Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору (мындан ары-долбоор) кредитти берүүдө күрөөнү баалоо боюнча талаптарды, банктардын башка кыймылсыз мүлк менен иш алып баруу жана активдерди классификациялоо боюнча талаптарды өркүндөтүү максаттарында иштелип чыккан.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Биринчи кезекте, долбоор аркылуу кредитти күрөө менен жабуунун коэффициенти жана мүлктү күрөөгө кабыл алуу учурунда аны баалоо көз карандысыздыгын камсыздоо жагында өзгөртүүлөр киргизилет.  

Банктын башка кыймылсыз мүлк менен иш алып баруусуна коюлган талаптар боюнча долбоордо төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралат: 

- Улуттук банктын талаптарына ылайык белгиленген мөөнөт ичинде башка кыймылсыз мүлктү ишке ашыруунун себептерин карап чыгуу, буга байланыштуу жактардын жоопкерчилигин аныктоо боюнча Директорлор кеңешинин милдети белгиленген, ошондой эле мындай башка кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча мөөнөтү жана андан аркы чаралардын Директорлор кеңеши тарабынан аныктоо зарылдыгы аныкталган; 

- банк тарабынан 3 (үч) жылдан ашык кармалган башка кыймылсыз мүлктүн баасы ар бир 2 (эки) жыл сайын көз карандысыз (тартылган) баалоочу менен тастыкталышы зарыл; 

- банктын «башка мүлк» категориясындагы турак жайга ылайыктуу болбогон мүлктү сатуу учурунда сатып алуучудан акча каражаттарынын суммасын алуунун пайызы жогорулатылган; 

- таза суммардык капиталдын бир эсептик көрсөткүчүнөн 14%ына чейинки өлчөмдү түзгөн аффилирленген жана байланыштуу жактар менен банктын башка мүлк, кыймылсыз/кыймылдуу мүлк менен болгон операциялары жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынууга тийиш. 

Ошондой эле, долбоор менен классификацияга тийиштүү бардык активдерди классификациялоо боюнча чечим кабыл алуу максатында банкта коллегиалдык орган (комитет, комиссия ж.б) түзүү зарылчылыгы каралган

Ошентип, долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыйт: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартиби»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобо; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобо; 

- 2017-жылдын 31-майындагы №21/5 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоо; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык коррупциялык натыйжалардын болушу мүмкүндүгүн болжолдоо  

Долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат   

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарын камтыган, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлүүгө тийиш.  

Долбоор боюнча материалдар коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

  

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө   

Долбоор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына каршы келбейт.  

  

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат   

Сунушталып жаткан долбоордун кабыл алынышы кошумча каражаттарды талап кылбайт. 

  

7. Жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөлөр боюнча маалымат   

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык жүргүзүлгөн. 

 

 

 

Кыргыз Республикасы Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын ___________ №______________ 

токтомуна карата  

тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012- жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин»:  

- 4-пункту төмөнкү мазмундагы 7-абзац менен толукталсын:  

«Күрөө менен ордун жабуу коэффициенти кредиттин суммасынын күрөөлүк камсыздоонун адилет наркына карата максималдуу жол берилген катышы.»; 

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Берилген кредиттин суммасы күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин өлчөмүн жана банктын ички документтеринде жөнгө салынган аны колдонуу критерийлерин эске алуу менен аныкталууга тийиш.»; 

- 16-пунктунун 6-абзацы алып салынсын жана төмөнкү мазмундагы 10- жана 11-абзацтар менен толукталсын: 

«- күрөөнүн түрүнө жана мүнөздөмөсүнө жараша күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин чектери;   

- күрөөнүн түрүнө жана мүнөздөмөсүнө жараша күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин маанисин колдонуу критерийлери;» 

- 3-главасы төмөнкү мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын: 

«21-1. Банктын саясатында жана жол-жоболорунда мүлктү күрөөгө кабыл алууда, банктын баалоочу кызматкеринин (ички баа берүү) сыяктуу эле, ишке тартылган көз карандысыз баалоочунун да, банктын мүлктү баалоо функциясынын көз карандысыздыгына коркунуч жаратуучу аракеттерине жол берилбеши зарыл, анын ичинде: 

- мүлктүн күтүлүп жаткан же белгиленген алдын-ала бааланган наркы, же кредиттин суммасы же болбосо күрөө менен ордун жабуунун максаттуу коэффициенти тууралуу (ички же болбосо ишке тартылган) баалоочуга маалымдоого;  

- кредитти бекитүү же баалоо үчүн менчиктин минималдуу наркы боюнча талапты көрсөтүүгө

- банктын күрөөнү баалаган кызматкеринин сый акысынын кредит берүүдөн көз карандылыгына; 

- менчик белгилүү бир суммага бааланбагандыктан, көз карандысыз (тартылган) баалоочуга сый акыны төлөөдөн баш тартууга;  

- баалоочунун кызматын учурда же келечекте пайдалануу баалоочу (ички же ишке тартылган) мүлктү баалаган суммадан көз карандылыгына жол берүүгө

- мүлктү баалоочу кызматкер менен эмгек келишимин токтотууга, же көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу тарабынан аныкталган рыноктук нарк банктын ички документтерине ылайык мүлктү күрөөгө кабыл алуу үчүн белгиленген чектүү мааниге дал келбегендигине байланыштуу, баалоочу менен келечекте кызматташуудан баш тартууга. 

Кредитти берүүгө жана жактырууга жооптуу адамдар бул кредит боюнча ишке тартылган баалоочуну тандоосуна жол берилбейт. 

Эгерде күрөөгө кабыл алуу үчүн мүлктүн банктын ыйгарым укуктуу кызматкери/көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган наркы кийинчерээк (Кредиттик комитет же кайсы болбосун башка ыйгарым укуктуу орган тарабынан) өзгөрүлсөөбөйсө/азайса), мындай чечим кабыл алган жактарды/жакты так көрсөтүү менен өзгөртүүлөр боюнча кат түрүндө түшүндүрмөлөр берилип, жогорку башкаруу органына тааныштырылууга тийиш. 

Эрежелерден жана жол-жоболордон кандай болбосун четтөө жагдайы талаптагыдай документтештирилүүгө жана тиешелүү деңгээлдеги жетекчилерге сунушталууга тийиш.»; 

- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда күрөөнүн наркы карыз алуучунун банк/ФКУ алдындагы милдеттенмелеринин ордун жабууга тийиш экендигин эске алуу зарыл.  

Кыймылсыз мүлк рыногу банктын/ФКУнун күрөөнү сатуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болорун эске алуу менен, күрөөнүн адилет наркынан тышкары, жоюу наркын да эске алуу маанилүү.    

Буга байланыштуу, күрөө менен ордун жабуу коэффициенти келечекте күрөөнүн баасы түшүүсү мүмкүндүгүн эске алуу менен банк тарабынан бааланууга жана белгиленүүгө тийиш. Күрөө менен ордун жабуу коэффициенти күрөөнүн сатылуу тездигине салыштырмалуу өлчөмдө да белгиленүүсү зарыл. Ошентип, атайын багыттагы турак эмес кыймылсыз мүлк объекттеринин (заводдор, цехтер, мүлк комплекстери, өндүрүш же айыл чарба багытындагы курулмалар жана башка объекттер) сатылуу тездиги, мисалы, кеңсе багытындагы турак эмес жайларга же турак жай мүлкүнө салыштырганда төмөн.»; 

- 27-пункту төмөнкү мазмундагы 2-абзац менен толукталсын: 

«Эгерде банк тарабынан күрөө мүлкүнүн учурдагы наркынын төмөндөө жагдайы аныкталса, анда ал бул фактыны күрөөнү текшерүү актына киргизүүсү жана карыз алуучуну бул документ менен тааныштырып, кол койдуруусу зарыл.»; 

- 28-пунктундагы «наркына жана абалына терс таасирин тийгизсе» деген сөздөр «наркынын төмөндөшүн жана абалынын начарлашын шарттаса» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 10-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктын Директорлор кеңеши чейрек сайын кыймылсыз мүлктү сатуу маселесинин кароого алынышынын жыйынтыгы жана банктын кат жүзүндөгү отчеттору менен таанышып турууга тийиш.  

Эгерде банк башка кыймылсыз мүлктү ушул Жобонун 5-пунктунда белгиленген мөөнөттө сата албаса, анда анын себеби тууралуу маселе Директорлор кеңеши тарабынан каралууга тийиш.  

Директорлор кеңеши үч жылдан ашык банктын балансында турган башка кыймылсыз мүлккө чейрек сайын кылдат мониторинг жүргүзүүгө, банктын Башкармасынын башка кыймылсыз мүлк менен иш алып баруусунун натыйжалуулугун карап жана баа берип турууга тийиш. 

Директорлор кеңеши мындай башка кыймылсыз мүлктү сатуу мөөнөттөрүн жана сатуу боюнча андан аркы чараларды аныктоого тийиш.»; 

- 24-пунктунда биринчи сүйлөмүндө «... чыгашаларды» деген жана экинчи сүйлөмүндөгү «... сарптоолорду эсептен алып салгандан кийинки» деген сөздөргө чейин «же күтүү» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 28-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Банк үч жылдан ашык мөөнөткө кармап турган башка кыймылсыз мүлктүн наркы көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу тарабынан эки жылда бир тастыкталып турууга тийиш. Мүлк ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып үч ай ичинде кайра бааланууга тийиш.  

Көз карандысыз (ишке тартылган) баалоочу бир эле башка кыймылсыз мүлктү эки жолудан ашык баалоосуна жол берилбейт.»; 

- 31-пунктунун а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«а) сатып алуучудан төмөнкү өлчөмдөгү акча каражаттарынын суммасын алуу: 

- турак жай мүлкүн банк менен байланыштуу болбогон жакка сатуу учурунда жалпы сатуу баасынын кеминде 15%; 

- турак эмес мүлктү банк менен байланыштуу болбогон жакка сатуу учурунда кеминде 40%; 

- банк калган бөлүгүн кредит берүү аркылуу каржылаган шартта, банк менен байланыштуу жактар же аффилирленген жактар аныктамасына кирген жакка турак жай мүлкүн сатуу учурунда - кеминде 40%; 

- банк калган бөлүгүн кредит берүү аркылуу каржылаган шартта, банк менен байланыштуу жактар же аффилирленген жактар аныктамасына кирген жакка турак эмес мүлктү сатуу учурунда - кеминде 60%.  

Мында, банктын катышуусу кредитор катары иш алып баруу менен гана чектелүүгө, б.а. шарттары (пайыздык чендери, төлөө мөөнөттөрү, амортизациясы ж.б.) адаттагы кредиттер үчүн каралгандай эле болууга тийиш. Мүлктү сатуу, учурдагы рыноктук пайыздык ченден төмөн болгон чен боюнча берилген кредиттин эсебинен каржыланса, банк кредитти дисконттоо менен ал боюнча кирешени ФОЭСке ылайык рыноктук ченге ылайыкташтырууга тийиш;»; 

- 31-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк кыймылсыз мүлктү өз балансына кабыл алууга жана ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн, мурда берилген кредитти төлөөнүн эсебинде «башка менчик» катары эсепке алууга укуктуу. Мында, келишимде ошол мүлктү банк менен күрөө коюучу ортосунда макулдашылган мөөнөттө жана келишимде каралууга тийиш болгон күрөө коюучунун жана/же карыз алуучунун милдеттенмелер суммасында мурда берилген кредиттин ордун жабуунун эсебинен кабыл алынган ошол кыймылсыз мүлктүн ээси болуп саналган жакка (адамга) банктын сатуу милдеттенмеси камтылууга тийиш.  

Эгерде карыз алуучу кыймылсыз мүлктүн ээси болсо, банк карыз алуучу макулдашуу боюнча милдеттенмесин талаптагыдай аткаруусу үчүн, анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоо максатында, кеңири финансылык мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү

Ыйгарып берүү келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө банктын башка менчиги сатып өткөрүлбөсө жана/же финансылык ижара келишими же кыймылсыз мүлктү бөлүп төлөө шартында сатуу келишими же ушундай эле башка келишимдер токтотулган шартта, банк мындай менчикке көз карандысыз баа берүүнү ишке ашырып, аы ушул жобого ылайык эсепке алууга тийиш.»; 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 1-главасы төмөнкү мазмундагы 1.9-пункт менен толукталсын: 

«1.9. Классификацияланууга тийиш болгон бардык активдерди классификациялоо боюнча чечимдерди кабыл алуу, жана потенциалдуу чыгымдардын ордун жабууга тиешелүү кам түзүү максатында, банкта, эң аз дегенде, активдерди классификациялоого тартылган түзүмдүк бөлүмдөрдөн өкүлдөрү, юридикалык кызматтын өкүлү, Башкарма мүчөлөрүнүн бири, ошондой эле банктын ички ченемдик документтери менен аныкталган башка бөлүмдөр камтылган коллегиалдуу орган (комитет, комиссия, ж.б.) түзүлүүгө тийиш. 

Бул органдын иш тартиби жана жоопкерчилиги банктын ички ченемдик документтеринде жөнгө салынуусу зарыл.»; 

- 9.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9.1. Банк ыйгарып берүү келишими боюнча классификацияланган кредит боюнча камсыздоо болуп саналган жана аны кредит боюнча карыз алуучуга/күрөө коюучуга гана сатуу болжолдонгон турак эмес мүлктү баланска кабыл алган учурларды кошпогондо, банктын активди төлөөгө кабыл алынган башка менчиги, баланста баштапкы таанылгандан кийин, дароо эле «субстандарттуу” актив катары классификацияланат. Мындай башка менчик объектине банк күрөөлүк мүлктү баланска кабыл алган учурда, ал боюнча турак эмес мүлк камсыздоо болуп саналган кредитти классификациялоо категориясы ыйгарылууга тийиш.». 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 9-пунктунда: 

биринчи сүйлөмүндөгү «активдер,» деген сөздөн кийин «ошондой эле банктын башка менчиги, кыймылсыз/кыймылдуу мүлк менен ишке ашырылган операциялар» деген сөздөр менен толукталсын; 

- экинчи сүйлөмүндөгү «көрсөтүлүүгө» деген сөздөн кийин «ошондой эле жүргүзүлүүчү операциянын шарттары макулдашылууга» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 8.1-пунктунда: 

16-абзац алып салынсын; 

төмөнкү мазмундагы 18- жана 19-абзац менен толукталсын: 

«- кредиттер боюнча капиталдаштырууга тыюу салуу; 

жана башкаларды.».