Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын “17” январындагы  

№ 2018-П-14/2-6-(ПС) токтомуна тиркеме  

  

  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын   

Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө»   

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), токтомунун редакциясына ылайык)   

1-глава. Жалпы жоболор   

  

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары  Комитет) ыйгарым укуктары, негизги милдеттери, аны түзүү жана иш тартиби аныкталат.   

2. Комитет, ушул жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы (мындан ары  Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасын методология жана  өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдүк (оверсайт) чөйрөсүнө  кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоого, жөнгө салууга жана аларды пруденциалдык көзөмөлдөөгө ыйгарым укук чегерилген, туруктуу иштеген коллегиалдуу орган болуп саналат.   

3. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары, төлөм системасынын катышуучулары жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Зарыл учурда Комитет маселени кароого алуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин жана башка комитеттеринин отурумдарында сунуштоону демилгелеши мүмкүн. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш   

4. Комитет өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ушул жобого жана Комитеттин Регламентине таянуу менен жүргүзөт.   

  

2-глава. Комитеттин негизги максаттары, милдеттери жана функциялары  

  

5. Комитет тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү багыттары, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдүк (оверсайт), төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана аларды пруденциалдык көзөмөлдөө боюнча максаттарды жана милдеттерди аныкталат, ошондой эле Комитеттин чечимдеринин жүзөгө ашырылышына контролдукту жүзөгө ашырат.  

6. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иш натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аны координациялоо Комитеттин негизги максаты болуп саналат.   

7. Комитеттин Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштөөсү жана өнүгүүсү боюнча маселелерге тиешелүү милдеттери болуп, төмөнкүлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу, сунуш-көрсөтмөлөрдү (корутундуларды) иштеп чыгуу жана сунуштоо саналат:   

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү багыттары;   

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу жана өркүндөтүү боюнча ишти координациялоо;  

- төлөм системасы маселелери боюнча (көзөмөл, жөнгө салуу, иштеп чыгуу, интеграциялоо ж.б.) башка өлкөлөрдүн улуттук (борбордук) банктар менен кызматташууну координациялоо;  

- төлөм системасынын ишине тиешелүү күндөлүк маселелер;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт);  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын эл аралык төлөм системалыры менен жана башка өлкөлөрдүн улуттук төлөм системасы менен инеграциялоо;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын учурдагы абалын контролдоо;  

- системалуу мааниге ээ төлөм системаларынын жана алардын айрым компоненттеринин иш регламентин кароого алуу жана бекитүү;  

-  Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча негизги багыттарды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди координациялоону жана контролдукка алууну;  

-  Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча долбоорлорду жүзөгө ашыруу пландарын жана мөөнөттөрүн кароого алуу, бекитүү, корректировкалоо;  

- төлөм системаларынын банктар аралык соода системалары жана чет өлкө төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди жана аларды төмөндөтүү боюнча сунуштарды кароого алуу, төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу;  

- Улуттук банк алардын операторлору болуп саналган төлөм системаларынын (Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жана Майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы) кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө;  

-  төлөм/банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укугун коргоо максатында төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн монополияга каршы жөнгө салуу боюнча тарифтик саясат маселелерин кароого алуу; төлөм системасына тиешелүү маселелерде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча өз убагында чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу;  

- ченемдик документтердин долбоорлорун, типтүү келишимдер долбоорлорун жана төлөм системаларынын интеграциялык долбоорлорунун алкагында сунуш-көрсөтмөлөрдү кароого алуу.  

8. Комитеттин төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана аларды пруденциалдык көзөмөлдөө жагында милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:    

1) төмөнкү ишкердиктерге лицензияларды берүү/лицензиянын колдонуу мөөнөтүн токтотуу жагында чечим кабыл алуу:  

үчүнчү  жактардын пайдасына  өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасынын компоненттери аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;   

- процессинг жана клиринг борборлору тарабынан төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү  жактардын төлөмдөрү  жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды көрсөтүү.   

2) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу;   

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилген учурларда, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата эскертүү жана таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечим кабыл алуу.   

4) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензияларды берүү, кайтарып алуу, аракетин убактылуу токтотуу жана токтотуу тууралуу чечимдерди кароо жана кабыл алуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

9. Стратегиялык максаттарды аныктоонун алкагында, Комитет ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:   

- төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын кароого алат;  

- төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты кароого алат;  

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөө боюнча сунуштарды кароого алат;  

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк башка көзөмөл органдары менен өз ара иш алып барат.   

10. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын  ишине көзөмөл (оверсайт) жүргүзүү алкагында:  

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн төлөм системасын жөнгө салуу жана көзөмөл (оверсайт) боюнча ишин координациялоо;  

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системалардын ошондой эле орчундуу төлөм инфраструктуралардын тизмесин кароого алуу жана бекитүү;  

- төлөм системасынын көзөмөлдөө (оверсайт) ыкмаларын бекитүү;  

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системасынын баа берүүлөрүн, ошондой эле төлөм системаларынын баа берүү/ баа берүүсүнүн натыйжаларын, ошондой эле төлөм системаларынын баа берүү/баа берүүсүнүн натыйжалары боюнча сын-пикирлерди четтетүү жана сунуш-көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу боюнча планды карап чыгуу жана бекитүү;  

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын баа берүүнүн/ баа берүүсүнүн жыйынтыктары боюнча иш-чаралар планынын аткарылышына контролдук кылуу;  

- системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын ишине карата талаптарды иштеп чыгуу жана аларды координациялоо;  

- тɵлɵм системаларынын катышуучуларына карата таасир этүү чараларын көрүү колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда банктык көзөмөл органдары жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети менен өз ара иш алып баруу;  

- Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мамлекиттик органдары жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) жагында өз ара иш алып баруу;  

-  ченемдик документтердин долбоорлорун, макулдашуулардын /келишимдердин долбоорлорун кароого алуу жана макулдашуу жана аларды бекитүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу (Улуттук банк Башкармасынын токтому, Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими).  

11. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жагында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ишти координациялоонун алкагында:   

- ченемдик документтердин долбоорлорун, макулдашуулардын /келишимдердин долбоорлорун кароого алуу жана макулдашуу жана аларды бекитүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу (Улуттук банк Башкармасынын токтому, Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими);  

- төлөм системалары маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу мөөнөттөрүн координациялоо.  

12. Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүүнүн алкагында:   

- Төлөм системалары башкармалыгынын лицензия берүү алдындагы текшерүүнүн жана төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензия алуу үчүн сунуштаган документтерине талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутундусун кароо;   

- төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу жагында чечим кабыл алуу;  

- уюштуруучунун тиешелүү өтүнүч катынын/билдирүүсүнүн негизинде төлөм системаларынын операторунун/төлөм уюмунун ишин токтотуу жөнүндө чечимди кошо алганда, төлөм системаларынын операторунан/төлөм уюмунан лицензияны кайтарып алууу тууралуу чечимин кабыл алуу.    

13. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуунун алкагында:   

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата талаптарды координациялоо жана иштеп чыгуу;   

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен өз ара иш алып баруусун координациялоо.    

14. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында:   

- инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгын кароого алуу;   

- Кыргыз Республикасында төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтеринин монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык келишине талдап-иликтөөлөрдү кароого алуу;   

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жакшыртуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү макулдашуу.   

15. Комитет төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:   

а) эскертүү каттарын жөнөтүү ;   

б) жазма буйруктарды жөнөтүү;   

в) акчалай айыптык төлөм белгилөө;   

г) банктын саясатынын, жоболорунун, жол-жоболорунун жана башка ички ченемдик документтеринин өзгөрүүсү тууралуу талап коюу;  

д) “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүү;  

е) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонуу;  

ж) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензияны кайтарып алуу.  

16. Комитет, ага Улуттук банк Башкармасы тарабынан ыйгарым укук чегерилген башка маселелерди кароого алат.   

  

3-глава. Комитеттин курамы   

  

17. Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет: Улуттук банктын төрагасынын орун басары/ банк Башкармасынын мүчөсү  төлөм системасынын куратору (Комитеттин төрагасы) жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;   

18. Комитеттин өздүк курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. Комитеттин курамына кеңеш берүү укугу менен Улуттук банктын буйругуна ылайык Улуттук банктын кызматкерлери киришет. Комиттетин төрагасы жана башка мүчөлөрү жок учурда анын ишине Улуттук банктын буйругуна ылайык кызматы боюнча алардын ордун алмаштыруучу адамдар катышышат.   

19. Комитеттин отурумуна кароого алынып жаткан маселелерге жараша Улуттук банктын кызматкерлери, төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү чакыртылышы мүмкүн.   

20. Комитеттин төрагасы Комитеттин ишин уюштурат жана координациялайт, Комитеттин отурумдарында кароого алынууга тийиш болгон маселелерди аныктайт, Комитеттин мүчөлөрүнө тапшырма берет.   

21. Комитеттин мүчөлөрү чечимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышат, ар кандай маселелерди иликтөөгө жана аларды талкуулоого катышышат, ушул жобого тиешелүү башка тапшырмаларды аткарышат.    

22. Комитеттин жооптуу катчысынын милдетин Төлөм системасы башкармалыгынын кызматкери аткарат. Комитеттин отурумдарын уюштурууга жана документтердин даярдалышына контролдукту Төлөм системасы башкармалыгынын начальниги жана Комитеттин төрагасы ишке ашырат.   

23. Комитеттин катчысынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:   

а) Комитеттин отурумдарын уюштуруу,  өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылат, Комитеттин мүчөлөрүнө  отурум өткөрүлүүчү күн, күн тартиби жөнүндө маалымат берет;   

б) кароого алынып жаткан маселелер боюнча документтердин жана материалдардын зарыл топтомун Комитеттин бардык мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттө жөнөтүү;  

в) Комитеттин кийинки жылга иш планынын долбоорун түзүү;  

г) Комитеттин отурумдарынын протоколдорун даярдоо жана Комитеттин токтомдорун жана/же чечимдерин тариздетүүгө жана даярдоо мөөнөттөрүнө контролдук кылуу;  

д) Комитет тарабынан бекитилген Регламентке ылайык түзүмдүк бөлүмдөрдүн материалдарынын даярдалышына жана тариздетилишине, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрүн алардын негизинде материалдар даярдалган Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен камсыз кылынышына контролдук кылуу;  

е) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Комитеттин токтомдорунун жана башка чечимдеринин (буйрууларынын) аткарылышы жөнүндө отчетту чейрек сайын даярдоо.  

  

4-глава. Комитетинин ишин уюштуруу  

  

24. Комитет өз ишин ушул жобонун 2-бөлүгүндө белгиленген милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.  

25. Комитеттин иши бекитилген күн тартибинин негизинде отурум өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. Кезексиз отурум өткөрүү үчүн материалдарда чечим кабыл алууга жетиштүү болгон документтер камтылууга тийиш.   

26. Комитет төмөнкүлөрдү чейрек ичинде кеминде бир жолу карайт:  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалы жөнүндө отчет;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча отчет;  

- төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын инспектордук текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет.   

27. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү Комитеттин кароосуна документтер топтомун сунуштайт. Документтер топтомунда тиешелүү башкармалыктын начальнигинин Комитеттин Төрагасына жана анын мүчөлөрүнө жолдонгон, күн тартибинин долбоорунда көрсөтүлгөн ар бир маселе боюнча өз-өзүнчө кыскача маалыматты жана ошол маселеге талдап-иликтөөлөрдү жана баа берүүлөрдү чагылдырган кызматтык иш боюнча тил кат камтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизиле турган болсо, салыштырма таблица кошо сунушталуусу зарыл.  

28. Токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылган Комитеттин кезексиз (пландан тышкаркы) отуруму Комитеттин Төрагасынын же анын милдетин аткарган адамдын же болбосо Комитеттин үч мүчөсүнүн демилгеси боюнча отурум өткөрүлүүчү күндү жана убакытты маалымдоо менен өткөрүлүшү мүмкүн. Кезексиз отурумдун жүрүшүндө ушул жободо белгиленген Комитеттин компетенциясына кирген жана токтоосуз кароого алынууга тийиш болгон кайсыл болбосун маселе кароого алынышы мүмкүн. Кезексиз отурум өткөрүү үчүн материалдарда чечим кабыл алууга жетиштүү болгон документтер камтылууга тийиш.   

29. Комитет мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен отурумдун кворумун түзөт, анын бирөө Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болууга тийиш Эгерде Комитеттин отурумунда анын мүчөлөрүнүн жарымынын көбү болсо, алардын бири Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болгон шартта ал ыйгарым укуктуу болуп саналат.   

30. Комитеттин кароосуна коюлган маселелер боюнча чечимдер Комитеттин отурумунда катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуш тең болгон учурда Комитеттин төрагасынын же анын милдетин аткарып жаткан адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.  

31. Төлөм системасы боюнча комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында чечимдер төмөнкү формаларда кабыл алынат:  

- Комитеттин токтому;  

- Комитеттин протоколдук тапшырмасы.  

32. Комитеттин отуруму боюнча протокол түзүлөт, ал Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин Комитеттин Төрагасы жана жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколду жүргүзүү жол-жобосу жана тартиби Комитеттин Регламенти менен аныкталат. Протокол Комитеттин отуруму өткөрүлгөндөн кийинки беш жумуш күнү ичинде таризделет жана макулдашылат.  

33. Комитеттин чечими менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, ал эми зарыл болгон учурларда  Комитеттин отурумунан толтурулган протоколдун көчүрмөсү түрүндө төлөм системаларынын катышуучулары менен тааныштырылат.  

34. Комитеттин протоколдук тапшырмалары Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Протоколдук тапшырмага Комитеттин жооптуу катчысынын кол тамгасы коюлат жана ал Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм системасынын катышуучуларына Комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди даярдаган жак тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык тааныштырылат.   

35. Комиссиянын чечими талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча сотко чейинки жол-жобосун жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.  

36. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат.   

  

5-глава. Комитеттин жоопкерчилиги   

  

37. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комитеттин төрагасы жана анын мүчөлөрү ушул жобонун талаптарынын сакталышы жана аткарылышы, ошондой эле Комитеттин отурумунда каралган жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартышат.  

38. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте отурум үчүн материалдарды даярдоо үчүн жооптуу бардык адамдар, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү Комитеттин отурумунда каралган маселелер боюнча маалыматтын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.