аркылуу текшерилет. 

Төлөм уюмдары/агенттер кардарга негизги жеке маалыматтар мамлекеттик каттоо системалары жана жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу текшериле тургандыгын маалымдоолору жана анын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу үчүн кардардын макулдугун алуулары (кат формасында кагаз жүзүндө же электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында), ошондой эле аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда толук эмес жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн анын кесепеттери тууралуу маалымдоого милдеттүү

28. Төлөм уюмдары/агенттер ушул параграфка ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын кардар тууралуу маалыматтарды, анын сүрөттөрүн (видеожазуудагы сүрөттөрүн) жана агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук каналдар боюнча сунушталган кардардын инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар жана сүрөт менен салыштыруу аркылуу верификациялайт. 

Маалыматтар жана сүрөттөр автоматтык режимде салыштырылышы мүмкүн. 

29. Төлөм уюму ушул Тартиптин 30-пунктунун талаптарын эске алуу менен сунушталган сүрөттөрдү (видеожазуудагы сүрөттөрдү) талаптагыдай салыштыруу үчүн жетиштүү болгон колдонулуучу фото- жана видео жазуулардын сапатына карата минималдуу талаптарды белгилөөгө тийиш. 

30. Фото-, видео-/аудио жазуулар сапаттуу болууга, сапатын жоготуусуз сакталууга, ошондой эле бөтөн адамдардын маалыматтарды пайдалануусу үчүн жеткиликтүү болбоого тийиш. Фото-, видео-/аудио жазуулар 5 (беш) жыл сакталышы керек. 

Фото жана видео жазуулар файлыда жазуу жүргүзүлгөн убакыт жана күнү тууралуу маалыматты, кардардын аты-жөнүн, ошондой эле башка метамаалыматтарды камтууга тийиш. Программалык камсыздоодо акырында видеого киргизилүүчү кайсы болбосун өзгөртүүлөр белгилениши зарыл. 

31. Эгерде кардар тууралуу алынган маалыматтар, ошондой эле анын сүрөттөрү (видеожазуулары) кардарды талапка ылайык идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгүн берсе, кардарды сүрөттөрдү салыштырма жолу менен аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон ийгиликтүү өттү деп эсептөөгө болот жана бул тууралуу кардарга милдеттүү түрдө маалымдоо зарыл. 

32. Кардар тууралуу алынган маалыматтар ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кардардын анкетасында чагылдырылып, сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат. 

 

§ 2. Видеобайланыш сеансы аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо 

 

33. Ушул параграфка ылайык агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо кардар тууралуу идентификацияланган маалыматтарды чогултуу жана аларды верификациялоо максатында төлөм уюмунун же агенттин ыйгарым укуктуу кызматкери видеобайланыш сеансы аркылуу кардар менен интервью өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт. 

34. Интервью жүргүзүү үчүн төлөм уюмунун ички контролдоо программасына ылайык иштелип чыккан суроолор колдонулат. Суроолор пайдалануучунун анкетасына киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу же текшерүү үчүн колдонулат, мында төлөм уюму жана/же агент кардар тууралуу маалыматтарды верификациялоого тийиш. 

35. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардардын жүзүнүн сүрөтүн өзүнчө кадрда, кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бети өзүнчө кадрда сүрөткө тартылып, ошондой эле кардардын инсандыгын тастыктаган документтин жанында турган сүрөтү өзүнчө кадрда болууга тийиш. Бул сүрөттөр видеожазуу менен чогуу сакталат. 

Кардардын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн мурда макулдашылган ыкмада белгиленген байланыш каналдары боюнча агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу алууга жол берилет.  

36. Кардардын инсандыгын тастыктаган документтин аныктыгы документтеги маалыматтарды (реквизиттерди) тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан талап кылуу же текшерүүгө жөнөтүү аркылуу текшерилет. 

Төлөм уюмдары/агенттер кардарга негизги жеке маалыматтар мамлекеттик каттоо системалары же жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу текшериле тургандыгын маалымдоолору жана анын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу үчүн кардардын макулдугун алуулары (кат формасында кагаз жүзүндө зже электрондук кол атмга коюлган электрондук документ формасында), ошондой эле аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда толук эмес жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн анын кесепеттери тууралуу маалымдоого милдеттүү

37. Эгерде видеосүрөттөрдүн же үндүн сапатынан улам талаптагыдай идентификациялоого мүмкүн болбосо жана тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугу байкалса же кардардын инсандыгын тастыктаган документке карата кандайдыр бир шектенүүлөр жаралса, төлөм уюму/агент тоскоолдуктарды четтетүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө же себебин көрсөтүү менен видеобайланыш сеансын токтотууга тийиш. 

38. Видеобайланыш сеансы аркылуу аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону төмөнкү талаптар аткарылган шартта жүргүзүүгө болот: 

- видеобайланыш сеансы айкын убакыт режиминде үзгүлтүксүз аткарылууга тийиш. Видео- жана аудиоагымдар синхрондоштурулуусу зарыл. Сүрөттөр түстүү болууга тийиш, видеобайланыш ушул Тартиптин 30-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши зарыл; 

- сеанстын жүрүшүндө кардардын бети менен далысы так көрүнүп, ал жеткиликтүү деңгээлде жарык болгон бөлмөдө болууга тийиш. Кардардын бети толугу менен ачык көрүнүп, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшсө да болбойт; 

- төлөм уюмунун/агенттин кызматкери кардарга төлөм уюмунун/агенттин жана ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген сапаттагы сүрөттү кантип камсыз кылса боло тургандыгы тууралуу көрсөтмө бере алат; 

- ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, идентификациялоо процессине үчүнчү жактардын катышуусуна жол берилбейт. 

39. Төлөм уюмдары/агенттер ушул параграфка ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын верификациялоону кардар менен интервью жүргүзүү аркылуу, кардар тарабынан сунушталган маалыматтарды жана сүрөттөрдү агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук байланыш каналдары боюнча инсандыгын тастыктаган документиндеги маалыматтар жана сүрөт менен салыштыруу аркылуу жүргүзүшөт. 

40. Эгерде кардар тууралуу маалыматтардан, ошондой эле анын сүрөттөрүнөн жана видеобайланыш сеансынан улам кардарды талаптагыдай идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүн болсо, кардар видеобайланыш сеансын өткөрүү аркылуу аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон ийгиликтүү өттү деп эсептөөгө болот жана бул тууралуу ага милдеттүү түрдө маалымдоо зарыл. 

41. Кардар тууралуу алынган маалыматтар ушул Тартиптин 24-пунктунун талаптарына ылайык кардардын анкетасында чагылдырылып, видеобайланыш сеансын өткөрүү аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат. 

 

§ 3. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону ийгиликсиз катары таануу 

 

42. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо ушул Тартипке ылайык төмөнкү учурларда ийгиликсиз деп таанылат: 

- кардар тарабынан берилген маалыматты текшерүүгө мүмкүн эмес болсо же текшерүүнүн жыйынтыктары терс болуп чыкса; 

- кардар кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу шарттарына өз макулдугун тастыктоодон, жеке маалыматтарын берүүдөн жана башка шарттардан баш тартса; 

- эгерде фото- жана/же видео-/аудио жазуулардын сапаты ушул Тартиптин талаптарына жана төлөм уюмунун ички контролдоо эрежелерине дал келбесе; 

- зарыл документтер берилбесе; 

- төлөм уюмунун/агенттин ички ченемдик документтерде белгиленген талаптары жана көрсөтмөлөрү сакталбаса; 

- эгерде ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, кардар видео байланыш аркылуу идентификациялоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө үчүнчү жактын жардамын пайдаланса; 

- эгерде кардар өз эрки боюнча эмес жана/же башка адамдарын кысымы астында иш алып баргандыгы тууралуу шек жаралса. 

43. Агенттин мобилдик тиркемесинин кардарларын-пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоодо жана верификациялоодо агент тарабынан ушул Тартиптин талаптарынын сактылышы үчүн төлөм уюму жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

  

  

 

  

  

   

   

Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 1-тиркеме  

  

  

Төлөм уюмдарынын агенттердин мобилдик тиркемелерин жана/же электрондук капчыктарды пайдалануучулары жөнүндө милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтардын тизмеги   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

Ушул Тартиптин 6-главасына ылайык идентификация жүргүзүүдө төмөнкү маалыматтар топтолот:   

- аты-жөнү, атасынын аты (эгерде болсо);  

- туулган жылы;  

- жарандыгы;  

- жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документинин реквизиттери (сериясы жана номери, берилген күнү, колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү; документ берген органдын аталышы), бөлүмдүн коду (эгерде болсо);  

- жеке идентификациялык номери;  

- кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн колдонулган телефондун номери (номерлери);  

- электрондук почтанын дареги (эгерде болсо).  

  

Которууларды жүзөгө ашырууда ар бир транзакция боюнча кошумча төмөнкү маалымат чогултулат:  

- алуучунун маалыматтары;  

- төлөм суммасы;  

- төлөм багыты;  

- төлөмдү жүзөгө ашыруу убактысы.  

  

 

 

 

  

  

   

   

Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 2-тиркеме  

  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар үчүн   

тобокелдиги төмөн операциялардын тизмеси   

  

1. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө (жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация, лифттерди тейлөө, домофондорду тейлөө, тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү, мында пайдалануучу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу ортосундагы келишимге ылайык идентификацияланат).  

2. Банктык эсептерди толуктоо (Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чыгарылган карт).  

3. Бюджетке салыктарды, жыйымдарды, мамлекеттик алымдарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө.  

4.  Интернет жана телеберүүлөр үчүн төлөө.  

5. Кыргыз Республикасынын банктарынан жана финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттерди жана насыяларды төлөө.  

6. Белгиленген байланыш кызматтары.   

7. Taxi айдоочуларын туташтыруу кызматы (жеке эсепти толуктоо).  

8.  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электрондук отчетту тапшыруу үчүн төлөө.  

9. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалангандыгы үчүн төлөө.  

10. Эл аралык жерде жүрүү жана аба транспортуна билеттерди эске албаганда, билеттер (кино, транспорт ж.б) жана такси кызматтары үчүн төлөө.  

11. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында эсептешүү эсебине ээ, Кыргыз Республикасынын аймагында республиканын резиденттери тарабынан сунушталган/жеткирилген/аткарылган тиричилик кызматтары/товарлар/иштер/тейлөө үчүн төлөө.  

  

Төлөм терминалдары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн тобокелдиги төмөн операциялардын тизмеси  

  

1. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө (жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация, лифттерди тейлөө, домофондорду тейлөө, тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү, мында пайдалануучу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу ортосундагы келишимге ылайык идентификацияланат).  

2. Банктык эсептерди толуктоо (Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чыгарылган карт).  

3. Бюджетке салыктарды, жыйымдарды, мамлекеттик алымдарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө.  

4.  Интернет жана телеберүүлөр үчүн төлөө.  

5. Кыргыз Республикасынын банктарынан жана финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттерди жана насыяларды төлөө.  

6. Белгиленген байланыш кызматтары.   

7. Taxi айдоочуларын туташтыруу кызматы (жеке эсепти толуктоо).  

8.  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электрондук отчетту тапшыруу үчүн төлөө.  

9. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалангандыгы үчүн төлөө.  

10. Эл аралык жерде жүрүү жана аба транспортуна билеттерди эске албаганда, билеттер (кино, транспорт ж.б) жана такси кызматтары үчүн төлөө.  

11. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында эсептешүү эсебине ээ, Кыргыз Республикасынын аймагында республиканын резиденттери тарабынан сунушталган/жеткирилген/аткарылган тиричилик кызматтары/товарлар/иштер/тейлөө үчүн төлөө.  

12. Электрондук капчыктарды толуктоо.