Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) төлөм системаларында тобокелдиктерди кыскартуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатына (мындан ары Оверсайт боюнча саясат) ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2019-жылдын октябрь айынан тартып бардык төлөм системалары маанилүү критерийлерге ылайыкка талдоо жүргүзүп келет. 

Мында, төмөнкү жагдайлар аныкталган: 

- төлөм системаларынын маанилүүлүгүн талдоо алгачкы 5 (беш) ай үчүн маалыматтарды талдоого алынат. Мөөнөттөр Кыргыз Республикасынын аймагындагы маанилүү төлөм системаларынын тизмеси боюнча маалыматты ыкчам алуу максатында кыскартылган. Ошол эле учурда, төлөмдөрдү иштеп чыгуунун эң жогорку чеги ар бир чейректин акыркы айларына туура келет, натыйжада талдоо жүргүзүлгөн маалыматтарда жүгүртүүлөр тууралуу толук чагылдырылган эмес; 

- 2019-жылдын сентябрь айында бекитилген маанилүүлүк критерийлерин апробациялоо учурунда, критерийлер дайыма эле маанилүү системаларды ачып бере албай тургандыгы аныкталган. Мисалы, талдоонун жыйынтыгы боюнча Майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары ПКС) системалуу мааниге ээ төлөм системасы катары тизмеге кирбей калган, ошентсе да ал системалуу мааниге ээ, себеби ПКСтин ишиндеги үзгүлтүктөр бүтүндөй банк системасына жана «Элкарт» төлөм системасына таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, ири төлөм системалары менен өз ара байланышы үчүн гана майда төлөм системалары маанилүүлүк критерийлерине ээ болгон. 

Ушуга байланыштуу, Төлөм системалары башкармалыгы Оверсайт боюнча саясатка өзгөртүүлөрдү даярдады, анын ичинде: 

- төлөм системаларынын маанилүүлүк критерийлерин корректировкалоо жана бири-биринен көз каранды көрсөткүчтөрдү алып салуу; 

- системаларда жүгүртүүнүн эң жогору деңгээлин эске алуу менен маалыматтарды пайдалануу максатында, маанилүү төлөм системаларын аныктоо мезгилин 5 айдан 6 айга чейин көбөйтүү

- жаңы төлөм системаларын талдоо боюнча тактоолорду киргизүү

Эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү методикасы жаңы системалар үчүн мындай баа берүүнү карабагандыктан, ушуга байланыштуу жаңы төлөм системаларына жана сервистерге тобокелдиктерге байланыштуу талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн талдоо талаптарына өзгөртүүлөр киргизилген. 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык кесепеттерди болжолдоолор 

Бул токтом долбоорунда төлөм системаларынын маанилүүлүк критерийлерине, ошондой эле төлөм системасын баалоо тартибине так талаптар сунушталып жаткандыктан, ал оң таасирин гана тийгизет (баа берүүдөн жаңы төлөм системалары четтетилген, анткени жаңы системаларды колдонууга киргизүүдө өзүнө-өзү толук кандуу баа берүү жана системанын эл аралык стандарттарга ылайык келишин баалоо мүмкүн эмес. Жаңы системалар боюнча документтердин топтомун берүү жана тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү талабы сакталат.) 

Жөнгө салуучу Улуттук банктын жол-жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүсү зарыл. 

Токтом долбоорунда атаандаштыкты чектеген ченемдер, ошондой эле укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттер камтылган эмес. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды.  

 

5. Долбоордун мыйзам талаптарына дал келүүсүн талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Чыгымдарды алдын ала баалоо мүмкүн эмес, анткени өзгөртүүлөр көзөмөлгө алынган уюмдардын ишине таасирин тийгизбейт, ал өлкөнүн төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) жүргүзүү боюнча Улуттук банктын иш-аракеттерин өркүндөтүүгө багытталган. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө тууралуу маалымат  

Оверсайт боюнча саясатка сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор тактоо мүнөзүндө болгондуктан жана ишке тартылган субъекттердин ишкердигине таасирин тийгизбей тургандыктан, токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине кошумча талдап-иликтөө жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын ____ __________ 

№________________________ 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 «Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

15-июлундагы № 38\4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатын бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатынын: 

- 13-пунктундагы: 

«үч» деген сөз «эки» деген сөзгө алмаштырылсын; 

«(валютанын түрүнө жараша)» деген сөздөр «улуттук валютада» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Төлөм системасы, эгерде анда эң аз дегенде төмөнкү критерийлердин бири колдонулса, ал маанилүү төлөм системасы катары таанылат:  

- система отчеттук жарым жыл ичинде төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35 пайызын иштеп чыкса; 

- системага Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 50 пайызы кошулса; 

жана/же төмөнкү критерийлердин экөө тең колдонулса:  

- системанын аралыкта орнотулган жана агенттик түйүндөрүн камтуу деңгээли отчеттук жарым жыл ичинде Кыргыз Республикасындагы аралыкта орнотулган бардык жабдуулардын жана агенттердин кеминде 35 пайызын түзсө

- система отчеттук жарым жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бардык бюджеттик төлөмдөрүнүн көлөмүнүн жана/же санынын кеминде 10 пайызын иштеп чыкса.»; 

- 15-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15-1. Эгерде төмөндө келтирилген критерийлердин эң аз дегенде экөөсү тиешелүү болсо, ал статусу боюнча юридикалык жак орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылат:  

- отчеттук жарым жыл ичинде валюталар боюнча төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25 пайызын иштеп чыкса/маршрутун түзсө

- Кыргыз Республикасында бардык аралыкта орнотулган жабдуулардын жана агенттик түйүндөрдүн 25 пайыздан ашыгын камтыган болсо; 

- Кыргыз Республикасынын банк системасынын катышуучулары менен өз ара байланышы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын 50 пайыздан ашыгын тейлесе; 

- системалуу мааниге ээ же маанилүү төлөм системасынын транзакцияларынын санынын жана/же көлөмүнүн 25 пайыздан ашыгынын маршрутун түзсө.»; 

- 16-пунктунун «б» пунктчасындагы «системалуу мааниге ээ, маанилүү жана жаңы төлөм системаларынын» деген сөздөр «системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- Саясат төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: 

«16-1. Мониторингдин алкагында иштеп жаткан төлөм системаларындагы олуттуу өзгөрүүлөр, жаңы пайда болгон төлөм системалары/төлөм сервистери жөнүндө маалыматтар чогултулат, ошондой эле системалардын/сервистердин маалыматтары олуттуу тобокелдиктерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигине талдоо жүргүзүлөт. Төлөм системаларынын операторлору/катышуучулары жаңы системаларды/сервистерди киргизүү, системаны өркүндөтүү баскычында өздөрүнүн ниети тууралуу алдын ала маалымдоого жана иштелип чыгып жаткан сервисти/продуктуну, системага сунушталган өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду сүрөттөгөн толук маалыматты тиркөө менен Улуттук банкка билдирүү жөнөтүүгө тийиш.»; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Улуттук банк системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын иштешин мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө, төлөм системалары жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык келишине баа берет.»; 

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«18. Төлөм системаларынын иштешине баа берүү мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, төлөм системаларынын ишин жогоруда аталган стандарттарга ылайык келишине баа берүү методикасы боюнча жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен оператордун өзүнө-өзү баа берүүсүнүн (өз системасын баалоо) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.»; 

- 20-пунктундагы «Өзүнчө иштеп жаткан жана жаңы» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 22-пунктундагы «иштеп жаткан жана жаңы» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 2-тиркеменин: 

Операторлор жана төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берилген маалыматтардын тизмесинин: 

II бөлүмүндө. Төлөм системасынын оператору (катышуучулары) тарабынан баа берүү бөлүмүндөгү:  

- 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 3-пунктундагы «,жаңы» деген сөз алынып салынсын;  

- 4-пунктундагы «талаптарынын аткарылышына» деген сөздөр «талаптарынын шайкештигине» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын . 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4  

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча  

саясатын бекитүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦАСЫ 

Учурдагы редакциясы 

Сунуш кылынган редакциясы 

13. Төлөм системасы, эгерде ага карата эң аз дегенде төмөнкү үч критерий колдонулган шартта системалуу мааниге ээ катары таанылат:    

- система төлөмдөр/которуулар санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 80%ын иштеп чыкса (валютанын түрүнө жараша);    

система төлөмдөр өткөрүлгөн айрым бир участоктордо финансылык жана/же финансылык эмес тобокелдиктер, операциялык же техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, системалуу тобокелдикти шарттоого жана системалуу бузулууларды финансылык системанын башка катышуучуларына жайылтууга жөндөмдүү болсо («домино эффектиси»);    

- система негизги финансы рынокторунун (анын көпчүлүк бөлүгүнүн) бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөр үчүн колдонулса;    

- система башка төлөм системалары үчүн жыйынтык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырса;    

- ушундай эле төлөм инструменттерди жана төлөмдөр/которуулар түрлөрүн иштеп чыгуу үчүн альтернативалуу система жок болсо. 

 

13. Төлөм системасы, эгерде ага карата эң аз дегенде төмөнкү эки критерий колдонулган шартта системалуу мааниге ээ катары таанылат:    

- система төлөмдөр/которуулар санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 80 пайызы улуттук валютада иштеп чыкса;    

система төлөмдөр өткөрүлгөн айрым бир участоктордо финансылык жана/же финансылык эмес тобокелдиктер, операциялык же техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, системалуу тобокелдикти шарттоого жана системалуу бузулууларды финансылык системанын башка катышуучуларына жайылтууга жөндөмдүү болсо («домино эффектиси»);    

- система негизги финансы рынокторунун (анын көпчүлүк бөлүгүнүн) бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөр үчүн колдонулса;    

- система башка төлөм системалары үчүн жыйынтык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырса;    

- ушундай эле төлөм инструменттерди жана төлөмдөр/которуулар түрлөрүн иштеп чыгуу үчүн альтернативалуу система жок болсо. 

14. Төлөм системасы, эгерде ал эң аз дегенде төмөнкү критерийлердин бирине туура келе турган болсо, маанилүү төлөм системасы катары таанылат:    

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35%ын иштеп чыккан болсо;    

- системага Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 50% жана/же Улуттук банктын критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ деп таанылган 3 банк (мындан ары  банк тутумунун маанилүү катышуучулары);    

- система төлөм системаларынын түрлөрү боюнча рыноктун үлүшү ээлеген төлөм системасы менен интеграцияланган болсо;  

- жана/же төмөнкү критерийлердин экөөнө тең туура келсе:  

- системанын аралыкта орнотулган жана агенттик түйүндөрүнүн камтуу деңгээли отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде Кыргыз Республикасындагы аралыкта орнотулган бардык жабдуулардын жана агенттердин кеминде 35% түзсө;  

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде Кыргыз Республикасындагы бардык бюджеттик төлөмдөрдүн көлөмүнүн жана/же санынын кеминде 10% иштеп чыкса.  

14. Төлөм системасы, эгерде анда эң аз дегенде төмөнкү критерийлердин бири колдонулса, ал маанилүү төлөм системасы катары таанылат:  

- система отчеттук жарым жыл ичинде төлөм системаларынын түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35 пайызын иштеп чыкса; 

- системага Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 50 пайызы кошулса; 

жана/же төмөнкү критерийлердин экөө тең колдонулса:  

- системанын аралыкта орнотулган жана агенттик түйүндөрүн камтуу деңгээли отчеттук жарым жыл ичинде Кыргыз Республикасындагы аралыкта орнотулган бардык жабдуулардын жана агенттердин кеминде 35 пайызын түзсө

- система отчеттук жарым жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бардык бюджеттик төлөмдөрүнүн көлөмүнүн жана/же санынын кеминде 10 пайызын иштеп чыкса. 

15-1. Эгерде төмөндө келтирилген критерийлердин эң аз дегенде үчөөсү тиешелүү болсо, ал юридикалык жак статусу боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылат:  

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде валютада боюнча төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% иштеп чыкса/маршрутун түзсө;  

- Кыргыз Республикасында бардык аралыкта орнотулган жабдуулардын жана/же агенттердин 25% ашыгы туташтырылган болсо;  

- төлөм системаларынын түрүнө жараша нак эмес төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% өткөн Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 35% тейлеген болсо;  

- Кыргыз Республикасынын банк тутумунун катышуучулары менен өз ара байланышы банк тутумунун кеминде 2 маанилүү катышуучусу менен интеграцияга ээ/аларды тейлесе;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системалары менен өз ара байланышы - төлөм системаларынын түрүнө жараша төлөмдөрдүн санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25% өткөн төлөм системалары менен интеграцияга ээ болсо;  

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен өткөрүлгөн транзакциялардын кеминде 25% иштеп чыкса;  

- отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде электрондук акчаларды пайдалануу менен өткөрүлгөн транзакциялардын санынын кеминде 25% иштеп чыкса жана/же электрондук капчык ээлеринин кеминде 25% тейлеген болсо;  

- система отчеттук жарым жылдын биринчи беш айы ичинде акча которуулардын жалпы санынын кеминде 25% иштеп чыкса. 

15-1. Эгерде төмөндө келтирилген критерийлердин эң аз дегенде экөөсү тиешелүү болсо, ал статусу боюнча юридикалык жак орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылат:  

- отчеттук жарым жыл ичинде валюталар боюнча төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 25 пайызын иштеп чыкса/маршрутун түзсө

- Кыргыз Республикасында бардык аралыкта орнотулган жабдуулардын жана агенттик түйүндөрдүн 25 пайыздан ашыгын камтыган болсо; 

- Кыргыз Республикасынын банк системасынын катышуучулары менен өз ара байланышы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын 50 пайыздан ашыгын тейлесе; 

- системалуу мааниге ээ же маанилүү төлөм системасынын транзакцияларынын санынын жана/же көлөмүнүн 25 пайыздан ашыгынын маршрутун түзсө

16. Төлөм системаларынын ишине жүргүзүлгөн мониторинг төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) органы тарабынан төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камтыйт:  

б) системалуу мааниге ээ, маанилүү жана жаңы төлөм системаларынын операторлорунан эң аз дегенде төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттарга жана талаптарга ылайык өзүнө өзү баа берүүнүн жыйынтыктарын (2-тиркеме) талап кылуу аркылуу маанилүүлүк деңгээлине жараша, төлөм системаларынын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү маалыматтарды мезгил-мезгили менен (үч жылда кеминде бир жолу) топтоо: 

16. Төлөм системаларынын ишине жүргүзүлгөн мониторинг төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) органы тарабынан төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камтыйт:  

б) системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын операторлорунан эң аз дегенде төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттарга жана талаптарга ылайык өзүнө өзү баа берүүнүн жыйынтыктарын (2-тиркеме) талап кылуу аркылуу маанилүүлүк деңгээлине жараша, төлөм системаларынын сапаттык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү маалыматтарды мезгил-мезгили менен (үч жылда кеминде бир жолу) топтоо: 

 

16-1. Мониторингдин алкагында иштеп жаткан төлөм системаларындагы олуттуу өзгөрүүлөр, жаңы пайда болгон төлөм системалары/төлөм сервистери жөнүндө маалыматтар чогултулат, ошондой эле системалардын/сервистердин маалыматтары олуттуу тобокелдиктерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигине талдоо жүргүзүлөт. Төлөм системаларынын операторлору/катышуучулары жаңы системаларды/сервистерди киргизүү, системаны өркүндөтүү баскычында өздөрүнүн ниети тууралуу алдын ала маалымдоого жана иштелип чыгып жаткан сервисти/продуктуну, системага сунушталган өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду сүрөттөгөн толук маалыматты тиркөө менен Улуттук банкка билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

17. Улуттук банк, системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын ишинин мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылар талаптарына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө, эл аралык стандарттарга ылайык келишине баа берүүнү жүргүзөт:    

- системалуу мааниге ээ төлөм системалары үчүн  Финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптерге (1-5, 7-9, 11-14, 15-19, 21-23) жана Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү;    

- маанилүү төлөм системалары үчүн  Финансы рынокторунун инфраструктурасынын принциптерине (1-4, 7-8, 13, 15-18, 21-23) жана Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү;    

- жаңы төлөм системалары үчүн  Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жана системанын түрүнө жана маанилүүлүк критерийлерине жараша колдонулуучу стандарттарды так сактоосу.    

17. Улуттук банк системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын иштешин мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө, төлөм системалары жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык келишине баа берет. 

18. Иштеп жаткан жана жаңы түзүлгөн төлөм системаларынын ишине баа берүү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, системанын операторунун өзүнө-өзү баа берүү жыйынтыктарынын негизинде, төлөм системаларынын ишинин жогоруда аталган стандарттарга ылайык келишине баа берүү ыкмасы боюнча жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жүргүзүлөт. 

18. Төлөм системаларынын иштешине баа берүү мониторинг жүргүзүүнү натыйжасында алынган сандык жана сапаттык маалыматтардын, төлөм системаларынын ишин жогоруда аталган стандарттарга ылайык келишине баа берүү методикасы боюнча жалпы кабыл алынган эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен оператордун өзүнө-өзү баа берүүсүнүн (өз системасын баалоо) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. 

20. Өзүнчө иштеп жаткан жана жаңы төлөм системасынын ишине баа берүүнүн, аларды тескөөгө алуунун жыйынтыгына жана саясатта белгиленген талаптарга жана стандарттарына ылайык келишине жараша Улуттук банк төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алат:   

20. Төлөм системасынын ишине баа берүүнүн, аларды тескөөгө алуунун жыйынтыгына жана саясатта белгиленген талаптарга жана стандарттарына ылайык келишине жараша Улуттук банк төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алат:   

22. Улуттук банк, иштеп жаткан жана жаңы төлөм системаларынын ишине баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн төмөнкү ыкмаларды жана каражаттарды колдонуу менен төлөм системасына тиешелүү згөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт:  

22. Улуттук банк, төлөм системаларынын ишине баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максаттарына жетишүү үчүн төмөнкү ыкмаларды жана каражаттарды колдонуу менен төлөм системасына тиешелүү згөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт:  

2-тиркеме 

 

Төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунушталуучу 

МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ 

  

II. Төлөм системасынын оператору (катышуучулары) тарабынан баа берүү 

1. Системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын операторлору үч жылда кеминде бир жолу өз системаларынын иштешине баа берүү жүргүзөт жана талап боюнча Улуттук банкка документтерди (келишимдер, операциялык эрежелер, ички ченемдик документтер, буйруктар ж.б.у.с) кошо тиркөө менен баа берүүнүн жыйынтыктарын сунуштайт.    

2. Жаңы төлөм системаларынын операторлору системаны каттоо/лицензиялоо баскычында Улуттук банкка система жана анын ээси тууралуу толук маалыматты сунуштоого тийиш.    

3. Баа берүү иши системалардын категорияларына ылайык жүргүзүлүүгө (системалуу мааниге ээ, маанилүү, жаңы) жана ар бир багыт боюнча толук маалымат сунушталууга тийиш.    

4. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышына баа берүү, системанын оператору тарабынан ишке ашырылган системага баа берүүнүн ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат.    

5. Төлөм системаларынын операторлору/катышуучулары системанын жаңы сервистерин/продукттарын иштеп чыгуу (өркүндөтүү) баскычында өзүнүн ниети тууралуу Улуттук банкка алдын ала маалымдоого жана иштелип чыккан сервис/продуктуну, системада болжолдонуучу өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду сүрөттөп жазылуучу толук маалыматты тиркөө менен Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.    

2-тиркеме 

 

Төлөм системаларынын операторлору жана катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сунушталуучу 

МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ 

  

II. Төлөм системасынын оператору (катышуучулары) тарабынан баа берүү 

1. Системалуу мааниге ээ, маанилүү жана улуттук төлөм системаларынын операторлору үч жылда кеминде бир жолу өз системаларынын иштешине баа берүү жүргүзөт жана талап боюнча Улуттук банкка документтерди (келишимдер, операциялык эрежелер, ички ченемдик документтер, буйруктар ж.б.у.с) кошо тиркөө менен баа берүүнүн жыйынтыктарын сунуштайт.    

Күчүн жоготту деп таанылды 

 

 

3. Баа берүү иши системалардын категорияларына ылайык жүргүзүлүүгө (системалуу мааниге ээ, маанилүү) жана ар бир багыт боюнча толук маалымат сунушталууга тийиш.    

4. Улуттук банктын талаптарынын шайкештигине баа берүү, системанын оператору тарабынан ишке ашырылган системага баа берүүнүн ажырагыс бөлүгүнөн болуп саналат.    

Күчүн жоготту деп таанылды