Кайта келүү

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишиндеги мыйзам бузуулар жөнүндө маалымдоо саясатын бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдети 

Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишиндеги мыйзам бузуулар жөнүндө маалымдоо саясатын бекитүү тууралуу» токтом долбоору (мындан ары токтом долбоору) Ички аудит кызматынын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруунун алкагында иштелип чыккан. Сунушталган документ коммерциялык банктар (банк/банктар) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуулар жөнүндө кошумча маалымат алуу, ага ылайык талдоолорду жүргүзүү жана андан аркы текшерүүлөрдүн планын иштеп чыгуу үчүн мыйзамдарды кайталап бузууну кыскартуу максатында коммерциялык банктарды инспектирлөөдө ички контролдоо системаларын жана корпоративдик башкарууну баалоо, ошондой эле жөнгө салуучу тарабынан натыйжалуу жана сапаттуу чечимдерди кабыл алууга багытталган. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Токтом долбоорунун алкагында банктардын кызматкерлерине банк ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары бузулгандыгы жөнүндө көзөмөл орган катары Улуттук банкка билдирүү мүмкүнчүлүгү берилет. 

Ушундай түрдө, токтом долбоору жалпы жоболорду, арыз берүү тартибин, карап чыгуунун купуялуулугун, ошондой эле мыйзам бузуу жөнүндө арызды карап чыгуунун тартибин белгилейт.  

Токтом долбооруна ылайык, банктын кызматкери Улуттук банкка мыйзам бузуу жөнүндө толук маалыматты өзүнүн фамилиясын жана почта дарегин көрсөтүп жөнөтөт. Арыз ээсин аныктоого мүмкүн болбогон учурда, мындай арыз жашыруун болуп саналат жана каралбайт; бирок, андан кийинки инспектордук текшерүү жүргүзүү учурунда көңүлгө алынышы мүмкүн. 

Токтом долбоору менен кароонун жүрүшүндө алынган маалыматты коргоо белгиленет. Аталган пункт арыз ээсин Банк тарабынан мүмкүн болуучу басмырлоо чараларынан коргоо жана купуялуулукту сактоо үчүн, ошондой эле банктардын кызматкерлери тарабынан маалыматтын корголушуна болгон ишенимин жогорулатууга шарт түзөт. 

Арыз Саясаттын долбоорунун талаптарына дал келген учурда, ыйгарым укуктуу жак арызды инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, керектүү документтерди суроо-талап кылуу, негизги кызматкерлер менен жолугушуу ж.б. аркылуу карайт. Арызды карап чыккандан кийин, ыйгарым укуктуу жак жоопту арыз ээсине жөнөтөт. Анда мыйзам бузуулар жөнүндө берген кайрылуусун карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт, табылган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар, же белгилүү бир процесстерди өркүндөтүү тууралуу билдирет. Мында, маалыматтын купуялуулугун сактоо зарылдыгынан улам, мыйзам бузууну, конкреттүү адамдарды же кайсы болбосун кабыл алынган чараларды карап чыгуу жөнүндө отчет боюнча маалыматтар ачыкталып берилбейт. 

 

3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык мүмкүн болуучу натыйжаларды болжолдоо 

Аталган токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине ылайык, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын түздөн-түз кызыкчылыктарын камтыган, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлат жана анын жөнгө салуучу таасирине талдап иликтөө жасалат.  

Долбоор боюнча материалдар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат.  

 

5. Долбоордун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдап-иликтөө 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат 

Сунушталып жаткан токтом долбоорун кабыл алуу кошумча каражатты талап кылбайт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр жөнүндө маалымат 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Методикага ылайык, сунушталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Долбоор  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын «___» _________ №_________________________ 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишиндеги бузуулар жөнүндө маалымдоо саясаты  

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишиндеги бузуулар жөнүндө маалымдоо саясаты (мындан ары Саясат), Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишинде (мындан ары банк/банктар) жана алардын кызматкерлеринин финансылык/операциялык же башка тобокелдик түрүнүн келип чыгышын шарттаган жана/же банкка жана/же банк тутумуна зыян келтириши мүмкүн болгон бузууга жол берүүлөрү жөнүндө талаптагыдай тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) келип түшкөн билдирүүлөрдү кабыл алуу, иштеп чыгуу жана натыйжалуу чара көрүү тартибин белгилөө максатында иштелип чыккан.  

2. Бул Саясаттын максаты - банк кызматкерлерине Улуттук банкка банк ишиндеги бузуулар жөнүндө маалымат менен кайрылуу укугун камсыз кылуу, ошондой эле банк кызматкерлеринин кайрылуусу жөнүндө маалыматтын купуя сакталышын камсыздоо саналат. 

3. Бул Саясатта төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылган: 

Өтүнүч ээси бузууга жол берилгендиги жөнүндө билдирүү жөнөткөн адам (жамааттык кайрылууга жол берилет); 

Өтүнүч кат банкта жол берилген мыйзам бузуулар жөнүндө, ошондой эле ар кандай тобокелчиликтерге жол берген банк ишиндеги кемчиликтер жана кызмат адамдары жөнүндө маалымат камтылган кат жүзүндөгү кайрылуу; 

Банк кызматкерлери банкта иштеген кайсыл болбосун жеке адам; 

Ыйгарым укуктуу жак (адам) анын ыйгарым укуктарына жана милдеттерине түшкөн өтүнүч каттарды кароо, текшерүү, чечимдерди кабыл алуу/чара көрүү ж.б. боюнча зарыл чараларды көрүү кирген Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү же кызматкери. 

4. Бул саясаттын талаптары коммерциялык банктардын бардык кызматкерлерине таркатылат жана ал банк ишине олуттуу терс таасирин тийгизип жаткан жана/же тийгизиши мүмкүн болгон жана банк аларды ар кандай факторлордон улам чече албаган жана/же банктын жооптуу кызмат адамдары атайылап кароого албай жаткан төмөндө келтирилген маселелерди кароого жана чечүүгө багытталган: 

- банк ишинин мыйзамсыз жүргүзүлүшүн, ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталбашын кошо алганда, бирок булар менен гана чектелип калбастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды; 

- ыйгарым укуктуу адам өз милдеттерин жүзөгө ашырууда (инспектордук текшерүүлөр, маалыматтарды талап кылуу ж.б.) ага ар кандай формада тоскоолдуктарды жаратууларды; 

- банк жана бүтүндөй банк тутумуна карата олуттуу тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн болгон кандай болбосун башка ишкердикти. 

5. Саясатты колдонуу чөйрөсүнө төмөнкү мазмундагы өтүнүч каттар кирбейт: 

- маалымат булактарында ачык жарыяланган (мисалы, жарыяланган макалалар, жалпыга маалымдалуучу отчеттор ж.б.) маалымат; 

- такталбаган фактылар жана ырастоолор, ошондой эле жашыруун мүнөздөгү өтүнүч каттар; 

- банктын саясаты же башкаруу чечимдери боюнча пикир келишпестиктер; 

- коммерциялык банктардын кадр маселелери (кызматкерлердин эмгек шарттарына, эмгек акыны жана сый акыны эсептөө жана төлөө шарттарына, тартип жазасына ж.б. нааразычылыгына байланыштуу даттануулары); 

- кысымга алуу жана/же кесиптештер жана/же жетекчилик менен жеке пикир келишпестиктер же чыр-чатактар жөнүндө даттануулар; 

- фактылар же негиздер жок болсо да башка адамдын ак ниеттүүлүгүнө жана аброюна шек келтирүү максатында арам ойдо маалымат жөнөтүү. Өтүнүч ээси аны ак ниети менен жана акыл ченемдүү көз карашта маалымдап, өтүнүч катты кароонун жыйынтыгында бузуу жөнүндө маалымат тастыкталбашы мүмкүн болгон өтүнүч ээсинин иш-аракеттери жакшы ниетте маалымдоо катары каралат; 

- жарандык жана жазык сот өндүрүшү тартибинде кароого алынган кайрылуулар; 

- аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка тартипте каралуучу кайрылуулар. 

6. Эгерде өтүнүч ээсинде өзүнүн өтүнүч каты боюнча шектенүүлөр жаралса, ал Улуттук банкка консультация алуу жана андан ары чечим чыгаруу үчүн кайрылууга укуктуу. 

 

2. Өтүнүч катты сунуштоо тартиби 

7. Өтүнүч кат Улуттук банктын дарегине зарыл маалыматты чагылдыруу менен жазуу жүзүндө коомдук кабылдама аркылуу жана/же электрондук формада mail@nbkr.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү мүмкүн. 

Коомдук кабылдама менен байланышуу үчүн маалымат, өтүнүч катты кабыл алуу үчүн каралган почта дареги жана электрондук почта дареги Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. 

8. Электрондук журналда кайрылуу берилген күн, убакыт, банкын аталышы жана өтүнүч ээсинин кайрылуу мазмуну катталгандан кийин өтүнүч кат мындай кайрылууларды кароого алган тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө тапшырылат.  

9. Өтүнүч катта бузуу (бузуу системасы) тууралуу маалымат мүмкүн болушунча толук чагылдырылууга тийиш: 

бузуу маңызы, маанилүү учурларды, келип чыгуу себептерин көрсөтүү менен; 

бузууга жол берилген орду, күнү жана убактысы; 

банктын ишке тартылган кызматкерлери жөнүндө маалымат (кызмат адамы, аты-жөнү); 

бузуу жөнүндө билдирүүдө чагылдырылган маалыматты тастыктаган документтер (түрү жана форматына карабастан) (болгон болсо); 

мүмкүн болсо, банкта ошол жагдайды өз алдынча чечүү аракети тууралуу маалымат. 

 

3. Купуялуулук 

10. Ушул саясаттын алкагында алынган бардык маалыматтар купуя маалымат болуп саналат. Улуттук банктын бузуу жөнүндө маалыматты кароо процессинде катышкан бардык кызматкерлери билдирүү мазмунунун купуя сакталышын камсыз кылууга кийиш. Ишти Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кароого өткөрүүдө маалыматты ачыктоо талап кылынса, өтүнүч катта камтылган маалымат мамлекеттик органдарга компетенцияларга ылайык өткөрүлүп берилиши мүмкүн.  

Өтүнүч катты кароонун алкагында маалымат Улуттук банктын ыйгарым укуктарынын чегинен тышкары чыккандыгы аныкталса, өтүнүч кат Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык андан аркы жол-жоболорду жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.  

11. Түзүмдүк бөлүм Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте андан ары тиешелүү таасир этүү чараларын көрүү (зарыл учурларда) үчүн өз компетенциясынын чегинде өтүнүч катты кароого алат. 

12. Бул саясат банк кызматкери бузуу жөнүндө маалымдаса, анын ичинде кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар аны кароо учурунда тастыкталбаса да ага карата санкция көрүлбөй тургандыгын гарантиялайт.  

 

4. Өтүнүч катты кароо тартиби  

13. Улуттук банкка түшкөн өтүнүч кат ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм тарабынан өтүнүч кат катталган күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күнү ичинде каралууга тийиш.  

Өтүнүч катты кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн. 

Өтүнүч ээсине ал боюнча жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон маалымат (аты-жөнү жана почта дареги) көрсөтүлбөсө, өтүнүч кат анонимдүү катары таанылат жана ал кароого алынбайт.  

Ошол эле учурда анонимдүү өтүнүч катта чагылдырылган маалымат банкта комплекстүү же максаттуу инспектордук текшерүү жүргүзүүдө эске алынат. Мындан тышкары, талапка туура келбеген (ушак, кемсинтүү, адепсиз ж.б. мүнөздөгү) кайрылуулар түшкөн учурда (анын ичинде анонимдүү) Улуттук банк банктын/банктардын кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында банктын/банктардын дарегине тиешелүү мүнөздө кайрылуу түшкөндүгү жөнүндө билдирүү жөнөтүшү мүмкүн.  

14. Эгерде өтүнүч катта жетиштүү малымат чагылдырылбаса ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм өтүнүч ээсинен/банктан кошумча маалымат талап кылууга укуктуу. 

15. Бузууга тартылышы мүмкүн деп эсептеген банк кызматкери ал тууралуу дароо Улуттук банкка маалымдоого тийиш. Мындай маалымдоо бузуу тастыкталган учурда таасир этүү чарасын колдонуу зарылдыгы жөнүндө маселени чечүүдө эске алынат. 

16. Ыйгарым укуктуу адам өтүнүч каттын негиздүүлүгүнө баа берип, андан ары текшерүү жөнүндө чечим кабыл алат.  

17. Өтүнүч кат негизсиз болуп чыкса, ошондой эле өтүнүч катты ушул саясаттын талаптарына ылайык кароо зарылчылыгы жок болсо, ыйгарым укуктуу адам ошол өтүнүч катты четке кагууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу адам четке кагуу себептерин көрсөтүп, даттануу менен кайрылуу тартибин түшүндүрүү менен өтүнүч катты кароодон баш тартылгандыгы тууралуу өтүнүч ээсине маалымдайт.  

18. Жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн өтүнүч катты кароонун алкагында банк ишин бузуу, өтүнүч катты кароонун жыйынтыгы боюнча отчет сунуштоо тартиби жагында өз ара иш алып баруусу Улуттук банктын ички документтерине ылайык жөнгө салынат. 

19. Өтүнүч кат кароого алынган иш жагдайын объективдүү негизде иликтөө үчүн жөнөтүлүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу адам кайрылууда чагылдырылган жагдайды эске алуу менен зарыл чараларды көрөт (мисалы, максаттуу текшерүүнү демилгелөө, банктан зарыл маалыматты талап кылуу, негизги кызматкер менен жолугушуу ж.б.). Зарылчылык келип чыкса, өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматты кароого тышкы эксперттер, ошондой эле анын кесиптик пикири өтүнүч ээси көрсөткөн маселелерди объективдүү кароого өбөлгө түзгөн банк кызматкери тартылат.  

20. Өтүнүч катты кароонун жыйынтыгында тиешелүү отчет даярдалат. Бул отчет банкка таанышуу үчүн жана мындай бузууларга жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн сунушталышы мүмкүн. Отчет, банкка же анын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу үчүн алардын функцияларына банк ишин көзөмөлдөө кирген Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмүнө өткөрүлүп берилиши ыктымал.  

21. Зарыл учурларда отчет зарыл чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүшү мүмкүн. 

22. Ыйгарым укуктуу адам өтүнүч ээсине жооп жөнөтөт, анда өтүнүч ээсине жооп катары бузуу жөнүндө кайрылууну кароо жыйынтыгы тууралуу маалымдап, аныкталган бузууларды четтетүү максатында көрүлгөн чаралар же белгилүү бир процесстерди өркүндөтүү тууралуу маалымат чагылдырылат. Мында, маалыматтын купуялуулугун сактоо зарылчылыгынан улам, бузууну кароо жөнүндө отчет, белгилүү бир адамдар же кандай болбосун көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат ачыкталбайт.